Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2023-жылдын 7-апрелинен тартып 16-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Менделеев көчөсү, 9 б дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ийгилик Али» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 6411 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы.