КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2018-жылдын 6-августу № 87 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө 

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83, 2020-жылдын 21-августундагы N 139, 2022-жылдын 5-августундагы N 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

  

Ушул Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралардын системасын белгилейт. 

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер 

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 

1) обочо банк (тосмо-банк) - банк катары катталган жана жеке өзү катышпаган же иш жүзүндө башкаруу органдары болбогон мамлекетте (аймакта) банк ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган жана биргелешкен көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген резидент эмес банк; 

2) бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак; 

3) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу; 

4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар; 

5) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер; 

6) операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жүргүзүүгө же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу; 

7) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу; 

8) чет өлкөлүк траст - чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусуна таандык мүлк акчалай жана башка пайданы алууга укугу бар же белгилүү максаты бар ар кандай жеке же юридикалык жактын же чет өлкөлүк юридикалык уюмдун кызыкчылыгында (пайдасы үчүн) ишенимдүү башкаруучунун же камкорчунун башкаруусуна өткөрүп берилген, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусу тарабынан түзүлгөн укук мамилелеринин системасы; 

9) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм; 

10) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) - эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жаап-жашыруу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында мүлктү кайра түзүү (конверсиялоо) же которуу боюнча ар кандай аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, мүлк чыккан булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын, ошондой эле мүлккө болгон укукту же анын таандыктыгын жаап-жашыруу же айтпай коюу; же болбосо, эгерде мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы жакка белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган жактын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо, эгерде мүлктү алган учурда жакка анын кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу; 

11) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) жана башка маалыматтар жөнүндө билдирүүлөрдү талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган, террористтик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарды жасалгандыгына шектелгендиги тууралуу маалыматты камтыган документ; 

12) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер - төлөм жүргүзүлө турган жак көрсөтүлбөгөн же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары көрсөтүлбөгөн көрсөтүүчүгө карата формадагы жана чексиз жүгүртүлүүчү акча инструменттери же толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү, документтик формадагы милдеттемелер жана акча тапшырмалары); 

13) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр); 

14) предикаттык кылмыш (негизги кылмыш) - аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) объекти (предмети) болуп саналган киреше (каражаттар) алынган, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган ар кандай кылмыш; 

15) кылмыштуу киреше - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарылып алынган киреше (каражаттар); 

16) өз ара пайдалуу принцип - ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттемесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби; 

17) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); 

б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар); 

18) тобокелдикке салынган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

19) Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги; 

20) каражаттар - төмөнкү активдердин бири: 

а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер; 

б) экономикалык ресурстар, анын ичинде нефть жана башка жаратылыш ресурстары; 

в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз); 

г) жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же өбөлгөлөр; 

д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше; 

21) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекемелер менен кардардын ортосундагы же финансылык эмес категориядагы жактар менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу иштиктүү мамилелер; 

22) массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо - каражаттар ядролук, химиялык жана биологиялык куралды таратууну жана (же) аны жеткирүү каражаттарын каржылоо үчүн арналгандыгын же ушул үчүн толук же жарым-жартылай колдонулаарын түшүнүп туруп каражаттарды берүү же топтоо же болбосо финансылык кызмат көрсөтүү

23) террористтик ишти каржылоо - каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти даярдоону уюштурууну же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландаштыруу, даярдоо же жасоого катышуу же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү максаттары үчүн, алардын жашаган же жарандыгын алган мамлекети болуп саналбаган мамлекетке бара жаткан адамдардын сапарын каржылоо үчүн арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызмат көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу; 

24) экстремисттик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти даярдоону уюштурууну же жасоону каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) чогултууну жүзөгө ашыруу; 

25) максаттуу финансылык санкциялар - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү берүүнүүз же кыйыр) чектөө

26) электрондук акча которуу - төлөм системаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу которулган акчаны жөнөтүүчүдөн алуучуга акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук акчалар) которуу боюнча операция; 

27) юридикалык түзүлүштөр - чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ишеничтүү фонддор жана башка ушул сыяктуу юридикалык мамилелер. 

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат. 

2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери 

1. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат. 

2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат: 

1) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү үчүн алдын алуу чараларды колдонуу боюнча; 

2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды таап чыгуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча, ошондой эле ушул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча; 

3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекет ичиндеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча; 

4) террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча. 

3-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана ушул Мыйзамга каршы келбеген тартипте жана шарттарда колдонулат. 

2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчү субъекттер 

4-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчү субъекттер 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар; 

2) текшерүүчү органдар; 

3) финансылык чалгындоо органы; 

4) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, салык кызматынын органдары, бажы органдары (мындан ары - укук коргоо органдары), улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык-кеңешүүчү органды түзөт. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-берене. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар 

1. Ушул Мыйзамда финансылык мекемелер деп төмөнкү юридикалык жактар түшүнүлөт: 

1) ипотекалык компаниялар (уюмдар); 

2) коммерциялык банктар; 

3) кредиттик союздар; 

4) лизингдик компаниялар (уюмдар); 

5) күрөөканалар; 

6) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер); 

7) топтолмо пенсиялык фонддор; 

8) алмаштыруу бюролору; 

9) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору; 

10) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер; 

11) төлөм уюмдары; 

12) почта байланышынын ишканалары; 

13) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары; 

14) ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассалары; 

15) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар); 

16) камсыздандыруу брокерлери; 

17) товардык биржалар; 

18) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор), 

19) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр. 

2. Ушул Мыйзамда финансылык эмес категориядагы жактар деп төмөнкү жеке жана (же) юридикалык жактар түшүнүлөт: 

1) мамлекеттик жана жеке нотариустар; 

2) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоочу боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттар); 

3) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары); 

4) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар; 

5) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар. 

3. Электрондук маалымат базасы түрүндөгү финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жарыяланат. 

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

6-берене. Текшерүүчү органдар 

1. Контролунда турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар көрсөтүлгөн текшерүүчү органдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

2. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү маселелери боюнча текшерүүчү органдардын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттемелери) өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-берене. Финансылык чалгындоо органы 

1. Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. 

2. Финансылык чалгындоо органынын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо; 

2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам талдоо жүргүзүү

3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарга стратегиялык талдоо жүргүзүү

4) ыкчам же стратегиялык талдоонун натыйжалары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана аларды өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясынын алкагында жиберүү

5) ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте максаттуу финансылык санкцияларды жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча чараларды колдонуу; 

6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу. 

Финансылык чалгындоо органынын функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери), ошондой эле финансылык чалгындоо органынын отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

3. Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө тартиби жана финансылык чалгындоо органынын жетектөөчү курамын түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөгөн мезгилде финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, кыймылдарга жана коомдук бирикмелерге мүчөлүгү токтотулат. 

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын финансылык чалгындоо органынын ишине өз милдеттерин жана функцияларын аткарып жатканда кийлигишүүгө жол берилбейт. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

8-берене. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары 

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары ушул Мыйзамга жана алардын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт. 

9-берене. Маалыматтарды жана документтерди берүү жана коргоо 

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, ошондой эле финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына ылайык, финансылык чалгындоо органына сураган маалыматтарды же документтерди финансылык чалгындоо органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабында белгиленген мөөнөттө беришет. 

Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

2. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар суроо-талапты алган датадан тартып он жумушчу күндүн ичинде тиешелүү текшерүүчү органга текшерүүчү органдардын функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон суралган маалыматты же документтерди берүүгө милдеттүү

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик ишканалары финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана көлөмдө электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү

4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтары жана документтери, ошондой эле маалымат базасы купуялуу болуп саналат жана белгиленген тартипте коргоого алынат. 

Маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгууда, сактоодо жана өткөрүп берүүдө аларды коргоо үчүн финансылык чалгындоо органында маалыматтык коопсуздуктун ички системасы түзүлөт жана иштейт. 

Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарына, документтерине жана маалымат базасына кирүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органынын чечиминин негизинде гана берилет. 

5. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашат. 

Эгерде суралган маалыматтардын террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы жок болсо, маалымат алмашуу жүрбөйт. 

6. Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына өткөрүп берилген маалыматы же жалпыланган материалдары купуялуу документтер болуп саналат жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максаттарында гана пайдаланылат. 

Финансылык чалгындоо органынын маалыматын же жалпыланган материалдарын берүүнүн жана карап чыгуунун тартиби, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары финансылык чалгындоо органынын маалыматынын жана жалпыланган материалдарынын купуялуулугун камсыздашат (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт). 

8. Төмөнкүлөр кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар жөнүндө маалыматтар боюнча) бузуу же ачыкка чыгаруу болуп саналбайт: 

1) финансылык чалгындоо органына ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды же документтерди, анын ичинде электрондук форматта берүү жана электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн берүү

2) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тиешелүү текшерүүчү органга маалыматтарды жана документтерди берүүсү

3) финансылык чалгындоо органы маалыматты же жалпыланган материалды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына, алардын суроо-талабына ылайык берүүсү

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-глава. Алдын алуучу чаралар 

10-берене. Тыюу салынган аракеттер 

1. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик жана экстремисттик иштерди каржылоого, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого; 

2) санкциялык тизмекке киргизилген жактарга түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай каражаттарды берүүгө же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүүгө

3) обочо банкты түзүүгө же обочо банктын ишин улантууга, же болбосо өзүнүн эсептерин обочо банктардын пайдалануусуна уруксат берген обочо банктар же банк-респонденттер менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банктык жана ушундай эсептердин обочо банктар тарабынан пайдаланылуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө

4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралбаган чет өлкөлүк трасттарды жана юридикалык түзүлүштөрдү түзүүгө же иштетүүгө

5) эгерде аларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында башка талаптар белгиленбесе, ар кандай операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн мыйзамсыз жана идентификацияланбаган (анонимдүү), алдын ала төлөнгөн картаны колдонууга; 

6) анонимдүү эсептерди же атайылап ойдон чыгарылган ысымдарга эсептерди ачууга жама (же) жүргүзүүгө

7) төлөм системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү лицензиясы жана (же) каттоосу жок акчаларды жана баалуулуктарды которуу боюнча кызмат көрсөтүүгө

2. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматчыларына шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү өткөрүп берүү күтүлүп жаткандыгы тууралуу же анын финансылык чалгындоо органына өткөрүп берилгендиги же финансылык чалгындоо органы суроо-талап койгон башка маалыматтын берилген фактысы тууралуу кардарга же үчүнчү жактарга айтууга же аларды эскертүүгө тыюу салынат. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүү фактысы тууралуу үчүнчү жактарга кабарлоо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү талап кылынган учурларда гана мүмкүн болот. 

3. Ушул Мыйзамда каралган учурларды жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү талап кылынган учурларды кошпогондо, финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине, анын ичинде жетекчилигине жана мурунку кызматкерлерине, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимин түзгөн адамдарга кызматы же эмгек мамилелери токтотулгандан кийин аныкталган чөйрө адамдары тарабынан кирүү чектелген финансылык чалгындоо органынын иши тууралуу купуя маалыматтарды же болбосо кызматтык же эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болуп калган башка кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, берүүгө жана кандайдыр бир жол менен пайдаланууга тыюу салынат. 

11-берене. Террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктайт: 

1) Кыргыз Республикасында орун алган террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо (мындан ары - тобокелдиктерди улуттук баалоо) боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартибин; 

2) тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүү мөөнөттөрүн; 

3) тобокелдиктерди улуттук баалоого катышуучу жактардын тизмегин; 

4) тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетту түзүү, бекитүү жана жарыялоо тартибин. 

2. Тобокелдиктерди улуттук баалоо жөнүндө отчеттун негизинде төмөнкү чаралар колдонулат: 

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча аракеттердин планын (стратегиясын) иштеп чыгат жана бекитет; 

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте тобокелдикке багытталган ыкманы колдонот. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

12-берене. Санкциялык тизмек 

1. Санкциялык тизмек өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин; 

2) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин. 

2. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги төмөнкү документтердин биринин негизинде түзүлөт: 

1) террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн жеке жакты күнөөлүү деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү

2) террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына же ушул иштерди каржылагандыгына байланыштуу топтун, уюмдун жана юридикалык жактын ишин таануу жана жоюу же тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими; 

3) террористтик же экстремисттик ишти, же болбосо ушул ишти каржылоону жүзөгө ашырууга шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган кылмыш ишин козгоо же айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом; 

4) террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн шектелгенге, айыпталганга же соттолгонго (улуттук жана эл аралык) издөө жарыялангандыгы жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же соттун чечими; 

5) жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөр боюнча негиздүү маалыматтар болгон учурда даярдалган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын, ички иштер органынын же финансылык чалгындоо органынын документи: 

а) террористтик жана экстремисттик иштерди же массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, пландаштырууга, көмөктөшүүгө, даярдоого же жүзөгө ашырууга түз же кыйыр катышкандыгы; 

б) террористтик же экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр контролунда болгон же болбосо ушул жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенгендиги; 

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара пайдалуу принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же ушул ишти каржылагандыгы үчүн жактарды, топторду жана уюмдарды айыптоо жөнүндө чет мамлекеттин сотунун өкүмү (чечими); 

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара пайдалуу принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекет, эл аралык уюм же алар ыйгарым укук берген орган тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги; 

8) террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга же ушул ишти каржылоого катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун эл аралык суроо-талабы. 

3. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине ошондой эле төмөнкүлөр киргизилет: 

1) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же туз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында турган юридикалык жактар, уюмдар жана топтор; 

2) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жеке жана юридикалык жактар, уюмдар жана топтор. 

4. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү үчүн негиз болуп саналган документте көрсөтүлгөн негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо кабыл алынат. 

Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимге административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо соттук тартипте даттана алышат. 

5. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен төмөнкү учурларда чыгарылат: 

1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер жокко чыгарылганда (чакырып алынганда); 

2) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карап чыгуунун натыйжалары боюнча; 

3) соттун чечими боюнча. 

6. Жеке жана юридикалык жакты, топту, уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле аны жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

7. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт, жаңыланат жана жарыяланат. 

Аларга карата террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жактарды, топторду жана уюмдарды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн сунуштарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2020-жылдын 21-августундагы N 139, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

13-берене. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар: 

1) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга ар кандай каражаттарды түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай берүүгө же финансылык кызматтарды көрсөтүүгө тийиш эмес; 

2) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун. уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын ушул жактарга алдын ала билдирбестен, кечиктирбей тоңдурууга милдеттүү

Мында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарынын талаптарын аткарган убактан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу, анын ичинде Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жама юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирет. 

2. Төмөнкүлөр тоңдурулууга тийиш: 

1) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар ээлик кылган же контролдогон ар кандай каражаттар; 

2) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттар; 

3) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттарды пайдалануу жолу менен алынган же өндүрүлгөн каражаттар; 

4) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын тапшырмасы же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген жактардын, топтун, уюмдун каражаттары; 

5) террористтик жана экстремисттик ишти, террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоого арналган каражаттар; 

6) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында аныкталган каражаттар. 

3. Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жеке жактар, юридикалык жактар, топтор, уюмдар Санкциялык тизмектен чыгарылганда бошотулат. 

4. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонууда чын пейили менен аракеттенген ак ниеттүү үчүнчү жактардын укуктарын коргоо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздалат. 

5. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартиби, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

14-берене. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча чаралар 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жак, топ, уюм тарабынан жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) кечиктирбестен токтотуп турууга жана бул тууралуу операцияларды (бүтүмдөрдү) токтоткон убакыттан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү

2. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин түзүү үчүн төмөнкү документтердин биринин болуусу негиз болуп саналат: 

1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасоого шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган кылмыш ишин козгоо же айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом; 

2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасагандыгы үчүн шектүүгө, айыпталуучуга же соттолуучуга (улуттук жана эл аралык) издөө жарыялангандыгы жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же соттун чечими; 

3) жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөрдү жасагандыгына негиздүү маалыматтар бар болгондо даярдалган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын же финансылык чалгындоо органынын документи: 

а) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) пландаштырууга, даярдоого, жасоого көмөк көрсөтүүгө түз же кыйыр катышкан; 

б) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр контролу астында болгон же болбосо ушул жосунду жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же алардын көрсөтмөсү боюнча аракеттенген; 

4) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабы. 

3. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат. 

Мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

4. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинен жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар төмөнкү учурларда чыгарылат: 

1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер жокко чыгарылганда (чакырып алынганда); 

2) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусун карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча; 

3) соттун чечими боюнча. 

5. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин түзүү тартиби жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле аны жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2020-жылдын 21-августундагы N 139, 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

15-берене. Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чаралар 

1. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү

1) акыр аягында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) ушул юридикалык жактын менчик укугуна түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жак (мындан ары - юридикалык жактын бенефициардык ээси) жөнүндө такталган жана жаңыланган маалыматтарды колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтын негизинде түзүүгө

2) юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматты түзүлгөн датасынан тартып ушул юридикалык жактын катталган (жайгашкан) жеринде беш жылдан кем эмес сактоого. 

2. Акционерлердин реестрин кармоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү

1) юридикалык жактын акционерлеринин реестрин (мындан ары - реестр) түзүүгө жана жаңылап турууга; 

2) реестрди түзүлгөн датасынан тартып беш жылдан кем эмес сактоого; 

3) реестрдеги маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде электрондук форматта, байланыштын корголгон каналдары боюнча берүүгө

3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө түзүлгөн маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде электрондук форматта, байланыштын корголгон каналдары боюнча берүүгө милдеттүү

4. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалымат базасы түзүлөт. 

Аталган электрондук маалымат базасын түзүү, жаңылоо, сактоо тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары кылмышкерлердин же алар менен байланышкан адамдардын Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын олуттуу үлүшүн ээлеп калуусун жана (же) контролдоосун же юридикалык жактын бенефициардык ээси болуп калуусун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл чараларды көрүүгө тийиш. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

16-берене. Коммерциялык эмес уюмдарды коргоо боюнча чаралар 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарда акча каражаттарды же башка мүлктү жыйнаган жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторунда, ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин (мындан ары ушул беренеде - тобокелдиктер) баалоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар белгиленет. 

Тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча аларды террористтик иштерди каржылоого пайдалануунун жогорку тобокелчилигине дуушар болгон коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары - жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар) түрлөрү аныкталат. 

Тобокелдиктерди баалоонун тартиби, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен анын натыйжаларын талкуулоо тартиби, ошондой эле ушул баалоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

2. Жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү

1) өз ишинде дайыма Санкциялык тизмекти пайдаланууга; 

2) өзүнүн билдирилген ишинин максаттары жана милдеттери жөнүндө, өзүнүн уюштуруучулары жөнүндө, коммерциялык эмес уюмга ээлик кылган, контролдогон же башкарган жактар жөнүндө, бул коммерциялык эмес уюмдан каражат алган жактар жөнүндө маалыматты түзүүгө жана кеминде беш жыл сактоого; 

3) өзүнүн кирешелери жана чыгымдары, каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө финансылык отчетторду түзүүгө, ошондой эле аларды кеминде беш жыл сактоого; 

4) коммерциялык эмес уюмдун билдирген ишине ылайык бардык каражаттарды жана алардын чыгымдарын эсепке алууну камсыз кылуучу контролдоо чараларын көрүүгө

Жогоруда көрсөтүлгөн көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат финансылык чалгындоо органына анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде берилет. 

3. Коммерциялык эмес уюмда аны террористтик ишти каржылоого пайдаланып жатат деген шектенүү болгон учурда, бул коммерциялык эмес уюм финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү билдирүү жөнөтөт. 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталат: 

1) жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүчү

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди сактоо маселелери боюнча жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоочу; 

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн натыйжалуу, пропорциялуу жана ооздуктоочу санкцияларды колдонуучу; 

4) коммерциялык эмес уюмдарды террористтик ишти каржылоого пайдалануу фактыларын айкындоо, бөгөт коюу жана иликтөө үчүн маалыматтарды жыйноочу; 

5) террористтик ишти жасоого же террористтик ишти каржылоого катышы бар коммерциялык эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жоопторду берүүчү

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

17-берене. Накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз орун которууларын айкындоо боюнча чаралар 

1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылуучу накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү, ошондой эле алардын алып өтүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы иштеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жөнгө салынат. 

2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүп жаткан накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат жалпыланат жана анын негизинде электрондук маалымат базасы түзүлөт, ал декларацияланган учурдан тартып кеминде беш жыл сакталат. 

Электрондук маалымат базасын түзүү тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз алынып өтүшүн айкындоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көрүлөт, мында маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктер сакталган шартта мыйзамдуу акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар түзүлбөйт. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

18-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулуучу чаралар (санкциялар) 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн ар кандай жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерин түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда, тобокелдиктерге жараша кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жана башка чараларды (санкцияларды) колдонууга тийиш. 

2. Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонот. 

3. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларынын жана башка чаралардын (санкциялардын) түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-глава. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички контролдоо системасы 

19-берене. Ички контролдоо программасы 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген ички контролдоо программасын, анын ичинде ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын колдонууга милдеттүү

2. Ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү ички контролдоо программаларына коюлуучу жалпы талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. 

3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзүүчү өз филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ички контролдоо программаларын колдонуусун камсыз кылышат. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

20-берене. Тобокелдикке багытталган ыкма 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү

1) тобокелдиктерин улуттук баалоонун натыйжаларын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө жазууга жана дайыма жаңылоого; 

2) тийиштүү текшерүүчү органга жана финансылык чалгындоо органына айкындалган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө

3) тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле контролдоо чараларын иштеп чыгууга жана колдонууга; 

4) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга; 

5) тобокелдиктин критерийлерин эске алуу менен өздөрүнүн кардарларын классификациялоого. 

2. Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар, ошондой эле жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

21-берене. Кардарды талаптагыдай текшерүү 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өздөрүнүн бардык кардарларына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй чараларын колдонууга милдеттүү

1) кардарды идентификациялоого жана верификациялоого; 

2) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алууга; 

3) бенефициардык ээсин идентификациялоого жана бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана акылга сыярлык чараларды көрүүгө

4) кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтештирип жазууга; 

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга; 

6) кардар менен ишкер мамиледе болгон бардык мезгилде кардарды дайыма талаптагыдай текшерип жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигинин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматка шайкештигин туруктуу негизде талдап турууга. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн чаралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда. жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен колдонулат. 

2. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аны идентификациялоого жана верификациялоого, мындай жактын тийиштүү ыйгарым укуктарын текшерүүгө, ошондой эле алынган маалыматтарды документтештирип жазууга милдеттүү

3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонушат: 

1) тобокелдиктерди башкаруу системасын кардар же бенефициар ээси же болбосо камсыздандыруу ордун толтуруунун алуучусу - коомдук кызмат адамы болуп саналарын аныктоо үчүн колдонуу; 

2) коомдук кызмат адамы менен ишкер мамиле түзүү же улантуу үчүн (болгон кардарлар үчүн) финансылык мекеменин жетекчисинин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчисинин (бар болсо) жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу; 

3) коомдук кызмат адамынын акча каражатынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо; 

4) ишкер мамилелерге, анын ичинде жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте коомдук кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана тереңдетилген мониторинг жүргүзүү

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле жогорку деңгээлдеги тобокелдиги бар башка кардарларга карата колдонушат. 

4. Кардарлар финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга кардарды талаптагыдай текшерүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди берүүгө милдеттүү

5. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди кардар бербеген учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) кардар менен ишкер мамиле түзбөйт (тейлөөгө кабыл алуудан жана эсеп ачуудан баш тартат); 

2) кардар менен болгон ишкер мамилени токтотуп турат же кыскартат (тейлөөдөн баш тартат) жана кардар менен түзүлгөн келишимди бузат; 

3) операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырбайт. 

Мындай учурда чечим кабыл алуу учурунда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар андай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына тийиштүү билдирүү жиберүүгө милдеттүү

6. Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (респондент мекеме) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө, финансылык мекемелер (корреспондент мекеме) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү

7. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

22-берене. Маалыматтарды жана документтерди сактоо 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү

1) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар, ишкер кат алышуу жана документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталары - кардар менен иштиктүү мамилелер токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес; 

2) жүргүзүлгөн бардык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар жана документтер - операция (бутум) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес; 

3) жүргүзүлгөн операцияларды (бүтүмдөрдү) талдоо боюнча корутундулар же маалымкаттар - операция (бүтүм) аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес; 

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтар жана документтер - кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес. 

2. Электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу же өзү аркылуу транзит менен электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме жөнөтүүчү же алуучу тууралуу электрондук акча которууну коштогон бардык маалыматты операция аяктаган же кардар менен ишкер мамиле токтогон же болбосо эсеп жабылган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтар жана документтер жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттардын изине түшүүгө жана керектүү учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык тергөөдө же соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жетиштүү көлөмдө сакталышы керек. 

4. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды жана документтерди төмөнкүлөргө беришет: 

1) ушул Мыйзамга ылайык финансылык чалгындоо органына жана тиешелүү текшерүүчү органга; 

2) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына. 

5-глава. Контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) 

23-берене. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт жана финансылык чалгындоо органына жиберишет: 

1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан. алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо; 

2) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо: 

а) террористтерди жана экстремисттерди; 

б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

в) террористтик жана экстремисттик ишти. 

2. Шектүү операциялар жөнүндө, анын ичинде шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракети жөнүндө билдирүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жиберилүүгө тийиш. 

3. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жарыяланат. 

4. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына берилет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

24-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган же иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү

2. Финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш болгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. 

3. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү ал жүргүзүлгөн күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

25-берене. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү 

1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле ушундай ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак менен жүргүзүлгөн операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти, ошондой эле ушул ишти каржылоону айкындоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү түрдө мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш. 

2. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү ал жүргүзүлгөн күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү

3. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле мындай ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-берене. Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү 

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү берүүгө милдеттүү

2. Накталай акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектик суммасы тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

3. Накталай акча каражаттары менен болгон операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү ал жасалган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет. 

4. Накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча суроо-талап алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде берилет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

27-берене. Операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү тартиби 

Ушул Мыйзамдын 23-26-беренелеринде каралган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына берилет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-глава. Эл аралык кызматташтык 

28-берене. Эл аралык кызматташтыктын жалпы жоболору 

1. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык, Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгон учурда эл аралык кызматташтык өз ара пайдалуу принципте жүзөгө ашырылат. 

3. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмеги, эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жөнөтүү, аткаруу жана каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

29-берене. Эл аралык кызматташтыктын негизги формалары 

1. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына ылайык берилүүгө тийиш болбогон маалыматтарды же документтерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын карамагында турган же аларды Кыргыз Республикасынын аймагында ала алуучу бардык маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу же жөнөтүү); 

2) террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасагандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматты (өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча) жөнөтүү

3) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле эл аралык суроо-талаптын негизинде финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүү

4) ушул Мыйзамга, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына жана эл аралык суроо-талаптарга ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу; 

5) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды айкындоого жана териштирүүгө, ошондой эле ушул кылмыштуу жосундарга тиешеси бар жеке жана юридикалык жактарды айкындоого көмөк көрсөтүү

6) террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышкан кылмыш иштери боюнча маалыматты топтоо, алдын ала тергөө, соттук териштирүү жана соттук чечимдерди аткаруу стадияларында өз ара укуктук жардам көрсөтүү, анын ичинде, адамдарды өткөрүп берүү (экстрадиция); 

7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу; 

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эл аралык кызматташуунун белгиленген формаларында катышуу. 

2. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде эл аралык суроо-талаптарга болгон чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт. 

30-берене. Кылмыштуу активдерди кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташуу 

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен жана (же) Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде конфискацияланган каражаттар Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасына толук же жарым-жартылай кайра кайтарылууга тийиш. 

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-глава. Корутунду жоболор 

31-берене. Финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткаруунун өзгөчөлүктөрү 

1. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын айрым беренелеринин талаптарын төмөнкү учурларда аткарышат: 

1) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруучулар, кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу) өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же сатып алуучу) үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурунда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат; 

2) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү чектик суммага барабар же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен каалаган операцияларды (бүтүмдөрдү), анын ичинде бири-бири менен байланышкан бир нече операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен жүзөгө ашырган учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат; 

3) мамлекеттик жана жеке нотариустар, көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер). юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттары) өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярдоого көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат: 

а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу; 

б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу; 

в) банктык, аманат эсептерин же баалуу кагаздарды башкаруу; 

г) юридикалык жакты түзүү, иштешин камсыз кылуу же башкаруу максатында каражаттарды топтоо; 

д) юридикалык жакты түзүү же иштешин камсыз кылуу же юридикалык жакты башкаруу жана коммерциялык ишканаларды сатып алуу-сатуу; 

4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярданууга көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат: 

а) юридикалык жакты түзүү жана каттоо боюнча агент катары аракеттенүү

б) юридикалык жактын директорунун же катчысынын, шериктештиктеги өнөктүн милдеттерин аткаруу же юридикалык жакта ушул сыяктуу башкаруу кызматын ээлөө же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү

в) юридикалык жак, шериктештик, чет өлкөлүк түзүлүш жана траст үчүн катталган офисти же юридикалык жана иш жүзүндөгү даректи берүү

г) чет өлкөлүк трастта ишенимдүү адамдын милдеттерин аткаруу же чет өлкөлүк юридикалык түзүлүштө ушуга теңдеш функцияны жүзөгө ашыруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү

д) номиналдуу акционердин милдеттерин аткаруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү

2. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын 9, 10, 11, 13, 14, 15, 19, 20, 25 жана 26-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат. 

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

32-берене. Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат. 

2. Жеке жана юридикалык жактар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасагандыгы, террористтик жана экстремисттик ишти каржылагандыгы, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

3. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органынын, текшерүүчү органдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимдерин түзгөн адамдар кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырды жана байланыштын сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар жөнүндө маалымат жагынан) түзгөн маалыматтарды же документтерди мыйзамсыз ачыктагандыгы жана пайдалангандыгы, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

4. Текшерүүчү органдар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча өз функцияларын талаптагыдай эмес (шалаакы) аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

5. Финансылык мекемелер, финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызмат адамдары (кызматкерлери) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди талаптагыдай аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

6. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу, ишкер мамилелерди түзүүдөн же банктык эсепти (аманатты) ачуудан баш тартуу же болбосо операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ишкер мамилелерди токтотуп туруу же токтотуу, кардар менен келишимди бузуу жана банктык эсепти жабуу, эгерде көрсөтүлгөн аракеттер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган болсо, жарандык-укуктук же башка жоопкерчиликке алып келбейт. 

33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана аны ишке ашыруу механизми 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 135 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2006-жылдын 8-августу, № 58); 

2) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-июнундагы № 179 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 553-ст.); 

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж.. № 7, 2734-ст.); 

4) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 162 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2014-ж., № 11, 984-ст.); 

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 349-ст.); 

6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1035-ст.); 

7) "Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 397-ст.). 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир айлык мөөнөттө

1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; 

2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

С.Жээнбеков 

  

  

  

2018-жылдын 28-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган