> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Бишкек шаары 

1997-жылдын 29-июлу N 60 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Кыргыз Республикасындагы банктар 

жана банк иши жөнүндө 

 

(Кыргыз Республикасынын 

2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 

2003-жылдын 18-декабрындагы N 235, 

2004-жылдын 15-декабрындагы N 192, 

2005-жылдын 10-мартындагы N 46, 

2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 

2006-жылдын 27-январындагы N 22, 

2007-жылдын 30-майындагы N 75, 

2008-жылдын 16-майындагы N 88, 

2008-жылдын 17-октябрындагы N 217, 

2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243, 

2009-жылдын 28-марты N 93, 

2009-жылдын 27-апрелиндеги N 136, 

2009-жылдын 26-майындагы N 167, 

2009-жылдын 26-майындагы N 172 

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

 

I бөлүм. Жалпы жоболор 

II бөлүм. Кыргыз Республикасында банктарды түзүү 

III бөлүм. Банкты башкаруу 

IV бөлүм. Банк ишин жүзөгө ашыруу 

V бөлүм. Банктык көзөмөл жана нормативдер 

V-I глава. Банктык топторго консолидацияланган негизде көзөмөл 

VI бөлүм. Банктын кардарлар менен мамилелери 

VII бөлүм. Банктардагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

 

I бөлүм. 

Жалпы жоболор 

 

1-статья. Банк түшүнүгү 

 

1. Кыргыз Республикасында юридикалык жактардын, жеке адамдардын депозиттерин жана башка акча каражаттарды тартуу үчүн жана аларды кайтарып берүү, төлөп берүү, мөөнөттүүлүк шартында өз атынан жайгаштыруу, ошондой эле кардарлардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү иш жүзүнө ашыруу үчүн түзүлгөн финансы-кредиттик мекеме банк болуп саналат. 

2. Банк акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Кыргызстан Банкы) тарабынан берилген лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүргүзүүчү юридикалык жак болуп саналат. 

3. "Банк" деген термин же ушул терминди камтыган сөз айкаштары, ушул Мыйзамга жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банк иштерин жүргүзүүгө укугу бар мекемелер тарабынан гана фирмалык аталыштарында жана жарнамалык максатта колдонулушу мүмкүн. 

4. Банкка карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптар Кыргыз Рес- 

публикасынын мыйзамдары жана Кыргыз банкынын ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз банкынан лицензия алышкан башка финансы-кредиттик мекемелерге карата коюлушу мүмкүн. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 16-майындагы N 88, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

2-статья. Депозит түшүнүгү 

 

1. Депозит - бул кайтарып берүү шартында бир жак экинчи жактан алган акчанын суммасы (ал толугу менен же жарым-жартылайбы же суммадан ашыгыраак кайтарылабы, андан көз карандысыз). 

Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкынын тиешелүү лицензиясына ээ болбогон жактар депозиттерди кабыл алууга жана өз аталышында "депозит" деген терминди колдонууга укуксуз. 

2. Банк болуп саналбаган жак депозит болуп эсептелбеген акча каражаттарын төмөндөгү учурларда гана эгерде бул каражаттар: 

1) иш-аракети ссуда берүү болуп саналган банктардан же болбосо башка жактардан кабыл алынган болсо; 

2) адам тарабынан экинчи адамдан карыз шартында алынган болсо; 

3) чет өлкөлүк же эл аралык финансы уюмдарынан алынган болсо; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу компаниялары же социалдык (пенсиялык) фонддор тарабынан алынган болсо; 

5) баалуу кагаздар менен жүргүзүлүүчү операцияларды жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу алынган болсо; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде адистештирилген компаниялар тарабынан кардарлардын атынан баалуу кагаздарга инвестициялоого багытталган ишти жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган болсо; 

7) контракт боюнча сатууда, ижарага берүүдө же мүлктү берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башкача жолдорун ишке ашырууда алдын-ала төлөнгөн же жарым-жартылай төлөнгөн төлөм катары киргизилсе жана ал ошол мүлк же кызмат көрсөтүү иш жүзүндө сатылбаган, ижарага берилбеген же болбосо кызмат көрсөтүлбөгөн учурда гана кайтарылууга тийиш болсо; 

8) контракттын аткарылышына ылайык гарантия же күрөө катары же болбосо кандайдыр бир мүлктү сатууну же кайтарып берүүнү камсыздоо үчүн киргизиле турган болсо; 

9) бир эле негизги компаниянын (түпкү) туунду компаниялары болуп саналган бир акционердик коом тарабынан экинчисине төлөнө турган болсо же алардын бири экинчисинин туунду компаниясы болуп саналса; 

10) биргелешип иштөө жөнүндөгү макулдашуунун негизинде бир жак тарабынан экинчи жактан кабыл алына турган болсо гана топтой алат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

2-1-статья. Негизги түшүнүктөр 

 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Аффилирленген жактар: 

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактардын олуттуу катышуучулары; 

- банктарды кошо алганда, башка юридикалык жактар олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар; 

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактарда олуттуу катышуучу болуп саналган башка юридикалык жактар. 

Банктык топ банктардан жана анын туунду жана/же ага караштуу компаниялардан жана/же банктык холдингдик компаниялардан жана анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынан турат. Аталган жактар банктык топтун катышуучулары болуп саналышат. 

Банктык холдингдик компания - банк, анын туунду компаниясы же туунду компаниясынын бири болуп саналган башкы компания. Туунду компания - башка юридикалык жак тарабынан (башкы компания) контролдонуучу юридикалык жак. Башка туунду компаниянын туунду компаниясы да башкы компаниянын туунду компаниясы (биринчи) катары каралат. 

Туунду банк - башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдонуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Банктын кызмат адамдары - банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы, банктын Башкармасынын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери. Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операцияларга катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. 

Караштуу компания - бул анда кандайдыр бир жак жеке же башка жактар менен бирдикте бардык юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө же капиталындагы үлүшүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн) он же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк процентине тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу; 

- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү

Олуттуу катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак. 

Банктын инсайдерлери (ички жактар) - Башкарманын мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Шарияттык кеңештин мүчөлөрү башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана аталган адамдар менен жалпы кызыкчылыктын негизинде байланышы болгон бардык башка жеке жактар. 

Компания - бардык юридикалык жак. 

Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын элүү же андан көбүрөөк процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же; 

- юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жок эле дегенде тең жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же; 

- юридикалык жактын капиталга катышканына карабастан келишимдин же башкача негизде аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү

Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролду жүзөгө ашырган жак. 

Башкы компания - башка юридикалык жакты контролго алуучу юридикалык жак. 

Эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар төмөндөгүдөй шарттардын бири эле болгон учурда таанылат: 

- бир юридикалык же жеке жак башка жакты контролдоого алса; 

- аталган жактар аффилирленген юридикалык жактар же инсайдерлер болуп саналса; 

- бул жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналса. 

Караштуу компаниянын олуттуу катышуучусун жана контролду аныктоо максаты үчүн: 

- бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка таандык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет; 

- бир жакка же анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык биринчи жана экинчи кезектеги мурасчылар) таандык болгон акциялар ошол жактын түздөн-түз ээлигинде турган катары каралат. 

Төмөндөгү жактар банктын акцияларына бирдиктүү ээлик кылган жактар катары таанылат: 

- жакын туугандар болуп саналгандар; 

үзүлгөн келишимден улам же башкача түрүндө акцияларга биргелешип ээлик кылгандар; 

- өз алдынча же биргелешип олуттуу катышуучулар болуп саналгандар; 

- эгерде алардын бири акцияларды сатып алуу үчүн башка жакка заем (кредит же ага теңештирилген каражат) берсе; 

- эгерде алардын бири кызмат адамы же башка жактын өкүлү болуп саналса. 

Ишеним боюнча башкаруу - ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол жактан активдерин башкаруучу ошол жак менен жалпы кызыкчылыктарга ээ эмес дегенди түшүндүрөт жана: 

- ошол жак тарабынан эч кандай негизде контролдукка алынбайт же ошол жактын активдерин башкарууда андан көзкаранды болбойт; 

- ошол жактын кызматкери же анын иш боюнча өнөктөшү болгон эмес жана болуп да саналбайт; 

- ошол жактын жакын тууганы болуп саналбайт; 

- ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимде ошол жактын активдерин же мүлкүн башкарууга алуу учурунда башкаруучу ошол мүлктөрдү башкарууга жана контролдоого ала тургандыгы жана мында ал ошол жак менен эч кандай негизде консулътацияларды жүргүзүүгө жана ага билдирип турууга тийиш эмес экендиги көрсөтүлүшү зарыл. 

Исламдык банк" - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, өзүнүн ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банк. 

"Исламдык терезеси" бар банк - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, тийиштүү бөлүмчөнүн ("исламдык терезенин") алкагында банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды көрсөтүүчү банк. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - банктык операцияларды Шарияттын стандарттарына ылайык, Кыргыз Банкынын нормативдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүү эрежелери. 

"Исламдык терезе" - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын тийиштүү бөлүмчөсү

Шарияттын стандарттары - исламдык банк ишин алып барууда стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар (Исламдык финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму менен Исламдык финансы кызмат көрсөтүү кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык жана башка ишти жүргүзүүнүн эрежелеринин жыйнагы. 

Шарияттык кеңеш - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү, банктын бүтүмдөрү (келишимдери) Шарияттын стандарттарына ылайык болушу үчүн жооптуу банк органы. 

(КР 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 28-марты N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

3-статья. Кыргыз Республикасынын банк тутуму 

 

Кыргыз Республикасынын банк тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкынан жана коммерциялык банктардан турат. 

Кыргыз банкынын милдеттери, иш принциптери, укуктук статусу жана ыйгарым укуктары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат. Кыргыз банкына карата ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат. 

Банктардын иши ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, Кыргыз банкынын нормативдик актылары жана банктын уставы аркылуу жөнгө салынат. 

2. Ишинин түрү боюнча банк универсалдуу же адистештирилген болушу мүмкүн. 

Универсалдуу банк болуп инвестициялоону кошуп алганда банк иштеринин бардык түрүн жүзөгө ашырган банк эсептелет. 

Адистештирилген банк болуп банк иштеринин чектелген гана чөйрөсүн жүзөгө ашырган банк саналат. Адистештирилген банктардын иши ушул Мыйзамдын, ошондой эле алардын ишин жөнгө салуучу айрым мыйзам актыларынын негизинде жүргүзүлөт. 

3. Менчигинин формасы боюнча банк мамлекеттик жана жеке менчик болушу мүмкүн. 

Мамлекеттик банк өзүнчө нормативдик укуктук актылардын негизинде почталык, инвестициялык, сактык жана ушул банктарга негизинен окшош келген формаларда түзүлөт. Мамлекеттик банк өз ишин республиканын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

4. Мамлекеттер аралык банк Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминин (макулдашуусунун) негизинде түзүлөт. 

Ушул Мыйзамдын жоболору аны түзүү жөнүндөгү эл аралык келишимде (макулдашууда) каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ага да тиешелүү болот. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

4-статья. Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелери 

 

Адистештирилген финансы-кредиттик мекемелери: кредиттик союздар, финансы-кредиттик корпорациялар (компаниялар), ссудалык кассалар, өз ара кредиттөө коомдору жана маңызы боюнча мына ушул адистештирилген кредиттик мекемелерге окшош мекемелер Кыргыз банкы тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштешет жана банк иштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу. 

Адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер бүтүмдөрдүн (келишимдердин) банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык келген чектелүү тизмегин Кыргыз Банкы белгилеген тартипте ишке ашырууга укуктуу. 

Мына ушундай адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин иши Кыргыз банкынын нормативдик актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2009-жылдын 28-марты N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын жана банктардын жоопкерчиликтерин чектөө 

 

Банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошондой эле, банктын милдеттенмелерин мамлекет өзүнө алган учурларды эске албаганда, Кыргыз Республикасы банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

Банк Кыргыз банкынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз банкы банктардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

 

6-статья. Кыргыз Республикасындагы банктардын көз карандысыздыгы 

 

1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында берилген кызмат укуктарынын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат. 

2. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына банк иши менен байланыштуу болгон маселелерди чечүүгө кандай түрдө гана болбосун кийлигишүүсүнө тыюу салынат. 

Мына ушул талаптарды бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик келип чыгат. 

Кыргыз банкы ага ушул Мыйзам жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чегинде банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге карата банктык көзөмөлдү, ошондой эле административдик же башка регулятивдик функцияларды жүзөгө ашырат. 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө кырдаалдар учурунда (согуш аракеттери, бөөдө кырсыктар, эл аралык чыр-чатактар) мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо максатында банк иш аракеттеринин айрым түрлөрүнө чек коюуну же толугу менен токтотууну караган же айрым өлкөлөргө карата тиешелүү мыйзамдарды жана указдарды кабыл алышы мүмкүн. Мындай нормативдик укуктук актылардын аракети аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө колдонулат. Ушул мыйзамдарда жана указдарда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчилик келип чыгат. 

4. Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын кызмат адамдары: 

1) мамлекеттик банктарды эске албаганда, банктардын же банктык холдинг-компаниялардын башкаруу органдарына катыша алышпайт; 

2) банкта же банктык холдинг-компанияларда добуш берүү укугуна ээ болуу менен он проценттен ашык акцияларга ээ боло алышпайт жана/же контролдой алышпайт. 

Банктын же банктык холдингдик компаниялардын акцияларынын он же 

андан көбүрөөк процентине ээлик кылган адамдар алар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары болуп дайындалышканда өз акцияларын мамлекеттик кызматта турган мезгил ичинде ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш. 

5. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

7-статья. Банктар бирликтери жана ассоциациялары 

 

1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана ага таламдаш болуу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн чет өлкө банктарынын киришине да уруксат берилүүчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мына ушундай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз банкынын лицензиясын талап кылбайт. 

2. Банктар ушул Мыйзамдын негизинде ишин жүзөгө ашыруучу банктык холдинг-компанияларды уюштурууга укуктуу. Бул уюмдар Кыргыз банкында катталууга жана ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш. 

Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзүлүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акционердик коом формасында түзүлүүгө тийиш. 

2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздөрүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. 

3. Банктарга банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө жана проценттик ставкаларды жана далдалчылык акы өлчөмдөрүн белгилөө маселелеринде банк иштеринин рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле банктын кардарларына зыян келтирүүчү шарттарды камтыган келишимге жетишүү үчүн өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин (анын ичинде холдинг-компанияларды) пайдаланууга тыюу салынат. 

4. Банктарга жана ушул Мыйзамга ылайык ал аркылуу жөнгө салынуучу башка финансы мекемелерине карата монополияга каршы мыйзамдын сакталышы Кыргыз банкы тарабынан контролдукка алынат. Кыргыз банкы мына ушул максаттарда милдеттүү аткарылууга тийиш болгон нормативдик актыларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарышы мүмкүн. 

5. Банктар капитал рыногунда, монополияга каршы мыйзамдарга ылайык аныкталган акча жана валюта рынокторунда алардын жеке өзүнө же башка жактар менен бирдикте үстөмдүк кылуучу абалды камсыз кылган бүтүмдөргө келишүүгө же ошондой иштерди жүзөгө ашырууга тийиш эмес жана алар үчүн же үчүнчү жактар үчүн адилетсиз артыкчылыктарды камсыз кылышы мүмкүн болгон операциялардын жана иштердин ар кандай түрлөрүнө катышууга тийиш эмес. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

II бөлүм. 

Кыргыз Республикасында банктарды түзүү 

 

8-статья. Банк, анын уюмдаштыруучулары жана акционерлери 

 

1. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон юридикалык жактар жана жеке адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банктын уюштуруучулары жана акционерлери болушу мүмкүн. 

Оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же катышуучу катары оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактарга ээ болгон юридикалык жактар, же болбосо оффшордук аймактарда жашаган жеке жактар же оффшордук аймактарда каттоодон өткөн тизмеси Кыргыз банкы тарабынан аныкталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналышкандар мамлекеттин резидент банктарынын акционерлери (катышуучулары) боло алышпайт. 

Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тартипке ылайык аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өтүшкөн же жашап жатышкан юридикалык жактардын же жеке жактардын банктын акцияларын сатып алууларына байланыштуу түзүлгөн бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат жана арзыбаган иш катары таанылат. 

Банктын уюмдаштыруучулары (катышуучулар, акционерлер), ошондой эле алар менен аффилирленген жактар Кыргыз банкынын талабы боюнча ага уюмдаштыруу документтерин, анын уюмдаштыруучуларын (акционерлерин, катышуучуларын) аныктоочу финансылык жана башка отчетту, ошондой эле алардын финансылык абалы жана жүргүзүлүп жаткан операциялары тууралу маалыматтарды берүүгө милдеттүү

2. Банк акционердик коом түрүндө гана (ачык же жабык) түзүлөт жана иш алып барат. 

3. Банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, 

банктык жана/же финансылык ишти алып барышпаган юридикалык жактар жеке же башка жактар менен бирдикте төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашыра алышпайт: 

- банктын добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрү) жыйырма проценттен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга; 

- же, банктын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишимдин же башкача негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүүгө

Финансылык иштин жана банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштин түрлөрү жана критерийлери Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.". 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

9-статья. Банктын уюштуруу документтери 

 

1. Банк уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана өз уставына ылайык иш жүргүзөт. 

2. Банктын уставы мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө

1) толук жана кыскартылган түрдөгү банктын фирмалык аталышын; 

2) банктын уюштуруу-укуктук түрү жана менчигинин түрү тууралу маалыматтарды; 

3) банктын башкаруу органдары тууралу жоболорду; 

4) банктын башкаруу органдарынын чечимдер кабыл алуусунун тартибин, анын ичинде акционерлердин квалификациялуу көпчүлүк добушу зарыл болгон маселелердин тизмесин; 

5) чет өлкөдө уюштурулган чет өлкө банкынын филиалы ачылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү жобону; 

6) банк ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду камтууга тийиш. 

3. Банк банктын уюштуруу документтерине киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу, тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз банкына билдирүүгө милдеттүү

Мыйзамдарда каралган учурларда банктын уставына киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Банк банктык уставына киргизилген мамлекеттик каттоодон өткөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу бир иш жуманын ичинде Кыргыз банкына кабарлоого милдеттүү

4. Банктын аталышы, башкаруу органдарына, анын ишин башкарууга жана контролдук кылууга таасир берүүчү банктын катышуучуларынын курамындагы өзгөрүүлөргө, банкты кайра түзүүгө байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, банктын жайгашкан жеринин өзгөрүүлөрү алдын ала Кыргыз банкы менен макулдашылууга тийиш. Ушул маселелер боюнча уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү маселеси Кыргыз банкы тарабынан бир айдын ичинде каралат. 

Уюштуруу документтерине сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз банкы тарабынан төмөндөгүдөй учурларда: 

1) уюштуруу документтерине сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо ушул Мыйзам тарабынан каралган лицензия берүүдөн баш тартууга негиздер болсо; 

2) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго карата айтылган сын-пикирлерди четтетүү тууралу Кыргыз банкынын көрсөтмөлөрүн аткаруудан банк баш тартса кабыл алынбашы мүмкүн. 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

5. Банктын уюштуруу документтерине банк капиталынын өлчөмү менен байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, банк баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзам актыларына ылайык банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясынын акыркы катталышынын жыйынтыгы тууралу, ал чыгарылыш таанылган учурдан тартып бир айдын ичинде Кыргыз банкына билдирүүгө жана баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы тууралу отчетту каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

6. Банктын финансылык абалын оңдоо максатында банктын уюштуруу документтерине капиталдаштырууга байланышкан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет (банктын капиталын көбөйтүү, жаңы инвесторлорду тартуу). 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

10-статья. Банктын аталышы 

 

1. Банк өзүнүн фирмалык аталышы катары анын уставында жазылганды колдонот. 

Бир да банк ар кандай документтерде, кулактандырууларда же жарнамада өзүн өз уставында жазылган аталышынан башкача атоого укуксуз. 

2. Банктарга өз аталыштарында же символдорунда "Улуттук", "Борбордук", "Банк Кыргызстана", "Кыргыз банкы" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрдө кайсыл тилде жана ар кандай айкалышта пайдаланууга тыюу салынат. 

3. Мамлекеттик банктан тышкары бардык банктарга өз аталыштарында толук же кыскартылган түрүндө, кайсыл тилде жана кандай айкалышта болсун "мамлекеттик" деген сөздү пайдаланууга тыюу салынат. 

4. Аталыштар катары мурда түзүлгөн же жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктардын аталыштарына окшош келген же чаташууга чейин алып келүүчү окшоштуктагы белгилөөлөрдү пайдаланууга жол берилбейт. 

Бул тыюу салуулар негизги (түпкү) банктардын аталыштарын колдонушкан туунду банктарга таркатылбайт. 

5. Өз аталышын өзгөртүүнү каалаган банк банктын аталышына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз банкынан алдын ала уруксат алууга милдеттүү. Банктын аталышынын өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин банктын жетекчилиги беш жумуш күнүнүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана банкта маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен анын жаңы аталышы тууралу маалымдоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

11-статья. Банк капиталы 

 

1. "Банк капиталы" банктын кирешелүү жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, банк ишине мүнөздүү келген мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн кызмат кылып, банктын кардарларынын ага болгон ишениминин гаранты болуп саналат жана банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары аракет кылат. 

Банктын капиталы бухгалтердик баланстын статьяларына ылайык анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырмачылыкты билдирүүчү, бухгалтердик эсепке алуунун белгиленген принциптерин чагылдырган таза наркты же банктын өздүк каражаттарын билдирет. 

2. Банк капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банк капиталынын курамына акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери болбогон уставдык капитал гана кирет. 

Акционерлер (катышуучулар, уюштуруучулар) тарабынан салынган бул каражаттар, алар тарабынан өткөрүп берүү же акцияларды сатуу жолу менен гана алынышы мүмкүн. 

3. Банктын уставдык капиталы уюмдаштыруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө гана түзүлөт жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленгенден аз эмес өлчөмдө төлөнүүгө тийиш. Уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт. 

Банктардын уставдык капиталын түзүүгө карата талаптар Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Банк өздүк акцияларын сатып алууга жана күрөөгө кабыл алууга укуктуу эмес. 

4. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алганга чейин банк Кыргыз банкында ачылган эсепке эң төмөнкү уставдык капиталды салууга милдеттүү

5. Кыргыз банкы банктын капиталынын адекваттуулугун аныктоо боюнча экономикалык ченемдерди, уставдык капиталдын эң төмөнкү өлчөмүн, капиталдын (өздүк каражаттардын) эң төмөнкү өлчөмүн белгилейт, ошондой эле банктын түзүмүн аныктайт. 

6. Кыргыз банкы банктардын капиталын түзүү жана көбөйтүү маселелери боюнча нормативдик актыларды чыгарууга жана банк ишинде келип чыгуучу тобокелдикке жараша капиталды же капиталдын адекваттуулугунун коэф- 

фициентин кармап турууну банктардан талап кылууга укуктуу. 

Банктар үчүн нормативдик актыларды иштеп чыгууда Кыргыз банкы банк капиталына тиешелүү эл аралык стандарттарды, атап айтканда, Банктык көзөмөлдүктүн Базель Комитетин жана Европа Шериктештиги өздөрүнүн директиваларында жана банк ишине тиешелүү башка документтеринде кабыл алышкан стандарттарды эске алышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2007-жылдын 30-майындагы N 75 Мыйзамынын, 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

12-статья. Банк тарабынан түзүлүүчү резервдер жана финансы-кредиттик мекемелер 

 

1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланышкан чыгашаларды өз учурунда жабуу үчүн банк тиешелүү резервдерди түзүүгө Кыргыз банкынан лицензия алышкан жана башка финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү

2. Банк тарабынан банк чыгымына чегерилүүчү кредиттик, лизингдик жана башка активдерден улам келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды жабуу үчүн түзүлүүчү Кыргыз банкынан лицензия алышкан жана башка финансы-кредиттик мекемелер резервдерди түзүүнүн жана аны эсептөө ыкмаларынын тартибин Кыргыз банкы аныктайт. 

3. Өз ишине тиешелүү деңгээлдеги контролдукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин мүнөзүнө жана масштабына жараша банк эсепке алуунун эл аралык стандарттарына ылайык жана Кыргыз банкы белгилеген тартипте капиталдык жана башка резервдерди түзүүгө милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

13-статья. Банк иштерин лицензиялоо 

 

1. Банк республиканын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. 

2. Өз ишин баштоо үчүн банк Кыргыз банкынан банк иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны аны төлөп алууга тийиш, мындай төлөмдүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. 

3. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагындагы банк операцияларын, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык келген операцияларды жүргүзүүгө лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу бирден бир орган болуп саналат. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте берилет. Кыргыз банкы банк иштерин жүргүзүүгө лицензия алышкан банктардын реестрин жүргүзөт. Кыргыз банкынын лицензиясын алышкан банктар жөнүндөгү маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына бир жолу жарыяланып турат. 

4. Банк, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жергиликтүү бийлик органдарында катталбайт. 

5. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди карап чыккандан кийин Кыргыз банкы лицензия алууга алдын ала уруксат бериши мүмкүн, бул банк өзүнүн кадрдык курамын аныктап, тиешелүү минималдык капиталын төлөп, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу Күбөлүгүн бергенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз банкында каралган башка талаптарды аткарганда лицензия берилет дегендикке жатат. 

5-1. Алдынала уруксат алынгандан жана Кыргыз банкы төмөндөгүлөрдүн аткарылгандыгына ынангандан кийин гана арыз берүүчүгө лицензия берилет: 

1) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк көрсөтүлсө

2) тиешелүү минималдуу уставдык капитал толугу менен төлөнсө

3) банктын имараты жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келсе; 

4) уюмдаштыруучулар алдыдагы финансылык жылга банк үчүн көзкарандысыз тышкы аудиторду тандап алышса; 

5) банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык өзүнүн кадрдык курамын аныктап жана банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык системаларын тесттен өткөрсө

6) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленген башка талаптарды аткарса. 

6. Кыргыз банкы тарабынан берилген банктык лицензиялар жана чексиз мөөнөткө ыйгарылат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат. 

7. Кыргыз банкы тарабынан берилген лицензиялар энчиленип берилет (алынып коюлбайт) жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

8. Банк иштеринин бардык түрлөрү, аларды жүргүзүү укугу лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөндө гана жүзөгө ашырылат. 

9. Кыргыз банкынын лицензиясы жок ишке ашырылган банк иш-аракеттери жетишсиз деп эсептелинет. Банк ишин лицензиясыз жүргүзгөндүк үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер келип чыгат. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 28-марты N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

 

1. Банк иштерин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз берүүчү төмөндөгүдөй документтерди: 

1) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген түрдөгү лицензияны берүү жөнүндө өтүнүчтү

2) түзүлүп жаткан банктын уюштуруу документтерин (уюштуруу келишими, банктын уставы, уставды кабыл алуу жана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө протоколду); 

банк ишинин максаттарына жетишүү иш ыкмаларын чагылдырган жана 

банкты уюштурууда экономикалык негиздөөлөрү менен Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн бизнес-планды;; 

4) төмөнкүлөрдү кошо алганда, Кыргыз банкы тарабынан белгиленген жана уюмдаштырууга (акционерлерге) тиешелүү болгон маалыматтар: 

- ар бир акционердин банктын капиталына катышуусунун болжолдуу өлчөмү

- алардын иши жана кесиптик тажрыйбалары тууралу маалыматтар; 

- аудитордук уюмдун отчету же финансылык абал жөнүндөгү башка маалыматтар; 

- алар уставдык капиталга өз салымдары үчүн пайдаланууга ниеттенип жатышкан каражаттардын булагын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар; 

- уюмдаштыруучулар же акционерлер менен жалпы таламдары бар бардык жактар жөнүндө маалыматтар; 

5) банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана аудит боюнча Комитеттин төрагасы менен анын орунбасарларын көрсөтүү менен алардын тизмесин, ошондой эле аудит боюнча Комитеттин Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн аты-жөнү жана дареги жөнүндөгү маалыматтарды, жана ошондой эле алардын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарына ылайыктуулугун ырастоочу маалыматтарды; 

6) төрага жана анын биринчи орун басары ар бир адамдын аты-жөнү жана дареги жөнүндө кабарларды, ошондой эле, Кыргыз банкы тарабынан белгиленген жарактуулук талаптарына алардын ылайыктуулугун далилдеген маалыматтарды камтыган банк башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмесин; 

7) ички аудит бөлүмүнүн жетекчисин, кредит бөлүмүнүн жетекчисин, банктын активдери менен пассивдерин башкаруучусун кошо, банк Башкармасынын мүчөлөрү жана/же банктын ири бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп дайындалган адамдар үчүн ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле, мурдагы иштеген иши тууралу маалыматтар берилүүгө тийиш; 

8) уюшулуп жаткан банктын толук уюштуруу структурасын; 

9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

10) эгерде банк банктык топтун бөлүгү болсо, төмөнкүлөр кошумча 

берилүүгө тийиш: 

- банктык топтун түзүмү жөнүндө маалыматтар; 

- алардын финансылык абалы жана иши жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары тууралу маалыматтар; 

- тобокелдиктерди башкаруу жана ички контроль боюнча банктык топтордун саясаты; 

- банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалыматтар; 

- банктык топто реалдуу контролду жүзөгө ашырышкан жактар жөнүндө маалыматтар; 

11) лицензия үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди; 

12) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн тапшырууга тийиш. 

Ушул статьянын 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жарактуулугунун критерийлери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Жаңы дайындалуучу кызмат адамдарынын кесиптик сапаттарын ырастоочу документтер, банктын башкаруу звеносунун кадрлары алмаштырылган учурда Кыргыз банкына берилет. 

Ушул пункттун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жарактуулугу жөнүндөгү талаптар Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Жаңы дайындалуучу кызмат адамдарынын кесиптик сапаттарын ырастоочу документтер, банктын кызмат адамдарынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болуп өткөн учурда Кыргыз банкына берилет. 

1-1. Уюмдаштыруучулар - юридикалык жактар ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш: 

- өзүнүн бардык акционерлери жана контролду реалдуу жүзөгө ашырышкан контролдоочу жактары жөнүндөгү маалыматты; 

- өзүнүн бардык акционерлерине жана контролдоочу жактарына тиешелүү болгон, ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды; 

- Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жана Башкармалыктын (аткаруу органынын) бардык мүчөлөрүнүн Кыргыз банкы тарабынан белгиленген минималдуу критерийлерге ылайык келе тургандыгын тастыктаган маалыматты; 

- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка документти; 

- банкты түзүүгө катышуу тууралу уюмдаштыруучунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечимин. 

Четөлкөлүк уюмдаштыруучулар - өзү келген мамлекетте (каттоодон өткөн) көзөмөлгө алынууга тийиш болгон юридикалык жактар, эгерде бул өзү келген өлкөнүн (каттоодон өткөн) мыйзамдарына ылайык талап кылынса, түзүлүп жаткан банкты инвестициялоо үчүн тиешелүү четөлкөлүк көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугун же мындай макулдук уюмдаштыруучу мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынбагандыгы тууралу жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошумча берүүгө тийиш. 

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча, Кыргыз банкы четөлкө банкынын филиалын же туунду компаниясын түзүү аркылуу банктык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (уруксат) алууга ниеттенип жатышкан четөлкө компаниясынан же банкынан белгиленген тартипте легализацияланган төмөндөгү документтерди талап кыла алат: 

- ошол четөлкө банкынын же компаниясынын Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкө банкынын филиалын ачууга же банктын туунду компаниясын түзүүгө тиешелүү банктык көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугун же мындай макулдук ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынбагандыгы тууралу жазуу жүзүндөгу тастыктоону; 

- тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын уюмдаштыруучу-банк ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү банктык лицензияга ээ экендиги жана консолидацияланган негизде көзөмөлгө алына тургандыгынын жазуу жүзүндөгү тастыктоосун; 

- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка документти жана көзкарандысыз аудитор тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн акыркы үч жыл үчүн анын финансылык отчеттуулугун; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты же филиалды ачуу тууралу четөлкөлүк уюмдаштыруучу-банкынын (катышуучунун) тиешелүү органынын чечимин. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

15-статья. Түзүлүп жаткан банктын бизнес-планына карата талаптар 

 

1. Түзүлүп жаткан банктын бизнес-планы анын ишинин стратегиясын, банктын иш багытын жана анын масштабын ачып берет жана андан тышкары ал төмөндөгүлөрдү

1) түзүлүп жаткан банктын банкты түзүүнүн экономикалык негиздөөлөрүн жана финансылык келечектерин (бюджетти, болжолдонуп жаткан баланстык отчетту, эсептелинген капиталдын адекваттуулугун, банктын киреше менен чыгашаларын); 

2) кандидат-банктын башкаруу системасынын структурасын жана аны контролдоону; 

3) банк жүргүзгөн кредит саясатын (кредит берүүдө тобокелдикти баалоо механизмин, берилген кредиттерди дайыма контролдукка алып туруу механизмин (же тобокелдиктин башка түрлөрүн) жана, банктын болжолдонуп жаткан кредит саясатына байланыштуу болгон башка маселелерди); 

4) Террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан иш-аракеттерден коргоонун болжолдуу механизмин; 

5) банк кардарларын түзүү планын; 

6) банкка кадрларды тартуу жана кадр саясатын жүргүзүү планын; 

7) активдерди жана пассивдерди башкаруу планын; 

8) эл аралык банктык тажрыйбага мүнөздүү болгон жана Кыргыз банкы тарабынан аныкталган банкты талаптагыдай уюштуруу жана анын андан ары ийгиликтүү иштеп кетишине байланышкан башка аспектерди камтууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

16-статья. Лицензия берүү жөнүндөгү өтүнүчтү кароо мөөнөтү 

 

1. Лицензия берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз банкы тарабынан өтүнүч жана лицензия берүү үчүн зарыл болгон бардык документтер келип түшкөн учурдан тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө каралат. 

2. Четөлкө компаниясы жана банкы катышкан банктын жана чет өлкөлүк банктын лицензия берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү Кыргыз банкынын Башкармасынын чечими боюнча кошумча алты айга чейин узартылышы мүмкүн. 

3. Эгерде, Кыргыз банкына келип түшкөн документтер банк лицензиясын алууда Кыргыз банкы койгон талаптарга ылайык келбесе, ушул статьяда аныкталган мөөнөттү эсептөө канааттандыраарлык документтер алынган учурдан тартып башталат. 

 

17-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

 

1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди кароого алгандан кийин Кыргыз банкы банкка лицензия берүү жөнүндө алдынала уруксат бериши мүмкүн. Төмөнкүдөй себептердин бири эле болгондо Кыргыз банкы алдынала уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу же башка документтер ушул Мыйзамда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлган талаптарга жооп бербегенде; 

2) документтерди ушул Мыйзамда белгиленген толук көлөмдө бербегенде. Көрсөтүлгөн тоскоолдуктар арыз берүүчү тарабынан четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат; 

3) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктундагы 4-7-пунктчаларында 

көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгилеген талаптарга ылайык келбөөсү

5) банктын эң төмөнкү уставдык капиталынын өлчөмүнүн структурасынын, аны түзүү булактарынын ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде; 

6) минималдуу уставдык капиталдын Кыргыз банкы тарабынан белгиле- 

ген мөөнөттө төлөнбөй калуусу; 

7) арыз берүүчү тарабынан лицензия алууга анык эмес маалыматтарды камтыган документтер берилгенде; 

8) лицензия үчүн төлөм төлөнбөгөндө

9) арыз берүүчүгө карата иштин ушул түрүн аткарууга ага тыюу салган соттун чечими болгондо; 

10) Кыргыз банкына банк кирген банктык топ жөнүндө толук маалыматтар берилбей калганда; 

11) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана булактары тууралу толук маалыматтар Кыргыз банкына берилбей калган учурларда, атап айтканда: 

- берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайын жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо; 

- берилген маалыматка ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келбесе; 

12) акционерлер ушул Мыйзамдын 44-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде; 

13) мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча Кыргыз банкы арыз берүүчүгө банк иштерин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн. 

2. Эгерде ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 5-1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар алдынала уруксат берилгенден кийин алты ай аралыгында аткарылбаса Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тарта алат. 

3. Лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралу чечим ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 5-1-пунктунун бардык шарттары аткарылгандыгы Кыргыз банкы тарабынан текшерилген учурдан тартып бир ай аралыгында кабыл алынууга тийиш. 

4. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген финансылык, укуктук абалдын же башка жагдайлардын ар кандай өзгөрүүлөрүнө күбө болгон фактылар белгилүү болгондо Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген банктын финансылык, укуктук абалынын же башка жагдайларынын олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгондугу жөнүндө арыз берүүчү он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. 

5. Кыргыз банкы лицензия берүүгө алдынала уруксатты же лицензия берүүдөн баш тарткандыгынын негиздемелери тууралу арыз берүүчүгө жазуу 

жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

18-статья. Банктын туунду жана караштуу компанияларына талаптар 

 

1. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкүдөй шарттар орун алган учурда Кыргыз банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат: 

1) туунду компаниянын менчиктик структурасы жана башкаруусу, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 

2) банкта туунду компаниялардын ишинен улам келип чыккан тобокелдикти контролдоо процедуралары жана банктын жана туунду компаниялардын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган процедуралар иштелип чыкса; 

3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык стабилдүүлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келбесе; 

4) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса. 

Туунду компанияны түзүү же иштеп жаткан компанияны сатып алууга ниетин билдирген банк тарабынан берилүүгө тийиш маалыматтар жана банктын өтүнүчүн кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталат. 

Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти ушул Мыйзамда аныкталган негиздерде жана тартипте жүзөгө ашыра алат. 

2. Кыргыз банкы, эгерде алардын негизинде банкты түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болгон фактылар ага белгилүү болгондо, же туунду компания ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында уруксат берилбеген ишке катышкан болсо, туунду компанияны түзүүгө же аларды сатып алууга берген макулдугун кайтарып алышы мүмкүн. Кыргыз банкы өзүнүн берген уруксатын кайтарып алган учурда банк туунду компаниялардын ага тиешелүү акцияларын банк менен байланышы болбогон жактарга Кыргыз банкы тарабынан аныкталган убакыт ичинде сатууга тийиш. 

3. Банк Кыргыз банкынын макулдугу менен караштуу компанияларды сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Ага макулдук алуу үчүн берилген маалыматтар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат жана эч болбоду дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- караштуу компаниялардын аталышын; 

- компаниянын ишинин түрүн; 

- компаниянын ээлик кылуу структурасын (олуттуу катышуучуларын жана контролдоочу жактарын кошо алганда) жана банктык инвестициялардын суммасын. 

Банкка караштуу компаниялар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашыра алышат. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-статья. Банктын филиалын түзүү 

 

1. Банк тарабынан бекитилген жобонун негизинде, банктын атынан банк иштеринин бардыгын же болбосо анын бөлүгүн жүзөгө ашырган, ошондой эле банк тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген, юридикалык жак болуп саналбаган банктын өзүнчө бөлүмү банктын филиалы болуп саналат. 

Филиал банк менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле банктын аталышына толугу менен дал келген аталышка ээ болот. 

Филиалдардын жетекчилери аны түзгөн банк тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте аларга берилген ишеним каттын негизинде иштешет. 

2. Банк банктарды ачуунун Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартибине ылайык, ал тууралу Кыргыз банкына билдиргенден кийин, өз филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында ачууга мүмкүндүк алат. 

3. Банк филиалын ачуу жөнүндө билдирбесе же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен билдирсе, Кыргыз банкы банк мыйзамдарында каралган санкцияларды колдонууга укуктуу. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык абалы бекем жана ишкерлик аброю бийик чет өлкө банктарынын филиалдарын ачууга жол берилет. 

Резидент эмес-банк Кыргыз Республикасынын аймагында ачылып жаткан өз филиалына Кыргыз банкы белгилеген экономикалык нормативдерди аткаруу үчүн негиз болуп саналган капитал бөлүштүрүп берүүгө тийиш жана Кыргыз банкы тарабынан жактырылган финансы мекемесине Кыргыз банкы белгиленген эрежелерге ылайык түрдө жана өлчөмдө карыздарды аркалабаган депозитти жайгаштырат. 

5. Филиалын ачууга уруксат алыш үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 

1) белгиленген формадагы филиалды түзүү тууралу арызын; 

2) арыз берген банктын тийиштүү аткаруучу органынын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу тууралу чечимин; 

3) арыз берген банктын уюштуруу документтерин; 

4) арыз берген банктын акыркы финансы жылы үчүн аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн жылдык отчетун (консолидацияланган балансты жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 

5) банк, анын структурасы жана анын ээлери жөнүндөгү жалпы маалыматтарды; 

6) банктын филиалын түзүү үчүн экономикалык негиздөөнү

7) филиал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон банк иштеринин тизмесин камтыган, банктын филиалы жөнүндөгү жобону; 

8) арыз берген банктын банк ишин жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар экендиги жана филиал ачууга укуктуу экендиги жөнүндө тийиштүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын кат жүзүндөгү ырастоосун; 

9) банк филиалынын кызмат тууралу адамдары тууралу Кыргыз банкы тарабынан каралган талаптарга ылайык түзүлгөн маалыматтарды; 

10) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш. 

Кыргыз банкы арыз берген банк жөнүндө кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. 

Кыргыз Республикасынын аймагында бир филиалды ачууга уруксаты бар резидент эмес-банк Кыргыз Республикасында башка филиалдарын ачкысы келсе, аларды ачуу үчүн Кыргыз банкынын уруксатын (лицензиясын) алууга тийиш. Уруксатта (лицензияда) Кыргыз банкы резидент эмес-банктын филиалы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзө алган иштердин тизмесин аныктайт. 

6. Резидент эмес-банктардын филиалдарынын аталышын, жайгашкан жерин жана иштеринин түрлөрүн өзгөртүү Кыргыз банкы менен алдын ала макулдашуудан кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

7. Кыргыз банкы банктардын филиалдарынын анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана нормативдик жана башка актыларды чыгарууга укугу бар. 

8. Филиалдарга аларды түзгөн банктардын мүлкү берилиши мүмкүн жана алар банк тарабынан бекитилген жоболордун негизинде аракеттенишет. Алардын аракеттери өздөрү мыйзамдуу бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын аракети катары каралат, мында ошол юридикалык жак бул филиалдын аракеттери үчүн толук жоопкерчиликтүү болот. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

20-статья. Банктын өкүлчүлүктөрүн ачуу 

 

1. Банктын өкүлчүлүгү - юридикалык жак болуп саналбаган жана ошол банктын кызыкчылыктарын коргоону жана өкүлчүлүктү жүзөгө ашырган, депозиттерди кабыл алуу, кредиттерди берүү, эсептешүү иштерин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк лицензиясын талап кылган башка иштерден тышкары, ошол банктын атынан бүтүмдөр же башка укуктук негиздеги аракеттерди жасаган анын бөлүмү болуп саналат. 

Өкүлчүлүк банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле, банктын аталышына толугу менен дал келген, бирок "өкүлчүлүк" деген сөз кошуп жазылган бирдей аталышка ээ болот. 

2. Республиканын аймагында жана анын чегинен тышкарыда банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкына алдын ала билдирүүдөн кийин жана төмөндөгүдөй документтер: 

1) банктын тиешелүү органынын өкүлчүлүктү ачуу тууралу чечими; 

2) өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо берилгенде ачылат. 

3. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкынын уруксаты менен ачылат. Өкүлчүлүк ачууга ниеттенип жаткан чет өлкөлүк банк, өз өкүлчүлүгүн ачуудан эки ай мурда бул тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. 

Өкүлчүлүк ачууга уруксатты алуу үчүн резидент эмес-банк төмөндөгүдөй документтерди: 

1) өкүлчүлүк ачуу тууралу белгиленген түрдөгү арыз; 

2) резидент эмес-банктын уюштуруу документтерин; 

3) өкүлчүлүк жүзөгө ашырчу иштин тизмеси камтылган өкүлчүлүк жөнүндөгү жобону; 

4) тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын арыз берген банктын банк ишин жүргүзүүгө лицензиясы бардыгы жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастоосун; 

5) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгалары түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы; 

6) арыз берген банктын тиешелүү органынын Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүк ачуу тууралу чечимин; 

7) аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы финансы жылы үчүн арыз берген банктын жылдык отчетун (консолидацияланган балансты, киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен); 

8) өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. 

4. Өкүлчүлүктүн аталышын, жайгашкан жерин жана иш түрлөрүн өзгөртүү Кыргыз банкы менен алдын ала макулдашуудан кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

5. Кыргыз банкы банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жүргүзгөн ишине тиешелүү кошумча маалыматтарды талап кылууга жана актыларды чыгарууга укугу бар. 

Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуунун жана анын иштешинин тартиби жөнүндөгү жобо Кыргыз банкы тарабынан бекитилет. 

6. Банктын өкүлчүлүгү аны түзгөн банктын мүлкүн алышы мүмкүн жана банк тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт. Алардын аракети алар мыйзамдуу бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын аракети катары каралат, мында ошол өкүлчүлүктүн аткарган иши үчүн юридикалык жак (банк) толук жоопкерчилик тартат. 

 

III бөлүм 

Банкты башкаруу 

 

21-статья. Банк акционерлеринин жалпы чогулуштары 

 

1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун кызмат укугуна гана таандык маселелер Директорлор кеңеши же Банк башкармасы тарабынан чечилиши мүмкүн эмес. 

2. Банктын акционерлеринин жылдык чогулушу банктын Директорлор кеңеши тарабынан чакырылат, ал кеңеш жылдык чогулушту өткөрүүнүн ордун, датасын, убактысын аныктайт жана аны банктын финансы жылы аяктагандан кийин үч айдан кечиктирбестен өткөрөт жана аудитордук отчетту алгандан мурда эмес. 

Банктын акционерлеринин жылдык чогулушунун кызмат укугуна гана кирүүчү маселелерге төмөндөгүлөр: 

1) жылдык финансы планын жана анын аткарылышы тууралу отчетту бекитүү

2) банктын ишинин жылдык жыйынтыгын, банктын аткаруу органдарынын отчетторун бекитүү

3) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4) банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн эмгегине төлөөлөрдүн шарттарын жана өлчөмдөрүн аныктоо таандык болот; 

5) банктын Директорлор кеңешинин сунушу боюнча банктын тышкы аудиторун шайлоо жана тышкы аудитордун сый акысынын өлчөмүн аныктоо. 

Жылдык чогулушту чакыруунун тартиби бузулган учурда, чогуу алганда жыйырма проценттен кем эмес добушка ээ болушкан акционерлер, республиканын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен банктын акционерлеринин жылдык чогулушун чакырууга укуктуу болушат. 

3. Жылдык чогулуштан тышкары банктын акционерлеринин бардык чогулуштары кезексиз чакырылган болуп саналат. Банктын акционерлеринин кезексиз чогулуштары Директорлор кеңеши, акционер же акционерлердин чогуу алганда жыйырма проценттен кем эмес добушка ээ болгон тобу тарабынан чакырылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

22-статья. Чогулуштун материалдарын даярдоо жана жөнөтүү 

 

1. Жалпы чогулуштун боло тургандыгы жөнүндө банктын акционерлерине акционерлердин реестринде көрсөтүлгөн дарек боюнча атайын кат менен ар бирине жеке же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле, банктын өзүнүн ичинде жарыялоо жолу менен маалымдалат жана анда: 

чогулушту өткөрүүнүн датасы, өткөрүлүүчү жай; 

күн тартибиндеги маселелер; 

банктын акционерлеринин жылдык чогулушуна байланыштуу кошумча маалыматтарды жана акционерлердин тизмеси менен таанышууга, ошондой эле добуш берүү үчүн бюллетендерди алууга мүмкүндүк берген каттоо борборлорунун жайгашкан жерлеринин даректери камтылууга тийиш. 

Жогорудагы маалымдоо ачык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөн банктын жалпы чогулушун чакырууга чейин жыйырма күн, жабык типте түзүлгөн банктар үчүн он күн мурда таркатылууга тийиш, бул банктын акционерлерине чогулуштун кароосуна коюлган маселелер боюнча маалыматтык чечим кабыл алууга мүмкүндүктөр берет. 

Чогуу алганда он проценттен ашык добушка ээ болушкан акционерлер, чогулуштун күн тартиби боюнча өз сунуштарын киргизе алышат, бирок алар ачык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөн банктын акционерлеринин чогулушун чакырууга он күн калганга чейин, жабык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөндөрдүн чогулушуна беш күн калганга чейин киргизилүүгө тийиш. 

Алдыда боло турган чогулуш жөнүндө банктын бардык акционерлерине билдирүү же мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр тууралу маалымдоо милдеттүү түрдө ишке ашырылууга тийиш. 

Чогулуш өткөрүү жөнүндө маалымдоо жөнөкөй акциялар боюнча бардык төлөмдөрдү төлөгөн бардык акционерлерге, ошондой эле банктын аудиторуна жана адистештирилген каттоочуга жөнөтүлөт. 

2. Ушул Мыйзамга ылайык каттоо күнүнүн датасына карата банктын акционерлеринин тизмесине киргизилген акционерлер жалпы чогулуш боюнча маалыматтарды алууга укуктуу. 

3. Акционерлердин жалпы чогулушу тууралу маалыматтарда чогулуштун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча акционерлерге даярданууга мүмкүнчүлүк берүүчү зарыл материалдар жана/же документтер камтылууга тийиш. 

Жылдык чогулушту өткөрүүдө банктын акционерлерине: 

1) күн тартибинде келтирилген жана чогулуштун кароосуна коюлган маселелер баяндалган маалыматтык отчет, анын ичинде, банктын Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө кандидаттардын иш тажрыйбасына тиешелүү материалдар жана башка материалдар; 

2) банктын финансылык документтери, анын ичинде, банктын жылдык отчету, өткөн финансы жылындагы маалыматтар жана финансылык маалыматтардын жана мурдагы жылга салыштырганда жана алардагы өзгөрүүлөрдүн түшүндүрмөлөрү

3) аудит жүргүзгөн фирма жөнүндөгү маалымат, бүткөрүлгөн иштер боюнча кыскача баяндамалар жана аудитордук фирмага акы төлөөнүн негиздери тууралу маалыматтар берилет. 

4. Ушул статьянын 3-пунктунда келтирилген бардык документтер жалпы чогулушту өткөрүү жөнүндөгү маалымдоо менен кошо акционерлерге жөнөтүлүүгө тийиш. 

 

23-статья. Банктын акционерлеринин чогулушунун кворуму жана добуш берүүлөр 

 

1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу, эгерде ага уставга ылайык банктын жайгаштырылган, добушка укук берген акцияларынын алтымыш процентинен ашыгына ээ болушкан акционерлер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса укукка ээ болгон катары таанылат. 

Кворумга жетишилбей калса банктын Башкармасы бир айлык мөөнөттө банктын акционерлеринин жалпы чогулушун кайталап чакырууга милдеттүү, ал эгерде ага банктын жайгаштырылган, добушка укук берген акцияларынын кырк процентинен ашыгына ээ болушкан акционерлер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, укукка ээ болгон болуп эсептелет. 

2. Банктын акционерлеринин ар бир чогулушу үчүн каттоо күнүн белгилөө зарыл, банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна катышуу үчүн добуш берүүгө укугу бар акция ээлери ага карата багыт алышат. 

Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүгө укугу бар акционерлерди (акционерлердин тизмесин түзүү) каттоо датасы аны өткөрүү жөнүндөгү чечимди кабыл алган күндүн датасынан эрте эмес жана чогулушту өткөрүү датасына чейинки жыйырма күндөн кеч эмес убакытта белгиленүүгө тийиш. 

Банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси банктын акционерлеринин реестриндеги маалыматтардын негизинде түзүлөт. Акционерлердин тизмеси банктын акционерлеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн таанышуусу үчүн жеткиликтүү болууга жана банктын акционерлеринин жалпы чогулушу өткөрүлүүчү жерде болууга тийиш. 

3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүлөр жашыруун жана кат жүзүндө, күн тартибине киргизилген маселелерди камтыган бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. 

Добуш берүүлөр банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодон тышкарыда "бир акция-бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кумулятивдик добуш берүү жолу менен шайланууга тийиш. 

4. Добуштарды эсептөөнүн тактыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо жана банктын акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартибинин жол-жоболорун сактоо үчүн шайлоо боюнча инспектор катары жалпы чогулушту тейлөөчү адистештирилген каттоочу милдеттүү түрдө катышууга тийиш. 

Шайлоо боюнча инспектор жүгүртүүдөгү акциялардын санын жана алардын добуш берүү укугун, кворумдун бардыгын, акционерлердин мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилген ишеним каттардын аныктыгын аныктайт, добуш берүү укугунан улам келип чыккан дооматтарды жана маселелерди чечет, добуш берүүлөрдү эсептөөлөрдүн жүрүшүнө көз салат жана анын жыйынтыгын аныктайт. 

5. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүгө укугу бар ар бир акционер чогулушта өзү добуш бере алат же мыйзамда белгиленген тартипте толтурулган ишеним кат берүү менен добуш берүүчү өкүлүн дайындай алат. Бул ишеним каттарга ошол акционер иштеген же окуган уюм, жашаган жери боюнча турак жай эксплуатациялык уюмдар, ал дарыланып жаткан дарылоо-стационардык мекемелердин администрациялары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар теңештирилет. 

Акционер ага тиешелүү акциялардын бүтүндөй пакетине да анын ар кандай бөлүгүнө да ишеним кат берүүгө укуктуу, ошентип, ишеним кат мыйзамдуу бир өкүлгө да, бир нече өкүлгө да берилиши мүмкүн. 

Акционердин атынан добуш берүүгө катышууга ишеним кат банктын кызмат адамдарына берилбейт. 

6. Добуш берүүгө укугу бар акциялардын жыйырма проценттен ашыгына ээ болгон акционер, акционерлердин тобу же акционерлердин добуш берүүчү өкүлү, добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин берилген добуштарды эсептөөлөрдүн жыйынтыгын текшерүү үчүн бир же бир нече көз каранды эмес адамдардын дайындалышын талап кылууга укуктуу. Эгерде, текшерүүнүн жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөдө үч проценттен ашыкка так эместиги же добуш берүүнүн жыйынтыгы башкача экендиги аныкталса, банк добуш берүү процедурасын текшерүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүүгө тийиш. 

7. Банктын акционерлеринин чогулушунун протоколу жана стенографиялык отчету төрагалык кылган адам, катчы жана шайлоо боюнча инспектор тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

24-статья. Банктын Директорлор кеңеши 

 

1. Банктын ишкерлик активдүүлүгү банктын Директорлор кеңешинин түздөн-түз багыт берүүсү менен жүзөгө ашырылат. Банктын Директорлор кеңеши банкты башкарууга байкоо жүргүзөт, бардык акционерлердин өкүлү катары чыгат жана акционерлердин жылына өткөрүлүп туруучу жалпы чогулушунда алардын алдында отчет берип турат. 

Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү

1) банктын бардык бизнес-стратегияларын, бизнес-пландарын жана маанилүү саясаттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аларды мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу үчүн; 

2) банк дуушар болушу мүмкүн болгон негизги тобокелдиктерди жана ошол тобокелдиктер үчүн алгылыктуу деңгээлдерди аныктоо үчүн; 

3) Банк башкармасынын тобокелдиктерди иликтөө, өлчөө, мониторингдөө жана контролдоо үчүн көрүлгөн иш-аракеттерине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн; 

4) ички контролдун адекваттуу жана натыйжалуу тутумун түзүү жана сактоо үчүн, ошондой эле ички контроль тутумунун натыйжалуулугуна Банк башкармасы тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн; 

5) Банк башкармасы менен бирдикте ички контролдукка өзгөчө маани берген жана персоналдардын бардык деңгээлдерине жайылтылуучу жогорку этикалык жана акыйкат стандарттарды калыптандыруу, колдоо үчүн жана уюмдун ичинде маданиятты белгилөө үчүн. 

Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банк тарабынан жүргүзүлгөн саясат үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

2. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда бир жылдык мөөнөткө шайланышат. Банктын уставы бир эле адам кайталанып шайланган мөөнөттөргө чек коюуга жана белгилүү бир жашка чыккандыгына байланыштуу банктын Директорлор кеңешинин курамынан чыгууга тийиш болгондой талап киргизиши мүмкүн. 

3. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин, анын ичинде, уюштуруучулардын арасынан, ошондой эле экономикалык, финансылык, монетардык же юридикалык маселелер боюнча абройлуулугу белгилүү жана кесиптик тажрыйбасы бар адис-эксперттерден да шайланышы мүмкүн. 

Кыргыз банкынын Банктын башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгилеген талаптарына ылайык банктын Директорлор кеңешинин минимум бир мүчөсү чакырылган адис-эксперт (акционер эмес же уюмдаштыруучу) болушу керек. 

4. Банктын Директорлор кеңеши беш жана андан көп мүчөлөрдөн турууга тийиш. Бир же эки акционери болгон банктын, беш мүчөдөн кем эместен турган Директорлор кеңеши болууга тийиш, анын жетишпеген саны банктын акционерлери тарабынан бир жылдан кем эмес мөөнөткө контракттык негизде жалданат. 

Банктын Директорлор кеңешин банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайлаган банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жетектейт. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы банк Башкармасынын Төрагасы боло албайт. Банк Башкармалыгынын Төрагасы Директорлор кеңешинин заседаниесине кеңеш берүү укугу менен катышууга тийиш. 

5. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына: 

1) банктын стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү

2) банк ишинин бардык түрлөрү боюнча ички саясатты аныктоо жана кабыл алуу; 

3) банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банк Башкармасынын мүчөлөрүн бекитүү же аларды четтетүү

4) ички аудиторду жана ички аудиторго эмгек акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн аныктоону бекитүү

5) банк Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн аныктоо; 

6) банктын уюштуруу структурасын бекитүү

7) (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Законунун редакциясына ылайык алынып салынган) 

8) банктын аткаруу органдарынын жана банктын кызмат адамдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү

9) банктардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же жоюу жөнүндөгү чечим кабыл алуу; 

10) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча натыйжаларды кароо жана чаралар көрүү маселелери боюнча чечимдер кабыл алуу таандык болот. 

Банктын Директорлор кеңешинин гана кызмат укуктарына таандык маселелер алар тарабынан банктын аткаруу органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес. 

6. Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелери айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат. Банктын Директорлор кеңеши заседаниелерди өткөрүүсүз эле чечим кабыл алуу зарыл болгон маселе боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бардыгынан кол чогултуу менен чечим кабыл ала алышат. Мындай жол менен кабыл алынган чечим банктын Директорлор кеңешинин биринчи эле кезектеги заседаниесинде ырасталууга тийиш. 

Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө Кеңештин кароосуна коюлган маселелер боюнча бир гана добушка ээ болот. Бардык чечимдер кворум болгондо банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда банктын Директорлор Кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

Банктын Директорлор кеңешинин заседаниелеринин протоколун жана стенографиялык отчетун Кеңештин катчысы жүргүзөт. Чогулуштун протоколуна төрагалык кылган адам жана чогулуштун катчысы кол коюуга тийиш. 

7. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү кайсы убакта болбосун Кеңештин төрагасына кат жүзүндө арыз берүү менен отставкага кетүүгө укуктуу. Банктын акционерлеринин жылдык чогулушунун аралыгында банктын Директорлор кеңешинде бош орун болуп калса, банктын Директорлор кеңеши көпчүлүк добуш менен ал орунга акционерлердин кийинки чогулушуна чейинки мөөнөткө Кеңештин жаңы мүчөсүн убактылуу тарта алат. 

8. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү

1) республиканын мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларын бузгандыгы үчүн; 

2) алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка укукка жат аракеттер үчүн; 

3) эгерде, аны кызматтан четтетүү банктын жана анын акционерлеринин кызыкчылыгына ылайык келсе ээлеген кызмат ордунан четтетилиши мүмкүн. 

4) банк мыйзамдарын системалуу түрдө (акыркы 12 айда 2 жолудан ашык) бузуулар үчүн, эгерде алар банкка финансылык зыяндарды алып келбесе да; 

5) эгерде, ал ушул Мыйзамдын же Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүү менен жүзөгө ашырылган операциялардын бир жагы болуп саналса. 

8-1. Кайсыл адам болбосун банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт жана ээлеген кызмат абалынан четтетилиши мүмкүн: 

1) эгерде ал Банк башкармасынын мүчөсү болуп саналса; 

2) эгерде ал акыркы 12 айда Кыргыз банкынын көзөмөл органынын мүчөсү болуп саналса же болгон болсо; 

3) мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып салынбаган соттуулукка ээ болсо; 

4) эгерде ал жоюу усулу менен банкроттук жол-жобосуна дуушар болгон юридикалык жактын жетекчиси болуп саналса; 

5) эгерде ал юридикалык жактын башкаруу органынын курамына кирүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик ишин алып баруу укугунан ажыраган болсо; 

6) эгерде ал мамлекеттик кызматкер (мамлекеттик банкты кошпогондо) болуп саналса; 

7) эгерде ал башка банктын акционери болсо. 

8-2. Банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке өзүнүн же банктын айрым катышуучуларынын (уюмдаштыруучуларынын, акционерлеринин) жана кызмат адамдарынын таламдары эмес, банктын кызыкчылыгын жетекчиликке алуулары тийиш. 

Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү көзкарандысыз болууга тийиш. Көзкарандысыз дегендик, бул: 

1) акыркы үч жыл ичинде банктын кызматкери же банк Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналбаган же болбогон жана/же жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын жакын тууганы болуп эсептелбеген жак; 

2) банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбаган жак; 

3) банк жана/же аны менен жалпы кызыкчылыгы бар башка юридикалык жак менен олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери ал адамдын банктын кызыкчылыгы үчүн объективдүү чечим кабыл алууда таасирин тийгизбеген жак. 

Директорлор кенешинин мүчөлөрүнүн көзкарандысыздыгынын белгилери, алардын көзкарандысыздык белгилерине ылайык келүүсү, ошондой эле коммерциялык, ишкердик жана финансылык мамилелердин олуттуулук белгилери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 

9. Банктын Директорлор кеңеши банктын ишкерлик саясатын жүзөгө ашыруу максатында консультациялык кеңештерди, комитеттерди түзө алат. 

10. Ушул статьянын 7, 8-1 жана 8-2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү Кыргыз банкынын же Банк башкармасынын демилгеси боюнча банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз банкынын банкка жазуу жүзүндөгү билдирүүсү берилгенден кийинки кырк күндүн ичинде банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан мындай чечим кабыл алынбаса, Кыргыз банкы банктын лицензиясын кайтарып алууга же анын иш-аракетин токтото турууга укуктуу. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн четтетүү жөнүндө чечим жалпы чогулушта катышып жаткан акционерлердин ачык добуш берүүдөгү көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192 Мыйзамынын, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

24-1-статья. Шарияттык кеңеш 

 

Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банкта Шарияттык кеңеш түзүлүүгө тийиш, ал банктын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шарияттын стандарттарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу болот. 

Шарияттык кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Банкы белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

Банктын Шарияттык кеңеши банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык ишке ашырылуучу банктын бүтүмдөрү (келишимдери) боюнча типтүү контракттарды жактырат. 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

25-статья. Банк Башкармасы 

 

1. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат. Банк Башкармасынын кызмат укуктарына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана банктын Директорлор кеңешинин иш милдеттерине кирбеген бардык маселелер кирет. 

Банк Башкармасынын мүчөлөрү кызматка адегенде уюштуруу келишиминде дайындалат, андан кийин банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү боло алышпайт. Банктын акционер болуп саналгандары сыяктуу эле саналбаган кызматкерлери да Башкарманын мүчөлөрү боло алышат. 

Банк башкармасы төмөндөгүлөргө жоопкерчиликтүү

1) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген бизнес-пландардын (стратегиялардын) жана саясаттардын аткарылышы үчүн; 

2) банктар дуушар болуучу тобокелдиктерди таап, иликтөөчү, өлчөөчү, мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу банктык процесстерди өнүктүрүү жана өз убагында киргизүү үчүн; 

3) банктын органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана өз ара мамилелерин ачык аныктоочу банкты башкаруунун адекваттуу тутумун камсыз кылуу үчүн; 

4) ички контролдуктун адекваттуу саясатын, ошондой эле ички контролдук тутумунун адекваттуулук жана натыйжалуулук мониторингин сатып өткөрүүгө

2. Банктык, финансылык, экономикалык же юридикалык маселелер боюнча кесиптик тажрыйбасы бар адистер банк Башкармасынын мүчөлөрү боло алышат. Банк Башкармасынын кызмат укуктары жана анын аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби банк уставы тарабынан белгиленет. 

3. Банк Башкармасынын курамы үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. Банк Башкармасынын мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аныктаган мөөнөткө шайланат. 

Банк бир акционер тарабынан уюшулса, ошол акционер аткаруу органынын - банк Башкармасынын төрагасы боло албайт. 

Банк Башкармасын банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган жана банктын, анын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын ишин башкарууга жоопкерчиликтүү болгон банк Башкармасынын Төрагасы жетектейт. 

Башкарманын мүчөлөрү банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат. 

4. Банк Башкармасынын заседаниеси банк регламентине ылайык зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. 

Башкарманын заседаниесинин протоколун жана стенографиялык отчетун банк Башкармасынын катчысы жүргүзөт. 

Чогулуштун протоколуна жана заседаниенин стенографиялык отчетуна төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

25-1-статья. Банктын кызмат адамдарынын макулдашуусу 

 

Банктын кызмат адамдары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү. Банктын кызмат адамдары жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте дайындалган адамдар (орун басарларды жана убактылуу милдеттерди аткарып жатышкан адамдарды кошо алганда) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсүнө Кыргыз банкынан милдеттүү түрдө макулдашуудан өтөт. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

25-2-статья. Ички контролдук тутум 

 

1. Банк алдына койгон максаттарына жетишүүдө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон материалдык жана финансылык тобокелдиктерди туруктуу негизде иликтөөгө жана ага убагында баа берип, алдын алууга мүмкүндүк берген ички контролдук тутумуна ээ болууга тийиш. Мындай баа берүү бардык тобокелдиктерди, анын ичинде кредиттик тобокелдикти, проценттик ставканын өзгөрүш тобокелдигин, валюталык тобокелдикти, концентрациялануу тобокелдигин, өтүмдүүлүк тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, аброй тобокелдигин, терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо) схемасына банктарды тартуу тобокелдигин жана башка тобокелдиктерди өзүнө камтууга тийиш. 

2. Ички контролдук тутумунун чегиндеги контролдук иш-аракеттер банктын күндөлүк иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Алар болбоду дегенде, төмөндөгү иш-аракеттерди камтууга тийиш: жетекчиликтин обзорун; бөлүмдөр жана башкармалыктардын деңгээлиндеги контролдук иш-аракеттерди; контролдуктун иш жүзүндө болгондугун; белгиленген лимиттердин ылайык келүүсүн текшерүүнү жана ылайык келбөөчүлүктөргө көз салууну; операцияларды жана бүтүмдөрдү кароо жана санкциялоо тутумун, ылайык келүүчүлүктү текшерүү жана салыштыруу тутумун. 

3. Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттенмелерди бөлүштүрүү тутумуна ээ болууга тийиш. Кызыкчылыктар боюнча потенциалдуу карама-каршылыктардын чөйрөсү аныкталууга, минимумга жеткирилүүгө жана көз карандысыз көз салынууга тийиш. 

4. Банк оперативдик режимде адекваттуу жана такталган толук финансылык жана башка маалыматтарга, ошондой эле банктын жетекчилигинин чечимдерди кабыл алуусуна карата байланышы болгон рыноктук окуялар жана шарттар жөнүндөгү маалыматтарга ээ болууга тийиш. 

5. Банк банктын ишинин бардык маанилүү чөйрөсүн жана операцияларын камтуучу ишенимдүү маалыматтык тутумдарга ээ болууга тийиш. Бул тутумдар электрондук формадагы маалыматтарды камтуу менен ишенимдүү жана тиешелүү инструменттер жана технологиялар менен корголууга тийиш. Алардын ишенимдүүлүгүн мониторингдөө тышкы жана ички аудиторлор тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Банк ички контролдун натыйжалуулугун мониторингдөө боюнча тутумга ээ болууга тийиш. Негизги тобокелдиктерди мониторингдөө банктын күндөлүк ишинин бөлүгү болууга тийиш. 

6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш. 

Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана шектүү бүтүмдөр боюнча контролду күчөтүү максатында, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органдан террордук (экстремисттик) ишке жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө маалыматты алышат. 

7. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын ички контролуна карата талаптарды Кыргыз Банкы тарабынан белгиленет. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 

217, 2009-жылдын 28-марты N 93, 2009-жылдын 26-майындагы N 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

26-статья. Банкты аудитордук текшерүү 

 

1. Банкта компетенциясына, банкты уюштуруунун ички контролунун системасынын адекваттууллугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү жана текшерүү, ошондой эле, бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык банктын аткаруучу кызмат адамдарынын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун сапаты, мыйзамдардын сакталышы жана эсепке алуунун адекваттуулугу жана банктык стандартка ылайык башка маселелер кирген ички аудит жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Ички аудитор Директорлор кеңешине отчет берип турат, аудитти жүргүзүү тартиби жана ага коюлуучу талаптар Директорлор кеңеши тарабынан жана мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын уставы менен аныкталат. 

2. Банк иши жылына тышкы аудитордук уюмдар тарабынан текшерилүүгө тийиш. Банктын аудити Кыргыз банкы тарабынан белгиленген банкты аудитордук текшерүү үчүн эң төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш. 

3. Банкта акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалуучу Директорлор кеңешинин үч көзкарандысыз мүчөсүнөн турган Аудит боюнча комитет болууга тийиш. 

Аудит боюнча комитет банктын Директорлор кеңеши же Аудит боюнча комитеттин эки мүчөсү тарабынан кварталда кеминде бир жолу чакырылууга тийиш. 

Аудит боюнча комитеттин негизги функциялары болуп төмөндөгүлөр саналат: 

1) тиешелүү бухгалтердик жол-жоболорду жана ички контролду түзүүнү жана колдоп турууну камсыз кылуу; 

2) акционерлердин жалпы чогулушунун тышкы аудиторлорду дайындоо маселеси боюнча жолдомолорун иштеп чыгуу, жана зарылчылыкка жараша, банкты атайын аудитордук текшерүүгө демилге көтөрүү, Комитетке көмөк көрсөтүү үчүн банктын эсебинен эксперттерди тартуу; 

3) мыйзамдардын, алардын ичинде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана ушул маселе боюнча банктын Директорлор кеңешине отчет берүү

4) ушул Мыйзамда каралган банктык холдингдик компаниялардын Аудит 

боюнча Комитетинин функцияларын жүзөгө ашыруу. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192 Мыйзамынын, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

27-статья. Кызыкчылыктардын каршылаштыктары 

 

1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү

1) өз милдеттерин аткарууда банкка берилгендигин сактоого жана биринчи кезекте банктын гана кызыкчылыгын коргоого, алгылыктуу жана таза банктык тажрыйбаны жүргүзүүгө жана аны камсыздоого бардык күч-аракеттерди жумшоосу керек; 

2) башка бир атаандаш кредиттик-финансылык уюмуна Башкармасынын мүчөсү же жетекчи кызмат адамы катары катыша албайт; 

3) мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары боло алышпайт. Ушул пунктчада келтирилген талап мамлекеттик банктардын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө таратылбайт. 

2. Банк Башкармасынын мүчөлөрү

1) өз милдеттерин аткарууда биринчи кезекте банктын гана кызыкчылыгын көздөө менен алгылыктуу жана таза банктык тажрыйбаны жүргүзүүгө жана камсыздоого милдеттүү

2) башка атаандаш болгон кредиттик-финансы уюмуна Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөсү же жетекчи кызмат адамы катары катыша албайт. 

3. Банк менен банктын ушул статьяда көрсөтүлгөн инсайдерлеринин ортосунда түзүлгөн ар кандай бүтүмдөр банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү өзүнүн жеке (түздөн-түз же кыйыр түрдө) кызыкчылыгы бар маселелер боюнча талкуулоолорго жана добуш берүүгө катыша албайт. 

Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөсү жеке кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди талкуулоого жана ал боюнча добуш берүүгө (тике же кыйыр түрдө) катышпайт жана анын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди талкуулоо учурунда заседаниеден (чогулуштан) чыгып кетүүгө тийиш. 

4. Эгерде, кызыкчылыктардын каршылаштыгы келип чыккан учурда, банктын Директорлор кеңеши көтөрүлгөн маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартат же чечим кабыл ала албайт, банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен бул маселени банктын акционерлеринин жылдык же кезексиз чогулушунун кароосуна берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

5. Банк менен келишилген бүтүмдө же болжолдонуп жаткан бүтүмдө тарап катары чыккан Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөсү келишилип жаткан бүтүмдөгү анын кызыкчылыгынын деңгээли жана/же конкреттүү жак менен канчалык деңгээлде өз ара мамиледе экендиги жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө банкка толук ачып көрсөтүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөсү бул маалыматтарды мына ушундай бүтүмдөр келишилгендиги же ал болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө аларга маалым болгондон кийин дароо эле ачып берүүгө тийиш. 

Эгерде бүтүм келишими Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөлөрү же алар менен байланыштуу башка жактар үчүн мүлктүк же финансылык, же башка пайда көрүү жагын билдирсе, маалыматтарды ачып берүү жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөсү таламдар боюнча пикир келишпестиктердин келип чыгышына түрткү берген фактыларды ачып көрсөтүүгө көмөктөшүүгө тийиш. 

6. Директорлор кеңешинин же Банк башкармасынын мүчөсү жылына кеминде бир жолу Директорлор кеңешине же Банк башкармасына өздөрүнүн коммерциялык, ишкердик же башка материалдык кызыкчылыктарына (жеке кызыкчылыктарына) тиешелүү маалыматтарды берип турууга тийиш. 

7. Банктын кызмат адамдары өздөрү иштеген банктын алдында камкордук көрүү милдеттенмесин аркалашат, банктын жана анын кардарларынын кызыкчылыктарын өздөрүнүн акчалай жана башка материалдык кызыкчылыгынан жогору коюуга тийиш жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнүп берилген эмгек акыдан жана башка сый акылардан тышкары ээлеген кызмат ордунан же банктын жана анын кардарларынын эсебинен көрүлгөн иш-аракеттеринен пайда ала алышпайт. 

8. Банктын акционерлери, кызмат адамдары банктарга же алар менен жалпы кызыкчылыгы бар жактарга кредиттерди, гарантияларды берүүгө түрткү берген аракеттерди же депозиттер боюнча төлөнүүчү жогорулатылган проценттик ставкаларды белгилөөнү, эгерде алар банк менен жалпы кызыкчылыгы бар кардарлар үчүн көрсөтүлгөн кызматтарга салыштырганда бир кыйла пайдалуу шарттарда белгиленген болсо, кандайдыр бир пайда көрүү жагын көздөгөн башка аракеттерди жүзөгө ашырууну кошо алганда, банктын кардарларынын таламдарына кесепетин тийгизген аракеттерди жасоого тийиш эмес. Бул тыюу салуу өзүнө качан, бул адамдарга (карыз алуучуларга) түздөн-түз байланыштуу болгон тобокелдиктерден улам, кредиттер адатта берилбей келген адамдарга кредит берилип калган учурларды өзүнө камтыйт. 

9. Качан банктын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин таламдары банктын кардарларынын алдындагы милдеттенмелери менен каршы келген же банктын бир кардарынын алдындагы милдеттенмеси банктын башка кардарларынын алдындагы милдеттенмелери менен каршы келип калган учурда, банк мындай абалдын пайда болушун четтетүү максатында алгылыктуу ички механизмдерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарлардын таламдарына банктын ишинен, ошондой эле үчүнчү жактын аракетинен улам келип чыккан потенциалдуу коркунуч жөнүндө банк өзүнүн кардарларына күн мурунтан билдирүүгө тийиш. 

10. Ушул статьянын жоболорун бузууга жол берилген учурларда: 

1) сот бүтүмдү банктын, банктын акционеринин же Кыргыз банкынын билдирүүсүнүн негизинде жараксыз деп таанышы мүмкүн; 

2) Кыргыз банкы банктын кызмат адамын кызматын аткаруудан убактылуу четтетүүгө же аны кызматтан алуу талабын коюуга укуктуу; 

3) Кыргыз банкы банк мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

28-статья. Банктын акциялары 

 

1. Банк акцияларды эмиссиялоону республиканын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

Акцияларды эмиссиялоонун ар биринен кийин, банк өз каттоочусунан жүгүртүүгө чыгарылган акциялары үчүн акы төлөнгөн учурдан тартып үч күндүн ичинде, бардык акционерлерге, анын ичинде, жаңыларга да эмиссиядан улам акциялардын санынын көбөйгөндүгү же алардын номиналдык наркын көтөрүү тууралу маалыматтар берүүсүн жана акцияларды ээлөө укуктарын ырастоону талап кылууга милдеттүү

Акциялар боюнча ар бир сертификаттагы же көчүрмөдөгү кол тамгалар факсимилдүү болушу мүмкүн. 

2. Акциялардын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт. 

Банктын уставында банктын кызматкерлеринин банктык акцияларын сатып алуусуна чек коюулар каралышы мүмкүн. 

Эгерде акцияларды сатып алуу, өткөрүп берүү, ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөр он жана андан көп пайыздан ашса, каттоочу акцияны сатып 

алуучу жактан Кыргыз банкынын уруксатын талап кылууга милдеттүү

3. Банктын акциясы бөлүнбөйт. Бир эле акция бир нече акционерге таандык болгон учурларда, ошол акционерлердин бардыгы банк тарабынан бир акционер катары таанылат жана алардын укуктары алардын бирөөсү же жалпы өкүлү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

4. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар болушу мүмкүн. Банк энчилүү гана акцияларды чыгарышы мүмкүн. 

5. Банк акционерлерге жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө тууралу гарантия берүүгө тийиш эмес. 

Банктын стабилдүүлүгүнө, ошондой эле кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгына коркунуч туулган учурда, Кыргыз банкы; 

1) эгерде, ал Кыргыз банкы тарабынан белгиленген экономикалык нормативдерди бузууларга алып келсе; 

2) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3) эгерде, банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти, ошол банк үчүн Кыргыз банкы белгилеген эң төмөнкү чектен төмөн болсо; 

4) эгерде, ал мүмкүн болуучу кредиттик, лизингдик жоготууларды жана чыгашаларды жабууга каралган резервдерге тиешелүү чегерүүлөрдүн көлөмүн кыскартууга алып келсе; 

5) эгерде, банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын өлчөмү нөлгө барабар же нөлдөн төмөн болуп калса; 

6) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

7) эгерде, банк үстүдөгү жылдын өткөн мезгилинде, отчеттук жылда жана/ же отчеттук жылдан мурдагы жылда чыгым тартса; 

8) эгерде банктын финансылык абалы начарласа. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

29-статья. Банктын акционерлеринин реестри 

 

1. Банк же республиканын мыйзамдарына ылайык мына ушул ишти жүргүзүүгө укуктуу адистештирилген юридикалык жак (мындан ары - каттоочу) тарабынан банктын акционерлеринин реестри жүргүзүлөт, анда жыйынтыгында бир акционерге тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын эсептөөнү, ошондой эле, жаңы акционерлердин катталышын көрсөткөн баалуу кагаздардын санынын өзгөрүшүнө алып келчү бүтүмдөр жөнүндөгү жазуулар камтылат. 

2. Акционерлердин реестри кагаз жүзүндө, ошондой эле, компьютердин же башка техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Биринчи эмиссия учурунан тартып каттоочу банктын акциялары менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде ошол бүтүмдөр боюнча зарыл документтерди алууга жана дайыма сактоого милдеттүү. Бул маалыматтар кагаз жүзүндө же сактоого ылайыктуу болгон башка түрлөрдө берилиши мүмкүн. Эгерде, маалымат компьютерге киргизилсе, кагаз жүзүндө, диска же микрофильмдер түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кайталоочу системанын жардамы аркылуу аны толугу менен калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

Банктын акционерлеринин реестринин түп нускасы эки кызмат адамынын колу коюлган жана реестрди жүргүзүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз бетиндеги жазуулар болуп саналат. 

Банктын акционерлеринин расмий реестри банк же адистештирилген каттоочу кагаз жүзүндө, компьютерге жазуу түрүндө же башка техникалык каражаттардын жардамы менен сактаган маалыматтардын негизинде түзүлгөн, ошол банктын акционерлеринин тизмеси болуп саналат. 

3. Акционерлердин реестрине ар бир энчилүү акциялар жөнүндөгү маалыматтар, акцияны алган күндүн датасы, ошондой эле, реквизиттерин көрсөтүү менен ар бир акционерлердин мына ушундай акцияларынын саны (акционерлер-юридикалык жактар үчүн жайгашкан жери жана катталуу номери, жеке адамдар-акционерлер үчүн алардын ким экендигин далилдеген документтер жана жашаган жеринин дареги), ошондой эле мыйзамдарга ылайык жана башка маалыматтар катталат. 

Банктын акционерлеринин реестринде баалуу кагаздар жөнүндөгү республикалык мыйзамдарда каралган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн. 

4. Банк кошумча эмиссия учурларында акционерлердин санына же өз баалуу кагаздарын фондулук биржада жайгаштыргандыгына карабай, ошондой эле, мыйзамдарга белгиленген жана башка учурларда адистешкен каттоочу менен келишим түзүүгө милдеттүү

Адистешкен каттоочу банкка акционерлердин реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралу, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө, бирок, айына бир жолудан кем эмес билдирип турууга милдеттүү

5. Банктын акционери акцияларга ээ болуу укугун өткөрүп берүүгө байланышкан өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга маалымдап турууга милдеттүү

Жаңы акционерлерди каттоо же акцияларга ээ болуу укугунун бир акционерден экинчисине берилишин каттоо, акцияны алып жаткан жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан, натыйжада банктын акцияларынын бардыгын же анын бир бөлүгүн ажыратып алууга же өткөрүп берүүгө алып келүүчү бүтүм жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (документтерди) каттоочуга берилгенден кийин гана жүргүзүлөт. Берилген маалымат өзүнүн түрү жана маңызы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Эгерде, банктын реестрине кардардын атынан банк, брокер же депозитарий тарабынан жасалган бүтүмдөрдү каттоо зарыл болсо, банк, брокер же депозитарий бүтүм түзгөн учурдан тартып үч жумушчу күнүнүн ичинде каттоочуга бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча документтерди берүүгө милдеттүү

Каттоочу бүтүм боюнча документтерди алууга, анын аныктыгын текшерүүгө жана мыйзамдардын талабына ылайык тиешелүү документтерди алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны реестрге каттоого тийиш. 

6. Эгерде, банктын акциялары күрөөгө коюлса акциялардын ээси да, күрөө кармап туруучу да каттоочуга добуш берүү укугун көрсөтүү менен акциялардын күрөөгө коюлгандыгын банктын акционерлеринин реестрине жазуу өтүнүчү менен кайрылууга тийиш. 

Каттоочу акциялардын күрөөгө коюлушунун келип чыгышы же токтотулушу же күрөөнүн предмети болуп саналган акциялардын санынын өзгөрүшү тууралу мыйзамдардын талаптарына ылайык зарыл маалыматтарды (документтерди) алган учурдан тартып үч күндөн кечиктирбестен банктын акционерлеринин реестрине жазууга тийиш. 

7. Эгерде, акционер акционерлердин реестрине катталышы зарыл болгон өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга убагында билдирбесе, анда банк ал үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

8. Акционерлердин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, банктын же анын расмий өкүлүнүн талабы боюнча каттоочу аны алган учурдан тартып беш жумушчу күнүнүн ичинде банктын тигил же бул акционерине тиешелүү акциялардын санын, ошондой эле, эгерде бул зарыл болсо мына ушул акциялар менен мурда жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен реестрдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү

Ушул пункттун талабына ылайык каттоочу тарабынан берилген документ баалуу кагаз болуп саналбайт жана акционерге берүү учурунда гана ага карата укукту далилдөө кагазы катары колдонулат. 

Акционерлердин реестринен кайсы маалымат болбосун каттоочу тарабынан Кыргыз банкынын талабы боюнча берилүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

30-статья. Акцияларды берүүнүн эрежелери 

 

1. Банктын акциялары алардын ээсинин менчиги болуп саналат жана республиканын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн. 

Банк мыйзамдарга каршы келбеген эрежелерди жана талаптарды ошондой эле, ошол банк тарабынан чыгарылган акцияларды жайгаштыруунун тартибине тиешелүү мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду белгилөөгө укуктуу. 

2. Акцияларды өткөрүп берүүгө чектөөлөргө мыйзамдарда каралган учурларда жол берилет. 

Кыргыз банкы банктын акцияларынын контролдук пакетин өткөрүп берүү боюнча чектөөлөрдү белгилей алат. 

Акцияларды берүүгө чектөөлөр акциялардын сертификатында же банктын акционерине берилүүчү көчүрмөдө чагылдырылууга тийиш. 

3. Банктын акцияларынын он же андан ашык процентин күрөөгө коюуда бүтүм жүргүзүүнүн болжолдуу белгиленген датасына чейин отуз күн калганда Кыргыз банкынын алдын ала макулдугун алуу зарыл. 

Банктын күрөөгө коюлган акцияларынан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө, ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, Кыргыз банкынын макулдугусуз жол берилбейт. Кыргыз банкынын макулдугусуз күрөөгө коюлган акциялардан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө байланыштуу банктын күрөөгө коюлган акцияларын ажыратып алуу боюнча бүтүмдөр аны жүзөгө ашырган учурдан тартып жетишсиз делип саналат. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

IV бөлүм. 

Банк ишин жүзөгө ашыруу 

 

31-статья. Банк ишин уюштуруу 

 

1. Банк ушул Мыйзамга, республиканын мыйзамдарына, ошондой эле, өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык ага тиешелүү болгон акча каражаттарына, имараттарга, курулуштарга, башка материалдык жана материалдык эмес каражаттарга ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескей алат. 

2. Банкка: 

1) лицензияда белгиленген; 

2) ушул Мыйзамга ылайык уруксат берилген; 

3) республиканын мыйзамдарына ылайык банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгондон тышкары иштердин бардык түрлөрү боюнча өз алдынча иш жүргүзүүгө тыюу салынат. 

3. Банк төмөндөгүдөй шарттар сакталганда, коммерциялык же башка банктык эмес уюмдарда жана финансы мекемелеринде өз каражаты менен катыша алат: 

1) 1) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын, кандай болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алгандагы өлчөмү банктын капиталынын жыйырма пайызынан азын түзүүгө тийиш. Ал эми, ушундай инвестициялардын жалпы өлчөмү ушул Мыйзамдын 11-статьясында аныкталгандай банк капиталынын алтымыш пайызынан ашпайт; 

2) эгерде, лицензия банкка банк эмес уюмдардын акциялары менен соода жүргүзүүгө жол бербесе, катышуу банк эмес уюмдун акциялары менен активдүү соода жүргүзүү максатында эмес, узак мөөнөткө инвестициялоо катары каралат. 

Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын коммерциялык жана башка банктык эмес уюмдарга инвестиция салуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Банкы белгилейт. 

Кыргыз банкы ушул пунктту чечмелөөчү жана аны өнүктүрүп толуктаган нормативдик актыларды чыгара алат. 

3-1. Кыргыз банкы баалуу кагаздарды жигердүү сатуу максатында банк көрүп жаткан инвестициялоо жагынан ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу. 

4. Банктарга "кумар оюну" сыяктуу иш түрлөрүнө, анын ичинде банк имараттарында акча-лотереяларын ойнотууну өткөрүү же аларды жарыялоолорду кошо алганда, акча-буюм лотереяларын ойнотууну уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга тыюу салынат. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 88, 2009-жылдын 28-марты N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

32-статья. Банктын мүлкү 

 

1. Банк төмөндөгү учурларда: 

- эгерде, ал банк иши үчүн зарыл болсо; 

- эгерде, ал берилген ипотекалык жана ошондой кредиттердин кайтарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болсо; 

- кыймылсыз мүлк мурда берилген кредиттерди төлөө максатында сатып алуу, өткөрүп берүү, алып коюу же башка жолдор аркылуу алынса мүлктү сатып алышы, өткөрүп бериши, кармап турушу, ижарага алышы, алып коюшу мүмкүн. 

2. Банк каражаттарды, анын ичинде сатып алуу жолу менен, банктык жайларга Кыргыз банкынын ченемдик актыларына ылайык аныкталган капиталдын өлчөмүндө инвестициялай алат. 

Банк жай деп банкка таандык болгон же финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катарында пайдаланылып жаткан/пайдаланыла турган кыймылсыз мүлк (анын ичинде курулуп/орнотулуп жаткан кыймылсыз мүлктү кошо алганда) түшүнүлөт. 

Бул пунктта инвестициялоо деп менчикти (аңын ичинде ижарага алынган) ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар жана банктын жайына ээлик кылган ишкананын акцияларына же облигацияларына же болбосо башка ушундай карыз милдеттенмелерине кандай болбосун салымдар жана ушундай ишканалар тарабынан берилген жана/же алардын акциялары менен камсыз кылынган бардык кредиттер түшүнүлөт. 

3. Мурда берилген кредиттерди камсыздоо катары сатып алуу, алып коюу жана өткөрүп берүүдөн улам банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлктү, эгер мыйзамда башкача белгиленбесе банк үч жылдан ашыкка кармап тура албайт. 

4. Кыргыз банкы эсепке алуу, аларды кармап туруунун мөөнөттөрү, баа берүү стандарттары маселелери жана банк ишинде пайдаланылуучу жана пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө байланышкан башка маселелер боюнча нормативдик актылар чыгарууга укуктуу. 

5. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын мүлктү сатып алуусунун, ээлик кылуусунун, өткөрүп берүүсүнүн, кармоосунун, ижарага алуусунун, башкага берүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Банкы тарабынан аныкталат. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 88, 2009-жылдын 28-марты N 93, 

2009-жылдын 26-майындагы N 172 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

33-статья. Банк иш-аракеттери 

 

1. Банк лицензияда атайын белгилөө менен банк иш-аракеттеринин төмөндөгүдөй түрлөрүн: 

1) аманатчылар менен макулдашылган шарттарда депозиттерди өз атынан тартууну; 

2) өз каражаттарын же тартылган каражаттарды карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда өз атынан жайгаштырууну; 

3) жеке жана юридикалык жактардын эсептерин Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ачууну жана алып барууну; 

4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну жана аларды кассалык тейлөөнү

5) кредиттик жана төлөө карточкаларын кошуп алганда, төлөө документтерин (чектер, аккредиттивдер, векселдер жана башка документтер) чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана ырастоону; 

6) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алууну жана сатууну жана жөнөкөй жана которулма векселдерди эсепке алууну (форфатирлөө); 

7) Кыргыз банкы тарабынан тиешелүү нормативдик актыларда аныкталган шарттарда карыздык баалуу кагаздарды берүүнү

8) финансы лизинги боюнча иштерди жүзөгө ашырууну; 

9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

10) банктык гарантияларды берүүнү жүзөгө ашыра алат. 

1-1. Тийиштүү лицензиясы бар болсо, Кыргыз Банкы тарабынан белгиленген тартипте банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды банк көрсөтө алат. 

Кыргыз Банкы эл аралык практикага жараша банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү операциялардын чектелүү тизмегин, ошондой эле типтүү контракттарды (келишимдерди) бекитүүгө укуктуу. 

Банктык операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүү үчүн лицензия алуунун тартиби Кыргыз Банкынын нормативдик актылары менен аныкталат. 

2. Ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген банк иштеринен тышкары банк төмөндөгүдөй бүтүмдөрдү

1) үчүнчү жактар үчүн кепилдик кагазын жана башка милдеттенмелерди берүүнү

2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарылышын талап кылуу укугуна ээ болууну; 

3) мыйзамдарга ылайык мындай ишке лицензиясы болсо, кардардын нускамалары боюнча аракеттенүү менен брокердик кызматтарды, анын ичинде кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 

4) мыйзамдарда каралган лицензиясы болсо, жеке адамдар же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишенимдүү башкарууну (траст); 

5) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга валюталарын, документтерин жана баалуулуктарын сактоосу үчүн атайы жайларды же аларда жайгашкан сейфтерди ижарага берүүнү

6) банктын алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн карыз алуучулардын күрөөгө коюлган мүлкүн алууну жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул иштер соода-сатык иштери болуп эсептелбейт; 

7) мыйзамдарга ылайык тиешелүү уруксатты (лицензияны) алуунун шартында өз атынан баалуу кагаздарды чыгарууну; 

8) банк ишине байланышкан анын ичинде, банкты башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. 

3. Кошумча лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү

1) ушул статьянын 1-пунктунда келтирилген иш-аракеттерди, анын ичинде, кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча иштерди кошуп алганда, чет өлкө валютасындагы иш-аракеттердин бардыгын же алардын кээ бирин; 

2) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну; 

3) баалуу металлдар менен иш алып барууну жүргүзүүнү (банктык күмүш, алтын, платина жана жогорку сапаттагы ушул металлдардан жасалган монеталар гана) жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

4. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипке жана чектөөлөргө ылайык, ошондой эле, тиешелүү лицензиясы болгон учурда банктар төмөндөгүлөрдү

1) өз атынан банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 

2) башка компаниянын тапшыруусу боюнча жана анын атынан баалуу кагаздарды чыгарууну; 

3) туунду финансы каражаттары (деривативдер) менен иш-аракеттерди аткарууну; 

4) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

34-статья. Чындыкка жатпаган жарнамаларга тыюу салуу 

 

1. Эгерде, жарнама банк ишинин чыныгы абалын чагылдырбаса, банкка өз иши тууралу жарнамалоого тыюу салынат. 

2. Кыргыз банкы жарнамалардын, маалыматтардын мазмуну же аталыштары аманатчыларды жана башка адамдарды адаштырып же алданып калууларына алып келиши мүмкүн болсо, ар кандай банктан банктын иши тууралу жарнаманы жана маалыматты өзгөртүүнү же алып салууну же банктын аталышын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу. 

3. Кыргыз банкынын ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптары белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Кыргыз банкы жарнаманын чындыкка ылайык эместиги тууралу маалыматты ошол банктын эсебинен жарыялоого укуктуу. 

4. Банктын иши жөнүндөгү чындыкка жатпаган маалыматтарды атайын басма сөзгө бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтер келип чыгат. 

 

35-статья. Кредиттерди берүү 

 

1. Банктын кредиттик иштери банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички кредит саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Банктын Директорлор кеңеши кредиттик саясаттын жана кредиттик стратегиянын адекваттуулугуна мезгил-мезгили менен иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле бизнес боюнча өзүнүн максатына жетүү үчүн банк өзүнө алган тобокелдиктердин болжолдуу деңгээлин аныктоого жана бул тобокелдиктер алгылыктуу маанидеги чекте экендигин көрсөтүүгө тийиш. Кредиттик стратегия банк тарабынан кредит жибере турган экономиканын негизги секторлору, негизги жана потенциалдуу карыз алуучулар, кредиттердин мөөнөттөрү, алар кайсы валютада берилип жаткандыгы, карыз алуучунун жайгашкан орду, кредиттер боюнча кайтарымдуулуктун күтүлүүдөгү деңгээли жана кирешелүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чагылдырууга тийиш. 

Банк башкармасы банктын кредиттик саясатынын жана кредиттик стратегиясынын аткарышылы үчүн жоопкерчиликте болот, ал үчүн банктын ишинде кредиттик тобокелдиктерди иликтөө алардын деңгээлине баа берүү, мониторингдөө жана контролдоо саясаттарын, жол-жобосун иштеп чыгууга жана иш жүзүндө колдонууга милдеттүү. Иштелип чыккан мындай саясаттар жана жол-жоболор банк ишинин бардык жагында конкреттүү кредиттердеги жана банктын салым портфелиндеги кредиттик тобокелдиктерди камтууга тийиш. Банк банктын бардык банктык продуктуларында, операцияларында жана ишинде көрүнгөн кредиттик тобокелдиктерди тескөөгө (башкарууга) тийиш. Банк жаңы продуктулардын рыногуна кирүүдөн мурда же алар боюнча тобокелдикти өзүнө алууга чейин ошол жаңы бардык продуктулар боюнча тобокелдиктер иликтенгендиги, баа берилгендиги жана контролдукта экендигине ишенимде болууга тийиш. Бул ошондой эле, Директорлор кеңешинде же ушул чечимдерди кабыл алуу анын функциясына кирген банктын тиешелүү органында алдын ала тастыкталууга тийиш. 

2. Ички кредит саясатын жүзөгө ашыруучу орган болуп, банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган кредиттик комитет саналат. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди берүү жана башка менен байланышкан бардык маселелер кредиттик комитет тарабынан же ошол комитет укук берген жактар тарабынан гана чечилет. Комитет ошондой эле, кредиттерди берүү боюнча укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да карайт. Банк башкармасы өзгөчө учурларда кредиттик комитеттин 

чечимдерин кайра кароого же бузуп салууга укуктуу. 

Банк банктын туруктуу абалын камсыз кылуучу критерийлердин негизинде кредиттерди берүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. Бул критерийлер карыз алуу өтүнүчү менен кайрылган карыз алуучунун финансылык абалын, анын ишин, ошондой эле кредиттик салымдын максаттарын жана түзүмүн, кредитти кайтарып берүүнүн булактарын кылдат карап чыгуу боюнча талаптарды камтууга тийиш. 

3. Кредиттерди берүүгө укуктар кызмат адамдарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш жана бул адамдар кредиттөөдө жол берилген укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

Банк жеке карыз алуучулар, тармактар, байланыштуу жактардын топтору, кредиттик салымдардын ар кандай түрлөрү боюнча, алардын кайсы түрдө берилгендигине, юридикалык жактан жол-жоболоштурулганына же финансылык инструменттердин кайсы түрлөрү болбосун бергендигине көз карандысыз өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин алып жүргөн бардык кредиттик алмаштыруучулар жана активдик салымдардын бардык түрлөрүн кошуу менен так кредиттик лимиттерди белгилөөгө тийиш. 

4. Ушул статьяда каралган нормалар банктын гарантиялык милдеттенмелерине (баланстан тышкаркы), ошондой эле, маңызы боюнча кредит берүү катары саналган башка иш-аракеттерге да тиешелүү болот жана алардын кайсы түрдө берилгендигине, юридикалык жактан жол-жоболоштурулганына же активдүү финансылык инструменттердин кайсы түрлөрү болбосун берилгендигине көз карандысыз өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин алып жүргөн. 

5. Банк мезгил-мезгили менен өзүнүн кредиттик капчыгын жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кошо башка активдерин классификациялоону жүргүзүп турууга жана Кыргыз банкы тарабынан кабыл алынган нормативдик актыларга ылайык банктын чыгымына таандык кылынуучу мүмкүн болуучу жоготууларды жабууга каралган резервдерге зарыл каражаттарды бөлүп турууга милдеттүү

6. Кредитти камсыздоо катары күрөө, гарантия, кепилдик, ар түрдүү финансылык инструменттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредит келишиминде каралган башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. 

Банк өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга же аларды гарантияга коюуга кредиттер бере албайт. 

7. Банк карыз алуучуга тиешелүү бардык негизги маалыматтарды, алынган кредит жөнүндө маалыматты жана башка карызга берилген каражаттарга жана карыз алуучуга байланышкан башка кабарларды камтыган кредиттик ишти түзүүгө жана жүргүзүүгө милдеттүү

8. Кредиттерди берүүдө банк карыз алуучунун кредиттик ишин иликтеп чыгууга милдеттүү жана анын төлөөгө жөндөмдүү экендигин ырастаган отчетторду, баланстарды жана башка документтерди талап кылууга, ошондой эле берилген маалыматтардын аныктыгын ырастоо максатында башка аракеттерди жасоого милдеттүү 

Карыз алуучу Республиканын мыйзамдарына ылайык банкка берилүүчү маалыматтын жана отчеттун толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

9. Банк кредиттик жоготуулар боюнча түзүлгөн резервдердин адекваттуулугун аныктоону кошуп алганда, ар бир кредиттин абалын жана сапатын туруктуу мониторингдөө үчүн, ошондой эле өзүнө кредиттик жоготууларды камтыган банктык салымдардын портфелин дайыма администрациялоо үчүн тутумга ээ болууга тийиш. 

Банк кредиттик тобокелдиктерди тескөөдө тобокелдиктердин ички кредиттик рейтинг тутумун иштеп чыгууга жана колдонууга тийиш. Тобокелдиктердин ички кредиттик рейтинг тутуму банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин табиятына, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш. 

Банк анын бардык баланстык жана баланстан тышкаркы операцияларына (иштерине) мүнөздүү болгон кредиттик тобокелдиктерге баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык тутумдарга жана талдоо техникасына ээ болууга тийиш. Бул тутумдар банкка тобокелдиктердин кайсы гана болбосун концентрациялануусун кошуп алганда, кредит портфелинин жана бардык салым портфелинин курамы жана абалы жөнүндө адекваттуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүшү зарыл. 

Кредиттерге, кредиттик портфелге жана салым портфелине баа берүүдө банк экономикалык шарттардын келечектеги потенциалдуу өзгөрүшүн эске алууга тийиш, ошондуктан ал кредиттик тобокелдиктердин деңгээлине кооптуулук өңүтүнөн баа бериши зарыл. 

10. Банктын проблемалуу кредиттерди жана пландаштырылбаган абалда башкаруу үчүн тутуму болууга тийиш. 

11. Банк көзкарандысыз кредиттик текшерүүнүн туруктуу аракеттенген тутумун түзүүгө жана аныктоого тийиш. Мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы түздөн-түз банктын Директорлор кеңешине жана Башкармалыгына берилүүгө тийиш. Банк, эгерде ушул Мыйзамда, Кыргыз банкынын ченемдик актыларында жана банктын ички чектөөлөрүндө белгиленген кредиттөө чектерин бузууга жол берген болсо, кредиттерди (бардык кредитти алмаштыруучуларды же өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган финансылык инструменттердин бардык түрүн) берүүгө укуксуз. 

Банк нормативдерде жана ички лимиттерде белгиленген чекте кармап туруу максатында кредиттик тобокелдиктерге контролдук кылуунун жөнгө салынган функциясына ээ болууга тийиш. Бардык потенциалдуу мыйзам бузууларга жол берүү, саясаттардан, процедуралардан жана ички лимиттерден четтөөлөр тууралу өз учурунда алар боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү максатында банктын жектечилерине билдирилүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

35-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу 

 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операция жүргүзүүчү банктын каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) түрлөрү Шариаттык кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген типтүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

36-статья. Проценттик ставкалар жана комиссиялык акынын өлчөмү 

 

1. Проценттердин ставкалары жана комиссиялык акы ошондой эле, көрсөтүлгөн банктык кызматтар үчүн тарифтер банк тарабынан өз алдынча белгиленет. 

Банктык кызмат көрсөтүү үчүн пайыздардын, комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин ставкаларынын деңгээли жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана алар коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Ишенимдүү, жылдык, натыйжалуу салыштырылуучу эсептөөдө пайыздардын жана комиссиялык сыйакылардын ставкалары банк жана кардар түзүүчү эки тараптуу келишимдерде, ошондой Эле банктык кызмат көрсөтүү үчүн пайыздык ставкалардын жана комиссиялык сыйакылардын деңгээли жөнүндөгү маалыматты жарыялоо жака таратуу учурунда көрсөтүлүүгө тийиш. 

Көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда Кыргыз банкы банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

2. Банк кардарлар менен макулдашуунун негизинде экономикада түзүлүп жаткан абалды эске алуу менен депозиттер жана кредиттер боюнча проценттик ставкалардын өлчөмүн мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыга алат. Бул шарт банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде бекемделүүгө тийиш. 

3. Банк тутумунда монополияга жол бербөө, ошондой эле банктар тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз банкы ченемдик укуктук актыларды чыгара алат жана/же банктар үчүн ушул статьянын 1 жана 2-пункттары боюнча чектөөлөрдү белгилей алат. 

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

36-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери 

 

Кыргыз Республикасында салттуу банк иши жана кредиттөө менен катар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери да колдонулат. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү тартибин Кыргыз Банкы белгилейт. 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

36-2-статья. Сый акылар жана ушул сыяктуу төлөөлөр 

 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операция жүргүзүүчү банк кардарларга тиешелүү сый акылардын жана ушул сыяктуу төлөөлөрдүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин өз алдынча белгилөөгө укуктуу. 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

37-статья. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча чектөөлөр 

 

1. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

2. Банк өз инсайдерлерин (ички жактарды) кредиттөөгө укугу жок: 

1) акыркы отчеттук күнгө карата утурумдук чыгымдарга жол берилсе; 

2) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

3) эгерде банк тарабынан бир инсайдерге берилген бардык кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын өлчөмү Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталган банктын суммардык капиталынан пайыз түрүндө белгиленген чектен ашып кеткен болсо; 

4) эгерде банктын инсайдерлерине берилген бардык кредиттердин жана аны алмаштыруучулардын жалпы суммасы Кыргыз банкы тарабынан белгиленген өлчөмүнөн ашып кетсе. 

2-1. Эгерде бул учурда калыстык принцибинин талаптарын бузууга жол берилсе, банк инсайдерлерди жана аффилирленген жактарды кредиттөөгө укуксуз. Калыстык принциби банк менен жалпы кызыкчылыгы жок заемщиктерге жана банктын олуттуу катышуучуларына кредиттерди берүү шарттарынан айрымаланган бир кыйла ыңгайлуу шарттарда инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга банктын кредиттерди берүүгө укугу жоктугун тастыктайт. Кыргыз банкы ушул статьянын талаптарына ылайык, байланышы бар жактар үчүн объективдүүлүк принциптин талабын белгилеши мүмкүн. 

3. Банк жана анын туунду компаниялары, эгерде алар жалпы өлчөм боюнча талаптарды кошо алганда, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп беришсе, аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алышат. 

Аффилирленген жактарга берилген ар бир кредит, гарантия, ошондой эле, банк же анын туунду компаниялары тарабынан аффилирленген жактардын кызыкчылыгында чыгарылган вексель же аккредитив бүтүмдү жүргүзүү учурунда күрөө менен камсыз болууга тийиш. 

4. Баланстан тышкаркы банктын инсайдерлери менен аффилирленген жактардын баланстан тышкаркы милдеттенмелерин эске алуу менен кредит берүү банктын Директорлор кеңешинде талкууланууга тийиш жана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн чечиминин негизинде гана жана Кыргыз банкы белгилеген нормативдердин чегинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

5. Кыргыз банкы инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга кредиттерди берүү маселелери боюнча нормативдик актыларды чыгарууга, кредит берүүнүн өлчөмдөрү, ошондой эле, бул компаниялар менен жүргүзүлгөн операциялар жана бүтүмдөр боюнча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. 

6. Эгерде банк бул операция банктын башка жактар менен операцияларына салыштырмалуу, бир кыйла жеңилдетилген шартта жүзөгө ашырыла турган болсо, инсайдерлер жана аффилирлеген жактар, аффилирлеген жактардын жетектөөчү кызматкерлери, инсайдерлердин тууган-туушкандары менен же алардын пайдасы үчүн кайсы болбосун операцияларды жүзөгө ашырууга тийиш эмес. Бул пункттун шарттарын бузуу менен жүзөгө ашырылган операциялар тыйынга арзыбаган болуп саналат. 

Бир кыйла жеңилдетилген шарттарды берүү банк тарабынан бүтүмдөрдү кандайдыр бир жактар менен же кайсы бир жактын пайдасына, анын табияты, максаттары, өзгөчөлүктөрү жана тобокелдиктери боюнча банк башка кардарлар менен жүзөгө ашырбагандай жүзөгө ашырууну билдирет; же ошол эле башка делген кардарлардан талап кылынганга караганда, сый акынын өлчөмүн азайтуу, банк операцияларын аткаргандыгы үчүн (проценттерди) жана төлөмдөрдү кармоо же камсыз кылууну аз кабыл алуу. 

7. Банк кандайдыр бир жак менен ага төмөндөгүдөй мүмкүндүк түзүү максатында бүтүмдөргө катыша албайт: 

банктын инсайдеринин же аффилирленген жагынын алдындагы милдеттенмесин төлөө

банктын инсайдеринен жана аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу; 

банктын аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алуу. 

8. Тиешелүү органдын банк менен инсайдердин, аффилирленген жактардын, аффилирленген жактын жетектөөчү кызматкерлеринин, инсайдерлердин тууган-туушкандарынын ортосундагы кайсыл болбосун бүтүм боюнча чечими банктын Директорлор кеңеши тарабынан аны жүргүзүүнүн шарттары каралгандан кийин гана кабыл алынышы мүмкүн. 

Банк Кыргыз банкына банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары, аффилирлеген жактардын жетектөөчү кызматкерлери, инсайдерлердин тууган-туушкандары менен келишилген бүтүмдөр боюнча маалыматты Кыргыз банкы тарабынан белгиленген форма боюнча берүүгө милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

38-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу 

 

1. Банк электрондук төлөө системаларын колдонуу менен жүргүзүлүүчү эсептешүүлөрдү кошуп алганда, Кыргыз Республикасында жана эл аралык банктык тажрыйбада кабыл алынган түрлөрдө эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. 

2. Каражаттарды которууга жана салыктарды төлөөгө байланыштуу кардарлардан төлөм тапшырмалары келип түшкөндө, алардын эсебинде каражаттар болгондо, салыктарды төлөө боюнча кардарлардын тапшырмаларын аткаруу банк тарабынан биринчи кезекте жүргүзүлөт. 

Банк салыктык жана башка бюджетке төлөнө турган суммаларды кардардын эсебинен каражаттарды алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн күндө жөнөтүүгө милдеттүү

Бюджеттен каражаттарды банктын кардарынын эсебине которуу жөнүндө казыналыктан тапшырма келип түшкөндө, бул тапшырмалар алар казыналыктан алынган күнү аткарылат. Эгерде салыктын суммасы төлөм тапшырмасы келип түшкөн күнү бюджетке которулбаса, банкка финансылык санкция колдонулат - төлөм келип түшкөн күндөн тартып салык бюджетке иш жүзүндө чегерилгенге чейин кечиктирилген ар бир күн үчүн, которулууга тиешелүү болгон сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө туум салынат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

V бөлүм. 

Банктык көзөмөл жана нормативдер 

 

39-статья. Банктык жөнгө салуулар 

 

1. Туруктуу финансы тутумун сактап туруу, Кыргыз Республикасындагы банктардын аброюн көтөрүү, кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында, ошондой эле, банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларынын сакталышын камсыздоо үчүн Кыргыз банкы банктардын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат. 

2. Банктардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга: 

1) экономикалык нормативдерди белгилөөгө

2) банктардын, алардын филиалдарынын жана туунду банктарынын ишин текшерүүгө же бул ишти көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) финансылык абалды оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө

4) банк ишинде орун алган укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө

5) банк мыйзамдарында каралган алдын ала эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга; 

6) баланстарды жана отчетторду жана банк иши жөнүндөгү башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 

7) айрым банк иш-аракеттерин жүргүзүүнү убактылуу токтотууга, чектөөгө же тыюу салууга; 

8) банк лицензиясынын колдонулушун токтото турууга жана аны кайтарып алууга; 

9) консервациялоо жол-жобосу колдонулсун. 

2-1. Кыргыз банкы кыянаттык иштердин алдын алуу максатында кредиттерди берүүдө жана активдүү салымдарды (инвестициялар жана ушуга окшогондор) жүзөгө ашырууда банктар үчүн адилеттүүлүк принцибинин талабын коет. Банк тарабынан адилеттүүлүктүн принцибин бузууга жол берилген учурда Кыргыз банкы төмөндө саналып өтүүчү чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу: 

1) банкка ушундай кредиттердин же салымдардын категориялары боюнча лимиттерди белгилөө

2) кошумча күрөө менен камсыз кылууну талап кылуу; 

3) капиталдын адекваттуулугуна баа берүү үчүн капиталдан ушундай кредиттерди же салымдарды эсептен чыгарып салуу; 

4) мындай ката кетирүүлөргө тиешеси бар кызмат адамдарын алмаштырууну талап кылуу; 

5) коомчулукка банк тарабынан адилеттүүлүктүн принцибин жана мыйзамдардын талабын бузууга жол берилгендиги тууралу маалымдоо; 

6) ушундай кредиттер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына адилеттүүлүктүн принцибинин талаптарын бузуу менен кредиттерди берүүгө тиешеси бар жактардын жоопкерчилигин кароо үчүн берүү

7) адилеттүүлүк принцибин дайыма (б.а. 12 ай ичинде эки жолудан көбүрөөк) бузулууга жол берилген учурларда банктар үчүн ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган лицензияны кайтарып алуу жана банкты мажбурлоо жолу менен жоюу процессинин башталышына чейинки бардык чараларды кабыл алуу. 

3. Капиталга карата чет өлкө банкынын филиалдарына көзөмөлдүк, негизги банк (түпкү банк) уюштурулган өлкөнүн банктык көзөмөл органдарына берилет же ошол көзөмөл органы менен келишимге ылайык жүзөгө ашырылат. 

4. Банктардын ишин жөнгө салуу айрым банктардай эле консолидацияланган негизде, башкача айтканда, банктын банктык топторуна жана аффилирленген жактарына карата жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүктүн эрежелери Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 26-майындагы N 167 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

39-1-статья. Экономикалык ченемдер 

 

1. Кыргыз банкы экономикалык ченемдерди жана банктар менен компаниялар тарабынан милдеттүү түрдө сакталуучу эл аралык банк тажрыйбасында, ошондой эле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар үчүн стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан пайдаланылуучу башка ченемдерди жана лимиттерди белгилейт. 

2. Ченемдик маанилер жана экономикалык нормативдерди эсептөөнүн усулдары жана милдеттүү түрдө сактала турган ченемдер жана лимиттер, банктын уставдык жана өздүк капиталдарынын өлчөмдөрү, ачык валюта позицияларын эсептөөнүн тартиби жана лимиттери, резервдик талаптардын нормалары, тиешелүү отчеттуулуктун формалары жана аны берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. 

Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, банктын жетекчилерин жана (же) алардын олуттуу катышуучуларын, болбосо алардын кызмат адамдарын банк тарабынан экономикалык ченемдердин жана (же) башка милдеттүү түрдө сактала турган ченемдердин жана лимиттердин бузулушуна жол бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу. 

3. Кыргыз банкы өз бийлик укугунун чегинде банктардын ишине көзөмөлдүк жана укуктук жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашыруу максатында бардык банктар, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана башкаруусу тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2009-жылдын 28-мартындагы N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

39-2-статья. Таасир этүүнүн чектөөчү чаралары 

 

1. Кыргыз банкы ченемдик жана милдеттүү түрдө сактала турган ченемдердин жана лимиттердин, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын бузулушун, анын ичинде банктын кызмат адамдары, кызматкерлери жана аффилирленген жактары тарабынан анын финансылык коопсуздугуна жана турукташтыгына, ошондой эле аманатчылардын таламдарына коркунуч алып келиши мүмкүн болгон укук ченемсиз иш-аракеттеринин (иш-аракетсиздигинин) натыйжасы болуп саналуучу ката кетирүүлөрдү тапкан учурда, Кыргыз банкы банкка жана анын аффилирленген жактарына карата мыйзамдар тарабынан белгиленген таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонууга укуктуу. 

Таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. 

2. Ушул Мыйзамды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктардын же банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы келип чыгуучу бардык талаш-тартыш маселелери талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин милдеттүү түрдө сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте чечилет. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

40-статья. Банктык көзөмөл 

 

Кыргыз банкы берилген финансылык жана башка отчеттор (тышкы көзөмөл) боюнча банктардын ишине, анын ичинде консолидациялоо негизинде, банктык топтор менен аффилирленген жактардын ишине изилдөөлөрдү жана талдоолорду уюштуруу жолу аркылуу, ошондой эле жериндеги түздөн-түз текшерүүлөрдү уюштуруу менен көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

 

41-статья. Банктык тышкы көзөмөл 

 

Банктык тышкы көзөмөлдү уюштуруу үчүн Кыргыз банкы ыйгарым укук берилген инспекторлорду дайындайт. 

Банктын финансылык жана башка отчетторун, документтерин изилдөөдө жана аларды талдоодо Кыргыз банкынын ыйгарым укуктуу инспекторлорунда банк ишине байланыштуу кандайдыр бир маселелер келип чыккан учурда алар кошумча зарыл маалыматтарды жана документтерди, алардын отчетторуна тиешелүү түшүндүрүүлөрдү жана тактоолорду талап кыла алышат. 

 

42-статья. Банк ишин инспекциялоо 

 

1. Кыргыз банкы банк ишин инспекциялоону өз алдынча же болбосо аудиторлорду же аудитордук уюмдарды тартуу менен жүргүзөт. 

Кыргызстан банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча Кыргызстан банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигине инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. 

2. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан бекитилген процедураларга ылайык банкка текшерүү жөнүндө кат жүзүндө билдирүүнү жана башка зарыл документтерди жөнөтүү менен банк ишинин же анын ишинин кандайдыр бир аспектисинин мүнөзү жана абалы тууралу текшерүү жүргүзүү жана отчет берүүсү үчүн инспектор катары бир же бир нече компетенттүү адамдарды дайындоого акылуу. 

3. Банк, аффилирленген жактар жана инсайдерлер (Директорлор жана Башкарманын кеңешинин мүчөлөрүн, олуттуу катышуучуларды, кызмат адамдарын, аудиторлорду жана башка жактарды кошо алганда) Кыргыз банкы тарабынан дайындалган инспекторлорго Кыргыз банкы берген кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдө камтылган маселелер боюнча инспекциялоого көмөктөшүүгө, ошондой эле, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине суроо салууну жана текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү

Ыйгарым укуктарын кат жүзүндө көрсөтүү менен Кыргыз банкынын инспекторлору; 

- Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери, тышкы аудиторлор, юристтер менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө, тиешелүү документтерден көчүрмөлөрдү же болбосо жазып алууга жана банктын олуттуу катышуучулары, контролдоочу жактар болуп саналган же мурда болушкан банктан же жактардан алынган документтер боюнча түшүндүрмөлөр берүүнү талап кылууга; 

- банк ишин текшерүүгө байланыштуу жана башка иш чараларды жүргүзүүгө

- кредиттер жана ага теңештирилген активдер боюнча потенциалдуу жоготууларга шайкеш резервдерди түзүүгө жана аны колдоп турууга буйрутмаларды даярдоого укуктуу. 

4. Кыргыз банкы тарабынан банк ишине инспектирлөөнү жүзөгө ашыруу банктык топко кирген бардык компанияга, банк менен жалпы кызыкчылыгы бар бардык башка компанияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан четөлкө банктарынын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө жана туунду банктарына карата колдонулат. Жогоруда белгиленген компаниялар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз банкынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунда ага ушундай эле деңгээлде банктан жана алардын кызмат адамдарынан талап кылынуучу көмөк көрсөтүүгө жана тоскоолдук кылбоого милдеттүү

Эгерде банктын аффилирленген жактын ишине башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүлүүгө (контролдук кылуу, текшерүү) тийиш болсо, ушул статьяга ылайык Кыргыз банкы тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетторун жана башка материалдарын пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкы үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтый албаса же Кыргыз банкынын пикири боюнча башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген маалыматтар жетишсиз болсо, Кыргыз банкы мындай аффилирленген жактарга инспектирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. 

5. Банктын ишин инспекциялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка жарыялоого же болбосо үчүнчү жакка берүүгө инспекторлорго тыюу салынат. 

Инспекциялоону жүргүзгөн адамдар банк ишин текшерүүнүн жүрүшүндө алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк үчүн банктык же коммерциялык купуя сырды камтыган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү жакка бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат. 

6. Текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби эл аралык банктык тажрыйбаларды эске алуу менен Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 26-майындагы N 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

43-статья. Маалымат жана документтер 

 

1. Ушул Мыйзамга ылайык өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз банкы банк банктын, банктын олуттуу катышуучусунун же банктык топтогу бардык катышуучулардын жана банк менен жалпы кызыкчылыгы бар жактардын колунда болгон тиешелүү кайсы болбосун маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу. 

2. Республиканын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда алынган маалыматтар банктын макулдугусуз үчүнчү жакка берилбейт. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

44-статья. Банкка олуттуу катышууну жана контролду алуу тартиби 

 

Бардык жеке же юридикалык жак жеке же башка жактар менен бирдикте: 

- банктын олуттуу катышуучусу болууга; 

- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга; 

- банктын контролдоочу жагы болууга ниеттенип жатса Кыргыз банкынан алдынала уруксат алууга милдеттүү

Кыргыз банкынан уруксат алуу үчүн аталган жактар Кыргыз банкына жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү

Эгерде банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башка жолдор менен бардык жеке же юридикалык жактар тике же кыйыр түрдө

- банктын олуттуу катышуучусу болуп калса; 

- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылса же башкарууну жүзөгө ашырса; 

- банктын контролдоочу жагы болуп калса Кыргыз банкынын уруксатын алуулары зарыл. 

2. Кыргыз банкы табыштаманы алган убактан тартып алтымыш күндөн кечиктирбестен өтүнүч менен кайрылгандарга өзүнүн чечими - макулдугу же баш тарткандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Табыштаманын берилген күн катары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык бардык тиешелүү түрдө таризделген документтер Кыргыз банкына берилген күн эсептелинет. Табыштама маалыматтарды берүүнүн бардык булактарына карабастан, Кыргыз банкы тарабынан бардык тиешелүү маалыматтар алынмайынча берилди деп эсептелинбейт. Баш тартуу себептери жүйөлүү болууга тийиш. 

3. Кыргыз банкынын макулдугун алуу үчүн өтүнүч менен кайрылуучу Кыргыз банкына юридикалык жактын келип чыгышы (эгерде билдирүүчү юридикалык жак болсо), учурда жүзөгө ашырып жаткан иши, финансылык абалы жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк деңгээли жөнүндө, билдирүүчүнүн алар (ал) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактар тууралу маалыматтарды, ал банктын акцияларын сатып алуу үчүн сарптай турган акча каражаттарынын алынган булактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз банкынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды да берүүгө тийиш. Эгерде билдирүүдө банктын акцияларын тике сатып алуу же аларга кыйыр ээлик кылуу жөнүндө жазылса өтүнүч менен кайрылуучу байланыштуулуктун деңгээли, анын бул максатта пайдалануу үчүн ниеттенип жаткан акча каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтарды чечмелеп түшүндүрүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучу ошондой эле өзүнүн банктын жетекчилигин жана саясатын өзгөртүүнү пландаштырып жаткандыгына тиешелүү маалыматтарды да тактап берүүгө тийиш. 

Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу четөлкөлүк жак болсо - ал анын ишкердик жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү ой-пикирин билдирген ишкердик аброю жогору болгон кеминде эки адамдын жолдомо катын берүүгө тийиш. 

Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо - ал өзүнүн байкоочу жана башкаруунун аткаруу органдарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле башка кызмат адамдарынын Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш. 

Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу - четөлкө банкы же түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү финансылык көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө таандык болгон башка жак болсо, өтүнүч менен кайрылуучу кошумча түрдө Кыргыз банкынын талаптарына ылайык, ал таандык болгон көзөмөл режимине тиешелүү маалыматты, тиешелүү мамлекеттин көзөмөл органынын бул өтүнүч менен кайрылуучу түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө консолидацияланган негизде көзөмөлгө таандык жана көзөмөл органынын Кыргыз банкы менен туруктуу негизде кызматташуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошо берүүгө тийиш. 

Өтүнүч менен кайрылуучунун башка жак менен бирдикте аракеттене тургандыгы жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргыз банкы андан бул факт боюнча маалыматты тактап берүүсүн талап кылууга укуктуу. 

4. Кыргыз банкы төмөнкүдөй учурларда билдирүүнү канааттандыруудан баш тарта алат, эгерде: 

1) өтүнүчтү канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумунда монополиянын түзүлүшүнө алып келсе; 

2) өтүнүч менен кайрылуучунун финансылык абалы канааттандырарлык эмес болсо; 

3) Кыргыз банкына өтүнүч менен кайрылуучунун жана анын кызмат адамдарынын (эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо) ишкердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар маалым болсо; 

4) өтүнүч менен кайрылуучу тиешелүү маалыматты толук бербесе, болбосо бурмаланган же так эмес маалыматты берген болсо; 

5) Кыргыз банкында банк тажрыйбасында белгиленген талаптарга ылайык банк операцияларын жүзөгө ашырбай тургандыгы жөнүндө маалымат бар болсо; 

6) өтүнүч менен кайрылуучунун мурдагы иши токтосо же кайсы бир юридикалык жакты банкроттоого же ага олуттуу түрдө финансылык чыгым тарттырууга түрткү берген болсо; 

7) өтүнүч менен кайрылуучунун (юридикалык жактын) банктын контролдоочу жагы болууга ниеттенип жаткан кызмат адамдары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талаптарына жооп бербесе; 

8) банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына доо кете турган болсо же банкта банк менен өтүнүч менен кайрылуучунун жана/же аффилирленген жактардын же өтүнүч менен кайрылуучунун алар менен жалпы кызыкчылыгы бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин натыйжасында натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калган учурда; 

9) өтүнүч менен кайрылуучунун олуттуу реалдуу катышуучуларын же контролдоочу жактарын идентификациялоого мүмкүн болбосо; 

10) өтүнүч менен кайрылуучунун банктын саясатын олуттуу түрдө өзгөртүү тууралу сунушу банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган болсо; 

11) өтүнүч менен кайрылуучу ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынуучу четөлкөлүк юридикалык жак болсо жана ал тарабынан, эгерде: 

- Кыргыз банкына ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө (банкка тиешелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымат берилбесе; 

- Кыргыз банкынын пикири боюнча, билдирүүчүнүн ишине (банкка тиешелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылбай жатса; 

- өтүнүч менен кайрылуучунун түзүлгөн (каттоодон өткөн) мамлекеттеги кезөмөл органы менен кызматташуусу мүмкүн болбосо. 

5. Өтүнүч берүүнүн жана кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актылары менен жөнгө салынат. 

6. Кыргыз банкы ушул статьяга ылайык бардык учурда банктын контролдоочу жактарынан жана анын олуттуу катышуучуларынан маалыматты талап кылууга укуктуу. Олуттуу катышуучунун (юридикалык жактын) Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) же Башкарманын (аткаруу органынын) жаңы шайланган мүчөлөрү жөнүндө маалымат Кыргыз банкына алар дайындалган убактан тартып он жумуш күнүнүн ичинде жаңыдан шайланган кызмат адамдарынын ишкердик аброю жана ишенимдүүлүгү жөнүндө маалымат менен бирге берилүүгө тийиш. 

7. Эгерде кандайдыр бир жак банкка олуттуу катышуучу болуу же контролду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн Кыргыз банкынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алган болсо, мындай бүтүм эч нерсеге арзыбаган бүтүм болуп саналат. 

8. Кыргыз банкы өтүнүч менен кайрылуучуга ушул статьяга ылайык мурда берген макулдугун, эгерде ал тарабынан ушул статьянын талабын бузууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо, аны жокко чыгара алат. 

9. Ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, ал тарабынан кемчиликтер кетирилгендиги аныкталган жак банктын жетекчилигине жана саясатына таасир этүүсүн (тике жана кыйыр түрдөгү добуш берүүнү жүзөгө ашырууну кошо алганда) токтотууга тийиш жана банктын уставдык капиталына өзүнүн катышуусун олуттуу катышуу же контролдоо болжолдонгон деңгээлден төмөн деңгээлге чейин Кыргыз банкы тарабынан белгиленген убакыт ичинде кыскартууга тийиш. 

10. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын алдынала уруксатысыз банктын олуттуу катышуучусу жа контролдоочусу боло турган же банк анын натыйжасында бул жакка көзкаранды болуп калышы мүмкүн болуучу инвестицияны банкка жумшоосу мүмкүн болгон жак тарабынан контролдонуучу бардык юридикалык жактан кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

45-статья. Проблемалуу банктын финансылык абалын оңдоо 

 

1. Проблемалуу банктын финансылык абалы начарлап кеткен учурда Кыргыз банкы акционерлердин алдына финансылык абалды оңдоо жөнүндөгү маселени коюуга, анын ичинде төмөндөгүдөй таасир чараларынын кайсынысын болбосун: 

1) банк тарабынан финансылык абалын чыңдоо тууралу негизделген катты - финансылык абалды жакшыртуу жөнүндө милдеттенме берүүнү

2) банк менен банктын абалын оңдоо боюнча чараларды жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндөгү келишимди түзүүнү

3) жогорку адистиги бар консультантты дайындоону; 

4) банкка кат жүзүндөгү эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүүнү

5) банктык түздөн - түз көзөмөлдү киргизүүнү

6) банктын жетекчилигин алмаштырууну; 

7) акыркы инстанциядагы кредитор катары карыз каражаттарын берүүнү

8) банкты башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти дайындоону; 

9) банкты кайра уюштурууну жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. 

10) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча башка талаптар, анын ичинде банкты капитализациялоо талаптары. 

2. Финансылык абалын чыңдоо тууралу негизделген катты- милдеттенмени берүү банктын банктык көзөмөл органдарына өзүнүн ишинде кетирилип жаткан айкын кемчиликтердин бардыгын моюнга алуу менен аларды четтетүүнүн жолдорун көрсөткөн кат жүзүндөгү бир жактуу билдирүүсү дегендикке жатат. 

3. Банктын абалын оңдоо боюнча чараларды жүргүзүү тууралу кат жүзүндөгү макулдашуу банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана Кыргыз банкынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колдору коюлган күбөлөндүрүлгөн, банк ишиндеги олуттуу кемчиликтерди жөнгө салуу боюнча тезинен чараларды көрүү жөнүндө көзөмөл органы менен банктын ортосундагы расмий макулдашуу (протокол) түзүүнү билдирет. 

4. Кыргыз банкы банкта түзүлгөн абалды оңдоого байланышкан чараларды көрүү боюнча проблемалуу банкка консультация берүү үчүн жооптуу, адистиги бар кызматчыны дайындай алат. Мында, банкка консультация берүү менен байланышкан чыгымдар ошол банк тарабынан төлөнөт. 

5. Банк көзөмөлү тарабынан банкка эскертүү, ал белгилүү бир нормаларды жана эрежелерди бузгандыгы, же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалымдоо зарыл болгон учурда жана кийин ага карата таасир берүүнүн кыйла олуттуу мүмкүндүгүн эскертүү максатында жасалат. 

6. Түздөн-түз банктык көзөмөл Кыргыз банкынын ой-пикири боюнча банк тобокелдик менен иштеп жана анын бул иши банктын ойдогудай абалына таасир бериши мүмкүн болгон, бирок, убактылуу администрацияны дайындоого же банк иштерин жүргүзүүгө берилген лицензияны кайтарып алууга негиздер жетишсиз учурларда киргизилет. 

Түздөн-түз банктык көзөмөл, ошондой эле, банктын финансылык абалын, банктын эсепке алуусун жана отчеттуулугун кыйла жакшы иликтөө максатында жана Кыргыз банкы тарабынан аныкталган башка максаттарда да киргизилет. 

7. Кыргыз банкы банктын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген ишке банкты тартып жатышса, ошондой эле, банк банктык мыйзамдардын же Кыргыз банкынын нормативдик актыларынын талаптарын сактабагандыгынын фактылары табылса, банктын аткаруучу кызмат адамдарынын ыйгарым укугун токтотууну талап кылууга укуктуу мүмкүн. 

8. Кыргыз банкы банктын бутуна тез турушун колдоо максатында банктарга тиешелүү камсыздоосу болгон учурларда, алты айдан ашпаган мөөнөткө төлөп берүү шартында кыска мөөнөттүү кредиттерди бериши мүмкүн. 

Өзгөчө кырдаалдарда банк системасынын бүтүндүгүн сактап калуу максатында Кыргыз банкы камсыз болбогон же активдердин башка түрлөрү менен камсыз болгон кредиттерди Кыргыз банкы белгилеген шарттарда алты айга чейинки мөөнөткө бере алат. 

9. Төмөндөгүдөй учурларда: банктын ишинде банктын администрациясынын банктын ишин банк мыйзамдарына ылайык камсыздоо жөндөмсүздүгүнө байланышкан мыйзам бузуулар фактылары айкындалганда; банк алгылыксыз банк ишине тартылса; банктын финансылык абалы канааттандырарлык эмес болсо; банктын башкаруу органдарынын ортосунда баш аламандыкка алып келүүчү пикир келишпестиктер келип чыкканда; банк жетекчилигинин алмашылышы менен банк башкарылбай калса; банктын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдар бузулганда; кызмат адамдарына карата жазык иши козголсо же аларга карата кылмыш-жаза тергөөсү башталса Кыргыз банкы убактылуу жетекчиликти киргизе алат. 

10. Кыргыз банкы банктын финансылык абалын оңдоого байланышкан тигил же бул чаралардын колдонулушунун тартиптери тууралу нормативдик актыларды кабыл ала алат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

45-1-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүүчү чаралар жана санкциялар 

 

1. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган банктар же финансы-кредиттик мекемелер, алардын кызмат адамдары, олуттуу катышуучулары тарабынан банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарын сактабагандыгы жана аларды бузууга жол бергендиги, банктын анын туруктуулугуна коркунуч туудурган операцияларга тартылышында, ошондой эле маалыматтарды бербегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтарды берген фактысы аныкталса, болбосо банктар же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз абалында калса, Кыргыз банкы ал тарабынан ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы аркылуу банкка, Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрүнө, олуттуу катышуучуларга карата төмөндөгүдөй чаралардын жана санкциялардын бирин же айрымдарын колдоно алат: 

1) табылган ката кетирүүлөрдү тез арада же белгиленген мөөнөттүн ичинде оңдолушу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган жазма буйруктарды чыгарат; 

2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонот; 

3) лицензияны токтото турат же кайтарып алат; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процессин баштайт. 

Кыргыз банкы Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктарга же финансы-кредиттик мекемелерге карата чараларды көрүү жана санкциялар менен банк тажрыйбасынын жогорку стандарттарынын сакталышынын зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын финансылык тутумунун турукташтыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин, аффилирленген жактардын кызыкчылыктарынын жетектөөсүндө же алардын таасиринде болууга тийиш эмес же Кыргыз банкы кредиторлордун таламдарын коргоо үчүн жана/же республиканын банк жана финансы тутумунун турукташтыгын сактоо максатында көргөн кандайдыр бир иш-аракеттерден улам, алар тартышы мүмкүн болгон чыгымдарды көңүлгө албоого тийиш. 

Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. 

2. Ката кетирүүлөрдү четтетүү тууралу жазма буйруктар Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурунда, ошондой эле Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктардын же финансы-кредиттик мекемелердин ченемдик актыларды аткарбагандыгы же банк мыйзамдарын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузууга жол берген фактылары табылса, Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу: 

1) жогорку деңгээлде иштелип чыккан экономикалык ченемдерди киргизүүгө

2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга; 

3) ката кетирүүлөрдүн ар бир конкреттүү учурлары үчүн Кыргыз Банк башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ылайык төлөнгөн уставдык капиталдын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө жазапулду төлөтүүгө

4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жазапулду төлөтүүгө

5) милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптар менен кайрылууга: 

- кызмат адамдарынын бардыгын же айрымдарын алмаштырууга жана алардын банктын ишине андан ары катышуусуна тыюу салууга; 

- финансылык жактан чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө

- рекапитализациялоону, болбосо кайра өзгөртүп түзүүнү жүргүзүүгө

- текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен пландан тышкаркы аудитти жүргүзүүгө

- белгилүү ишти же операцияны чектөөгө, убактылуу токтотуп коюуга же токтото турууга; 

- дивиденддерди төлөп берүүнү же бардык түрдөгү пайдаларды бөлүштүрүүнү токтото турууга. 

6) активдерди сактап калуу максатында алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу жетекчиликти дайындоого; 

7) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензия тарабынан каралган бардык же айрым операцияларды чектөө менен лицензиянын иш-аракетин алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтото турууга. 

3. Кыргыз банкы банкты ачууга карата алдын ала уруксатты төмөндөгү учурларда кайтарып ала алат: 

1) түзүлүүчү банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде минималдуу уставдык капитал төлөнбөгөн учурда; 

2) банкты ачууга карата алдын ала уруксатты алгандан кийинки алты айдын ичинде, анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын так эместиги табылган учурда; 

3) эгерде уюмдаштыруучулардын финансылык абалы начарласа же алардын негизинде лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы фактысы белгиленсе; 

4) эгерде банктын уюмдаштыруучулары банктын ишин баштабоону чечишсе. 

4. Иштери Кыргыз банкы тарабынан лицензияланган банктардан же финансы-кредиттик мекемелерден лицензияларын кайтарып алуу төмөндөгү учурлардын кайсынысында болбосун жүзөгө ашырылат: 

1) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуялар болуп калган учурда же эгерде Кыргыз Банк башкармасы лицензияны кайтарып алуу зарылчылыгы менен макул болсо; 

2) Кыргыз банкынын милдеттүү жазма буйруктарын дайыма (акыркы он эки календарлык айдын ичинде эки жана андан көп жолу) аткарбаган учурда; 

3) эгерде банктын суммардык капиталынын адекваттуулук коэффициенти эки пайызды түзсө же Кыргыз банкынын эсептөөсү боюнча жакынкы учурларда ушул деңгээлден төмөн болсо жана уюмдаштыруучулар алдын ала эскертүүлөргө карабастан Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде капиталды толуктабаса жана/же аны ушул деңгээлден жогору толуктоо боюнча чараларды көрүшпөсө

4) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз банкы тарабынан колдонулган талаптар жана санкциялар аткарылбаса; 

5) Кыргыз банкынын ченемдик актыларын дайыма (акыркы он эки календардык айдын ичинде эки жана андан көп жолу) талапка ылайык эмес аткарса же аткарбаса; 

6) так эмес маалыматтарды дайыма берүү же лицензияны берген күндөн тартып бир жылдын ичинде алардын негизинде берилген так эмес маалыматтар табылган учурда; 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган операцияларга катышкан учурда, болбосо лицензияда каралбаган иштерди жүргүзгөн учурда; 

8) төлөөгө жөндөмсүз болгон же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылган учурда; 

9) эгерде банк аны каттоодон өткөргөн жана банктык лицензияны алгандан кийинки бир жылдан ашык убакытка депозиттерди кабыл алуу жана кредиттерди берүү боюнча ишти баштоону башка учурга калтырса; 

10) банк тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптары аткарылбаса; 

11) чет өлкө банкынын филиалынан - каттоодон өткөн өлкөдөгү анын башкы банкын жоюу же лицензиясын кайтарып алуу учурунда; 

12) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурда. 

5. Кыргыз банкынан лицензия алган банктын жана финансы-кредиттик мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн. 

Кыргыз банкынан лицензия алышкан банк жана финансы-кредиттик мекеме ал тууралу болжолдуу датасын көрсөтүү менен Кыргыз банкына жазуу жүзүндө билдирип жана Кыргыз банкы ал чечимге макулдугун бергенден кийин гана өз ишин токтотот жана лицензияны кайтарып берет. Кыргыз банкы банктын ишин токтотуу тууралу чечимге макулдугун берүүгө чейин аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын канаттандырууну банктан талап кылуусу мүмкүн. 

6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу келип чыккан шартта (эгерде банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки же андан аз пайызды түзүп калса) Кыргыз банкы аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары төмөндөгү чаралардын кайсынысы болбосун бирин колдонууга укуктуу: 

1) банкка белгилүү бир чараларды көрүү, болбосо көрбөө тууралу жазма-буйрук берүүгө

2) банкка кошумча капитал жумшоого же өз акцияларын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген нарк боюнча каалоочуларга өткөрүп берүү жөнүндө акционерлерге жазма-буйрук берүүгө

3) банкроттук процессин козгобостон эле, өтүмдүү каражаттарды алуу максатында өзүнө тиешелүү мүлкүнүн бардыгын же бир бөлүгүн сатууга банкка буйрук берүүгө

4) күрөөлүк камсыздоо алдында банкка өзүнө тиешелүү өтүмдүү каражаттарды берүүгө

5) банкка консервацияланган банктын статусун берүү жана консерваторду дайындоого; 

6) банкка карата соттук эмес тартипте банкроттук процессин козгоого; 

7) банктын, анын акционерлеринин же банктын кредиторлорунун банкка карата банкроттук ишин козгоо жөнүндө (соттук тартипте же соттук эмес тартипте) өтүнүчүн колдоого. 

7. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына ка- 

рата эскертцү чаралары жана санкциялары Кыргыз банкы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынууга тийиш: 

- ошол адамдар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берсе; 

- ошол адамдар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган абалга алып келсе; 

- ошол адамдар кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкан болсо; 

- ошол адамдар мыйзамга каршы аракеттерди жүзөгө ашырса; 

- эгерде ошол адамдар өз кызмат ордун ээлөө үчүн тиешелүү ишенимге ээ болбосо. 

Банктын банктык холдинг компаниясынын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чараларында жана санкцияларында аларга тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүүгө укукту токтото турууга Кыргыз банкынын талап кылуу укугу же банктын жана анын аффилирленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна ушул Мыйзамдын 49-6-статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган тартипте тыюу салуулар камтылат. 

Эгерде мындай тыюу салуу бул адамга карата Кыргыз банкы тарабынан ушул статьяга ылайык белгиленсе, банктын же анын аффилирленген жактарында эч ким кызматта кала албайт же алардын ишине катыша албайт. 

Банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон учурда Кыргыз банкы ал адамды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө көрсөтмө чыгарууга, ал эми бул адам кылмышкер катары күнөөлүү деп таанылган учурда - кызматынан бошотууга тийиш. 

Банктык холдингдик компаниянын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына карата чараларды жана санкцияларды колдонууну аныктоо учурунда Кыргыз банкы бул адамдар тарабынан кетирилген катачылыктар туунду банктын финансылык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эске алууга тийиш. 

8. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар жана санкциялар банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына жана ушул мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген жана депозиттерди жана аларга теңештирилген каражаттарды Кыргыз банкынын тиешелүү лицензиясыз же анын өзгөчө уруксатысыз тартууну жүзөгө ашырган бардык адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн. 

9. Кыргыз банкынын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын аткарылышын токтото албайт. 

10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда каралган таасир кылуу чараларын көрөт. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 217, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243, 2009-жылдын 28-марты N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

46-статья. Кетирилген кемчиликтерди четтетүүгө көрсөтмөлөр 

 

Банктык мыйзамдарды, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын бузууга жол берүүнүн фактылары, банктын банктык тажрыйбаны алгылыксыз жүргүзүп жаткандыгынын фактылары аныкталган учурда Кыргыз банкы банкка, анын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнө, ошондой эле олуттуу катышуучуларына карата белгиленген мөөнөт ичинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү кабыл алышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

47-статья. Айып акы санкциялары 

 

1. Банк тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары аткарылбаган учурда же банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктары үчүн коркунуч келтирген абал келип чыкса Кыргыз банкы төмөндөгүдөй учурларда: 

1) банк тарабынан банктык мыйзамдар жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларын бузганда; 

2) Кыргыз банкынын көрсөтмөлөрү аткарылбаганда; 

3) банктын өзүнүн өтүнүчү же арызы боюнча банк менен Кыргыз банкынын ортосундагы кат жүзүндөгү макулдашуу бузулса; 

4) ушул Мыйзамдын 45-статьясынын 3-пунктуна ылайык банк менен Кыргыз банкынын ортосунда түзүлгөн макулдашуу бузулса; 

5) банк тарабынан маалыматтар берилбесе, же анык эмес маалымат же толук эмес көлөмдөгү маалымат берилсе; 

6) банк кооптуу жана алгылыксыз банктык ишке тартылган учурда ар бир айкын укук бузуу үчүн банктын төлөнгөн уставдык капиталынын бир процентинен ашпаган өлчөмдө акчалай айып акы өндүрүп алууга укуктуу. 

2. Эгерде, банк ушул статьянын 1-пунктунда каралган укук бузууларга тартылса жана алар банктын олуттуу жоготууларына алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо жана/же банкты ушул ишке тарткан тараптын пайда көрүүсүнө же киреше алуусуна алып келсе, Кыргыз банкы банктан жана аффилирленген жактан акчалай айып акыларды өндүрүп алышы мүмкүн. 

3. Кыргыз банкы банктын Директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрүнөн жана банктын аткаруучу кызмат адамдарынан банк мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларын жана көрсөтмөлөрүн сактабагандыктары үчүн айып санкциясы колдонулган учурдагы республиканын мыйзамдарына ылайык белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма эсе өлчөмүндөгү акчалай айып акы өндүрүп алууга укуктуу. 

4. Айып акы санкциялары Кыргыз банкы тарабынан банкка алдын ала көрсөтмөлөрдү (билдирмелерди) жибергенден кийин колдонулат. 

5. Айып акы санкцияларын салуудан улам түшкөн акчалай каражаттар республикалык бюджетке которулат. 

6. Акчалай айыптарды өндүрүп алуу жөнүндөгү Кыргыз банкынын чечимин аткаруунун тартиби мыйзамдарына ылайык Кыргыз банкынын нормативдик 

актыларында белгиленет. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-январындагы N 22 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

48-статья. Банк иштеринин айрым түрлөрүн чектөө 

 

1. Кыргыз банкы банктын, анын филиалынын, туунду банкынын (компаниянын) же банктык холдингдик компаниянын ишинде Кыргыз банкы тарабынан: 

1) банктык иштерди жүргүзүүдө ишенимсиз жана алгылыксыз иш тажрыйбасына тартылуусуна байланышкан укук бузуулар табылса же эгерде Кыргыз банкында банктын мындай ишке тартылышынын мүмкүндүгүнө жетишээрлик негиздер болсо; 

2) банктык мыйзамдарды, экономикалык нормативдерди бузууларга байланышкан укук бузуулар табылса же эгерде Кыргыз банкында банк мындан ары Кыргыз банкынын нормативдик актыларын же анын көрсөтмөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз банкы менен банктын ортосунда түзүлгөн макулдашууну бузушу мүмкүн деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болсо Кыргыз банкы банк иш-аракеттеринин кээ бир түрлөрүн токтото туруу же аларга чек коюу же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

2. Кыргыз банкы банк иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн токтото туруу же чектөө жөнүндөгү маселе боюнча чечим кабыл алуу максатында түзүлгөн абалды банк менен алдын ала талдоону жүргүзүүгө укуктуу. 

3. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган) 

1) банк же анын өкүлү алдын ала талкуулоого келбесе кабыл алынат. Мындай учурда, банк өзү жүргүзүп жаткан банк иштеринин айрым түрлөрүн чектөө же токтото туруу тууралу чечим менен макул деп эсептелинет; 

2) банк даярдап жаткан же баштаган аракеттер банк мыйзамдарын бузууларга алып келиши мүмкүн деп эсептөөгө Кыргыз банкында жетиштүү негиздер болсо же банк ишенимсиз жана алгылыксыз банктык тажрыйбаны жүзөгө ашырып жатса кабыл алынат. 

4. Банк иштеринин айрым түрлөрүн токтото туруу же болбосо аларга чек коюу жөнүндөгү чечим, эгерде, мындай чара кабыл алынбаса ал орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү же болбосо банктын аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыгына коркунуч келтириши жөнүндө Кыргыз банкында анык жана жетиштүү маалымат болгон учурда токтоосуз түрдө кабыл алынат. 

5. Кыргыз банкынын чечиминде банк ишиндеги конкреттүү укук бузууларды баяндоону жана мындай укук бузуулар банктын ишенимдүү жана туруктуу иштешине, ошондой эле, анын аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч келтире тургандыгы жөнүндө негиздүү далилдөөлөр камтылууга тийиш. Ошондой эле, чечимде кээ бир банк иштерин чектөөлөргө же токтото турууга байланышкан айрым талаптар (чаралар), алардын ичинде: 

1) эгерде, банк же аны менен байланышы болгон кандайдыр тарап банк мыйзамдарын, Кыргыз банкынын нормативдик актыларын же анын көрсөтмөлөрүн бузуулардын натыйжасында адилетсиз түрдө байышса, банк тарабынан гарантияланган шарттарда ордун толтурууну, төлөөлөрдү камсыз кылууну жүзөгө ашыруу жөнүндө талап кылуу; 

2) дивиденддерди төлөөгө чек коюуну; 

3) банк филиалдарын ачууга тыюу салуу аркылуу банктын өсүшүнө чек коюуну; 

4) банк активдеринин кээ бир түрлөрүн сатууну; 

5) банк менен түзүлгөн ар бир контракттарды жана макулдашууларды жокко чыгарууну; 

6) Кыргыз банкы ошол жагдайларда керек деп эсептеген башка аракеттерди көрүүнү талап кылууну караган талаптардын бири же бир нечеси камтылышы мүмкүн. 

6. Эгерде чечимдин өзүндө башкасы көрсөтүлбөсө, Кыргыз банкы тарабынан кабыл алынган чечим, бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз банкынын банк операцияларынын айрым түрлөрүн токтотуу, чектөө, тыюу салуу жөнүндөгү чечими боюнча сотко даттануу анын иш-аракетин токтото албайт. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

49-статья. Депозиттерди коргоо 

 

1. Банктардын кредиторлорунун (аманатчыларынын) кызыкчылыгын коргоо максатында Кыргыз Республикасында Банктардын чегерүүлөрүнүн эсебинен депозиттерди коргоо фонду түзүлөт. 

Аны түзүүнүн жана каражаттарды бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

2. Банк ошондой эле кошумча эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган, депозиттерди коргоонун башка формаларын да тандап ала алат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

V-I глава 

Банктык топторго консолидацияланган 

негизде көзөмөл 

 

49-1-статья. Банктык топтор үчүн капиталдын шайкештиги жана экономикалык нормативдер 

 

1. Банктык топтор жана банктык топтордун катышуучулары үчүн капиталдын шайкештиги Кыргыз банкы тарабынан белгиленген деңгээлден төмөн болбоого тийиш. Банктык холдинг компания же банктык топ башында турган банк банктык топтун катышуучуларынын бул талаптарды аткаруусун камсыз кылуу үчүн жооптуу болот. 

2. Кыргыз банкы банк топторунун, банктык холдингдик компаниялардын катышуучуларынын капиталынын шайкештигине карата талаптарды белгилөөчү нормативдик актыларды, ошондой эле ушул топко кирүүчү банктардын аманатчыларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында башка талаптарды жана экономикалык нормативдерди кабыл алат. 

 

49-2-статья. Банктык топтордун иши 

 

Банктык топторго кирүүчү компаниялар банктык жана/же финансылык иштерди гана, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан аныкталгандай, банктык холдинг компанияларга тиешелүү учурларда, топтордун катышуучуларынын акцияларга ээ болуусун кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти жүзөгө ашыра алышат. 

 

49-3-статья. Банктык топтордун тобокелдигин жана ички контролду башкаруу боюнча тутумдары 

 

1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктын же банктык топтордун финансылык туруктуулугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди өздөрүнө алууга тийиш эмес. 

2. Банктык топтор банктык топтордун ишине ылайык келүүгө тийиш болгон тобокелдиктерди жана ички контролду башкаруу тутумдарына ээ болуусу зарыл. 

3. Банк же банктын топ башында турган банктык холдингдик компания бардык банктык топтордун Кыргыз банкынын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн жооптуу болот. 

 

49-4-статья. Банктык холдингдик компанияларды башкаруу 

 

1. Банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдары, Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын), Башкармасынын мүчөлөрү (аткаруу органы) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талаптарына жооп берүүгө тийиш. Банктардын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүнө карата колдонулуучу камкордук милдеттери, ошондой эле банктык холдингдик компаниялардын байкоочу органынын жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата да колдонулат. 

2. Ар бир банктык холдингдик компаниянын 3-5 мүчөдөн турган, акционерлердин жалпы жыйналышы тарабынан бир жылга дайындалган аудит боюнча Комитети болууга тийиш. Банктык холдингдик компаниянын Башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрү жана алардын кызматкерлери бир эле учурда аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрү болууга тийиш эмес. Аудит боюнча Комитеттин мүчөсү банктык холдингдик компаниянын туунду банкынын же туунду компаниясынын Башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөсү же кызматкери боло албайт. 

3. Банктык холдингдик компаниянын аудит боюнча Комитети төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- банктык холдингдик компания үчүн тиешелүү бухгалтердик процедураларды жана ички контролдук тутумдарды түзүүнү жана колдоону камсыз кылууга; 

- банктык холдингдик компаниянын ички аудитинин кызматкерлигине талапкерлерди жактырууга, алардын сый акысынын өлчөмүн белгилөөгө, ишине баа берүүгө

- банктык холдингдик компаниянын тышкы аудиторлорун тандоого (же тандалып алынгандарды жактырууга), сый акылардын деңгээлин аныктоого жана тышкы аудиторлордун отчетторун кароого; 

- банктык холдингдик компаниянын ички аудитинин кызматкерлеринин, менеджментин жана тышкы аудиторлордун банктык холдингдик компаниянын финансылык жана ишкердик активдүүлүгү жөнүндө отчетторун жана алардын мыйзамдарга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына, банкка жана банктык холдингдик компанияга тиешелүү чечимдерге ылайык келүүсүн кароого жана банктык холдингдик компаниянын байкоочу органына өзүнүн тыянактары жөнүндө билдирүүгө

- банктык холдингдик компаниянын Директорлор кеңешине (байкоочу органына), Кыргыз банкына Директорлор кеңеши (байкоочу органы) тарабынан сунуш кылынган маселелер боюнча же аудит боюнча Комитеттин пикири боюнча банктык холдингдик компаниянын туруктуу иштеп туруусуна таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча корутундусун берүүгө

- Директорлор кеңешине (байкоочу органына) бети ачылган тартип бузууларды же операциялык кемчиликтерди оңдоо боюнча чараларды сунуш кылууга; 

- Кыргыз банкына, Директорлор кеңешине (байкоочу органына) жана Башкармага (аткаруу органына) бети ачылган кемчиликтер тууралу билдирүүгө

- Банктык холдингдик компаниянын уставына ылайык башка милдеттерди аткарууга. 

4. Аудит боюнча Комитет бир кварталда кеминде бир жолу жыйналыш өткөрүп турууга тийиш. Чечимдер аудит боюнча Комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан кабыл алынууга тийиш. Добуш берүүгө катышпай калуу пикир келишпестиктер келип чыккан учурда гана болушу мүмкүн. 

 

49-5-статья. Банктык холдингдик компания тарабынан берилүүчү отчеттор 

 

1. Ар бир банктык холдинг компания Кыргыз банкына Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө жылдык отчетту берүүлөрү керек. Бул отчеттор төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктык холдингдик компаниянын иши жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш: 

1) банктык холдингдик компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин түрү же түрлөрү

2) банктык холдингдик компаниялардын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралу маалыматты, алардын аталышы, ээлик кылуу проценттери, ар бир туунду же караштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды кошо; 

3) холдингдик компаниянын жана анын туунду компанияларынын жекече жана консолидациялык негиздеги финансылык жылдын акырына карата баланстык отчету, түшкөн пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчету. 

Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына банктык эмес туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алуу жөнүндө отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. Бул кабарлама ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтууга жана ага туунду компаниянын же караштуу компаниянын акыркы эки жылдагы иши боюнча финансылык отчеттору кошо тиркелүүгө тийиш. 

Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына качан компания банктык холдингдик компаниянын туунду же караштуу компаниясы болуусу токтогон учурда ал тууралу отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. 

2. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) жана Башкарманын (аткаруу органынын) ар бир жаңы мүчөсү жөнүндө алар дайындагандан кийин он күндүн ичинде ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, бул кызмат адамдарынын Кыргыз банкы тарабынан аныкталган критерийлерге ылайык келүүсүнө тиешелүү маалыматтар менен кошо маалымдоого тийиш. 

3. Кыргыз банкы ошондой эле банктык холдингдик компаниялардан банктык холдингдик компаниянын финансылык абалына жана тобокелдиктерди башкаруу тутумуна жана корпоративдик башкаруу тутумунун сапатына баа берүү, туунду банкка таасир этүүнү белгилөө жана ушул Мыйзамдын жоболорун сактоону камсыз кылуу үчүн башка отчетторду жана маалыматтарды талап кылууга да укуктуу. 

4. Ар бир банктык холдингдик компания Кыргыз банкына банктык холдингдик компания жана банктык топтор үчүн ички контролдун шайкештигине баа берүүнү камтыган жылдык отчетту жылдык финансылык отчет менен бирге берүүгө тийиш. Отчетко банктык холдингдик компаниянын Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) төрагасы, Башкарманын жана башкы бухгалтери кол коюуга тийиш. Отчеттун мазмунуна карата талаптар Кыргыз банкынын ченемдик актылары тарабынан аныкталат. 

 

49-6-статья. Банктык топтордун катышуучуларына карата колдонулуучу чаралар 

 

1. Банктын аффилирленген жактары тарабынан Кыргыз банкынын жана/же банктык мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берилген учурда же анын иши же финансылык абалы, Кыргыз банкынын пикири боюнча, банктын финансылык абалына жана банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян келтирсе же келтире турган болсо, Кыргыз банкы аффилирленген жактан бети ачылган укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшүн талап кыла алат. 

Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен банктын аффилирленген жагынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш. 

2. Кыргыз банкы банктын олуттуу катышуучуларынан алар тарабынан контролдонуучулардын, Кыргыз банкынын пикири боюнча, иши банктын финансылык абалына жана банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон компанияларга карата чараларды көрүшүн талап кыла алат. 

Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен банктын олуттуу катышуучуларынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш. 

3. Эгерде Кыргыз банкынын ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык коюлган талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаса, Кыргыз банкы: 

1) банктын туунду компаниясына тиешелүү учурда - банктан бул компанияга бардык инвестицияларды токтото турууну талап кылууга; 

2) банктык холдингдик компанияга тиешелүү учурда - банктык холдингдик компаниядан банктын үстүнөн контролду жүзөгө ашыруусун токтото туруусун, анын ичинде акциялар боюнча добуш берүүгө укукту тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашыруусун токтото турууну жана Кыргыз банкы тарабынан макулдашылган (жактырылган) үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча башкаруучуга) Кыргыз банкынын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде акцияларды ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууга; 

3) банктын аффилирленген жактарына тиешелүү учурда - аффилирленген жактардан жана/же банктан мындай аффилирленген жактар менен банктын ортосундагы операцияларды, бүтүмдөрдү (тике жана кыйыр түрдө) жүргүзүүсүн токтото турууну талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компанияларга тиешелүү учурларда, олуттуу катышуучудан: 

- банктын ишине катышуусун токтото турууну, анын ичинде акциялар боюнча тике же кыйыр добуш берүүнү жүзөгө ашыруусун токтото турууну жана Кыргыз банкы тарабынан макулдашылган (жактырылган) үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча башкаруучуга) Кыргыз банкынын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде акцияларды ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууга; 

- жана/же банк менен олуттуу катышуучунун ортосундагы жана/же банк менен ага олуттуу катышуу жүзөгө ашырылып жаткан компаниянын ортосундагы операцияларды, бүтүмдөрдү (тике жана кыйыр түрдө) жүзөгө ашыруусун токтото турууну талап кылууга укуктуу. 

Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын (адамдардын) ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишиминде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш. 

Банктын акцияларын ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактарга ишеним боюнча башкаруу ишеним боюнча башкаруучуга өткөрүп берүүсү алардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде, Кыргыз банкы менен ишеним боюнча башкаруучунун макулдугунан (жактыруусунан) кийин жүзөгө ашырылат. Келишимде төмөндөгүлөр (милдеттүү шарттар) каралууга тийиш: 

- ишеним боюнча башкаруучунун банкты башкарууга катышуу укугу; 

- ишеним боюнча башкаруучунун ушул статьянын 4-пунктунда белгиленген учурларда баалуу кагаздар рыногунда акцияларды ажыратуу укугу. 

Ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактар (адамдар) тарабынан Кыргыз банкынын талаптары аткарылбаган учурда, Кыргыз банкы ушул пункттун жоболоруна ылайык, көрсөтүлгөн жактардын (адамдардын) ишеним боюнча башкаруучу менен банктын акцияларын ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн сотко кайрылууга тийиш. 

4. Эгерде Кыргыз банкынын ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык коюлган талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаса, Кыргыз банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду же караштуу компаниясына тиешелүү учурда - банк өзүнүн инвестициясын компания мындан ары банктын туунду же караштуу компаниясы болуп саналбай турган деңгээлге чейин азайтуусун талап кылууга; 

2) банктык холдинг компанияларга тиешелүү учурда - банктын үстүнөн контролду жүзөгө ашырууга уруксатты жокко чыгарууга жана банкта контролду жана олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга; 

3) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясына тиешелүү учурда - банктык холдингдик компаниянын туунду компанияга же банкка контролдукту токтотуусун талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары болуп саналган компанияларга тиешелүү учурда - банктын олуттуу катышуучусу болуу укугуна уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. 

Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактын (адамдардын) ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишиминде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш. 

Ушул пунктта каралган учурларда банктын акцияларын ажыратуу Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Жогоруда аталган жактар тарабынан Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда Кыргыз банкы өзүнүн талаптарын соттук тартипте аткартууну талап кылууга тийиш. 

5. Кыргыз банкы менен ушул статьянын 1, 2, 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактардын (адамдардын) ортосундагы келишим - бул, белгилүү болгон укук бузууларды же кемчиликтерди Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетүү боюнча ошол жак (адамдар) тарабынан чараларды көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим болуп саналат. 

Кыргыз банкынын көрсөтмөсү белгилүү болгон укук бузууларды же кемчиликтерди Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетүүгө багытталган милдеттүү түрдө аткарылуучу чараларды көрүү жөнүндө көрсөтмө болуп саналат. Кыргыз банкынын көрсөтмөсүнө даттануу анын аткарылышын токтото албайт. 

6. Банктык топтун (банк болуп саналбаган) катышуучусуна, башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөгө (контролго) таандык болгон банктын олуттуу катышуучусуна карата ушул статьяга ылайык чаралар көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз банкы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрүлүүчү чаралардын негиздери жана мөөнөттөрү тууралу расмий билдирет. Кыргыз банкынын билдирүүсүнө байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкына ал тарабынан жүзөгө ашырылган аракеттер (чаралар, санкциялар) жөнүндө же банктык топтун катышуучусуна карата аракеттердин көрүлбөгөндүгүнүн себептери жөнүндө билдирүүгө тийиш. 

Банктын же анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келүүчү кырдаалдарды оңдоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракетсиздиги же жетиштүү аракет көрбөгөндүгү учурунда Кыргыз банкы ушул статьяда каралган чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга укуктуу. 

7. Ушул статьянын жоболоруна ылайык банкка олуттуу катышууну жүзөгө ашырууга же контролду жүзөгө ашырууга уруксатты Кыргыз банкы алып салган учурда ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 7-пунктунун жоболору колдонулат. 

8. Кыргыз банкы, эгерде анын пикири боюнча, банкты же анын аманатчыларын коргоо үчүн чараларды көрүүнүн зарылдыгын пайда кылган өзгөчө жагдай түзүлгөн болсо, ушул статьянын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн чараларды токтоосуз колдонууга укуктуу. 

Банктарга жана банктык топтун башка катышуучуларына карата ушул Мыйзамдын башка жоболору тарабынан каралган чаралар жана санкциялар колдонулушу мүмкүн. 

 

49-7-статья. Финансы секторундагы көзөмөл органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү 

 

Эгерде банктык топтун бөлүгү болуп саналган компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө же жөнгө салынууга тийиш болсо, Кыргыз банкы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун ишин бардык тараптан жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кызматташууну жүзөгө ашырууга тийиш. 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкына өзүндө болгон жана банктык топко же банктык топтун бардык катышуучусуна тиешелүү төмөнкүдөй маалыматты берүүгө тийиш: 

- банктык топтун структурасын, контролдоочу жактарды, кызмат адамдарын аныктоого мүмкүндүк берген; 

- бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жактырууну же билдирүү катын талап кылуучу банктык топтун бардык катышуучусунун ээлик кылуу, башкаруу структурасындагы же уюштуруу структурасындагы өзгөрүүлөр тууралу; 

- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун иши жана жүргүзгөн саясаты жөнүндө

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө (капиталдын шайкештигине, жалпы кызыкчылыктары бар адамдар менен операцияларга, ички топтук тобокелдиктерге жана алынган пайдаларга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш); 

- банктык топтун же банктык топтун катышуучуларынын ички контролдук, тобокелдиктерди башкаруу тутумдарынын уюштурулушу жөнүндө

- банктык топтун катышуучуларын башкаруу органынан маалыматтарды топтоонун жолжобосу жана мындай маалыматтарды текшерүү жөнүндө

- банктык топтун ички операциялар, бүтүмдөр, жана башка окуялар банктык топтун ишине олуттуу таасирин тийгизе турган банктык топтун катышуучусу жөнүндөгү маалыматтарды; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан банктык топтун катышуучулурына карата колдонулган санкциялар жана чаралар жөнүндө

- натыйжалуу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

VI бөлүм. 

Банктын кардарлар менен мамилелери 

 

50-статья. Банктын кардарлар менен өз ара мамилелеринин негиздери 

 

1. Юридикалык жактарды жана адамдарды кредиттик-эсептешүү жагынан жана башка банктык тейлөө банк тарабынан келишимдин негизинде ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

Келишимде келишим түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары, алардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, депозиттер жана кредиттер боюнча проценттерди төлөөнүн шарттары жана тартиптери, банк иштерин жүргүзүү үчүн ставкалар жана тарифтер, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелери, анын колдонулуу мөөнөттөрү, келишимдин шарттарын аткарбагандык үчүн, анын ичинде, аны бир тараптуу өзгөртүүлөрү үчүн айып акы санкциялары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана тараптардын макулдашуулары боюнча каралган жана башка шарттар камтылууга тийиш. 

Келишимде жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечилет. 

2. Банк иштерин жүргүзүүнүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык купуя сырдын сөңгөгү боло албайт. 

Банк кардардын биринчи эле талап кылуусу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жалпы шарттарын берүүгө милдеттүү

Ар бир банкта жана анын филиалдарында банктын иши тууралу жылдык отчет, ошондой эле, банктын ар бир кардарына жана инвесторлоруна берилүүчү банктын иши тууралу башка маалыматтар болууга тийиш. 

3. Банк өз кардарларына тиешелүү тейлөө шарттарындагы өзгөртүүлөр тууралу ар жолу ар бир кардарга түшүндүрүүгө же кат жүзүндө маалымат жөнөтүүгө, анын ичинде: 

1) банк тарабынан акы алуу менен көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат; 

2) кредиттерди кошо алганда көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөөлөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө маалымат; 

3) проценттер жана аманаттар боюнча депозиттерди төлөөнүн шарттары тууралу маалымат; 

4) банк тарабынан кардарлардын даттанууларын кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн; 

5) банк иштерин жүргүзүүнүн жана башка шарттарын жөнөтүп турууга тийиш. 

4. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана киргизилиши мүмкүн. Банктарга, эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, депозиттерди кабыл алууга тиешелүү келишимдерди бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө тыюу салынат. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөргө же депозиттер жана кредиттер боюнча проценттерге тиешелүү бардык өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы же банк тарабынан анын бардык бөлүмдөрүндө маалымат стенддеринде жайгаштырылууга тийиш. 

5. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар, эгерде алар тараптардын келишүүлөрү боюнча чечилбесе, сот тартибинде чечилет. 

6. Кардарларынын алдында алган бардык милдеттенмелеринин аткарылышы, үчүн эгерде келишимде башкача каралбаса, банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтер тартышат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

51-статья. Чектер, векселдер жана башка төлөө каражаттары 

 

1. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ар кайсы эсептешүү системаларын, анын ичинде: 

1) чектерди жана чектик китепчелерди; 

2) эсепте болгон сумма жөнүндө маалыматтарды камтыган жана аны көрсөтүү менен акчаларды алууга укук берген сактык китепчелерин; 

3) төлөө документи катары колдонулуучу кредиттик карточкалар (эгерде, эсепте кардардын каражаты жетиштүү болбосо да банк ага товар сатып алуусу же кандайдыр бир көрсөтүлгөн кызматтарга төлөөсү үчүн белгилүү өлчөмдө кредиттерди бере алат); 

4) кардардын банктагы эсебинде каражаты жетиштүү болгон учурларда гана төлөө документи катары колдонулуучу дебеттик (эсептешүү) карточкаларды; 

5) чек берүүчү менен мурдатан шартташкан сумманы белгилүү бир чекке чейин карточка боюнча банктын төлөй тургандыгын ырастоочу чек китепчеси боюнча кепилдик карточкаларды; 

6) эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган жана мыйзамдарга каршы келбеген башка төлөө каражаттарын колдоно алат. 

2. Банк ошондой эле, кардарларга атайын коддорду жана карточкаларды колдонуу менен атайын автоматтардан акча алууга мүмкүндүк берген карточкаларды пайдалана алат. Мындай карточкаларды пайдалануу алдын ала Кыргыз банкына билдирүү менен жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

52-статья. Кардардын банктарды эркин тандап алуусу 

 

1. Юридикалык жана жеке жактар өздүк каражаттарын сактоо жана кредиттик-эсептешүү жагында тейлөө үчүн банктарды тандап алууда эркин болушат жана бир же бир нече банктарда ар кандай эсептерин ача алышат жана эсептерге ээ боло алышат. 

2. Юридикалык жактар жана жеке адамдар өз каражаттарын өз алдынча тескей алышат. 

Өз эсептеринен акчалай каражаттарды банктын кардарлары банк менен макулдашуунун шарттарына ылайык өздөрүнүн инсандыгы тууралу канааттандырарлык далилдер келтирүү менен эркин ала алышат. 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын 

редакциясына ылайык) 

 

53-статья. Эсептерди кылмыштык максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салуу 

 

Кыргыз Республикасынын жана анын финансы жана банк тутумунун аброюн коргоо, банктарды терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында, ошондой эле банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында банк эсептерин кылмыштык максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Кыргыз банкы мыйзамдардын жана ушул маселе боюнча эл аралык макулдашуулардын (келишимдердин) негизинде нормативдик актылары чыгарууга укуктуу. 

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

54-статья. Банктын купуя сыры 

 

1. Банкка (Кыргыз банкын кошо алганда), анын уюштуруучуларына, акционерлерге, Директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрүнө, банктын аткаруучу кызмат адамдарына, кызматкерлерине, ошондой эле банкка иштеп жаткан адамдарга аларга ишенип берилген маалыматтарды же банк менен кардардын ортосундагы мамилелердин жүрүшүндө дайын болгон маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүүсүнө же кандайдыр бир максаттарга пайдалануусуна тыюу салынат же мыйзамдарында каралган негиздер боюнча. 

Мындай тыюу салуу банктын мурдагы кардарларына жана мындай кардарлардан алынган бардык маалыматтарга да таркатылат. Мындан тышкары, бул тыюу салуу, банкта эсептери бар-жогуна карабай банк кызмат көрсөткөн бардык жактарга да тиешелүү болот. 

2. Банктык маалыматтарды таркатууга тыюу салуу төмөндөгүлөрдү

1) эгерде буга кардардын уруксаты же нускамалары болбосо алынган маалыматтарды банктын же кандайдыр бир башка жактын кызыкчылыгы үчүн колдонууга жол бербөөнү

2) аткарган милдеттерине байланыштуу Кыргыз банкына, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга жана аудиторлорго маалыматтарды берүү учурларынан, ошондой эле, "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкарыда колдо болгон маалыматтын үчүнчү жакка берилбешин камтыйт. 

3. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий суроо-талабынын негизинде "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошумча маалымат беришет. 

(КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

55-статья. Кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо 

 

1. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иш-аракеттери, эсептери жана аманаттары боюнча маалымдамалар эсептердин ээлерине жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилет. 

2. Юридикалык жактардын эсепкорлорундагы акча каражаттарынын калдыктары жана алардын жүгүртүлүшү жөнүндөгү маалымдамалар: 

1) өндүрүштө турган иштер боюнча прокурордун санкциясы менен официалдуу талап кылуунун негизинде тергөө органдарына; 

2) алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза иштерине байланыштуу соттун аныктамасы боюнча сотторго берилет. 

3. Жеке адамдардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктары жана алардын жүгүртүлүшү тууралу маалымдамалар: 

1) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жеке адамдын өзүнүн өкүлдөрүнө

2) алардын иш өндүрүшүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча прокурордун санкциясынын негизинде - тергөө органдарына; 

3) алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча соттун аныктамасынын негизинде - сотторго берилет. 

4. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктары тууралу салыктык текшерүүнү жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча, расмий суроо талаптын негизинде маалымдамалар салык инспекцияларына берилет. 

5. Ушул статьянын 2, 3 жана 4-пункттарында келтирилген юридикалык жактар жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган купуя сырларды ачыкка чыгаргандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. 

6. Көзү өтүп кеткен учурда ээсинин эсептери боюнча маалымдамалар мыйзамдарга ылайык таанылган мурасчыларга, ошондой эле өлгөн аманатчылардын аманаттары жөнүндөгү мурастык иштер кароосунда турган мамлекеттик нотариалдык контораларга жана чет өлкөлүк консулдук мекемелерге берилет. 

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

56-статья. Банктардагы акча каражаттарына жана башка баалуулуктарга камак салуу жана аларды төлөмгө коюу, кардарлардын эсептери боюнча иш-аракеттерди токтото туруу 

 

1. Юридикалык жактардын банктардагы акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына республиканын мыйзамдарына ылайык соттун аныктамасы (өкүмү) же чечими, тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салынышы мүмкүн. Өндүрүп алуу сот тарабынан берилген аткаруу документтеринин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Жеке адамдардын банктардагы акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттун аныктамасы, чечими, өкүмү, өндүрүштө турган иштер боюнча прокурордун санкциясы менен тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салынышы мүмкүн, ал эми өндүрүү соттун өкүмү же чечими менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Банктагы документтерди алуу соттун чечими боюнча же прокурордун санкциясы боюнча тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. 

3. Граждандардын акча каражаттарын жана башка баалуулуктарын конфискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же соттун мүлктү конфискациялоо жөнүндө мыйзамга ылайык чыгарылган норманы камтыган токтомунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

4. Банктар террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө токтотот. 

(КР 2009-жылдын 26-майындагы N 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

57-статья. Аманаттар боюнча өспүрүмдөрдүн укуктары 

 

1. Өспүрүм банкка аманат салууга жана аны өз алдынча тескөөгө укуктуу. 

2. Өспүрүмдүн атына кимдир бирөөлөр тарабынан салынган аманатты; 

- өспүрүм 14кө чыкканга чейин - ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү

- өспүрүм 14кө чыккандан кийин - өспүрүмдөрдүн өздөрү тескешет. 

 

VII бөлүм. 

Банктардагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

 

58-статья. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

 

1. Банктын финансы жылы 1-январдан 31-декабрды кошуп белгиленет. Эгерде, банкты каттоо 1-январдан кийинки күнү жүргүзүлгөн болсо, анда банктын биринчи финансы жылы ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн башталып, ошол эле жылдын 31-декабрында аяктайт. 

2. Бухгалтердик эсепке алуу тартиби, отчет берүүнүн мүнөзү, көлөмү, түрлөрүнүн тизмеси жана мөөнөттөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. 

3. Уюштуруу документтерине ылайык банктын атынан чыгууга укуктуу болгон Башкарманын Төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген маалыматтын аныктыгы менен толуктугу жана отчеттуулук үчүн жоопкер болот. 

Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттуулукта бухгалтердик операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкер болот. 

4. Банктын жылдык отчетту берүүсүнүн структурасы жана мөөнөттөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. 

5. Банктар жүргүзүлгөн операцияларын эсепке алууну жана аларды финансылык отчеттуулук боюнча эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчетторунда чагылдырууну жүзөгө ашырышат. 

Бухгалтердик, банктык жана консолидацияланган отчетторду кошуп алганда, башка отчеттордун тизмесин, берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле аларга тиешелүү коюлган талаптарды бузууга жол бергендик үчүн жоопкерчиликтер Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 

6. Банктын отчетторунда пруденциалдык ченемдердин жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон ченемдердин жана лимиттердин банк тарабынан аткарылбай жаткандыгы туурасында туура эмес маалыматтардын жана ой-жүгүртүүлөрдүн түптөлүшүнө алып келген так эместиктердин жана карама-каршылыктардын орун алышы учурунда, Кыргыз банкына мурда берилген отчетторго өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын көрсөтүү менен бул жөнүндө белгиленген мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү

Өзгөртүүлөрдүн киргизилишине банк тиешелүү негиздөөлөрдү бербесе же Кыргыз банкынын расмий макулдугу жок болсо, банк үчүн пруденциалдык ченемдерди жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон ченемдерди жана лимиттерди эсептөөлөр, анын негизинде жүргүзүлгөн отчеттук маалыматтар артыкчылыктуу деп эсептелет. 

7. Банктар өз каражаттары, анын ичинде мамлекеттин чегинен тышкарыдагы (корреспонденттик счеттору, банктар аралык депозиттери ж.б.) каражаттары, кабыл алынган депозиттеринин өлчөмү жана берилген кредиттери, жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан операциялары жана банктык сырды камтыган маалыматтарды кошо алганда, бардык тиешелүү маалыматтарды Кыргыз банкынын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-декабрындагы N 235 Мыйзамынын, 2005-жылдын 10-мартындагы N 46 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

59-статья. Банк ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жарыялоо 

 

1. Банктын жылдык отчету жылдык баланс жана кирешелери жана чыгашалары жөнүндөгү отчету менен кошо алардагы маалыматтардын аныктыгы аудитордук фирма (аудитор) далилдегенден жана жылдык баланс жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндөгү отчеттор акционерлердин жылдык чогулушунда бекитилгенден кийин басылмаларда Кыргыз банкы тарабынан аныкталган формалар боюнча, эсепке алуу стандарттарында жана мөөнөттөрдө жарыяланат. 

Жылдык финансылык отчетту ачып көрсөтүү банктын операцияларынын өлчөмүнө жана табиятына дал келүүгө тийиш. 

2. Өз ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачып көрсөтүүдө банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

ар кандай операциялардагы жана портфелдик салымдардагы кредиттик тобокелдиктердин деңгээлине баа берип эсептөө үчүн пайдаланылган саясат, иш-тажрыйбалар жана усулдар жөнүндө маалыматтарды даана көрсөтүүгө

кредиттик жоготуулардын ордун жабууга каралган жалпы жана атайы резервдерге чегерүүлөрдү аныктоодо пайдаланылган саясат жана усулдар жөнүндө маалыматтарды толук ачып көрсөтүүгө. Ушундай аныктоону пайдалануудагы негизги маалыматтарды банктын түшүндүрүүсү керек; 

банк кредиттик тобокелдиктерди кантип аныктай тургандыгы жана бул тобокелдиктер ишкердиктин кайсы түрүндө келип чыгаары пайдалануучуга түшүнүктүү болуусу үчүн кредиттик тобокелдиктердин келип чыгыш табияты жөнүндө сапаттуу маалыматтарды берүүгө

банктын олуттуу катышуучулары, менеджменти, уюштуруу түзүмү жөнүндө, анын ичинде кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча банктын функцияларынын түзүмү жана анын уюштурулушу боюнча, ошондой эле тобокелдиктерди контролдоо саясаты жана тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана "начар" активдерин кайтарып алуу техникасы (жолдору) жана усулдары жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тийиш; 

колдонулуп жаткан кредиттик рейтингдик тутумдун жана кредиттик тобокелдиктин деңгээлин өлчөө үлгүлөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш; 

утурумдук карыздарды кошо алганда, салымдар боюнча карыздарды, алардын негизги түрлөрү жана категориялары боюнча келечекте келип чыгышы мүмкүн болгон потенциалдуу жоготуулары тууралу мүмкүн болушунча даана көрсөтүү. Маалыматтар 1 жылга чейинки, 1 жылдан 5 жылга чейинки, 5 жылдан ашык мөөнөттөргө каралган, ошондой эле карыз алуучунун тармактык таандуулугу жана аймактык жайгашуусу боюнча берилген кредиттер, соодалык жана инвестициялык портфелдер, активдер жана милдеттенмелерди башкаруу портфелдери жана баланстан тышкаркы операциялар боюнча бардык номиналдык салымдардын суммасы боюнча берилет; 

кредиттик тобокелдиктердин концентрациялануусу жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

банк тарабынан күрөөлүк камсыздоону, гарантияларды жана кепилдик берүүлөрдү, кредитти камсыздандырууну кошуп алганда, кредиттик тобокелдиктердин оорчулугун төмөндөтүүдө пайдаланылган техникалар жөнүндө дагы башка маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

жыл ичинде реструктуризацияланган кредиттер жөнүндө жалпы маалыматтарды ачып көрсөтүү

кирешелер, алынган таза пайда жана активдердеги жана капиталдагы кайтарымдуулуктар жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

мыйзамдардын жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптардын жана экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

көзөмөл жана жөнгө салуу органдары тарабынан (Кыргыз банкы, баалуу кагаздар рыногу боюнча Мамлекеттик комиссия) банкка жана анын кызмат адамдарына карата айып санкциялары, жетекчилерди алмаштыруу, кошумча капитализациялоо же кошумча капитал берүү сыяктуу өзүнө карата көрүлгөн чаралар тууралу маалыматтарды толук ачып көрсөтүүгө

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

59-1-статья. Аффилирленген жактардын жана инсайдерлердин отчеттору жана башка маалыматтары 

 

Ишмердиги банк иши менен байланышкан ар кайсы аффилирленген жактар, банк жана инсайдерлер Кыргыз банкынын талабы боюнча финансылык отчеттуулукту жана ар кандай башка маалыматтарды Кыргыз банкы белгилеген тартипте берип турууга милдеттүү

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- 

дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

 

59-2-статья. Банктын, банктык холдинг компанияларынын (башкы компаниялардын) жана банктардын аффилирленген юридикалык жактарынын аудити 

 

1. Аудиттен өткөрүлүүчү топтун өкүлү болгон ар бир банк, банктык холдинг компаниясы (башкы компания), банктын же банктык холдинг компаниясынын ири туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын аудитордук иш тууралу мыйзамдарына ылайык, аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө лицензиясы бар көзкарандысыз аудитордук уюмдар (тышкы аудитор) тарабынан жыл сайын аудиттен өткөрүлөт. 

Ушул статьянын максаттары үчүн "банктын же банктык холдинг компаниясынын ири туунду компаниясы" - бул банктын же банктык холдинг компаниясынын: 

- отчеттук финансы жылында банктын же банктык холдинг компаниясынын дүң кирешесинин 10 пайыздан көбүрөөгүн өндүргөн; 

- же отчеттук финансы жылынын аягында банктын же банктык холдинг компаниясынын консолидацияланган активдеринин 10 пайыздан көбүрөөгүнө ээ болгон кайсы гана болбосун туунду компаниясы. 

Бул статьянын жоболору Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана аныкталуучу башка финансы-кредиттик мекемелерге карата да колдонулат. 

2. Аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору болушу мүмкүн. 

Банкта же банктык холдинг компаниясында аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюмдун: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензиясы болууга; 

- банктан көзкарандысыз болууга; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча тажрыйбасы болууга; 

- штатында же сырттан тартылган аудиторлору болууга тийиш. 

Аудитордук уюмдун штатындагы же сырттан тартылган аудиторлор төмөндөгүлөргө ээ болууга тийиш: 

- "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык квалификациясы; 

- финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча 3 жылдык тажрыйбасы; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча тажрыйбасы; 

- банктык иш чөйрөсүндөгү билими болууга тийиш. 

Банктын аудитине катышышкан аудитордук уюм же аудиторлор же банктын аудитине катышууга тартылган аудиторлор банктан көзкарандысыз деп эсептелинет (анын корутундуларынын, тыянактарынын натыйжаларына кимдир-бирөөнүн тийгизген таасиринен көзкарандысыз жана банктын тышкы аудиторунун өз оюн билдирүүсүнө кимдир-бирөөнүн таасир тийгизишин жокко чыгарган шарттарда өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүү), эгерде алар акыркы эки жылдын ичинде: 

- инсайдер, Директорлор кеңешинин, Башкарманын же банктын Аудит боюнча комитетинин же ошол банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын мүчөсү

- кайсы гана болбосун инсайдердин, Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөсүнүн, банктын кызматкеринин, банктын Аудит боюнча комитетинин же банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын мүчөсүнүн ишкер өнөктөшү (иш боюнча катышы бар); 

- банктын же банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын акционери; 

- банк, банктын аффилирленген жагы, банктын инсайдеринин кайсы гана болбосун аффилирленген жагы менен аудитордук уюмдун ишинин калыстыгына жана көзкарандысыздыгына кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай тике же кыйыр бүтүмдөрдүн же макулдашуулардын катышуучусу болуп саналса. 

3. Ушул статьянын максаттары үчүн "аудит" термини өзүндө аудитордук уюмдарга, алардын штатына, сырттан тартылган аудиторлорго (жеке жана юридикалык жактарга), аудитордук текшерүүлөргө (кайсы гана баскычында болбосун), аудитордук корутундуларга коюлган талаптарды камтыйт. 

4. Банктын же банктык холдинг компаниясынын аудити консолидацияланган негизде жана ар бир компанияда жекече жүргүзүлөт. Банктык холдинг компаниясынын ири банктык эмес туунду компанияларындагы же банктын ири банктык эмес туунду компанияларындагы аудит өз алдынча негизде жүргүзүлөт. 

5. Аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон топко кирген бардык жактарды аудиттен өткөрүү бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Эгерде банк жана аффилирленген жак тиешелүү далилдерди берсе, банктын жана анын аффилирленген жагынын (аффилирленген жактарынын) арызы боюнча Кыргыз банкы бул талаптарды алып салышы мүмкүн жана Кыргыз банкы төмөндө келтирилген жагдайлардын орун алышын тааныйт: 

- аудиттин наркынын жогору болгонунан улам, аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон бардык топтор үчүн аудиттин бир аудитордук уюм тарабынан жүзгө ашырылышынын мүмкүн эместиги, анткени бул банктын финансы жагындагы абалына тескери кесепеттерин тийгизиши мүмкүн же аудитордук уюмдун жоктугу, бул керек болгон мезгил ичинде аудиттен өткөрүлүүчү топтун ар бир жагын аудиттен өткөрүүнү бүтүрүшү мүмкүн же аудиттен өтүүчү топтун ар бир жагына карата тиешелүү аудитти жүзөгө ашырышы ыктымал; 

- банк жана анын аффилирленген жагы тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу боюнча бардык чаралар көрүлсө

- ар кандай аудитордук уюмдар тарабынан аудиттен өткөрүлүүчү топтун ар кандай жактарында аудитти жүзөгө ашырууга Кыргыз банкынын уруксат берүүсү банктын кайсы гана болбосун аффилирленгсн жагында, же бүтүндөй банктык топто банктын аудитинин натыйжаларына тескери таасирин тийгизбеген болсо. 

Кыргыз банкы аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон топко кирген бардык жактардын бир аудитордук уюм тарабынан аудиттен өткөрүлүшүнө коюлган талапты, аудиттен өткөрүлүүчү топко кирген ар кандай жактарды болжол менен аудиттен өткөрүүгө тийиш болгон бардык аудитордук уюмдар бири-бирине иш боюнча документтерди алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана банкты, анын аффилирленген жагын аудиттен өткөрүүгө тиешелүү болгон аудитордук корутунду менен таанышууга, аудит өтүп жаткан мезгил ичинде маалыматтар менен алмашууга, ошондой эле алардын аудитордук корутундуларынын мазмунуна жараша өзара иш алып барууну жүзө