> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2006-жылдын 31-июлу N 135 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2014-жылдын 25-декабрындагы N 162, 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I глава 

Жалпы жоболор 

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты, милдети жана колдонуу чөйрөсү 

1. Ушул Мыйзам терроризмди кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы күрөшүүнүн укуктук механизмин түзүү аркылуу жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн кыянат кол салуудан коргоого багытталган. 

2. Ушул Мыйзамдын негизги милдети кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу иш аракеттерге бөгөт коюу, аны аныктап табуу, иликтөө, ошондой эле ушул Мыйзам талабына ылайык шектүү операцияларга үтүмдөргө) жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтарды алууга, талдоо жүргүзүүгө жана аларды берүүгө ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү боюнча ченемдерди белгилөөчү укуктук негиздерди түптөө болуп саналат. Көрсөтүлгөн орган маалыматтарды берген жактардан ушул Мыйзамга, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу

3. Ушул Мыйзам кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу жосундарга жол бербөө, бетин ачуу жана ага бөгөт коюу максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкө жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын, акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды (бүтүмдөрдү), Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди которууну жүзөгө ашырышкан уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттары же мүлктөр менен операциялардын үтүмдөрдүн) жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын мамилелерин жөнгө салат

4. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2014-жылдын 25-декабрындагы N 162, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат

кылмыштуу кирешелер - кылмыш жасоонун натыйжасында тикелей же кыйыр түрдө алынган же сатып алган кандай гана болбосун экономикалык пайда же мүлк

кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясында каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун; 

мүлк - буюмдар, буюм же укук түрүндө жана материалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чет-жакаларында жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар, антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондой эле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу юридикалык документтер же актылар; 

шектүү операциялар (бүтүмдөр) - ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин камтыган шектүү операциялар үтүмдөр), башкача айтканда мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ошол жеке же юридикалык жактын (жактардын) иши үчүн мүнөздүү болбогон, ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максаты жок акча каражаттары же мүлктөр менен жасалган операциялар (бүтүмдөр)

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты чогултууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

террористтик же экстремисттик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган, кылмыш жазасы берилүүчү коомдук кооптуу аракеттер; 

милдеттүү көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынган, ага ушул операцияларды жүзөгө ашыруучу маалымат берүүчү жактар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде ишке ашырылган акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол маалыматтарды текшерүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйындысы

ички контроль - милдеттүү контролго алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен жасалуучу бөлөк операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу боюнча маалымат берүүчү жактар тарабынан көрүлүүчү чаралардын жыйындысы. Ички контролдун жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет

банк-кабыкча - өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн жана кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топко аффиляция кылынбаган банк; 

ФАТФ - акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ); 

акча каражаттары - Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде же чет мамлекеттерде (чет мамлекеттердин топторунда) жүгүртүүдө болгон жана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган, анын ичинде жүгүртүүдөн алынган же алынып жаткан, бирок жүгүртүүдөгү акча белгилерине, ошондой эле электрондук акчаларга алмаштырылууга тийиш болгон баалуу металлдардан жасалган тыйындарды кошпогондо, банкнота жана казыналык билеттер, тыйындар түрүндөгү акча белгилери

акча инструменттери - жол чектери, векселдер, чектер (банк чектери), ошондой эле мындай төлөм жүргүзүлүп жаткан жак көрсөтүлбөгөн акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документардык формадагы баалуу кагаздар; 

чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясий функциялар берилген же берилип жаткан чет мамлекеттердин жарандары (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, жогорку даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, укук коргоочу жана фискалдык органдардагы жогорку кызмат адамдары, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде мурункулар дагы; 

бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - акча каражаттарына же мүлккө карата менчик ээсинин укугун алып жүргөн жана анын атынан же анын эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган адам, же акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар тарабынан жасалышына андай адам менен кардардын ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык тике же кыйыр түрдө таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам

идентификация - жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген түпнускалардын же документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде маалымат берүүчү жактар тарабынан төмөнкү маалыматтардын аныкталуусу; 

жеке жакка карата - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), жарандыгын, инсандыкты күбөлөндүрүүчү маалыматтар (паспорту) жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документи, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгон учурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка маалыматтар; 

юридикалык жакка карата - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери, мамлекеттик каттоодон өткөн жери жана жайгашкан жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызмат адамдары тууралуу маалыматтар жана кардардын ишин жөнгө салуучу уставдык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар

верификация - ички контролду жүзөгө ашыруу максатында, маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу идентификациянын жыйынтыктарын тактоо же тиешелүү түрдө текшерүү боюнча иш-чаралар

операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруу - ыйгарым укуктуу органдын тоңдуруу тууралуу тескемесинин негизинде жана анын колдонулуу мөөнөтүнө операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө тыюу салуу же каражаттарды берүүгө, кайра өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу. Тоңдуруу тууралуу тескеме кабыл алынган акча каражаттары же мүлк жеке же юридикалык жактардын менчигинде кала берет жана маалымат берүүчү жактардын башкаруусунда калышы мүмкүн

маалымат берүүчү жактар (ушул Мыйзамга карата) - акча каражаттары же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана/же жеке жак

- банктар (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда); 

- финансылык уюмдар жана мекемелер (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда)

кредиттик уюмдар (мекемелер) жана алардын филиалдары; 

кредиттик кошуундар; 

камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары; 

баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары

ипотекалык компаниялар; 

пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компаниялар; 

лизингдик (финансылык) компаниялар; 

кесиптик негизде, анын ичинде эсеп ачпастан акча которуунун адистештирилген системалары боюнча акча каражаттарын же баалуулуктарды которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар

кесиптик негизде чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу же конвертация менен алектенүүчү жактар (алмаштыруу бюросу)

күрөөканалар жана сатып алуу кеңселери

товардык биржалар; 

- финансылык эмес коммерциялык түзүмдөр

(36-абзац КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

лотереяларды уюштуруучу жана өткөрүүчү жактар

мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор; 

кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу же кыймылсыз мүлктү алып-сатуу бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууда ортомчулук кызмат көрсөтүүчү уюмдар (риэлторлор) жана агенттер (брокерлер); 

кардар менен накталай ар кандай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырган учурда, кымбат баалуу металлдар менен асыл таштар жана алардан жасалган зер буюмдары менен (жана ушундай зер буюмдардын сыныктары менен) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар

- акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жактар

ишеним башкаруусу, анын ичинде трасттык компаниялар (баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердүүлүктөн башкасы) боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар; 

(43-абзац КР 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почталык жана телеграфтык байланыш уюмдары. 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2014-жылдын 25-декабрындагы N 162, 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

II глава 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо алдын алуу 

3-статья. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар 

1. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин жашыруун банк эсептерин (аманаттарын), көрсөтүүчүнүн эсептерин (аманаттарын) ачууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык контрагенттерди жана/же кардарларды аныктамайынча эч кандай операцияларды жүзөгө ашырууга укуктары жок

Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер, эгер тиешелүү адам тарабынан банктык эсепти (аманатты) ачуу боюнча талаптарды аткаруу, ал боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарды аныктоо боюнча зарыл документтер берилбесе, эгер ачыктан ачык такталбаган документтер берилсе, эгерде ушул жак террористтик же экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген болсо, юридикалык жакка жана жеке адамга банктык эсепти (аманатты) ачуудан же эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартуусу тийиш. Ушул абзацта көрсөтүлгөн учурларда банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимди бузууга укуктуу

Маалымат берүүчү жактар

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын идентификациялоого жана алынган маалыматтарды каттап жазууга; 

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын верификациялоого; 

- акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө укугу бар жактардын ыйгарым укуктарын жана аныктыгын күбөлөндүрүүгө

- бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуларды) белгилөө жана идентификациялоо боюнча жеткиликтүү жана зарыл чараларды көрүүгө

- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда табуучулар) жөнүндөгү маалыматты дайыма жаңылап турууга милдеттүү

2. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер оффшордук аймакта катталган банктар, алардын өз алдынча юридикалык жок болуп эсептелбеген аффилирленген жактары, туунду банктары жана өзгөчөлөнгөн бөлүкчөлөрү, ошондой эле жеңилдетилген салык режимдери орун алган жана (же) банктык көзөмөл боюнча банктык көзөмөл органдарына маалыматтарды ачык көрсөтүү жана (же) берүү каралбаган мамлекеттерде же аймактарда катталгандар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укуктары жок. 

Ушул чектөөлөр башкы мекемеси оффшордук аймактардан тышкары жайгашкан (катталган) оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө таркатылбайт

Банк-кабыктарды түзүүгө тыюу салынат

Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер банк-кабыктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банк-кабыктарга өз эсептеринен пайдаланууга мүмкүндүк беришкен четөлкөлүк финансы мекемелери респонденттер менен операцияларды (бүтүмдөдү) жүзөгө ашырууга каршы сактык чараларын көрүүлөрү тийиш. 

2-1. Маалымат берүүчү жактар чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды тейлөөдө (акча каражаттары жана мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу), ушул беренеде белгиленген чаралардан тышкары

- тейлөөгө алынуучу же тейленилип жаткан жеке жактардын арасынан саясий мааниге ээ жактарды таап чыгуу боюнча жеткиликтүү чараларды кабыл алууга; 

- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечиминин негизинде гана тейлөөгө алууга; 

- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардын акча каражаттарынын же мүлкүнүн пайда болуу булактарын аныктоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө

- тейлөөдө турган чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар жөнүндөгү колдо турган маалыматты дайыма жаңылап турууга

- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакын туугандары (түздөн-түз жана туугандыгы алысыраак (ата-энеси жана балдары, чоң атасы, чоң энеси жана неберелери), бир туугандыгы толук жана толук эмес (атасы же энеси бир болгондор) ага-ини жана эже-карындаштары, багып алгандар жана асырап алынгандар), өкүлдөрү жана иштиктүү өнөктөштөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) көбүрөөк көңүл бурууга тийиш

2-2. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чек аралык корреспонденттик мамилелерди жүзөгө ашырууда

- алар менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзө турган же жүзөгө ашырган мекеме-корреспонденттерди идентификациялоого жана верификациялоону жүргүзүүгө

- мекеме-корреспонденттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү тууралуу маалымат топтоого; 

- жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде мекеме-корреспонденттин кадыр-баркын баалоону жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү органдын болушун аныктоону жүргүзүүгө

- корреспонденттик банктык мамилелер түзүлгөнгө чейин аткаруучу жетекчиликтин макулдугун алууга; 

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселеси боюнча мекеме-корреспондент (банктын кардары болуп саналган) тарабынан колдонулуучу контролдоо механизмдерин баалоону жүргүзүүгө милдеттүү

2-3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттарын өзүнүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында жыйнаган, алган, берген же которгон коммерциялык эмес уюмду кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого максатында пайдаланууга жол бербөөгө багытталган эрежелерди иштеп чыгат

3. Өзүн каттаган мамлекеттин мыйзам актыларына ылайык оффшордук аймакта катталган компаниянын (коомдун) статусуна ээ болгон юридикалык жак Кыргыз Республикасынын банк-резидентинин уюштуруучусу же акционери боло албайт. 

Банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди лицензиялоону жана иштерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы субъекттердин, мамлекеттердин жана оффшордук аймактардын тизмесин аныктайт жана алар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнүн шарттарын жана чектөөлөрүн белгилейт

4. Маалымат берүүчү жактар төмөнкүлөрдү аткаруулары тийиш

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алардын аткарылышын контролдоонун тиешелүү механизмдерин жана кызматкерлерди жалдоодо тандоо жол-жоболорун иштеп чыгууга; 

Караңыз

КР Улуттук Банкынын башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы N 7/2 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ички контроль системасына карата коюлуучу минималдуу талаптар тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому 

- кардардын ким экенин аныктоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды, ошондой эле акча каражаттары же мүлктөр менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) тууралу маалыматтарды эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоосу. Мындай жазууларда карап чыгууга жана териштирүү үчүн тиешелүү далилдерди көрсөтүү максатында айрым операциялар (бүтүмдөр) калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жетиштүү маалыматтар болуусу тийиш

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү жөнүндө кабарларды ачыкка чыгарбоого. Ушундай маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген фактылары жөнүндө үчүнчү жактарга билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөнтүз каралган учурларда гана мүмкүн. Акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматкерлери ал уюмдардын кардарларына жана башка жактарга маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгендиги жөнүндө билдирүүгө укугу жок; 

- кылмыштуу кирешелер менен же террористтик же экстремисттик иш менен байланышкандыгы, же ушул максатта колдонула тургандыгы жөнүндө шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздер бар болгон учурда, билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен) кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жооптуу атайын кызмат адамдарын (жетекчиликтин деңгээлинде) дайындоого

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте, туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө

5. Террористтик же экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын операциясын (бүтүмүн) токтото туруунун жана операциясын үтүмүн) же каражаттарын тоңдуруунун тартибин, ошондой эле аталган тизмекти түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 

6. Маалыматтарды берген жактар жана алардын кызматкерлери, шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө тиешелүү ушул Мыйзамда каралган укук ченемдүү милдеттерди аткарууда, эгер ошол аракеттерди көрүүнүн белгиленген тартибин бузууларга жол берилбесе, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген чыгымдар, алынбай калган пайдалар же моралдык зыян келтирүүлөр үчүн жоопкерчиликтерден бошотулат

Операцияларды токтотуу, банктык эсепти (аманатты) ачуу же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ушул статьяда каралган банк эсебин токтотуу жана эсепти жабуу жөнүндө келишимди бузуу маалыматтарды берген жактардын жарандык-укуктук жана башка жоопкерчиликтеринин келип чыгуусуна негиз боло албайт. 

7. Маалыматтарды берүүчү жактар ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттердин жана аймактардын уюмдары жана жактары, ошондой эле негизги компаниясы ошондой мамлекеттерде жана аймактарда катталган туунду уюмдар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр менен ишкер мамилелерге, операцияларга (бүтүмдөргө) өзгөчө көңүл буруулары тийиш. Мындай мамлекеттердин жана аймактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. 

8. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өздөрүнүн компетенцияларына ылайык тиешелүү көзөмөл органдары тарабынан, ал эми акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү айрым уюмдардын иш чөйрөсүндө көзөмөл органдары жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

4-статья. Милдеттүү көзөмөлдүн талаптары (шарттары

1. Маалымат берген жактар төмөнкүлөргө милдеттүү

- ушул Мыйзамда аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык милдеттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты, операция (бүтүм) жасалган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал тарабынан белгиленген формада берүүгө

- шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмегине ылайык шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табууга жана алар жөнүндөгү маалыматты, операция (бүтүм) шектүү деп табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө

Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жана алар жөнүндөгү маалыматты берүү жол-жобосу (формасы) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 

Ал маалымат документ болуп катталат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: 

- бүтүмдүн жана операциянын түрү жана аны ишке ашыруунун негиздери

- бүтүм жана операция ишке ашырылган күн жана операция жүргүзүлгөн сумма

- жеке же юридикалык жакты идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтар; 

- бүтүм же операция анын тапшыруусу, же анын атынан жүргүзүлгөн жеке адамдын же юридикалык жактын ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ал болсо), жеке адамдын же юридикалык жактын турган жеринин же жайгашкан ордунун дареги; 

- ишеним каттын, мыйзамдын же аны берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысына негизденген ыйгарым укук аркылуу башка жактын атынан операцияны ишке ашырган жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлүнүн ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, жеке адамдын же юридикалык жактын жашаган ордунун дареги; 

- акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөр операциялар боюнча алуучуну аныктоо үчүн зарыл маалыматтар

анын ичинде алуучунун аталышы, анын эсебинин номуру. 

2. Эгер маалыматтарды берүүчү жактардын кызматкерлеринде кайсы бир операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо максатында жүзөгө ашырылып жатканынан шектенүү келип чыкса, ал адам андай операциялар үтүмдөр) тууралу маалыматтар ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган операцияларга үтүмдөргө) жатаар же жатпасына карабастан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү

3. Маалымат берүүчү жактар, татаал, адаттан тыш ири операциялардын (бүтүмдөрдүн), ошондой эле айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок болгон адаттан тыш схема боюнча өткөрүлгөн операциялардын үтүмдөрдүн) аныкталган чыныгы жагдайларын документтүү жазууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө милдеттүү

Мындай операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилеринин тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 

4. Маалымат берүүчү жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, милдеттүү контролдун объектиси болуп калган операциялар (бүтүмдөр) менен байланышкан жана шектүү операцияларга үтүмдөргө) карата, анын ичинде кызматтык, коммерциялык, банктык же башка сырды түзгөн кошумча маалыматты жана документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдеринин негизинде берилүүчү документтерди жана маалыматтарды сурап алынгандан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

III глава 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иштерди уюштуруу 

5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдети, функциялары жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мамлекеттик орган болуп саналат. Ушул Мыйзам тарабынан чечүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга тапшырылган маселелерге мамлекеттик бийликтин органдарынын кийлигишүүсүнө, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жол берилбейт. 

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде: 

1) милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларга (бүтүмдөргө) байланыштуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана талдоону жүргүзөт

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы чараларды көрүү боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн, атап айтканда шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу жана алар тууралу баяндама жөнөтүүнү кошо алганда, шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу, аныктап табуу жана бөгөт коюу тутумун өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык козголгон иштер боюнча кат жүзүндөгү расмий суроо-талаптардын негизинде сотко (сотторго), прокурорго, тергөө органдарына жана алгачкы текшерүү органдарына кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу жалпыланган материалдарды берет. Жалпыланган материал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз демилгеси боюнча укук коргоо органдарына жана сотторго берилиши мүмкүн

4) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдаштырууну) алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча өз иштерин жүзөгө ашырат

5) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды түзүү жана (же) жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылган маалыматтар базасынан (реестрнен) толук пайдалануу укугуна ээ; 

6) операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу экенин күбөлөгөн жетиштүү негиздер болгон шартта, тиешелүү жалпыланган материалды алардын компетенцияларына жараша укук коргоо органдарына жөнөтөт

7) (КР 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

8) милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) сыяктуу эле, кардарларга жана бенефициардык менчик ээлерине (пайда табуучуларга) байланыштуу маалыматка карата да, ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн маалымат боюнча жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды маалымат берүүчү жактарга жиберет

9) аткарылган функцияларга ылайык алынган ар кандай маалыматка карата кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү менен байланышкан ар кандай кошумча маалыматты мамлекеттик органдардан жана маалымат берүүчү жактардан сурап-билүүгө жана алууга укуктуу. Мамлекеттик органдар жана маалымат берүүчү жактар талап кылынган маалыматты көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген формада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү

3. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

4. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берген адамдардан маалыматка колу жеткен же колу жетип келген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери да, коммерциялык жана башка сырларды мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы, пайдалангандыгы, кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазык жана башка жоопкерчиликтерди тартышат. 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

5-1-статья. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү 

Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан накталай акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-статья. Операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү көзөмөлгө алынуучу критерийлердин тизмеси 

1. Эгер акча каражаттары же мүлктөр менен жүзөгө ашырылып жаткан бүтүмдүн (операциянын), суммасы 1000000 сомго барабар же андан жогору болсо (четөлкө валютасына эквиваленттүү), анын үстүнө ошол операция (бүтүм) өзүнүн мүнөзү боюнча ушул статьянын 2-пунктунда каралган операциялардын үтүмдөрдүн) бирине кирсе милдеттүү көзөмөлгө алынууга жатат

2. Акча каражаттары жана мүлктөр менен милдеттүү көзөмөлгө алынууга жаткан операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет

1) банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмесинен тышкары баардык ички жана тышкы операциялар үтүмдөр)

2) эгер тараптардын бир эле жагы финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды берүү же ачыкка чыгаруу каралбаган мамлекетте катталган, жашап турган же орун алган жеке адам же юридикалык жак болгон, же болбосо тараптардын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банкта ачылган эсептин ээси болуп саналган учурдагы операциялар (бүтүмдөр)

Мындай мамлекеттердин (аймактардын) тизмеси кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү менен иштеп жатышкан эл аралык уюмдар бекиткен тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана жарыяланууга жатат; 

3) ушул Мыйзамда белгиленген чектен ашкан башка операциялар (бүтүмдөр)

- накталай четөлкө валюталарын сатып алуу же сатуу

- жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу; 

- бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу; 

- жеке адам тарабынан уюмдун уставдык капиталына накталай акча каражаттарынын салынуусу; 

- кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы; 

4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен болгон башка бүтүмдөр

- баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды жана башка баалуулуктарды күрөөканаларга жайгаштыруу

- жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу, топтоо камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу; 

- ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм

- кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм

- финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү

- лотерея, тотолизатор (өзара пайда көрүү) же тобокелдикке негизденген башка оюндардан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү

5) акча каражаттарын которуу (которуулар): 

- кардардын тапшыруусу боюнча финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу

- мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча жүзөгө ашыруу жана аларды алуу

3. Эгерде акча каражаттары жана мүлк менен болгон операцияларга (бүтүмдөргө) катышуучу тараптардын бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү, террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын Тизмегине киргизилген адам болсо, мындай операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү түрдө контролдонууга жатат. 

5. Шектүү операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү көзөмөлгө алынат. 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

IV глава 

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык 

7-статья. Маалымат алмашуу жана укуктук жардам 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара принциптерде кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, алдын ала иликтөө, соттук териштирүүлөр жана соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында, ошондой эле өз ара укуктук жардамдын бөлөк формасы боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен кызматташат

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо каршы аракеттенүүгө байланыштуу ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган тартиптерде жана негиздерде же өз ара принциптерде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына алардын суроо-талаптары же өз демилгелери боюнча тиешелүү маалыматтарды беришет

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы зарыл маалыматты берүү жөнүндөгү суроо-талаптарды чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жиберүүгө укуктуу. 

3. Кылмыштуу кирешелерди иликтеп табууга, алып коюуга жана тартып алууга жана/же террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлүк мамлекеттердин компетенттүү органдарына берүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирбеген учурларда гана ишке ашырылат. 

4. Кылмыштуу кирешелерди иликтеп табууга, алып коюуга жана конфискациялоого жана/же террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу маалыматтар, чет мамлекеттердин компетенттүү органынын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин ошол маалыматтарды берген тиешелүү органдарынын алдынала макулдугусуз суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланылбай турган шартта гана берилет. 

5. Чет мамлекеттердин компетенттүү органына суроо-талап жөнөткөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат жана аны суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланат. 

Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө байланыштуу иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз компетенцияларынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кылмыштуу кирешелерди тартып алуу, иликтеп табууга тиешелүү иштери боюнча айрым процессуалдык иштердин жүргүзүү, мүлктү камакка алуу, мүлктү алып коюу өтүнүчтөрүн аткарат, анын ичинде, экспертиза жүргүзөт, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды, күбөлөрдү, жапа чеккендерди жана башка адамдарды суракка алат, тинтүүлөрдү жүргүзөт, алып коет, мүлктүк далилдерди өткөрүп берет, документтерди тапшырат жана кайра жөнөтөт

6. Ушул өтүнүч талаптарды аткарууга байланыштуу чыгашалардын орду Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык толтурулат. 

7. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу максатында банктык көзөмөлгө алуу жана банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуу органы чет мамлекеттердин банктык көзөмөлгө алуу органдарынан тиешелүү маалыматтарды суроо-талап боюнча да, өз демилгеси менен да суроого, алууга жана берүүгө укуктуу. 

8. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы күрөшүү максатындагы маалыматтарды (материалдарды) берүү жөнүндө талаптар жана маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамда каралган шарттарга ылайык көрсөтүлөт жана аткарылат

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

V глава 

Корутунду жоболор 

8-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 

1. Ушул Мыйзамда каралган талаптардын маалымат берүүчү жактар тарабынан бузулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке алып келет. 

2. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүчү жактардан алынуучу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, банктык, коммерциялык же башка сырды мыйзамсыз түрдө ачыкка чыгаргандыгы, колдонгондугу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат. 

3. Маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, суроо-талаптарды аткаруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жиберүү фактысын ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жүргүзүүгө катышкандыгы же болбосо террористтик же экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179, 2015-жылдын 28-июлундагы N 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

8-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана документтерди берүү 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти (жарандардын жеке өмүрү тууралуу маалыматтан башкасын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте беришет. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, башка көзөмөл органдары, маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын башкы дирекциялары, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти белгиленген тартипте, анын ичинде анын суроо-талабы боюнча беришет. 

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан маалыматтардын жана документтердин ушул Мыйзамда каралган максаттарда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү, мунун ичинде анын суроо-талабы боюнча да берилиши, кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) бузгандык болуп саналбайт. 

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат берүүчү жактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттештирилген чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалыматты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, каза болгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкалары тууралуу маалыматтарды беришет. 

5. Маалымат берүүчү жактар, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар үтүмдөр) тууралуу маалыматтын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды, байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) же башка сырды ачыкка чыгаргандык болуп саналбайт. 

6. Адвокатта, аудитордо, салык консультантында, нотариуста жана юридикалык же бухгалтердик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырган жактарда, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо максатында жүзөгө ашырылган же жүзөгө ашырылышы мүмкүн деп эсептөөгө негиз болгон учурда, ошондо алар маалыматты кардарга кабарлабастан туруп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү

Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялар үтүмдөр) жөнүндөгү маалыматтардын көрсөтүлгөн жактар тарабынан берилиши кесиптик же башка сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт. 

Көрсөтүлгөн жактардын маалыматты берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

9-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

"Эркин Тоо" газетасынын 2006-жылдын 8-августунда N 58 жарыяланды 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин

- ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

К.Бакиев 

  

  

  

2006-жылдын 16-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган