Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-ноябрындагы 

№ 2020-П-12/67-2- (НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;  

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Топтук кредиттерди сунуштаган банктардын директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 61-2-1 пунктунун талаптары өз учурунда жана талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык уюмдарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-ноябрындагы 

№ 2020-П-12/67-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө  

маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун:  

- 10.2-пунктундагы «финансылык» деген сөз алынып салынсын; 

- 10.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.3. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө бардык кыймылсыз мүлктөр, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар, ошондой эле банктын жайларына ээлик кылышкан ишканалардын акцияларга же облигацияларга кайсы болбосун салымдары же ушу сыяктуу карыздык милдеттенмелери жана ушундай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган кредиттер камтылууга тийиш. Көрсөтүлгөн бардык активдер (ижара келишими боюнча кыймылсыз мүлктү эске албаганда) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө камтылат.  

Ижара келишими боюнча банктын карамагында турган кыймылсыз мүлк топтолгон амортизациясын жана наркыздануудан топтолгон чыгымын алып салуу жана ижара боюнча милдеттенмени кайра баалоо суммасына корректировкалоону эске алуу менен баштапкы нарк боюнча кыймылсыз мүлккө инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө кошулууга тийиш.».  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 61-2-1-пунктундагы «2020-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр жана сандар «2021-жылдын 30-июнуна» дегенге алмаштырылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- айдоочунун күбөлүгү (үчүнчү жактар, ошондой эле банк эсебине ээ кардарлар тарабынан кардардын банк эсеби толукталган шартта гана);»; 

- 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Нускоого карата 2-тиркеменин: 

- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында нускалардын бири банктын кардарынын делосунда туруктуу сакталууга тийиш. Калган нускалары банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте кагаз же электрондук түрдө сакталат. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточканын электрондук версиясы банктын автоматташтырылган системасында сакталат.».  

 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 

15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

22-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, зарыл болгон шартта жазма буйрукта Улуттук банктын талаптарына, банктын ички документтерине, ошондой эле банктын ишин уюштуруу боюнча тажрыйбага жана жол-жоболорго ылайык аныкталган, бузууга жол берүүгө жооптуу кызмат адамынын (адамдарынын) аты-жөнү жана/же башкаруу органы көрсөтүлүшү мүмкүн.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банктын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын аткаруу жетекчилиги, ошондой эле банктын директорлор кеңеши/директорлор кеңешинин мүчөсү менен (зарылчылыкка жараша), бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. Жолугушуулар, зарылчылыгына жараша, документтештирилиши мүмкүн.  

Талкуулоодо төмөнкү маселелер каралышы мүмкүн:  

- финансылык абалдын көрсөткүчтөрү жана белгиленген тенденциялар;  

- банктын аткаруу органынын жана директорлор кеңешинин пикири боюнча, банкка жана бүтүндөй банк тутумуна тиешелүү болгон олуттуу маселелер;  

- кемчиликтерге жана алгылыксыз натыйжаларга жол бербөө/четтетүү боюнча чараларды аткаруу;  

- башкаруу маалыматынын шайкештиги жана банк менеджментинин натыйжалуулугу;  

- банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) тобокелдик профилиндеги мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр;  

- келечекте ишке ашырылуучу көзөмөлдүк чаралары;  

- банк тарабынан коомчулукка маалымдоо боюнча көрүлүүчү чаралар;  

- башка маселелер.  

Мындан тышкары, кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. 

Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги банктык көзөмөлдүн алкагында тигил же бул банктын куратору/институционалдык инспектору боюнча маалыматтарды (аты-жөнүн, почта дарегин, телефон номерин, ээлеген кызмат ордун), куратор/институционалдык инспектор тарабынан талап кылынган маалыматтарды кандай болбосун жеткиликтүү түрдө, анын ичинде электрондук почта аркылуу сунуштоо зарылчылыгы тууралуу маалыматты корпоративдик электрондук почта аркылуу банк башкармасынын төрагасынын/төрагасынын орун басарынын атына жөнөтөт. 

Куратор/институционалдык инспектор банк тутумундагы тобокелдиктерге баа берүү максатында, банкка зарыл маалыматты (банктык тобокелдиктерге баа берүү боюнча статистикалык маалыматтар, таблицалар, суроолор тизмеги ж.б.) берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн. Мында куратор/институционалдык инспектор банктын ишин көзөмөлдөө функцияларына кирген маселелер боюнча гана суроо-талапты банкка жөнөтөт.  

Көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан Улуттук банктын доменинен (*@nbkr.kg же *@nbkr.banks.kg) электрондук почта аркылуу банктын кураторуна/институционалдык инспекторуна маалымдоо менен жөнөтүлгөн талаптар банктын кураторунун/институционалдык инспекторунун талаптарына теңештирилет. 

Куратордун/институционалдык инспектордун банкка баруусу зарыл болгон шартта, банк жайларына, тиешелүү документтерине, материалдарына, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда - пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларынан жана башка окшош маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТти кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

Банк, анын акционерлери, кызмат адамдары жана башка кызматкерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кандай болбосун маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү

Банк жетекчиликтин, банктын активдерин жана пассивдерин, кредиттик жана операциялык ишин, комплаенс-контролдоо кызматын тескөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча (мындан ары - ПФТД/ЛПД) кызмат адамынын, ошондой эле банктын негизги кызматкерлеринин корпоративдик электрондук почта жана башка корпоративдик электрондук маалымат алмашуу каражаттары аркылуу кат алышуусунун резервдик көчүрмөлөрүн түзүү менен 3 (үч) жыл ичинде талаптагыдай корголушун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кирген кызматкер иштен бошотулса, банк анын кат алышуусун, ал иштен бошотулган учурдан тартып 3 (үч) жыл бою сактоого тийиш. 

Банк өзүнүн ички документтеринде «корпоративдик электрондук почта», «маалымат алышуу үчүн корпоративдик электрондук каражаттар», «кызматтык кат алышуу» аныктамаларын, ошондой эле корпоративдик электрондук почта жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттары менен кат алышуу тартибин белгилөөгө тийиш.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, банк ишине банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.»;  

- 22-пунктунда:  

төртүнчү абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- текшерүүчү топтун жетекчисинин талабы боюнча ушул Нускоонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызматкерлери, анын ичинде иштен бошотулган кызматкерлери ортосундагы ички электрондук почтаны карап чыгуу жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарынан пайдалануу мүмкүндүгүн берүү. Текшерүүчү топтун жетекчисинин талабы боюнча электрондук почтада жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарында камтылган маалымат жана документтер кагазга чыгарылып, кызмат адамы тарабынан жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;»; 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- текшерүүчүлөр тобуна банктын бардык кардарлары, анын ичинде банк менен байланыштуу/аффилирленген жактар, ошондой эле банктын кызматкерлери жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү менен автоматташтырылган банктык системалардан пайдалануу укугун берүүгө;»; 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгында банкка текшерүү жөнүндө отчет жөнөтүлөт. Текшерүү жөнүндө отчетто директорлор кеңешине жана башкармага маалымдоо үчүн бардык олуттуу көйгөйлөр жана көрүлүүгө тийиш болгон чараларды кошо алганда, негизги тыянактар жана корутундулар чагылдырылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында кемчиликтер, мыйзам бузуулар жана тобокелдүү тажрыйба аныкталган шартта, банкка жана анын кызмат адамдарына карата мындай жагдайды жөнгө салуу жана/же жакшыртуу үчүн таасир этүү чаралары колдонулушу жана/же сунуш-көрсөтмөлөр берилиши мүмкүн.»; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Текшерүү жөнүндө отчетто банктын жалпы абалы тууралуу маалымат камтылат, эгерде зарыл болсо, банктын айрым бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) абалы, ошондой эле орун алган кемчиликтер, орчундуу тобокелдиктер, жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу тууралуу маалымат камтылат, анын ичинде аларга жол берүүгө жооптуу кызмат адамдарынын жана башка кызматкерлердин аты-жөнү жана/же башкаруу органы көрсөтүлүшү мүмкүн.»;  

- 51-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кемчиликтерди четтетүү жана таасир этүү чараларын аткаруу боюнча банктын иш-чаралар планы Улуттук банкка банкта жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө отчетту расмий корреспонденция аркылуу алган күндөн тартып же болбосо отчет банкка жөнөтүлбөй турган/кечирээк жөнөтүлө турган учурда, ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлган Улуттук банктын жазма буйругун/катын расмий корреспонденция же электрондук почта аркылуу алган күндөн тартып, 30 (отуз) календардык күн ичинде сунушталат.».