> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө 

 

2014- жылдын 17-декабрында 

Кыргыз Республикасынын Жогорку 

Кеңеши тарабынан кабыл алынган 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынучуу мамилелер 

 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Кыргыз банкы) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт. 

2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер, ошондой эле почталык байланыш бөлүмдөрү аркылуу төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүүдө келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 

 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

 

Накталай эмес эсептешүү - акча жүгүртүү формасы, мында акча каражаттарынын жылышы төлөөчүнүн эсептешүү (учурдагы) эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды сунушталган төлөм документтерине ылайык алуучунун эсептешүү (учурдагы) эсебине чегерүү жолуу менен накталай акчанын катышуусуз жүргүзүлөт. Эсептешүү төлөмдүн аяктоосу болуп саналат.  

Үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы. 

Интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсебин аралыктан Интернет аркылуу башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Банктар аралык клирингдик система клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн. 

Мобилдүү банкинг - кардардын мобилдүү телефонунан банкка маалыматтарды жөнөтүү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруу. 

Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын иштешин камсыз кылуучу жана төлөм системасына катышуу жөнүндө келишимдин катышуучулары менен келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы, резиденти же резидент эмеси, ага ылайык оператор жана катышуучулар өзүнүн ишин төлөм системасынын алкактарында жана системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенет. Төлөм системасынын операторунун ишин учурдагы башкаруу анын катышуучуларынын жалпы чогулушуна отчет берүүчү аткаруучу орган (коллегиалуу) тарабынан Кыргыз Республикасынын мызамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

Төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси. 

Төлөм документи юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболонгон, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ. 

Төлөм картасы - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акча которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (перифериялык жабдуулар) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти. 

Төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөмдөр системасына бөлүнөт. 

Төлөм уюму ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте түзүлгөн, төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге жана төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына жеке жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча тейлөө кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюм. 

Акча которуулардын системасы - провайдер тарабынан бул адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби. 

Төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. 

Электрондук акчалар - программалык-техникалык жабдууда (алдын ала төлөнгөн карталар, виртуалдык алдын ала төлөнгөн карталар жана электрондук капчык электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчүлөр) болуп саналат) электрондук түрдө сакталган жана электрондук акча уюм- эмитентинин жана акцептанттардын уюмдарынын товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү

 

2-глава. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр 

 

3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Банк ченемдик укуктук актыларга ылайык төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү (банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү кошо алганда), акча которууларды өткөрүү, электрондук акчаны жайылтуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча финансы-кредиттик эмес мекемелер жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелери менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. 

3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөө уюмунун банктык эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, банктык кепилдиктерди берүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 

2) электрондук акчаларды банк менен агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууга. Мында агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

4. Төлөм системаларынын оператору жана төлөм уюму үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти жүзөгө ашыруунун алдында алар тарабынан белгиленген тартипте жана талаптарга ылайык жазуу жөнүндө кабарлама жиберет же Кыргыз банкынын күбөлүгүн алат. 

Кыргыз банкынын кабарламасынын негизинде өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Төлөм системаларынын төлөм уюмдарынын жана операторлорунун ишине каттоосу (кабарламасы) же күбөлүгү болмоюнча тыюу салынат. 

5. Кабарламанын, күбөлүктүн формасы жана аларга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.  

 

4-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүү (учурдагы) эсептерин пайдалануунун тартиби 

 

1. Банктар тиешелүү төлөм инструменттерин пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. 

2. Юридикалык/жеке жактар же жеке ишкерлер банкка кайрылган учурда банк банктык эсептешүү (учурдагы) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда ага банктык эсептешүү (учурдагы) эсебин ачат. 

3. Банк кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (учурдагы) эсебине Кыргыз банкынын талатарына ылайык, анын таандуулугун белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү номер ыйгарат. 

4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же болбосо ал ыйгарым укук берген адамдар аркылуу тескөөгө укуктуу. 

5. Накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан эсеп ээсинин же ал ыйгарым укук берген адамдын тескемесинин негизинде жүргүзүлөт. Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана тескеменин ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгенин ырастаган өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен башка документтер менен тескөөгө алуу укугун ырастоо каралышы мүмкүн. 

6. Кардар - төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү- банкка тескеме жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болуп саналбаса, анда тескемени көрсөтүү Кыргыз банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

7. Банк кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө төлөм документи келип түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү акча каражаттарын кардардын тескемеси боюнча эсептен чегерет. 

8. Банк, кардардын накталай эмес төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин төмөнкү учурларда аткарбай коюуга укуктуу: 

1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса; 

2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга насыя берүү каралбаса, эсеп ээсинде каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо; 

3) эгерде кардардын төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин аткаруу банктык мыйзам актыларын бузуу болуп саналса же болбосо кардардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камак коюлса

4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же болбосо төлөм документи түп нуска болуп саналбаса; 

5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана так идентификациялоо үчүн зарыл документтерди бербесе, ошондой эле эгерде ошол кардарга карата анын террористтик же экстремисттик ишке катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматтар болсо; 

6) Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эсеп ээсинин жана банктын ортосундагы келишимде каралса. 

Төлөм жана эсептешүү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, эгерде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, банк кардардын тескемесин алгандан кийин кийинки банктык күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кардарга кабарлоого милдеттүү

9. Акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу (эсеп ээсинин макулдугусуз) мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде бекемделген учурда же болбосо соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт. 

10. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, төлөөчү- кардар жөнөтүүчү- банкка накталай акча каражаттарын салганда алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр жеке ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес. 

11. Банкка бул банкта эсеби жок кардардын дарегине акча каражаттары келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаттары банк тарабынан накталай формада берилет. 

12. Банктар эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзөт. 

 

5-берене. Акча которуулар 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган банктар аркылуу, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Банк эсептешүү (учурдагы) эсебин ачуу жана акча которуулардын адистештирилген системаларын (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу менен эсеп ачуусуз же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/трансчек аралык аркылуу акча которуулар) акча которууларын жүзөгө ашыра алат. 

3. Банк эсебин ачуусуз акча которуу жөнөтүүчүдөн улуттук же чет өлкө валютасында накталай акча каражатын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасындагы же анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн алуучуга акча которуу системасы аркылуу андан ары өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

4. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын кабыл алат жана акча которуулар системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык акча которууну жөнөтүүнү камсыз кылат. 

5. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу акча каражаттарын которуу системасы аркылуу акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууда жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга акча которуу эрежелери жөнүндө маалымдайт жана акча которууну жүзөгө ашыруу же алуу үчүн зарыл документтерди берет, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерет жана зарыл маалым даректердин ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыз кылат. 

6. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт: 

1) акча которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражаттарынын суммасы; 

2) жөнөтүүчү жана/же алуучу төлөөсү зарыл болгон катышуучунун комиссиондук жыйымдарынын суммасы; 

3) которулуп жаткан акча каражаттарынын валюталарынын алмашуу курстары; 

4) акча которуу боюнча каражаттар алуу үчүн качан жетимдүү болоорунун датасы жана убактысы; 

5) акча которуу боюнча каражаттарды алуу үчүн жетимдүү боло турган орду. 

 

6-берене. Электрондук акча 

 

1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча эмиссиясын жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменти электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 

2. Электрондук акча эмиссиясын жүзөгө ашырган жана тындырууга сунушталган электрондук акчаны кармоочуларга электрондук акчаны тындыруу боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитенти болуп саналат. Эмитент электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга кошумча лицензияга ээ болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтуучу эмитенттер электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 

4. Электрондук акчаны тескөөгө алган жана акцептанттар сунуштаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда электрондук акчаны пайдаланышкан жеке же юридикалык жактар электрондук акча кармоочулар болуп саналат. Электрондук акча кармоочу электрондук акча менен төлөө аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышы, тиешелүү системада электрондук акчаны эсепке алуунун жана жылышынын алгоритми болгон электрондук акча инструменттерин (алып жүрүүчүлөрдү) кабыл алуу жана тейлөө боюнча атайын жабдууларда электрондук акчанын ордуна накталай акча каражаттарын алышы мүмкүн. 

5. Электрондук акчаларды жайылтуу тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен электрондук акча инструменттерин (алып жүрүүчүлөрдү) накталай жана накталай эмес акча каражаттарына алмаштырууну берүү жолу менен эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмитент Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн дистрибьюторлордун юридикалык жактарын тартууга укуктуу. 

6. Эмитент же электрондук акчалардын дистрибьютору электрондук акчаларды жайылтууда кардарларды кармоочунун жана эмитенттин укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акча инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү жана кардардан электрондук акчалар үчүн алдын ала төлөөнү алганга чейин кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер менен тааныштырууга милдеттүү

7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акча дистрибьютору тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же дистрибьюторго тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана дистрибьютор электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү ача каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 

9. Электрондук акчаны кыймылы боюнча эсепке алуу эсеп ачуу жана тейлөө келишимине ылайык, банкта электрондук акчалардын эсебин алуу боюнча эсептешүү (учурдагы) эсебин ачуу жолу менен эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук акчанын эсебин алуу боюнча эсептешүү (учурдагы) эсеби бардык эмитирленген электрондук акчалар боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар болгон акча каражаттарынын суммасын чегерүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн гана арналат. Ошол эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу чектелет жана кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөмдөрдү анын кармоочуларынан электрондук акча аркылуу кабыл алышкан уюмдардын (акцептанттардын) эсептерине гана жүзөгө ашырылат. 

10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 

11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Кыргыз банкынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

 

3 глава. Накталай эмес эсептешүүлөр формалары 

 

7-берене. Төлөм инструменттери жана документтер 

 

1. Төлөм инструменти төлөм жана эсептешүү жасоо үчүн төлөм жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылат жана накталай эмес эсептешүүлөр формасын аныктайт. 

2. Кагаз жүзүндө алып жүрүүчүдө документ түрүндө же электрондук төлөм документи түрүндө жол-жоболонгон төлөм документи төмөнкүлөрдү билдирет: 

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) өз эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине чегерүү жөнүндө тескемесин; 

2) төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептеп чыгаруу жана эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу менен гана, же банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде акча каражаттарын алуучу (өндүрүүчү) көрсөткөн эсепке чегерүү жөнүндө акча каражаттарын алуучунун (өндүрүүчүнүн) тескемесин; 

3) накталай акча каражаттарына төгүмдөргө тескемесин (кулактандыруу) же акча каражаттарын берүүгө билдирмени. 

3. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн төмөнкү формалары колдонулат: 

1) төлөм тапшырмасы; 

2) төлөм талабы; 

3) аккредитив; 

4) тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы (кайра авторизацияланган); 

5) инкассалык тапшырма; 

6) эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

7) банктык төлөм картасы. 

 

8-берене. Кагаз төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

 

1. Кагаз төлөм документи формасы ченемдик укуктук актыларда белгиленген бланкта жол-жоболонот жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз банкынын талаптарына ылайык маалыматтар жана маалым даректер; 

2) кол тамга жана мөөрдүн оттиск үлгүлөрүнө ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски. 

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде аны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз каралган учурда гана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу. 

3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептер боюнча аткарылбаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кагаз төлөм документтерин кайтарып берүүдө, биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себеби жөнүндө белги жасалат, кайтарып берүү датасы, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат. 

 

9-берене. Электрондук төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

 

1. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлгөн, электрондук төлөм документинин жардамы менен жүргүзүлгөн төлөм электрондук төлөм болуп саналат. 

2. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документинин мыйзамдуу жол-жоболонгонун ырастаган жана аны өткөрүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөртүлбөгөнүнө кепилдик берген маалыматтык коопсуздук каражаттарын (электрондук санариптик кол тамга, коргоонун эквиваленттүү башка каражаттары) пайдалануу менен түзүлгөн шартта гана иштеп чыгууга кабыл алынат. 

3. Электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук төлөм документин жол-жоболоодо ченемдик укуктук актылар жана төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен жөнгө салынат. 

4. Электрондук төлөмдөр жөнөтүүчү менен алуучунун ортосундагы келишимдин же макулдашуунун негизинде байланыш каналдары боюнча электрондук төлөм документтерин берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Байланыш каналдары катары телефон байланышы, телеграфтык же телекстик каналдар, байланыштын радио жана спутник каналдары, ошондой эле мекеменин өткөрмө жана кабелдик байланыш каналдары пайдаланылышы мүмкүн. 

5. Электрондук төлөмдөр кардарлар менен банктар ортосунда, банктар ортосунда, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык электрондук төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка адистештирилген мекемелер аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана/же алуучу болушу мүмкүн. 

6. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, төлөм документин электрондук ыкмада көрсөтүү, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларынын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун (келишимдин) жана программалык-криптографиялык коргоо системасын жана кардар менен анын банкынын ортосундагы же банктар менен төлөм системаларынын операторлорунун ортосундагы электрондук санариптик кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттик каражаттарын пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Электрондук төлөм документтерин пайдалануунун жана берүүнүн шарттары жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдерде же макулдашууларда белгиленет, алар төмөнкү негизги элементтерди камтуусу тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө пайдаланылуучу эсептешүү документтеринин түрү

2) электрондук төлөмдөрдү коргоо боюнча милдеттерди кошуп алганда (коопсуздук системасы), тараптардын укуктары жана милдеттери; 

3) тараптардын жоопкерчиликтери; 

4) электрондук төлөмдөрдү жөнөтүүнүн жана алуунун тартиби жана жол-жоболору; 

5) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын белгилөө жол-жоболору; 

6) сунушталган документтердин аныктыгын ырастоону суроо-талапсыз эле которуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон которулуучу акча суммаларынын чектүү өлчөмү

7) маалымат системасына санкцияланбаган кирүү ыктымалдыгынын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча жол-жоболор; 

8) операциялардын жүргүзүлүшү үчүн төлөм өлчөмү

9) электрондук төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда пайда болуучу тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

10) талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн жол-жоболору. 

8. Электрондук төлөм документтерин өткөрүү үчүн криптографиялык коргоо системасы, ошондой эле электрондук төлөм документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга карата ченемдик укуктук актыларда белгиленген минималдуу талаптар сакталууга тийиш болгон коопсуздуктун башка чаралары пайдаланылууга тийиш. Электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөмдөрдү коргоого байланыштуу кошумча каражаттарды же ыкмаларды белгилөөлөрү мүмкүн. 

 

10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу 

 

Электрондук санариптик кол тамга же ошондой эле коргоонун эквиваленттик башка каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн электрондук төлөм документи коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар статуска ээ жана алар соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш. 

 

11-берене. Төлөм тапшырмасы 

 

1. Төлөм тапшырмасы жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн улуттук валютада жүргүзүүдө пайдаланылат. Накталай эмес төлөмдөрдү төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен жүргүзүүдө кардар өз эсебинен ушул же башка банкта ачылган алуучунун эсебине белгилүү бир суммадагы акча каражаттарын чегерүү (которуу) жөнүндө тескемесин тейлөөчү банкка берет. 

2. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан документте көрсөтүлгөн датага же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөткө ылайык аткарылат. 

 

12-берене. Тике дебеттөөгө карата тапшырма 

 

1. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жолу менен накталай эмес эсептешүүлөр банктын кардарлары тарабынан үзгүлтүксүз төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана/же катталган суммадагы төлөмдөрдү (камсыздандыруу төгүмдөрү, ипотека) жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Кардардын жана анын банкынын тике дебеттөө жолу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери төлөөчү менен анын банкынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып пайда болот. 

2. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жолу менен төлөм кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар берилген товарлар, аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимге тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен кардардын төлөөгө каралган банк эсебинен алуучунун тескемесинин негизинде өзүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгарууга алдын ала макулдугун берет. 

3. Төлөөчү алуучуга (калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү ишканалары) жазуу жүзүндө анын банкы аркылуу төлөөчүнүн банкындагы төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен тике дебеттөө жөнүндө тапшырмасын демилгелөөсүнө тескемесин/макулдугун берет. 

4. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча сунушталган тапшырмаларга тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылуу үчүн кардар банктагы өз эсебиндеги акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын кармап турууга тийиш. 

5. Төлөөчүнүн банкы сунушталган сумманы төлөп берүүнү камсыз кылуу үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү акча каражаттары болбогон учурда, тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайра кайтарууну, кардар тарабынан кайра авторизациялоо же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептер боюнча жокко чыгарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.  

 

13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

 

1. Төлөм картасы карта кармоочу менен эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык банк-эмитентте ачылган банк эсебинде турган акча каражаттарын анын кармоочусу тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине жетүү каражаты болуп саналат. 

2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен накталай акча каражаттарын алуу системаларынын эрежелерине жана карта кармоочу менен банктын-эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык, карта кармоочулар тарабынан банктын кассасы жана перифериялык жабдуулар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта кармоочу тарабынан төмөнкү чектерде жүргүзүлөт: 

1) банк эсебинде турган өздүк акча каражаттарынын калдыгынын же банк менен кардар ортосундагы макулдашылган каражаттардын белгиленген лимитинин (дебеттик карта же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар); 

2) банк эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинде же жоктугунда (овердрафты менен дебеттик карта) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент сунуштаган кредиттин; 

3) кредиттик линиялардын (кредиттик карта). 

4. Банктык төлөм карталарын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылат жана улуттук система боюнча, локалдык жана эл аралык төлөм системалары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5. Төлөм карталарын чыгаруу боюнча (эмиссия) жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча перифериялык жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Кыргыз банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо гана банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

6. Жеке жана юридикалык жактарга карталарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же болбосо тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу карта кармоочунун банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары системалардын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет. 

 

14-берене. Төлөм документтерин башка электрондук каражаттар аркылуу берүү 

 

1. Анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө кардардын тескемесин банкка берүү реалдуу убакыт режиминде Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдүү банкинг аркылуу банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимде кардар тарабынан банк эсеби боюнча төмөнкү операцияларды жүргүзүү шарттары аныкталууга тийиш: 

1) эсептеги калдыктар/түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды талап кылуу жана алуу; 

2) эсеп боюнча акыркы транзакциялар жөнүндө көчүрмө

3) эсептен эсепке төлөмдөр (бир банктагы эсептер боюнча жана ар түрдүү банктардагы эсептер боюнча); 

4) накталай акча каражаттарын топтоо жана берүү боюнча банктын агенттик түйүнү аркылуу (соода, кызмат көрсөтүү ишканалары, банктык эмес уюмдар) эсептен накталай алуу же эсепке накталай төгүмдөр; 

5) персоналдык идентификациялык коддордун өзгөрүшү

6) акча которуулар; 

7) ченемдик укуктук актыларга жана системанын иш эрежелерине карама-каршы келбеген операциялардын башка түрлөрү

2. Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг жана башка электрондук каражаттар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштамасы боюнча банк менен кардардын ортосундагы келишимге карата талаптар төмөнкүлөрдү кароого тийиш: 

1) кардардын банк системасында милдеттүү каттоо жана өз ара байланыштуу маалым даректер боюнча (банктын мобилдүү банкинг системасындагы "кардар - кардардын эсеби - кардардын телефон номери") кардардын идентификацияланышы; 

2) мобилдүү телефонду пайдалануу менен билдирүүлөрүн алмашуу аркылуу банк менен кардардын өз ара аракеттенүүсүндө кардардын эсебинин номери билдирүүлөр форматында берилишине жол бербөө

3) кардарга персоналдык идентификациялык кодду ыйгаруу аркылуу көп деңгээлдүү коргоого алууну кошо алганда, финансылык маалыматтарды берүүнүн коопсуздугун жана купуялуулугун, ар түрдүү маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча коддорду макулдашууну жана операциялардын түрлөрү боюнча ар бир этап боюнча ырастоолор коддорун камсыз кылуу; 

4) башка шарттар. 

3. Интернет-банкингин, үй банкингин, мобилдик банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу банктарда ачылган эсептерди башкаруу үчүн колдонулат. Мобилдүү байланыш оператору тарабынан мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо банк менен байланыш операторунун ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. 

4. Интернет банкингин, үй банкингин, мобилдик банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана алдамчылыктын тобокелдигин төмөндөтүүнү камсыз кылуу маселелери төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) жана контролдоо чөйрөсүнө кирет. 

 

4-глава. Эсептешүүлөрдүн аякташы жана тараптарды жоопкерчилиги 

 

15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 

 

1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 

2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда аяктаган болуп калат. 

3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 

2) алуучу үчүн - алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, банк эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда - аяктаган; 

2) банк - эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда кайтарылгыс; банк-эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

3) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 

6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. 

 

16-берене. Төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулар ортосунда 

жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү 

 

1. Кардар төлөм инструменттерин пайдалануу боюнча эрежелердин жана төлөм документтерин ченемдик укуктук актыларга ылайык жол-жоболоо тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

2. Ички банктык төлөм системалары, трансчек аралык төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүдө жана жөнөтүүчү жана алуучу кардарлардын ошол банкта ачылган эсептери боюнча акча каражаттарынын өз убагында эсептен чыгарылышы жана чегерилиши үчүн банк жоопкерчилик тартат. Мөөнөттөрү, тартиби жана банктын жоопкерчилиги ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле банк менен кардардын ортосундагы келишимде аныкталат. 

3. Банктар аралык төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө кардардын эсебинен каражаттарды эсептен чыгарууга жана аткарууга төлөмдү кабыл алганы жөнүндө ырастоону кардарга өткөрүп берген учурдан тартып төлөмдү банктар аралык төлөм системасынын операторуна өткөрүп бергенге чейин төлөмдү аткарганы үчүн жоопкерчилик тартат. 

4. Банктар аралык төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастоону жөнөтүүчү банкка берген учурдан тартып жана төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик эсептери боюнча акыркы эсептешүүлөр жасалган учурга чейин жоопкерчилик тартат. 

5. Банк-алуучу банк-алуучунун корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып кардар-алуучунун эсебине алынган акча каражаттар чегерилген учурга чейин төлөмдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

6. Байланыш оператору тарабынан мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

7. Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу тартиби, төлөмдөрдү жүргүзүүдө катышуучулардын жоопкерчиликтери, ошондой эле үй банкингин, Интернет-банкингди жана мобилдүү банкингди пайдалануу менен коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери банк, кардар жана мобилдүү байланыш оператору ортосунда түзүлгөн келишимдерде аныкталат. 

8. Төлөм системасынын ушул Мыйзамда аныкталбаган башка түрлөрүндө төлөмдөрдү жүргүзүдөө катышуучулардын жоопкерчилиги иш эрежелерине ылайык жана ченемдик укуктук актыларга ылайык катышуучулардын ортосундагы макулдашуулардын жана келишимдердин шарттары менен белгиленет. 

9. Эгерде төлөм аяктабаган болуп саналса, анда мурдагы катышуучудан алынган төлөм жүргүзүү боюнча алган көрсөтмөнү аткарбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарган катышуучу катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат. Мында жөнөтүүчүнүн банкы кардардын талабы боюнча төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган катышуучу тууралуу, ошондой эле төлөмдүн аяктабаган себеби жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана кардардын талабы боюнча төлөмдү бүткөрүү же акчалай каражаттарды жөнөтүүчүгө кайтарып берүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде төлөм алуучунун күнөөсү боюнча аяктабай калса, жөнөтүүчү алуучунун алдында жоопкерчилик тартпайт. 

10. Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча банктардын жана кардарлардын жоопкерчиликтери ченемдик укуктук актыларда жана алардын ортосундагы келишимдерде аныкталат. 

11. Электрондук төлөмдөрдү пайдаланууда электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары келишимдердин шарттарына жана ченемдик укуктук актыларга ылайык: 

1) банктык сырдын сакталышын камсыз кылат; 

2) Сот, тергөө жана фискалдык органдарга зарыл маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берет; 

3) белгиленген коопсуздук жана купуялуулук чараларын аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

 

5-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

17-берене. Төлөм системасынын типтери жана категориялары 

 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы (улуттук төлөм системасы) Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери алардын операторлору болуп саналат. 

2. Банктар аралык төлөм системалары банктардын ортосундагы жана эсептери ар түрдүү банктарда ачылган банктардын кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык ички төлөм системалары эсептери бир эле банкта ачылган кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Банктык ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

4. Финансы рынокторунун катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм системасы (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору), ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен байланышкан которуулар ири төлөм системасы болуп саналат. Система ири суммага көп эмес сандагы төлөмдөр үчүн системанын катышуучуларынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылат. 

5. Жеке жана юридикалык жактардын улуттук финансы рынокторунун иштерине алардын катышуусу менен байланышпаган акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн төлөм системасы чекене төлөмдөр системасы болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын көп тараптуу же эки тараптуу көз караштарын (клирингин) эсептөөнүн негизинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аз суммага көп сандагы төлөмдөрдү (чекене төлөмдөрдү) жүргүзүү үчүн арналган. 

6. Корреспонденттик мамилелер системасы эл аралык (трансчекаралык) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана финансы-кредиттик мекемелеринин ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын (агенттик келишимдердин) негизинде пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (трансчекаралык) акча которуулар банк практикасында пайдаланылган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

7. Системада жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнө жана финансылык туруктуулукка таасир этүү деңгээлине жараша төлөм системалары системалуу мааниге ээ төлөм системаларына, маанилүү төлөм системаларына жана башка төлөм системаларына бөлүнөт. Системалардын категориялары Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана улуттук төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу системалар, улуттук төлөм системасынын бөлүгү катары көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана көзөмөлдөө объекттери болуп саналышат. Кыргыз банкы улуттук төлөм системасынын ишин көзөмөлгө алуу (оверсайт) органы болуп саналат. 

 

18-берене. Ири төлөмдөр системасы 

 

1. Ири төлөмдөр системасы ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн арналган. 

2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик (учурдагы) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат. Банктар акыркы эсептешүүлөрдү өз убагында жана кепилденген жүргүзүү үчүн Кыргыз банкындагы корреспонденттик эсебинде өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин кармап туруу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт мезгилин кыскартуу максатында система системанын катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө өтүмдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун механизмдерин карайт. 

4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин карайт: 

1) төлөм системасынын катышуучусунун Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чектеринде гана төлөмдөрдү жүргүзүүнү

2) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүн башкарууну; 

3) өтүмдүүлүктү башкарууну; 

4) тобокелдиктерди башкаруунун башка механизмдерин. 

5. Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди башкаруунун тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

 

19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы 

 

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын жана алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза көз караштарды эсептөө) жүзөгө ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн саны көбөйгөндө катышуучуларга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылат. 

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет. 

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система төмөнкүлөрдү аткарууну кошуп алганда, тобокелдиктерди башкаруунун механизмдерин карайт: 

1) клирингдик системанын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен эң ирисин жабуу үчүн жетиштүү болгон өтүмдүү резервдерди өздөрүндө түзүүгө тийиш; 

2) клирингдик система кредиттик тобокелдикти жана өтүмдүүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык түзүлгөн жол-жоболоруна, ошондой эле бул тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларына ээ болууга тийиш; 

3) Кыргыз банкы клирингдик системанын катышуучуларына алардын өтүмдүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды бере алат, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерди өз алдынча баалоого жана клирингдик системада тобокелчилик операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш; 

4) Кыргыз банкы банктар аралык клиринг системасы аркылуу жүргүзүүлүүчү чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилей алат. 

 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча 

чекене төлөмдөр системасы 

 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык жана көпчүлүк банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун коммерциялык банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Кыргыз банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Кыргыз банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат. 

6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү

2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

 

21-берене. Акча которуулар системасы 

 

1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш. 

2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

3. Банк акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер жана финансыкредиттик эмес мекемелер менен келишим (агенттик келишим) түзө алат. Мында акча которуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышы боюнча жоопкерчиликти банк тартат. 

 

22-берене. Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр системасы 

 

1. Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ушул Мыйзамда аныкталбаган тартиби эсептешүүлөрдүн ушул формаларынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдеринин шарттарына жана системанын иш эрежелерине ылайык белгиленет. 

2. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы электрондук акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу банктык жана башка институттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын түшүндүрөт. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун; 

2) системанын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор түрүндө ченемдик укуктук базанын болушун; 

3) системанын катышуучуларынын электрондук акчаларды пайдалануусунун натыйжалуулугун (баасы боюнча жеткиликтүүлүгүн жана пайдалануудагы ыңгайлуулугун); 

4) системада тобокелдиктерди минималдаштырууну. 

 

23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары 

 

1. Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер, финансы-кредиттик эмес уюмдар жана төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка уюмдар төлөм системасынын катышуучулары болуп саналат. Төлөм системасынын катышуучусу, эгерде төлөм системасынын иштеши ушул катышуучу тарабынан камсыз кылынган учурда, төлөм системасынын да оператору болуп саналат.  

2. Катышуучу төлөм системасында оператору тарабынан ыйгарылган катышуучунун кайталангыс идентификациялык кодунун негизинде жана системанын оператору белгиленген эрежелери боюнча төлөм системасына катышуу критерийлерине ылайык келгенде төлөм системасында идентификацияланат.  

3. Катышуучу системага катышуу жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат. 

 

24-берене. Операторлор 

 

1. Ошол өлкөнүн финансылык көзөмөлгө алуусу боюнча ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси, акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери акча которуу системасынын оператору болуп саналат. Оператор акча которуулар системасынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана пункттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн катышуучулар менен акча которуулар системасына катышуу тууралуу келишим түзөт. 

2. Кыргыз банкынын ишин ушул түрүн жүзөгө ашыруу лицензиясына ээ банк электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат. Оператор электрондук акча системасынын инфратүзүмүн жана пункттарынын жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүү үчүн катышуучу-агенттер менен (электрондук акчаны жайылтуу боюнча дистрибьюторлор, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөргө электрондук акчаны кабыл алуу боюнча соода жана сервистик ишканалар) келишим түзөт. 

3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 

4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана бирдей укукта жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган тариф саясатына ээ болууга тийиш. 

6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Кыргызстан банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. 

7. Төлөм системасынын операторлору салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү маалыматтарды берет. 

 

25-берене. Системаны пайдалануучулар 

 

1. Төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн же чарбалык ишти же анын пайдасына жана анын атынан акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган башка ишти жүзөгө ашырууда эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүү үчүн акча которуу системасынын катышуучусунун же акча которуулар системасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан юридикалык же жеке жактар төлөм системасынын пайдалануучулары болуп саналат. 

2. Пайдалануучулар төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыкмаларды жана каражаттарды тандоого укуктуу. 

 

6-глава. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана милдети 

 

26-берене. Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу 

 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максаттарында Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) кабарлоонун негизинде аракеттенген төлөм системаларынын жана төлөм уюмдарынын операторлорун, ошондой эле алардын агенттерин жана субагенттерин каттоону жүзөгө ашырат, алардын реестрин жүргүзөт;  

2) үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу төлөм системаларынын жана төлөм уюмдарынын операторлорунун ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессингди) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча уруксат (күбөлүк) берет жана берилген уруксаттардын (күбөлүктөрдүн) реестрин жүргүзөт;  

3) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт; 

4) төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын операторлорунун жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырат; 

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

 

2. Кыргыз банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттарында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлоруна, катышуучуларына карата талаптарды белгилөө

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмдөрү боюнча чектөөлөрдү белгилөө. Чектөөлөрдү эсептөө ыкмасы Кыргыз банкы тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча монополияга каршы жөнгө салууну камсыз кылуу алкактарында талаптарды белгилөө

4) төлөм системасынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөө

3. Кыргыз банкы баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасына жана алардын баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системалары менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын жөнгө салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 

4. Кыргыз банкы төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ушул системалардын катышуучулары жана операторлору менен макулдашууну жүзөгө ашырат. 

5. Ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү

 

27-берене. Кыргыз банкынын финансы сектору менен мамилелери 

 

1. Кыргыз банкы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктардын алкактарында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүүдө коммерциялык банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна көмөктөшүүнү камсыз кылат. 

2. Кыргыз банкы республикада пайдаланылган эсептешүүлөр жана клирингдик системалардын технологияларынын алгылыктуулугун (баалуу кагаздар клирингинин технологияларын кошпогондо) аныктайт.  

3. Улуттук төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз банкы маалыматтарды берүү (электрондук төлөм документтерин, башка финансылык жана финансылык эмес билдирүүлөрдү) боюнча банктар аралык коммуникациялык түйүндү уюштурууга жана төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары менен келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого укуктуу. 

4. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын лицензиясы (уруксаты) бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук санариптик кол тамгалардын аныктыгын ырастоо боюнча ырастоочу борбор болуп саналат. 

5. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын банктарынын катышуусу менен трансчекаралык төлөмдөрдү борборлоштуруп (жамааттык) өткөрүн берүү үчүн коммерциялык банктарга техникалык каражаттарды бере алат. 

6. Кыргыз Банкы ошол төлөм системасындагы тобокелдиктерди жана анын финансылык туруктуулугуна таасир этүүсүн талдоонун жана баалоонун негизинде, системанын операторуна карата талаптарды аныктоо шартында өзү оператору болуп саналган төлөм системасын өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. 

 

28-берене. Кыргыз банкынын мамлекеттик сектор менен мамилелери 

 

Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга жана министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү

 

29-берене. Кыргыз банкынын борбордук банктар жана эл аралык 

финансылык институттар менен мамилелери 

 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурда, Кыргыз банкы эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоого тиешелүү маселелерде республиканын кызыкчылыктарын билдирет. 

2. Кыргыз банкы берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системалары маселелери боюнча иштерди макулдашууну жана координациялоону жүргүзө алат. 

3. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө турган, улуттук төлөм системаларын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосундагы интеграциялоо маселелери кызматташууну өнүктүрүү менен алектенген кандай болбосун уюмдардын иштерине катыша алат. 

 

30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

 

1. Кыргыз банкы ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат жана банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

2. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоо максатында, Кыргыз банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) системага карата жеткиликтүүлүк боюнча программалык каражаттарды камсыз кылууга; 

2) коопсуздукка карата талаптарды белгилөөгө (маалыматтык, техникалык); 

3) кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө

4) акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө карата талаптарды белгилөөгө

5) финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында соода-сатык системаларына карата талаптарды белгилөөгө

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери 

 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоо жана коргоо, мыйзамдарды сактоо максатында төлөм системаларын операторлорунун жана катышуучуларынын иштөөсүнө туруктуу мониторингди жүзөгө ашырат. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген төлөм системаларынын бардык типтерин сактоого жана ишин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

2. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча саясатты иштеп чыгат жана бекитет, ал төмөнкүлөрдү аныктайт: 

1) төлөм системаларынын статусун, маанилүүлүгүн жана баа берүү критерийлерин; 

2) уюштуруучулук сыяктуудай эле функционалдык жактан да төлөм системалары ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттарды; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлгөө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз банкынын ишинин мазмунун. 

3. Төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт, төлөм системаларынын иштөөсүнүн Кыргыз банкы белгилеген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнө, сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүнө баа берет жана жеке төлөм системасын өркүндөтүү боюнча алардын ишин жигердентүү максатында айрым төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрөт. 

4. Көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүргүзүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз банкы квалификациялуу персоналды, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) бул ресурстарын, ыкмаларын жана инструменттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү Кыргыз банкынын тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмүн) кошуп алганда, жетиштүү ресурстарды колдоого карата чараларды көрөт. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө (оверсайт) боюнча өз милдеттерин аткарууну, төлөм системасына карата анын башка милдеттери менен сыйышкан тартипте уюштурат. 

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырууда Кыргыз банкы бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптарды коет жана Кыргыз банкы оператору болуп саналган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Кыргыз банкы төлөм системаларын көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана өзүнүн төлөм системаларын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз банкынын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт. 

6. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга; 

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик мекемелеринин ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга; 

4) төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө жазма буйруктарды берүүгө, төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга күбөлүгүн токтотуп турууга же чакырып алууга же болбосо системалуу тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышынын алдын алуу, максаттарында ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга. 

Төлөм системаларынын операторлорунан жана катышуучуларынан конкреттүү операциялар боюнча келип түшкөн маалыматтар, ченемдик укуктук актыларда каралган учурларды кошпогондо, алардын макулдугусуз жарыяланууга жатпайт. 

7. Кыргыз банкы натыйжалуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн айрым төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, ошондой эле төлөм системаларынын оператору же катышуучусу тарабынан стандартарды жана талаптарды сактабаган фактылар ашкереленгенде, же болбосо ченемдик укуктук актыларды бузганда, Кыргыз банкы ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды колдонууга милдеттүү

8. Кыргыз банкы төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чараларды көрүү менен, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максаттарында төлөм системаларынын стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун сактоо зарылдыгын жетекчиликке алуусу керек

9. Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

10. Кыргыз банкы зарылчылык болгондо, аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн жааттагы кызыкдар мамлекеттик органдары, башка өлкөлөрдүн көзөмөлгө алуу органдары жана алардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында турган эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөл ишинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу максаттарында эл аралык финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

11. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) карата өз ара мамиле принциптеринде трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча төлөм системаларын көзөмөлгө алуучү (оверсайт) чет өлкө органдары менен кызматташа алат. Кыргыз банкы алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталган шартта, чет өлкөлүк банктык көзөмөлгө алуу органдары менен эки жактагы тиешелүү юрисдикцияларда колдонулган кандай болбосун төлөм системасы боюнча маалыматтарды алмаша алат. 

12. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз банкынын жол-жоболору көзөмөлгө алуу функциясына баа берүүнүн көз карандысыздыгынын принцибине ылайык финансы секторуна баа берүү программасынын алкагында тышкы аудиторлор, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан текшерилет.  

13. Кыргыз банкы төлөм системасын көзөмөлгөө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча үзгүлтүксүз талдоочулук отчетторунда жарыялайт. 

 

7-глава. Корутунду жоболор 

 

32-берене. Корутунду жоболор 

 

1. Төлөм системаларынын катышуучулары жана операторлору өз ишин терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана башкаруу системасында жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын жана террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катыштыгы бар экени тууралуу аларга карата маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмеги боюнча кардарларды текшерүүнүн маалымдамасы болуусун камсыз кылууга тийиш. 

2. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банк-резиденти эл аралык төлөм системасына кошулуу жөнүндө чечими кабыл алынганга чейин оператордо ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин (лицензиясы, күбөлүгү) бар экенине жана Кыргыз банкынын талаптарына системанын эрежелеринин жооп бере тургандыгына көзү жетүүсү тийиш. 

3. Төлөм системаларынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкактарында кандай болбосун туруксуздук жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге ылайык тараптардын өз кароосу боюнча жүзөгө ашырылат. 

4. Кыргыз банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну төлөм системаларына карата башка милдеттерди менен айкалышта уюштурат. Кыргыз банкы төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген системалуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты кошуп алганда, саясаттын жалпы принциптерин коомчулукка өз учурунда ачып берүүгө көмөктөшөт. 

 

33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун коммерциялык банкта тейлөөгө улуттук төлөм карталарын милдеттүү кабыл алууга карата 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 20-беренесинин талаптарын кабыл алынууга тийиш деген бул Мыйзамдын 20-берененин талаптарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет 

2. "Электрондук төлөөлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., №4, 161-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

А.Ш. Атамбаев 

Бишкек ш. 

2015- жылдын 21-январы 

№21