Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 31-мартындагы 

№ 2023-П-14/21-2-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө  

ЖОБО  

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-мартында № 2024-П-14/13-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эсептешүү банкы (мындан ары Эсептешүү банкы) катары иш алып баруу үчүн коммерциялык банкка карата минималдуу талаптар аныкталган.  

 

2. Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат: 

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/ушул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү

 

3. Бул Жобо төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына Кыргыз Республикасынын резиденттерине, ошондой эле локалдык/эл аралык төлөм системаларына тутушкан коммерциялык банктарга таркатылат.  

Электрондук акча системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо менен жөнгө салынат.  

 

4. Эсептешүү банкын тандоо жөнүндө чечимди ушул Жободо, ошондой эле ички ченемдик документтерде белгиленген талаптарга ылайык төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму кабыл алат.  

 

5. Эсептешүү банкы менен төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Эсептешүү банкы, банктар аралык системалардын катышуучусу болуу менен, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ири же чекене төлөмдөр системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылат.  

 

6. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелерде каралган учурларда, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана локалдык/эл аралык төлөм системасынын эрежелерине ылайык башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/ же башка өлкөнүн же локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

 

7. Банк түзүлгөн келишимдердин негизинде бир нече төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.  

 

8. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бир нече эсептешүү банкын тандоого жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн эсептешүү банктарындагы эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартууга укуктуу.  

 

9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторуна эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн жана тынымсыздыгын камсыз кылуу максатында, негизги Эсептешүү банкынан тышкары, бир же эки резервдик Эсептешүү банкына ээ болуу сунушталат. Бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу боюнча критерийлерди маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн тобокелдиктерге ички баа берилишине жараша, маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторунун башкармасы же директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо  аткаруу органы) тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерде белгилөөгө тийиш. Тобокелдиктерди баалоо тобокелдик-менеджери (бар болсо) менен макулдашылууга жана директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо  аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банктын маанилүүлүк критерийи тууралуу билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу зарылдыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш.  

Резервдик эсептешүү банкына карата талаптар Эсептешүү банкына карата талаптарга окшош. 

 

10. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелердин алкагында өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана/же директорлор кеңеши (директорлор кеңеши жок болсо  аткаруу органы) тарабынан бекитилген локалдык төлөм системасынын, жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эрежелерине ылайык, башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы жана/же башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору жана/же локалдык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн эсептешүүлөрдү уюштуруу жөнүндө келишимдин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылат жана гарантиялайт. 

 

10-1. Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/эсептешүү банкы менен ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ортосунда түзүлгөн келишимде операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндөгү чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү боюнча суткалык лимиттер жана ишке ашырылып жаткан операциялардын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды/билдирүүлөрдү Эсептешүү банкына берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш. 

Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча суткалык лимиттерге талдоо жүргүзөт. 

 

11. Эсептешүү банкы жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык негизги жана резервдик байланыш каналдарын жана өздөрүнүн системаларынын ортосунда интеграцияны камсыз кылышат.  

 

11-1. Локалдык төлөм системасынын оператору жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын оператору, алардын катышуучу банктары жана эсептешүү банктары ортосундагы ушул Жобо менен бекитилбеген бардык өз ара иш алып баруулар, алардын жоопкерчилиги, укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана локалдык төлөм системасынын жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын тиешелүү эрежелеринде, тиешелүү ички ченемдик документтерде, ошондой эле алардын ортосунда түзүлүүчү башка келишимдерде жана/же макулдашууларда белгиленет. 

 

2-глава. Эсептешүү банкына карата талаптар  

12. Төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банк Эсептешүү банкы боло алат:  

- кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

- кредиттик жана төлөм карталарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер жана башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо;  

- кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу.  

 

13. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкы төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары - ГСРРВ) жана пакеттик клиринг системасынын (мындан ары - ПКС) катышуучусу болуу, мында өз ара иш алып баруу операторунун Эсептешүү банкы ГСРРВнын тике катышуучусунан болуусу жетиштүү;  

2) финансылык маалыматтарды өткөрүп берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын (мисалы, SWIFT) катышуучусу болууга жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун Эсептешүү банкы менен финансылык маалыматтарды өткөрүп берүүнүн каналдарына ээ болууга; 

3) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

4) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

5) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

6) жоюу процессинде, тике банктык көзөмөл режиминде, убактылуу администрация режиминде болбоого. 

 

14. Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган локалдык төлөм системасынын операторунун эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары, төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (жыл) жыл жүзөгө ашырууга тийиш;  

2) Ал үчүн Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык төлөм системасынын тике катышуучусу болуп саналууга жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналуусу зарыл; 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналууга; 

4) башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү банктары/агенттери менен корреспонденттик мамилелерге ээ болууга; 

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган, тышкы аудитордун корутундусунун болушу зарыл. 

 

3-глава. Эсептешүү банкынын функциялары  

15. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн Эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат:  

- өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте күн сайын ГСРРВ системасында белгиленүүчү чекене төлөм системалары үчүн резервди эсептөөгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму үчүн ар күндүк негизде резервди камтыйт;  

- камсыздандыруу (кепилдик) фондундагы резервди эсептөөгө банк алар менен Эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн төлөм уюмдары үчүн резервди камтыйт;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасы үчүн негизги эсептешүү эсебин ачат, анда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча акча каражаттары топтолот жана бул эсептен акча каражаттары үчүнчү жактардын, төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына гана жана/же дебеттик таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептен алынып салынат. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму бул эсеп боюнча кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок;  

- зарыл болгон учурда төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун негизги эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда бул эсепте резервдик эсепти ачуу жана резерв түзүү талабын белгилейт. Резервдин өлчөмү белгилүү бир мезгил үчүн талап кылынган ликвиддүүлүккө баа берүүдөн улам эсептелиши мүмкүн;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун тапшырмасы боюнча, банктар аралык төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын алуучулардын эсептери ачылган банктарга акча каражаттарын өз убагында которууну камсыз кылат;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдайт;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык, кайсы валютада болбосун Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүнү ишке ашырат. Өз кезегинде локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык локалдык төлөм системасынын башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча Эсептешүү банкы менен локалдык төлөм системасынын операторунун системасынын/төлөм уюмунун катышуучусунун/катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ГСРРВ аркылуу улуттук валютанын эквивалентинде же чет өлкө валютасында ордун жабууну алат; 

- башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ушул системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспондентттик эсептерине тиешелүү суммалардын локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык ГСРРВ аркылуу өз убагында чегерилишин камсыз кылат; 

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат.  

 

4-глава. Эсептешүү банкынын милдеттери  

16. Эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүү, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылуу;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечиктирилишине жана кезектүүлүгүнө жол бербөө (колдонулган учурда);  

- эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жагында Эсептешүү банкынын башкармасы тарабынан бекитилген колдонуудагы планга ээ болуу;  

- төлөм системаларынын операторлору менен интеграцияланган төлөм системаларынын эсептешүү банктары менен билдирүүлөрдү өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналдарын камсыз кылуу;  

- төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик берүү;  

- тарифтерди юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча банкта иштеп жаткан тарифтер ченинен жогорку эмес жана/же тараптар менен макулдашуу боюнча белгилөө

- ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарын аткаруу максатында, акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктагы жана башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги жетиштүү ликвиддүүлүктү эсептөө методикасын, ошондой эле ушул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен, ошондой эле бул системанын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн Жол-жобо иштеп чыгуу жана бекитүү;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык маалымат системаларына аудит жүргүзүү;  

- Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган, маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын же Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына гарантия катары, макулдашуу боюнча берүүгө тийиш. Мында жогоруда белгиленген гарантиялык инструменттер чогуу алганда Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн төлөм системаларынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр жүргүзүлгөн өткөн айдагы күндөрдүн саны) тийиш. 

Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк Эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.  

5-глава. Келишимге карата талаптар  

17. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен Эсептешүү банкынын ортосундагы келишимде, эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- тараптардын жоопкерчилиги;  

- эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү;  

- эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби;  

- тараптардын макулдугу боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн гарантиясы үчүн төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан сакталган депондоштурулган сумманын өлчөмү жана аны пайдалануу тартиби;  

- өзгөчө жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, өзгөчө жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялар жана сый акылар ж.б.);  

- келишимди токтотуу жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- келишимде башка шарттар дагы камтылышы мүмкүн.  

6-глава. Корутунду жоболор  

18. Тараптар келишимде каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эсептешүүлөр боюнча бардык милдеттенмелердин ордун жабуу шартында түзүлгөн келишимдерге шайкеш келбестигин аныкташса, каалаган учурда аны жокко чыгарууга укуктуу.