Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-февралындагы  

№ 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө» токтомунун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин  

138-беренесинин 8-пунктунун жана 139-беренесинин, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин, негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17 жана 68-беренелерине таянуу менен Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет): 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1 «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу »; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 

- 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, кредиттик бюролорду, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды жана башка Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган жактарда тааныштырсын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктар менен чет өлкөлүк банктын филиалын тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышына контролдук Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «27» февралындагы 

№ 2019-П-33/-9-7-(НФКО) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Лицензия үчүн мамлекеттик алым өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун 9-пунктчасындагы «төлөм» деген сөздү «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 20-пунктунун 6-пунктчасындагы «төлөм» деген сөздү «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 69-пунктунун 4-пунктчасынын бешинчи абзацындагы «акчаынын салынгандыгын» деген сөздү «мамлекеттик алымын» дегенге алмаштырылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 20-пунктунун 6-пунктчасындагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алымынын» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун 6-пунктчасындагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/25 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 12-пунктундагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пунктунун 5-пунктчасындагы «төлөмдү» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пунктундагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 39-пунктундагы «төлөмддөрдү» деген сөз «мамлекеттик алымдарын» дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктундагы «төлөмддөрдү» деген сөз «мамлекеттик алымдарын» дегенге алмаштырылсын; 

- 62-пунктунун 4-пунктчасындагы «төлөмдүн» деген сөз «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пунктунун 9-пунктчасындагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун: 

- 78-пунктунун 5-пунктчасындагы «жыйым/төлөм» деген сөздөр «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 83-пунктунун 4-пунктчасындагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 58-пунктунун 6-пунктчасындагы «топтолгон каражаттардын» деген сөздөр «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 64-пунктунун 4-пунктчасындагы «топтолгон каражаттардын» деген сөздөр «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 98-пунктунун 4-пунктчасынын бешинчи абзацындагы «чогултулган акчанын» деген сөздөр «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 109-пунктунун 4-пунктчасындагы «жыйым» деген сөздөр «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 120-пунктунун 4-пунктчасындагы «жыйым» деген сөздөр «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 139-5-пунктунун 6-пунктчасындагы «төлөнгөндүгүн» деген сөздөр «мамлекеттик алымын» дегенге алмаштырылсын; 

- 140-пунктунун 9-пунктчасындагы «төлөм» деген сөздөр «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жобосунун: 

- 17-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы «жыйымдын» жана «жыйымдардын»деген сөздөрдү «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пунктундагы «акы» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктунун 3-пунктчасындагы «төлөм» деген сөз «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын. 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 16-пунктундагы «жыйым (акы)» деген сөздөр «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пунктундагы «төлөм» деген сөздөр «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пунктундагы «төлөм» деген сөздөр «мамлекеттик алым» дегенге алмаштырылсын 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобосунун: 

- 26-пунктунун 24-пунктчасындагы «лицензиялык жыйымды» деген сөздөрдү «мамлекеттик алымды» дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пунктунун 6-пунктчасындагы «лицензиялык жыйымдын» деген сөздөрдү «мамлекеттик алымдын» дегенге алмаштырылсын. 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Лицензияны кайра тариздетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат.»; 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Лицензиянын көчүрмөсүн (дубликатын) берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат».