Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «18» декабрындагы  

№ 2023-П-17/79-3-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме  

  

  

Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө  

ЖОБО  

  

Бул жободо кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо, лицензияны кайра тариздөө, мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө макулдук берүү, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби аныкталган, кредиттик бюролордун кызмат адамдарына, катышуучуларына/уюштуруучуларына/акционерлерине карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби белгиленген, ошондой эле кредиттик бюролорду кайра уюштуруу жана жоюу маселелери жөнгө салынган.  

  

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Мыйзамда белгиленген тартипте коммерциялык уюм катары каттоодон өткөн жана кредиттик маалыматты алмашуу кызматын сунуштаган юридикалык жак кредиттик бюро болуп саналат.  

2. Кредиттик бюронун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.  

3. Кредиттик бюронун аталышында «кредиттик бюро» деген сөз айкашы камтылууга тийиш. «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген юридикалык жак өз аталышында «кредиттик бюро» деген сөз айкашын пайдаланууга укугу жок.  

4. Кредиттик бюро өз фирмалык аталышы менен штамптарга, бланктарга жана өздүк эмблемага (логотип) ээ болууга укуктуу.  

5. Кредиттик бюронун уставдык капиталы уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт.  

6. Кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.  

7. Кредиттик бюронун уставдык капиталында бир пайдалануучунун катышуусу 10 (он) пайыздан ашпоого тийиш. Мында, өз ара байланыштуу жактар тобу бир пайдалануучу катары каралат жана алардын үлүштөрү/акциялары бир пайдалануучунун үлүшү/акциясы катары суммаланып, каралууга тийиш.  

8. Кредиттик бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылган жана/же өз ара жалпы кызыкчылыктарга ээ юридикалык жактарды жана/же жеке адамдарды өз ара байланыштуу жактар катары түшүнүүгө болот.  

1) Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыгы төмөнкү шарттардын бири орун алган шартта таанылат, эгерде:  

а) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке адамды контролдосо;  

б) аталган жактар кредиттик бюро менен байланыштуу жактар болуп саналса;  

в) ошол жактардын бири башка жакка караштуу компания болсо.  

2) Жактар төмөнкү учурларда кредиттик бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылуучу катары таанылат, эгерде алар:  

а) жакын туугандардан болушса (жубайы (жолдошу), ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери);  

б) кредиттик бюронун кызмат адамдары - акционерлеринен болушса;  

в) өз-өзүнчө же биргелешип олуттуу катышуучулардан болушса;  

г) келишимден улам же башка түрдө акцияларга биргелешип ээлик кылышса:  

- кредиттик бюрону башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө;  

- акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө;  

- акциялар боюнча добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндө;  

- акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде депондоштуруу жөнүндө;  

- акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынса;  

- ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүл болсо;  

- жалпы кызыкчылыгы болсо.  

9. Лицензия алганга чейин, кредиттик бюрону уюштурууга жана кызмат адамдарын макулдашууга байланыштуу уюштуруу иштерин эске албаганда, кредиттик бюро катары кандайдыр бир ишкердикти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.  

10. Кредиттик бюронун ушул жобого ылайык Улуттук банкка берилүүчү, бир нече барактан турган уюштуруу документтеринин же башка чечиминин ар бир нускасы өзүнчө көктөлүп, номер коюлуп, аларга кредиттик бюронун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга жана кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө (бар болсо) тийиш.  

11. Уюштуруу келишимине кредиттик бюронун бардык катышуучулары/уюштуруучулары/акционерлери (катышуучулардын/ уюштуруучулардын/акционерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коюуга тийиш. Катышуучу/уюштуруучу/акционер-жеке адамдын кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми катышуучу/уюштуруучу/акционер-юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.   

Бир адам тарабынан уюштурулган кредиттик бюронун уюштуруу документи болуп устав саналат.   

12. Кредиттик бюро тарабынан Улуттук банкка берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.   

Чет тилде берилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасы анда катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

13. Эгерде кредиттик бюро Улуттук банкка ушул Жободо белгиленген документтерди толук көлөмдө сунуштабаса же болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүүгө  жана/же зарыл документтерди талап кылууга укуктуу.  

14. Кредиттик бюрону лицензиялоо, лицензияны кайра тариздөө, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү, кредиттик бюронун кызмат адамдарын, уюштуруучуларын/катышуучуларын/акционерлерин макулдашуу, кредиттик бюрону кайра уюштуруу жана жоюу жол-жобосунун алкагында Улуттук банк берилген маалымат чечим кабыл алуу үчүн жетишсиз деп эсептесе, чечим кабыл алуу үчүн зарыл кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылышы мүмкүн, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө  арыз ээлери тарабынан берилүүгө тийиш.  

15. Кредиттик бюро Улуттук банкка ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеткире иштелип чыккан документтерди жана/же кошумча документтерди сунуштаган учурда, документтерди кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган документтер алынган күндөн тартып кайрадан эсептелет.  

16. Кредиттик бюро телефон, факс номерлери жана электрондук почта дареги өзгөргөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ошол өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

17. Ушул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же болбосо чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде ушул Жободо башка мөөнөт каралбаса, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө арыз ээлерине (кредиттик бюрого) маалымдалат.  

18. Улуттук банктын ушул Жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актыларын (лицензияларды, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда), эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башка талап белгиленбесе, Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.  

19. Ушул Жободо каралган документтерди сунуштоо менен бирге кредиттик бюролор Улуттук банкка жеке маалымат сунушталган жеке адамдар боюнча ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.  

  

2-глава. Кредиттик бюронун жайларына карата талаптар  

20. Кредиттик бюро жана анын филиалдары жайгашкан жайлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) кредиттик бюрого кайрылган жактарды тейлөө үчүн жай болууга;  

2) маалыматты иштеп чыгуу үчүн жай/сервердик бөлмө болууга;  

3) кредиттик таржымалдын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында кредиттик бюронун бардык жайлары, анын ичинде маалыматты иштеп чыгуу борборлору техникалык коопсуздук каражаттары менен жабдылууга тийиш: колдонуу мүмкүнчүлүгүн контролдоо жана башкаруу системасы, күзөт сигнализациясы, өрт өчүрүү системасы, видеобайкоо системасы, температуранын белгиленген параметрлерине мониторинг жүргүзүү жана кармап туруу системасы (маалыматты иштеп чыгуу борбору үчүн);  

4) кредиттик бюро менен анын филиалдары ортосунда компьютердик түйүн аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү болууга;  

5) кредиттик бюро менен анын филиалдарынын жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын же түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик бюро тарабынан тандалып алынган күзөт кызматынын борборлоштурулган байкоо пультуна туташтырылган, өрт жөнүндө белги берүү каражаттарына жана техникалык күзөт каражаттарына ээ болууга;  

6) кредиттик бюро жана анын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жайгашкан жайларга карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилениши мүмкүн.  

  

3-глава. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга  

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында  

кредиттик бюрону каттоо жол-жобосунан өтүү максатында Улуттук банктан макулдук алуу үчүн сунушталуучу документтер 

21. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органда кредиттик бюрону каттоо жол-жобосунан өтүү максатында Улуттук банктан макулдук алуу үчүн төмөнкү документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде Улуттук банкка берилүүгө тийиш: 

1) жайгашкан жерин  юридикалык дарегин көрсөтүү менен макулдук берүү тууралуу арыз (1-тиркеме);  

2) төмөнкү чечимдерди камтыган уюштуруучулардын жалпы жыйынынын протоколу/жалгыз уюштуруучу болсо кредиттик бюронун уюштуруучусунун чечими (эки нускада):  

- кредиттик бюрону түзүү жөнүндө;  

- башкаруунун байкоо жана/же аткаруу органдарынын мүчөлөрүн (жетекчисин  коллегиалдуу аткаруу органы жок учурда) шайлоо/дайындоо жөнүндө

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин же төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындоо:  

а) маалымат технологияларынын коопсуздугу;  

б) аудит жүргүзүү;  

в) бухгалтердик эсеп жүргүзүү;  

г) кредиттик маалымат берүүчүлөр жана пайдалануучулар, ошондой эле субъекттер менен кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти;  

- кредиттик бюронун уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү, баш ийүүчүлүк);  

- кредиттик бюро жайгашкан ордун аныктоо жөнүндө (почта дареги);  

- уставдык капиталдын өлчөмүн аныктоо, катышуучулардын/уюштуруучулардын/ акционерлердин уставдык капиталга төгүмдөрдү төлөө ыкмалары жана өлчөмдөрү жөнүндө;  

3) кредиттик бюронун уставы жана уюштуруу келишими (уюштуруучулардын саны бирден көп болсо)  эки нускада;  

4) кредиттик бюронун катышуучулары/уюштуруучулары/акционерлери жөнүндө маалыматтар (3-тиркеме);   

5) кредиттик бюронун ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын анкеталары (4-тиркеме) жана алардын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар (документтер);  

6) ушул Жобонун 49-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды тиркөө менен алардын ар биринин үлүшү кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын 10 (он) пайызынан ашыгын түзгөн (акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү кредиттик бюро үчүн) акционерлердин анкеталары (7, 8-тиркеме);  

7) кредиттик бюронун уставдык капиталына салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун аныктоого мүмкүндүк берген документтер;  

8) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан жана ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы, анын ичинде маалыматтык технологиялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтер маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жана мыкты тажрыйбаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер.  

22. Улуттук банк кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн сунушталган документтерди, алардын толук топтомун, анын ичинде кошумча берилген документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде кароого алат. 

Кредиттик бюрого лицензия берүү чечими кабыл алынса, Улуттук банк ушул Жобонун 21-пунктунун 2-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн, сунушталган документтердин бир нускасын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик бюрону мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет.  

 

4-глава. Кредиттик бюрого лицензия берүү тартиби 

23. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык лицензия берүү жөнүндө арыз;  

2) кредиттик бюро мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү;  

3) кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган ал мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалым каттын (күбөлүктүн) көчүрмөсү;  

4) Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, кредиттик бюронун Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине кредиттик бюронун уставдык капиталы катары акча каражаттары салынгандыгын тастыктаган документ;  

5) акционерлер реестри (акционердик коомдор үчүн).  

Эгерде кредиттик бюрого добуш берүүчү акциялардын 10 (он) пайызынан аз өлчөмдө ажыратуу ыкмасына карабастан акцияларды сатып алуу, өзгөртүү же ээликтен ажыратуу фактысы белгилүү болсо, кредиттик бюро акционерлердин реестрин сунуштоо менен үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия (2-тиркеме) Улуттук банк тарабынан кредиттик бюрого ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде берилет.  

25. Кредиттик бюрого мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук жана лицензия берүү чечими кредиттик бюрону лицензиялоо ишин тескеген Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

26. Кредиттик бюро ишин жүзөгө ашырууга лицензия инсандыгын тастыктаган документтин негизинде кредиттик бюронун жетекчисине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген, кредиттик бюронун ишеним катынын негизинде ыйгарым укуктуу адамга берилет.  

27. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай өткөрүп берүү  кредиттик бюронун ишине тыюу салуу менен лицензияны алып коюуга алып келет.  

28. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелбейт. Лицензия алып коюлгандан (жокко чыгарылгандан) кийин лицензиянын көчүрмөсү жараксыз болуп саналат.  

29. Улуттук банк кредиттик бюрого лицензия бергенден кийин ал тууралуу маалыматты кредиттик бюролордун мамлекеттик реестрине киргизет.  

  

5-глава. Кызмат адамдарына коюлуучу талаптар 

жана аларды макулдашуу тартиби   

30. Талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кредиттик бюронун кызмат адамдары болуп директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү (бар болсо), башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү (башкарма жок болсо  кредиттик бюронун жетекчиси), төмөнкүлөргө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери же кызмат адамдары (түзүмдүк бөлүмдөр жок болсо) эсептелет:  

1) маалыматтык коопсуздук, анын ичинде маалыматтык технологиялардын коопсуздугу; 

2) ички аудит жүргүзүү;  

3) бухгалтердик эсепке алуу;  

4) кредиттик маалыматты берүүчүлөр, пайдалануучулар жана кредиттик маалымат субъекттери менен маалымат алмашуу иши.  

Ушул главада көрсөтүлгөн талаптар кредиттик бюронун Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынын милдетин 3 (үч) айдан ашык мөөнөт ичинде убактылуу аткарган жактарга да тиешелүү.  

31. Кредиттик бюронун ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары Улуттук банктын квалификациялык талаптарына ылайык келүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга тийиш.  

32. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш:  

1) маалымат технологиялары, экономикалык, банктык, финансылык же юридикалык маселелер чөйрөсүндө жогорку билими жөнүндө дипломунун жана 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажынын (тажрыйбасынын) болушу, мында директорлор кеңешинин 1 (бир) мүчөсү маалыматтык технологиялар/системалар чөйрөсүндө жогорку билимге ээ болууга тийиш;  

2) кредиттик бюронун жана корпоративдик башкаруу ишин жөнгө салуучу мыйзамдар чөйрөсүндө билиминин болушу. Корпоративдик башкаруу маселелери боюнча билими билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, ошол багыт боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен ырасталууга тийиш.  

33. Мында директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн (төраганы кошо алганда) маалымат технологиялары, жеке маалыматтар жана/же банк (финансы) системасы менен иштөө боюнча уюмда жетекчилик кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы (тажрыйбасы) болууга тийиш.  

Жетекчи кызмат орду деп уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат ордун түшүнүүгө болот. Мында иш стажына ошол уюмдун/компаниянын аймагын, мүлкүн ж.б. коргоо маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу уюмдардын бөлүмдөрүндөгү иштер кирбейт.  

34. Кредиттик бюронун директорлор кеңешинин кеминде 1 (бир) мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

35. Башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси) жана мүчөлөрү Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билими тууралуу диплому болууга;  

2) иш стажы (тажрыйбасы) болууга:  

а) башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси)  маалымат технологиялары, жеке маалыматтар менен иштөө боюнча жана/же финансы-кредит уюмдарында 2 (эки) жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда  1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы болууга;  

б) башкарма мүчөлөрү  маалымат технологиялары, жеке маалыматтар менен иштөө боюнча жана/же финансы-кредит уюмдарында кеминде 1 (бир) жылдык стажы болууга;  

3) кредиттик бюро, корпоративдик башкаруу жана тобокелдиктерди тескөө ишин жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында билими болууга. Корпоративдик башкаруу жана тобокелдиктерди тескөө маселелери боюнча билими билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, ошол багыт боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен ырасталууга тийиш.  

36. Башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси) мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

Башкарманын кеминде 1 (бир) мүчөсү маалыматтык технологиялар/системалар боюнча жогорку техникалык билимге же сертификатка ээ болушу керек. 

37. Башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкердин (түзүмдүк бөлүм жок учурда) кызмат ордуна талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) экономика жана финансы/бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө жогорку билими болууга;  

2) бухгалтер катары 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы/тажрыйбасы болууга.  

38. Маалыматтык технологиялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси же жооптуу кызматкери (түзүмдүк бөлүм жок учурда) кызмат ордуна талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши керек: 

1) маалыматтык технологиялар/системалар чөйрөсүндө жогорку техникалык билиминин же Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү же чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын лицензиясы бар билим берүү уюмдарында маалыматтык технологиялар/системалар жана/же маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө окуудан өткөндүгүн ырастаган башка документтердин болушу; 

2) маалыматтык технологиялар/системалар жана/же коопсуздук жана/же ушул сыяктуу чөйрөлөрдө 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы/тажрыйбасы болушу; 

3) кредиттик бюролордун, кредиттик маалымат алмашуу ишин жөнгө салуучу мыйзамдар жана жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө билиминин болушу.  

39. Ички аудит боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин же ички аудит жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкердин (түзүмдүк бөлүм жок учурда) кызмат ордуна талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) Кыргыз Республикасынын аудит, финансылык отчеттуулук чөйрөсүндө мыйзамдары жагында билиминин болушу жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, жогоруда аталган багыттар боюнча окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттардын же башка документтердин болушу;  

2) кеминде 2 (эки) жыл ички аудитор катары иш стажынын/тажрыйбасынын болушу;  

3) маалымат технологияларына аудит жүргүзүү боюнча билиминин болушу.  

40. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди аңгемелешүүгө чакырышы мүмкүн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коюшат жана талапкерди макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. Талапкерге кабарлоо менен аңгемелешүү өткөрүүдө аудио же видео жаздыруу каражаттары колдонулушу мүмкүн.  

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерге кредиттик бюролордун жана кредиттик маалымат алмашуу ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдерин билүүсүн баалоо үчүн суроолор, ошондой эле талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, ишкердик жана туугандык байланыштары жөнүндөгү суроолорду кошо алганда, бирок булар менен чектелбестен, кызмат ордуна талапкерди макулдашуу процессине тиешелүү кайсы болбосун башка багыттар боюнча суроолор берилет.  

41. Кызмат адамдарын дайындоо/шайлоо.  

1) ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары шайланган/дайындалган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн шартта, кредиттик бюро шайлоо/дайындоо же өзгөртүүлөр тууралуу билдирүүнү төмөнкү документтерди тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү:  

а) кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү);  

б) белгиленген форма боюнча анкеталар ( 4-тиркеме);  

в) ушул главага ылайык ар бир кызмат адамы үчүн талап кылынган башка документтер.  

2) ошол эле кредиттик бюродо жаңы мөөнөткө ошол эле кызмат ордуна кайра шайланган директорлор кеңешинин жана башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү, жетекчи (башкарма жок учурда), эгерде мурда дайындоо учурунда ушул Жобого ылайык Улуттук банк менен макулдашылган болсо, Улуттук банк менен макулдашуудан өтүшпөйт. 

Ошол эле кредиттик бюродо директорлор кеңешинин жана башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна жаңы мөөнөткө шайланган директорлор кеңешинин жана башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтүшпөйт. 

Мында, кайра шайлоо күнүнөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.  

42. Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим башкарманын кредиттик бюрону лицензиялоо маселелерин тескеген мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин же жооптуу кызматкерлердин (түзүмдүк бөлүмдөр жок учурда) кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим кредиттик бюрону лицензиялоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги тарабынан кабыл алынат.  

43. Берилген документтер Улуттук банк тарабынан документтер кароого берилген күндөн тартып 25 (жыйырма беш) жумуш күнү ичинде каралат.  

44. Талапкерлерди макулдашууда Улуттук банк тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө алынган маалыматтар, ошондой эле талапкерлерге карата мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн башка иш-чаралар эске алынышы мүмкүн.  

45. Төмөнкү учурларда Улуттук банк ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына кызмат адамдарын макулдашуудан баш тартууга укуктуу:  

1) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыштарга жол бергендиги же кызматтык кылмыш иштери үчүн, анын ичинде белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишкердикти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен айыптоо өкүмү чыгарылса;  

2) талапкерлер мурда Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу (жөнгө салынуучу) уюмдарда кызмат адамдары болсо жана алар белгилүү бир иш-аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) тешеси бар катары таанылып, мунун натыйжасында Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган уюмдун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдери, Улуттук банктын жазма буйруктары же башка актылары болсо;  

3) Улуттук банктын талапкердин төмөнкүлөргө катыштыгын тастыктаган актылары болсо (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) алгылыксыз же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иш-аракеттерге катыштыгы бар болсо;  

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берсе;  

4) эгерде ошол адам соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкердик аброюнан ажыраса;  

5) талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөлөрдө финансылык жана/же административдик көйгөйлөр келип чыккандыгын тастыктаган жөнгө салуучу органдардын текшерүүлөрүнүн материалдары болсо;  

6) эгерде талапкер кызмат ордуна талапкерди макулдашуунун алкагында Улуттук банк тарабынан талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде бербесе;  

7) талапкер иштей турган чөйрөдө жетиштүү деңгээлде билимге ээ эместиги/билими жетишсиздиги көрсөтүлгөн аңгемелешүүнүн терс жыйынтыктары;  

8) талапкер жүйөлүү себептерсиз (ооруп калса, алыскы региондордо иш сапарында болсо, өлкөдө жок болсо ж.б.) аңгемелешүүгө 2 (эки) же андан көп жолу катышпаса.  

46. Талапкер төмөнкү фактыларга тиешеси бар болсо, кредиттик бюродо ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды ээлөөгө укугу жок:  

1) ушул Жобонун 45-пунктунун 1-пунктчасында  соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде же болбосо 5 (беш) жыл ичинде (соттун чечиминде мөөнөт белгиленбесе);  

2) ушул Жобонун 45-пунктунун 2-пунктчасында  Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде;  

3) ушул Жобонун 45-пунктунун 4-пунктчасында  соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде. 

47. Улуттук банк ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды макулдашуудан баш тарткан учурда, аталган адам кредиттик бюро макулдашуудан баш тартуу жөнүндө Улуттук банктын катын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш.  

48. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары иштен (ээлеген кызматынан) бошотулган учурда кредиттик бюро чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде иштен бошотуу себептерин көрсөтүп, кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.  

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар ошондой эле 2 (эки) айдан ашык мөөнөткө өз милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулган адамдарга (бала багуу боюнча өргүү (декрет), эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздетүү, башка милдеттерди убактылуу аткаруу ж.б.) да жайылтылат.  

  

6-глава. Кредиттик бюронун акцияларынын 

10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга уруксат алуу тартиби  

49. Кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга уруксат алуу үчүн арыз ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:  

1) добуш берүүчү акциялардын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алуу үчүн макулдук алууга арыз;  

2) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын кредиттик бюронун акцияларын сатып алуу жөнүндө чечими (юридикалык жактар үчүн);  

3) арыз ээсинин туруктуу финансылык абалын тастыктаган документтер;  

4) кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар;  

5) кредиттик бюродон алынган маалымат (кредиттик отчет жана/же скоринг-отчет).  

50. Юридикалык жактардын/жеке адамдардын туруктуу финансылык абалы деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:  

1) арыз берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык органдарынын алдында төлөнбөгөн карыздын жоктугу (резидент эместер келип чыккан өлкөнүн салык органдарынын алдында);  

2) кредиттик бюродо терс маалыматтардын жоктугу;  

3) акыркы 2 (эки) жыл ичиндеги кирешелүү иш (юридикалык жактар үчүн).  

51. Улуттук банк кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга карата ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган арызды жана документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде арыз ээсине жана кредиттик бюрого акцияларды сатып алууга макулдук берүү же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө кат жөнөтөт.  

52. Кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга макулдук берүү жана макулдашуудан баш тартуу маселесин Улуттук банк Башкармасынын кредиттик бюрону лицензиялоо маселесин тескөөгө алган мүчөсү кабыл алат.  

53. Улуттук банк жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга макулдук берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:  

1) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар деп таанылган же мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген, анын кесепетинен Улуттук банктын уруксат берүүчү документинин аракети кайтарып алынган же убактылуу токтотулган жеке жакка карата Улуттук банктын чечими бар болсо;  

2) жеке жакта өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болгон учурда;  

3) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган, же болбосо тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган, катышуучулар катары аффилирленген жактары бар жеке адамдар жана юридикалык жактар.  

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:  

- юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;  

- бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар;  

4) БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан аларга карата эл аралык санкциялар кабыл алынган жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аталган жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар;  

5) белгиленген тартипте өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматтарды жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди бербеген, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген, ошондой эле банктык мыйзамдарга ылайык өздөрүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктабаган учурда жеке жана юридикалык жактар;  

6) кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, анын ичинде соттун чечими боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр бар жеке жана юридикалык жактар.  

  

7-глава. Мамлекеттик каттоого, кайра каттоого макулдук жана кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер   

54. Улуттук банк төмөнкү учурларда мамлекеттик каттоого, кайра каттоого макулдук жана кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) ушул Жобонун 21 же 23-пункттарында көрсөтүлгөн лицензия берүү үчүн зарыл болгон документтер берилбеген учурда;  

2) берилген уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбесе;  

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар чагылдырылса;  

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекси жок болсо же программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

5) кредиттик бюронун жетекчиси (кредиттик бюронун башкармасынын төрагасы) ушул Жобонун 35-пункттунда жана 36 пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе.  

55. Улуттук банктын кредиттик бюрону мамлекеттик каттоого, кайра каттоого жана лицензия алууга макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими башкарманын кредиттик бюрону лицензиялоо маселесин тескөөгө алган мүчөсү тарабынан кабыл алынат жана баш тартуу себебин көрсөтүү менен арыз ээсине кат жүзүндө жөнөтүлөт.  

56. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароого алуу ушул Жободо каралган мөөнөттө ишке ашырылат.  

57. Улуттук банктын лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен көзөмөлгө алынган уюмдар, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актысына ылайык сотко чейинки милдеттүү түрдө сактоо тартипте даттанууга болот.  

  

8-глава. Кредиттик бюронун ишти жүзөгө  

ашыруу лицензиясын кайра тариздетүү  

58. Лицензияга кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү талап кылынбаган өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кредиттик бюронун тиешелүү органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро лицензияны кайра тариздөө үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

1) кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз; 

2) кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу органынын лицензияны кайра тариздөө жөнүндө чечими;  

3) жайгашкан жери өзгөргөн учурда:  

а) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы (билдирүүсү);  

б) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келерин тастыктаган документтер;  

в) ижара келишиминин же кредиттик бюронун турак жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү;  

4) кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия.  

59. Кредиттик бюронун лицензиясындагы мамлекеттик кайра каттоого алып келген өзгөртүүлөргө байланыштуу лицензияны кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде ушул Жобонун 8-главасына ылайык мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин, ушул Жободо каралган мөөнөттөргө ылайык ишке ашырылат.  

60. Улуттук банк бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде лицензияны кайра тариздөөнү жүзөгө ашырат жана кредиттик бюролордун реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.  

Лицензияны кайра тариздетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.  

61. Лицензия жоголгон / жараксыз болуп калган учурда кредиттик бюро Улуттук банкка жөнөтүлгөн кат жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу.   

Дубликат берүү жөнүндө арызга жоголгондугу / жараксыз болуп калгандыгы жөнүндө түшүндүрмө жана тастыктоочу документтер тиркелет (жараксыз болуп калганда - жараксыз болуп калган күбөлүк, жоголгондо - жалпыга маалымдоо каражаттарына күбөлүктүн реквизиттерин көрсөтүү менен жоголгондугу жөнүндө кулактандыруу жана табылгалар бюросунан маалым кат).  

Лицензиянын жоголгон / жараксыз болуп калган бланктары кредиттик бюрого арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.  

Лицензиянын дубликатын берүү арыз берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

62. Дубликатты берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.  

 

9-глава. Кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү  

63. Кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өтүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Улуттук банк менен мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдашуу үчүн кредиттик бюро мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкү документтерди Улуттук банкка берет:  

1) кредиттик бюронун катышуучуларынын / акционерлеринин жалпы жыйынынын (чечим  жалгыз уюштуруучу / акционер болгон учурда) кайра каттоодон өтүү үчүн негиздерди көрсөтүү менен кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү жөнүндө протоколу жана кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

2) кредиттик бюронун жаңы редакциядагы уюштуруу документтери, ошондой эле алардын кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (өзгөртүүлөр киргизилген учурда);  

3) катышуучулар / акционерлер жана алардын уставдык капиталдагы үлүштөрү тууралуу маалыматтар (катышуучулардын / акционерлердин курамы жана кредиттик бюронун уставдык капиталынын өлчөмү өзгөргөн учурда);  

4) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кредиттик бюронун болжолдуу аталышы менен аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош белгилердин жоктугу жөнүндө документ (кредиттик бюронун аталышы өзгөргөн учурда);  

5) уставдык капитал көбөйгөн учурда жана/же жаңы акционерлердин үлүшүн/акцияларын сатып алган учурда - арыз берилген күнгө карата Кредиттик бюронун же жаңы катышуучунун/акционердин тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсебиндеги уставдык капиталды көбөйтүү эсебине толук өлчөмдө акча каражатынын болушун тастыктаган документ (банктагы алыш-бериш эсебинен көчүрмө), бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүнү эске албаганда;  

6) уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер), анын ичинде жаңы катышуучулар/акционерлер уставдык капиталга киргизгенде же сатып алганда, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган документтер;  

7) уставдык капитал азайганда:  

а) уставдык капитал азайгандан кийинки кредиттик бюронун финансылык абалы жөнүндө болжолдуу эсептөөлөр (финансылык абал жөнүндө болжолдуу отчет) жана кредиттик бюронун Улуттук банктын талаптарын сактоосуна жана кредиттик бюронун кредиторлорунун алдында милдеттенмелеринин аткарылышына таасир этүү;  

б) кредиторлордун - финансы-кредит уюмдарынын кредиттик бюронун уставдык капиталын азайтууга (бар болсо) жазуу жүзүндөгү макулдугу;  

8) уставга (уюштуруу келишимине) киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексти 6-тиркемеге ылайык белгиленген формада.  

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар жана документтер.  

64. Макулдашуу үчүн зарыл болгон документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан кредиттик бюронун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро тарабынан Улуттук банкка берилет.  

65. Улуттук банк кредиттик бюронун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч катты жана тиркелген документтер топтомун ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берген Улуттук банкка берилген күндөн тартып 25 (жыйырма беш) жумуш күнү ичинде кароого алат.  

66. Берилген документтер толук жана белгиленген талаптарга ылайык келген жана баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда, Улуттук банк ушул Жобонун 63-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын кошо тиркөө менен кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсү үчүн макулдук катын берет.  

67. Кредиттик бюро юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен билдирме берет:  

1) кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (сертификатынын) көчүрмөсү;  

2) кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар уставдын көчүрмөсү.  

68. Кредиттик бюро кредиттик бюронун жайгашкан жеринен тышкары жайгашкан филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери ачылгандыгы/өзгөргөндүгү тууралуу филиалдын жайгашкан жайы ушул Жобонун 2-главасында каралган талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтерди тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

 

  

10-глава. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу  

69. Улуттук банк кредиттик бюронун лицензиясынын аракетин төмөнкү учурларда убактылуу токтотууга укуктуу:  

1) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталбаса, ошондой эле алардын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйруктар аткарылбаса;  

2) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) анык эмес маалыматтар сунушталса же кредиттик бюронун ишине тиешелүү отчеттор жана маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилбесе;  

3) кредиттик бюронун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлсө жана/же текшерүүнүн алкагында талап кылынган маалыматтарды жана документтерди берүүдөн баш тартылса;  

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекс Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе;  

5) кредиттик маалыматты сактоо жана аны санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан же ачыкка чыгарылышынан коргоо камсыз кылынбаса;  

6) кредиттик бюронун кызмат адамдары ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе.  

70. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу мөөнөтү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.  

71. Кредиттик бюро лицензиянын аракетин убактылуу токтотууга тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып Улуттук банктан лицензиянын аракетин калыбына келтирүүгө тиешелүү билдирүүнү алганга чейин лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

72. Улуттук банктын лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу чечимине кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.   

Улуттук банктын чечимине сотко чейинки даттануу тартиби милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.  

  

11-глава. Кредиттик бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайтарып алуу жана аракетин токтотуу  

73. Улуттук банк төмөнкү учурларда кредиттик бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайтарып алууга укуктуу:  

1) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик бюро төлөөгө жөндөмсүз катары жарыяланса;  

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кредиттик бюрону мажбурлап жоюу жол-жобосу башталса;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) бузууга жол берилсе;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишти жүзөгө ашырса.  

74. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып кредиттик бюрого үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдалат. Лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынган кредиттик бюро төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү:  

1) лицензияны кайтарып алуу жөнүндө билдирмени алган күндөн тартып ишкердикти жүргүзүүнү дароо токтотууга;  

2) лицензияны кайтарып алуу жөнүндө билдирме алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка тапшырууга жана белгиленген мөөнөт ичинде кредиттик маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө.   

75. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алууда жана аракети токтотулган учурда Улуттук банк кредиттик бюролордун реестрине тиешелүү жазууларды киргизет..  

76. Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

1) кредиттик бюро жоюлган шартта;  

2) кредиттик бюро лицензияда каралган ишти жүзөгө ашырууну өз эрки боюнча токтотуу  арызы менен кайрылган учурда;  

3) кредиттик бюронун лицензиясы кайтарылып алынса;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

 77. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу чечимине карата кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен даттануу менен кайрылышы мүмкүн. 

 

  

12-глава. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү  

78. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.  

79. Кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кредиттик бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат.  

80. Кредиттик бюро кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта кредиттик маалымат базасы Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон анын укугу өткөн жакка берилет. Бул учурда кредиттик бюронун укугу өткөн жак кредиттик маалымат базасын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кредиттик маалыматты сунуштоочуларга жана Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Мында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган жарыялоолордо кредиттик бюронун кредиттик маалымат базасы анын укугу өткөн жакка өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлөт.  

81. Эгерде кредиттик бюронун укугу өткөн жак лицензияга ээ эмес болсо, ошондой эле кредиттик бюро жоюлса же лицензиянын аракети токтотулган учурда, кредиттик маалымат базасы 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайтарымсыз өткөрүлүп берилет.  

  

13-глава. Кредиттик бюрону жоюу  

82. Кредиттик бюро лицензия кайтарылып алынган күндөн тартып кредиттик бюро катары өз ишин токтотот. Лицензияны кайтарып алуу мыйзамдарга ылайык, кредиттик бюронун иши токтотулушуна алып келет.  

83. Кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз эрки менен жоюлушу мүмкүн. Мында ал жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензиясынын түп нускасын жана кредиттик маалымат базасын Улуттук банкка кайтарымсыз өткөрүп берүүгө жана кредиттик маалымат алмашуу ишин токтотууга тийиш.  

84. Кредиттик бюрону жоюу ушул жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.  

85. Жоюу чечими кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кредиттик бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат.  

  

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 1-тиркемеси  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

_________________________  

(юридикалык жактын аталышы)  

_________________________  

(юридикалык жактын дареги)  

_________________________  

(байланыш үчүн маалыматтар)  

  

Кредиттик бюрого макулдук/лицензия берүү жөнүндө  

АРЫЗ  

_________________________________________________________________________  

Кредиттик бюронун аталышы  

Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашыруу үчүн макулдук/лицензия берүүнү өтүнөт.  

_____________________________________________________________________________.  

Кредиттик бюронун юридикалык дареги  

_____________________________________________________________________________.  

Кредиттик бюронун жетекчисинин/башкарманын төрагасынын аты-жөнү  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер кошо тиркелет (документтер ______ барактан турат).  

Документтердин тизмеси:  

  

Сунушталган маалымат анык жана толук экендиги тастыкталат жана анык эмес / бурмаланган документти же маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналаарын түшүнөбүз.  

Катышуучылар/уюштуруучулар / акционерлер / жетекчи сунушталган маалыматтын аныктыгына толук жоопкерчилик тартышат.  

Катышуучылар /уюштуруучулар/акционерлер жөнүндө маалымат   

(аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, дареги, телефон номери)  

1.  

2.  

3.  

   

Жетекчи / башкарманын төрагасы, кол тамгасы, күнү  

   

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 2-тиркемеси  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ   

Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга  

20___-жылдын ___ ____________ № ____   

ЛИЦЕНЗИЯСЫ  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:   

_________________________________________________   

кредиттик бюронун толук аталышы   

_________________________________________________   

кредиттик бюронун кыскартылган аталышы   

_________________________________________________   

кредиттик бюронун юридикалык дареги   

кредиттик бюронун ишин Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашыруу укугун ыйгарат.   

Ушул лицензия кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.   

Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат.   

Ушул лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.   

   

Мөөр   

  

Башкармалыктын начальниги  

_________________________  

________________________________________________  

   

(кол тамгасы)  

(кызматкердин аты-жөнү)  

   

 

  

 

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 3-тиркемеси  

Кредиттик бюронун катышуучулары/уюштуруучулары/акционерлери тууралуу  

МААЛЫМАТ  

№  

Катышуучунун/  акционердин аты-жөнү/  аталышы  

Ээлик кылуу үлүшү  

Иштеген жери/  иш чөйрөсү  

ИНН  

Паспорттогу маалыматтар/  каттоо маалыматтары  

Жетекчи (юридикалык жак)  

Уюштуруучулар (юридикалык жак)  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

   

   

   

  

   

   

   

   

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 4-тиркемеси  

   

  

Сүрөт үчүн орун  

  

  

Кредиттик бюронун кызмат адамынын  

АНКЕТАСЫ  

1. Аты-жөнү ____________________________________________________________   

2. Кредиттик бюродо сунушталган позицияны көрсөтүңүз _____________________________________________________________________________  

(кызмат орду, кредиттик бюронун аталышы)  

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөртүлгөндүгүн көрсөтүңүз   

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________  

4. Туулган жылы ___________________________________________________  

туулган жери _______________________________________________________  

5. Паспорт сериясы ______________ номери ________________________  

ким тарабынан берилгендиги ________________________берилген күнү ______________  

6. Жарандыгы ___________________________________________________________  

Эмне себептен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________________  

7. Үй дареги (документ боюнча)   

________________________________________________________________________  

тел (үй) __________________  

(уюлдук) __________________  

Айкын жашаган жери __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________  

8. Билими бар экендиги жөнүндө маалымат:  

- кредиттик бюронун ишин жөнгө салган мыйзам актылары боюнча  

ооба/жок_________________________________________________________________  

- маалыматтык технологияларга аудит жүргүзүү боюнча   

ооба/жок_________________________________________________________________  

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили  

ооба/жок  

  

9. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы  

________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________  

  

10. Кызматтык дареги, телефон, факс   

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________________________  

11. Билими ___________________________________________________________  

___________________________________________________________________________  

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр, магистр, кесиптик орто, орто)  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Факультети же бөлүмү  

Тапшырган жана аяктаган жылы  

Диплому боюнча адистиги  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Ар кандай окуу борборлору тарабынан жүргүзүлгөн курстарда окугандыгы 

Семинардын же курстун темасы  

Семинарды уюштуруучу  

Өткөрүлгөн жери  

Өткөрүлгөн күнү  

Сертификаттын болушу  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

12. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши  

Ишке орношкон күнү  

Иштен  бошогон  күн  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошоо себеби  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

13. Акыркы 10 (он) жыл ичинде сиз уюштуруучу, акционер, жетекчи болгон жана/же учурда болуп турган кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны (жетекчиликке сиз тандалган же дайындалган кредиттик бюрону кошо алганда) көрсөтүңүз:  

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери  

Компаниянын негизги ишинин түрү  

Ээлигинде турган акциялардын саны/үлүшү  

Ээлик кылуу суммасы, сом түрүндө  

Компаниянын уставдык капиталдагы үлүшү, %  

Компаниянын жетекчиси  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

14. Сизге же сиз олуттуу катышуучу, көзөмөлдөөчү адам жана/же директорлор кеңешинин мүчөсү же башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө:  

- укук бузууларга жана/же кылмыштуулукка жол берилгендиги үчүн күнөө коюлгандыгын (ооба/жок)  

_________________________________________________________________________  

- жаза чарасы колдонулгандыгын (ооба/жок) ____________________________ көрсөтүңүз.  

Эгерде колдонулган болсо, укук коргоо органынын/соттун аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы/сот тарабынан коюлган күнөөнү, айыпты, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыпты же жаза чарасын, соттун териштирүү натыйжаларын, чечимдерин толук сүрөттөңүз:  

_________________________________________________________________________  

15. Сиз же 14-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын кайсы бири сиз кызмат ордуна талапкер болуп жаткан кредит бюросу менен жалпы кызыкчылыкка ээби? Эгер ээ болсо, толук түшүндүрмө бериңиз.  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

16. Өтөлүп бүтө элек соттуулугуңуз барбы? Бар болсо түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________________  

Сизге карата кесипкөй иштин кайсы бир түрү менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы. Кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз _______________________________________________________________________________________________________________________  

17. Сиз жетекчи, кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучу (ээлигинде акциялардын 10 же андан ашык пайызы болсо) катары байланыштуу болгон, мажбурлаган тартипте банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз   

_________________________________________________________________________  

Сиз байланыштуу болгон жана мажбурлап банкрот кылуу, жоюу шарттары коюлган компаниянын жетекчиси, кызмат адамы же олуттуу катышуучусу катары сиздин ролуңузга жана жоопкерчилигиңизге толук негиздеме бериңиз __________________________________________________________________  

_____________________________________________________________________________  

18. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмеңиз) болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз:  

Кредитордун аталышы  

Берилген күнү  

Зайым суммасы, миң сом түрүндө  

Пайыздык чен  

Зайым багыты  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Күрөө жөнүндө маалымат жана суммасы  

Төлөө мөөнөтү  

Зайым боюнча карыз калдыгы, миң сом түрүндө  

Пайыздар боюнча карыз калдыгы, миң сом түрүндө  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыздар)  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

19. Кайсы бир финансы-кредит уюмдарына жеке кредит боюнча, ошондой эле сиз гарант, кепилдик берүүчү катары катышкан кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болду беле? Болсо, түшүндүрмө бериңиз  

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________________________  

20. Учурда сиз кайсы бир соттук териштирүүлөргө катышасызбы. Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз   

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________________________  

21. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз:  

1. "__" ___________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер тууралуу жеке отчет.  

1-табл.  

   

Активдер  

Суммасы (сом түрүндө)  

.  

Накталай акча  

   

.  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар  

   

.  

Компанияга инвестициялар  

   

.  

Баалуу кагаздар  

   

.  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турган же ага арест коюлган  

   

.  

Дебитордук карыз, анын ичинде зайымга берилген каражаттар 

   

.  

Башка активдер  

   

   

Бардыгы болуп активдер  

   

   

Милдеттенмелер  

   

.  

Кредит боюнча карыз  

   

.  

Кредитордук карыз  

   

.  

Башка милдеттенмелер  

   

   

Бардыгы болуп милдеттенмелер  

   

   

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер)  

   

   

Берилген жеке гарантиялар  

   

2-табл.  

   

Киреше булактары  

Өткөн 20__-жыл  

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20__-жыл  

.  

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сый акыларды кошо алганда)  

   

   

.  

Дивиденддер  

   

   

.  

Пайыздар  

   

   

.  

Башка кирешелер  

   

   

   

Бардыгы болуп  

   

   

   

Чыгашалар  

   

   

.  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)  

   

   

.  

Кредиттер боюнча төлөөлөр  Негизги сумма  Пайыздар  

   

   

.  

Башка чыгашалар (көрсөтүлсүн)  

   

   

   

Бардыгы болуп чыгашалар  

   

   

   

Таза киреше (чыгаша)  

   

   

22. Үй-бүлөлүк абалы____________________________________________________  

16 жаштан жогорку жакын туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-энеси, балдары, жолдошу, ага-инилери, эже-сиңдилери):  

Аты-жөнү  

Тууганчылык мамилеси  

Туулган күнү жана жери  

Иштеген жери, кызматы  

Үй дареги, телефону  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

23. Кызмат ордуна сиз талапкер болуп жаткан кредиттик бюро менен кандай кызыкчылыктардан улам байланышыңыз бар экендиги тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары кызмат ордуна макулдашууда кароого алуу үчүн маанилүү деп санаган кайсы болбосун маалыматты да көрсөтүү зарыл   

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________________________  

Мен, ____________________________________________________________________________,  

(аты-жөнү)  

анкетада жогоруда келтирилген маалыматтар анык, толук экендигин жана менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартууга негиз болоорун жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын.  

   

_______________ Кол тамга  

____-жылдын "__" _____________  күнү  

  

Эскертүү:  

1) Анкетанын ар бир барагына кол коюлат  

2) Анкетадагы оңдоолор “оңдоолор туура” деген сөздөр жана талапкердин өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт   

   

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 5-тиркемеси  

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъекттин макулдугу  

   

Калктуу пункт _____________________, 20____-жылдын ____-___________________   

Мен, _____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү)   

____________________________________________________________________   

дареги боюнча жашаган,   

инсандыгын тастыктаган документтин сериясы: _____________, № ______ ______   

(документтин түрү)   

берилди _________________________________________________________________   

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)   

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн   

__________________________________________________ атынан иш алып барган   

(аты-жөнү)   

_________________________________________________________________________   

дареги боюнча жашаган,   

инсандыгын тастыктаган документтин сериясы: __________, № ______ ____  

(документтин түрү)   

берилди _________________________________________________________________   

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)   

_____________________________________________________________ негизинде   

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын)   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем:   

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле:   

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга сунушталышына);   

- кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берген бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине).   

Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга да таркатылат: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); илимий даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат; жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иши, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген иши ж.б.); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, жосунсуз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар; фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтар.   

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган Улуттук банк тарабынан лицензиялоо, кызмат адамдарын, акционерлерди макулдашуу жана мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө макулдук алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм.  

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча чет өлкө  органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине маалымдоо тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.   

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт.   

   

20__-ж. ___-______________ 

_______________  

______________________  

   

Кол тамгасы  

Аты-жөнү  

   

  

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 6-тиркемеси  

  

20___-жылдын "___" ____________  

№ _______  

протоколу менен (чечим  жалгыз   

уюштуруучу болгондо),   

уюштуруучулардын/акционерлердин  

жалпы чогулушунда кабыл алынган   

  

  

Уставга киргизилүүчү  

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР  

  

_____________________________________________________________________________  

(кредиттик бюронун толук аталышы)  

  

Уставдын, уюштуруу келишиминин пунктунун / беренесини №   

Колдонуудагы редакция   

Жаӊы редакция   

   

   

   

   

   

   

  

  

Кредиттик бюронун   

башкармасынын төрагасы /   

жетекчиси (кол тамгасы, мөөрү) Аты-жөнү  

  

  

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 7-тиркемеси  

  

  

Сүрөт үчүн орун  

  

Кредиттик бюронун потенциалдуу уюштуруучусунун/катышуучусунун/акционеринин  

АНКЕТАСЫ  

(жеке адам тарабынан толтурулат)  

  

1  

Аты-жөнү   

   

   

2  

Эгерде, фамилиясы өзгөрсө: (мурдагы фамилиясы)   

Качан:   

Себеби:   

3  

Туулган күнү:   

Туулган жери:   

4  

Паспорт   

Сериясы:   

Номери:   

  

   

Ким тарабынан берилген:   

Берилген күнү:   

5  

Жарандыгы: (кандайча алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жериңиз боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайларга байланыштуу - түшүндүрмө бериңиз) ___________________________________________   

6  

Үй дареги: (документтер боюнча) Тел: () _____________   

Жашаган жери: Тел.: () ____________________   

7  

Негизги жумуш орду:   

Ээлеген кызматы:   

8  

Жумушунун дареги:   

Телефон: () ______________________________   

Факс: () _____________   

9  

Билими _________ (жогорку, толук эмес жогорку, орто атайын, орто)   

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду   

Окууга өткөн жана аяктаган жылы   

Алган дипломуна ылайык адистиги   

  

  

  

  

  

10. Эмгек жолу башталгандан бери аткарган иши   

Жумушка кирген күнү (айы, жылы)  

Жумуштан кеткен күнү (айы, жылы)  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, аты-жөнү, жумуш берүүчү  

Жумуштан кетүү себеби  

   

   

   

   

   

Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же кайсы болбосун кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компанияга качандыр бир кезде, кайсы болбосун өлкөдө:   

акыркы үч жыл ичинде административдик укук бузууларга жол бергендиги үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган же айып алынып салынган учурлар (ооба/жок) ________________   

- акыркы үч жыл ичинде тартип жазасы колдонулганбы (ооба/жок) ____________   

- кылмыш мыйзамдарына ылайык, кылмыш жасагандыгы үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган, актоо өкүмү чыгарылган жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурлар (ооба/жок) _____________   

Эгерде, айып коюлган болсо, анда укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен, ал тарабынан айып коюлгандыгы, соттогондугу, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан айыпталып, тартип жазасы колдонулгандыгы, териштирүүлөрдүн натыйжасы, соттун чечими (анын ичинде кылмыш иши токтотулган, айыпталуусу алып салынган, актоо өкүмү чыгарылган же кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурларда) тууралуу толук маалымат бериңиз: ___________________________________   

12. Соттолгонсузбу? "Ооба" деген жооп берилсе, сиз анын негизинде соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин (анын ичинде жоюлган сот жазасы тууралуу, соттуулугу жоюлган күнүн) көрсөтүү менен, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз   

_________________________________________________________________________   

Сизге карата кайсы болбосун кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы? Эгерде, кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз   

_________________________________________________________________________   

13. Мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган жана сиз кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон ар бир компанияны көрсөтүңүз. ____________________________________________________   

Сиз кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон жана ал боюнча мажбурлап банкроттоого, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы сиздин ролуңуз жана жоопкерчилик чөйрөңүз тууралуу толук негиздеме бериңиз. ___   

14. Сизге же сиз кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга карата мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан териштирүү жүргүзүлгөнбү? Эгерде, жүргүзүлгөн болсо, анын себеби тууралуу түшүндүрмө бериңиз __________________________________   

15. Сиз азыркы учурда кайсы бир соттук териштирүүгө катышып жатасызбы? Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз _____________________   

16. Үй-бүлөлүк абалыңыз ________________________________   

Жакын туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-эне, 16 жаштан улуу балдар, жубай, ага-ини, эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, тайэне):  

Аты-жөнү  

Туугандык жагы  

Туулган күнү, жери  

Кызматы жана жумуш орду  

Үй дареги, тел. №  

  

  

  

  

  

17. Кимдир-бирөө алдында ссуда боюнча карызыңыз болгон шартта, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүңүз:   

Кредитордун аталышы   

  

  

Берилген күнү   

  

  

Карыздын суммасы   

  

  

Пайыздык чен   

  

  

Зайымдын багыты   

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы   

  

  

Төлөө мөөнөттөрү   

  

  

Зайым боюнча карыздын калдыгы   

  

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы   

  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар)   

  

  

18. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз:   

а) "___" _______________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет (валютасын көрсөтүңүз)  

  

Активдер  

Суммасы (сом түрүндө/чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн АКШ долларында)  

1  

Накталай акча   

  

2  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар   

  

3  

Компанияга инвестициялар (2-табл.)   

  

4  

Баалуу кагаздар   

  

5  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турганы же арест коюлганы   

  

6  

Дебитордук карыз (анын ичинде зайымга берилген каражаттар)   

  

7  

Башка активдер   

  

  

Бардыгы болуп активдер   

  

  

Милдеттенмелер   

  

1  

Кредиттер боюнча карыз   

  

2  

Башка пассивдер   

  

  

Бардыгы болуп пассивдер   

  

  

Таза наркы (активдер-пассивдер)   

  

  

Жеке берилген гарантиялар   

  

б) киреше булактары тууралуу маалыматтар   

(валютасын көрсөтүңүз)  

  

Киреше булактары  

Мурдагы 20 ___ жыл  

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20____ жыл  

1  

Негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы (сыйакыны кошо алганда)   

  

  

2  

Автордук сыйлыктарды, башка төлөөлөрдү кошкондо, негизгиден башка жумуш орду боюнча эмгек акысы   

  

  

3  

Дивиденддер   

  

  

4  

Пайыздар   

  

  

5  

Кыймылсыз мүлктөн түшкөн башка кирешелер   

  

  

6  

Башка кирешелер   

  

  

  

Бардыгы болуп   

  

  

  

Чыгашалар   

  

  

1  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)   

  

  

2  

Кредиттер боюнча төлөөлөр: негизги сумма, пайыздар   

  

  

3  

Башка чыгашалар   

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар   

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)   

  

  

19. Акыркы 10 жыл ичинде сиз уюштуруучу, акционер (ээлик кылуучу) болуп саналган (уставдык капиталдагы үлүшүнөн ажыратылган шартта, күнү көрсөтүлүүгө тийиш) компанияны көрсөтүңүз:   

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду  

Юридикалык жактын ишинин түрү  

Ээлигинде болгон акциялардын саны  

Капиталда ээлик кылган үлүшү сом түрүндө  

Ушул юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү пайыздарда  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери  

   

   

   

   

   

   

20. Кошумча маалымат:   

1) Ушул кредиттик бюронун директорлор кеңешинин курамына жаңы талапкерлерди киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, кыскача резюмесин көрсөтүү зарыл)   

2) Кредиттик бюронун саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, сунушталуучу өзгөртүүлөрдү кыскача баяндоо зарыл)?   

21. Сиз кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга берилген билдирмени карап чыгуу үчүн зарыл деп эсептеген кайсы гана болбосун башка маалыматты бериңиз.   

22. Мен, ___________________________________________________________   

Аты-жөнү   

Жогоруда анкетада көрсөтүлгөн маалымат так жана толук экендигин, ошондой эле билимиме жана анкетадагы суроолорго жараша берилгендигин тастыктаймын. Мен тараптан атайын бурмалоого жана каталарга жол берилген шартта, бул кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга берилген билдирмени канааттандыруудан баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келе тургандыгын мойнума аламын.   

____________ кол тамгасы ________-ж. "___" ____________   

Эскертүү:   

Анкетанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш.  

Анкетадагы оңдоолор "оңдоолор туура" деген сөздөр жана талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат.  

  

   

   

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 8-тиркемеси  

Кредиттик бюронун потенциалдуу уюштуруучусунун/катышуучусунун/акционеринин  

АНКЕТАСЫ  

(юридикалык жак тарабынан толтурулат)   

  

1. Юридикалык жактын (мындан ары - "компания") аталышы  

________________________________________________________________________  

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлсүн)  

2. Компаниянын юридикалык дареги   

________________________________________________________________________  

3. Компаниянын түзүлгөн күнү   

________________________________________________________________________  

4. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери   

________________________________________________________________________  

5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү   

________________________________________________________________________  

№ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн)   

6. Кайсы банктарда компаниянын эсептери ачылган: _____________________________________________________  

7. Компанияга берилген лицензиянын (уруксат берилүүчү документтин) номерин жана лицензия (уруксат берүүчү документти) берген органды көрсөтүү менен, лицензиясына (лицензияларына) (же башка уруксат берүүчү документке) ылайык алектенүүгө уруксат берилген иш түрлөрүн баяндап бериңиз:   

8. Компания алектенген башка иш түрлөрүн чагылдырыңыз:   

9. Компания _______________________________________________________ менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактар   

(Компаниянын толук аталышы):   

1) катышуучу/акционер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар (Компаниянын толук аталышы):   

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

   

   

   

2) аларда катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар ___________________________________________________   

(арыз ээси - юридикалык жактын толук аталышы);   

Юридикалык жактардын толук аталышы  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

   

   

   

3) __________________________ менен аффилирленген юридикалык жактар жана жеке адамдар   

(Компаниянын толук аталышы):   

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

   

   

   

10. Компаниянын кызмат адамдарынын компаниядагы позициясын, ошондой эле жарандыгын (директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүн) белгилөө менен башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрүн, финансылык менеджерин (башкы бухгалтерин) көрсөтүңүз.   

11. Компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү же кызмат адамдары (директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрү), башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрү, финансылык менеджери (башкы бухгалтери) компания анын акционери болууга ниеттенип жаткан кредиттик бюронун акцияларына ээлик кылуучу болуп саналышабы? Эгерде, ээлик кылуучу болуп саналышса, компаниянын көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ээлигинде турган акциялардын санын көрсөтүү зарыл:   

№  

Аты-жөнү  

Ээлигинде турган акциялардын саны  

Кредиттик бюронун уставдык капиталындагы үлүшү  

Кошумча маалыматтар же эскертүүлөр  

   

   

   

   

   

12. Компаниянын финансы-кредит уюмдары жана/же башка жактар алдында ссуда боюнча (кредиттик) карызы барбы, эгерде, бар болсо кредит (зайым) алынган күндү, кредитти/кредиттерди (зайымды) алуу максаты, кредиттин (зайымдын) алынган суммасы жана билдирме берилген күнгө карата кредиттин (зайымдын) негизги суммасы жана пайыздары боюнча карыздын калдыгы көрсөтүүгө тийиш:   

Кредитордун аталышы  

   

   

Берилген күнү  

   

   

Карыздын суммасы  

   

   

Пайыздык чен  

   

   

Карыздын багыты  

   

   

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

   

   

Төлөө мөөнөттөрү  

   

   

Кредит (зайым) боюнча карыздын калдыгы  

   

   

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы  

   

   

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар)  

   

   

13. Компаниянын ушул кредиттик бюронун директорлор кеңешинин курамына компаниянын өкүлдөрүн киргизүү (эгерде, бар болсо, талапкерлерди көрсөтүү зарыл) жана кредиттик бюронун саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниети барбы (эгерде бар болсо, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү көрсөтүү зарыл).   

14. Компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн көрсөтүңүз:   

Бөлүм (филиал, өкүлчүлүк)  

Дареги  

Жетекчи  

Ишинин түрү  

Башка маалыматтар жана эскертүүлөр  

   

   

   

   

   

15. Компания кимдир-бирөө менен соттук талаштарга катышканбы, эгерде катышса, соттук талаш тууралуу (даттануучу, жоопкер, талаш предмети, иш кайсы соттук инстанцияда каралып жатат, кароонун кайсы баскычында) толук маалымат бериңиз.   

16. Арыз ээсинин пикири боюнча маанилүү болуп саналган башка маалымат:   

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы   

Компаниянын мөөрү.