> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ 

Бишкек шаары, 2002-жылдын 30-июлу N 134 

Аудитордук иш жөнүндө 

(КР 2004-жылдын 14-июнундагы N 75, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192, 2008-жылдын 23-октябрындагы N 233, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2017-жылдын 24-февралындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аудитордук ишти жүзөгө ашырууда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат.

I Глава 

 Жалпы жоболор 

1-статья. Аудитордук иш 

Аудитордук иш уюмдардын жана жеке ишкерлердин (мындан ары - аудиттелчү жактар) финансы отчетун көз карандысыз текшерүү боюнча (аудит) ишкердикти жана бул ишти коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет.

Аудиттин максаты финансы отчетун берүүнүн белгиленген негиздеринин маани-маңыздуу жактарына финансы отчетунун ылайыктуулугун билдирүү болуп саналат.

Финансы отчетун берүүнүн негизи катары финансы отчетунун эл аралык стандарттары жана (же) финансы отчеттору ага ылайык түзүлгөн финансы отчетторунун дагы башка стандарттары түшүнүлөт.

Маани-маңыздуу жактар катары финансылык отчеттун, мындай отчетту пайдалануучуга, анын негизинде аудиттелген жактардын финансылык жана мүлктүк абалы тууралу, ошондой эле чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө туура тыянактарды, мындай тыянактарга негизделген негиздүү чечимдерди чыгарууга мүмкүндүк берген маалыматтардын тактыгынын даражасы түшүнүлөт.

Аудитти коштоочу кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

- финансы отчетунун баяндамасы;

- макулдашылган жол-жоболор боюнча милдеттенмелерди аткаруу;

- финансы маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу.

Аудитордук уюмдарга жана жеке аудиттерге аудит жүргүзүү, көмөкчү кызматтарды көрсөтүү жана бухгалтердик эсепти жолго коюу, калыбына келтирүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүү, бухгалтердик отчетторду түзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү; уюмдардын жана жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык ишин анализдөө; бухгалтердик, экономикалык, финансылык, салыктык жана башкаруучулук боюнча консультация берүү; бухгалтердик эсепти, экономиканы, финансы жана аудитти окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары кандайдыр бир ишкердик иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

Аудитордук иш ишкердиктин лицензияланчу түрү болуп эсептелет. Аудитордук ишти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

Караңыз: 

(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260 токтому менен бекитилген) "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобо 

Аудитордук ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер (жеке аудитор) катары катталган аудиторлор жана (же) аудитордук уюмдар жүргүзүшөт.

Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жалпы негизде жүргүзүүгө укуктуу болушат.

1-1-статья. Банктардын аудити 

Банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары - банк) аудити Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул Мыйзамдын нормалары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө банктарга аудит жүргүзүүгө карата колдонулат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-статья. Аудит стандарттары 

Аудит стандарттары катары аудитти жана ага көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө, анын натыйжаларын жол-жоболоштурулууга жана анын сапатын контролдоого карата бирдиктүү талаптар түшүнүлөт.

Аудиттин стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(3-бөлүк КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(КР 2004-жылдын 14-июнундагы N 75, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-статья. Милдеттүү жана демилгелүү аудит 

Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн.

Төмөнкүлөр тарабынан жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш:

- Кыргызстан банкы лицензиялануучу банктар жана башка уюмдар;

Караңыз: 

(Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/2 токтому менен бекитилген) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик ме- кемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо 

- камсыздандыруу уюмдары;

- баалуу кагаздардын коомдук сунуштарын жүзөгө ашыруучу коомдук компаниялар;

- инвестициялык фонддор;

- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурлардагы башка жактар.

Милдеттүү аудит жүргүзүлчү аудиттелчү жактар аудитордук уюм менен милдеттүү аудит жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүгө, аудитти өз убагында жана толук жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин баарын берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча толук түшүндүрмө жана ырастамаларды берүүгө милдеттүү.

Демилгелүү аудит жеке ишкердин же уюмдун компетенттүү башкаруу органынын чечими менен, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле аудит жүргүзүүнүн башка буйрутмачыларынын талабы боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жүргүзүлгөн милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттелүүчү жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылык отчетторун жарыялоого;

- милдеттүү аудит жүргүзүлгөндүгү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылык отчетторунун жарыяланганы жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-статья. Аудитор 

Аудитордук квалификациялык сертификаты бар, ыйгарым укуктуу орган белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жеке жак аудитор боло алат.

Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат.

Мында аудитор:

- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;

- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;

- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.

(КР 2017-жылдын 24-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-статья. Аудитордук уюм 

Ушул Мыйзамдын 1-статьясында аныкталган ишти жүзөгө ашырган коммерциялык уюм аудитордук уюм болуп саналат.

Аудитордук уюм ачык акционердик коом болгондон башка учурларда чарбалык шериктештиктер жана коомдор түрүндө гана түзүлүшү мүмкүн.

Аудитордук уюмдун адистик курамынын 50 пайыздан кем эмесин, ал эми аудитордук уюмдун жетекчиси чет өлкөнүн жараны болсо, 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк аудитордук уюмдар Кыргыз Республикасында аудитордук ишти тиешелүү аудитордук уюмдарды - Кыргыз Республикасынын резиденттерин түзгөндө, Кыргызстан банкынын ишине тышкы аудитти жүргүзүү учурун кошпогондо гана жүргүзө алат.

Аудитордук уюмдун аткаруучу органынын жетекчиси аудитор гана болушу мүмкүн.

Аудитордук уюм аудит жүргүзүү боюнча ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте лицензия алгандан кийин гана жүргүзө алат.

Аудитордук уюмдун штатында 2 ден кем эмес аудитор болууга тийиш.

Аудитордук уюмдар алар тарабынан жүргүзүлүүчү аудитордук текшерүүлөрдүн сапатына ички контролдун стандарттарын белгилөөгө жана сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн стандарттарга коюлуучу талаптар аудиттин стандарттары менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-октябрындагы N 233, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

6-статья. Аудитордук корутунду 

Жүргүзүлгөн аудиттин жана (же) көрсөтүлгөн коштоочу кызматтын натыйжасы боюнча аны аткарган адам корутунду берет, анын формасы, мазмуну жана берүүнүн тартиби аудиттин тийиштүү стандарттары менен аныкталат.

Атайын жалган аудитордук корутунду түзүү жеке аудитордун жана (же) аудитордук уюмдун аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясынан ажыратуу (алып коюу), ал эми андай корутундуга кол койгон адамды аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратууга (алып коюуга) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга кириптер кылат.

Атайын жалган аудитордук корутунду деп аудит жүргүзбөстөн түзүлгөн же аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлсө да аудитор болбосо аудитордук уюм аудит жүргүзүү учурунда караган документтердин мазмунуна айкын-ачык каршы келген корутунду түшүнүлөт. Атайын жалган аудитордук корутунду соттун чечими боюнча гана ушундай деп табылат.

Караңыз: 

КР Конституциялык Сотунун 2009-жылдын 24-декабрындагы чечими  

Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол эле мезгилде аудит жүргүзүлгөн жактарды билдирүү менен аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар аудиттин жыйынтыгында табылгандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-статья. Маалыматтын купуялуулугу 

Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жүргүзүү учурунда алышкан жана (же) түзүшкөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыздоого милдеттүү жана ал документтерди же алардын көчүрмөлөрүн буйрутмачыдан жана аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан башка эч бир үчүнчү тараптарга берүүгө же ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, аларда камтылган маалыматтарды аудит жүргүзүлгөн жана коштоочу кызматтар көрсөтүлгөн жактын, ошондой эле эгерде ал аудиттелүүчү жак болбосо буйуртмачынын да жазуу жүзүндөгү макулдугу болмоюнча ачыкка чыгарууга укугу жок.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

II Глава 

 Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу 

8-статья. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу 

Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат. Ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Ыйгарым укуктуу органдын негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- аудитордук иштин стандарттарын иштеп чыгууну уюштуруу, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берүү;

- Кыргыз Республикасында аудиторлорду аттестациялоо, окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу тутумун уюштуруу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, аудитордук ишти лицензиялоо;

- аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор тарабынан аудитордук иштин стандарттарынын аткарылышын контролдоо;

- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсүнүн жана финансылык отчет берүүнүн көлөмүн аныктоо жана берүү тартибин иштеп чыгуу;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрлер жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудиторлук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү, ошондой эле реестрлерде камтылган маалыматты бардык кызыкдар жактарга берүү.

Караңыз: 

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы N 127 токтому менен бекитилген) "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик 

реестрлерин жүргүзүү тууралуу" жобо 

9-статья. Аудитордук иш жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоо 

Аудитордук ишти жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды (мындан ары - талапкерлер) аттестациялоо алардын квалификациясын текшерүү максатында жүргүзүлүп, кийин талапкерлерге аныкталган үлгүдөгү мөөнөтсүз квалификациялык сертификат берилет.

Караңыз: 

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы N 377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому 

Квалификациялык сертификат алуу укугуна төмөнкү адамдар ээ болушат:

- квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган;

- жогорку (экономикалык) билими бар;

- экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш-тажрыйбасы бар;

- башка жогорку (экономикалык эмес) билими барлар жана экономикалык адистик боюнча жети жылдык стажы барлар;

- жеке пайдакечтик кылмыштары үчүн соттолбогон;

- белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылбаган.

Кыргыз Республикасында аудитордук ишти жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү аттестациядан өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу орган аттестациялык комиссия түзөт, анын курамынын 1/3ү кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлчүлөрүнөн турушу керек.

Квалификациялык сертификаты бар ар бир аудитор сертификат алгандан кийинки жылдан баштап, ар бир календардык жылдын ичинде ыйгарым укуктуу орган бекиткен квалификациясын жогорулатуу программалары боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.

Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн ырастоочу документ кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен аудитор тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

(КР 2004-жылдын 14-июнундагы N 75, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Караңыз: 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы N 377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому 

10-статья. Квалификациялык сертификаттан ажыратуунун (алып коюунун) негизи жана тартиби 

Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (алып коюу) төмөнкүдөй негиздер болгондо гана ишке ашырылат:

1) анын квалификациялык сертификатты аттестацияга кирүү үчүн керек болгон жасалма документтерди пайдалануу менен анын алгандыгы аныкталганда;

2) аудиторду белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө же айрым ишкердик жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалоону караштырган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) аудит жүргүзүүдө, аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды же аудит стандарттарын такай (эки же андан ашык жолу) бузган фактылар аныкталганда;

4) аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайлап жалган чыгарылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

Караңыз: 

КР Конституциялык Сотунун 2009-жылдын 24-декабрындагы чечими  

5) аудитор ушул Мыйзамдын 7 жана 11-статьяларынын талаптарын аткарбаган учурда.

Аудиторду квалификациялык сертификаттан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган чыгарат. Аудиторду квалификациялык сертификаттан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечим дароо күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу орган белгилеген массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

Квалификациялык сертификаты жүйөлөштүрүлгөн тийиштүү чечим менен алынып коюлган аудитор бул чечимге карата сот тартибинде даттана алат. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратууну (алып коюуну) мыйзамсыз деп тааныган соттун чечими күчүнө кирген учурда, ыйгарым укуктуу орган соттун мындай чечимин ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган тартипте жарыялоого милдеттүү.

Эгерде соттун белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жазалоону белгилеген өкүмүндө башка мөөнөт каралбаса, аудитор квалификациялык сертификатынан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечим чыгарылгандан алты айдан кем эмес убакыттан кийин аттестация өткөрүүнүн графигине ылайык жалпы негизде аудитордун квалификациялык сертификатын алуу тууралу арызы менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

Аудиторлор тарабынан аудиттик стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз компентенциясы болуп саналат.

