> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Бишкек шаары 

2004-жылдын 15-февралы N 14 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Банктарды консервациялоо, жоюу 

жана банкроттоо жөнүндө 

 

(Кыргыз Республикасынын 

2005-жылдын 10-мартындагы N 47, 

2006-жылдын 21-августундагы N 176, 

2006-жылдын 28-декабрындагы N 220, 

2009-жылдын 24-июлундагы N 247, 

2013-жылдын 30-июлундагы N 178 

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

I бөлүм. Жалпы жоболор 

II бөлүм. Консервациялоо 

III бөлүм. Жоюу 

1-глава Жоюу жөнүндө жалпы жоболор 

2-глава. Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) 

3-глава. Мажбурлап жоюу 

IV бөлүм. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштерди сотто териштирүү 

V бөлүм. Бүтүмдөр, укукка жатпаган аракеттер жана жоопкерчилик 

VI бөлүм. Банктын карыздары боюнча жоопкерчиликтин башка 

принциптери 

VII- бөлүм. Корутунду жоболор 

 

I бөлүм 

Жалпы жоболор 

 

1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер 

 

1. Ушул Мыйзам, консервациялоо (санациялоо, реабилитациялоо), өз эрки жана мажбурлап жоюу жол-жоболорун (анын ичинде банкроттоо процессинде) банктарга карата колдонуу негиздерин белгилейт, аларды колдонуунун тартибин жана шарттарын, ошондой эле кредиторлордун талаптарын канааттандырууга банктын жөндөмсүздүгүнүн же аларды аткаруудан баш тартуусунун, болбосо мыйзам актыларынын талаптарын бузууга жол беришинин же банктын ишин токтотуу жөнүндө анын акционерлеринин чечиминин натыйжасында келип чыккан башка мамилелерди жөнгө салат. 

2. Ушул Мыйзамдын иш-аракети Кыргыз Республикасынын аймагында аракет жүргүзгөн, депозиттер менен операцияларды жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоого жаткан финансы-кредиттик мекемелерди кошкондо, кайсы банкка болбосун жайылтылат. 

3. Ушул Мыйзамдын иш-аракети кайсы банкка болбосун, анын ичинде чет өлкөлүк банкынын филиалына карата жайылтылат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында түзүлгөн банктар үчүн каралган негиздерде эле, Кыргыз Республикасындагы бул мекемелердин ишинин мажбурлап токтотулушун карайт. 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн чет өлкө банктарынын филиалдары юридикалык жак катары каралат. 

4. Карызкорлорду банкроттоо процессин жөнгө салуунун Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында камтылган ченемдери банктарга карата ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат. Башка мыйзамдар банктарды жана финансы-кредит мекемелерин жоюу, консервациялоо жана банкроттоо маселелери боюнча ушул Мыйзамдын талаптарына каршы келип калган учурда - ушул Мыйзам колдонулат. 

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер аныкталган болсо, анда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин эрежелери колдонулат. 

6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери болбой калганда, чет мамлекеттердин сотторунун банктарды жоюу жана банкроттоо жөнүндө иштери боюнча чечимдери, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе. 

 

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр 

 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

администратор - консерватор, жоюучу, атайын администратор; 

административдик чыгашалар - консервациялоону, мажбурлап жоюуну жүргүзүүгө жана банкроттукка байланыштуу жумшалган зарыл чыгымдар; 

банк - иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык депозиттер менен банктык операцияларды жүзөгө ашырган банк же башка финансы-кредиттик мекеме; 

тутумдук мааниси бар банк (тутумдук банк) - бул банкроттугу менен депозиттердин башка жакка оошуна, юридикалык жактардын (төлөө тутумунун катышуучуларынын) банкрот болушуна жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн начарлашы аркылуу банктык жана төлөөчү тутумдарды бузулууга же кыйроого алып келүүчү банк. 

Банктарды тутумдук деп билүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы биргелешип кабыл алган ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

банкроттук - карыз тараптын макулдугу менен юридикалык жактын сот тарабынан таанылган же кредиторлордун чогулушу тарабынан жарыяланган төлөөгө жөндөмсүздүгү, башкача айтканда мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү, ага анын өтүмдүү активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү кирет; 

аманатчы - банкка депозит салган жак (жеке же юридикалык жак); 

депозит - бир адамдын экинчи адамдан кайтаруу шартында акча алуусу (толук же жарым-жартылай кайтаруусуна карабастан же ири сумманы кайтаруусу); 

өз эрки менен жоюлуусу (өзүнөн-өзү жоюлуусу) - уюмдаштыруучулардын (катышы барлардын) болбосо бул ишке уюмдаштыруу документтери менен ыйгарым укук берилген банк органынын чечими боюнча, анын ичинде өзү ачылган мөөнөтүнүн бүтүшүнө, кандай максат менен ачылса, ошол максаттын орундалышына же ошол ачылган учурда мыйзамдардын кайра оңолгус мүнөздө бузулушуна жол берилгенинен улам банкты каттоодон өткөрүүнү сот жараксыз деп тапканына байланыштуу банктын жоюлушу. 

карызкор - белгиленген тартипте банкрот деп таанылган банк; 

капитал - бухгалтердик баланстын беренелерине ылайык анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырманы билдирүүчү бухгалтердик эсепке алуунун принциптери белгилеген банктын таза наркы же өздүк каражаттары; 

консерватор - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан дайындалган жана ушул Мыйзамга ылайык банкты консервациялоону жүргүзгөн жана башка жол-жоболорду ишке ашырган квалификациялуу адис; 

консервация - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкка контролдукту орнотуу, анын активдеринин, бухгалтердик китептеринин, жазууларынын жана башка иш-кагаздарынын сакталып турушун камсыз кылуу максатында консерваторду дайындаган ага ылайык жол-жобо; 

кредитор - кыргыз жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын атынан Кыргыз Республикасын кошкондо, кайсы түрдөгү болбосун милдеттенмелердин аткарылышын банктан талап кылууга укугу бар кандай гана болбосун жак, анын ичинде аманатчы. Эгерде банк мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ага карата салынган акчалай айыптарды төлөбөй койгон учурларды кошо алганда, банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында карызкор болуп саналса, Улуттук банк да банктын кредитору болуп эсептелет; 

жоюучу - жоюучу комиссия (өз эрки менен жоюлганда) же банкроттук иштери боюнча мамлекеттик органдын банкты жоюучу катары ишти жүзөгө ашыруу лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунуштамасы боюнча сот тарабынан дайындалган жана банктын мажбурлап жоюлушуна жооп берген, ушул Мыйзам аркылуу ыйгарым укуктарга ээ болгон адам; 

банк менен байланыштуу жак - "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларында келтирилген аныктамаларга ылайык инсайдер же аффилирленген жак болуп саналган жана жетекчилери менен катышы барлардын кошкондо, менчик укугу, иштиктүү же үй-бүлөлүк мамилелер түрүндөгү банк менен байланышы болгон жак, анын ичинде, эгерде ал: 

- банкка катышы бар же жетекчиси болсо; 

- банкка катышы барын билдирген компанияга катышы болсо; 

- банктын туунду компаниясына катышы болсо; 

- банкка катышы бар болуп саналган башка компанияга тиешелүү компания болсо; 

- банкка катышы бар болуп саналган башка компанияга катышы бар компанияга катышы болсо; же 

жогоруда келтирилген катышы барлардын же жетекчилердин кимисинин болбосун жакын тууганы болсо (чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, атасы, энеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жубайы, баласы, небереси). 

улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; 

төлөөгө жөндөмсүздүк - төлөө мөөнөттөрү келип жеткенде, банк төлөй албай калган, төлөөдөн баш тарткан же карыздарды төлөө жана башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча кредитордун укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү болбосо анын капиталынын адекваттуулугунун көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн болуусу, же банктык көзөмөл органынын эсептөөлөрү боюнча банктын милдеттенмелери анын активдеринен ашып кеткендеги абал; 

мажбурлап жоюу - төмөнкүлөрдү камтыган жол-жоболору: 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында камтылган бир же бир нече негиздер боюнча лицензиялары кайтарылып алынган банкты банкроттук негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу жол-жобосун. Бул жоюучуну дайындоо аркылуу соттун чечими менен козголот; 

банкроттук себеби боюнча лицензиясы кайтарылып алынган төлөөгө жөндөмсүз банкты (банкроттоо процесси) мажбурлап жоюу жол-жобосун. Бул атайын администраторду дайындоо аркылуу соттун чечими менен козголот. 

проблемалуу банктарга карата колдонулуучу жол-жоболор - банкроттоо негиздери жана башка негиздер боюнча консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки боюнча жана мажбурлап жоюу жол-жоболору; 

банкроттоо процесси - банкрот деп таанылган банкка карата соттун чечими боюнча козголгон жана атайын администратор тарабынан жүзөгө ашырылган процесс; 

проблемалуу банк - ушул Мыйзамдын максаттарында, финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын бузууга жол беришкен банктар; 

реабилитациялоо - банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттоо процессинде колдонулуучу жол-жоболоштуруу. Реабилитациялоо соттук жана соттук эмес тартипте жүргүзүлөт; 

реструктуралаштыруу - атайын администрациялоо жол-жобосунун методу, ал кредиторлордун жана банкты жоюу кызыкчылыгында кийин сатуу үчүн банктын активдеринин базасында жаңы бир же бир нече жаңы юридикалык жактарды түзүүнү караштырат; 

жетекчи - банкты башкаруу үчүн белгиленген тартипте дайындалган адам (жетекчилерди жана алардын орун басарларын, ошондой эле жетекчилердин милдетин убактылуу аткарган адамдарды кошкондо, байкоо, аткаруу же текшерүү органынын мүчөсү); 

санация - банкты финансылык жактан оңдоо максатында уюмдаштырылуучуларда жана/же дагы башка инвесторлордо акчалай каражат болгон учурда банктын финансылык абалын калыбына келтирүүнү жана алар Улуттук банктын жеткиликтүү талаптарынын аткарылышын камсыз кылуучу финансылык жана уюштуруучулук мүнөздөгү (банкты кайра капиталдаштырууну кошуп) чараларды ишке ашыруу үчүн соттун чечими боюнча консерватор тарабынан жүргүзүлүүчү жол-жобо; 

атайын администратор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган адистештирилген уюм же банкроттоо иштери боюнча мамлекеттик органдын банктардын жоюучусу катары ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияны алган жана банкта банкроттоо процессинин жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болгон, ушул Мыйзам аркылуу ыйгарым укуктар берилген башка адам; 

сот - Кыргыз Республикасынын соттор тутумуна кирген кайсы болбосун сот; 

милдеттүү төлөмдөр - салыктар, жыйымдар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда тиешелүү деңгээлде бюджетке жана бюджеттик эмес фонддорго башка милдеттүү төгүмдөр; 

катышы бар - банкка катышы бар (үлүшү, акциясы же банкка милдеттүү түрдө аткарууга тескеме берүүгө келишим менен шартталган укугу) жеке же юридикалык жак (мамлекеттик үлүшкө ээ жана анын укугу өтүүчү мамлекеттик ишканаларга жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атынан Кыргыз Республикасын кошкондо). Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктарга тескеме берүүгө мыйзамдуу укукка ээ болсо да, катышы бар болуп эсептелбейт; аларга карата банктын карыздык милдеттенмелери болгон жактардын катышуучусу болуп эсептелбейт, ошондон улам алар карызды төлөп берүү жөнүндө банкка тескеме берүүгө укуктуу, бирок банкка башка эч кандай тескемелерди берүүгө укугу жок; 

кредиторлор комитети - өзүнүн ишинин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырган кредиторлордун чогулушунун ыйгарым укук берилген органы. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47, 2006-жылдын 21-августундагы N 176, 2009-жылдын 24-июлундагы N 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

3-берене. Чечимдердин жараксыздыгы 

 

Кредиторлордун жыйналышы, кредиторлордун комитети, консерватор, жоюучу, атайын администратор, ошондой эле карызкор же банкка катышы барлар тарабынан кабыл алынган чечимдер жараксыз деп эсептелет, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе же кредиторлордун укуктарын кысымга алса. 

Кабыл алынган чечимдин жараксыздык фактысы сот тарабынан аныкталат. 

 

4-берене. Улуттук банктын чечимдери боюнча сотко даттануу 

 

1. Улуттук банктын чечимдерине даттанууну банк Башкармасы жүзөгө ашыра алат; андай болбогон учурда, даттанууну банктын Директорлор кеңеши жүзөгө ашырат. Улуттук банктын чечимдерине даттануу ошол жол-жоболордун жүргүзүлүшүн токтотпойт. Арыз Улуттук банктын даттанууга түрткү берген чечими чыккандан кийинки 10 күндөн кечиктирилбестен, белгиленген тартипте сотко берилүүгө тийиш. 

2. Эгерде сот Улуттук банктын чечимин жокко чыгарса, анда банктын консерватору, жоюучусу же атайын администратору да (алардын кызматкерлерин кошкондо) банктын бир да жектекчисинин, катышуучусунун же кредиторунун алдында, ошондой эле кандай болбосун башка жактардын алдында жоопкерчилик тартышпайт, эгерде алардын иш-аракети укукка жатпаган мүнөздө экендиги сот тарабынан далилденбесе. 

 

5-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары 

 

Улуттук банк ушул Мыйзамга ылайык жана анын негизинде, ошондой эле ага жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу. Улуттук банк ушул Мыйзамда белгилеген ченемдердин чегинде, консервациялоо жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча консерваторлор үчүн нускоолорду жана колдонмолорду да чыгарууга укуктуу. 

 

6-берене. Банк дуушар болгон проблемалар жөнүндө Улуттук банкка маалымдоо 

 

Банктын жетекчилери же катышы барлар, эгерде төмөндө келтирилген фактылардын кайсынысы болбосун аларга белгилүү болсо, Улуттук банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү

1) кредитордун же аманатчынын депозитин, анын ичинде төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин эле төлөнүп берилиши жөнүндөгү талаптары банк тарабынан аткарылбаса; 

2) эгерде ошол кредиторлор төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки кандай учурда болбосун төлөөнү талап кылса, кайсы болбосун кредитордун (аманатчынын) алдындагы өз милдеттенмелерин толук канааттандырууга банктын каражатынын жоктугу; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган талаптарга карата, капиталдын же ликвиддүүлүктүн деңгээлинин жетишсиздиги; 

4) банктар үчүн милдеттүү болгон экономикалык башка ченемдери, Улуттук банкынын ченемдик актылары же талаптары бузулса; 

5) банкты жоюу жөнүндө банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин кандай болбосун чечимин; 

6) банктын төлөө жөндөмсүздүгүн же ушундай эле коркунучтарды; 

7) банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон кара ниет аракеттерге жол беришинин, өз кызматынан кыянатчылык менен пайдалануусунун же көз боемочулук аракеттеринин фактыларын; 

8) банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон башка иш-аракеттерди, жагдайларды же фактыларды. 

 

7-берене. Проблемалуу банк 

 

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде келтирилген кайсы болбосун жагдайлар келип чыккан учурдан тартып, алар ушул Мыйзамда каралган жол-жоболор башталганга чейин же андан кийин келип чыккандыгына карабастан, болбосо Улуттук банк ал тууралу инспектирлөөнү жүргүзгөндөн кийин банкка жазуу жүзүндө билдирсе, банк проблемалуу (финансылык кыйынчылыктарды тартып жаткан) болуп эсептелет. 

2. Улуттук банк тарабынан банкка проблемалуу банктын статусу ыйгарылган учурдан тартып, ага Улуттук банктын макулдугусуз активдерин өз алдынча тескөөсүнө же пассивдерин арттыруусуна тыюу салынат. 

3. Проблемалуу банктын статусу, банктын финансылык кыйынчылыктары бар экендигин көрсөткөн жагдайлар ага белгилүү болбогон учурларды эске албаганда, Улуттук банк ал тууралу банкка жарыялаган учурдан тартып токтотулат. 

 

II бөлүм 

Консервациялоо 

 

8-берене. Консерваторду дайындоо үчүн негиздер 

 

1. Банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталып турушун камсыз кылуу, банкка контролдуктун орнотулушу консервациялоонун максаты. 

2. Улуттук банк консервациялоону киргизүүгө жана банкка консерваторду дайындоого укуктуу: 

1) эгерде банктын капиталы өткөн 6 айдын ичинде банктык мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, капиталдын деңгээлинен 50 пайызынан ашуунду, бирок 100 пайыздан азыраакты түзсө

2) эгерде банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын банктары жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мыйзамдуу тескемелерин талаптарын же буюртмаларын аткарбаса; 

3) эгерде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк лицензиясын кайтарып алууга негиздер болсо. 

3. Улуттук банк төмөндө келтирилген негиздердин кайсынысы болбосун орун алганда консервациялоону киргизүүгө жана банкка консерваторду дайындоого милдеттүү

1) банктын капиталы Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык капиталдын 50 процентинен азды түзсө

2) банк төлөө мөөнөттөрү келип жеткенден кийин өз милдеттенмелерин төлөөнү токтотсо жана бул төлөөлөр боюнча соттук талаш-тартыштар болбосо; 

3) банкка карата банкроттук процессин же жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз сотко келип түшкөндүгү тууралу соттун билдирмесин алса; 

4) консерватор тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, банкты өз эрки менен жоюуну бүткөрүү зарыл болсо; 

5) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу (экономикалык жана кызматтык кылмыштарды жасаганы үчүн коюлган күнөө боюнча) банктын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголсо; мында "банктын кызмат адамдары" деп өздөрү расмий наамга ээ болгонуна же сый акы алганына карабастан, банк саясатын жүргүзүүчү банктын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укугу бар же аларга иш жүзүндө катышкан адамдар түшүнүлөт. 

Башкармалыктын төрагасы, башкармалыктын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча башкы кызмат адамдары аткаруучу кызмат адамдары болуп саналат. 

4. Ушул берененин максаттарында: 

1) Улуттук банк ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайларды аныктайт; 

2) банктын капиталы Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык аныкталат; 

3) банктын активдеринин жана пассивдеринин наркы Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген стандарттарга жана баалоо жол-жоболоруна ылайык аныкталат. 

 

9-берене. Консерваторду дайындоо 

 

1. Консерватор Улуттук банк башкармасынын чечими менен дайындалат. Консерватордун тиешелүү квалификациясы жөнүндөгү маселе Улуттук банктын ченемдик актылары менен аныкталат. 

2. Консерватор 18 айдан ашпаган мөөнөткө дайындалат. Консервациянын аракеттенүү мөөнөтү Улуттук банк тарабынан 9 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкери болбосо Улуттук банктын талаптарына жооп берген башка адам, консерватор болуп дайындалышы мүмкүн. 

3. Консерватор Улуттук банктан сый акы алат. Консервациялоону киргизүүгө байланыштуу Улуттук банк тарткан чыгашалар консерватор дайындалган банктын чыгымына чегерилет. Мында банкты консервациялоо жол-жобосу ишке ашырылган учурда жумшалган административдик чыгымдар (персоналга чыгым, чарбалык чыгашалар) консервациялоо жол-жобосу башталганга чейин банк ишке ашырып келген административдик чыгымдардын чегинде жүзөгө ашырылышы керек. 

4. Консерваторду дайындоо же консервациялоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим, негиздерин көрсөтүү менен кабыл алынат. Улуттук банк кабыл алынган чечим менен консерватор дайындалган банктын Директорлор кеңешине жана жетекчилигине маалымат берет. 

5. Консервациялоону ишке ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк, банкты санациялоону (акционерлери жана/же потенциалдуу инвесторлору тарабынан банктын рекапитализацияланышы) жүзөгө ашырууга 30 күн берүүгө укуктуу. 

 

10-берене. Консерваторду дайындоонун натыйжалары, анын укуктары жана милдеттери 

 

1. Улуттук банктын консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечими, эгерде чечимдин өзүндө башкача белгиленбесе, кабыл алган учурдан тартып күчүнө кирет. 

2. Улуттук банктын банкка консерваторду дайындоо жөнүндө чечими банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарын токтотот. Ушундан кийин, акционерлердин жалпы чогулушунун бардык чечимдери, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген болсо, укукка ээ болбогон катары эсептелинет. Консерватор банкты сатуу жана жабуудан тышкары банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктарына ээ болот. Консерватордун банкы кошуу жана бириктирүү боюнча ыйгарым укуктары Улуттук банктын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

3. Улуттук банктын банкка консерваторду дайындоо жөнүндө чечими банктын бардык жетекчилеринин ыйгарым укуктарын токтотот. Юридикалык жак катары, банктын атынан Консерватор гана иш алып барууга укуктуу, ал эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, банктын жетекчилерин жана кызматкерлерин кошкондо, башка адамдарга зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды бөлүштүрө алат. Консерватор убактылуу жок болгон же анын иш-аракетке жөндөмсүз болгон учурда, Улуттук банк белгиленген тартипте башка консерваторду дайындайт. 

4. Консерваторду дайындоо жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин банк тарабынан же анын атынан ишке ашырылган аракеттер, алар Улуттук банк, консерватор же алардын атынан башка жактар тарабынан кабыл алынган, болбосо Улуттук банк тарабынан ошондой катары таанылган баалуу кагаздар боюнча төлөө же эсептешүүлөр тутумуна келип түшкөн акча же баалуу кагаздарды которуу тууралу кайтара чакыртып алууга мүмкүн болбогон буйрук болуп саналган учурларды эске албаганда, анык эмес деп эсептелинет. 

5. Консерватор өз милдеттерин аткаруу жана өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын жана кредиторлор комитетинин алдында отчет берет. Улуттук банк консерватор дайындалгандан кийин жазуу жүзүндөгү нускоолорду жана иш-аракетке жетекчиликти ала турган документтерди ага жөнөтүүгө укуктуу. 

6. Консервациялоо киргизилген банктын финансылык абалын коргоо максатында, консерватор дайындалган учурдан тартып банктагы депозиттерди төлөө банк туурасында соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин токтотулат. Банктан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө соттук кандай чечимдерди болбосун аткаруу консервациялоо мезгили ичинде токтотулат. Ушул пункттун талабы ишеним менен башкарууда турган жана өзүнчө баланста эсепке алынган мүлктөргө карата колдонулбайт. 

7. Банкты консервациялоо мезгилинде банкка катышы барларга дивиденддер кошуп эсептелинбейт жана төлөнүп берилбейт. Депозиттерди коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, өз талаптарын канааттандырууга укугу бар кредиторлор (аманатчылар), консерватор дайындалгандан кийин арыздарын белгиленген тартипте берүүгө укуктуу. 

8. Банк консервациялоого кеткен чыгашаларды кошкондо, консерватор тарабынан банктын атынан жүргүзүлгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча толук жоопкерчилик тартат, эгерде бул операциялар жана бүтүмдөр консерватор тарабынан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылса. 

9. Банкка катышы барлар консерватордун аракеттеринин натыйжасында келип чыккан өз чыгымдары үчүн жоопкерчиликтерди консерваторго же Улуттук банкка жүктөөгө укугу жок, эгерде бул аракеттер банк аманатчыларынын жана кредиторлордун таламдарын коргоо максатында көрүлгөн болсо. 

10. Консерватор ушул Мыйзамда белгиленген консервациялоонун максаттарын жана милдеттерин сактоого, биринчи кезекте, өз аракеттеринин аманатчылардын, ошондой эле башка кредиторлордун укуктарын коргоо кызыкчылыгына мүмкүн болушунча ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү. Консерватор банк менен байланыштуу катышы барлардын жана кредиторлордун укуктарына караганда, банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун (аманатчылардын) укуктарын коргоого биринчи кезекте маани берүүгө тийиш. 

11. Банкты башкаруунун бардык органдарынын чечим кабыл алууга укугу жок, ал эми кабыл алынган чечимдер, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген (макулдашылбаган) болсо, ошондой эле консерваторго өз функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылса, алар укуктук күчкө ээ эмес. 

Консерватор банктын жетекчилигин жоюу жөнүндө чечимди кабыл алып жаткан учурда пайдаланылып жаткан консервациялоонун жол-жобосун жүргүзүүгө укуктуу. 

12. Консервациялоону жүргүзүү максатында консерватор заемдук каражаттарды тартууга укуктуу. Мындай учурда, консервациялоо мезгили ичинде консерваторго заемдук каражаттарды беришкен кредиторлордун талаптары, эгерде банк кийинчерээк жоюлууга дуушар болсо да, биринчи кезекте канааттандырылууга тийиш. 

13. Консерватор банк үчүн зарыл болгон кызматтардын жөнөтүүлөрүн (анын ичинде электр энергиясын, сууну, телефон байланыштарын ж.б.) кийинки төлөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө макулдук бериши мүмкүн, бирок, мурда көрсөтүлгөн кызматтарга, банк менен байланыштуу жактардан тышкары, бардык аманатчылардын талаптарын төлөөгө мүмкүнчүлүк бардыгына ынангандан кийин гана төлөп бериши мүмкүн. 

14. Банктын консерватору Улуттук банк менен макулдашуу боюнча төмөнкү принциптерди сактоо менен бардык же айрым аманатчыларга тиешелүү болгон суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүүгө укуктуу: 

1) консерватор банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун талаптарын төлөп берүү үчүн банктын колунда жетиштүү каражаттардын бар экендигине толук ынанмайынча, банк менен байланыштуу кайсы болбосун аманатчыга кандайдыр бир сумманы төлөп бере албайт; 

2) эгерде консерватор банкты финансылык жактан чыңдоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген жыйынтыкка келсе, аманатчыларга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кайсы болбосун төлөөлөрдү ал токтотууга милдеттүү

3) санациянын жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда кредитор менен эсептешүү ушул Мыйзам белгилеген банктын кредиторлорунун талаптарын кезеги менен канааттандырууга ылайык жүргүзүлөт. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

11-берене. Банкты башкарууну кабыл алуу 

 

1. Консерватор дайындалган учурдан баштап банкты башкарууну өзүнө кабыл алат жана банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталышын камсыз кылат. 

Дайындалган консерватор кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыялоого милдеттүү

2. Консерватор өзү дайындалган банктын кайсы болбосун активдерин, имарат жайларын, ошондой эле бухгалтердик китептерин жана башка жазууларын көрүүгө жана аларды тескөөгө чексиз укуктарга ээ. Консерватордун мыйзамдуу талабы боюнча укук коргоо органдары банктын жайларына кирүүдө жана анын башка активдери менен таанышууда, активдер, бухгалтердик китептер жана жазуулар менен иштөөдө жана алардын сакталышын камсыз кылууда консерваторго тиешелүү көмөк көрсөтүүгө милдеттүү

3. Консерватор дайындалгандан кийин Улуттук банк банктын аманатчыларынын жана/же башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында кайсыл учурда болбосун, банктын лицензияларынын аракетин токтотууга же банктын банктык операцияларына кандай болбосун чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

12-берене. Консервациялоо жөнүндө чечимге даттануунун тартиби 

 

1. Банкка консерватор дайындалгандан кийинки он күн ичинде, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы консерватордун дайындалышына карата банктын атынан каршылыгын жазуу жүзүндө Улуттук банкка жөнөтө алат. Мындай каршы пикирлер жок болгондо, консервациялоону баштоо жана консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечим менен банк макул болду деп эсептелинет. 

2. Консерваторду дайындоого жазуу жүзүндөгү банктын каршы пикирин алгандан кийин Улуттук банк он күндүк мөөнөт ичинде банктын жазуу жүзүндөгү каршы пикирин кароого жана себептерин көрсөтүү менен мурда кабыл алынган чечимди тастыктаган же аны жокко чыгарган чечимди кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайталап кабыл алынган чечими менен банк дароо тааныштырылат. 

3. Эгерде консерваторду дайындоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечим алынып салынса, консерватор банкка жана анын активдерине, бухгалтердик китептерине жана жазууларына контролдукту банк Башкармалыгына дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү

4. Улуттук банктын консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечимине, ошондой эле Улуттук банктын консерватордун дайындалгандыгын тастыктаган чечимине он күндүк мөөнөт ичинде макул болбогон банк сотко даттана алат. Консерваторду дайындоо жөнүндө чечим соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин юридикалык күчүн толугу менен сактап турат. 

5. Улуттук банк консерваторду дайындоо жөнүндөгү анын чечими боюнча сотко даттануунун түшкөндүгү ага маалым болгондон кийинки 10 күн ичинде кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүн тастыктаган документтерди, анын ичинде ошол банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчетун жана консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечиминин көчүрмөсүн сотко жөнөтөт. 

6. Улуттук банктын чечимине даттануу жөнүндөгү ишти кароодо сот, өз чечимин негиздүү далилдөө үчүн тараптар тарабынан берилген, ошондой эле тараптардын ишинде камтылган жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрү боюнча документтерди эске алат. Чечим кабыл алганга чейин бурмаланган жана/же сотко белгисиз болгон окуялар жана фактылар, ошондой эле сот чечим кабыл алгандан кийин болгон окуялар сот тарабынан эске алынбайт. 

7. Сот консервациялоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышынын негиздүүлүгүн тастыктаган Улуттук банктын документтери келип түшкөндөн кийинки 20 күн ичинде Улуттук банктын чечиминин мыйзам ченемдүүлүгүн карайт жана төмөнкү учурларда мындай чечимди жокко чыгарат: 

1) эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечим кабыл алуусу үчүн мыйзамдарда каралган негиздер жок болсо; 

2) эгерде Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди жүзөгө ашырбаса. 

8. Улуттук банктын лицензияларды кайтарып алуу тууралу чечими даттанууга жатпайт, ал эми арыз сот тарабынан кароого алынбайт, эгерде Улуттук банк лицензияны ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык банкка дайындалган консерватордун корутундусунун негизинде кайтарып алса. 

 

13-берене. Консерватордун отчету 

 

1. Консерватор дайындалгандан кийинки 30 күндөн кечиктирбестен, өзү дайындалган ошол банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоого жана Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

2. Консерватордун отчетунда банк жоюлууга дуушар болгондо сатып өткөрүлүүгө тийиш болгон активдердин наркына берилген баалоосу, ошондой эле консерватордун банктын андан аркы иши боюнча сунуштоолору камтылууга тийиш. Консервациялоо боюнча көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгашаларга чегерилген, наркы тышкы аудиторлордун жардамы менен отчет түзүлүшү мүмкүн. Отчетто тиешелүү негиздөөлөрү менен төмөнкү сунуштоолордун бири камтылууга тийиш: 

1) лицензияларды кайтарып алуу жөнүндөгү сунуштоону; 

2) тиешелүү мезгил алкактарын кошкондо, Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык банкты чыңдоонун кылдат иштелип чыккан планы; 

3) банкты сатуу, башка банк менен кошуу же банктын активдерин жана/же пассивдерин жарым-жартылай сатуу боюнча кылдат иштелип чыккан планы. 

 

14-берене. Консервациялоо учурундагы иш-аракеттер 

 

1. Улуттук банк консерватордун планын карап чыгып, төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат: 

- эгерде ушул Мыйзамдын 15-беренесинде банк тутумунун кызыкчылыгы банктын каралган тартиптин сакталышы менен реабилитацияланышын талап кылса; 

- Улуттук банк лицензияны кайтарып алат жана банкка карата банкроттук процессин козгоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат; эгерде Улуттук банк банктын капиталы капиталдын талап кылынган деңгээлинин кеминде 25 процентин түзө тургандыгын белгилесе (адекваттуулуктун талап кылынган стандарттарын кошкондо); 

- консерватордун санация башталгандыгы жөнүндө сунушун колдоону. 

2. Эгерде консерватор банктын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз иштердин жүргүзүлүшүнүн же Улуттук банктын тигил же бул тескемесинин аткарылбай калуусунун негизинде дайындалса, анда консерватор банк тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын калыбына келтирүү же жогоруда белгиленген тескеменин аткарылышы боюнча бардык тиешелүү аракеттердин көрүлүшүн камсыз кылат. 

3. Консерватордун отчетунда ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган сунуштоолор камтылып жана Улуттук банк консерватордун сунуштоолор жактырган учурларды эске албаганда, ушул Мыйзамга ылайык банктын банктык лицензиясы кайтарылып алынууга, ал эми банк жоюлууга тийиш. 

4. Улуттук банк консерватордун сунуштоолорун ишке ашырууну баштоого чейинки жана андан кийинки да консерватордун сунуштоолорун кабыл алууга же четке кагууга укуктуу. 

5. Улуттук банк консерватордун сунуштоолорун ишке ашыруунун кайсы болбосун стадиясында лицензияны токтоосуз кайтарып алууга жана ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча банкты мажбурлап жоюу маселесин көтөрүүгө укуктуу. 

 

14-1-берене. Банкты реструктуралаштыруу 

 

1. Реструктуралаштыруу - атайын администрациялоо жол-жобосунун методу, ал кредиторлордун жана банкты жоюу кызыкчылыгында кийин сатуу үчүн банктын активдеринин базасында жаңы бир же бир нече жаңы юридикалык жактарды түзүүнү караштырат. 

2. Эгерде атайын администратор банкта реструктуралаштыруу жүргүзүүнү максатка ылайык деп тапса, анда ал муну жаңы бир же бир нече жаңы юридикалык жактарды түзүү жолу менен жасоого укуктуу. Мында салым катары уставдык капиталга атайын администратор банктын активдерин өзү каалагандай төлөйт. Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жак же жактар кийинчерээк сатылууга, ал эми алынган каражаттар кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жумшалууга тийиш. 

Мында атайын администратор өзү каалагандай, жаңы юридикалык жакка же жактарга банктын активдери менен карыздарын берет, аларды ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен каралган жол-жоболорго ылайык өткөрүп берүүнү зарыл деп эсептейт. 

3. Реструктуралаштыруу максаты үчүн түзүлгөн жаңы юридикалык жак акционердик коом түрүндө гана уюштурулушу мүмкүн. Жаңы юридикалык жакты түзгөндө жана каттоодон өткөргөндө атайын администратор уюштуруучу катары аракеттенет. Жаңы юридикалык жактын уюштуруу документтеринде бул жөнүндө белги болууга тийиш. 

4. Банктын атайын администратору тарабынан жаңы юридикалык жакка же жактарга берилген карыздарды жана активдерди кошпогондо, жаңы юридикалык жак же жактар карызкор банктын карыздары жана активдери боюнча, анын ичинде бюджетке жана бюджетке кирбеген фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча укук мураскору болуп саналбайт. Атайын администратор тарабынан жаңы юридикалык жакка өткөрүп берилбеген карыздар менен активдер банкта калат. 

Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары жана сот органдары банктын карыздарын тындыруу үчүн, жаңы юридикалык жактын активдерин, анын ичинде акча каражаттарын алып коюуга укугу жок. 

5. Атайын администратор мүлк комплекси катары жаңы юридикалык жакты бүтүндөй, же ал өзү түзгөн жаңы юридикалык жактын капиталынын акцияларын же үлүшүн сатууга жана мындай сатуудан түшкөн каражаттарды банктын кредиторлору менен эсептешүүгө жумшоого укуктуу. 

6. Атайын администратордун жаңы юридикалык жакты уюштуруу жана каттоо менен байланышкан негиздүү бардык чыгымдары банкроттоо процессинин чыгымдары болуп саналат. 

7. Банктын дебиторлору жаңыдан түзүлгөн юридикалык жактын дебиторлору болуп калат. Карыздарды өткөрүп берүү үчүн банктын кредиторлорунун макулдугу талап кылынбайт. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

15-берене. Тутумдуу мааниси бар банктарды реабилитациялоонун негиздери жана тартиби 

 

1. Эгерде банк тутумунун кызыкчылыгы банкты реабилитациялоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышын талап кылган учурда, мында тиешелүү чаралардын кабыл алынбашы тутумдуу кризиске алып келиши мүмкүн болсо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунуштоолоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банкты реабилитациялоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышы тууралу чечим кабыл алышы мүмкүн. 

Реабилитациялоо, банкка дайындалган консерватор тарабынан Улуттук банктын көзөмөлдүгү астында жүргүзүлөт жана консервациялоо жол-жобосунун аяктоосу боюнча бүткөрүлгөн иш катары эсептелинет. 

2. Банкты реабилитациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу тууралу сунуштоолор Улуттук банк тарабынан консерватор менен бирдикте иштелип чыккан реабилитациялоо боюнча чаралардын планын берүү менен коштолот. Планда, банкты башкарууда же анын учурдагы ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар кылдат аныкталып, бул чараларды кабыл алуунун графиги, ошондой эле реабилитациялоо боюнча иш-чараларды каржылоо планы белгиленет. 

3. Реабилитациялоо планын ишке ашыруунун кайсы учурунда болбосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен консультацияларды жүргүзүүдөн кийин, реабилитациялоо планын аткарууну токтотуусу жана банкка карата банкроттук процессин козгоо жөнүндө сотко өтүнмө менен кайрылууга Улуттук банкка сунуш кылышы мүмкүн. Тутумдуу мааниси бар банктарды реабилитациялоо максатында пайдаланылган каражаттар, мамлекеттик ресурстардын эсебинен бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан банкты реабилитациялоого каражат берүү заемдук каражат же акционердин капиталы түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынын каражат бөлүүсүнө жол берилбейт. 

4. Иштеп турган катары реабилитацияланып жаткан банктын активдерин сактап калуу жана анын ишин башкаруу максатында, Улуттук банк реабилитацияланып жаткан банктын активдерин жана пассивдерин башка бир банкка которуу жөнүндө тескеме бериши мүмкүн. Мындай которуу реабилитацияланып жаткан банктын, анын кандайдыр бир корпоративдик органдарынын, кредитолорунун же акционерлеринин макулдугун талап кылбайт. Активдерди жана пассивдерди которуу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын расмий басылмаларында кабарламалар аркылуу жана башка республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. Активдерди жана пассивдерди которуу, тиешелүү тараптар үчүн расмий кабарлама жарыяланган күндөн кийинки күнү күчүнө кирет. 

5. Реабилитациялоо планында банктын негизги ишин ушул Мыйзамда уруксат берилген бир же андан көп бүтүмдөр аркылуу башка банкка которуунун стратегиясы каралат жана баа берилет жана банкка катышы барлар жана башка жактар тарабынын мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз пайда көрүүсүнө бөгөт коюучу чаралар аныкталат. 

Улуттук банкы реабилитациялоо планына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: 

- ушул Мыйзамда каралган бир же андан көп бүтүмдөрдү жүргүзүүгө банктын консерваторуна ыйгарым укуктарды берүүгө

- банктын уставдык капиталын жана чыгарылган акциялардын көлөмүн алар тарабынан аныкталган шарттарда көбөйтүү жөнүндө тескеме берүүгө

6. Банкты реабилитациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдар ошол банктын чыгашаларына чегерилет. 

 

16-берене. Консерватордун ыйгарым укуктарын токтотуу 

 

1. Консерватордун ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдө токтотулат: 

1) консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечимде же консерватордун ыйгарым укуктарынын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу тууралу чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн бүтүшү боюнча; 

2) Улуттук банктын тиешелүү чечими менен; 

3) соттун чечими менен жоюучунун дайындалышына байланыштуу; 

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде. 

2. Ушул берененин 1-пунктунун 1, 2, 4-пунктчаларына ылайык консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулушу, банктын аткаруу органынын ыйгарым укуктарынын калыбына келишине алып келет. Консерватор иштеп турган мезгил ичинде өз милдеттерин аткаруудан четтетилген банктын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары консерватордун иши токтотулгандан кийин калыбына келтирилет, эгерде алар Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык бошотулбаган болсо жана эгерде Улуттук банк банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап койбосо. 

3. Ушул берененин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык консерватордун ыйгарым укуктары токтотулганда, консерватор банкка жана анын активдерине, ошондой эле бухгалтердик китептерге жана жазууларга контролдукту сот тарабынан дайындалган жоюучуга токтоосуз өткөрүп берүүгө милдеттүү

4. Өз ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин консерватор 30 күн ичинде консервациялоо мезгилиндеги бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын кошо тиркөө менен корутунду отчетту даярдоого жана Улуттук банкка жана банкка берүүгө тийиш. 

5. Консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгы жөнүндөгү билдирүү Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий басылмаларында жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. 

 

III бөлүм 

Жоюу 

 

1-глава 

Жоюу жөнүндө жалпы жоболор 

 

17-берене. Банкты жоюунун негиздери 

 

Улуттук банктын банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды кайтарып алуу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык чечими, соттук же соттук эмес тартипте банкты жоюунун кайсы жол-жобосу болбосун жүргүзүүнүн бирден бир негизи болуп саналат. 

 

18-берене. Жоюу жол-жобосу 

 

1. Жоюу жол-жобосу банктын өз эрки боюнча жоюлушу (өзүнөн-өзү жоюлушу) жана мажбурлап жоюлушу формасында жүргүзүлөт. 

2. Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) соттук эмес тартипте, ал эми банкты мажбурлап жоюу соттук тартипте жүргүзүлөт. 

3. Улуттук банк банкка карата мажбурлап жоюнун тигил же бул жол-жобосун колдонуунун зарылчылыгы жана максатка ылайыктуулугу маселесин өз алдынча чечет. 

4. Банктын, банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиялары кайтарылып алынган учурда ал, ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жоюлууга тийиш. 

5. Банктын, банктык лицензиялары кайтарылып алынгандан кийин Улуттук банктын финансылык жана башка отчетторду талап кылуусу, токтотулат эгерде алар тарабынан башкасы белгиленбесе. 

6. Жоюу жол-жобосу аягына чыккандан кийин банктын иши токтотулат, банктардын реестриндеги жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестриндеги жазуулар өчүрүлөт. Банктын жоюлушу укуктун өтүшүнө алып келбейт. 

7. Жоюу жол-жобосун башынан өткөрүп жаткан, бардык жол-жоболор акырына чыкканга жана юридикалык жак катары банктар ишин токтоткондугу жөнүндө реестрге жазылып коюлганга чейин Улуттук банк ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде банктардын мониторингин жүзөгө ашырат. 

 

19-берене. Резидент эмес банктардын филиалдарын жоюу 

 

1. Жоюу жол-жобосу резидент эмес банктын кайсы болбосун филиалына карата козголушу мүмкүн: 

1) эгерде 24-беренеде көрсөтүлгөн негиздердин кайсынысы болбосун, ал банк болуп саналган мындай мекемеге карата колдонулушу мүмкүн; же 

2) Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эгерде жоюу жол-жобосу анын башкы кеңсеси жайгашкан же негизги иши жүзөгө ашырылган өлкөдөгү резидент эмес банкка карата башталса. 

2. Ушул главадагы жоболордун максаттары үчүн резидент эмес банктын кайсы филиалы болбосун, резидент эмес банктын калган бардык жергиликтүү мекемелерин жана резидент эмес банктын Кыргыз Республикасындагы иш алып баруусунун натыйжасында же ушул ишине байланыштуу башка негизде келип чыккан активдерин жана пассивдерин кошкондо, резидент эмес банктын жергиликтүү туунду банкы катары каралат. 

3. Резидент эмес банктын филиалына карата жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып, резидент эмес банк, ошол мекемеге дайындалган жоюучу (атайын администратор) тарабынан жүзөгө ашырылган же ошол жоюучунун (атайын администратордун) алдын-ала жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүзөгө ашырылган операцияларды эске албаганда, Кыргыз Республикасында кандай банктык операциялар болбосун жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

4. Резидент эмес банктын мекемесине карата Кыргыз Республикасында козголгон жоюу жол-жобосу өз талаптарын канааттандыруу максатында ошол банктын чет өлкө активдеринин өндүрүүгө айландырууга резидент эмес банктын кредиторлорунун укуктарына чек койбойт. 

 

19-1-берене. Карызкор банкты реабилитациялоонун жана атайын администрациялоонун жол-жобосу 

 

1. Банкты реабилитациялоонун жол-жобосу "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык сот же соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт. 

2. Реабилитациялоо жол-жобосу ар кандай этапта атайын администрациялоо жол-жобосуна төмөндөгүдөй адамдардын демилгеси боюнча айланышы мүмкүн: 

1) атайын администратор тарабынан - банктын реабилитациялоо жол-жобосун токтотуу жана атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо жөнүндөгү өтүнмө менен сотко (соттун катышуусу менен реабилитациялоодо) же кредиторлордун тиешелүү түрдө чакырылган чогулушуна (соттун катышуусуз реабилитациялоодо) кайрылуу жолу менен; 

2) кредиторлор тарабынан - тиешелүү өтүнмө менен сотко (соттун катышуусу менен реабилитациялоодо) кайрылуу жолу менен же кредиторлордун тиешелүү түрдө чакырылган чогулушунун мындай чечимин кабыл алуу жолу менен. Жогоруда аталган аракеттер үчүн карызкор банктын кабыл алынган реабилитациялоо планынын аткарбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы бирден-бир негиз болушу мүмкүн. Банк бул чечимге 7 календарлык күндүн ичинде даттанууга жана мурдагы чечимди калыбына келтирүү жөнүндө сотко өтүнмө билдирүүгө укуктуу; 

3) соттун өзүнүн демилгеси боюнча (соттун катышуусу менен реабилитациялоодо) карызкор банк реабилитациялоо планын аткарбаган же тиешелүү түрдө аткарбаган учурда тиешелүү чечим кабыл алуу жолу менен. 

3. Ар кандай стадияда карызкор банкты атайын администрациялоонун жол-жобосу мына бул жактардын демилгеси боюнча реабилитациялоо жол-жобосуна айландырылышы мүмкүн: 

1) атайын администратор тарабынан - тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кредиторлордун тиешелүү түрдө чакырылган чогулушуна реабилитациялоо планын иштеп чыгуу жана берүү жолу менен; 

2) сот тарабынан - соттун катышуусу менен атайын администрациялоодо карызкор банк реабилитациялоо маселесин кароо үчүн кредиторлордун чогулушунун чакырылгандыгы жөнүндө жана чогулушта кабыл алынган чечим тууралу сотко маалымдоого тийиш. Эгерде реабилитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынса, ушул бөлүмдүн бардык талаптары сакталган учурда сот бул чечимди бекитет. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-2-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо 

 

1. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлордун тобу тарабынан - (кредиторлордун жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин саны менен) сотко өтүнмө берүү жолу менен же кредиторлордун чогулушун чакыруу жолу менен козголушу мүмкүн. 

2. Карызкор банк тарабынан реабилитациялоо жол-жобосунун козголушу үчүн анын канааттандыралбай турган балансы болууга же аларды тындыруу мөөнөтү келгенден кийин өз карыздарын тындырууга кудурети болбоого тийиш, мында карыздын эң аз суммасы талап кылынбайт. 

3. Карызкор банкка карата реабилитациялоо жол-жобосу аны жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алдын ала жактырылышы менен колдонулат. 

4. Атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылуу жолу менен карызкор банкты калыбына келтирүү жол-жобосуна демилгечи боло алат. 

5. Калыбына келтирүү жол-жобосу "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-3-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнүн шарттары 

 

1. Ушул Мыйзамга ылайык реабилитациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин карызкор банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) өзүнүн негизги турган жерине эң жакын региондогу республикалык жана областтык (же жергиликтүү) газетага кулактандыруу жарыялоого. Бул кулактандыруу кеминде 10 календарлык күндүк тыныгуу менен кеминде эки жолу жарыяланууга тийиш. Кулактандырууда кредиторлордун чогулушун өткөрүүнүн убактысы, датасы, орду жана максаты көрсөтүлүүгө тийиш; 

2) эң аз эмгек акынын 100 өлчөмүндө жана андан ашык карызы бар бардык белгилүү кредиторлорго: 

а) кредиторлордун чогулушунун убактысы, датасы, орду жана максаты жөнүндө кабарлама; 

б) аларга тиешелүү сумманы көрсөтүү менен бардык белгилүү кредиторлордун тизмесин, ошондой эле болжолдуу финансы маалыматты (мындай маалыматты берүүнүн тартиби банкроттук боюнча ченемдик укуктук актылар менен аныкталат); 

в) реабилитациялоонун болжолдуу планын жиберүүгө

3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн акыркы кулактандыруу жарыялангандан жана жазуу жүзүндөгү материалдар жөнөтүлгөндөн кийин 14 календарлык күндөн өткөрбөй кулактандырууда көрсөтүлгөн жерде жана убакта кредиторлордун чогулушун өткөрүүгө

2. Кредиторлордун биринчи чогулушунда карызкор банк өзү жөнүндө толук финансы маалыматын жана реабилитациялоонун жазуу жүзүндөгү планын берүүгө милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-4-берене. Кредиторлордун чогулушунун чечимдери 

 

1. Карызкор банктын кредиторлору биринчи чогулушта төмөнкүлөрдү чечиши мүмкүн: 

1) реабилитациялоо планын кабыл алууну; 

2) планга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүүгө жана аларды карызкор банкка сунуш кылууга тийиш, ал өзгөртүлгөн планды 14 календарлык күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Өзгөртүлгөн план карызкор банк тарабынан четке кагылган учурда реабилитациялоо жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык атайын администрациялоо жол-жобосуна айланышы мүмкүн; 

3) зарыл болгондо өз чечимин он төрт календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырууну. Бул мөөнөт аяктагандан кийин экинчи чогулуш чакырылат; 

4) реабилитациялоо планын четке кагууну; 

5) реабилитациялоо планын четке кагууну жана атайын администрациялоо жол-жобосун козгоону. 

2. Эгерде чогулушка катышкан бардык кредиторлор жана карызкор банк бир добуштан добуш берсе, соттон тышкары тартипте реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алынды деп эсептелинет. Андай болбогон учурда реабилитациялоо жол-жобосу сот тартибинде гана жүргүзүлүүгө тийиш. 

Эгерде кредиторлордун биринчи же андан кийинки ар кандай чогулуштарынын башка маселелери боюнча чечими карызкор банктын карызынын чогулушуна катышкандарга тиешелүү суммасынын 60 жана андан ашык пайызына талапкер болгон кредиторлор добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Чогулушка катышпаган адамдардын карызынын суммасы эч кандай мааниге ээ болбойт. 

3. Кредиторлор "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиторлор комитетин түзүүгө укуктуу. 

4. Карызкор банк же ар кандай кредитор 7 календарлык күндүн ичинде кредиторлордун чогулушунун чечимине сотко даттанууга укуктуу. Бул учурда арыз берүүчү арызга реабилитациялоо планынын текстин жана кредиторлордун чогулушунун протоколун тиркөөгө тийиш. 

5. Кредиторлордун андан кийинки чогулуштары карыздын жалпы суммасынын 20 же андан ашык пайызын талап кылган банктын атайын администратору же кредиторлор тарабынан козголушу мүмкүн. Кийинки чогулуштар реабилитациялоо жол-жобосун атайын администрациялоого айландыруу планын өзгөртүү үчүн же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакырылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-5-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планынын сот тарабынан бекитилиши 

 

1. Атайын администратор кредиторлордун чогулушу тарабынан реабилитациялоо планы кабыл алынган учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө реабилитациялоо планын бекитип берүү жөнүндө сотко арыз берүүгө тийиш. 

2. Арызга: 

1) реабилитациялоо планынын тексти; 

2) кредиторлордун чогулушунун протоколу; 

3) кредиторлордун даректерин жана карыздарынын суммасын көрсөтүү менен алардын тизмеси; 

4) реабилитациялоо планынын кабыл алынышына добуш берүүгө катышпаган же ага каршы добуш берген (эгерде андайлар бар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикирлери тиркелүүгө тийиш. 

3. Сот арызды сотко арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылышы мүмкүн эмес. Реабилитациялоо планын кароонун датасы жөнүндө сот реабилитациялоого катышуучу карызкор банкка, кредиторлорго, үчүнчү жактарга кабарлайт. Кабарланган адамдардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-6-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартуу 

 

1. Сот төмөндөгүдөй учурларда реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартат: 

1) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон айрым кредиторлордун артыкчылыктарын же укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, күрөө менен камсыз болгон кредитордун макулдугу болгон учурларды кошпогондо; 

2) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги кредиторлордун артыкчылыктарын же мыйзамдуу укуктары менен таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, айрым кредиторлордун макулдугу болгон учурларды кошпогондо; 

3) реабилитациялоо планында үчүнчү жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, үчүнчү жактардын макулдугу болгон учурларды кошпогондо; 

4) эгерде "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген банкроттоо процессинин чыгымдарынын ордун толтуруунун тартиби бузулса; 

5) эгерде реабилитациялоо планына коюлуучу талаптар сакталбаса же "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен белгиленген реабилитациялоо планын кабыл алуунун тартиби бузулса; 

6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын дагы башка талаптары бузулса. 

2. Сот реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн. Сот тарабынан мындай аныктаманын чыгарылышы реабилитациялоонун жаңы планынын иштелип чыгышына жана кабыл алынышына тоскоолдук кылбайт. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-7-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планы 

 

1. Карызкор банкты реабилитациялоо планы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренесинин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

2. Карызкор банкты реабилитациялоо планы анын жоюлушун болтурбоо максатында карызкор банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган ар кандай кайра уюштуруу, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды караштырышы мүмкүн, анын ичинде: 

1) карызкор банк тарабынан активдердин баарынын же бир бөлүгүнүн сакталып калышын; 

2) карызкор-банктын активдеринин ар кандай бөлүгүн сатууну (ээликтен ажыратууну) же бөлүштүрүүнү

3) карызкор банкты мыйзамдарга ылайык кайра уюштурууну; 

4) карызкор банк тарабынан мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайра каралышын, пайыздык ставкаларды өзгөртүүнү кошо алганда; 

5) башкарууну (менеджментти) өзгөртүүнү

6) карызды, өтмө укук акысынын төлөнүшүн кечүү, милдеттенмелердин жаңыланышы же болбосо милдеттенмелердин аткарылышын кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу, карыз жеңилдиктери же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка ыкмалар аркылуу карызкор банктын милдеттенмелерин токтотууну; 

7) карызкор банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактардын аткарышын; 

8) иштеп жаткан карызкор банктарга карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдерин 12 айдын аралыгында карызкор банктын аткарышы боюнча милдеттенмени; 

9) мыйзамдарга карама-каршы келбей турган дагы башка чараларды. 

3. Атайын администратор реабилитациялоо планын аткарган учурда карызкор банктын жападан-жалгыз өкүлү болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-8-берене. Соттун чечими боюнча банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү 

 

1. Сот тарабынан реабилитациялоо планы бекитилген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 10 күндүк мөөнөттө аны чакыртып алганга чейин колдонулган карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүүгө милдеттүү

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызкор банк тарабынан аткарылганга чейин бул лицензияны колдонууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. 

3. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк тарабынан аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензия берүүгө же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-9-берене. Банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын соттук эмес тартипте калыбына келтирүү 

 

1. Атайын администратор реабилитациялоо планы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө берилген документтерди карап чыгууга жана эгерде берилген план "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын канааттандыра турган болсо, аны жактырууга жана аны чакыртып алган учурда карызкор банкта болгон банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын карызкор банкка кайтарып берүүгө милдеттүү

2. Эгерде берилген документтер коюлган талаптарга жооп бербесе, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө баш тартуунун себептерин түшүндүргөн жүйөлүү баш тартууну берүүгө милдеттүү

Эгерде документтерди алган учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баш тартуунун жүйөсүн бербей турган болсо, анда атайын администратор реабилитациялоо планын бекитүү жана сот тартибинде банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

Эгерде атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүйөлүү баш тартуусу менен макул болбосо, анда атайын администратор сот тартибинде реабилитациялоо планын бекитүү жана банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптарды карызкор банк аткарганга чейин бул лицензиянын колдонулушун токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. 

4. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызкор банк тарабынан аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аталган банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензияны 10 календарлык күндүн ичинде берүүгө же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-10-берене. Банкты кайра уюштуруу 

 

1. Карызкор банкты финансы жагынан жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аны кайра уюштуруу жөнүндө талап коюшу мүмкүн. 

Карызкор банкты кайра уюштуруу банк эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген түрдө жүзөгө ашырылат. 

Банкты ыктыярдуу кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабын алган учурда карызкор банктын жетекчиси аны алган учурдан тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде карызкор банкты кайра уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуу максатында банктын Директорлор Кеңешине акционерлердин кезексиз чогулушун чакыруу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга милдеттүү. Карызкор банкты кайра уюштуруу маселеси боюнча акыркы чечим банктын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2-глава 

Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) 

 

20-берене. Өз эрки менен жоюлууну (өзүнөн-өзү жоюлууну) өткөрүүнүн тартиби 

 

1. Банктын өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздерде жана Улуттук банктын макулдугу менен соттук эмес тартипте өткөрүлөт. 

Банкка катышы барлар тарабынан, банктын ишин токтотуу жана өзүнөн-өзү жоюлуу тууралу белгиленген тартипте чечим кабыл алынган учурда, банк катышы барлардын чечиминин негизинде банктык лицензияларды кайтарып алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылат. Мындай чечим банкка катышы барлар тарабынан катышы барлардын добушунун жалпы санынын кеминде үчтөн экиси менен кабыл алынат. 

Өзүнөн-өзү жоюлуу жөнүндөгү чечим төлөөгө жөндөмдүү банкка гана катышы барлар тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. 

Өтүнмөгө банкты өз ишин токтотууга даярдоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген иш-чаралардын кылдат иштелип чыккан планы, кредиторлордун талаптарын канааттандыруунун тартиби жана мөөнөттөрү, анын милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктын жетиштүү каражаттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн баланстык отчету жана тизмеси Улуттук банк тарабынан аныкталган башка тиешелүү маалыматтар кошо тиркелүүгө тийиш. 

2. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө өтүнмөнү кароого жана тиешелүү чечимди кабыл алууга милдеттүү

3. Банктын өзүнөн-өзү жоюлуусу, банктын өтүнмөсүн канааттандыруудан улам, банктык лицензияларды кайтарып алуу тууралу Улуттук банк чечим кабыл алган учурдан тартып башталды деп эсептелинет. Улуттук банктын макулдугусуз, банктык лицензия банкка кайтарылып берилбейт жана ал өзүнөн-өзү жоюлууга алып келбейт. 

4. Өзүнөн-өзү жоюлуу башталгандан кийин банкка катышы барлар Улуттук банк менен макулдашып, жоюу комиссиясын (жоюучуну дайындайт) түзөт, банктын активдерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жана иштери ага өтөт. Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн өзү жоюлуу) жол-жобосун жүргүзүү жана банктын кредиторлору менен эсептешүүлөр үчүн жоюу комиссиясы (жоюучу) жоопкерчилик тартат. 

5. Өзүнөн-өзү жоюлуу жол-жобосун башынан өткөрүп жаткан банктын жоюу комиссиясы (жоюучусу) Улуттук банкка анын суроо - талабы боюнча кандай маалыматтар болбосун берүүгө жана Улуттук банкка банктын имаратына кирүү мүмкүнчүлүгүн, отчеттор, бухгалтердик жана башка кандай болбосун жазуулар менен таанышуусун камсыз кылат. 

6. Эгерде өзүнөн-өзү жоюлууну жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планы Улуттук банктын пикири боюнча алгылыксыз болсо, банктын өтүнмөсүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн. Мында, банктын болгон активдери кредиторлордун талаптарын толук өлчөмүндө канааттандыруу үчүн жетишсиз экендиги аныкталса же лицензияларды кайтарып алууга башка негиздер болсо, анда бул учурда Улуттук банк: 

- банкка токтоосуз түрдө консерваторду дайындайт; 

- сотко мажбурлап жоюу жол-жобосун, анын ичинде, банкроттук процессин козгоо жөнүндө арыз менен кайрылат. 

Өзүнөн-өзү жоюлуу демилгесин көтөрүүнүн жүрүшүндө атайылап такталбаган маалыматтардын берилишине күнөөлүү болгон адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат. 

7. Эгерде Улуттук банк тарабынан банктын жоюу комиссиясы (жоюучусу) өзүнөн-өзү жоюлуу жол-жобосунун тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашырбай жаткандыгы, Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы, болбосо кредиторлордун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууларга жол берилгендиги белгиленген болсо, банктын активдеринин сакталып турушун камсыз кылуу максатында Улуттук банк консерваторду дайындоого жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

 

3-глава 

Мажбурлап жоюу 

 

21-берене. Мажбурлап жоюу жол-жобосу 

 

Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу банкроттук жана төлөөгө жөндөмсүз банкты мажбурлап жоюу (банкроттук процесси) негиздери боюнча эмес, банкты мажбурлап жоюу формасында өткөрүлөт. 

 

22-берене. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу 

 

1. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу жол-жобосу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган кандай негиздери боюнча болбосун жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте козголушу мүмкүн. 

2. Улуттук банк, банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды кайтарып алуу менен: 

- дароо консерваторду дайындайт; 

- сотко тийиштүү арыз менен кайрылат. 

3. Банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз Улуттук банкка келип түшкөн учурда, Улуттук банк мындай арызды колдоого алууга же колдобой коюуга укуктуу. Эгерде Улуттук банк арызды колдобосо жана банктын лицензияларын кайтарып алуу тууралу чечим кабыл албаса, банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо мүмкүн эмес. 

 

23-берене. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюунун башталышы 

 

1. Сот тарабынан мажбурлап жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып мажбурлап жоюу жол-жобосу башталды деп эсептелинет жана сот тарабынан жоюучу дайындалат. Консерватор банкты башкарууну жана контролдукту жоюучуга өткөрүп берет. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык мажбурлап жоюу жол-жобосун жүзөгө ашырат. 

2. Эгерде банкты мажбурлап жоюунун жүрүшүндө анын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленсе, анда сот Улуттук банктын болбосо Улуттук банктын макулдугу менен башка жактын арызы боюнча, банкроттоо негиздер боюнча эмес, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун банкроттоо процессине айландыруу менен банкроттоо процессин козгойт. 

3. Жоюучу өзү дайындалгандан кийинки 2 күндөн кечиктирбестен, соттун чечими боюнча банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кабарламаны республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыялайт. 

4. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып: 

1) банк тарабынан же анын атынан көрүлгөн аракеттер, Улуттук банк тарабынан көрүлгөн же банкка дайындалган жоюучу же анын атынан иш алып барган башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан көрүлгөн аракеттерди эске албаганда, юридикалык жана доолук күчкө ээ болбойт; 

2) банкка карата козголгон бардык соттук иштер жана банктын активдерине коюлган камакка алуулар токтотулат; 

3) күрөө менен байланган активдерди эске албаганда, банктын активдери мына ушундай күрөө менен байланган карыздын суммасынын чегинде аткаруу өндүрүшүнөн корголот; 

4) эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, банкка карата башка жол-жоболор козголушу мүмкүн эмес. 

5. Мажбурлап жоюлууга дуушар болгон банктын жоюучусу, ушул Мыйзамда банкрот болгон банктын атайын администраторлору үчүн каралган укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат. 

6. Мажбурлап жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган негиздер боюнча чечим кабыл алып жана бул беренелерге ылайык тиешелүү аракеттерди жүзөгө ашыра алат. 

 

24-берене. Банкроттоо процессин козгоонун негиздери 

 

1. Эгерде төлөө мөөнөттөрү келип жеткен учурда, банк кредитордун карыздарды төлөө жана башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча укук ченемдүү талаптарын канааттандырбаса, канааттандыруудан баш тартса же канааттандырууга жөндөмсүз болсо, же анын капиталынын адекваттуулугунун көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн болсо, же банктык көзөмөл органынын эсептөөлөрү боюнча банктын милдеттенмелери анын активдеринен ашып турган учурда, банк төлөөгө жөндөмсүз деп эсептелинет жана банкрот деп таанылышы мүмкүн. 

Эгерде кредитор жеке же юридикалык жак болуп саналганына карабастан, кредитордун карызкор банкка карата талаптары эсептик көрсөткүчтөрүнөн кем эмести түзсө, төлөөгө жөндөмсүз банкка карата банкроттоо процесси козголушу мүмкүн. Карыздын эң аз өлчөмүн аныктоо үчүн (милдеттенмелердин шарттары боюнча чегерилген пайыздарын кошкондо, карыздын негизги суммасы), мыйзам же келишим тарабынан белгиленген милдеттерди аткарбай койгондук же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бышманалардын (айып төлөмдөрдүн, туумдардын) төлөнүүгө тийиш болгон суммаларын эсепке албаганда, акча милдеттенмелеринин өлчөмү эске алынат. 

Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү Улуттук банк тарабынан белгиленүүгө жана сот аркылуу таанылууга тийиш. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн белгилениши аны банкрот деп таанууга жана ушул Мыйзамга ылайык банкроттоо процессинин башталышы катары сотко арыз менен кайрылуунун негизи болуп саналат. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленген учурда, банктык лицензия кайтарылып алынууга тийиш. 

2. Банкка карата банкроттоо процесси төмөндө келтирилген негиздердин бири орун алган шартта козголуута тийиш: 

1) Улуттук банк тарабынан банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү аныкталган учурда; 

2) эгерде кайсы категориядагы болбосун банктын капиталы Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик талаптардын 25 пайыздан кемин түзө тургандыгы Улуттук банк тарабынан белгиленсе; 

3) эгерде банктын активдеринин наркы банктын милдеттенмелеринин наркынан төмөн экендиги Улуттук банк тарабынан белгиленсе. 

3. Банкка карата банкроттоо процессин козгоодо, төмөндө келтирилгендер эске алынбайт: 

1) ал төлөөгө тийиш болгон карыздарды келечекте төлөөгө банктын мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы; 

2) банктын акционерлеринин жана/же потенциалдуу инвесторлорунун колунда банктын активдерине, анын өткөндөгү пайдаларына кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын бардыгы, бедели ж.б.; 

3) Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан чечим кабыл алынып жаткан учурда, белгисиз болгон же жок болгон банк көрсөткөн кошумча фактылар жана документтер. 

4. Банктын банкроттугу учурунда ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктунун жоболору колдонулат. 

5. Ушул Мыйзамда каралган негиздер орун алганда, төлөөгө жөндөмсүз банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу (банкроттоо процесси), банктардын банкрот болушун алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуусуз эле дароо башталышы мүмкүн. 

6. (Алынып салынды) 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 220 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

25-берене. Банкроттоо процессин козгоо жөнүндө өтүнмө 

 

1. Улуттук банктын банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө арызы сот тарабынан кароо үчүн банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету менен бирге кабыл алынат жана анда банкроттоо процессин козгоо үчүн бир же бир нече тиешелүү мыйзамдык негиздерге көрсөтмөлөрдү камтыйт. 

2. Банктын кредитору (кредиторлору) тарабынан Улуттук банкка берилген арызда, банк жандыруу мөөнөттөрү келип жеткенде өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөбөй жаткандыгын корутундулаган мыйзамдуу негиздер камтылууга тийиш. Улуттук банк бул арызды алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде карайт жана банк өз милдеттенмелерин аткарбай койгон фактысы тастыкталган учурда, ал белгиленгенден кийинки үч күндүк мөөнөт ичинде банкроттоо ишин козгоо жөнүндө сотко арыз менен кайрылат. Эгерде Улуттук банк банктын өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы фактысын белгилей албаса, ал кредиторлордун арызына жүйөлөштүрүлгөн четке кагууну жиберет. 

3. Кредитордун (кредиторлордун) арызын канааттандыруудан Улуттук банктын баш тартуусу анын (алардын) андан кийинки сотко кайрылуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. 

4. Банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө арызды сот алган учурдан тартып мораторий күчүнө кирет, ага ылайык бир да кредитордун карызды кайтарып алууга же кайсы болбосун күрөөлүк камсыздоону менчикке алууга укуктуу болбосо банкка каршы кандай болбосун доо коюуга же аны улантууга багытталган чараларды көрүүгө укугу жок. 

 

26-берене. Кредиторлор тарабынан банкроттоо процесси козголгондо консерваторду дайындоо 

 

Банктын кредитору (кредиторлору) банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө өтүнмөсүн Улуттук банкка берген жана Улуттук банк мындай өтүнмөнү колдогон учурда, алардын жандыруу мөөнөтү келип жеткенде банк өз финансылык милдеттенмелерин төлөй албай калгандыгынын негизинде Улуттук банк консерваторду дайындайт. Консерватор ушул Мыйзамга ылайык банкты башкарууну дароо өзүнө алат. 

Бул учурда 12-берененин жоболору колдонулбайт. 

 

27-берене. Банкроттоо процессин баштоонун натыйжасы жана атайын администраторду дайындоо 

 

1. Банктын банкроттоо процесси башталган учурдан тартып: 

- банктын бардык карыздык милдеттенмелеринин жандыруу мөөнөттөрү келип жеткен катары эсептелинет, эгерде алар мурда келип жетпесе; 

- банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча бүткүл салыктарды төлөө (киреше салыктан башкасы), бюджетке милдеттүү төлөмдөр, бышманалар (айып төлөмдөр) жана пайыздарды кошуп эсептөөлөр токтотулат; 

- жоюу жол-жобосу башталган учурга карата кошуп эсептелинген бышманалар (айып төлөмдөр, туумдар) жана пайыздар ушул Мыйзамга ылайык төлөнүп берилүүгө тийиш; 

- банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды (карыз алуучуларды жана башка дебиторлор тууралу маалыматты кошкондо), жеке жактардын аманаттары жөнүндө маалыматтардан башкасын, купуялуулукту камтыган маалыматтардын категориясына кошуу же болбосо коммерциялык жана банктык сыр катары эсептөө токтотулат; 

- алардын талаптарынын жалпы суммасы боюнча маалыматтарды же банк менен байланыштуу же ушул Мыйзамга ылайык укукка жатпаган иштерди жүргүзгөндүгү үчүн шек туудурган жактар боюнча маалыматтарды эске албаганда, аманатчылар жөнүндө маалыматтар жашыруун бойдон калат; 

- банктын мүлкүн күрөөгө, карыздарды төлөөгө, милдеттенмелердин жандырылышына байланыштуу, болбосо анын мүлкүн үчүнчү жакка пайдаланууга өткөрүп берүүгө алып келген бүтүмдөрдү жасоого ушул Мыйзамда белгиленген тартипте гана жол берилет; 

- банктын карыздарын жандыруу жана активдерин камакка алуу, ошондой эле банктын милдеттенмелерин мажбурлап аткартуу боюнча соттук актыларды (чечимдерди, токтомдорду, аныктамаларды ж.б.) аткарууга багытталган аракеттер токтотулат; 

- банкка карата мүлктүк мөнүздөгү бардык талаптар банкроттоо процессинин алкагында гана коюулушу мүмкүн; 

- күрөө менен камсыз болгон кредитор атайын администраторго өз талаптарынын коюуга жана талаптарынын ушул Мыйзамга ылайык канааттандырылышын талап кылууга укуктуу. 

2. Атайын администратор дайындалган учурдан тартып ага банктын бардык башкаруу органдарынын анын ичинде акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин, башкармалыктын ыйгарым укуктары өтөт жана ал банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. 

Атайын администратор дайындалган учурдан тартып банктын башкаруу органдары банктын бухгалтердик жана башка иш-кагаздарын, мөөрлөрүн жана штамптарын, материалдык жана башка баалуулуктарын атайын администраторго өткөрүлүп берилишин камсыз кылат. Көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткан учурда, банктын башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

3. Дайындалган учурдан тартып атайын администратор өзүнүн дайындалгандыгы жөнүндө билдирүүнү банктын негизги иши жүзөгө ашырылган жери боюнча республикалык массалык маалымат каражаттарында тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки беш календардык күндөн кечиктирбестен жарыялоого милдеттүү. Жарыялоо, аралыгы 7 күндөн болуп, эки жолу берилет. 

Билдирүүдө, анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- банктын расмий аталышы жана банктын реквизиттери; 

- банкроттоо процессин баштоонун негиздери жана датасы; 

- кредиторлор тарабынан талаптардын коюулушунун зарылчылыгы; 

- атайын администратор жөнүндө маалыматтар. 

4. Атайын администратор ушул Мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзөт. 

 

28-берене. Юридикалык жактарды жана банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча органды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органды маалымдоо 

 

1. Мамлекеттик реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн атайын администратор, банкроттоо процессин баштоодо, аяктоодо же токтотууда юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарга үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндөгү кабардаманы учурдагы же жоюу балансын кошо тиркөө менен жөнөтүүгө милдеттүү

Атайын администратор ушундай эле маалыматты банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттик органга да жөнөтүүгө милдеттүү

2. Банкроттоо процесси бүткөн учурда банктын бардыгы жөнүндө жазуу мамлекеттик реестрден алынып салынат, юридикалык жактардын реестринен чыгарылат жана анын иши токтотулду деп эсептелинет. 

3. Юридикалык жактарды каттоону өткөрүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ушул беренеде келтирилген аракеттери жоючунун тиешелүү кабарламасын алгандан кийинки 10 күндүн ичинде ишке ашырылууга тийиш. 

4. Банкроттоо процессинин бүтүшү менен бардык бухгалтердик жана башка иш-кагаздар сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондусуна жөнөтүлөт. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

29-берене. Банкроттоо процессин жүргүзүү мөөнөтү 

 

Банктын банкроттоо процессин жүргүзүүнүн мөөнөтү 2 календардык жылдан ашпоого тийиш. Зарылчылык болгондо, бул мөөнөт атайын администратордун өтүнмөсү боюнча соттун аныктамасы менен узартылышы мүмкүн. 

Атайын администратордун мурдагы мөөнөт үчүн отчетун карабастан жана бекитпестен туруп, жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

 

30-берене. Банкроттоо процессин кайрадан жандандыруу 

 

Банк менен байланыштуу кредиторлордон тышкаркы банктын кредиторлору, банкроттоо процесси бүткөндөн кийинки 3 жыл ичинде, карызкордун кандай болбосун активдери табылган учурда, банкроттоо процессин кайрадан жандандыруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. 

 

31-берене. Атайын администратор 

 

1. Банкрот болгон банктын атайын администратору (мындан ары - атайын администратор) өзү дайындалган учурдан тартып ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жана келишимде каралган укуктардан пайдаланат жана андагы милдеттерди аткарат. 

2. Банктын атайын администратору Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги гана боло алат. 

Атайын администратор банкроттоо процесси колдонулуп жаткан банкка карата бирден бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Ал банкроттоо процессин банктын мурдагы жетекчилерин жана кызматкерлерин же жүргүзүп жаткан процесске тартылган каражаттардын сметасын бекиткен кредиторлор комитети менен макулдашылган адамдарын ишке тартуу менен жүргүзүүгө укуктуу. 

3. Атайын администратордун негизги милдети кредиторлордун таламдарында банктын активдерин өндүрүү жана ажыратуу (сатуу) жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүккө ылайык каражаттарды бөлүштүрүү болуп саналат. 

4. Банктын атайын администратору, мындан тышкары: 

- банкка жетекчиликти жүзөгө ашырат жана кайсы болбосун органдарда, инстанцияларда жана сотто ишеним катсыз анын атынан иш алып барат; 

- банктын мүлкүн карамагына кабыл алат, аны инвентаризациядан жана баалоодон өткөрөт, алардын сакталышы боюнча чараларды көрөт; 

- банктын кредиторлорунун жана дебиторлорунун тизмесин белгилейт, карыздарды өндүрүп алуу, балансты баалоо, мүлктү сатуу жана кредиторлорго карыздарды төлөп берүү максатында банктын финансылык абалын талдайт; 

- Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык күтүлүп жаткан иштен бошотуу туурасында банктын кызматкерлерин кабарлайт; 

- кредиторлордун банкка карата коюлган талаптары боюнча белгиленген тартипте билдирет; 

- банкроттоо процесси учурунда укукка жатпаган аракеттерге жол беришкен, жалган жана атайылап банкроттоого алып келишкен адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл аракеттерди көрөт; 

- ушул Мыйзамга каршы келбеген башка зарыл чараларды көрөт. 

5. Ушул Мыйзамга ылайык ага берилген ыйгарым укуктарга жараша атайын администратор тарабынан жасалган бүтүмдөрдөн улам келип чыккан милденттенмелер боюнча жоопкерчиликти банк тартат. Бирок, атайын администратор төмөнкү милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат, эгерде: 

- бүтүмдөрдү жасоодо ал банктын атайын администратору экендигин көрсөтпөстөн, өз атынан иш алып барган болсо; 

- бүтүмдөрдү жасоодо ал милдеттенмелер боюнча жазуу жүзүндө өзүнө жоопкерчиликти алган болсо. 

6. Банкроттоо процессин жүргүзүүдө атайын администратордун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда талаш маселелер жана тоскоолдуктар келип чыккан учурда, сот ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык басылып чыккан башка актыларда келтирилген принциптерден улам, банкроттоо процессинин тийиштүү түрдө өткөрүшүн камсыз кылуу максатында, атайын администратордун арызы боюнча банкка же анын активдерине карата атайын администратор айкын аракеттерди аныктоого, аны жүргүзүүгө же калыс калууга укуктуу. 

7. Эгерде атайын администратор атайын администратордун функцияларын тийиштүү түрдө аткарбаганы белгиленсе, же эгерде атайын администратор өз милдеттерин мындан ары аткаруута укугу болбосо мүмкүнчүлүгү жок болсо, сот атайын администраторду алмаштырат. Атайын администраторду алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайындалган адамдар Улуттук банк тарабынан сотко сунуш кылынган талапкерлердин арасынан тандалып алынышы мүмкүн. Атайын администратор алмашкан бардык башка учурларда, атайын администратордун ордуна келген адам, сот тарабынан бекитилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча белгиленген тартипте атайын администратордун ыйгарым укуктарын кабыл алат. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын, 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

32-берене. Атайын администратордун укуктары 

 

1. Кредиторлордун кызыкчылыгында банкроттоо процессинин милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында, атайын администратор төмөнкүлөргө укугу бар: 

1) кредиторлордун талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук-ченемдүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандай аракеттерди болбосун жүргүзүүгө, банктын алдында карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын мүлктөрүн издөөгө, табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрүүгө

Карызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо менен кайрылууда атайын администратор бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары бардык соттордо мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат; 

2) кандай менчикке карата болбосун менчик укугун же башка укуктарды бекер өткөрүп берүүгө, ошондой эле алардан баш тартууга, эгерде алар банктын дебитордук карызына байланыштуу укуктарды кошкондо, киреше менен ажыратылышы (сатылышы) мүмкүн болбосо; 

3) киреше алып келбеген же болбосо милдеттенмелердин түптөлүшүнө алып келген (кредиторлордун же юридикалык жактан анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуусунун натыйжасында, аларга келтирилген чыгымдарга карата банкроттоо процессинде банктын кредиторлору боло турган, бүтүмдөргө келишкен кредиторлордун же тараптардын талаптарын канааттандыруусуз) аткаруудагы бүтүмдөрдү кошкондо, банктын кандай милдеттенмелери болбосун баш тартууга; 

4) кредиторлордун талаптарынын негиздүүлүгүн текшерүүгө жана талаптар негизсиз болгон учурда, аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагууга; 

5) мыйзамдарда каралган кандай ыкмада болбосун мүлктүк комплексти (бүтүн бойдон же бөлүк-бөлүк боюнча), банктын активдерин, ошондой эле банкроттоо процессинде түзүлгөн жаңы юридикалык жакты (же жактарды) сатууга же ажыратууга. Карызкордун мүлкүн сатып өткөрүүдө ал салыктардын, жыйымдардын жана алымдардын бардык түрүнөн бошотулат; 

6) кайсы жеке жак болбосун: 

а) банкроттоо процесси башталгандыгы жөнүндө чечимдин кабыл алынышына чейинки бир жыл ичинде банк менен иш боюнча же башка мамилелер менен байланыштуу болгон; 

6) банкка катышы бар же банк менен байланыштуу адамдардан, ошондой эле банкроттоо процесси козголгонго чейинки беш жыл ичинде жогорудагыдай болуп саналышкан адамдардан маалыматтарды суратууга жана алууга; 

7) банкка жана анын ишине тиешелүү кандай гана болбосун бухгалтердик китептерди, отчеттуулукту же башка документтерди талап кылууга жана өз тескөөсүнө алууга; 

8) өз иши үчүн ушул берененин 2-пунктунда аныкталган, сот тарабынан белгиленген тартипте сый акыларды алууга; 

9) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартиптерди сактоо менен кредиторлорго жарым-жартылай төлөмдөрдү жүргүзүүгө

10) банкроттоо процессин жүргүзүүнүн жүрүшүндө талаш маселелер келип чыккан учурда сотко кайрылууга; 

11) банктын активдерин инвентаризациялоого жана баалоого; көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу үчүн атайын администратор алардын көрсөткөн кызматтарына банктын активдеринин эсебинен төлөп берүү менен баалоочуларды жана башка адистерди тартууга укуктуу; 

12) активдерди аукцион аркылуу сатууда баштапкы бааны белгилөөгө; атайын администратор эң аз бааны белгилөөгө укуксуз. Жарыяланган аукциондордо ал активдерди эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучуларга сатууга тийиш; 

13) ушул Мыйзамга же башка мыйзамдарга каршы келбеген, банкроттоо процессинин натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга. 

2. Атайын администратордун сый акысы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрүнүн 20дан кем эмес өлчөмүндө белгиленет. 

Атайын администраторго сый акынын өлчөмү карызкордун, болбосо Улуттук банктын негиздүү арызы боюнча сот тарабынан азайтылышы мүмкүн. 

Атайын администраторго сый акыны төлөп берүү карызкордун активдеринин эсебинен жүргүзүлөт жана банктын банкроттоо процессиндеги чыгымдарына чегерилет. 

Атайын администраторго сый акы төмөнкүлөрдөн түзүлөт: 

- өз милдеттерин аткаруу мезгили үчүн учурдагы (ар айлык) төлөмдөрдөн; 

- кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүлгөн каражаттардын эсебинен, анын ишинин натыйжасы боюнча кошумча төлөмдөрдөн. Атайын администраторго учурдагы (ар айлык) төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрүнүн 20 өлчөмүндө жүргүзүлөт. 

Атайын администраторго кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү милдеттенмелерге байланбаган жогорку ликвиддүү активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн суммаларды кошпогондо, кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталуучу каражаттардын 5 пайызынан ашпоого тийиш. 

Банкроттоо жол-жоболорун жүргүзүүдө активдер жетишпеген учурда атайын администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрүнүн 20 өлчөмүндө учурдагы (ар айлык) төлөмдөрдү гана алууга укуктуу. 

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

33-берене. Банктын башка юридикалык жакка катышуусуна (акцияларына) карата атайын администратордун укугу 

 

1. Мунун өзү мыйзамдарда же чарбалык шериктиктердин же коомдордун уюмдаштуруу документтеринде түздөн-түз каралган учурларда, атайын администратор сатуу жолу менен төмөнкүлөрдүн төлөнүшүн талап кылууга укуктуу: 

- банк акционери болуп саналган акционердик коомдогу банктын акцияларынын наркын (уставдык капиталга банк тарабынан салынган каражаттардын кайтарылып берилишин); 

- банк уюмдаштыруучу (катышуучу) болуп саналган шериктиктен банктын үлүшүнүн (аманатынын) наркын (уставдык капиталга банк тарабынан салынган каражаттарды кайтарууга). 

2. Атайын администратор ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн, банктын үлүштөрүн же акцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга ажыратууну жүргүзүүгө укуктуу. Бул жобо ошол башка юридикалык жактын калган катышуучуларынын үлүштү же акцияны өткөрүп берүүгө макулдугу мыйзамдар тарабынан талап кылынган учурларга жактырылбайт, эгерде мындай макулдук алынбаган болсо. 

 

34-берене. Келишимдин негизинде үчүнчү жактын карамагында турган банктын активдерине карата атайын администратордун укуктары 

 

1. Атайын администратор банкроттоо жол-жобосун киргизүүгө чейин келип чыккан банктын кандай милдеттенмесин болбосун аткаруудан баш тартышы мүмкүн, бирок мыйзамдык негизде колдонуудагы келишимге ылайык, анда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин үчүнчү жактын карамагында турган банктын мүлкүнүн кайтарылып беришин талап кылууга укуксуз. Эгерде үчүнчү жак менен түзүлгөн келишимде мүлктүн кайтарылып берилишине жол берилсе (мисалы, келишимдин шарттарын бузуу же банктын жоюу учурунда), анда атайын администратор мүлктүн кайтарылышын талап кылууга укуктуу. 

Атайын администратор үчүнчү тараптын банкка тиешелүү эсептердин жана бухгалтердик документтердин көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу. 

2. Атайын администратор үчүнчү жактын карамагында турган менчиктин кайтарылып берилишин талап кылууга укугу болбогон учурларда, ошондой болсо да үчүнчү тараптын укуктарын бузбастан, келишимде белгиленген мөөнөттүн бүтүшүнө чейин эле ошол менчик карамагында турган үчүнчү тарапка алдынала кабарлоо менен банктын милдеттенмелерин өзүнө алууга ниеттенген башка бир тарапка, келишимге байланыштуу ошол мүлктү сатууга укуктуу. 

 

35-берене. Атайын администратордун милдеттери 

 

1. Атайын администратор төмөнкүлөргө милдеттүү

1) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банкроттоо процессинин башталгандыгы, жүргүзүлгөндүгү жана аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана берүүгө

2) өзүнүн дайындалган учурунан тартып башка тараптардын банктын алдындагы карыздарын жана башка милдеттенмелерин, ошондой эле банкроттук процесси башталгандан кийин банк сатып алган же сатып ала турган активдерди жана милдеттенмелерди кошкондо, банктын ишин башкарууну жана контролдукту жүзөгө ашырууга; 

3) банктын бардык активдеринин сакталып турушун камсыз кылууга жана банкроттоо процессине кеткен чыгымдардын ордун жабуу үчүн активдердин жетиштүүлүгүн аныктоо максатында анын финансылык абалына талдоо жүргүзүүгө

4) ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен накталай формага ээ болбогон бардык активдерди кыска мөөнөттө сатууга (ажыратууга) жана активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды ушул Мыйзамда каралган тартипте жана эрежелер боюнча кезектүүлүктү сактоо менен кредиторлордун ортосунда бөлүштүрүүгө

5) соттун, Улуттук банктын жана кредиторлордун комитетинин алдында ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө жана тартипте отчет берүүгө, ошондой эле тийиштүү учурларда юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн мамлекеттик органга маалымдап турууга; 

6) банктын бардык чыгыш документтеринде (каттарда, факстык билдирүүлөрдө, эсеп-фактураларда, финансы документтеринде ж.б) банкка карата банкроттоо процесси жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтын камтылышына көз салууга; 

7) эгерде банктын имараттары, жабдуулары же башка мүлкү калктын жана коомчулуктун коопсуздугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген учурда, коркунучту четтетүү үчүн зарыл каражаттарды караштырууга. Эгерде банктын активдери жетишсиз болсо, атайын администратор өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органга кайрылат; 

8) банктын кредиторлору дуушар болгон чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн бардык мүмкүн болуучу чараларды көрүүгө жана банкроттоо процессинде өз функцияларын тийиштүү түрдө жүзөгө ашыруусуна атайын администраторго тоскоолдук кылган, укукка жатпаган аракеттерди жасашкан адамдарды мыйзамда каралган жоопкерчиликтерге тартууга; 

9) менчикти ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу менен укукка жатпаган негизде үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилгендигин аныктоо максатында үчүнчү тараптар менен түзүлгөн келишимдерге талдоо жүргүзүүгө

10) банкты банкроттоо процессинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди, бардык кредиторлордун укуктарын жана мыйзамдык таламдарын эске алуу менен ак ниеттүү аткарууга; 

11) эгерде бул бүтүмдөр мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй анык эмес бүтүмдөрдүн белгилерине жооп берсе, сот тарабынан банкты банкрот деп таануудан кийинки үч жыл ичинде, ошол банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөрдү анык эмес деп таануу жөнүндө сотко кайрылууга; 

12) банктын уюмдаштыруучуларын (катышы барларды), директорлор (байкоо кеңешинин) кеңешинин мүчөлөрүн, банктын жектекчилерин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банктын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликке тартуу тууралу талабы менен сотко кайрылууга; 

13) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге жана тартипке ылайык Улуттук банкка ай сайын берип турууга; 

14) банкты банкроттоо процессинде банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясы кайтарылып алынгандан кийин, банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөр (банктын учурдагы коммуналдык жана эксплуатациялык төлөөлөрүнө, ошондой эле эмгек келишими (контракт) боюнча иштеп жаткан адамдарга жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды төлөөгө байланыштуу бүтүмдөрдү кошпогондо) табылган учурда, атайын администратор, жогоруда көрсөтүлгөн бүтүмдөргө карата ишке ашырылбаган анык эмес кесепеттүү бүтүмдөр катары колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга; 

15) кредиторлордун талаптарынын реестрин түзгөндөн кийин атайын администратор банкроттоо процесси башталган күндөн кийинки 6 айдан кечиктирбестен аралык жоюу балансын түзөт, анда жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамы жөнүндө маалыматтар, кредиторлор койгон талаптардын тизмеси, ошол талаптарды кароонун натыйжалары камтылууга тийиш; 

16) кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыялайт. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

36-берене. Активдерди сатуу 

 

1. Жоюлуп жаткан банктын акчалай эмес активдерин топтоо боюнча жана аларды алгылыктуу рыноктук баада токтоосуз сатып өткөрүү боюнча ишти жүргүзүү атайын администратордун негизги милдети. 

Бул пунктта камтылган милдеттер, эгерде активдерди сатып өткөрүү мүмкүн эмес болсо, аларга жетиштүү суроо-талаптын жоктугунан улам, төмөндөтүлгөн баада болсо, же ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептердин негизинде аны алгылыктуу баада сатып өткөрүү мүмкүн болбосо же алар олуттуу түйшүктөргө дуушар кылса, өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, мындай учурда атайын администратор ушул Мыйзамдагы жоболорго ылайык ошол активдерге карата банктын укуктарынан баш тартууга укугу бар. 

2. Банк тарабынан кредиттердин берилишинин натыйжасында келип чыккан банктын алдындагы карыздардан тышкары ("банктын дебитордук карызы") кайсыл активдерди сатууда болбосун атайын администратор эң оболу, өзүнүн ниети жөнүндө кредиторлорго жана потенциалдуу сатып алуучуларга кабарлоо максатында, активдерди сатуу жөнүндө билдирүү жарыялайт. 

3. Атайын администратор, эгерде ал ошол дебитордук карыздын чоң суммасын өз алдынча өндүрүп алуу мүмкүн эмес деген (активдерди өндүрүп алууга кеткен убакытты жана акчалай чыгымдарды эске алуу менен) чечимге келсе, банктын дебитордук карызын жеңилдиктери менен башка банкка же үчүнчү жакка кайсы учурда болбосун сатууга укуктуу. 

Атайын администратор болор мезгилдерде жандырыла тургандарды кошкондо, банктын дебитордук карызын өндүрүп алууга болот деп эсептесе, ал бул активдерди сатууга милдеттүү эмес жана карызкордон тиешелүү суммаларды өндүрүп алууга аракет жасашы мүмкүн. 

4. Атайын администратор, кайсы активди болбосун алгылыктуу рыноктук баада сатууда, эч бир кредитордун алдында жоопкерчилик тартпайт. Алгылыктуу рыноктук баа активдерди ачык сатууга коюу жана бир кыйла жогорку баадагы сунушту тандап алуу жолу менен аныкталат. 

Активди мына ушундай жол менен сатууга коюу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бир нече потенциалдуу сатып алуучулардан (эгерде мындай бир нече сатып алуучулар болсо) суроо-талаптар алынгандан кийин ачык аукцион, конкурс аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Алынган сунуштун алгылыктуулугу атайын администратор тарабынан активдерди сатып өткөрүү боюнча өз милдеттерин эч негизсиз жолтоосу жок, ошондой эле активдерди сатуу аргасыздан улам, чектелген мөөнөттө жана ыңгайлуу жагдайларда сатылгандагыга караганда төмөн баада болушун эсепке алуу менен каралат. 

5. Банктын дебитордук карызынын алгылыктуу рыноктук баасы банктын бухгалтердик документтеринде чагылдырылган карыздын суммасы менен эмес, банктын финансылык абалын жана мурда берилген кредит кайтарылбай калган учуру болгонбу, ошону эсепке алуу менен ашыкча күч-аракетти жумшабастан өндүрүлүп алынуучу суммада аныкталат. Атайын администратор тарабынан банктын дебитордук карызын үчүнчү тарапка сатууда, ошол карыздын рыноктук баасы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана түшкөн сунуштарды карап көрүү жолу менен гана аныкталышы мүмкүн. 

6. Кайсы болбосун башка активдин алгылыктуу рыноктук баасы активди сатып алуу баасы же анын банктын же кайсыл бир карызкордун китептериндеги чагылдырылган баланстык наркы менен эмес, бирок ал сатуу же бүтүмгө келишүүгө даяр сатып алуучуну табуу боюнча тийиштүү жарнамалардан кийинки, актив үчүн берилген сумма менен аныкталат (б.а. бул баланстык нарк эмес, рыноктук баа болуп саналат). 

7. Атайын администратор, банк тарабынан банктын карызкорунан алынган, күрөөнүн предметин билдирген мүлктү саткан учурда, күрөө жөнүндө келишимде белгиленген ошол күрөөнүн наркы да сатуу учурундагы анын наркы деп эсептелиши мүмкүн эмес, мында, атайын администратор аны ушул берененин 6-пунктуна ылайык бир кыйла төмөн баада сатууга укуктуу. 

8. Ушул берененин 6 жана 7-пункттарынын негизинде атайын администратор тарабынан жүргүзүлгөн наркты баалоо талаш-тартышка жатпайт, эгерде кредитор 10 жумушчу күндүн ичинде зарыл каражаты болгон жана актив же күрөөнүн предмети үчүн атайын администратор тарабынан алынганга караганда, бир кыйла жогорку баада төлөп берүүнү сунуштаган үчүнчү жактын бар экендигин далилдей албаса. 

 

37-берене. Төлөө тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумунда эсептешүүлөрдүн бүтүшү 

 

1. Ушул беренеде төмөнкүлөр белгиленет: 

1) банк тарабынан төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды Улуттук банк тарабынан ошолор катары таанылгандарды которууга кайтара чакыртылып алынбаган тапшырмалар доолук күчкө ээ болот жана сот тарабынан банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда да, үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок эгерде, которууга коюлган бул тапшырмалар ушул чечим күчүнө киргенге чейин кайтара чакыртылып алынбаган болуп калса; же 

2) эгерде банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна которуу боюнча кайтара чакыртылып алынбаган тапшырманы банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин берген учурда, бул тапшырмалар соттун ошол чечими күчүнө кирген күнү аткарылат, бирок эгерде атайын администратор тутумундардын операторлоруна банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим, которууга тапшырма кайтара чакыртылып алынбаган болуп калган учурга чейин маалым болгондугун далилдей алган учурда гана, алар доолук күчкө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болбойт. 

2. Банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн контракттарды жана бүтүмдөрдү кийинкиге калтырууга тиешелүү бир да мыйзам, жобо, эреже же тажрыйба, төлөө тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутуму, Улуттук банк тарабынан ушулар катары таанылгандар аркылуу ишке ашырылган клирингдин натыйжаларынын, жогоруда келтирилген чечимден улам алынып салынышына алып келиши мүмкүн эмес. 

3. Ушул берененин максаттары үчүн: 

1) төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутумуна берилген которууга тапшырма, бул тутумдардын эрежелеринде аныкталган учурда кайтара чакыртылып алынбаган болуп калат; жана 

2) "клиринг" эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучусу, ошол тутумдун бир же бир нече башка катышуучусуна сунуш кылган же алардан которууга алышкан тапшырмалардан улам келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге кайра өзгөртүп түзүлүшүн билдирет, натыйжада бир гана таза талап же бир гана таза милдеттенме калат. 

 

38-берене. Банктын акцияларын, активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү 

 

1. Улуттук банктын арызы боюнча жана банк тутумунун кызыкчылыгында же анын кредиторлору үчүн банктын наркын арттыруу максатында, банктын активдеринин бардыгын же бир бөлүгүн, банктын милдеттенмелеринин бардыгын же бир бөлүгүн өткөрүп берүүнүн мөөнөтүн жана шарттарын жүзөгө ашырууга банктын атайын администраторуна сот аныктама берет. 

2. Банкта банкроттоо процессин баштоо жөнүндө арызды сот кабыл алгандан кийинки кайсы убакытта болбосун, Улуттук банк ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөрдү банкты жоюу аяктаганга чейин жүзөгө ашыруу тууралу өтүнмө менен кайрыла алат. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү менен байланышкан соттун чечимдери Кыргыз Республикасынын расмий басылмаларында же республикалык маанидеги газеталарда милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. 

3. Ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөр банктын атайын администраторунун же анын кайсы болбосун банктын башкаруу органынын, кредиторлорунун же акционерлеринин макулдугун талап кылбайт. Карыздардын өткөрүлүп берилгендиги Кыргыз Республикасынын расмий басылмаларында же республикалык маанидеги газеталарда өткөрүп берүү жөнүндө кабарлама жарыяланган күндөн кийинки күнү, кызыкчылыгы болгон бардык тараптар үчүн анык болуп калууга тийиш. 

4. Ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөрдүн кайсынысы болбосун, Улуттук банк же анын макулдугу менен атайын администратор тарабынан жактырылууга жана жүзөгө ашырылууга тийиш. 

5. Атайын администратор ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде көрсөтүлгөн бүтүмдөргө келишүүгө кызыккандыгын билдирген жактар жөнүндө маалымат келип түшкөндөн кийин токтоосуз Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

 

39-берене. Жаңы банкты уюмдаштуруу 

 

1. Банктын кредиторлорунун боло турган талаптарын канааттандыруу үчүн банктын активдерин жана банкты башкарууну сактап калуу максатында, атайын администратор банктын активдерин жана милдеттенмелерин ушул максаттар үчүн түзүлгөн жана Улуттук банктан лицензия алуучу жаңы банкка өткөрүп бере алат. Мындай өткөрүп берүү жоюлуп жаткан банктын же анын жалпы органдарынын, анын кредиторлорунун же акционерлеринин макулдугун талап кылбайт. 

Жаңыдан түзүлүп жаткан банктын уюмдаштыруучусу болуп, ушул Мыйзамга ылайык төлөмдөрдөн тышкары дивиденддерди жана башка жеке пайданы алууга укуксуз болгон атайын администратор милдет аткарат. 

2. Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жак жоюлуп жаткан банктын укугун алуучу болуп саналбайт жана мамлекеттик бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды кошкондо, жоюлуп жаткан банктын кандай милдеттенмеси болбосун жоопкерчилик тартпайт. 

3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы юридикалык жактын активдерин алып кое албайт. 

4. Атайын администратор жаңы юридикалык жактын акцияларын толугу менен же жарым-жартылайын сатып өткөрөт жана сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен кредиторлордун талаптарынын ордун толтуруп берет. 

5. Атайын администратордун жаңы юридикалык жакты түзүүгө жана каттоодон өткөртүүгө байланыштуу бардык чыгашалары административдик чыгашаларга кирет. 

6. Жаңы банкты уюмдаштыруу учурунда ушул берененин максаттарында ага карата Улуттук банктын жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгилеген уставдык капиталды топтоо боюнча 12 айдын ичиндеги талаптары жайылтылбайт. 

 

40-берене. Активдерди жана карыздарды башка банкка сатуу 

 

1. Эгерде Улуттук банктын пикири боюнча банк менен байланышы болбогон аманатчылардын карызын төлөттүрүүнү камсыз кылуунун оңой жолу болуп, алардын аманаттарын башка банкка өткөрүү саналса, атайын администратор аманаттарды өткөрүп берүү жөнүндө башка банк менен келишим түзүүгө укуктуу жана компенсациялоо максатында жоюулуп жаткан банктын активдерин макулдашылган баада башка банкка сатып өткөрө алат. 

Аманатчы өзүнүн аманаттарын башка банкка которуудан баш тартууга укуктуу. 

2. Башка банкка өткөрүлүп берилүүчү активдер өткөрүлүп жаткан аманаттардын наркын жабуу үчүн жетишсиз болсо, ар бир аманатчынын аманаттарынын бөлүгү гана башка банкка өткөрүлүшү мүмкүн. 

3. Банк менен байланыштуу жактын аманаттары ушул беренеге ылайык башка банкка өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес, эгерде банк менен байланышы болбогон аманатчылардын бардык талаптары башка банкка өткөрүлбөгөн же канааттандырылбаган болсо. 

4. Эгерде ушул беренеге ылайык активдер башка банкка өткөрүлгөн болсо, ушул Мыйзамдын 51-беренесине жараша кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгү так сакталууга тийиш жана эч кандай активдерди өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт (б.а. бул төлөө кезектүүлүгүнүн бузулушуна алып келсе), эгерде укуктуу болгон кайсы талаптарды коюу мүмкүнчүлүгүнөн болбосун кредиторду ажыратса. 

 

41-берене. Мүлктүн абалы жөнүндө отчет 

 

1. Банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки эки жумадан кечиктирбестен, атайын администратор төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен мүлктөрдүн абалы жөнүндө алдынала отчетту сотко берет: 

- банктын акционердик капиталынын төлөнбөгөн бөлүгүнө карата банктын талабын, ссудаларды жана кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимдерди, сатып алуу-сатуу келишимдерин, ошондой эле баланстык нарк боюнча маалыматтарды жана активдердин жоюлуу учурундагы болжолдуу наркын кошкондо, банктын активдерин; 

- ижара, лизинг жана күрөө жөнүндө келишимдерди кошкондо, банктын мүлкү контракттарга ылайык башка тараптардын тескөөсүндө турса; 

- банкка кызмат көрсөтүүлөр контракттарын; 

- банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан мурунку 30 күн ичинде банк тарабынан түзүлгөн ири бүтүмдөрдү

- банктын пассивдерин. 

2. Атайын администратор сотко жана Улуттук банкка кварталдык негизде жоюунун жүрүшү жөнүндө учурдагы отчетту берет, ошондой эле аны менен банктын кредиторлорун тааныштыруу үчүн берет. 

 

42-берене. Кредиторлордун талаптарын каттоо 

 

1. Ушул Мыйзамдын 43-берененин 1, 2-пункттарында каралган учурларды эске албаганда, банкрот болгон банкка карата кредиторлордун талаптар республикалык газеталарда банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн кийинки 60 күн ичинде жазуу жүзүндө атайын администратордо катталууга тийиш. Сот бардык кредиторлор үчүн бул мөөнөттү 30 күнгө бир жолу узартышы мүмкүн. Кредиторлордун өтүнүчү боюнча аларга каттоодон өткөндүгү жөнүндө квитанция берилет. 

2. Кредиторлордун талаптары мындай талаптар үчүн негиздин бардыгын тастыктаган документтер менен бирге катталат. Мында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: 

- кредитордун аталышы (аты-жөнү) жана дареги; 

- талаптын негизги суммасында камтылган пайыздардын жана башка жыйымдардын, айып акылардын жана салыктардын суммалары; 

- тапшыруучунун аты-жөнүн жана дарегин кошкондо, талапты камсыздоочу катары кызмат кылган күрөөгө коюлгандар, күрөө же кепилдиктер жөнүндө маалыматтар. 

 

43-берене. Кредиторлордун талаптарын кабыл алуу 

 

1. Банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринде чагылдырылган депозиттерге карата талаптар милдеттүү каттоодон өткөртүүсүз ушул документтерде көрсөтүлгөн өлчөмүндө кабыл алына тургандыгын эске албаганда, ушул Мыйзамдын 42-беренесине ылайык кредиторлордун катталган талаптары гана атайын администратор тарабынан кабыл алынат. 

2. Банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук документинде чагылдырылган каттоодон өткөн талаптар атайын администратор тарабынан банк чагылдырган суммага караганда аз суммада каттоодон өткөрүлгөн талаптарды эске албаганда, кошумча далилдөөсүз эле документтерде чагылдырылган түрдө кабыл алынат; бул учурда, мындай талаптар ошол аз суммадагы өлчөмүндө кабыл алынат. 

3. Суммасы аныкталбаган кредиторлордун талаптары көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган нарк боюнча кабыл алынышы мүмкүн. 

4. Катталган талаптарды талдоодон кийин жоюучу аларды кабыл алынган талаптардын тизмесине киргизет, ал эми протест кылынган талаптар анын себептерин көрсөтүү менен протесттелген талаптардын тизмесине киргизилет. Жарым-жартылай протесттелген каттоодон өткөрүлгөн талаптар эки тизмеге тең, тиешелүүлүгүнө жараша, кабыл алынгандары кабыл алынган талаптардын тизмесине, протесттелгендери протесттелген бөлүккө киргизилет. Талаптарын берген ар бир тарап үчүн эки тизмеде тең аталыштары жана дареги, коюлган талаптардын суммасы, коюлган талаптардын камсыздоосунун бар экендиги көрсөтүлөт; бирдей кезектүүлүккө ээ болгон талаптар, төлөмдөрдүн кезектүүлүгүнүн тартибинде тизмеге киргизилет. 

5. Эки тизме тең талаптарды каттоо мөөнөтүнүн бүтүшүнө чейинки 30 күндүн ичинде түзүлөт жана бекитүү үчүн сотко берилет, алардын көчүрмөсү Улуттук банкка жөнөтүлөт. Андан кийин атайын администратор квартал сайын жаңыртылып турган тизмелерди бекиттирүү үчүн сотко берип турат. Бул тизмелерди бекитүүгө чейин сот, атайын администратор менен макулдашуу боюнча талаптарды бир тизмеден экинчиге которууга укуктуу. Сот протесттелген талаптарды бекитүү үчүн зарыл кандай далилдердин керектигин аныктоого укуктуу. 

6. Сот протесттелген талаптардын тизмесин бергенден кийинки 30 күндөн кечиктирбестен, жыйналыштардын датасын белгилейт жана анда талаптарына протест коюлган кредиторлор атайын администраторго жана сотко алардын талаптарынын акыйкаттыгын тастыктаган далилдерди бере алышат. Ар бир угуулардын датасы жөнүндө кредиторлорго почта билдирмеси аркылуу маалымданат, ошондой эле угуулар жөнүндө атайын администратор республикалык газеталарда кабарлама жарыялайт. Бир эле талапка карата утуулардын башталгандыгы жөнүндө почта аркылуу кайталап билдирме кредиторлорго жөнөтүлбөйт. Угуулардын бүтүшү боюнча сот протесттелген талаптарды бекитүү же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Угуулардын боло тургандыгы жөнүндө почта билдирмеси аркылуу кабардар болгон кредитор угууга катышпай калса, анын талабы четке кагылат. Талаптары четке кагылган кредиторлорго ал тууралу жоюучу жазуу жүзүндө кабарлайт. 

7. Талаптардын сот тарабынан бекитилиши соңку мүнөзгө ээ. Сот тарабынан бекитилген талаптар кабыл алынган талаптардын же протесттелген талаптардын тизмелеринен алынып салынат жана сот менен атайын администратордо сакталуучу бекитилген талаптардын тизмесине киргизилет. Талаптары сот тарабынан бекитилген кредиторлорго бул тууралу атайын администратор жазуу жүзүндө кабарлайт. 

8. Атайын администратор сот тарабынан четке кагылган талаптардын эсебине эч кандай төлөөлөрдү жүргүзбөйт. Талаптары сот тарабынан четке кагылган кредитор, мындай чечимди алган күндөн кийинки эки жуманын ичинде соттун чечимине даттанууга укуктуу. 

9. Банктын кардарларынын купуялыгын сактоо максатында, талаптардын тизмеси кредиторлорго таанышуу үчүн берилбейт. 

 

44-берене. Учурдагы контракттардын иш-аракеттерин токтотуу 

 

Банкрот болгон банктын товарларды жөнөтүүгө же кызматтардын көрсөтүлүшүнө сатуу, ижарага берүү жана лизинг, кийинчерээк төлөө жолу менен сатып алуу жана кызматкерлерди жалдоо жөнүндө келишимдерди кошкондо, атайын администратордун өзү менен түзүлгөн бардык учурдагы контракттарынын иш-аракети кайсы учурда болбосун, атайын администратор тарабынан, атайын администратордун өзү кол койгон контрактарынан башкасы, бир тараптуу тартипте токтотулушу мүмкүн. 

 

45-берене. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу 

 

Соттун чечими боюнча банктын атайын администратору кредитордук жана дебитордук карыздарды жөнгө салуу максатында банктын кайсы кредитору же карызкору болбосун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшү мүмкүн. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары ушул сот процессинин алкагында сот тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

 

46-берене. Күрөө менен камсыз болгон талаптар 

 

1. Кредиторлордун банкка карата бекитилген талаптарын камсыз кылуучу катары же банктын өзүнүн талаптарынын камсыздоочу катары кызмат кылган бардык активдер, төмөнкүлөрдү эске албаганда, атайын администратор тарабынан ачык тооруктарда сатылууга тийиш: 

1) рынокто жеңил сатылып өткөрүлө турган баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы жана башка активдер, мындай активдерди, сатып алуу-сатуу жүзөгө ашырылган рыноктордо гана сатып өткөрүлүшү мүмкүн; 

2) банктын карыздарын камсыздоочу катары кызмат кылган жана рыноктордо жеңил сатып өткөрүлө турган баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы жана башка активдер, бул активдер алардын тескөөсүндө турган кредиторлор тарабынан сатылып өткөрүлүшү мүмкүн; 

3) эгерде атайын администратор ачык тооруктарда активдерди алгылыктуу баада сатуунун мүмкүн эместигин аныктаса, сот атайын администраторго, активдерди сот тарабынан бекиткен баа боюнча жеке тартипте сатууну жүзөгө ашырууга уруксат бериши мүмкүн. 

2. Банкрот болгон банктын ушул берененин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлбөгөн активдери, атайын администратордун талабынан кийин токтоосуз түрдө анын тескөөсүнө өткөрүлүп берилиши керек. 

3. Кредиторлордун күрөө менен камсыз болгон талаптары, канааттандырылбай калган бөлүктү эске албаганда, кезексиз канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан алынган пайда талаптардын суммасын толук жандыруу үчүн жетишсиз болсо, анын калган бөлүгү камсыз болбогон талаптар катары каралат. 

 

47-берене. Кредиторлордун эсептери 

 

1. Банк банкрот болгон учурда атайын администратор башка банкта эсеп (эсептерди) ачат. Бул эсеп улуттук валютада же чет өлкө валютасында (зарыл болгон учурларда) ачылышы мүмкүн. Атайын администратор, банкрот болгон ар бир банк үчүн, өзүнчө эсеп кармоого тийиш, аларда ошол банктар боюнча операцияларга байланыштуу алынган каражаттар чегерилиши мүмкүн. 

2. Жоюлган банктын банктарда жана башка кредиттик мекемелердеги болгон жана жоюу учурунда табылган башка эсептери, табылгандан кийин жабылууга тийиш. Бул эсептердеги калдыктар атайын администратордун башкы эсебине которулат. 

3. Жоюунун жүрүшүндө алынган каражаттар башкы эсепке чегерилүүгө тийиш. Административдик чыгымдар ошол эле эсептин каражаттарынан төлөнүүгө тийиш. 

4. Атайын администратор банктын каражаттарынын суммасы жана анын кандайча пайдаланылгандыгы жөнүндөгү (ага маалым болгон деңгээлде) кыскача отчетту, ар бир үч айда соттун жана Улуттук банктын талабы боюнча сотко жана Улуттук банкка берип турууга тийиш. 

 

48-берене. Карыздарды төлөп берүүдө кезектүүлүктү сактоонун жалпы эрежелери 

 

1. Атайын администратор ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен ушул беренеде белгиленген эрежелерге ылайык, банктын активдерин сатып өткөрүүдөн алынган каражаттарды бөлүштүрөт: 

1) атайын администратор активдерди сатууга жана сатуудан түшкөн пайданы кредиторлордун арасында бөлүштүрүүгө милдеттүү, же ыңгайлуу сатууга мүмкүн болбосо (б.а. түшкөн пайда сатууга кеткен чыгымдардан ашпаса) кезекте турган кредиторлордун макулдугу менен карыздарды төлөөнүн эсебинде активдерди түздөн-түз кредиторго өткөрүп берүүгө же ушул Мыйзамга ылайык активдерди башкача жол менен тескөөгө милдеттүү

2) кезекте турган кредиторлорго карыздарды төлөп берүүнүн алдында, алардан мурда кезекте турган ар бир кредитордун талаптары толук канааттандырылууга тийиш; 

3) бир кезекте турган кредиторлордун талаптарын канааттандырууда, ошол кезектин кредиторлорунун бардыгы өз ара теңчиликте каралат жана алар карыз боюнча аларга тиешелүү суммаларга жараша, төлөөдө бирдей укуктарга ээ; 

4) эгерде бир кезекте турган бардык кредиторлорго толук төлөп берүү үчүн каражаттардын жетишсиздиги болгондо, талабы карызкордун карызынын үлүшүнүн эң чоң бөлүгүнө туура келген кредитор көбүрөөк пропорциядагы компенсацияны алат; 

5) эгерде кандайдыр бир мүлк бир нече анык күрөөлөрдүн предмети болуп саналса, анда ушундай күрөө менен камсыз болунган кредиторлордун ортосундагы бири-биринен артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат; 

6) мыйзам актылары тарабынан аныкталган мөөнөт бүткөндөн кийин коюлган кредиторлордун талаптары, өз убагында коюшкан кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийинки калган банктын активдеринин эсебинен канааттандырылат. 

2. Кредиторлордун талаптары төмөнкү учурларда орду жандырылган болуп эсептелет: 

1) эгерде ушул Мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, банктын активдеринин жетишсиздигинен улам талаптар канааттандырылбаса; 

2) эгерде кредиторлордун талаптары атайын администратор тарабынан кабыл алынбаса жана кредитор доо менен сотко кайрылбаган болсо, ошондой эле кредиторлордун талаптарын канааттандыруу соттун чечими менен баш тартылган болсо; 

3) эгерде кредиторлордун талаптары жоюу процесси аяктагандан кийин коюлган болсо. 

3. Талаптарды орду жандырылган деп таануу, ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, алар банкка кайра коюлбайт дегенди түшүндүрөт. Эгерде алар мыйзамдарга ылайык мурда ишке ашырылбаса, тиешелүү суммалар дебитордук карыздан алынып салынат. 

4. Эгерде жоюуну аяктагандан кийин атайын администратор кошумча активдерди алган же тапкан учурда, орду жандырылган деп эсептелинген талаптар кайрадан коюлушу мүмкүн. 

 

49-берене. Жоюу массасына киргизилбеген мүлк 

 

1. Банктын банкроттоо процесси башталган учурга карата колунда болгон жана ушул процесстин жүрүшүндө табылган бардык мүлкү (материалдык жана материалдык эмес түрүндөгү активдер, укуктар) жоюу массасын түзөт (ушул берененин башка пункттарын эсепке алуу менен). 

2. Банктын жоюу массасын түзгөн мүлкүнөн төмөнкүлөр алып салынат: 

- күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк; 

- жүгүртүүдөн чыгарып алынган мүлк; 

- иш-аракеттин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга уруксатка (лицензияга) байланыштуу өткөрүлүп берилүүгө тийиш болбогон укуктар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өткөрүп берилүүгө жатпаган башка укуктар жана мүлктөрдүн түрлөрү

- банкроттоо жол-жобосун жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан бардык чыгымдар жана чыгашалар; 

- жоюуну (консервациялоону) жүргүзүү максатында атайын администраторго (консерваторго) зайымдарды же кредиттерди беришкен жактардын талаптары. 

Банктын мүлкүнүн курамында жүгүртүүдөн чыгарып алынган мүлк болгондо, атайын администратор ошол мүлктү ага укугу болгон адамга өткөрүп берүүгө тийиш, мүлктүн менчик ээси ал мүлктү кабыл алууга же атайын администратордон кабарлама алгандан кийинки бир ай ичинде, башка адамдарга бекитип берүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда, бир айлык мөөнөт бүткөндө көрсөтүлгөн мүлктү күтүүгө кеткен бардык чыгашалар катышууга жүктөлөт. 

3. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөө жөнүндө мыйзамда же келишимде каралган негиздер келип чыккан учурда, күрөөнү өндүрүүгө айландырууга карата өз укугуна жараша банктын мүлкүнөүрөөнүн предметине) талапкер боло алат. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөөнүн предмети болгон мүлктү өткөрүп берүүнү атайын администратордон талап кылууга укугу бар. 

Атайын администратор кредитор-күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча кандай ыкмада болбосун жана мыйзамда жана тараптардын келишиминде каралган тартипте күрөөнүн предметин ажыратууну жүргүзө алат жана ажыратуудан түшкөн каражатты, ажыратуу учурундагы атайын администратор тарткан чыгымдарды эсептен алып салуу менен күрөө менен камсыз болгон кредиторго өткөрүп берет. 

4. Эгерде күрөөнү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма күрөө менен камсыз болгон кредитордун талабын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын калган бөлүгү ушул Мыйзамдын 51-беренесинде каралган кезектүүлүктүн тартибинде төлөнүүгө тийиш. 

 

50-берене. Административдик чыгашалар 

 

1. Административдик чыгашаларга жоюу процесси жөнүндө билдирүүнү жарыялоого кеткен чыгашалар, атайын администратор (же консерватор) тарабынан чакырылган акционерлердин чогулушун өткөрүүгө кеткен чыгашалар, соттук чыгымдар, атайын администратордун башка чыгашалары (консервациялоо жоюлууга алып келген жана жоюу процессине өзгөртүп түзүлгөн учурлардагы консерватордун чыгашаларын кошкондо), атайын администратордун сыйакылары, атайын администратор банктын чарбалык ишин улантуу зарыл деп эсептеген мезгил ичиндеги банктын мүмкүн болуучу чыгашалары, алынган товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтарынын наркы (электр энергиясы, суу менен камсыз кылуу, телефон ж.б), ошондой эле башка негиздүү чыгашалар камтылат. 

2. Атайын администратордун чыгашаларына атайын администратор тарабынан жалдаган кызматкерлердин эмгегине төлөөгө кеткен суммалар же атайын администратордун милдеттенмелери боюнча же атайын администратор өзүнө алган милдеттенмелер боюнча төлөнгөн башка суммалар камтылышы мүмкүн. 

 

51-берене. Төлөөлөрдүн кезектүүлүгү 

 

1. Банкрот болгон банктын активдери анын кредиторлорунун ортосунда төмөнкү кезек менен бөлүштүрүлөт: 

1) алардын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн банк жоопкерчилик тарткан жарандардын талаптары мыйзамда белгиленген тартипте убактысы менен төлөнүп берилген тиешелүү төлөөлөрдү капитализациялоо жолу менен; 

2) пенсиялар, жөлөкпулдар жана жоюу башталган учурга чейинки үч айдан ашпаган мезгил ичинде банк менен эмгек келишим түзүшкөн кызматкерлердин эмгек акылары боюнча милдеттенмелерди жөнгө салуу; 

3) банк менен байланышы болбогон жеке жактардын жыйырма беш миң сомго чейинки суммадагы (карыздык баалуу кагаздар формасына ээ болбогон) депозиттери боюнча талаптар; 

4) банк менен байланышы болбогон жеке жактардын банктын аманатчыларынын негизги суммага жана ага кошуп эсептелген пайыздарга карата талаптары; 

5) банк менен байланыштуу болбогон, камсыз кылынбаган башка кредиторлордун (аманатчылар-юридикалык жактардын, башка кредиторлордун) негизги суммаларга жана ага кошуп эсептелинген пайыздарга карата талаптары; 

6) бюджетке жана бюджеттик эмес фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары жана аларга кошуп эсептелинген пайыздар боюнча эсептешүүлөр; 

7) банк менен байланыштуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун негизги суммаларга жана аларга кошуп эсептелинген пайыздарга карата талаптары; 

8) кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыруудан кийин калган калдык, эгерде ушундай болсо, банкка катышы жана кредиторлорго-жетекчилерге төлөнүп берилет. 

Банк жоюлган учурда банкка катышы бар, анын банктын уставдык капиталына салынган төгүмүн кайтарып алуу жөнүндө талаптарга карата кредитор болуп саналбайт. Мындай талаптар банктын карыздарын кайтарып алуу боюнча талап болуп саналбайт жана кредиторлордун талаптарынын реестрине кирген кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыруудан кийин гана төлөнүп берилет. 

Калган активдер банктын ээлерине, алардын менчиктеги үлүшүнө жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлүп берилет. 

 

52-берене. Жоюу планы 

 

1. Банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө соттун чечими кабыл алынган күндөн кийинки 70 күн ичинде атайын администратор Улуттук банк менен макулдашуунун негизинде банкты жоюунун кылдат иштелип чыккан планын даярдайт жана сотко бекитүү үчүн берет. Бул планды Улуттук банк 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен кароого милдеттүү. Сот ал планды 10 жумушчу күндүк мөөнөттө бекитет. 

Жоюу планында төмөнкүлөр камтылат: 

1) алардын болжолдуу жоюу наркы боюнча банктын активдерин жана пассивдерин чагылдырган күндөлүк болжолдуу балансы жана үч айга жакын мөөнөттөн кийин банктын күтүлүп жаткан активдеринин жана пассивдеринин болжолдуу балансы; бул баланстарда пассивдер катары кредиторлордун кабыл алынган талаптары сыяктуу эле, кредиторлордун бекитилген жана протесттелген талаптары да көрсөтүлөт; 

2) банктын өткөндөгү жана болжолдонгон кирешелери жана чыгашалары жөнүндө кварталдык отчеттор; 

3) банктын негизги активдерин же активдеринин топторун сатуу боюнча бүткөрүлгөн иштер жөнүндө жана сатуу пландары жөнүндө отчет; 

4) көз боемочулук менен түзүлгөн келишимдерди жана которууларды жокко чыгаруу боюнча соттук аракеттерди, ошондой эле мындай келишимдердин жана которуулардын натыйжасында келип чыккан укуктарды кошкондо, банктын талаптарын канааттандырууга багытталган соттук жана соттук эмес аракеттер жөнүндө отчет; 

5) банктын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана банктын пайдасына компенсацияларды алууга багытталган аракеттер жөнүндө отчет; 

6) банктын кызматкерлерин финансылык жактан камсыз кылууну кылдат талдоону кошкондо, камсыздандыруу келишимдери, эмгек келишимдери жана банкты тейлөө боюнча келишимдер сыяктуу күндөлүк контракттардын аракеттерин узартуу же токтотуу жөнүндөгү отчет; 

7) банктын милдеттенмелери жөнүндө отчет жана банктын кредиторлоруна кийинки квартал ичинде болжолдонуп жаткан төлөп берүүлөрдүн графиги; 

8) жоюуга карата мурдагы жана келечектеги чыгымдар жана чыгашалар жөнүндөгү отчет. 

2. Жоюу планы квартал сайын жаңыртылып турат. Жоюу планы сот тарабынан бекитилгенден кийин, кредиторлорду тааныштыруу үчүн талаптары ушул Мыйзамга ылайык даярдалган, бекитилген талаптардын тизмесине кирген кредиторлорго берилет. 

 

53-берене. Банкрот болгон банктарды мамлекеттин катышуусу менен реабилитациялоо 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы 

N 176 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

54-берене. Кредиторлор менен компромисске баруунун жол берилбестиги 

 

Банкрот болгон банктын кредитору же кредиторлору менен банктарды жоюу жана банкроттоо жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүштү токтотууга негиз катарында тынышуу келишимдерин түзүүгө жол берилбейт. 

 

55-берене. Жалпы чогулуш жана кредиторлор комитети 

 

1. Банкты натыйжалуу жоюу жана банкроттоо максатында кредиторлордун комитети чакырылат. 

2. Өздөрүнүн укук талаптарын каттаткан кредиторлордун жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмесинин кызыкчылыктарын коюу жана коргоо үчүн кредиторлордун комитети уюштурулат. 

Кредиторлор комитети 3 кишиден 7 кишиге чейинки курамда шайланат. Банктын, финансылык-кредиттик мекемелердин акционерлери (катышуучулары) жана кызматкерлери, ошондой эле жалдоо келишими боюнча банкроттук процедурасынын чегинде иш аткарышкан адамдар кредиторлор кеңешинин мүчөсү болууга укуксуз. 

3. Өздөрүнүн укук талаптарын каттаткан кредиторлордун жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмеси катышкан кредиторлордун жалпы чогулушунда кредиторлор комитети шайланат. 

Кредиторлордун биринчи чогулушун уюштуруу жана өткөрүү банкроттук процедурасын колдонууга жараша кредиторлор, карызкорлор, консерваторлор же администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Кредиторлордун чогулушун чакырган адам чогулушту чакыруу жөнүндө кредиторлор чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин он күн мурда республикалык газетада бир жолу кулактандыруу жарыялоого жана эсептик көрсөткүчтөрүнүн жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы бар өзү билген кредиторлорго тапшырылгандыгы жөнүндө маалымдоо менен буйрутма кагазга каттарды жөнөтүү же болбосо аларга чогулуш өткөрүлгөн датага чейин кеминде он күн мурда кол койдуруп тапшыруу жолу менен маалымат берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда кредиторлордун чогулушун талаптагыдай чакыруу үчүн бир буйрутма катты жөнөтүү жетиштүү болот. 

4. Кредиторлордун биринчи чогулушу өткөрүлгөндөн кийин кийинки чогулуштарды чакыруу укугуна кредиторлор чогулушу (комитети), консерваторлор, администраторлор, же Улуттук банк ээ болот. 

5. Кредиторлордун биринчи чогулушуна добуш укугу менен катышуу үчүн кредиторлор чогулуш башталганга чейин календардык жети күн мурда мындай чогулушту козгогон адамга же администраторго өзүнүн талабын (дооматын) берүүгө милдеттүү

6. Кредиторлордун чогулушуна добуш укугу менен катышуу үчүн жана добуш берүү максатында күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөө предметинин наркын (баалаган наркын) баалоого жана ал жөнүндө кредиторлордун биринчи чогулушунда жарыялоого тийиш. 

Күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу күрөө менен камсыз болгон кредитордун талаптарынын суммасы менен күрөө предметинин бааланган наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат. 

Күрөө менен камсыз болгон кредитор өзүнүн камсыз кылуу укугунан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу анын талаптарынын наркы катары аныкталат жана ал кийин кабыл алынган чечимден баш тартууга укуксуз болот. 

Администратор күрөө менен камсыз болгон кредитордун күрөө предметин бааланган наркы боюнча сатып алууга укуктуу. 

7. Кредиторлордун чогулушу, эгерде кредиторлордун чогулушу (комитети) тарабынан башкача белгиленбесе, карызкордун турган жеринде үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт. 

Кредиторлордун чогулушунун чечими чогулуштун протоколу менен жол жоболоштурууга жана ага чогулуштун төрагасы кол коюуга тийиш. 

8. Кредиторлордун комитети өзүнүн иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн: 

- карызкордун финансылык абалы жөнүндө маалыматты; 

- банкроттук процессинин жүрүшү жөнүндө маалыматты талап кылууга; 

- сунуштар берүүгө

- администраторго (консерваторго) ишеним көрсөтпөөгө укуктуу. 

9. Эгерде-аларга кредиторлор комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кредиторлор комитетинин чечими укукка жарамдуу болот. Добуштар тең болгон учурда кредиторлор комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет. 

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы N 47 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 220 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

56-берене. Кредиторлордун талаптарын бөлүштүрүү графиги 

 

1. Кредиторлордун бекитилген талаптары төлөп берүү кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана бөлүштүрүү графигине киргизилет. Ушул Мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, бир категорияга кирген талаптар боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон суммалар, колдо болгон каражаттардын суммасына тиешелүү бирдей эле пайыздык үлүштүн базасында аныкталат. 

2. Атайын администратор бөлүштүрүлгөн каражаттарды банктын кредиторлоруна төлөөнүн Улуттук банк менен макулдашылган графигин сотко кайсы учурда болбосун сунуштай алат, ал эми сот түзүлгөн тизмеге ылайык төлөө, банктын башка кредиторлорунун укугун бузбаган шартта бекитилген банктын кредиторлоруна бөлүштүрүлгөн каражаттарды төлөө графигин бекитет. 

3. Сот тарабынан бекитилген бөлүштүрүү графиги акыркысы болуп саналат жана техникалык (туура эмес жазуу, иш кагаздарынын катасы) катачылыктарга жол берилген учурда гана даттанууга жатат. Кандай даттануу болбосун сотко графикти бекиткенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен берилиши зарыл. 

4. Сот тарабынан бөлүштүрүү графиги бекитилгенден кийин, бул графикте каралган төлөп берүүлөрдү атайын администратор токтоосуз түрдө жүргүзөт. Кредиторлорду аныктоонун жана алар менен байланышуунун мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген, бөлүштүрүү графигине киргизилген суммалар Улуттук банктагы счетто депонирлеништирилет. Атайын администратор республикалык газетада же кеңири тараган газеталардын биринде кабарлама жарыялоого тийиш, анда ысымдары аталган кредиторлорго каражаттарды алуу боюнча кайрылуу сунушталат. Ушундай түрдө депонирлеништирилген каражаттар ошол кредиторлор же алардын укугу өткөндөр тарабынан алынышы мүмкүн. 

 

57-берене. Эл аралык банктардын банктроттуулугу 

 

Ата-мекендик жана чет өлкөлүк кредиторлорунан өз ишин бир нече өлкөдө жүргүзгөн банкрот болгон банктын активдеринин жалпы фондусунан бирдей үлүштө пайдалануусун камсыз кылуу максатында: 

1) эгерде Кыргызстандын банкрот болгон банкынын башка өлкөдө филиалдары жана өкүлчүлүктөрү болсо, Улуттук банк ошол өлкөнүн расмий органдары менен кызматташышы мүмкүн; 

2) эгерде Кыргызстандын банкрот болгон банкынын кредиторуна анын талаптары боюнча башка өлкөдөн жарым-жартылай төлөнүп берилсе, кредитордун талаптары боюнча калдык Кыргыз Республикасындагы иш өндүрүшүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдар менен бирге төлөөгө коюлушу мүмкүн; 

3) банкты банкрот деп таануу жөнүндө чет өлкөдө кабыл алынган чечим жана резидент эмес банктардын активдерин сактоо жана реабилитациялоо боюнча чет өлкөдө жүргүзүлгөн чаралар алардын жергиликтүү филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата канчалык деңгээлде тааныла тургандыгын сот аныктайт; 

4) эгерде резидент эмес банктын башкы кеңеши жайгашкан өлкөдө жоюлуу процесси болуп жатса же ошол жерде анын негизги иши жүргүзүлсө, Улуттук банктын талабы боюнча, резидент эмес банктын, Улуттук банк аларды которуу максатка ылайыктуу жана ошол банктын кредиторлорунун кызыкчылыгына жооп берет деп эсептеген активдерин гана ошол өлкөдөгү атайын администраторго өткөрүп берүүгө сот уруксат бериши мүмкүн. 

 

58-берене. Атайын администратордун отчету 

 

1. Кредиторлор менен бардык эсептешүүлөрдү бүткөрүүдөн жана ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруудан кийин атайын администратор сотко, кредиторлор комитетине жана Улуттук банкка өз ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берет. 

2. Отчетко төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: 

1) жоюу балансы; 

2) кредиторлордун талаптарынын реестри жана канааттандырылган талаптардын суммасын көрсөтүү менен аларды кароонун натыйжалары; 

3) банктын калган мүлктөрүн (активдерин) пайдалануу тууралу документтер; 

4) өндүрүп алууга мүмкүн болбогон катары алынып салынган же тиешелүү негиздөөлөрдү тиркөө менен баалуулукка жатпаган катары эсептелинген активдердин документтери; 

5) атайын администратор алган сыйакылар жөнүндө документтер; 

6) административдик чыгашалардын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуу жумшалгандыгын тастыктаган документтер; 

7) банктын жетекчилеринин жана катышы барлардын укукка жатпаган аракеттери (эгерде андайларга жол берилсе) жөнүндө маалыматтар; 

8) зарыл башка маалыматтар. 

 

59-берене. Банкроттоо процессинин аякташы 

 

1. Атайын администратор өзүн атайын администратордун милдеттерин аткаруудан бошотуу жөнүндө арыз менен сотко төмөнкү учурларда кайрылууга укуктуу, эгерде ал: 

1) жоюу мезгилинде анын пикири боюнча топтоого (төлөөгө) мүмкүн болгон банктын бардык активдерин чогулткан болсо (же алардын акысын алса); 

2) жоюуну ишке ашыруу мезгилинде алгылыктуу рыноктук баада бардык активдерди сатып өткөргөн болсо (б.а. сатуудан түшкөн каражат, жок дегенде сатууга байланыштуу кеткен чыгашалардан ашкан учурларда); 

3) алгылыктуу рыноктук баада сатууга мүмкүн болбогон бардык активдерди ушул берененин талаптарына ылайык бөлүштүрсө

4) күрөө менен камсыз болгон кредиторлордун ээлигине алар укуктуу болгон бардык активдерди өткөрүп берсе; 

5) активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык бардык административдик чыгашаларды төлөгөн болсо; 

6) активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык, кредиторлордун талаптарынын мүмкүн болушунча көпчүлүк бөлүгүн төлөй алса; 

7) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өзүнүн отчетун сотко жана Улуттук банкка даярдап берсе; 

8) ушул Мыйзамдын жана тийиштүү ченемдик актылардын ичиндеги башка талаптарын аткарган болсо. 

2. Эгерде банктын активдери келишимдин негизинде үчүнчү тараптарда болсо жана атайын администратор аларды белгиленген тартипте сатып өткөрө албаса (үчүнчү тарапка ижарага берилген жана ижарага берүү мөөнөтүн жоюу процесси бүткөндөн кийин гана келип жеткен активдерди кошкондо), атайын администратор бул активдерди алгылыктуу рыноктук баада тиешелүү үчүнчү тарапка сатууга укуктуу. 

3. Бардык кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган мүлк атайын администратордун арызы боюнча сот тарабынан ээси жок деп табылып жана мыйзам актыларына ылайык бөлүштүрүлөт. 

4. Эгерде атайын администратор банктын активдерин белгиленген тартипте алгылыктуу рыноктук баа боюнча сата албаса же ушул берененин 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жактарга сата (өткөрө) албаса, анда бул активдер ээси жок деп эсептелет жана атайын администратор бул активдерди Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык тескөөгө тийиш. Өндүрүп алууга же сатууга жатпаган банктын дебитордук карызы баалуулукка жатпаган катары эсептелиши жана эсептен чыгарылышы мүмкүн. 

5. Ушул берененин 2, 3-пункттарына ылайык банктын активдерин кабыл алып жаткан жак бул активдерге карата банктын болгон укуктарын кошо алат. 

6. Эгерде калк үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген активдерди, ушул берененин 2, 3-пункттарында каралган тартипте тигил же бул жактарга өткөрүп берүүгө мүмкүн болбосо, атайын администратор бул активдерди өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын тескөөсүнө өткөрүп берет. 

7. Эгерде активдер келечекте банк тарабынан үчүнчү жактардан алынууга тийиш болсо (келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн жоюу жол-жобосу бүткөндөн кийин келип жетсе), анда атайын администратор бул активдерге карата укукту ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мүмкүнчүлүккө жараша сатууга милдеттүү

8. Эгерде жоюу процесси аяктаган учурга карата тигил же бул активдер аныкталбаган же атайын администраторго белгилүү болбогон болсо, анда атайын администратор бул активдерди кредиторлордун атынан алууга укутун сактап калат. 

9. Жоюу бүткөндөн кийин, атайын администратордун чыгашаларын эсептен алып салуудан кийинки алынган активдер атайын администратордун отчетунда көрсөтүлгөн кредиторлорго белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт, мында арыздарын жоюу жол-жобосу аяктагандан кийин беришкен кредиторлордун негиздүү талаптарын кошумча канааттандыруу жүргүзүлөт. Бул учурда атайын администратор активдерди алгандыгы жөнүндө же ошол активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү өз ниети тууралу билдирмени жарыялоого, же чоң суммадагы активдер алынган жана анын наркы билдирмени жарыялоого кеткен чыгымды аяктаган учурларды эске албаганда, талаптары канааттандырылбаган башка кредиторлорду издөөгө милдеттүү эмес. 

10. Атайын администратор өзүнүн бардык, анын ичинде ушул берененин 1-пунктунда каралган милдеттерди аткаруудан кийин соттун чечими боюнча милдеттерди аткаруудан бошотулат, бирок ага чейин ал жоюу жөнүндө отчетту даярдап, соттун кароосуна берүүгө тийиш. Жоюучуну өз милдеттеринен бошотуу жөнүндө соттун чечими менен банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтерин жана жоюу жол-жобосуна тиешелүү башка иш-кагаздарды сактоо орду аныкталат. 

11. Банкка карата банкроттук процесси банктын бардык активдери жокко чыгарылып, ал эми активдерди жок кылуудан түшкөн каражаттар банктын кредиторлоруна төлөнгөн же банктын кредиторлоруна кийин төлөнүп берилиши үчүн сактап туруу максатында Улуттук банкта депонирленет. 

12. Сот банкроттоо процесси аякталгандыгы тууралу чечим чыгаргандан кийин жоюу аяктады деп эсептелинет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жакты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгаруу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизет. Банкка карата банкроттоо процессинин бүткөндүгү жөнүндө соттун чечими республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. 

 

IV бөлүм 

Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө 

иштерди сотто териштирүү 

 

60-берене. Иштин сот тарабынан каралышы 

 

1. Банкроттоо негиздер жана башка негиздер боюнча банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер (мындан ары - иштер) өндүрүштөгү өзгөчө иштер болуп саналат. 

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, ушул бөлүмдө каралган эрежелер боюнча иштер сот тарабынан каралат. 

3. Аткаруунун тартиби ушул бөлүмдө аныкталбаган процесстик аракеттер, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. 

4. Иштер иш өндүрүшү менен токтотулушу мүмкүн эмес. 

5. Иштер бейтарап соттун кароосуна берилиши мүмкүн. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

61-берене. Иштин сотко караштуулугу 

 

1. Иштер банктын жайгашкан жериндеги сот тарабынан каралат. 

2. Жайгашкан орду белгисиз болгон банкка карата арыздар сотко, анын мүлкү турган жери боюнча же Кыргыз Республикасында ал жайгашкан, белгилүү болгон акыркы орду боюнча берилиши мүмкүн. 

 

62-берене. Сотко кайрылууга укук 

 

1. Мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылууга төмөнкүлөр укуктуу: 

1) кредитор же кредиторлор; 

2) банк; 

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 

4. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактар, талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин сактоосуз эле, сотко кайрылууга укуктуу. 

 

63-берене. Ишке катышкан жактар 

 

1. Ишке катышкан жактар болуп төмөнкүлөр саналышат: 

1) Консерватордун, ал тарабынан ыйгарым укук берилген өкүлдүн атынан банк; 

2) банктын жетекчилигинин (иштен четтетилген жетекчиликтин) ыйгарым укуктуу өкүлү

3) кредитор же кредиторлор; 

4) Улуттук банк же милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча башка ыйгарым укуктуу орган. 

2. Ишке катышкан жактар процесстик укуктардан пайдаланышат жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган милдеттерди аткарышат. Мында доо коюучу Жарандык процесстик кодексте доогерге ал эми банк-жоопкерге карата каралган укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат. 

Кредиторлор ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүгө укугу бар. 

3. Сот тиешелүү деңгээлдеги чечим кабыл алынганга чейин, карызкордун башка кредиторлорунун өтүнмөсү боюнча, аларды ишке катышкан жактар катары тартууга милдеттүү

4. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган үчүнчү жактар (же өз алдынча талаптарды коюшпагандар) жөнүндө эрежелер, ошондой эле арызданышкандар тийиштиги жок тараптарды алмаштыруу жөнүндөгү эрежелер колдонулбайт. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

64-берене. Соттук процесске катышкан жактар 

 

1. Ишке катышкан жактардан тышкары, иш боюнча соттук процесске эксперттер, тилмечтер, күбөлөр, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда, башка адамдар катышышы мүмкүн. 

2. Соттук процесске катышкан жактар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган процесстик эрежелерден пайдаланышат жана андагы милдеттерди аткарышат. 

3. Ишти кароодо атайын билдирмени талап кылуучу маселелер пайда болгондо түшүндүрүү үчүн ишке катышкан жактын өтүнмөсү, болбосо өз демилгеси боюнча, сот экспертизаны дайындоого укуктуу. Экспертизага байланыштуу чыгашалар жоюучунун (атайын администратордун) чыгашалары болуп саналат. 

4. Сот тарабынан ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жана жагдайларды билген кайсы адам болбосун, анын ичинде карызкордун катышуучулары, кызмат адамдары жана кызматкерлери, өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарынын, бөлөк уюмдардын ж.б. өкүлдөрү күбө катары чакыртылышы мүмкүн. 

Күбөнү чакыртуу жөнүндө өтүнгөн адам, иш үчүн маанилүү болгон кандай жагдайларды күбө тастыктап мүмкүндүгүн көрсөтүүгө жана сотко анын аты, фамилиясы жана жашаган жери (иши) тууралу билдирүүгө тийиш. 

5. Күбө катары төмөндөгүлөр чакыртылбайт жана суракка алынбайт: 

1) жарандык иштер боюнча өкүлдөр же кылмыш иштери боюнча коргоочулар - өкүлдүн же коргоочунун милдетин аткарууга байланыштуу аларга маалым болгон жагдайлар тууралу; 

2) өзүнүн дене түзүлүшү же психикалык жактан майыптыгынан улам фактыларды туура кабыл алууга же алар тууралу туура көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адамдар. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

65-берене. Мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоонун негизи 

 

1. Иш боюнча өндүрүш ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык сотко кайрылууга укугу бар адам берген арыздын негизинде, сот тарабынан козголот. 

2. Сотко арыз ушул Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу менен процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык берилет. 

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулгандардан тышкары, башка адамдар арыз бергенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип жана ставкалар боюнча мамлекеттик алымдарды төлөйт. 

 

66-берене. Карызкордун мажбурлап жоюу процессин козгоо жөнүндө арызы 

 

1. Карызкор уюмдаштыруу документтерине ылайык жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде, арыз менен сотко кайрылат. 

2. Карызкордун арызы машинкада басылган жазуу жүзүндөгү текст түрүндө сотко берилет. Арызга карызкордун жетекчиси болбосо аны алмаштырган адам кол коюшат. 

3. Карызкордун арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы; 

2) карызкордун аталышы, анын почталык дареги; 

3) карызкорго маалым болгон бардык кредиторлор, анын ичинде күрөө менен камсыз болгондору жана алардын талаптарынын суммалары; 

4) мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо же банкрот деп таануу жана банкроттоо процессин козгоо жөнүндө өтүнүч; 

5) карызкордун активдеринин болжолдуу наркы жөнүндө маалыматтар; 

6) карызкор иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле карызкордо болгон өтүнмөлөр; 

7) тиркелген документтердин тизмеси. 

4. Өзүн жоюу жөнүндө берген карызкордун арызы, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 

5. Карызкор тарабынан арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди кредиторлорго жиберүү талап кылынбайт. 

 

67-берене. Арызга тиркелүүчү документтер 

 

Арызга төмөндөгү документтер тиркелет: 

1) уюмдаштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

2) юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

3) акыркы отчеттук датага карата бухгалтердик баланс же аны алмаштыруучу документтер; 

4) карыздын бар экендигин, ошондой эле карызкор кредиторлордун талаптарын толук өлчөмдө канааттандырууга кудуретсиздигин тастыктаган документтер; 

5) белгиленген тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдардын жана почталык чыгымдардын төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. 

 

68-берене. Мажбурлап жоюу процессин козгоо жөнүндө кредитордун арызы 

 

1. Кредитордун арызы машинкада басылган жазуу жүзүндөгү текст түрүндө сотко берилет. Кредитордун - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси же өкүлү, ал эми кредитор - жарандын арызына, жарандын өзү же анын өкүлү кол коюшат. 

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы; 

2) карызкордун аталышы, анын почталык дареги; 

3) кредитордун карызкорго карата коюлган талаптарынын өлчөмү жана төлөнүп берилүүгө тийиш болгон пайыздардын жана бышманалардын (айыпакылар, туумдар) өлчөмдөрү

4) карызкордун кредитордун алдындагы ал талапты пайда кылган милдеттенмеси, ошондой эле аны аткаруунун мөөнөттөрү

5) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө талап; 

6) кредитор иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле кредитордо болгон өтүнмөлөр; 

7) тиркелген документтердин тизмеси. 

3. Кредитор арыздын көчүрмөсүн карызкорго жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде карызкордун турган жери белгисиз болсо, арыздын көчүрмөсү анын мүлкүнүн турган ордуна же Кыргыз Республикасында акыркы жашап турган жери боюнча жиберилиши мүмкүн. 

4. Улуттук банктын арызын сактоо кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптары менен сотко берилет. 

 

69-берене. Кредиторлордун талаптарын бириктирүү 

 

1. Кредитордун арызы ар кандай милдеттенмелер бириктирилген алынган карыздарга негизделиши мүмкүн. 

2. Кредиторлор карызкорго карата өз талаптарын бириктирүүгө жана сотко кредитордун бир арызы менен кайрылууга укуктуу. Бул арызга өз талаптарын бириктиришкен кредиторлор кол коюшат. Кредиторлор ишти алып барууну кредиторлордун ичинен бирөөнө тапшырышы мүмкүн. 

 

70-берене. Кредитордун арызына тиркелүүчү документтер 

 

1. Кредитордун арызына тастыктаган төмөндөгү документтер тиркелет: 

1) кредитордун талаптарынын негиздүүлүгүнүн далилдери, анын ичинде карызкордун кредитордун алдындагы милдеттенмелери, ошондой эле ошол милдеттенмелер боюнча карыздардын бар болушу жана өлчөмү

2) кредитордун арызынын негиздүүлүгүнүн далилдери, анын ичинде, эгерде: кредитордун карызкорго карата талаптарын караган соттун, соттун же бейтарап соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими; ошол талаптардын карызкор тарабынан таанылышын тастыктаган далилдер; аткаруу документтери (аткаруу баракчасы, карызкор тарабынан акцептелген төлөө талаптары, нотариустун ишти аткаруу жазуулары ж.б.) болсо; 

3) кредитордун арызы негизделген башка далилдер; 

4) мамлекеттик алымдардын жана почталык чыгымдардын белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнгөнүнө (мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулган учурларды эске албаганда); 

5) арыздын көчүрмөсүн карызкорго жиберүү (тапшыруу). 

2. Эгерде арызга кредитордун өкүлү кол койгон болсо, анын ошондой арызды берүүгө ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каты, арызга кошо тиркелет. 

3. Эгерде кредиторлор ишти алып барууну кредиторлордун бирине тапшырган болсо, анда бардык кредиторлор-тапшыруучулар тарабынан кол коюлган, ишти алып барууга ыйгарым укукту тастыктаган ишеним кат да арызга тиркелет. 

4. Эгерде Улуттук банк арыз берген болсо, анда арызга карызкордун Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету, лицензияларды кайтарып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечиминин көчүрмөсү жана башка зарыл документтер тиркелет. 

 

71-берене. Арыздын кабыл алынышы 

 

1. Арызды кабыл алуу жөнүндөгү маселени судья жеке өзү чечет. 

2. Сот ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилген арызды сот өндүрүшүнө кабыл алууга милдеттүү

3. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот, арыз келип түшкөн күндүн эртесинен кечиктирбестен, аныктама чыгарат жана ал иш боюнча катышкан тараптарга дароо жиберилет. Соттун жыйналышы арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарган учурдан кийинки 5 күндөн кечиктирилбестен башталуута тийиш. 

4. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндөгү аныктамада судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди, соттун жыйналышында ишти териштирүүгө коюуну, аны өткөрүүнүн убактысын жана ордун көрсөтүүгө тийиш. 

5. Арыз кароого кабыл алынган учурунан тартып, ишти кароо мөөнөтүндө карыздарды төлөөгө жана карызкордун активдерин камакка коюуга тиешелүү бардык соттук жана башка аракеттерди аткаруу токтотулат. Ушул пункттун жоболору күрөө менен камсыз болунган кредитордун укуктарына жана мүлк ээсинин укугуна же катышуучу мүлктү карызкорго өткөрүп берүүгө (ээликке өткөрүп берүү же убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү макулдашуунун негизинде) укукту ыйгарган башка жактын укуктарына жайылтылбайт. 

6. Карызкорго карата анын карамагында турган мүлктөрдү тескөөсүнө чектөөлөр соттук процесстин алкагында гана коюлушу мүмкүн. 

7. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама даттанууга жатпайт. 

8. Арыз сот тарабынан иш өндүрүшүнө кабыл алынган учурда, ушул Мыйзамга ылайык күчүнө кирген Улуттук банктын чечимдерин кайра кароо жөнүндө кайсы болбосун жактардын утурлама жана/же өз алдынча койгон талаптары кароого кабыл алынбайт. 

 

72-берене. Банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу 

 

1. Сот төмөнкү учурларда банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартат: 

1) эгерде банк ушул Мыйзамга ылайык банкрот деп таанылышы мүмкүн эмес болсо; 

2) эгерде банк мурда банкрот деп таанылып жана ага карата банкроттоо процессинин жол-жоболору жүргүзүлүп жаткан болсо; 

3) эгерде банк жоюлуп кетсе жана мамлекеттик реестрден чыгарылган болсо; 

4) эгерде карыздын суммасы ушул Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген эң аз өлчөмгө дал келбесе; 

5) эгерде арыз берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык сотко кайрылууга укугу жок болсо; 

6) эгерде банкроттоо жөнүндө арыз мурда эле сотко келип түшсө же иш өндүрүшүнө кабыл алынып, бирок сот тарабынан карала элек болсо, ал боюнча бир эле жак жоопкер болуп саналса. 

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу учурунда сот, жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөн күндөн кийинки 5 күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө жана карызкорго жиберилет. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага даттанууга болот. 

3. Көзөмөл тартибинде аныктаманы алып салуу учурунда арыз сотко алгачкы кайрылган күнү берилген болуп эсептелинет. 

 

73-берене. Банкты банкрот деп таануу жөнүндөгү арыздын кайтарылып берилиши 

 

1. Сот банкты банкрот деп таануу жөнүндөгү арызды төмөнкү учурларда кайтарып берет: 

1) эгерде ушул Мыйзамдын 66, 70-беренелеринде белгиленген талаптар сакталбаган болсо; 

2) эгерде кредитор тарабынан арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендиги (тапшырылгандыгы) тууралу далилдер көрсөтүлбөсө

3) эгерде мамлекеттик алымдар жана башка соттук чыгашалар белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер берилбесе, ал эми мамлекеттик алымдарды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, кийинкиге калтыруу же анын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүктөрү мыйзамда каралган учурларда, бул тууралу өтүнмө жок болсо же берилген өтүнмө четке кагылса; 

4) эгерде арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз берүүчүдөн Улуттук банктын макулдугу менен арызды кайтарып берүү жөнүндө арыз иш өндүрүшүнө келип түшсө

2. Банк үчүн сотко кайрылуу ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү шарт болуп саналса жана арызга ушул Мыйзамдын 67-беренесинде каралган документтер тиркелбесе, бул арыз сот тарабынан кабыл алынат, ал эми жетпеген документтер банкроттук жөнүндө ишти соттук териштирүүлөргө даярдоодо талап кылынат. 

3. Арызды кайтарып берүүдө судья аныктама чыгарат, ал арыз сотко келип түшкөн учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ишке катышкан жактарга жиберилет. 

4. Көзөмөл тартибинде аныктама алынып салынган учурда, арыз сотко алгачкы кайрылган күнү берилген болуп эсептелет. 

5. Арыздын кайтарылып берилиши, орун алган кемчиликтерди четтетүүдөн кийин жалпы тартипте сотко экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт. 

 

74-берене. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар 

 

1. Сот Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинде каралган төмөндөгү чараларды кабыл алууга укуктуу: 

1) карыздарды төлөөгө жана банктын активдерин камап коюуга тиешелүү бардык соттук жана башка аракеттерди аткарууну токтотуу жөнүндө аныктаманы чыгарууга (ушул Мыйзамдын 71-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын аракеттерин эске албаганда); 

2) соттун, Улуттук банктын же консерватордун макулдугусуз мүлктү ажыратууга же тескөөгө байланыштуу бүтүмдөрдү: мүлктү ижарага, күрөөгө өткөрүп берүү, мүлктү карызкордун уставдык капиталына салым катары киргизүү; зайымдарды (кредиттерди) алууга жана берүүгө, кепилдиктерди жана гарантияларды берүүгө, талап кылууга укуктарды экинчи бирөөгө ыйгарууга, карыздарды которууга, ошондой эле банктын мүлкүн ишеним боюнча башкарууну уюмдаштырууга байланыштуу бүтүмдөргө келишүүгө банктын башкаруу органдарына тыюу салууга; 

3) соттун, Улуттук банктын же консерватордун макулдугусуз: банкты жоюу; филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө; дивиденддерди төлөө; банк тарабынан облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу; банктын катышы барлар курамынан чыгуу; акционерлерден мурда чыгарылган акцияларды сатып алуу; ассоциацияларга, союздарга, холдинг компанияларына, финансы-өнөр жай топторуна жана юридикалык жактардын жана башка бирикмелерине катышуу тууралу чечимдерди кабыл алуусуна банктын башкаруу органдарына тыюу салууга; 

4) банктын мүлкүнүн сакталып турушун камсыз кылууга багытталган башка чараларга. 

2. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар, сот тарабынан банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынганга же сот тарабынан банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин колдонулат. 

3. Сот банкроттук жөнүндө ишке катышкан жактын өтүнмөсү (арызы) боюнча кредиторлордун талаптарын камсыз кылуучу чараларды ушул берененин 2-пунктунда каралган жагдайлар келип жеткенге чейин жокко чыгарууга укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

75-берене. Банктын арызга карата пикири 

 

1. Банк арызга каршы экендигин тастыктаган каршы пикирлери тиркелген документтерди жана арыз ээсине бул пикирдин көчүрмөсү ал пикир ишти кароо күнү тапшырылышын камсыздоочу мөөнөттө жиберилгендигине далилдерди тиркөө менен кредитордун, Улуттук банктын арызына болгон пикирин сотко жөнөтүүгө укуктуу. 

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маалыматтардан тышкары, банктын пикиринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) арыз берүүчүнүн талаптары боюнча банктын каршы пикирлери; 

2) банктын кредиторлордун алдындагы милдеттенмелери боюнча карыздарынын жалпы суммасы; 

3) банкта болгон мүлк жөнүндө, анын ичинде банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы анын эсептерине салынган акча каражаттары жөнүндөгү маалыматтар, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептердин номерлери жана алардын почталык дареги; 

4) арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарганга чейин, алардын карызкор тарабынан таанылышы учурунда, арыз берүүчүнүн талаптарынын канааттандырылганына далилдер; 

5) банк банкроттук жөнүндөгү иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле банкта болгон өтүнмөлөр. 

3. Банктын пикиринин жоктугу банкроттук жөнүндө иштин каралышы үчүн тоскоолдук болбойт. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

76-берене. Ишти кароо мөөнөтү 

 

Иш арыз өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама чыгарылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде сотто каралууга тийиш. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт соттун жүйөлөштүрүлгөн аныктамасы боюнча бир айдан ашпаган мөөнөткө гана узартылышы мүмкүн. 

 

77-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилген маселелер 

 

1. Чечим кабыл алууда сот ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде каралган маселелерди чечет. Мындан тышкары сот иш үчүн маанилүү болгон төмөнкү жагдайларды белгилөөгө тийиш: 

1) арыз берген адам ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык, карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу жакпы; 

2) банк банкроттук процессине дуушар болуучу субъектпи; 

3) карыздын өлчөмү банкроттук белгилерин аныктоо үчүн ушул Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби; 

4) банктын кредитордун алдындагы милдеттенмесинен келип чыккан талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же тараптардын келишиминин талаптарына жооп береби; 

5) банкты төлөөгө жөндөмсүз деп таануу үчүн мыйзамдуу негиздер барбы; 

6) арыз берүүчүнүн талаптарынын негиздүүлүгү

2. Арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- лицензияларды кайтарып алуу үчүн негиздердин жоктугу; 

- мажбурлап жоюу үчүн негиздердин жоктугу; 

- ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

78-берене. Банкты банкрот деп таануу үчүн негиздер 

 

1. Ушул Мыйзамдын 24-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлардын биринин орун алышы эле сот үчүн банкты банкрот деп таанууга жетиштүү

2. Эгерде сот ушул Мыйзамдын 77-беренесинин 1-пунктундагы жагдайлардын жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири орун алгандыгын белгилесе, анда алар банкты банкрот деп таануудан баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кыла албайт: 

1) төлөөгө тийиш болгон карыздарды келечекте төлөп берүүгө банктын мүмкүнчүлүгү болсо; 

2) банктын, акционерлердин же инвестордун банктын активдерине кирбеген ири суммадагы финансылык резервдери болушу, бүткөрүлбөгөн өндүрүшү, мурда кирешелүү иштегендиги, бедели, өндүрүлүп жаткан продукцияларга, чийки заттарга керектөөлөрү, калыптанган белгилүү инфраструктуранын д.у.с. болушу. 

 

79-берене. Соттун аныктамасы 

 

1. Сот иш боюнча төмөнкү учурларда аныктама чыгарат: 

1) арыз кабыл алынганда; 

2) арызды кабыл алуудан баш тартканда; 

3) арыз кайтарылып берилгенде; 

4) ишти кароо кийинкиге калтырылганда; 

5) арыз кароосуз калтырылганда; 

6) иш боюнча өндүрүш токтотула турганда; 

7) иш боюнча өндүрүш токтотулганда; 

8) мажбурлап жоюу жол-жобосу, анын ичинде банкты банкроттукка чыгаруу процесси аяктаганда; 

9) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда. 

2. Сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин эрежелери боюнча өзүнчө акт түрүндө аныктама чыгарат. 

3. Соттун аныктамасы чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана дароо аткарылууга тийиш. 

4. Соттун аныктамасына ал чыккан учурдан кийинки он күн ичинде көзөмөл тартибинде даттанууга болот. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

80-берене. Соттун чечими 

 

1. Сот иш боюнча төмөнкү учурларда чечим чыгарат: 

1) мажбурлап жоюу жол-жобосу банкроттук эмес негиздер боюнча козголгондо жана банкроттук процесси козголгондо; 

2) мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоодон жана банкроттук процессин козгоодон баш тартылганда. 

2. Соттун чечими чечим чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. 

3. Соттун чечимине беш күндүк мөөнөт ичинде апелляциялык даттануу жана/же он күндүк мөөнөттө көзөмөл тартибинде даттануу берилиши мүмкүн. 

 

81-берене. Банкты банкрот деп таануу жана банкроттук процессин баштоо жөнүндө соттун чечими 

 

1. Банкты банкрот деп таануу жана банкроттук процессин баштоо жөнүндө соттун чечими ушул Мыйзамда каралган банкты банкрот деп таануунун белгилери аныкталган учурда кабыл алынат. 

2. Соттун чечиминде төмөнкүдөй көрсөтмөлөр камтылууга тийиш: 

1) банктын банкрот деп таанылышы жөнүндө

2) банкроттук процессинин башталышы жөнүндө;; 

3) атайын администратордун дайындалышы жөнүндө

3. Соттун чечими ишке катышып жаткан адамдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырык кат менен тапшырылгандыгы тууралу кабарлама менен жөнөтүлөт же аларга тилкат менен кабыл алынган күндөн тартып беш күн ичинде тапшырылат. 

4. Соттун чечимине чечим чыгарылган учурдан тартып 10 күн ичинде көзөмөл тартибинде даттанууга болот. Даттануу сот тарабынан банкроттук процессинин чегинде каралат. 

5. Атайын администраторго талапкерди сотко Улуттук банк сунуш кылат. 

 

82-берене. Банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими 

 

1. Банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими банкроттук белгилери аныкталбаган учурда жана ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча кабыл алынат. 

2. Банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими консерватордун ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз болуп саналат. 

3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык карызкор-банк келтирилген зыяндын ордун толтурууну сот тартибинде арыз берүүчүдөн талап кылууга укуктуу. 

 

83-берене. Банкты банкроттукка чыгаруу процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы 

 

1. Банкты банкроттукка чыгаруу процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы төмөнкү учурларда кабыл алынат: 

1) сот тарабынан дайындалган банкроттук процесси ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аяктаганда; 

2) жалган банкроттуктун фактылары аныкталганда. 

2. Эгерде банкроттук процесси карызкорду-юридикалык жакты жоюу менен аяктаса, банкты банкроттукка чыгаруу процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы карызкорду мамлекеттик реестрден чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. 

3. Эгерде банкроттук процессинин жыйынтыгы боюнча банк төлөөгө жөндөмдүү деп таанылса, анда банкты банкроттукка чыгаруу процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы банктын ишинин улантылышы үчүн негиз болуп саналат. 

 

84-берене. Ишти кароону кийинкиге калтыруу 

 

1. Эгерде ишке жана (же) соттук процесске катышуучу адамдардын кайсы биринин келбей калуусуна байланыштуу же кошумча далилдерди берүү зарылчылыгынан улам ишти ошол сот жыйналышында кароо мүмкүн болбосо, сот ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу. 

2. Банктын же анын өкүлүнүн соттун жыйналышына жүйөлүү себепсиз катышпай калуусу ишти кароону кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт. 

3. Ишти кароону кийинкиге калтыруу ушул Мыйзамдын 76-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн чегинде жүргүзүлөт. Ишти кароонун кийинкиге калтырылгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарат, анда соттун кийинки жыйналышынын убактысы жана орду көрсөтүлөт. Соттун аныктамасы ишке катышып жаткан адамдарга тапшырык кат менен тапшырылгандыгы тууралу кабарлама менен жөнөтүлөт же алардын өкүлдөрүнө тилкат менен берилет. 

4. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама даттанууга жатпайт. 

 

85-берене. Арызды кароосуз калтыруунун негиздери 

 

1. Сот банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды төмөнкү учурларда кароосуз калтырууга укуктуу: 

1) көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса; 

2) арыз берүүчү же анын өкүлү соттун жыйналышына жүйөлүү себепсиз келбесе жана соттун тиешелүү тартипте кабарлаганына карабастан ишти анын катышуусуз эле кароо жөнүндө өз пикирин билдирбесе. 

2. Арызды кароосуз калтыруу тууралу сот аныктама чыгарат. Мыйзамдарында белгиленген учурларда соттун аныктамасында соттук чыгашаларды бөлүштүрүү, мамлекеттик алымдарды толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүү маселелери чечилиши мүмкүн. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү аныктамага даттанууга болот. 

3. Арызды кароосуз калтырууга негиз болгон жагдайларды четтеткенден кийин арыз берүүчү жалпы негизде сотко арыз менен кайрадан кайрылууга укуктуу. 

 

86-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери 

 

1. Сот тарабынан тиешелүү чечим чыгарылганга чейин сот төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүштү токтотот: 

1) эгерде банк болуп саналбаган арыз берүүчү банкты банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүдөн баш тартса; 

2) эгерде сот тарабынан жалган же атайылап банкроттукка чыгаруунун фактысы аныкталса; 

3) эгерде сот тарабынан ушул Мыйзамдын 82-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса. 

4) эгерде өздөрүнүн талаптарын белгилеген тартипте каттатышкан жана алар боюнча толук канааттануу алышкан карызкордун кредиторлорунун бардыгы менен түзүлгөн Тынышуу келишими сот тарабынан бекитилсе. 

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, даттанууга болот. 

3. Иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу ошол эле тараптар тарабынан жана ошол эле негиздер боюнча сотко экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук болуп саналбайт. 

 

87-берене. Соттук чыгашаларды жана жоюучуга жана атайын администраторго сыйакы төлөп берүүгө кеткен чыгашаларды бөлүштүрүү 

 

1. Бардык соттук чыгашалар, анын ичинде төлөө мөөнөтү узартылган же кийинкиге калтырылган мамлекеттик алымдар боюнча чыгашалар, ошондой эле жоюучуга жана атайын администраторго сыйакыларды төлөөгө кеткен чыгашалар карызкордун мүлкүнө чегерилет жана ушул Мыйзамга ылайык ушул мүлктүн эсебинен орду толтурулат. 

2. Сот тарабынан карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык төлөгөн мамлекеттик алым ага банкроттук процессине кеткен чыгымдар катары толугу менен төлөнүп берилет. 

Эгерде банкроттук жөнүндө ишти караганда сот кредитордун талабынын өлчөмү банкты банкрот деп таануу жөнүндөгү арызда көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз экендигин аныктаса, мамлекеттик алым сот тарабынан белгиленген суммага жараша жарым-жартылайы төлөнүп берилет. 

3. Банкроттук жөнүндө иш козгоо учурунда банкты банкроттукка чыгарууга белгилердин жоктугунан улам банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими кабыл алынган учурда ушул берененин 1-пунктунда каралган чыгашалар арыз менен сотко кайрылышкан арыз берүүчүлөргө тиешелүү болот жана алардын ортосунда талаптарына жараша бөлүштүрүлөт. 

4. Соттук чыгашаларды жана жоюучу менен атайын администраторго сыйакыларды төлөп берүүгө кеткен чыгашаларды бөлүштүрүүнүн тартиби банкроттук жөнүндө ишти кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан кабыл алынган чечимде же аныктамада белгиленет. 

 

88-берене. Арыздарды жана даттанууларды кароо 

 

1. Жоюучунун, атайын администратордун арыздары, даттануулары, анын ичинде алар менен кредиторлордун ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер, ошондой эле банктын, кредиторлордун, Улуттук банктын жана дагы башка адамдардын алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга жол берилгендиги жөнүндөгү арыздары, даттануулары, анын ичинде кредиторлордун (комитетинин) чогулушунун, жоюучунун, атайын администратордун, банктын (банктын катышуучусунун), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин жараксыз деп таануу жөнүндө мажбурлап жоюу (банкроттук процесс учурундагы) жол-жобосун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамга ылайык берилген арыздар сот тарабынан аталган арыздар менен даттанууларды алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен каралат. 

2. Аталган арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аныктама чыгарат, ага даттанууга болот. 

 

89-берене. Көзөмөл тартибиндеги иш өндүрүшү 

 

1. Банкроттук иштери боюнча көзөмөл иретиндеги иш өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине ылайык, ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

2. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл иретинде кайрадан кароо жөнүндө арыз чечим, аныктама, токтом күчүнө кирген учурдан тартып 10 күн ичинде чечим, аныктама, токтом чыгарган Кыргыз Республикасынын соту аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. 

3. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл тартибинде кайрадан кароо жөнүндө арызды иш өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлдүк инстанциясына арыз келип түшкөн учурдан кийинки 5 күн ичинде аныктама чыгарат. 

4. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл иретинде кайрадан кароо жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна иш менен бирге келип түшкөн күндөн кийин жыйырма күндүк мөөнөттө каралат. Өзгөчө жагдайларда арызды кароонун көрсөтүлгөн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпайт. 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө чечимди, аныктаманы, токтомду көзөмөл иретинде кайрадан кароо арызын берген адамдын өтүнмөсү (арызы) боюнча атайын администраторго карызкордун мүлкүн тескөөгө байланыштуу аракеттерди ишке ашыруусуна тыюу салууга укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

V бөлүм 

Бүтүмдөр, укукка жатпаган аракеттер 

жана жоопкерчилик 

 

90-берене. Банктын бүтүмдөрүнүн анык эместиги 

 

1. Ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келген тигил же бул бүтүм, анын ичинде консервациялоо же жоюу жол-жоболору башталганга чейин банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөр да атайын администратордун өтүнмөсү боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

2. Эгерде бүтүм ушул главага ылайык же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка негиздерде жөнү жок аракеттин натыйжасы болсо, ал жараксыз (арзыбаган) болуп саналат. 

3. Банктын финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон бүтүмдөрүнүн укукка жатпай калышынын ыктымалдуулугун же жараксыздыгын аныктоо максатында банктын бүтүмдөрүн иликтөө атайын администратордун милдетине кирет. 

 

91-берене. Банкка байланышы бар адам менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн финансылык кыйынчылыктарды туудурушу 

 

Банк менен байланышы бар адам менен түзүлгөн банктын бүтүмү ушул Мыйзамдын 6-беренесиндеги аныктамага ылайык банк башынан кечирип жаткан финансылык кыйынчылыктардын себеби же себептеринин бири болуп эсептелсе, атайын администратордун өтүнмөсү боюнча сот тарабынан ал жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

 

92-берене. Тигил же бул кредиторго артыкчылык берген бүтүмдөр 

 

Банктын тигил же бул кредитору же дагы башка ар кандай адам менен түзүлгөн бүтүмдөрү, эгерде мындай бүтүм банк финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан учурда түзүлсө жана банктын акча жагынан милдеттенмелери боюнча талаптарын канааттандырууда башка кредиторлоруна караганда кредитордун бирине артыкчылык берилишине алып келсе, же аталган бүтүмдү аткаруу ушул Мыйзамдын 6-беренесиндеги аныктамага ылайык банк башынан кечирип жаткан финансылык кыйынчылыктардын себеби болсо, атайын администратордун же кредитордун арызы боюнча мындай бүтүм сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

 

93-берене. Банкроттук процесстин учурундагы укукка жатпаган аракеттерге тыюу салуу 

 

1. Банкты жоюу процесси башталаар алдында же андан кийин банктын финансылык кыйынчылыктарын билген банкка катышы бар адамга, банктын жетекчисине, кызматкерине, атайын администраторуна же мамлекеттик органдарды, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн кошо алганда ар кандай башка адамга төмөндөгү аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат: 

1) банктын мүлкүн мыйзамсыз жашырууга, арест коюуга, тартып алууга, ээлеп алууга, алып коюуга, өткөрүп берүүгө же банктын карыздарын жашырып коюуга; 

2) жазууларды жашырууга, жок кылууга, бурмалоого же банкка тиешелүү болгон бухгалтердик документтерге жана башка документацияларга бурмаланган жазууларды жазууга; 

3) банк менен байланышы бар адамга ар кандай кредиттерди берүүгө

4) банк менен байланышы бар адамдын ар кандай займын же милдеттенмелерин кечүүгө

5) банк менен байланышы бар адамдын ар кандай займынын келип калган кайтарып берүү мөөнөтүн узартууга (негизги суммага жана пайыздарга карата); 

6) банк менен байланышы бар адамдын же болбосо банкка байланышы бар карызкорго карата банктын карызын жоюунун булагы катары кызмат кылышы мүмкүн болгон үчүнчү жактын банктын алдындагы ар кандай шарттуу милдеттенмелери боюнча (кепилдиктер же ушуга окшош башка милдеттенмелер) каражаттарды өндүрүп албоого; 

7) банктын ар кандай мүлкүн рыноктук баадан төмөн баада сатууга же күрөөгө коюуга; 

8) жоюу процессинде (жоюучудан башка) тигил же бул аракеттерди ишке ашыргандыгы же ишке ашырбагандыгы үчүн акча каражаттарын, активдерди, сыйакыларды, компенсацияларды, сыйлыктарды, пайда же убадаларды берүү, сунуш кылуу, алуу же алууга аракет кылууга; 

9) банктын мүлкүн же ал тууралу башка маалыматтарды табуу же банктын мүлкүн кайтарып берүү ишинде атайын администратор менен иштешүүдөн баш тартууга же атайын администраторго жалган маалымат берүүгө

10) атайын администратордун банктын активдерин өз менчигине тике же кыйыр түрдө сатып алышына; 

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлууга тийиш болгон же өз ишин токтоткон банктын аталышын коммерциялык максатгарда мыйзамсыз пайдаланууга; 

12) атайын администратордун милдетин аткаруусуна укукка жатпаган тоскоолдуктарды жасоого, анын мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюуга; 

13) соттон, Улуттук банктан, атайын администратордон банктын мүлкү кимге, качан жана кандай түрдө берилгендиги жана ал мүлктүн мүнөздөмөлөрү тууралу маалыматтарды жашырууга; 

14) ушул Мыйзамда каралган бүтүмдөрдү атайын администратордон жашырууга; 

15) атайылап же жалган банкроттук түшүнүккө дал келген аракеттерге; 

16) ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүктү бузуу менен кредиторлордун бирине карата урмат көрсөткөн мамилелерге алып келген аракеттерге; 

17) башка кредиторлорго залака келтирүү менен өз талаптарын укукка жатпаган негиздерде канааттандыруу жөнүндө билип туруп кредитордун макул болуусуна; 

18) айрым кредиторлордун пайдасына чечим кабыл алдыруу максатында атайын администраторго таасир көрсөтүүгө

2. Бул берене ушул Мыйзамдын 95-беренесинин 5-пунктунда айтылган жактарга алар өз укуктарын ак ниеттүү жүзөгө ашырган же болбосо аларга берилген буйруктарды жана нускоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарган учурда колдонулбайт. 

 

94-берене. Банкты жалган жана атайылап банкроттоо 

 

1. Банк кредиторлордун талаптарын толук көлөмдө канааттандырууга мүмкүнчүлүгү болсо да, кредиторлорду алдоо максатында же кредиторлор алууга тийиш болгон төлөмдөрдү берүү мөөнөтүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн, же карыздарды жеңилдетүү үчүн, ошондой эле карыздарды төлөөдөн бошотуу үчүн өз лицензиясынын кайтарылып алынышын жана жоюуну баштоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда жалган банкроттоо келип чыгат. 

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан банктын лицензияларын кайтарып алынышына же банктын жоюлушуна алып келген жагдайлар банк финансылык кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан учурда анын катышуучуларынын же жетекчилеринин көргөн аракеттеринен же аракеттерди көрбөй коюусунан улам келип чыкса, же алар өз кызыкчылыктарында же болбосо башка жактардын кызыкчылыгында банктын төлөө жөндөмсүздүгүн атайылап түзгөн же аны күчөткөн учурда, атап айтканда: 

1) активдер алгылыктуу рынок наркын албай туруп банктан которулган; 

2) банк банк менен байланышы бар адамдарга башка карыз алуучуларга караганда бир кыйла алгылыктуу шарттарда займдарды берген учурларда (банк менен байланышы бар адамдар өз займдарын кайтарбай койгон учурларда); 

3) банк банк менен байланышы бар адам менен же анын өтүнүчү боюнча башка бүтүмдөрдү жасайт, анын өзү банкты чыгымдарга алып келет; 

4) банкка катышы бар адам же жетекчи банкты төлөөгө жөндөмсүздүк абалына алып келүү же аны күчөтүү максатында атайылап аракет жасаган же аракеттенбей койгон башка учурларда, же болбосо өз кызыкчылыктарында же дагы башка жактардын кызыкчылыгы үчүн банкка финансылык зыян келтирген учурларда атайлап банкроттук абалы келип чыгат. 

3. Бул Мыйзамдын ушул беренесине жана 99-беренесине ылайык жоопкерчилик, эгерде банкка зыян келтирген аракеттер же аракеттенбей коюулар аракеттенген же аракеттенбей койгон адамдын жеке кызыкчылыктарынан улам келип чыкса да, алып салынбайт. 

 

95-берене. Активдерди укукка жатпаган негизде тескөө же милдеттенмелердин көбөйүшү 

 

1. Банк финансылык кыйынчылыктарга учураган же финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат деп эсептелген учурдан тартып, бул финансылык кыйынчылыктар белгилүү болгон банкка катышы бар адам (банктын акцияларынын бир жана андан көп ээ болгон) банктын уставдык капиталына салынган өз салымын же банктын мүлкүндөгү өз үлүшүн акчалай түрүндө же натуралай кайтарып берилишин талап кылууга, банктан карыз алууга жана/же дивиденддерди кошо алганда, ошол салымын (үлүшүн) башкача жол менен алууга укугу жок, ал эми банктын кандай гана жетекчиси болбосун мындай катышы бар адамга аталган зайымды же каражатты берүүдөн баш тартууга милдеттүү. Ушул пункттун талабын бузуу менен кайра алынган каражаттар, мыйзам актыларына ылайык жоопкерчиликке тартуу менен кайрадан өндүрүп алынууга тийиш. 

2. Финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан банктын активдерин сактап туруу максатында аманатчыларды кошо алганда, анын кредиторлоруна төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат: 

1) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, кайсы жак же мамлекеттик орган болбосун, кредиторлорду же мамлекеттик гана Органдардын кызматкерлерин кошо алганда, банк финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканы же ошондой деп эсептелиши аларга маалым болгон учурдан тартып - банктын эсептерине контроль жүргүзүүнү кошо алганда, банктын мүлкүн тартып алууга, арест салууга, алып коюуга же ээлик кылууга; жана 

2) банкка катышы барларга же жетекчилерге - банктын активдерин тескөөгө же банктын милдеттенмелерин өз эрки менен аткарууга (өзүнө алууга) же кайсы болбосун жакка жаңы кредиттерди берүүгө, же жаңы милдеттенмелерди алууга (башка жактардын милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүүнү, ошондой эле аккредитивдерди жана башка милдеттенмелерди берүүлөрдү кошо алганда). 

Активдерди тескөөгө тыюу салуу банк менен байланышы бар адам алган, төлөө мөөнөтү келип жеткен ар кандай карыздын мөөнөтүн узартууга же мындай жактардан төлөөлөрдү бөлүп-бөлүп кабыл алууга же болбосо алардын банктын алдындагы кепилдиктерин жана/же милдеттенмелерин төлөөгө макулдук берүүгө тыюу салууларды камтыйт. 

3. Ушул берененин 2-пунктундагы учурларда төмөнкү жагдайлар эске алынбайт: 

1) эгерде активдерди тескөө же милдеттенмелерди төлөө атайын администратор же Улуттук банк тарабынан же алардын макулдугу менен жүргүзүлсө (тиешелүү бардык маалыматтарды ачык көрсөтүү менен); же 

2) атайын администратор дайындалганга чейин төлөнгөн милдеттенме банк менен байланышы болбогон аманатчыга депозиттерди төлөө боюнча милдеттенме болуп саналса. 

4. Эгерде Улуттук банк же атайын администратор тарабынан тыюу салынбаган болсо, банк ушул берененин 3-пунктунда айтылгандарды уруксатсыз, финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканына карабастан, төмөнкү төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) штаттык ырааттамада белгиленген өлчөмгө ылайык, кызматкерлерге ай сайын эмгек акыларын берүүгө (бир эле учурда банкка катышы бар адам болуп саналган кызматкерлерден башкаларга); 

2) банктын өндүрүштүк ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон утурумдук чыгымдоолорго (газга, телефон байланышына, коммуналдык кызматтарга, электр энергиясына). 

Ушул пунктту аткаруу үчүн керек болгон эрежелер Улуттук банк тарабынан кабыл алынган жоюу боюнча мыйзамга караштуу башка ченемдик актыларда белгилениши мүмкүн. 

5. Ушул берененин жоболору төмөндөгүлөргө жайылтылбайт: 

1) күрөө менен камсыз болгон кредитордун, эгерде күрөө юридикалык күчкө ээ болсо жана ушул берененин 1-пунктунда айтылган учурлардын бири келип жеткенге чейин таризделген болсо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талаптарын эске алуу менен күрөөнүн жүйөсүнөн өндүрүүнү жүргүзүү укугуна; 

2) мүлктүн ээсинин өз мүлкүн банк менен макулдашып өзүнө кайтарып алуу укугуна (же ал аркылуу мүлктүн ээси ошол мүлктү ээликке же пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде банкка өткөрүүгө укук берген башка жактардын ушундай эле укуктарына). Келишимде каралган жагдайлар келип чыккан учурда ошол мүлккө укугу болгон банкка катышы бар адам же дагы башка адам банктан ал мүлктүн кайтарып берилишин талап кылууга укуктуу. 

 

96-берене. Банктар үчүн белгиленген кызматтык милдеттерди же экономикалык ченемдерди бузуу 

 

1. Ушул берене төмөндөгү адамдарга карата колдонулат: 

1) банктагы жетекчи кызматтарга белгиленген тартипте дайындалган адамдарга (банктын жетекчилерине жана директорлор кеңешинин, банк башкармасынын мүчөлөрүнө, орун басарларын кошо алганда банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана жетекчинин милдеттерин убактылуу аткарып жатышкандарга); 

2) ушул пункттун 1-пунктчасында айтылган адамдар үчүн милдеттүү болгон буйруктарды берүү жолу менен юридикалык жакты контролдоого укук берген акцияларга ээ болушкан банкка катышы барларга. 

2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган адамдар төмөндөгүдөй учурларда ушул Мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат, эгерде алар: 

1) ушул глава менен аларга жүктөлгөн ар кандай милдеттерди атайылап аткарбай койгон болсо; же 

2) банк иши жөнүндө мыйзамдарында банктар үчүн белгиленген кайсы болбосун милдеттердин же экономикалык ченемдердин банк тарабынан сакталбашына же бузулушуна атайылап алып келинсе, же болбосо мына ушундай мыйзам бузуулар же алардын сакталбай жаткандыгы жөнүндө билип туруп ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча мүмкүн болуучу чараларды көрбөсө, анан калса бул кетирилген кемчиликтер аманатчылар же башка кредиторлор үчүн чыгым тартуунун себептеринин бири болуп саналса. 

3. Эгерде адам ага маалым болгон мыйзам бузуулар же анын талаптарынын сакталбагандыгы тууралу көзөмөл органдарына жана банкты башкаруу органдарына токтоосуз билдирсе, ошондой эле жогоруда белгиленген кемчиликтерди четтетүү же оңдоо үчүн колдо болгон чараларды колдонсо, анын ичинде бул кемчиликтер тууралу Улуттук банкка билдирүү менен тиешелүү чаралардын көрүлүшү үчүн өзүнүн оюн айтса, ушул берененин 2-пункту боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

 

97-берене. Активдердин укукка жатпаган негизде өткөрүп берилиши 

 

1. Эгерде, банктын башкаруу органы жана анын мүчөлөрү банктын финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканын билип туруп, өткөрүп берилген мүлк үчүн акчалай же буюм түрүндө толук төлөттүрүп албастан банктын мүлкүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана ушундан улам банктын кредиторлору бул активдерден айрылып калса, анда алар мындай өткөрүп берүүдөн улам кредиторлор тарткан зыяндар үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

2. Банктын мүлкүн укукка жатпаган негизде өткөрүп бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин мүлктү укукка жатпаган негизде өткөрүп берген бөлүгүнүн ченемдери да колдонулат. 

 

98-берене. Укукка жатпаган аракеттер үчүн ушул бөлүмгө ылайык жоопкерчилик 

 

Жетекчи же банкка катышы бар адам ушул Мыйзамдын 7-беренесинде айтылган аракеттер же жагдайлар жөнүндө Улуттук банкка маалымдабаган учурларды кошо алганда, ар кандай жактын бул Мыйзамдын ушул бөлүгүнүн чегинде укукка жатпаган аракеттерди жасаган же аракеттенбей койгон учурларда, төмөнкү жоболор колдонулат: 

1) банктын көйгөйлүү болуп тургандыгы жөнүндө белгилүү болгон жана укукка жатпаган аракеттерге келишишкен же укукка жатпаган аракеттерди жасашкан башкаруу органынын мүчөлөрү, ага катышы барларды кошкондо, банктын карыздары боюнча өзүнүн жеке жыйымдарынын толук суммасында жоопкерчилик тартышат (субсидиардык жоопкерчилик), анан калса анын жоопкерчилиги Улуттук банктын же атайын администратордун сунуштамасы боюнча сот тарабынан белгиленүүгө тийиш (же, ушул Мыйзамда каралгандай, кредитордун сунуштамасы боюнча). 

Ушул Мыйзамга ылайык, банктын мындай ар кандай жетекчилери менен башкаруу органынын мүчөлөрү банкка катышы барларды кошкондо Кыргыз Республикасынын банктарына же дагы башка финансы-кредиттик мекемелерин катышууга же жетекчи кызматтарын ээлөөгө укугу жок, же болбосо, Улуттук банктын сотко берген сунуштамасы боюнча сот тартибинде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, юридикалык жактарды башкаруу боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугунан ажыратылышы (дисквалификацияланышы) мүмкүн; 

2) ушул беренеде каралган укукка жатпаган аракеттерге жол берген адамдарда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, администрациялык жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат; 

3) банк ушул берененин талаптарын бузуу менен тескеген банктын ар кандай активдери бул активдерди толук рыноктук наркында төлөп бербестен (сатып алуу, арест кылуу, алып коюу, тескөөгө кабыл алуу же дагы башка жолдор менен) сатып алышкан жактардан же органдардан, мамлекеттик органдарды кошо алганда, жоюучу тарабынан кайтарып алынууга тийиш. 

Эгерде ушул жактар активдер үчүн төлөсө, бирок төлөнгөн баа активдердин рыноктук наркынан төмөн болсо, анда алар жоюу процессинде камсыз кылынбаган кредиторлор катары талап кое алышат же болбосо атайын администратор менен макулдашып актив үчүн төлөнгөн баа менен рыноктук нарктын ортосундагы айырма катары эсептелинген сумманы ага төлөп берүү аркылуу бул активдерди сактап кала алышат; 

4) Улуттук банк сыяктуу эле, атайын администратор да күнөөлүүлөрдү жана тарткан чыгымдардын өлчөмүн аныктоодо, кредиторлорго жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын соттук доолорун колдоого укуктуу; 

5) ушул беренеге ылайык, ар кандай жак төлөп берүүгө тийиш болгон кандай гана сумма болбосун, ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүккө ылайык кредиторлордун пайдасына аларды сактап туруу үчүн атайын администраторго төлөп берилет, ал эми консервациялоо учурунда ал, бул суммаларды консервациялоонун керектөөлөрүнө жумшоого укуктуу; 

6) банк финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканда же болбосо ага катышы барлардын же жетекчилеринин кооптонуусу боюнча ушундай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн болсо, бул адамдар эгерде банк финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат деп божомолдоого түрткү берген фактылар жөнүндө Улуттук банкка толук жана так билдиришсе жана фактыларды ачык көрсөтүү (анын ичинде банк ишин жүргүзүү болжолдонуп жаткан кайсы гана жак болбосун банк менен байланыштуу экендигинин фактысын кошо алганда) менен Улуттук банктан алар тарабынан сунуш кылынган кандай гана аракеттерди болбосун бекитип берүүнү өтүнүшсө жана Улуттук банктан жазуу жүзүндө ушундай аракеттерге уруксат алышкан болсо, анда алар бул Мыйзамдын ушул бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликтен бошотулушат. 

 

VI бөлүм 

Банктын карыздары боюнча 

жоопкерчиликтин башка принциптери 

 

99-берене. Банкка катышы барлардын чектелген жоопкерчилиги 

 

1. Чектелген жоопкерчиликтүүлүк дегенде банктын акционерлерине (катышы барларга) карата колдонулуучу принцип түшүнүлөт, ага ылайык банкка катышы барлар банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өздөрүнүн акцияларынын наркынын чегинде банк ишине байланыштуу чыгымдардын тобокелдигин тартышат. 

2. Акциянын наркын толук төлөп беришпеген банктын акционерлери (катышы барлар) банктын милдеттенмелери боюнча катышы барлардын ар биринин акцияларынын төлөнбөй калган бөлүгүнүн наркынын чегинде биргелешкен жоопкерчилик тартышат. 

3. Чектелген жоопкерчилик принциптеринен алып караганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Мыйзамдын ушул бөлүгүндө келтирилгендер буга кирбейт. 

4. Банкроттук процессинде турган банк өзүнүн карыздары жана милдеттенмелери боюнча өзүнүн бардык активдери менен толук жоопкерчилик тартат жана чектелген жоопкерчилик тартышы мүмкүн эмес. 

 

100-берене. Банкка катышы барлардын жоопкерчилиги 

 

1. Эгерде банкка катышы барлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнө төмөндөгү милдеттенмелерди алууга милдеттүү болушса же ыктыярдуу милдеттенмелерди алышкан болсо (кепилдиктерди жана дагы башка ушул өңдүү милдеттенмелерди кошо алганда); 

банктын карыздары боюнча толук жоопкерчилик тартууга; 

юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринде кошумча аныкталган(кошумча жоопкерчилик) алар тарабынан салынган салымдардын наркына карата бардык катышы барлар үчүн бирдей өлчөмдө банктын милдеттенмелери боюнча жооп берсе, - 

анда алар жоюлууга же консервацияланууга тийиш болгон банктын карыздары үчүн тиешелүүлүгүнө жараша толук же кошумча жоопкерчиликтерди тартышат. 

2. Эгерде жоюунун жүрүшүндө банктын активдерин бөлүштүргөндөн кийин айрым карыздар төлөнбөгөн бойдон калса, жоюучу толук же кошумча жоопкерчилик тартышкан банктын бардык же бир нече катышы барлары карыздын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасын өндүрүп алууга милдеттүү

3. Эгерде консервациялоонун жүрүшүндө банктын аманатчыларынын же башка кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелерди төлөөнүн эсебине андан ары төлөөлөр талап кылынса, анда консерватор өздөрүнө алышкан толук же кошумча жоопкерчиликтерге ылайык, банкка катышы барлардан төлөмдөрдү талап кылууга укуктуу. 

4. Эгерде толук же кошумча жоопкерчилик тарткан катышы бар адам, толук же кошумча жоопкерчилик тартышкан башка катышы барлар үчүн бардык карызды (же анын бир бөлүгүн) ыктыярдуу түрдө төлөп берген болсо, анда ал төлөгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү алардан талап кылууга укуктуу. 

5. Банктын толук же кошумча жоопкерчилигине ээ болгон ага катышы бар адам мамлекет же мамлекеттик орган болуп саналса, мамлекеттин өзүнө же мамлекеттик органга карата банкроттук процесси колдонулбайт, бирок ушул Мыйзамга ылайык мамлекетке же мамлекеттик органга тиешелүү болгон мүлктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 

 

101-берене. Кепилдиктин жоопкерчилиги 

 

Банктын карыздарына же милдеттенмелерине карата үчүнчү жакка жеке кепилдигин (кол коюлган которулмалуу вексель, аккредетив же тапшыруучу же карызкор катары кол коюлган ушундай эле документ) берген жак, берилген кепилдикте аныкталган шарттарда жоопкерчилик тартууга милдеттүү

 

VII бөлүм 

Корутунду жоболор 

 

102-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү 

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө киргизилсин. 

 

"Эркинтоо" гезитинин 2004-жылдын 24-февралындагы N 15-16 жарыяланган 

 

2. Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана дагы башка ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула тургандыгы белгиленсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөт ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин. 

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 

 

2003-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку 

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 

тарабынан кабыл алынган 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку 

Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 

тарабынан каралган эмес 

 

1996-жылдын 16-февралындагы N 1 

"Кыргыз Республикасынын 

Конституциясына өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү 

жөнүндөгү", 1998-жылдын 

21-октябрындагы N 134 "Кыргыз 

Республикасынын 

Конституциясына өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү 

жөнүндөгү", 2001-жылдын 

24-декабрындагы N 112 "Кыргыз 

Республикасынын 

Конституциясынын 5-беренесине 

өзгөртүүлөрдү киргизүү 

жөнүндөгү" Кыргыз 

Республикасынын мыйзамдарынын 

редакциясындагы Кыргыз 

Республикасынын 

Конституциясынын 

59-беренесинин 4-пунктуна 

ылайык жактырылган