Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 28-февралындагы 

№ 2024-П-12/8-3-(НПА) 

токтому менен бекитилген 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде (мындан ары Эрежелер) кепилдик фонддордун ишине карата төмөнкү талаптар аныкталган: 

- жалпы талаптар; 

- экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр; 

- кепилдиктерди жана кепилдик инструменттерин берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча; 

- эсепке алуу жана контролдоо боюнча; 

- ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын уюштуруу жана анын иши боюнча; 

- тышкы аудит жүргүзүү боюнча; 

- мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту берүү боюнча. 

2. Кепилдик фонддор өз ишин каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелери боюнча кепилдик берүү аркылуу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары менен макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырат. Мында каржылоо дегенден улам ипотекалык/коммерциялык кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөрдү/операцияларды түшүнүү зарыл. 

3. Бул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:  

1) Кардар милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-кредит уюму менен түзүлгөн каржылоо келишими боюнча кепилдик менен камсыздалган ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу. 

2) Кепилдик кепилдик фонддун финансы-кредит уюму алдында каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн берилген кепилдик суммасы чегинде аткаруу үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.  

3) Кепилдик иши кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кардарларды каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-кредит уюмдардын кредиттик тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш.  

4) Кепилдиктерди берүү саясаты кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүү принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоо критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ.  

5) Кепилдик инструменттери каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы.  

6) Регресстик талап кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-кредит уюму тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу. 

 

 

2-глава. Кепилдик фонддун ишине карата жалпы талаптар 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө, кепилдик фонддордун ишин текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

5. Кепилдиктерди берүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен кепилдик фонд, финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда кепилдик келишимин түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

Портфелдик кепилдиктер финансы-кредит уюмдары менен кызматташуу боюнча тиешелүү келишимдердин алкагында берилген кепилдиктер.  

Кепилдик инструменттери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана кепилдик фонддун кепилдик берүү саясатына ылайык берилет.  

6. Кепилдик инструменттерин берүү тартиби жана кепилдик инструменттеринин түрлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарды эске алуу менен кепилдик фонддун ички документтеринде өз алдынча белгиленет. 

7. Кепилдик инструменттери каржылоо келишими боюнча кардардын милдеттенмелеринин бир бөлүгүнө берилет. 

8. Кепилдик фонд кардардын каржылоо келишими боюнча пайыздарды, үстөк айыпты, айып пулду, туумду, комиссиялык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт. 

9. Кепилдик фонддун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акынын өлчөмү кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет. 

10. Кепилдик фонддун кепилдиктерин сунуштоо үчүн кардарлардын милдеттенмелерин тандоо жана аларга карата талаптар кепилдик фонддун ички документтери аркылуу жөнгө салынат. 

11. Кепилдик фонддун чет өлкө валютасында активдери болгон шартта кепилдиктер чет өлкө валютасында берилиши мүмкүн болгон, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкер субъектилерине берилген кепилдиктерди эске албаганда, кепилдиктер улуттук валютада берилет. 

12. Кепилдик фонд кепилдик келишимдерин түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикти баалоо боюнча ишти уюштуруу максатында кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу жана ага ылайык кредиттик бюрого кредиттик маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык берүүгө тийиш. 

Терс кредиттик маалымат берилген учурларды эске албаганда, кепилдик фонд кардардын макулдугу боюнча кредиттик маалыматты (портфелдик кепилдиктер жөнүндө маалыматтарды кошпогондо) берүүгө милдеттүү

13. Эгерде кепилдик фонд кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзсө, анын кепилдик ишти башкаруу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу тартиби жана талаптар, ошондой эле кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө кепилдик фондунун негизги шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматка санкциясыз кирүүдөн, аны жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу жөнүндө

- кепилдик фондго жана кредиттик маалымат менен алмашуу процессинде аларга маалым болгон анын кызматкерлерине алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө

- кепилдик фонд жооптуу болгон кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр жана жаңыртуулар жөнүндө кредиттик бюрого өз убагында билдирүү жөнүндө

- туура эмес маалымат берилген учурда, анын ичинде кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери; 

- кредиттик маалымат менен алмашуу келишимине ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды берүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жөнүндө

Кепилдик фонд кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматтын бурмаланышы, бардык кардарлар боюнча толук маалымат берүү, аны өз убагында тапшыруу, анын ичинде техникалык каталардан улам берилген маалыматты оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Кепилдик берүү жөнүндө маселени кароодо кепилдик фонд зарыл болгон учурда кардар жөнүндө (кредиттик отчетту) жана кепилдик фонддун чечими боюнча иштеп жаткан кредиттик бюролордон кардар менен байланышы бар жактар жөнүндө (эгерде мыйзамга ылайык алардын макулдугу болсо) маалыматты талап кылышы мүмкүн.  

Кепилдик фонд кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана коопсуздугун сактоого, андагы кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

 

3-глава. Кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон  

экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр 

14. Кепилдик фонддор Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоого тийиш: 

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми; 

- ликвиддүүлүк ченеми; 

- кепилдик фонддордун финансы-кредит уюмдарындагы депозиттеринин өлчөмүнүн лимити; 

- кепилдик менен орду жабылган каржылоонун максималдуу өлчөмү

- мультипликатор коэффициенти; 

- концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөөлөр; 

- кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит; 

- портфелдик кепилдиктер боюнча лимит. 

15. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1) 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу ченеминин К1 маанисин 10% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

 

К1 = СГ / СК * 100%,  

мында: 

СГ бир кардарга же байланыштуу адамдар тобуна кепилдиктердин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кепилдиктери боюнча калдыктардын суммасы кошулууга жана төмөнкү учурларда кепилдиктердин чогуу алгандагы бирдиктүү байланышкан суммасы катары каралууга тийиш: 

- бир карыз алуучунун финансылык оор абалы башка жактарда да кепилдик менен камсыздалган кредит/каржылоо боюнча төлөө проблемаларынын келип чыгышын шарттаса; 

- бир карыз алуучу башкасын контролдосо; 

- кредит/каржылоо юридикалык жакка да жана ал юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болуп саналган учурларды эске албаганда, алар кеминде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо; 

- бир нече карыз алуучу ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык болсо. Өз ара кызматташуу тууралуу келишимди кошо алганда, олуттуу финансылык өз ара көз карандылык адатта бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын же башка келип түшүүлөрүнүн же төлөмдөрүнүн 50 же андан жогору пайызы башка карыз алуучу менен келишилген бүтүмдөрдөн улам келип чыккан учурда орун алат; 

- кредитти/каржылоону төлөө үчүн бир эле каражат алуу булагы колдонулса, мында карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн колдонушкан же экөө тең ошол эле төлөө булагын (камсыздоо) колдонушкан жагдайды кошо алганда; 

- карыз алуучулардын бири экинчи карыз алуучунун милдеттенмесине кепилдик берсе (кросс-кепилдик) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болуп саналса; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын кошпогондо, үчүнчү жактын түздөн-түз пайдасы үчүн колдонулса же ошол алынган каражаттарга сатылып алынган каражаттар же активдер адаттагы бизнести жүргүзүүдө андан товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка берилсе; 

- күрөө коюучу катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы саналган учурларды эске албаганда, алардын күрөө коюучусу бирөө болсо. 

16. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (К2) 

Кепилдик фонддордун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт. 

Кепилдик фонддор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы  

№ 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген. 

Кепилдик фонддор уставдык капиталдын өлчөмүн уставдык капиталга карата белгиленген талаптардан төмөн эмес мааниде кармап турууга тийиш. 

17. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми (К2.1) 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми кепилдик фонд тарабынан уставдык капиталдын өлчөмүнүн 100% кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш. 

Кепилдик фонддун өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К2.1 = (СК / УК) * 100%,  

мында:  

СК кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы; 

УК жаңыдан ачылган кепилдик фонддор үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

Кепилдик фонддор өздүк капиталын (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептөөгө тийиш: 

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар салган кошумча капиталдын; 

- келечектеги керектөөлөр үчүн резервдердин; 

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын (чыгымдарынын); 

- учурдагы жылдын чыгымын минуска чыгаруу менен. 

18. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3): 

- жалпы ликвиддүүлүк (К2.1) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 45% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл; 

- кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К2.2) ченеминин (көрсөткүчүнүн) маанисин 35% кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл. 

1) Жалпы ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%,  

мында:  

ЛА ликвиддүү активдер, буга кассадагы жана банктардагы эсептешүүүндөлүк) эсептердеги акча каражаттар, банктарда жайгаштырылган депозиттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдери жана башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - жогору ликвиддүү баалуу кагаздар) кирет. Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана өздөштүрүлбөгөн пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

ОБ кепилдик фонддун милдеттенмелери, буга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин жалпы суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет; 

2) Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100%,  

мында:  

ВЛА жогорку ликвиддүү активдер, буга кассадагы жана банктагы эсептешүүүндөлүк) эсептериндеги акча каражаттары, ошондой жогору ликвиддүү баалуу кагаздар кирет; 

КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер, буларга кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин суммасы, төлөө мөөнөтү 30 күнгө чейинки кайсы болбосун милдеттенмелер кирет. 

Жетиштүү ликвиддүүлүктү кармап туруу үчүн активдерди жана пассивдерди, милдеттенмелерди төлөө мөөнөтүн, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу ыктымалдыгын эске алуу зарыл. Кепилдик фонддун каражаттарын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин эмитенттери чыгарган акцияларга, облигацияларга (жогору ликвиддүү баалуу кагаздардан тышкары) инвестициялоого жол берилбейт. 

19. Кепилдик менен орду жабылган каржылоонун максималдуу өлчөмү (К4) 

Кепилдик менен орду жабылган каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминин К4 маанисин кардардын же байланыштуу адамдардын тобунун финансы-кредит уюмунун алдындагы негизги милдеттенмелеринин көлөмүнөн (каржылоонун негизги суммасы) 50% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Кепилдик менен орду жабылган каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

К4 = ОГ / ОС * 100%,  

мында:  

ОГ кардарга же байланыштуу адамдардын тобуна берилген кепилдиктердин жалпы суммасы; 

ОС  кардарды же байланыштуу адамдардын тобун каржылоо боюнча негизги милдеттенмелердин жалпы көлөмү, анын бир бөлүгү кепилдик менен камсыздалган. 

20. Мультипликатор коэффициенти (К5) 

Мультипликатор коэффициентинин маанисин (К5) 2ден ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

Мультипликатор коэффициенти төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

 

К5 = ГП / СК,  

мында:  

ГП кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

21. Кепилдик фонд каражаттарды коммерциялык банктардын аманаттарына (депозиттерине) өз алдынча жайгаштырат. Кепилдик фонддун каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоонун негизги критерийлери кепилдик фонд тарабынан ички ченемдик документтерде аныкталууга тийиш жана анда жайгаштырылган активдерден жогору деңгээлде киреше алуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле кредиттик тобокелдикке, концентрациялануу тобокелдигине жана башка кошумча тобокелдиктерге талапка ылайык баа берүү жана контролдоо эске алынуусу зарыл. 

22. Кепилдик фонддун каражаттары банктагы депозитке Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын эске алуу менен кепилдик фонддун директорлор кеңешинин чечими менен бекитилген тиешелүү ички саясатта кепилдик фонд тарабынан белгиленген лимиттердин өлчөмүндө (депозиттин суммасы) которулат. 

23. Кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарда (депозиттерде) жайгаштыруунун белгилүү бир коммерциялык банкка карата белгиленген лимиттеринин мааниси кепилдик фонддун өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. Мында, эгерде каражаттар банкта калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында жайгаштырылса, кепилдик фонддун каражаттарын ошол коммерциялык банктагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) жайгаштыруу лимиттерин кепилдик фонддун өздүк капиталынан 25 %дан ашпаган чекте белгилөөгө жол берилет. 

24. Кепилдик фонд концентрациялануу тобокелдигинин кайсы түрдө болбосун орун алуу деңгээлине ай сайын көз салып турууга, күндөлүк жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдикти тескөө ишин пландаштырууга (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) тийиш, булар кепилдик фонддун директорлор кеңешине жана башкармасына сунушталууга тийиш. Кепилдик фонддун директорлор кеңеши жана башкармасы концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап туруусу зарыл. 

25. Концентрациялануу тобокелдиги боюнча төмөнкү чектөөлөр белгиленген: 

- ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу (К6.1) 65 % ашык эмес; 

- тармактар боюнча концентрациялануу (К6.2) 50 % ашык эмес. 

1) Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

К6.1 = СКР / СК * 100%,  

мында:  

СКР бардык ири тобокелдиктердин (карыз алуучулардын) баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы; 

СК кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын кепилдик фонддун өздүк капиталынын 2% ашкан кепилдиктеринин чогуу алгандагы суммасы ири тобокелдик катары каралат. Кепилдик фонддун бардык ири тобокелдиктеринин жалпы суммасы анын өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

2) Тармактар боюнча концентрациялануу ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

К6.2 = СКО / ГП * 100%,  

мында:  

СКО кепилдик фонддун бир тармакка берилген кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата суммасы; 

ГП кепилдик фонддун кепилдиктери (кепилдик портфели) боюнча милдеттенмелеринин баа берүү күнүнө карата жалпы суммасы. 

Тармактар боюнча концентрациялануу (К6.2) ченеминин маанисин кепилдик фонддун кепилдиктери боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл. 

26. Кепилдик фонддор кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимитти так сактоого тийиш. Кайра каржыланган кредиттер боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы кепилдик фондунун өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Кайра каржыланган кредит боюнча кепилдиктер берилгенден кийин 180 күндүн ичинде алар боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр болбогон кепилдиктер бул ченемден алынып салынышы мүмкүн. 

Мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимит кепилдик фонддун өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

27. Кепилдик фонддор портфелдик кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Финансы-кредит уюму менен кызматташуунун алкагында берилген портфелдик кепилдиктер боюнча лимит бир финансы-кредит уюмуна карата кепилдик фонддун өздүк капиталынын 25 % ашпоого тийиш. 

28. Дивиденддердин өлчөмүн эсептөө үчүн кепилдик фонду Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң эле төмөн маанисин колдонууга тийиш. 

29. Кепилдик фонд акционерлерине дивиденддерди төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддерди төлөөгө Улуттук банктан уруксат алуу үчүн документтер кепилдик фонддун акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүүгө чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Документтерге кепилдик фонддун дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары, ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын көрсөткүчтөрү жана дивиденддерди төлөгөндөн кийин экономикалык ченемдердин сакталышы боюнча эсептөөлөр тиркелүүгө тийиш. 

Улуттук банк кепилдик фонддун ишинин туруктуулугуна карата төмөндөгү коркунучтардын бири болгон учурда дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн: 

1) кепилдик фонд Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаса; 

2) дивиденддерди төлөө Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн камдар түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө

4) өткөн жылдарда же отчеттук жыл ичинде чыгым орун алса; 

5) Улуттук банктын талаптары аткарылбаса. 

 

4-глава. Кепилдиктерди берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу 

30. Кепилдик фонд ички документтерде каралган мөөнөттө жана тартипте кепилдик берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. Кепилдик берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу коллегиалдуу органы тарабынан кабыл алынат. 

31. Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелер кардар тарабынан аткарылбаган же талапка ылайык аткарылбаган учурда кепилдик фонддун жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат. 

32. Кепилдик фонддун кардардын милдеттенмелерин аткаруу милдети кардар каржылоону кайтарып берүү мөөнөтүн бузган учурдан тартып башталат. Мында финансы-кредит уюму (мындан ары - ФКУ) кардар каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө кепилдик фондго кардар тарабынан келишим шарттары бузууга жол берилгендиги тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. 

33. Кепилдик фонддун ушул Эрежелердин 32-пунктунда көрсөтүлгөн милдети кардардын милдеттенмелерди аткаруусу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен ссудалык эсеп боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана ФКУ келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандыгы тууралуу маалымат берилгенден кийин келип чыгат. ФКУ карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандыгы жөнүндө маалыматтардын тизмеги кепилдик берүү саясатында белгиленүүгө тийиш. 

34. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда каралган шарттар аткарылгандыгы тастыкталган учурда, кепилдик фонд кепилдик келишимге жана/же ФКУ менен кызматташуу келишимине ылайык өздүк каражаттардын эсебинен кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарат.  

35. Милдеттенмелер аткарылгандан кийин кепилдик фонд төлөнгөн (аткарылган) кепилдиктин суммасынын ордун жабууну талап кылуу укугуна ээ болот. ФКУ кепилдик фонду милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып үч күндүн ичинде кепилдиктерди берүү саясатында каралган талап кылуу укугун ырастоочу документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү

36. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, кардардан кепилдик келишими жана/же ФКУ менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн ФКУга төлөнгөн сумманын ордун регресс тартибинде толтурууну талап кылууга укуктуу. 

37. Карызгер-кардарга карата белгиленген регресстик талаптар канааттандырылгандан кийин кепилдик фонд тарабынан алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат. 

 

5-глава. Кепилдик фонддордун ишине көзөмөл 

38. Улуттук банктын көзөмөлдөө системасы бири-бирин толуктап жана колдоп турган көзөмөлдөө ишинин эки негизги түрүнөн турат, булар тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү

39. Кепилдик фонддор, аларды уюштуруучулар же акционерлер, кепилдик фонддордун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кайсы болбосун башка маалыматты өз убагында сунуштап турууга милдеттүү

40. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине текшерүүлөрдү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде жүзөгө ашырат. 

41. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишине көзөмөлдү алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат. 

42. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин текшерүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала билдирүүсүз текшерүүгө укуктуу. 

43. Кепилдик фонддордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоодо белгиленген. 

 

6-глава. Эсепке алуу жана контролдоо 

44. Кепилдик фонддун отчету Улуттук банктын кепилдик фонддун финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат. 

45. Кепилдик фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу ыкмалары жана эрежелери, финансылык отчетту түзүү тартиби камтылууга жана Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобосуна ылайык келүүгө тийиш. 

46. Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. 

47. Кепилдик фонддо эсепке алуу төмөнкүчө уюштурулууга тийиш: 

1) анын негизинде төмөнкүлөр туура түзүлүүсү зарыл: 

а) кепилдик фонддун анык финансылык абалын жана иш натыйжаларын чагылдырган, эл аралык стандарттарга ылайык келген финансылык отчет; 

б) Улуттук банктын талаптарына жооп берген регулятивдик отчет; 

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, отчеттун башка түрлөрү

2) кепилдик фонддун активдерин жана орун алган тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү тескөө

3) акционерлер жана директорлор кеңеши кепилдик фонддун финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. 

Кепилдик фонддун башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын тактыгына, толуктугуна жана сакталышына жооп берет. Кепилдик фонддун башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин жана финансылык отчеттун талаптагыдай сакталышы үчүн жооп берет. 

48. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында, кепилдик фонд ай сайын отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде отчетторду ушул Эрежелердин 2 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча Улуттук банкка электрондук форматта жөнөтүүгө жана кагаз жүзүндө берүүгө тийиш. 

49. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчет түзүүдө колдонулган документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана сактоо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмегине» ылайык белгиленет. 

50. Кепилдик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан чыгымдын ордун өз убагында жабуу үчүн кепилдик фонд тиешелүү кам түзүүгө жана ФОЭСке ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырууга милдеттүү

51. Кепилдик фонддун активдерин классификациялоо жана потенциалдуу жоготууларынын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт. 

 

7-глава. Ички контролдоо системасы, ички аудит, тобокелдиктерди тескөө 

52. Ички контролдоо кепилдик фонддун төмөнкү максаттарга жетүүсү үчүн багытталган үзгүлтүксүз процесс: 

1) иштин натыйжалуулугу жана иштиктүүлүгү, активдерди жана пассивдерди натыйжалуу тескөө, активдердин сакталышын камсыз кылуу, тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө

2) ички жана тышкы колдонуучулар үчүн финансылык, регулятивдик жана башка отчеттун так, толугу менен, объективдүү жана өз убагында түзүлүшүн камсыз кылуу; 

3) жарандык мыйзамдарды жана кепилдик фонддун ички ченемдик документтерин сактоо. 

53. Кепилдик фонддун ички контролдоо системасында төмөнкү компоненттер камтылууга тийиш: 

1) кепилдик фонддун башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясы, ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жана жоопкерчилиги каралган тиешелүү уюштуруу түзүмү

2) өз убагында тиешелүү чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген тиешелүү ички маалымат системасы жана башкаруу органдарына маалымдоо системасы; 

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди тескөө жана аларга баа берүү системасына туруктуу байкоо жүргүзүү

4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболору; 

5) кемчиликтерди аныктоо жана ишин өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасына мезгил-мезгили менен өз алдынча баа берүү

54. Кепилдик фонддо тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптар жана кепилдик фонддун тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоону, баа берүүнү жана чектөөнү камсыз кылган контролдоо методдорун колдонуу каралган ички контролдоо системасын уюштурууга карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерине ылайык аныкталат.

55. Кепилдик фонд тарабынан тобокелдиктерди тескөө саясаты иштелип чыгууга, ал директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

56. Кепилдик фонддун башкармасы директорлор кеңеши менен биргеликте жылына кеминде бир жолу саясаттын шайкештигине байкоо жүргүзүп турат жана зарыл учурларда өзгөртүүлөрдү киргизет. 

57. Кепилдик фонд тобокелдик-менеджменти, ички аудит жана комплаенс-контролдоо кызматтарын түзүүгө тийиш. Тобокелдик-менеджменти, ички аудит жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат. 

58. Тобокелдик-менеджменти кызматы/тобокелдик-менеджери күн сайын тобокелдиктерди аныктайт, өлчөйт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт. Тобокелдиктерди түздөн-түз тескөө үчүн тобокелдиктин тигил же бул түрүн тескеген аткаруу органы жана/же түзүмдүк бөлүмдөр/кызмат адамдары жоопкерчилик тартышат. 

59. Ички аудит кызматы ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ички контролдоо системасынын, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу процессинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана баалайт. 

60. Комплаенс-контролдоо кызматы кепилдик фонддун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, кепилдик фонддун ички документтеринин талаптарына (эрежелерине, жол-жоболоруна ж. б.) ылайык келүүсүн ички контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоону уюштурат. 

 

8-глава. Тышкы аудит 

61. Кепилдик фонддун ишине Кыргыз Республикасында таанылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүү жүргүзүлүп турууга тийиш. 

62. Аудитордук уюмду тандоо кепилдик фонддун директорлор кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат. 

Тышкы аудит жүргүзүүгө, аларды тандоо боюнча жалпы кабыл алынган жол-жоболорду киргизүүгө карата минималдуу талаптар жана аудитордук кызмат көрсөтүүдө аудиторлордун көз карандысыздыгы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-Р-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.  

63. Финансылык жыл аяктаганда кепилдик фонд отчеттук жылдан кийинки финансылык жыл башталган күндөн тартып 90 (токсон) күндөн кеч эмес мөөнөт ичинде кепилдик фонддо тышкы аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

64. Жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин кепилдик фонд жетекчиликке катты кошо алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн) өзгөртүүсүз, тышкы аудитор отчетту берген күндөн тартып 30 (отуз) күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

65. Кепилдик фонддун тышкы аудитору төмөнкүлөргө милдеттүү

-  Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзам талаптарына же эл аралык квалификацияга ылайык квалификацияга ээ болууга; 

- көз карандысыз жана объективдүү болууга, ошондой эле кызыкчылыктар каршы келген катары эсептөөгө негиз берген жагдайларга жол бербөөгө

 

9-глава. Таасир этүү чаралары 

66. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

67. Улуттук банк таасир этүү чараларын кепилдик фонддордун ишинин туруктуулугун колдоо үчүн проблемаларга каршы ыкчам чара көрүү, аларды жөнгө салуу жана четтетүү максатында колдонот. 

68. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, таасир этүү чараларынын түрүн жана аларды колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт. 

69. Кепилдик фондуна, анын кредиторлоруна, акционерлерине же банк системасына карата объективдүү коптуу жагдайларды жана/же жогору жоготуу же чыгым тартуу ыктымалдыгын шарттаган кепилдик фонддун иши, анын кызмат адамдарынын иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбасы катары эсептелет. 

70. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негиздери, учурлары жана тартиби, ошондой эле кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага тартылышынын белгилери жана мындай ишке кепилдик фонддун жана анын кызмат адамдарынын катыштыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.  

Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайра өзгөртүлүп түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн. 

71. Жарыялоо кепилдик фонддун кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, Улуттук банк кепилдик фонддорго карата колдонгон таасир этүү чаралары тууралуу, ошондой эле мындай чараларды кандай болбосун өзгөртүүлөр же алардын токтотулушу тууралуу маалыматты жарыялап турат. Мындай маалыматты жарыялоо банктык сырды жайылтуу болуп саналбайт. 

72. Улуттук банктын чечимдерине карата сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Мында Улуттук банк Башкармасынын сотто каралууга тийиш болгон чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын кайсы болбосун чечимине карата сотко чейин даттанууга жол берилет. 

73. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жободо белгиленген. 

 

10-глава. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту тапшыруу 

74. Кепилдик фонддор белгиленген мөөнөт ичинде кепилдик фондунун иши жөнүндө мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту (мындан ары ПРО) ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде келтирилген формаларга ылайык белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү

75. ПРОнун жалпы курамы, мезгил аралыгы, форматы жана отчетторду берүү мөөнөтү ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген.  

76. ПРО формаларын толтурууда төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш: 

а) маалымат Улуттук банктын отчеттук датага карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде чагылдырылууга тийиш;  

б) операциялар отчеттук мезгилде бухгалтердик эсептин жана баланстан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылышы зарыл; 

в) отчеттор мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет; 

г) отчеттор электрондук форматта берилет жана кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. 

77. Кепилдик фонддун жетекчилиги ПРОдо чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

78. 31-декабрга карата ПРО жылдык болуп саналат жана Улуттук банкка ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде белгиленген мөөнөттө берилет. Тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча, эгерде жылдык ПРОдо оңдоолор бар болсо, өзгөртүүлөр киргизилген бөлүктөр боюнча түшүндүрмөлөрдү чагылдыруу менен өзгөртүүлөр киргизилген отчеттук формалар берилет. Оңдоолор киргизилген отчеттор көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 (он беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилет. 

79. ПРО отчеттору өз убагында берилбеген учурда, кепилдик фонду ПРОнун өз убагында берилбегендигинин себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү

80. Отчеттордо так эмес маалыматтар системалуу түрдө берилсе жана белгиленген мөөнөттөр сакталбаган учурда, кепилдик фондго карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө 

салуу эрежелерине карата  

1-тиркеме 

 

 

Кепилдик фонддун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

Бөлүк 

Аталашы 

Мезгилдүүлүгү 

Тапшыруу мөөнөтү 

Берүү форматы 

11 

 

Кепилдик фонду жөнүндө негизги маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

22 

 

Акционерлер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Комитеттер жана комитет мүчөлөрү жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Кепилдик фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

Филиалдар/өкүлчүлүктөр (кеңселер) жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

1-бөлүк 

Баланстык отчет 

А. Активдер 

B. Милдеттенмелер 

V. Капитал 

D. Баланстан тышкаркы эсептер 

D. Башка активдердин жана башка милдеттенмелердин чечмелениши 

E. Системадан тышкаркы эсеп 

 

Ай сайын 

 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«xlsx» 

78 

2-бөлүк 

Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

А. Пайыздык кирешелер 

Б. Пайыздык чыгашалар 

В. Пайыздык эмес кирешелер 

Г. Пайыздык эмес чыгашалар 

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

Е. Кепилдик фонддун активдерин жайгаштыруу 

Ж. Кепилдик фонддун милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу 

З. Кепилдик фонддун милдеттенмелерин өлкө белгиси боюнча тартуу (чет өлкө валютасында) 

К. Капиталды өлкө белгиси боюнча тартуу 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

99 

3-бөлүк 

Кепилдиктер жөнүндө маалымат 

3.A1. Кепилдик фонддун региондор боюнча иши 

3.A1-1. Уюштуруучулары/катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине 

же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө региондор боюнча маалымат 

3.A2. Кепилдик фонддун тармактар боюнча иши 

3.A3. Тармактар/региондор боюнча бекитилген кепилдиктер тууралуу маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A3-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A4. Тармактар / региондор боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A4-1. Кепилдик фонду ишин баштагандан тартып алардын уюштуруучулары/катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A5. Тармактар / региондор боюнча колдонуудагы кепилдиктер боюнча маалымат (отчеттук датага карата) 

3.A5-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген колдонуудагы (отчеттук датага карата) кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A6. Кепилдиктер берилген кредиттер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A6-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга алар боюнча кепилдиктер (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) берилген кредиттер жөнүндө маалымат 

3.A7. Алар боюнча кепилдиктер берилген колдонуудагы кредиттер (отчеттук датага карата) жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A7-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга алар боюнча кепилдиктер берилген колдонуудагы кредиттер (отчеттук датага карата) жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

3.A8. Тармактар / региондор боюнча аткарылган кепилдиктер боюнча маалымат (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып) 

3.A8-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген (кепилдик фонд ишин баштагандан тартып), аткарылган кепилдиктер жөнүндө тармактар / региондор боюнча маалымат 

3.A9. Тармактар / региондор боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат (отчеттук мезгил ичинде) 

3.A9-1. Уюштуруучулары / катышуучулары катары аялдар болгон ишкердик субъекттерине же жеке ишкер катары иштеген аялдарга берилген (отчеттук мезгил ичинде), аткарылган кепилдиктер жөнүндө тармактар/региондор боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

110 

4-бөлүк 

Кепилдик фонддун ФКУ-өнөктөштөр боюнча иши жөнүндө маалымат 

4.A1. Отчеттук мезгил ичинде ФКУ-өнөктөштөр/тармактар боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.A2. Отчеттук мезгил ичинде ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Б1. Кепилдик фонд ишин баштагандан тартып ФКУ-өнөктөштөр/тармактар боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Б2. Кепилдик фонд ишин баштагандан тартып ФКУ-өнөктөштөр/региондор боюнча берилген кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.В1. ФКУ- өнөктөштөр/тармактар боюнча колдонуудагы кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.В2. ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча колдонуудагы кепилдиктер жөнүндө маалымат 

4.Г1. ФКУ- өнөктөштөр/тармактар боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат  

4.Г2. ФКУ- өнөктөштөр/региондор боюнча аткарылган кепилдиктер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

111 

5-бөлүк 

Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат 

А. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат (бардыгы) 

B. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер жөнүндө маалымат (чет өлкө валютасында) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

112 

6-бөлүк 

Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

113 

7-бөлүк 

РППУдагы өзгөртүүлөр 

РППУнун эсебинен эсептен чыгарылган жана кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

114 

8-бөлүк 

Баалуу кагаздар портфели 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

115 

9-бөлүк 

Депозиттер жана эсептер боюнча маалымат 

А. Коммерциялык банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттер жөнүндө маалымат 

B. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер боюнча маалымат 

B. Эсептешүү эсептери боюнча маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

116 

10-бөлүк 

Отчеттук мезгилде кепилдиктердин аткарылышы 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

 

«.xlsx» 

117 

11-бөлүк 

Байланыштуу жана аффилирленген жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

118 

12-бөлүк 

Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

219 

13-бөлүк 

Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөтү 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин 

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

220 

14-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин, чектөөлөрдүн жана талаптардын сакталышы жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

221 

15-бөлүк 

Лимиттердин сакталышы жөнүндө отчет 

A1. Портфелдик кепилдиктер боюнча лимиттин сакталышы жөнүндө отчет 

A2. Аманаттарда (депозиттерде) жана ФКУнун эсептеринде акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча лимиттердин сакталышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Кепилдик портфелдин реестри (2-тиркеме) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийин  

10 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

 

 

 

Наименование организации/ Уюмдун аталышы 

 

 

Кепилдик фонддордун ишин 

жөнгө салуу эрежелерине карата  

2-тиркеме 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Реестр гарантийного портфеля/ Кепилдик портфелдин реестри  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

миң сом%/тыс сомов% 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 

Аталышы/Карыз алуучунун аты-жөнү/Наименование/Ф.И.О. Заемщика 

Укуктук статусу: жеке адам/юридикалык жак/Правовой статус: физ.лицо/юр.лицо 

Жетекчинин аты-жөнү/ФИО руководителя 

ФКУ-өнөктөштүн аталышы/Наименование ФКО-партнера 

Кредиттик линия Ооба/жок/ 

Кредитная линия Да/нет 

Берилген кредиттин суммасы (номиналы)/ 

Сумма выданного кредита(номинал) 

Берилген кредиттин суммасы (экв. сом менен)/Сумма выданного кредита (экв. в сом) 

Кредиттин калдыгынын суммасы (номиналы)/Сумма остатка кредита (номинал)/  

Кредиттин калдыгынын суммасы (экв. сом менен)/Сумма остатка кредита (экв. в сом) 

Валютасы (KZT, USD, EUR, RUB)/Валюта (KGS, USD, EUR, RUB) 

Кредиттин номиналдык пайыздык чени/Номинальная процентная ставка по кредиту 

Кепилдикти берүү үчүн комиссиялык төлөмдүн өлчөмү %/Размер комиссии за выдачу гарантии в % 

Кепилдикти берүү үчүн комиссиялык төлөмдүн суммасы /Сумма комиссии за выдачу гарантии 

Берилген датасы/Дата выдачи 

Төлөө датасы/Дата погашения 

Мөөнөтү өткөн сумма (негизги сумма боюнча)/Просроченная сумма (по основной сумме) 

Мөөнөтү өткөн күндөрдүн саны (негизги сумма боюнча)/Количество просроченных дней (по основной сумме) 

ФКУ кредитинин негизги суммасы боюнча классификациянын аталышы/Наименование классификации по основной сумме кредита ФКО 

РППУнун өлчөмү кредиттин негизги суммасы боюнча % менен/Размер РППУ в % по основной сумме кредита 

Кредиттин негизги суммасы боюнча РППУнун суммасы/Сумма РППУ по основной сумме кредита 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

 

 

 

 

 

Мөөнөтү өткөн сумма (пайыздар боюнча)/Просроченная сумма (по процентам) 

Мөөнөтү өткөн күндөрдүн саны (пайыздар боюнча)/Количество просроченных дней (по процентам) 

Реструктуризациялардын саны/Количество реструктуризаций  

Реструктуризациялоо датасы/Дата реструктуризации 

Регион 

Өнөр жай/ Отрасль 

Максаттуу багыты (толук маалымат)/ Целевое назначение (подробная информация) 

Күрөөлүк камсыздоо/ Залоговое обеспечение 

Кайра каржылоонун үлүшү % менен/ Доля рефинансирования в % 

Берилген кепилдиктин суммасы/ Сумма выданной гарантии  

Берилген кредит боюнча берилген кепилдиктердин үлүшү % менен/Доля выданной гарантий от выданного кредита в % 

Кепилдиктин калган бөлүгү (сом менен)/Остаток гарантии (в сомах) 

Гарантиянын классификациясынын аталышы/Наименование классификации гарантии 

РППУнун өлчөмү гарантия боюнча % менен/Размер РППУ в % по гарантии 

 Гарантия боюнча РППУнун суммасы/Сумма РППУ по гарантии 

Байланыштын/аффилирленгендигинин/инсайдердин түрү/Тип связанности/аффилированности/инсайдер 

Кепилдиктин параллелдүүлүгүнүн белгиси 

(параллель/параллель эмес)/Признак параллельности гарантии  

(параллельная/непараллельная) 

Продукт түрү/Вид продукта 

Гендер 

Портфель кепилдиги 

Ооба / жок/Портфельная гарантия 

Да/нет 

21 

22 

23 

24 

25 

26 

27 

28 

29 

30 

31 

32 

33 

34 

35 

36 

37 

38 

39 

40 

 

Кепилдик фонддордун ишин 

жөнгө салуу эрежелерине карата  

3-тиркеме  

 

Кепилдик фонддордун мезгил-мезгили менен берилүүчү  

регулятивдик отчету  

 Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 3-тиркеме