Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 15-ноябрындагы  

№ 2019-П-14/56-4-(ПС)  

токтому  

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 15-ноябрындагы 

№ 2019-П-14/56-4-(ПС) токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

 

- мамлекеттик тилдеги аталышындагы «Кыргыз Республикасында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2-пунктундагы: 

- мамлекеттик тилдеги текстинде «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

 

- «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын;  

 

- 5-пунктунда:  

- отуз үчүнчү абзацтагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- кырк үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн.»; 

- кырк тогузунчу абзацындагы «компьютердик түйүн» деген сөздөр «интернет (мейкиндиги)» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Банк эмес финансы-кредит уюмунун кредиттик карты же кредиттик лимити белгиленген карты (мындан ары БФКУнун кредиттик карты) банк андан ары жайылтуу үчүн өз кардарлары/карт ээлери же эмитент менен түзүлгөн кредиттик келишим/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык кредиттерди/каржылоону берүүөлөө боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия/күбөлүк алган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн чыгарган банктык төлөм карты.;  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу БФКУ түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ал боюнча төлөөлөрдү кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак).; 

Банк күркөсү аралыкта жайгаштырылган жабдууну орнотуу үчүн атайын курулма/жабдуу.»

 

- 7-пунктундагы: 

«овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик) жана кредиттик карт» деген сөздөр «овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик), кредиттик карт жана БФКУнун кредиттик карты» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 13-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төмөнкү учурларда карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшү мүмкүн, эгерде: 

- банк-эмитентте карт ээсин түздөн-түз идентификациялоодо алдын ала чыгарылган жана колдонуу мөөнөтү чектелген карт (3 жылдан ашпаган); 

- БФКУ тарабынан түздөн-түз идентификациялоодо БФКУнун кредиттик карты. 

Транзакциялар БФКУнун алдын ала чыгарылган жана кредиттик карттары аркылуу ПИН-кодду жана паролдорду пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта жайгаштырылган жабдуулары жана мобилдик тиркемелери аркылуу өткөрүлөт.  

БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.»; 

 

- 14-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик картын эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча толуктоого кредит боюнча карызды чогуу алганда карыздын суммасынан ашпаган суммада, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык кардарды талапка ылайык текшерүү чараларын колдонуу менен төлөө максатында гана уруксат берилет. БФКУнун кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт.»;  

 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана БФКУнун эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана БФКУ жана БФКУнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт.»; 

 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана башка түшүүлөр/бюджеттик каражаттардан төлөөлөр, ошондой эле 50 пайыздан жогору мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ бюджеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысы банк тарабынан эмгек акы долбоорлорунун алкагында «Элкарт» улуттук карты аркылуу гана төлөнүүгө тийиш.»; 

 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«БФКУнун кредиттик карттары банк тарабынан ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык чыгарылат.»; 

 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Карттарды чыгарган банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.»; 

 

- 29-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

 

- 30-пунктта «алдамчылык» деген сөз «санкциясыз» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Келишим түзүүдө эмитент аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин «өз кардарыңды бил» принциби боюнча банктык эсеп ачууда колдонулуучу эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш.»;  

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын: 

«31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш.»; 

 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү

- келишим шарттары; 

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери; 

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер; 

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары; 

- карт ээсинин иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары; 

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып); 

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби жөнүндө

- БФКУнун кредиттик карты жоголгон учурда, БФКУнун же банктын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби жөнүндө

- жана башка маалымат менен тааныштыруу.  

Кардар кат жүзүндө же аралыкта жайгашкан банктык жабдууну пайдалануу аркылуу көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. 

БФКУнун кардары көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын кат жүзүндө тастыктоого тийиш. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

 

- 33-пунктунун 8-пунктчасындагы «алдамчылык» деген сөз «санкциясыз» дегенге алмаштырылсын; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. БФКУнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш: 

1) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар)); 

2) БФКУнун өз кардарлары алдында БФКУнун кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

3) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат; 

4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер); 

5) БФКУга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу; 

6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде алдамчылык операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү

7) БФКУнун картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары; 

8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү

9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби; 

10) келишимди токтотуу жана БФКУнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби; 

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: 

«35-1. БФКУнун картын берүүдө, акча каражаттары (кредит ) кредиттик карттарды эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.  

БФКУнун картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз БФКУнун картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ тарабынан кредиттик лимит ачуу саналат. 

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат.»;  

 

- 36-пунктундагы «терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 40-пунктунун: 

- 1-пунктчасындагы «келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса» деген сөздөр «же БФКУ келишимде каралган карттарды чыгаруу жана аларды андан ары жайылтуу шарттарын сактабаса» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда эмитент/БФКУ ал тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуга маалымдоого тийиш.»; 

 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Эмитентке/БФКУга билдирүү жана карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоготулган же уурдалган банктык картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»;  

 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээлери жана БФКУ алдында жоопкерчилик тартпайт: 

- эгерде карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана ПИН-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе; 

- карт ээси/БФКУ/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда. 

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу менен талаш жагдайлар келип чыккан учурда БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча банк-эмитент БФКУнун макулдугу боюнча өз кардарына, анын ичинде төлөм системасынын процессинг борборунан ошол карт аркылуу ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт.»; 

 

- 53-пунктунун он экинчи жана он үчүнчү абзацтарында «алдамчылык» деген сөз «санкциясыз» дегенге алмаштырылсын; 

 

- Жобого карата 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

3-тиркеме 

 

 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Банктын аталышы: ____________________________________ 

Банктын ИНН: _____________________________________________ 

Банктын ОКПО: _ ___________________________________________ 

20__-жылдын «___» __________ карата абал боюнча 

 

№ 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID 

Жабдуунун аралыкта жайгашкан орду 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы 

Валютасы 

Пайдалануу мезгил аралыгы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Району 

Айыл аймагы 

Шаар/шаар тибиндеги кыштак / айыл 

Көчөсү  

10 

11 

12 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү

 

Кол тамгасынын чечмелениши 

 

 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу эрежеси 

 

1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм карты аркылуу, ошондой эле төлөм картын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

2. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү» деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, POS-терминал-нак акча берүүчү пункту, cash-in-терминал, cash out банкомат, cash out + cash-in банкомат, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу. 

3. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID» деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.  

4. «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.  

5. «Областы» деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт. 

6. «Району» деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт. 

7. «Айыл аймагы» деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт. 

8. «Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл» деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт. 

9. «Көчөсү» деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт.  

10. «Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы» деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.). 

11. «Валютасы» деген 11-тилкеде ошол жабдуу аркылуу берилүүчү же кабыл алынуучу валютанын коду (KGS, USD, EUR ж.б.) көрсөтүлөт. 

12. «Пайдалануу мезгил аралыгы» деген 12-тилкеде ошол жабдуудан пайдалануу убактысы/мезгил аралыгы көрсөтүлөт.  

Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш 

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Коммерциялык банктар ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

 

- «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

4-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.».