Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2021-П-33/53-8-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет): 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, турак жай-сактык кредиттик компанияларын, «Кепилдик фонд» ААКты, алмашуу бюролорун, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2021-П-33/53-8-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө жобонун: 

- 11-пунктундагы «МКК/МКАнын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга» деген сөздөрдөн кийин «жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 17-пунктунун: 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:  

- башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же чакырылган бухгалтерди) (мындан ары текст боюнча башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө;  

- кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин (эгерде болгон болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин дайындоо тууралуу (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдардын сакталышы боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу кызматкерди дайындоо жөнүндө;  

- МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү, баш ийүүсү);»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«МКК/МКАлар, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге Жобонун 11-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо сунуштоого тийиш. Жогорудагы макулдук берилбеген учурда, ал документтерди, анын ичинде МКК/МКАлардын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин, МККнын уюштуруучуларын (катышуучуларын, акционерлерин) жана МКАнын уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошо алганда, МКК/МКАнын кызмат адамдарын макулдашуу маселелерине тиешелүү документтерди кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»; 

 

- 42-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «МКК/МКАнын филиалдары» деген сөздөр «МКК/МКА жана МКК/МКАнын филиалдары» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- түзүмдүк бөлүмдөр ишин МКК/МКАнын жана/же МКК/МКА филиалдарынын атынан жүзөгө ашырат.»; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МКК/МКА мындай түзүмдүк бөлүмдөрдүн ачылгандыгы/жабылгандыгы тууралуу аларды ачуу/жабуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.»; 

 

- 77-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) бир жолку операцияларды эске албаганда, карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана аны кийин сатуу (факторинг)(1);»; 

 

- Жобонун 4-тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- Жобонун 8-тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- Жобонун 10-тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 11-тиркеме менен толукталсын: 

  

  

«Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого карата  

11-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъектинин макулдугу 

Калктуу пункт, күнү 

  

Мен, ___________________________________________________________________________________ 

                                                    (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

_______________________________________________________________________________________ 

                                                             дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ: _______________________________________________________ 

                                                                                              (документтин түрү

сериясы _______________________________ № ______________________________________________ 

берилди ________________________________________________________________________________ 

                                                       (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

______________________________________________________________________________ негизинде 

                     (ишеним каттын, мыйзамдын жана башка укуктук актынын) 

____________________________________ (ишеним кат берилген адамдар үчүн) атынан иш алып барган  

      (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

___________________________________________________________________ дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ: ________________________________________________________ 

                                                                                                    (документтин түрү

__________________________ сериясы ________________________ № ___________________________ 

берилди ________________________________________________________________________________ 

                                                         (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча билип туруп төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык); 

- жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине) менин жеке өзүмө гана тиешелүү болгон бардык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талабына жана «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого ылайык берилишине. 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: фамилияма, атыма жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүм өзгөрткөн күн жана ага түрткү берген себептер); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөө, эки ишти айкалышта аткаруу, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтардын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талабына жана «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банк тарабынан лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, акцияларды сатып алуу, МККлардын иш чөйрөсүн кеңейтүү) максатында сунушталат. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

  

20__-ж. "___" _______________ 

____________________________________ 

                     Кол тамгасы                                                                                      Аты-жөнү.». 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 65-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жогорку билими тууралуу диплому жана экономика/финансы/банк иши/юриспруденция жаатында кеминде 2 (эки) жылдык эмгек стажына (тажрыйбага) ээ болууга. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга, техникалык жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт; 

2) банктык мыйзамдар жагында жана корпоративдик тескөө чөйрөлөрүндө окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталган билиминин болушу;»; 

 

- 67-пунктунун: 

2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «экономика жана финансы» деген сөздөр «экономика/финансы/банк иши» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) банктардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган мыйзамдар жана тобокелдиктерди тескөө жагында, корпоративдик башкаруу маселелери боюнча билими болууга жана алар бул багыттарда окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталууга тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 11-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: 

«- кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит.»; 

 

- Эрежелер төмөнкү редакциядагы 23-1-пункту менен толукталсын: 

«23-1. Кепилдик фонддор кайра каржылоого берилген кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Кайра каржылоого берилген кепилдиктердин суммасы кепилдик фонддун уставдык капиталынан 10% чегинде чектелүүгө тийиш. 

Мында, мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, лимит кепилдик фонддун өздүк капиталынан 20% чегинде белгиленген.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк, зарыл болгон учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү маселелерин кароонун алкагында, өтүнүч кат ээсинен тизмелерге кирбеген тиешелүү документтерди талап кылууга укуктуу.»; 

 

- 9-пунктунун: 

«б» пунктчасы «жүгүртүү каражаттарынын» деген сөздөрдөн кийин «келип чыгуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

«д» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жана алмашуу бюросунун жүгүртүүдөгү каражаттарын толуктоо жөнүндө уюштуруучунун 1 000 000 (бир миллион) сом каражатын киргизүү жөнүндө чечими;»;  

«з» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«з) коммерциялык банктагы юридикалык жак-өтүнүч ээсинин эсебинде төмөнкү өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш):  

- кеминде 1000000 (бир миллион) сом;  

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500000 (беш жүз миң) сом;»; 

«и» пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

«м» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«м) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;»; 

пункт төмөнкү редакциядагы «н» пунктчасы менен толукталсын: 

«н) алмашуу бюросунун отчет берүүнү жөнгө салуучу ички жол-жобосу жана кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби.»; 

 

- 9-1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «1 айдан» деген сөздөр «30 (отуз) календардык күндөн» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2-пунктчасынын: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«төмөнкү өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган документтерди (документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген):»; 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (эгерде буга чейин мурунку лицензияны алууда берилбесе жана жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүндө айырмачылык болсо) (8-1-тиркеме);»; 

5-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү

Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өтүп кетсе, анда юридикалык жак жаңы лицензияны алуу үчүн документтерди ушул жобонун 9-пунктуна ылайык сунуштайт.»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 10-1 пункту менен толукталсын: 

«10-1. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген учурда же ал жеткис күч орун алган жагдайларда (пандемия, табигый кырсыктар, ж.б.) алмашуу бюролорунун жайларынын текшерүүлөр тиешелүү тартипте текшерүүлөрдү кайрадан жаңыртуу тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин токтотулат.». 

 

- 20-пунктундагы «үч жылдык» деген сөздөр «беш жылдык» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Юридикалык жактын уюштуруучусу же катышуучусу өзгөргөн учурда, Улуттук банк тарабынан аныкталган зарылчылык болгон учурда, лицензиат кайра каттоодон өткөн күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш: 

1) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү

2) катышуучунун чечиминин (бир катышуучу болсо) же катышуучулардын (бирден ашык катышуучу болсо) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу чогулушунан толтурулган протоколдун лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

3) төмөнкү өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген документтер: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500000 (беш жүз миң) сом; 

4) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (эгерде буга чейин мурунку лицензияны алууда берилбесе жана жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүндө айырмачылык болсо) (8-1-тиркеме); 

5) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим (жетекчиси алмашкан учурда); 

6) алмашуу бюросунун имаратын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

7) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелерин сактоого жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук; 

8) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү

9) уюштуруу документтеринин өзгөртүүлөр киргизилген, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

10) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү»; 

 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кошумча алмашуу бюросун каттоо үчүн лицензиат Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөрүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын;  

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

- кошумча алмашуу бюросун ачуу тууралуу жана кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

- коммерциялык банктагы өтүнүч ээсинин эсебинде төмөнкү өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш):  

- кеминде 1000000 (бир миллион) сом;  

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу кошумча алмашуу бюролору үчүн кеминде 200000 (эки жүз миң) сом. 

- кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (эгерде буга чейин мурунку лицензияны алууда берилбесе) (8-1-тиркеме); 

- юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү.»; 

 

- Жобо төмөнкү редакциядагы 32-1-пункту менен толукталсын: 

«32-1. Эгерде юридикалык жактын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү аяктап жатса же 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө жаңы кат алуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштайт: 

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөрүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын;  

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн; 

- кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

- төмөнкү өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген документтер: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 200000 (эки жүз миң) сом; 

- кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары (8-1-тиркеме) жана жүгүртүү каражаттарынын суммалардагы айырмасы тууралуу маалыматты.»; 

- 35-1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «үч күн ичинде» деген сөздөр «3 (үч) жумуш күнү ичинде» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзацы «лицензиатка карата» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 44-пунктунун: 

8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) акыркы 12 (он эки) айдын ичинде 2 (эки) жана андан ашык кассалык тартипти системалуу түрдө бузган учурда (эгерде колдонуудагы лицензиянын мөөнөтү бүтө элек болсо);»; 

15-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана/же алмашуу бюросунун жетекчисинин экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алынып салынбаган жана жабылбаган соттуулугунун болушу;»; 

- пункт төмөнкү мазмундагы 15-1-пунктча менен толукталсын; 

«15-1) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана/же алмашуу бюросунун жетекчисинин нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу бузууларга жол бергендиги үчүн төлөнбөгөн карызынын (айыптык төлөм) болушу;»; 

- төмөнкү мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын: 

«17) лицензиянын мөөнөтү аяктагандан кийин, анын ичинде Жобонун 9-1-пунктуна ылайык жаңы лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу учурунда же тиешелүү соттун чечими чыкканга чейин, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө.»; 

 

- 1-тиркемесиндеги: 

«үч жыл» деген сөздөр «беш жыл« деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- 3-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «өз каражаттарынын эсебинен (жарыяланган жүгүртүү каражаттарынын чегинде)» деген сөздөр «өз каражаттарынын эсебинен (жүгүртүү каражаттарынын чегинде)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: 

«Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттары - алмашуу бюросун ачуу үчүн Улуттук банкка өтүнүч кат берген учурдагы алмашуу бюросунун өздүк каражаттарынын суммасы, алмашуу бюросунун ишинин жүрүшүндө алынган пайда же чыгым, ошондой эле тартылган каражаттар.»; 

- 8-пунктунун: 

16-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16) жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды Улуттук банкка өз убагында жана так сунуштап турууга. МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору отчеттук маалыматтарды Жобонун 1-тиркемесине ылайык, электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого. Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун, ал эми адистештирилген финансы мекемелери - мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунуштоого. 

Отчет сунушталбай калган учурда банктар, МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери отчеттун берилбей калышынын себептерин кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору/кошумча алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери иштебеген (дем алыш) күндөрдү порталда иштебеген (дем алыш) күнү саат 9: 30га чейин көрсөтүүгө милдеттүү.». 

- пункт төмөнкү мазмундагы 27-1 пунктча менен толукталсын: 

«27-1) күнүмдүк отчетту берүүгө жооптуу кызматкерди дайындоого»; 

- 18-пунктундагы «жарыяланган жүгүртүү каражаттар суммасынын чегинде» деген сөздөр «жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде» дегенге алмаштырылсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 40-1-пункту менен толукталсын: 

«40-1. Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү 1 000 000 (бир миллион) сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйгөн жана/же азайган учурда, алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш, мында алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон кем болбоого тийиш. 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак ) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы чогуу алганда 500000 (беш жүз миң) сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйгөн жана/же азайган учурда, алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка билдирүүгө тийиш, мында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем болбоого тийиш. 

Алмашуу бюросу Улуттук банкка алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш (8-1-тиркеме).»; 

 

- 57-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- лицензиянын колдонуу мөөнөтүн 15 (он беш) календардык күнгө чейинки мөөнөткө, ал эми аныкталган бузуулар четтетилбеген учурда, кайрадан 30 (отуз) календардык күнгө чейинки мөөнөткө убактылуу токтотууга;»; 

 

- 1-тиркемесиндеги: 

«№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр» таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр 

Жылы 

Операциянын аталышы 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк акча каражаттарын тартуу 

Мурда берилген зайым боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү 

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү 

». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

17-пунктунун: 

- бешинчи абзацындагы «Төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө» деген сөздөр «мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- он экинчи абзацындагы «башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, байкоо кеңешинин (эгерде кеңеш болгон болсо) төрагасы), башкы бухгалтердин» деген сөздөр «башкарманын мүчөлөрүнүн, байкоо кеңешинин (эгерде болгон болсо) төрагасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо: 

төмөнкү мазмундагы 21-1-пункту менен толукталсын: 

«21-1. Кредиттик бюронун жетекчисине талапкер кайра шайланган учурда аны Улуттук банк менен макулдашуу талап кылынбайт.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын  

19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.5.1-пунктунун жетинчи абзацындагы «2.4-2» деген сан «2.4-1» санына алмаштырылсын.