Кайта келүү

 

 

 

Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын  

минималдуу өлчөмү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жаңы түзүлүүчү кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 50 000 000 сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин. 

 

2. Иштеп жаткан кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин: 

- 2025-жылдын 1-январына чейин 10 000 000 сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-январына чейин 30 000 000 сомдон кем эмес

- 2027-жылдын 1-январына чейин 50 000 000 сомдон кем эмес

 

3. Минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү белгиленген өлчөмдөн азды түзгөн, иштеп жаткан кредиттик бюролор акционерлер (катышуучулар) менен бирге ушул токтомдун 2-пунктунун талаптарын аткаруу боюнча план иштеп чыгышсын жана  

аны 2024-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына беришсин. 

 

4. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин мамлекеттик каттоодон өтүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу үчүн документтерин тапшырган кредиттик бюролор өздөрүнүн уставдык капиталын ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүүгө милдеттүү

 

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

6. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

7. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

8. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

 

9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                               К. Боконтаев           


Башкарманын мүчөлөрү  

М. Аттокуров 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев