Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 14-февралындагы № 2024-П-12/5-4(НПА) токтому менен 

бекитилген 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө” 

ЖОБО 

 

1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР  

 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан көзөмөлдөнгөн, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде “ислам терезеси” аркылуу жүзөгө ашырышкан банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар тарабынан финансылык отчетту жарыялоо жана берүү компоненттери, мазмуну жана негизги эрежелери аныкталат. 

2. Жобонун ченемдери операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде “ислам терезеси” аркылуу жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компанияларга (мындан ары - МФК), жыл сайын ишине тышкы аудит жүргүзгөн микрокредиттик компанияларга (мындан ары - МКК), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары - кредиттик союздар), адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - АФКУ) (мындан ары - БФКУ) таркатылат.  

3. Убактылуу администрация режими жүргүзүлүп жаткан БФКУ да ушул Жобого ылайык финансылык отчетту түзөт жана берет. 

4. Бул Жобонун ченемдери жоюу жана банкроттоо процесси жүргүзүлүп жаткан БФКУга таркатылбайт. 

5. БФКУнун финансылык отчету отчеттук мезгил аралыгында БФКУнун финансылык абалын жана ал тарабынан жүзөгө ашырылган финансылык иштин натыйжаларын түзүмү боюнча сунуштоо дегенди түшүндүрөт.  

6. БФКУнун финансылык отчету анын финансылык абалын, финансылык иш натыйжаларын объективдүү чагылдырууга жана ал Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (мындан ары - AAOIFI) тарабынан белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш, ал эми AAOIFI уюмунун белгилүү бир стандарттары жок учурда, алар тарабынан бекитилген шарият стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген учурда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) шайкеш келүүгө тийиш. 

“Ислам терезесине” ээ БФКУнун финансылык отчеттору ушул Жобонун 13-главасына ылайык берилет.  

7. БФКУнун финансылык отчетунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:  

- алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон БФКУнун финансылык абалы, финансылык иш натыйжалары, активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери, чыгашалары, пайдалары жана чыгымдары тууралуу маалыматты түзүмү боюнча түзүмү боюнча сунуштоо;  

- БФКУда ресурстарды башкаруунун жыйынтыгы тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- БФКУну камтыган банктык топтун иш натыйжасы жана башка юридикалык жактардын капиталына алардын салымы, ушул юридикалык жактар менен операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматты сунуштоо;  

- банктык топтун катышуучуларынын операциялары жана бүтүмдөрү, БФКУну камтыган банктык топтун тобокелдиктери тууралуу маалыматты сунуштоо.  

8. Финансылык отчеттордун пайдалануучуларынан болуп, кызыкдар жактар, анын ичинде мамлекеттик органдар, БФКУнун менчик ээлери (акционерлер/катышуучулар), тышкы аудиторлор, инвесторлор, кредиторлор, кардарлар, Улуттук банк жана башкалар саналат.  

9. Финансылык отчет БФКУнун эсепке алуу саясатына ылайык түзүлөт. 

10. Эгерде банктык топтун мүчөсү окшош шарттардагы окшош операцияларга жана окуяларга карата банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатынан айырмаланган эсепке алуу саясатты колдонсо, анда консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо процессинде, банктык топтун катышуучусунун финансылык отчету банктык топтун эсепке алуу саясатына ылайык өзгөртүп түзүлөт. 

11. БФКУнун жетекчилиги белгиленген мөөнөттөрдө БФКУнун финансылык отчетунун өз учурунда жана талаптагыдай жарыяланышын жана Улуттук банкка берилишин камсыз кылууга тийиш.  

БФКУнун финансылык отчетту берүү, анык эмес маалыматты берүү, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабастан отчетторду жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн бузууга жол берген учурда, БФКУга жана анын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат.  

 

2-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУН ТҮЗҮМҮНӨ ЖАНА МАЗМУНУНА КАРАТА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР  

 

12. Ушул Жобонун максаттарында БФКУнун финансылык отчету төмөнкү компоненттерден турат:  

- отчеттук мезгилдин акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет; 

- бир мезгил үчүн жыйынды киреше жөнүндө отчет; 

- бир мезгил үчүн акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

- бир мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;  

- кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (ушул жобонун 3-тиркемеси);  

- Шарият кеңешинин корутундусу (ушул жобонун 4-тиркемеси); 

- финансылык отчетко карата эскертүүлөр; 

- өткөн мезгил үчүн салыштырма маалымат. 

13. Финансылык отчетту жарыялоодо отчеттун ар бир компоненти башка маалыматтын ичинен өзүнчө көрсөтүлүүсү зарыл. Финансылык отчетто төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш:  

- отчет берип жаткан БФКУнун аталышы жана башка идентификациялык белгилери; 

- БФКУнун сунушталган финансылык отчету жеке отчетпу же консолидацияланган отчет болуп саналабы; 

- отчеттук мезгил аяктаган күн же финансылык отчеттордун же эскертүүлөрдүн аталган топтомунда камтылган отчеттук мезгил;  

- финансылык отчет берилген валюта;  

- финансылык отчетто суммаларды берүүдө колдонулуучу өлчөө бирдиги.  

14. Финансылык отчетту түзүүдө БФКУ жетекчилиги БФКУнун өз ишин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Эгерде жетекчилик БФКУну жоюуга же иш чөйрөсүн кыйла кыскартууга ниеттенбесе же мунун зарылчылыгы жок болсо, финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө жол берүүлөрдүн негизинде түзүлүүгө тийиш. Эгерде пикир түзүү процессинде жетекчиликке БФКУнун келечекте өз ишин жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө кыйла шек келтириши мүмкүн болгон жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздик тууралуу маалымдалса, алар отчетто чечмеленип берилүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө жол берүүнүн негизинде түзүлбөсө, бул факт отчет түзүлгөн негиз жана эмне себептен БФКУ үзгүлтүксүз иштеген уюм болуп саналбай тургандыгынын себеби сыяктуу эле толук чечмеленүүгө тийиш.  

15. БФКУ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүүнү эске албаганда, финансылык отчетту чегерүү ыкмасын пайдалануу менен түзүүгө тийиш.  

16. Жылдык финансылык отчет берүү максатында БФКУ үчүн отчет берилүүчү мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн БФКУ үчүн биринчи отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрдан кийин түзүлгөн БФКУ үчүн биринчи отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

17. БФКУнун отчеттук мезгили өзгөргөн жана финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган өзгөчө учурларда, БФКУ финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:  

- отчеттук мезгилден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгил аралыгын колдонуунун себеби;  

- финансылык отчетто көрсөтүлгөн суммалардын толугу менен дал келбей калуу фактысы.  

Эгерде башкы жана туунду БФКУнун отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду БФКУ консолидациялоо максаттарында башкы компаниянын отчеттук мезгили бүткөн күнгө кошумча финансылык отчет даярдайт.  

18. Статьялардын ар бир олуттуу классы финансылык отчетто өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. БФКУ статьялар олуттуу эмес болуп саналган учурларды кошпогондо, мүнөзү же багыты боюнча айырмаланган статьяларды өзүнчө берүүгө милдеттүү. Финансылык отчет түзүү максатында статьялардын олуттуулугу БФКУ тарабынан өз алдынча БФКУнун эсепке алуу саясатында аныкталат жана финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмеленип берилет. 

19. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ырааттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат.  

20. Финансылык отчетто статьялардын классификациясы жана чечмелениши төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш:  

- БФКУнун иш мүнөзүнүн же эсепке алуу саясатынын олуттуу өзгөрүүсүнөн улам, тандоо критерийлерин жана эсепке алуу саясатынын колдонулушун эске алуу менен маалыматты башкача берүү же башкача классификациялоо кыйла алгылыктуу болсо;  

- AAOIFI стандарттары өзгөрсө.  

21. Эгерде AAOIFI стандарттарына ылайык башкага уруксат берилбесе же талап кылынбаса, финансылык отчеттун ар бир көрсөткүчтөрү боюнча өткөн отчеттук жылдын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү чагылдырылууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалымат өтүп жаткан мезгил үчүн финансылык отчетту түшүнүү үчүн ылайыктуу болсо, баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

22. Эгерде финансылык отчетто статьялардын берилиши же классификациясы өзгөртүлсө, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнү камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш (эгерде муну дээрлик ишке ашыруу мүмкүн эмес болсо).  

Мындан тышкары, ар бир статьянын же кайра классификацияланган ошол статьялардын классынын мүнөзү, суммасы, ошондой эле кайра классификациялоо себеби чечмеленип берилүүгө тийиш. Эгерде, салыштырма суммаларды кайра классификациялоо дээрлик мүмкүн болбосо, БФКУ тиешелүү суммалар кайра классификацияланбай калгандыгынын себебин жана суммалар кайра классификацияланган учурда жүргүзүлүүчү корректировкалардын мүнөзүн көрсөтүүсү зарыл.  

23. Бир банктык топтун башында турган БФКУ Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык консолидацияланган негизде, банк мыйзамдарынын жана AAOIFI стандарттарынын консолидацияланган отчетту берүү бөлүгүндө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен финансылык отчетту түзөт жана Улуттук банкка берет.  

Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетунда анын бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчету камтылууга тийиш. Мында, банктык топтун катышуучулары башкы компания тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.  

24. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана чыгашалардын ушул сыяктуу статьяларын жана акча каражаттарынын агымдарын кошуу аркылуу башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетун саптан сапка консолидациялайт.  

25. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматты чечмелөө зарыл:  

1) башкы компанияга (туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө) 50% жогору добуш берүүчү акциялар (50% жогору катышуу үлүшү) таандык болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү;  

2) объекттин добуш берүүчү акцияларынын 50% жогору (50% жогору катышуу үлүшү) үлүшүнө ээ болушу (туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө) аларга контролдук кылууга мүмкүн эместигинин себептери;  

3) эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо пайдаланган отчеттук күнү же финансылык отчеттуулук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттуулук мезгилинен айырмаланса:  

- туунду компаниянын финансылык отчетунун отчеттук күнү;  

- башка отчеттук күндү же мезгилди пайдалануу себеби;  

4) туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрүндө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо зайымдарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын;  

5) башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны;  

6) туунду компанияга контролдукту жоготкон шартта, башкы компания AAOIFI стандартына ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды (эгерде булар болгон болсо), анын ичинде төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш:  

а) мурдагы туунду компанияда сакталган инвестицияларга контролдукту жоготкон күнгө карата адилеттүү наркы боюнча таанууга туура келген кирешелердин же чыгашалардын бөлүгү;  

б) курамында киреше же чыгаша таанылган (эгерде ал жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө берилбесе) жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статьяны (статьяларды).  

26. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчетунда банктык топ тууралуу финансылык маалымат бирдиктүү экономикалык уюм катары сунушталышы үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл:  

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниянын капиталындагы үлүшүн алып салууну;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгымга катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоону;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын аларда катышуусунун үлүшүнөн өзүнчө аныктоону.  

Таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

- бизнести биринчи бириктирүү күнүнө карата контролдук кылынбаган катышуу үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

- бизнести бириктирген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшүн).  

27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топтун ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар толугу менен алынып салынууга тийиш.  

28. Туунду компаниянын финансылык отчету анын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланган негизде консолидацияланган финансылык отчеттон алынып салынбайт.  

29. Туунду компаниянын финансылык отчету инвесторлор катары тобокелдүү капитал, өз ара фонддор, траст менен же окшош түзүмдөгү уюм иш алып баргандыгынын негизинде консолидацияланган финансылык отчеттон алынып салынбайт.  

30. Башкы компания менен туунду компаниянын ортосундагы өз ара мамилелер ушул байланышкан тараптардын ортосунда операциялар жүзөгө ашырылдыбы же жокпу, ага көз карандысыз, милдеттүү түрдө финансылык отчетто ачык көрсөтүлүүгө тийиш.  

31. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компания, эгерде ал консолидацияланган финансылык отчетту AAOIFI стандартына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык түзсө жана сунуштаса, ушул Жобого ылайык консолидацияланган финансылык отчетту берүүдөн бошотулат. 

32. Туунду (биргелешип контролдукка алынуучу жана ассоциацияланган) уюмдарга инвестициялар консолидацияланган финансылык отчетто AAOIFI стандарттарына ылайык ачып көрсөтүлөт.  

33. Финансылык отчетко БФКУнун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коёт, ошондой эле БФКУнун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.  

Консолидацияланган финансылык отчетто банктык топтун финансылык абалы боюнча маалыматтардын туура жана анык чагылдырылышы банктык топтун башкы компаниясынын байкоо органынын (болгон болсо), аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.  

34. Финансылык отчеттун формаларында, отчет түзүлгөн күнгө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда “нөл” деген сандык маани көрсөтүлөт. 

35. Эгерде белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде башкасы макулдашылбаса, БФКУнун финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш.  

36. Финансылык отчеттогу каталарды оңдоолор ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталат жана ага оңдоолорду киргизүүнүн себеби жана күнү көрсөтүлөт.  

 

3-ГЛАВА. ЖЫЛДЫК ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ  

 

37. МФКнын жылдык финансылык отчету (отчеттук жылдын 31-декабры күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту, кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана Шарият кеңешинин корутундусу) аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) жарыяланат.  

МФК жылдык финансылык отчетту (отчеттук жылдын 31-декабры күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту, кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана Шарият кеңешинин корутундусу) өздөрүнүн бардык кеңселеринин, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрү менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалымат такталарында жайгаштырууга тийиш.  

Бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдү, кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана Шарият кеңешинин корутундусун жана аудитордук корутундуну кошо алганда, МФКнын финансылык отчету расмий интернет-сайтта (болгон болсо) жарыяланууга тийиш.  

Буга кошумча, МФК жылдык финансылык отчетту/консолидацияланган финансылык отчетту жана аудитордук корутундуну электрондук түрдө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу органга берет. 

МКК жана КС жылдык финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге (болгон болсо) ЖМКда же расмий интернет-сайтында же бардык кеңселеринде, филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө өзүнүн маалымат такталарында мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде аудитордук текшерүү аяктагандан кийин (эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсө) отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен жарыялоого тийиш.  

Жылдык финансылык отчетту ЖМКда же маалымат тактасында жарыялоодо МКК жана КС отчеттук жылдын 31-декабры күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту, кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана Шарият кеңешинин корутундусу, аудитордук корутунду (болгон болсо) менен бирге, ал эми расмий интернет-сайтта жарыялоодо - жылдык финансылык отчетту, анын ичинде бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдү, кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту, Шарият кеңешинин корутундусу жана аудитордук корутундуну (болгон болсо) жайгаштырууга тийиш.  

ЖМКга жарыялоодо жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинде, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө толук көлөмдө таанышууга болот деген эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш.  

38. БФКУнун жылдык финансылык отчету маалымат агенттигинин порталында да жарыяланышы мүмкүн.  

Маалымат агенттигинин порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш. 

39. БФКУ кеңири жайылтуу жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, финансылык отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт. 

40. Жылдык финансылык отчет ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан БФКУда пайдалануучулар үчүн мамлекеттик жана расмий тилде (башкы кеңсе, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары филиалдар, өкүлчүлүктөр, түзүмдүк бөлүмдөр) толук көлөмдө жеткиликтүү болууга жана алардын биринчи талабы боюнча таанышуу үчүн берилүүгө тийиш. 

41. Финансылык отчет жарыялангандыгы жөнүндө маалымат отчет жарыялангандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен же финансылык отчет жарыяланган БФКУнун расмий интернет-сайтына (маалымат агенттигинин порталына) шилтеме берүү жана анын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

42. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун аталган главасынын талаптары сакталган шартта жарыяланат жана пайдалануучуларга берилет.  

 

4-ГЛАВА. ЧЕЙРЕК САЙЫН БЕРИЛҮҮЧҮ ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ, АНЫ БЕРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ 

 

43. Жылдык финансылык отчетту жарыялоодон тышкары МФК ЖМКга чейректик финансылык отчетту жарыялайт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жарыялангандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтөт. 

44. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет төмөнкүлөрдөн турат:  

- өтүп жаткан отчеттук мезгилдин аягына карата жана отчеттук мезгилге чейинки финансылык жылдын ушул эле мезгили үчүн жана буга чейинки отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет; 

- өтүп жаткан мезгил, өткөн жылдын ушул эле мезгили жана отчеттук мезгилге чейинки өткөн финансылык жыл үчүн жыйынды киреше жөнүндө отчетту;  

- отчеттук чейрек ичинде БФКУ тарабынан чыгарылган бардык баалуу кагаздар тууралуу маалымат;  

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук топтомуна ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча БФКУнун акцияларынын санындагы үлүшүн (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУлар катышуучулардын тизмесин жана алардын БФКУда катышуу үлүшүн көрсөтөт);  

- отчеттук чейректе орун алган БФКУнун финансылык-чарбалык ишине тиешелүү олуттуу фактылар тууралуу маалымат;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматты.  

45. МФКнын чейректик финансылык отчеттору расмий интернет-сайтта (болгон болсо), ЖМКда жана бардык кеңселердеги, филиалдардагы, өкүлчүлүктөрдөгү жана түзүмдүк бөлүмдөрдөгү өздөрүнүн маалымат такталарында чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде жарыяланууга тийиш.  

ЖМКларга жарыялоодо чейректик финансылык отчет менен толук көлөмдө башкы кеңседе, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары филиалдарда, өкүлчүлүктөрдө жана түзүмдүк бөлүмдөрдө таанышууга болот деген эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш.  

ЖМКлар ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.  

МКК жана КС чейректик финансылык отчетту расмий интернет-сайтта (болгон болсо) же бардык кеңселердеги, филиалдардагы, өкүлчүлүктөрдөгү жана түзүмдүк бөлүмдөрдөгү маалымат такталарында чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен жарыялап турууга тийиш. 

46. Чейректик финансылык отчет жарыялангандыгы жөнүндө маалымат отчет жарыялангандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) тиркөө менен жана/же финансылык отчет жарыяланган расмий интернет-сайтка (маалымат агенттигинин порталына) шилтеме берүү жана анын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.  

Маалымат агенттигинин расмий интернет-сайтына/порталына шилтеме да электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш. 

БФКУнун финансылык отчетун пайдалануучулар ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту толук көлөмдө окуп таанышуу үчүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, ушуга байланыштуу БФКУ (башкы кеңсе, филиалдар, өкүлчүлүктөр, башка кеңсе жайгашкан жерден тышкары түзүмдүк бөлүмдөр) отчетту пайдалануучулардын биринчи эле талап кылуусу боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде толук көлөмүндө тоскоолдуксуз берүүсү зарыл.  

47. Эгерде чейрек ичинде БФКУнун финансылык абалына олуттуу таасирин тийгизген же таасирин тийгизиши мүмкүн болгон операциялар жүргүзүлсө, анда БФКУ аталган жагдайларды ачып көрсөтүүсү зарыл.  

48. Олуттуу фактыларга БФКУнун финансылык-чарбалык ишине жана/же төмөнкүлөрдү кошо алганда, БФКУ тарабынан эмитирленген баалуу кагаздардын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон окуялар (фактылар) кирет:  

- БФКУнун башкаруу органына кирген (катышуучулардын жалпы жыйынын эске албаганда) адамдардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр;  

- БФКУнун башкаруу шайлоо органдарына кирген адамдардын, ошондой эле анын туунду жана караштуу компанияларынын БФКУнун капиталында катышуу өлчөмүнүн өзгөрүүсү;  

- акцияларга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын, ошондой эле (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУ үчүн катышуучулардын тизмесиндеги жана БФКУда алардын катышуу үлүшүнүн өзгөрүүсү) акцияларга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүүсү жөнүндө тизмедеги өзгөрүүлөр;  

- БФКУнун уставдык капиталынын 20 жана андан ашык пайызына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөртүүлөр;  

- БФКУнун, өлчөмү же мүлктүн наркы анын бүтүм келишилген күнгө карата активдеринин 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөрү;  

- БФКУнун активдеринин наркынын 10 пайыздан ашык бир жолку көбөйүүсүнө же азаюусуна алып келген факты (фактылар);  

- БФКУнун таза пайдасынын же таза чыгымынын 10 пайыздан ашык бир жолку көбөйүүсүнө алып келген факты (фактылар);  

- БФКУну, анын туунду жана караштуу компанияларын кайра өзгөртүп түзүү;  

- БФКУнун баалуу кагаздары боюнча чегерилген жана (же) төлөнүүчүөлөнгөн) кирешелери;  

- жалпы жыйындардын чечимдери;  

- БФКУнун баалуу кагаздарынын ордун жабуу;  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча түзүлгөн РППУнун отчеттук күнгө карата өлчөмү, ошондой эле РППУ өлчөмүнүн корректировкаланган өзүнчө суммасы;  

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар).  

49. Банктык топтун консолидацияланган чейректик финансылык отчету ушул Жобонун 45 жана 46-пункттарына ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат.  

 

5-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК АБАЛ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

 

50. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана пассивдер алардын салыштырма ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте алардын мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн азайуу деңгээли же ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча).  

51. Финансылык абал жөнүндө отчетто БФКУнун активдери, милдеттенмелери жана капиталы камтылууга тийиш.  

52.   Финансылык абал жөнүндө отчетто активдин статьясы милдеттенмелер статьясы менен, жана тескерисинче, милдеттенмелер статьясы актив статьясы менен өз ара чегерилүүгө  тийиш эмес, мында финансылык отчеттогу эскертүүлөрдөгү  бул фактыларды ачып көрсөтүү менен AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган же уруксат берилген учурлар эске алынбайт.  

53. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, финансы-кредит уюмдар, акча рыногундагы башка өнөктөштөр, аманатчылар, кредиторлор жана карыз алуучулар менен өз ара финансылык мамилелери, алардын бири-бирине көз карандылыгы боюнча туура түшүнүк берүү үчүн өзүнчө чагылдырылууга тийиш.  

54. Финансылык абал жөнүндө отчетто кардарларга берилген каржылоону, алар боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервдин (мындан ары - РППУ) өлчөмүн жана РППУну эсептен чыгаруу менен БФКУнун каржылоосунун таза наркын өзүнчө статьяда көрсөтүү зарыл.  

55. Акционердик коом формасында түзүлгөн БФКУ финансылык абал жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тийиш:  

а) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн:  

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны;  

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны;  

- акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү;  

- мезгилдин башталышына жана аягына карата жүгүртүүдөгү акциялардын санын салыштырып текшерүү;  

- тиешелүү класска байланыштуу болгон укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө карата чектөөлөр;  

- БФКУнун, БФКУ же анын туунду же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармап калуучу акциялары;  

- шарттарды жана суммаларды кошо алганда, опциондун же сатуунун келишимдери боюнча чыгаруу үчүн резервге коюлган акциялар.  

б) өздүк капиталдын чегинде ар бир резервдин мүнөзүн жана максаттарын көрсөтүү.  

56. БФКУ, финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата эскертүүлөрдө ушул БФКУнун операцияларына ылайык классификацияланган, ар бир берилген статьялардын андан аркы чакан класстарын ачып көрсөтүүгө тийиш.  

«Финансылык абал жөнүндө отчеттун» формасынын аталышы төмөнкү формада берилүүгө тийиш: «20__-жылдын _____________ (кошкондо) карата финансылык абал жөнүндө отчет». Бул учурда, отчет түзүлгөн отчеттук датаны көрсөтүү керек. 

57. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер жана капитал боюнча аралык жыйынтык сунушталууга тийиш.  

 

6-ГЛАВА. ЖЫЙЫНДЫ КИРЕШЕ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

 

58. БФКУ кирешелердин жана чыгашалардын бардык статьяларын төмөнкүчө берүүгө милдеттүү же болбосо:  

а) жыйынды киреше жөнүндө бир отчетто (айкалыштырылган отчет); же болбосо  

б) эки өзүнчө отчеттордо:  

- пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчетто (ал өзүнө пайдалардын жана чыгымдардын компоненттерин камтыйт);  

- пайданын жана чыгымдын көрсөткүчүнөн башталган жана башка жыйынды киреше компоненттерин камтыган жыйынды киреше жөнүндө отчетто.  

Эгерде, отчет экинчи ыкманы (өзүнчө отчеттордо берүү) колдонуу менен берилсе, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет түздөн-түз жыйынды киреше жөнүндө отчеттон мурда берилүүгө тийиш.  

59. Жыйынды киреше жөнүндө отчетто БФКУ ишинин натыйжасында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар алардын мүнөзү боюнча топтоштурулууга жана кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш.  

60. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто милдеттүү түрдө мезгил ичинде пайданы же чыгымды бөлүштүрүүгө тиешелүү статьяларды ачып көрсөтүүсү зарыл:  

а) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон пайда же чыгым:  

- контролдонбогон катышуу үлүшүнө;  

- башкы компаниянын ээлерине;  

б) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон суммардык жыйынды кирешелер:  

- контролдонбогон катышуу үлүшүнө;  

- башкы компаниянын ээлерине.  

61. Төмөнкү жагдайларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт:  

1) AAOIFI стандарттары муну талап кылат же буга уруксат берет, же;  

2) ушундай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар же коштоп жүрүүчү чыгашалар олуттуу болуп саналбаса.  

62. Эгерде, кирешелер жана чыгашалар статьялары олуттуу болуп саналса, анда БФКУ чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө өзүнчө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө алардын мүнөзүн жана өлчөмүн ачып көрсөтүүсү зарыл. 

63. БФКУ кирешелердин жана чыгашалардын кандайдыр бир статьяларын отчетто же пайдалар же чыгымдар жана башка жыйынды киреше жөнүндө отчеттордо, эскертүүлөрдө да өзгөчө катары берүүгө тийиш эмес.  

64. БФКУ өз ишинин финансылык натыйжаларын түшүнүүсү үчүн маанилүү болгон шарттарда, милдеттүү түрдө чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто жана пайдалар жана чыгымдар жөнүндө өзүнчө отчетто (эгерде ушундай бериле турган болсо) кошумча статьяларды, бөлүктөрдүн аталышын жана аралык суммаларды берүүгө тийиш. 

65. БФКУ кайра классификациялоо боюнча корректировкаларды кошо алганда, башка жыйынды кирешенин ар бир компоненти боюнча пайдага салык өлчөмүн жыйынды киреше жөнүндө отчетто же болбосо Финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ачып көрсөтүүсү зарыл.  

Башка жыйынды кирешенин компоненттерине тиешелүү кайра классификациялоо боюнча корректировкалоолор да милдеттүү түрдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш.  

66. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кирешелердин мүнөзүнө негизделген классификацияны пайдалануу менен кирешелер боюнча талдоолорду берүүсү зарыл.  

67. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ишенимдүүлүгүнө жана өтө маанилүү маалыматты бере тургандыгына жараша чыгашалардын мүнөзүнө же болбосо алардын БФКУ ичинде багытталышына негизделген классификацияны колдонуу менен пайдада же чыгымда таанылган чыгашаларды талдоолорду да камтууга тийиш. Мындай талдап-иликтөө төмөнкү эки ыкманын бирөөсүн колдонуу менен берилет:  

- чыгашалардын мүнөзү боюнча;  

- чыгашалардын багыты же сатуунун өздүк наркы боюнча.  

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган БФКУ, амортизацияга чыгашаларды жана кызматкерлерге сый акыларды берүүгө чыгашаларды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү жөнүндө кошумча маалыматты ачып көрсөтүүгө милдеттүү.  

68. Башка жыйынды киреше жөнүндө өзүнчө отчетто, төмөнкүлөргө туура келген мезгил ичинде жыйынды жалпы кирешелерге да талдоо жүргүзүү зарыл:  

1) контролдонбогон катышуу үлүшүнө;  

2) башкы компаниянын ээлеринин үлүшүнө.  

69. Жалпы жыйынды кирешелер жөнүндө айкалыштырылган отчетто пайдалардын жана чыгымдардын тиешелүү иликтөөлөрүн берүү, ошондой эле акцияларга пайдалар жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү зарыл. Ал эми отчетторду эки башка өз-өзүнчө берүүдө бул маалымат пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчетто ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

70. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө анда камтылган мезгил аралыгында жарыяланган же сунуш кылынган акцияларга дивиденддердин суммасын көрсөтүүгө тийиш. 

71. "Жыйынды киреше жөнүндө" отчеттун формасынын аталышы "20__-жылдын "__" _________ (кошо алганда) жыйынды киреше жөнүндө отчет" деп берилсин. Мында, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн.  

72. Жыйынды киреше жөнүндө отчетто капиталга киреше, сарптоолор, БФКУ тарабынан алынган пайда жана чыгым өз-өзүнчө көрсөтүлгөн маалымат берилүүгө тийиш:  

 

7-ГЛАВА. АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

 

73. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто БФКУ аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен отчеттук мезгил ичинде акча каражаттарынын жана акча каражаттарынын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоого тийиш.  

74. БФКУ акча каражаттарынын жана акча каражаттарынын эквиваленттеринин курамын аныктап, аны финансылык отчетто чечмелеп берүүгө тийиш. Мындан тышкары, БФКУ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырууну камсыз кылуусу зарыл. 

75. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөнү талап кылбаган же акча каражаттарынын же накталай акчага теңештирилген каражаттардын түшүүсүн шарттабаган суммаларды чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддерди же БФКУнун акциясындагы үлүш ордуна активдерди сатып алуу).  

76. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет менен бирге бул отчетту даярдоо үчүн негиз катары пайдаланылган акча каражаттарынын компоненттерине жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга тиешелүү БФКУнун саясаты берилүүгө тийиш.  

 

8-ГЛАВА. ӨЗДҮК КАПИТАЛДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

 

77. БФКУ төмөнкүлөр чагылдырылган өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту сунуштоого тийиш:  

1) төлөнгөн капитал, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн резервдер жана БФКУнун каалоосу боюнча түзүлгөн резервдер өзүнчө жана мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайданын суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин башталышындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда;  

2) отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан жүргүзүлгөн капитал түрүндө операциялар жана бөлүштүрүүлөр;  

3) отчеттук мезгил ичиндеги таза пайда (чыгым);  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан түзүлгөн резервдердин көбөйүүсү (кыскаруусу).  

78. БФКУнун бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө маалыматында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен бир мезгилдин баш жагында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда;  

2) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым);  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан түзүлгөн резервдерге чегерүүлөр;  

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге/катышуучуларга тиешелүү суммалар;  

5) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен отчеттук мезгилдин акырында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда.  

 

9-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТКО КАРАТА ЭСКЕРТҮҮЛӨР  

 

79. БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн БФКУ тарабынан тандалып алынган жана колдонулган финансылык отчетту жана белгилүү бир эсепке алуу саясатын даярдоо принциптери жөнүндө маалыматтар;  

2) эгерде бул маалымат финансылык отчетто бериле элек болсо, БФКУнун ишинде колдонулган ар бир AAOIFI стандартында жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында талап кылынган маалыматтарды чечмелөөлөр;  

3) финансылык отчеттун өзүндө берилбеген, бирок берилген отчеттун кайсы болбосун түрлөрүн түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты чечмелөөлөр.  

80. БФКУ финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү пайдалануучулар аны оңой түшүнүү жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка БФКУнун финансылык отчетуна салыштыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган тартипте сунуштайт:  

1) эсепке алуу саясаты тарабынан колдонулуучу олуттуу аспекттердин кыскача берилиши;  

2) ушундай отчеттордо тиешелүү отчеттор жана статьялар түзүлгөн тартипте, финансылык абал жөнүндө, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчеттордо, жыйынды киреше жөнүндө отчетто (эгерде мындай бериле турган болсо) берилген статьялар боюнча коштомо маалыматтарды;  

3) төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка маалыматты чечмелөөлөр: 

- шарттуу милдеттенмелер;  

- финансылык инструменттерге байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер (кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, рыноктук тобокелдик);  

- пайда жана чыгымдар аркылуу адилет наркы боюнча бааланган финансылык активдер жана милдеттенмелер;  

- сатуу үчүн каралган финансылык активдер;  

- амортизацияланган наркы боюнча бааланган финансылык милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн каралган инвестициялар;  

- каржылоо жана дебитордук карыз;  

- каржылоо жана дебитордук карыз боюнча чыгымдар;  

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУ үчүн каржылоо боюнча күрөөлүк камсыздоо;  

- “байланыштуу” тараптар менен операциялар;  

- хеджирлөөнүн бардык түрлөрү боюнча;  

- финансылык эмес маалымат боюнча. 

4) БФКУ тарабынан отчеттук мезгилге чейин чыгарылган жана жүгүртүүдө жүргөн бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат: 

- баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын саны жөнүндө маалыматты кошо алганда, БФКУ тарабынан отчеттук жыл ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат;  

- БФКУнун акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалымат;  

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук топтомуна ээлик кылган акционерлердин тизмеси жана алардын 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча көрсөтүлгөн БФКУнун акцияларындагы үлүшү (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУга катышуучулардын тизмесин жана алардын БФКУдагы катышуу үлүшүн көрсөтөт);  

- БФКУнун ар бир кызмат адамы тууралуу маалыматтар;  

- отчеттук мезгилдин ичинде колдонулган же өзгөртүлгөн тажрыйбаны кыскача чагылдырууну кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу тажрыйбасын кыскача чагылдыруу;  

- директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан билдирилген кайсы болбосун пикирди эске алганда, жетекчинин БФКУнун отчеттук мезгил ичиндеги иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.  

81. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр чечмеленүүгө тийиш:  

- банктык топтун түзүмү жана банктык топтун катышуучуларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча өз ара байланыштары жөнүндө маалыматтар;  

- башкы компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;  

- ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар;  

- катышуучулардан алынган отчеттордун негизинде башка тобокелдиктердин концентрацияланышы жөнүндө маалыматтар;  

- сегменттер жана тиешелүү сегменттик анализ боюнча маалыматтар;  

- банктык топтун мурдагы катышуучулары жөнүндө маалыматтар (компанияны топтон бөлүү жөнүндө);  

- "байланыштуу" тараптар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар;  

- банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалыматтар (аталышын, ээлик кылуу пайызын, ишинин түрүн же ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган иштин түрлөрүн кошо алганда, бардык туунду, караштуу же байланыштуу компаниялар жөнүндө);  

- башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын түзүмү боюнча маалыматтар;  

- башкы компанияга ээлик кылуучулардын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары, ошондой эле башкы компанияга ээлик кылуучулардын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланыштуулугу жөнүндө маалыматтар;  

- ушул Жобонун 80-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар. 

82. БФКУ, төмөнкүлөрдү кошо алганда, бирок булар менен эле чектелип калбастан, жарыяланган финансылык отчетто берилбеген маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш:  

1) БФКУнун аталышы; 

2) БФКУ катталган өлкө

3) БФКУ түзүлгөн күн жана уюштуруу-укуктук формасы; 

4) БФКУнун жана уюм иштеген ар бир өлкөдөгү анын туунду компанияларынын туруктуу жайгашкан жери (юридикалык дареги), юридикалык формасы жөнүндө маалымат (же иш алып барган негизги орду, эгерде ал юридикалык даректен башка болсо);  

5) БФКУнун ишинин мүнөзү жана уставында каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөр; 

6) башкы компаниянын жана топтун түпкү башкы компаниясынын аталышы;  

7) алардын финансылык отчеттору БФКУнун отчетторуна дал келбеген БФКУнун туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, БФКУнун ар бир туунду уюмунун ишинде катышуу үлүшү, алардын иш өзгөчөлүгү жана финансылык отчетторун БФКУнун жыйынтыкталган финансылык отчетторунан алып салуу себептери; 

8) БФКУнун башкаруу компаниясынын, ошондой эле эгерде болгон болсо, алардын филиалдарынын аталыштары; 

9) кызматкерлердин мезгилдин аягындагы саны же отчеттук мезгилдин ичинде алардын орточо саны; 

10) БФКУнун ишине мониторинг жүргүзүү боюнча Шарият кеңешинин ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалымат; 

11) Бүтүмдөрдү жана операцияларды ишке ашырууда шарият стандарттарын бузуунун натыйжасында БФКУга келип түшкөн жана кайрымдуулукка багытталган каражат булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө маалыматтар; 

12) БФКУ жана анын филиалдары каттоодон өткөн өлкөнүн жана башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде БФКУ каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдетилген салыктан пайдаланса, мындай салыктык жеңилдетүүлөр каралган мезгил аралыгын жана аны колдонуунун калган бөлүгүн көрсөтүү зарыл. 

13) финансылык отчетту жарыялоого бекитүүгө чейин сунуш кылынган же жарыяланган, бирок отчеттук мезгил ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүү катары таанылбаган дивиденддердин суммасы (акционердик коом формасында түзүлгөн БФКУ акцияга кайра эсептөөдө тиешелүү сумманы көрсөтүүгө тийиш); 

14) артыкчылык берилген кумулятивдик акциялар боюнча таанылбаган кайсыл болбосун дивиденддердин суммасы. 

83. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр системага салынган түрдө берилүүгө тийиш. Финансылык отчеттун компоненттеринин ар бир статьясы боюнча финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ага тиешелүү болгон кайсыл болбосун маалыматтарына утурлама шилтемелер келтирилүүсү зарыл.  

84. Эгерде өткөн мезгил үчүн финансылык отчеттордо ката кетирилсе, анда ката кетирилген бардык мурунку мезгилдер үчүн финансылык отчетту кайра түзүү аркылуу алар оңдолууга тийиш. 

Алгачкы мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, чагылдырылбаган, бирок алардан каталар табылган мезгилдеги каталардын оңдолушунун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

85. Эсепке алуу саясаты бөлүгүндө БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) финансылык отчетту даярдоо үчүн пайдаланылган баа берүүлөрдүн негизин (же негиздерин);  

2) финансылык отчетту туура түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ эсепке алуу саясатынын аспекттерин.  

Кошумча маалыматтар диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөн жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөсү аркылуу ачып көрсөтүлүшү мүмкүн.  

86. ААOIFI стандартынын талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн БФКУнун жана кардарлардын активдери, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше боюнча РППУнун өлчөмдөрү финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кошумча көрсөтүлүүгө тийиш. 

87. БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө, эгерде бар болсо, отчеттук мезгилде AAOIFI стандарттарына ылайык түзүлгөн кард фондунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу булактары жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш. 

88. Финансылык абал жөнүндө отчетко жана жыйынды киреше жөнүндө отчетко карата эскертүүлөрдө БФКУ милдеттүү түрдө отчеттук күнгө карата регулятивдик отчеттун алкагында пайданы/чыгымды кошумча көрсөтүүгө тийиш. 

 

10-ГЛАВА ЭСЕПКЕ АЛУУ САЯСАТЫ 

 

89. БФКУнун эсепке алуу саясатында төмөнкүлөр каралууга тийиш:  

1) эсепке алуу саясатынын аныктамасы, мында БФКУ финансылык отчетторду даярдоо жана жарыялоо үчүн кабыл алган эсепке алуу принциптери, негиздер, эрежелер жана ыкмалар камтылат;  

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган, олуттуу эсепке алуу саясатын так жана кыскача сүрөттөө;  

3) финансылык отчетко карата эскертүүдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин сунуштоо ыкмалары;  

4) белгилүү бир транзакцияларды жана окуяларды мурдагы жөнөкөй транзакциялар менен окуяларга салыштырганда айырма келип чыккандыктан, жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу;  

5) биринчи ирет түптөлгөн же мурда орун алган, бирок анчалык олуттуу эмес транзакциялардан же окуялардан улам жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу;  

6) өткөн мезгилдерге карата финансылык отчеттун статьяларынын классификациясына салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарынын классификациясына өзгөртүүлөр;  

7) БФКУ тарабынан инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) инвестицияларга өз акча каражаттары менен катышкан же анда катышпаган мудариб же инвестициялык менеджер катары инвестициялык эсеп ээлери менен БФКУ ортосунда бөлүштүрүү үчүн колдонулган ыкмаларды сунуштоо.  

90. Эсепке алуу саясатында өзгөртүүлөр, анын ичинде күндөлүк же өткөн мезгилдердеги финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген же мындай таасирлер келечекте болушу мүмкүн болгон өзгөртүүлөр сунушталууга тийиш.  

91. Эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөр киргизилген шартта, жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, б.а. БФКУ мүмкүн болушунча өткөн мезгилдер үчүн салыштырма маалыматтарга карата жаңы эсептик ченди акыркы мезгилдер үчүн финансылык отчетту түзүү аркылуу колдонууга тийиш.  

 

11-ГЛАВА. КАРД ФОНДУНУН АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ БУЛАКТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

 

92. Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат.  

 

12-ГЛАВА. ШАРИЯТ КЕҢЕШИНИН КОРУТУНДУСУ  

 

93. Шарият кеңешинин корутундусунда отчеттук мезгил ичинде операциялар шарият принциптерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган маалымат камтылууга тийиш.  

94. Шарият кеңешинин корутундусунда тыюу салынган кирешелердин натыйжасында алынган же тыюу салынган чыгашалардын натыйжасында сатылып алынган активдерди БФКУ кантип тескей тургандыгы тууралуу маалымат камтылууга тийиш.  

95. Шарият кеңешинин корутундусу ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат.  

 

13-ГЛАВА. “ИСЛАМ ТЕРЕЗЕСИНЕ” ЭЭ БФКУнун ОТЧЕТУ  

 

96. “Ислам терезесине” ээ БФКУнун финансылык отчеттору ушул Жободо көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №2021-П-33/53-9-(НФКУ) токтому менен бекитилген “Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө” жобосуна ылайык берилет. 

“Ислам терезесине” ээ БФКУ ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту түзүүгө жана аны компаниянын консолидацияланган финансылык отчетуна тиркөө аркылуу сунуштоого тийиш.  

97. Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шарият кеңеши тарабынан жактырылган “ислам терезесине” ээ БФКУнун эсепке алуу саясатында БФКУнун “ислам терезеси” финансылык отчетун түзүү тартиби камтылууга тийиш.  

98. “Ислам терезесине” ээ БФКУнун ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган иши боюнча сунушталган кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү финансылык отчеттордон турат:  

- “ислам терезесинин” финансылык абалы жөнүндө отчет;  

- “ислам терезесинин” жыйынды кирешеси жөнүндө отчет;  

- финансылык отчетко карата эскертүүлөр;  

- кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык);  

- Шарият кеңешинин корутундусу (ушул Жобого карата 4-тиркемеге ылайык).  

Финансылык отчетко карата эскертүү кеңири мазмундуу жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле зарыл учурда, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат (чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

 

14-ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

 

99. Финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык финансылык отчетто берилген башка маалыматтардын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик БФКУнун аткаруу органынын жетекчисине (төрагага, директорго) жүктөлөт.  

100. БФКУнун башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура көрсөтүлүшү, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет регистрлеринин талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

101. ФОЭСке өзгөртүүлөр жана толуктоолор жарыяланып жана колдонууга киргизилгенден кийин алар БФКУ тарабынан ушул Жобого кошумча колдонулууга тийиш.  

 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык операцияларды жүзөгө ашырган  

банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык  

отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкына берүүгө  

карата талаптар жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме 

 

БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын  

ТИЗМЕСИ 

 

БФКУнун фирмалык толук аталышы:  

_______________________________ 

БФКУнун фирмалык кыскартылган аталышы:  

_______________________________ 

БФКУнун каттоо номери:  

______________________________ 

БФКУнун почта дареги:  

_______________________________ 

  

БФКУнун акциялардын (катышуу үлүшүнүн) 5 жана андан жогору пайызына (%) ээ акционерлери (катышуучулары) 

БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактар 

БФКУнун акционерлери (катышуучулары) жана БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактар ортосунда өз ара байланыштар 

Катар № 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

БФКУнун акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (БФКУнун добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

 

 

  

  

  

  

  

  

Башкарманын төрагасы 

(Директор, аткаруу органынын жетекчиси)  

Аты-жөнү 

(кол тамгасы) 

 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын  

ТИЗМЕСИ  

 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын каттоо номери:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын почта дареги:  

_______________________________________  

  

Банктык топтун башкы компаниясынын  

акциялардын (катышуу үлүшүнүн) 5 жана андан жогору пайызына (%) ээ акционерлери (катышуучулары) 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактар  

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) жана банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактар ортосунда өз ара байланыштар 

Катар №  

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

 

 

 

  

 

 

 

  

Кызматы 

Аты-жөнү 

кол тамгасы 

 

Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактар жана туунду компаниялар, алардын акционерлери (катышуучулары) тууралуу  

МААЛЫМАТТАР 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын каттоо номери:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын почта дареги:  

_______________________________________  

  

Катар № 

Банктык топтун туунду компанияларынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун туунду компаниясынын акционеринин (катышуучусунун) аталышы/аты-жөнү жана анын катышуу үлүшү 

Банктык топтун башкы компаниясынын туунду компаниянын уставдык капиталындагы катышуу үлүшү 

Туунду компаниянын башкы компаниянын уставдык капиталындагы катышуу үлүшү 

Туунду компаниянын уставдык капиталында башкы компаниянын акционеринин (катышуучусунун) аталышы/аты-жөнү жана анын катышуу үлүшү 

Банктык топтун башкы жана туунду компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак ортосунда өз ара байланыштар 

 

  

 

 

 

 

 

  

Кызматы 

Аты-жөнү 

кол тамгасы 

 

Банктык топтун караштуу компанияларынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике же кыйыр) караштуу компаниялар, алардын акционерлери (катышуучулары) жана жактар (адамдар) жөнүндө  

МААЛЫМАТТАР  

 

 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын каттоо номери:  

_______________________________________  

Башкы компаниянын почта дареги:  

_______________________________________  

 

№  

п/п 

Банктык топтун көз каранды компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун көз каранды компаниясынын акционеринин (катышуучусунун) аталышы/аты-жөнү жана анын катышуу үлүшү 

Банктык топтун башкы компаниясынын көз каранды компаниянын уставдык капиталындагы катышуу үлүшү 

Көз каранды компаниянын башкы компаниянын уставдык капиталындагы катышуу үлүшү 

Башкы компаниянын акционеринин (катышуучусунун) аталышы/аты-жөнү жана анын көз каранды компаниянын уставдык капиталындагы катышуу үлүшү 

Банктык топтун башкы жана көз каранды компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун көз каранды компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактар ортосунда өз ара байланыштар 

 

  

 

 

 

 

 

  

Кызматы 

Аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

  

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын 

финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө” жобого карата  

2-тиркеме 

  

Банктык топтун түзүмү жөнүндө маалыматтар 

_________________________________________________________________________ (башкы компаниянын аталышы)  

___________________________________ 

 карата абал боюнча 

 

Кызматы 

__________________ 

Аты-жөнү 

___________ 

кол тамгасы 

_________ 

   

  

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын 

финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө” жобого карата  

3-тиркеме 

  

20__-жылдын ________________ карата кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

__________________________________________________________________ 

(банк эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан жери) 

  

 

 

Аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

 

Баштапкы сальдо 

 

 

Берилген кард  

 

 

Кард сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард фондунун каражат алуу булактары  

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шарият стандарттарына ылайык келбеген кирешелерди бөлүштүрүү  

 

 

БФКУнун иш чөйрөсүнөн тышкары алынган каражаттар  

 

 

Жыйынтыгында, жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн сумма  

 

 

 

Кард фондунун каражаттарын пайдалануу  

 

 

Билим берүү максаттарына кард  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард  

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептөө 

 

 

10 

Жыйынтыгында, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жыл акырына карата сальдо 

 

 

11 

Берилген кард  

 

 

12 

Кард сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

  

Башкарманын төрагасы (жетекчиси) 

__________________________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

__________________________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

  

  

  

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын 

финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө” жобого карата  

4-тиркеме 

  

Шарият кеңешинин корутундусу  

(үлгү

Биз, … (аты-жөнү), … (аты-жөнү), компаниянын келишимине ылайык кызматтарды сунуштоочулар/Шарият кеңешинин мүчөлөрү катары Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниянын операциялары ___________-жылы ичинде шарият принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктайбыз.  

  

Шарият кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү, кол тамгасы) ___________________________________________________  

(аты-жөнү, кол тамгасы) ___________________________________________________  

  

Бишкек ш.  

  

(датасы)