> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын китепканасы жөнүндө маалымат 

 

Маалыматтардан пайдалануу принцибин жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле студенттердин, илимий кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын китепкана фондунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо жөнүндө кайрылуусун эске алуу менен жетекчилик китепканага ачык пайдалануу статусун ыйгаруу чечимин кабыл алды. 

Улуттук банктын китепканасына мындай статус ыйгаруу менен банк иши, финансы, бухгалтердик эсепке алуу, экономика, маалыматтык жана компьютердик технологиялар, юриспруденция, ошондой эле Улуттук банктын 1995-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки чыгарылып келген басылмаларынан эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат.  

Улуттук банктын китепканасы 1995-жылдын август айында түзүлгөн. 

Китепканада банк иши боюнча мезгилдүү басылмалар бар. 

Китепкананын фондун 5 миңге жакын басылма экземпляр түзөт жана ал жыл сайын жаңы басылмалар менен толукталып турат. 

Сиздерге Улуттук банктын китепкана фондунун электрондук тизмегин сунуштайбыз.  

 

Тышкы пайдалануучулар үчүн китепкананын иш тартиби жана шарттары: 

 

1. Жумасында эки жолу, шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 8.30 12.00; 13.00-17.30 чейин; 

2. Улуттук банктын китепканасынан пайдаланууга илимий кызматкерлерге, студенттерге (жогорку окуу жайларынын, атайы орто окуу жайларынын жана лицейлердин, паспорттун, окуган жеринен берилген студенттик билеттин, баа коюу китепчесинин негизинде) сунушталат; 

3. Китепкана басылмаларынан окуу залында гана пайдаланууга жол берилет; 

4. Басылмаларды китепкананын аймагынан тышкары алып чыгууга болбойт; 

5. Басылмаларды көчүрмөлөөгө да жол берилбейт.  

 

Китепкананын дареги:  

Бишкек шаары, 

Чүй проспекти, 168 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(Бишкек шаардык Мэриясынын жанындагы имаратта)  

Тел: (0312) 66-90-30 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын китепканасына кош келиңиздер!