Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 26-сентябрындагы  

№ 2018-П-09/40-8-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусун тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 26-сентябрындагы 

№ 2018-П-09/40-8-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобонун: 

- 9-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банкта пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары күрөө предмети болуп саналат.»; 

- 18-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банкта пайызсыз депозит эсебинде турган, Уюмга менчик укугуна таандык болгон акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары Уюмдун кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоосу катары колдонулат.»; 

- 19-пунктундагы «эгерде күрөө келишиминде башкасы каралбаса,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 23-пунктундагы «2-тиркеме» деген сөздөр «2, 3-тиркемелер» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 24-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк менен Уюм ортосунда Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине кол коюу жана аларды тариздетүү Улуттук банк менен макулдашылган мөөнөттө ишке ашырылат.»; 

1-тиркемедеги: 

- Башкы келишимдин 2.8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк менен Уюм ортосунда Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине кол коюу жана аларды тариздетүү Улуттук банк менен макулдашылган мөөнөттө ишке ашырылат.»; 

- Башкы келишимдин 3.1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Уюм ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча кредиттин негизги суммасын, ал боюнча пайыздарды, туумдарды жана айыптык санкцияларды кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун камсыздоосу катары Уюмдун Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары саналат.»; 

- Башкы келишимдин 3.2-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган акча каражаттары же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары Уюмга менчик укугунда таандык болууга тийиш.»; 

- Башкы келишимдин 9.4-пунктундагы «карата 1, 2» деген сөздөр «, 3» саны менен толукталсын; 

- Кредиттик келишимдин (Башкы келишимге карата 1-тиркеме) 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Уюм ушул Кредиттик келишимге ылайык алган кредит боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча пайыздарды, айыптык төлөм түрүндөгү кошумча төлөмдү, туумдарды жана Уюмдун ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун камсыздоосу катары Уюмдун Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары саналат.»; 

- Кредиттик келишимдин (Башкы келишимге карата 1-тиркеме) 5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3. Бул Кредиттик келишим, анын ичинде Күрөө келишими Улуттук банк менен Уюм ортосунда ___-жылдын «___»________ түзүлгөн №____ Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал тараптардын ар бири үчүн бирден 2 (эки) нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.»; 

- Күрөө келишиминин (Башкы келишимге карата 2-тиркеме) 6.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.9. Бул келишим Күрөө коюучу үчүн 1 (бир) нускада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн 1 (бир) нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) анык нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.»; 

- Башкы келишим төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

 

 

  

  

«Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө» башкы келишимге карата  

3-тиркеме 

20___-жылдын «__»_______ № _____ Кредиттик келишимге карата № ____________ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ  

Бишкек шаары 

 

20__-жылдын «__»_____________ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ____-жылдын «___»________ № ________ буйругунун негизинде иш алып барган ____________________ бир тараптан, жана мындан ары «________» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу ________________ атынан ___________ негизинде иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын күрөөгө коюу жөнүндө төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары «Келишим») түзүштү

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ____________________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, 20__-жылдын «__» _______________ № _______________ Башкы келишимдин алкагында (мындан ары Башкы келишим) түзүлгөн, 20__-жылдын  

«__» ____________ № _________________ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде (мындан ары - Кредиттик келишим) белгиленген мөөнөттө келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөгү _________________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндө ________________ жалпы номиналдык нарктагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары - баалуу кагаздар) күрөө катары өткөрүп берет: 

 

Каттоо номери 

Баалуу кагаздар чыгарылган күн 

Баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү 

Баалуу кагаздар дын саны (даана) 

1 баалуу кагаздын номиналдык баасы (сом) 

Баалуу кагаздардын номиналдык наркы (сом) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

1.3. Бул Келишим, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Күрөө коюучунун Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат. 

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу; Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбай коюунун же кечиктирип аткаруунун же болбосо башка кемчиликтердин кесепетинен күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдар жана башка чыгашалар үчүн (соттук чыгашаларды кошо алганда) ушул Келишимдин  

1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет. 

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин толугу менен же анын бөлүгүн аткарбаган учурда, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга карата менчик укук ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте Күрөө кармоочуга өтөт. 

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка күрөөгө коюлбагандыгына, талашка түшпөгөнүнө жана ага тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттенмелерин камсыздоо предмети катары башка күрөөгө коюлбагандыгына кепилидик берет. 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө акысыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого. 

2.1.2. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон ишиндеги башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге/башталганга чейин алдын ала маалымдоого. 

2.1.3. Күрөө коюучу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, баалуу кагаздардан токтоосуз (талашсыз), соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет; 

2.1.4. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүлүшү жана күчүнө киргизилиши үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга. 

2.1.5. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка ушундай эле баадагы баалуу кагаздарга «(мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик казына облигациялары)» алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен). Мында, баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/эмиссиялардагы баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 10 (он) жумуш күн мурда алмаштырылууга тийиш. 

2.2. Күрөө коюучу күрөөдөгү баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугуна ээ. 

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта; 

2) Күрөө коюучу кийинки күрөөгө коюу эрежелерин, баалуу кагаздарга карата үчүнчү жактардын укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттенмесин бузган учурда; 

3) Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса. 

2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө

2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.4.4. Баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырууга. 

2.5. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптык төлөм, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан мүмкүн болуучу чыгымдарды жана башка чыгашаларды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды, Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде жайгаштырууга макулдашышты. 

Ушул Келишимге кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийине ушул Келишим шарттарына ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине жободо белгиленген шарттарга ылайык которуу жөнүндө тапшырма жөнөтүүгө милдеттенет. 

3.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка баалуу кагаздарга же ушул Башкы келишимде көрсөтүлгөн, Күрөө коюучуга тиешелүү болгон ушундай эле баадагы башка күрөөгө алмаштырылышы мүмкүн. Мында, Күрөө кармоочу менен Күрөө коюучу ортосунда Тараптардын макулдугу боюнча жаңы Күрөө келишимдери тариздетилип, алар каттоо жыйымын төлөө менен тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоодон өткөрүүгө чыгашаларды Күрөө коюучу төлөйт. 

3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбаган шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган, Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине ошол баалуу кагаздардын номиналдык наркы боюнча суммасын чегерүүгө ыйгарым укук беришти. 

3.4. Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, Күрөө кармоочу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга укуктуу. 

3.5. Тараптар ушул Келишимди Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийинде каттоодон өткөрүү үчүн төлөмдүн Күрөө коюучу тарабынан төлөнүшүнө макулдашышты. 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, Тараптар бири-бирине келтирилген чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык төлөп берүүгө тийиш. 

4.2. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөлүү тараптарды ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

4.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн) алмаштырылууга тийиш болгон баалуу кагаздардын номиналдык наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт. 

5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

5.1. Тараптар ушул Келишимдин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү дароо ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырыла тургандыгын макулдашышты. 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды кайтаруу жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат. 

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөртүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоо Күрөө коюучу тарабынан ишке ашырылат. 

6.4. Келишим Улуттук банктагы Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийде катталууга тийиш. 

6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

6.6. Бул келишим Күрөө коюучу үчүн 1 (бир) нускада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн 1 (бир) нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот. 

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ: КҮРӨӨ КОЮУЧУ: 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

Бишкек ш., Чүй проспекти 168 

 

 

Кызмат орду __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Уюм: 

Эл аралык уюм 

 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

 

 

Кызмат орду __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

 

Улуттук банкта 20__-жылдын «__» _________________ 

каттоодон өткөн № _______________ 

____________________________ /______________________________________________ 

(кол тамгасы) (кызмат орду, аты-жөнү)»