Аудитордук корутундунун мазмуну жана сапаты боюнча талаш-тартыштар сот органдарында каралган учурда эксперттик корутундуларды берүүгө аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон адистер гана укуктуу болушат.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

III Глава 

 Аудит жүргүзүүнүн жана аудитордук кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби 

11-статья. Аудит жүргүзүүдөгү чектөөлөр 

Аудиттелүүчү жактардын уюмдаштыруучулары (катышуучулары), акционерлери, аудиттелип жаткан жактардын кызматкерлери, алар менен жакын туугандыкта же карым-катнашта (ата-энеси, жубайлар, бир туугандары, эже-карындаштары, балдары; жубайлардын бир туугандары, эже-карындаштары, ата-энелери жана балдары) болгон адамдар тарабынан, ошондой эле ал аудитор аудиттелчү жактарга карата аудит жүргүзүүдөн жана коштоочу кызматтарды көрсөтүүдөн башка кандайдыр бир мүлктүк кызыкчылыгы болгондо аудит жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

Аудитордук уюм тарабынан төмөнкүлөргө карата аудит жүргүзүлүшү мүмкүн эмес:

- ошол аудиттелген жактардын уюмдаштыруучулары (катышуучулары), акционерлери болгон же ошол аудитордук уюмдарда башка мүлктүк кызыкчылыгы болгон аудиттелчү жактарга;

- ошол аудитордук уюм уюмдаштыруучусу (катышуучусу), акционери болгон же ал жана аудиттелчү жактарга карата аудит жүргүзүүдөн жана коштоочу кызматтарды көрсөтүүдөн башка кандайдыр бир мүлктүк кызыкчылыктары бар аудиттелчү жактарга;

- көрсөтүлгөн аудиттелчү жактардын туунду уюмдарына, филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө.

Аудитордук текшерүүдөн мурдагы эки жыл бою юридикалык жана жеке жактарга бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү, ошондой эле финансылык отчет түзүү боюнча кызмат көрсөтүшкөн жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар ал жактарга карата аудит жүргүзө алышпайт.

Аудит жүргүзүү жана аны коштоочу кызматтарды көрсөтүү үчүн (анын ичинде милдеттүү аудит жүргүзүүдө) акы төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана формасы келишимдерде аныкталат жана аудиттелчү жактардын аудиттин натыйжасы менен чыгарылчу корутундулардын мазмунуна карата кандайдыр бир талаптарынын аткарылышына көз каранды болушу мүмкүн эмес.

12-статья. Аудиторлордун, жеке аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана аудиттелүүчү жактардын жоопкерчиликтери 

Аудиторлор, жеке аудиторлор, аудитордук уюмдар жана аудиттелүүчү жактар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-статья. Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандыруу 

Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун жарандык жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда камсыз кылынууга тийиш.

14-статья. Кесиптик аудитордук бирикмелер 

Аудиторлор, жеке аудиторлор, аудитордук уюмдар өз мүчөлөрүнүн аудитордук иши үчүн шарттарды камсыз кылуу, алардын кызыкчылыктарын коргоо максатында коммерциялык эмес негизде иштөөчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кесиптик аудитордук бирикмелерге бириге алышат.

15-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 10, 380-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин ушул Мыйзамда каралгандан айырмалуу уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн аудитордук уюмдар үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамда каралган уюштуруучулук-укуктук формада кайра уюштурулууга тийиш.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген аудитордук квалификациялык сертификаттар, аудитордук ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар аларда каралган мөөнөт бүткөнгө чейин жарактуу болот.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде аудитордук уюмдар өздөрүнүн уюмдаштуруу документтерин жана аудитордук уюмда иштеген адамдардын курамын ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келтирүүгө тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Акаев 

  

  

  

2002-жылдын 28-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган