Кайта келүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2023-жылдын 29-декабры № 737/67-7 

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетиштүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

1) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа 1-тиркемеге ылайык; 

2) 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык. 

2. Мамлекеттик башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу» токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти координациялоону камсыз кылсын жана ар кварталдык негизде аны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту карасын. 

4. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча органдары (макулдашуу боюнча) төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрихкод) колдонуу менен берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн. 

6. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын: 

1) Кыргыз Республикасынын региондорунда банктык жана төлөм инфраструктурасын кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү активдештирүү

2) калк арасында төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын (электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрихкод) илгерилетүү жана жайылтуу боюнча чараларды көрүү

3) калктын бардык категориялары үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну эске алуу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди түзүү

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн. 

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

А.Жапаров 

  

К.Боконтаев 

  

 

  

  

1-тиркеме 

  

  

 

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча  

МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА 

1-глава. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары 

Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсүндө 2003-жылдан тартып Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа этап-этабы менен ишке ашырылган. 

2003-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү үчүн негиз түптөлгөн. Банк жана төлөм системаларын реформалоону жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттик маанидеги төлөм системалары түзүлдү

2008-жылга карата Кыргыз Республикасында төмөнкү төлөм системалары иштеген: 

- банктар аралык майда жана чекене төлөмдөрдү иштеп чыгууга багытталган майда чекене жана туруктуу төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы; 

-»Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун (мындан ары - «БПБ» ЖАК) базасында бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - ББПБ), ага товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда эсептешүүлөр боюнча функциялар, «Элкарт» улуттук төлөм картасын колдонуу аркылуу эмгек акы төлөө долбоорлорун ишке ашыруу жүктөлгөн; 

- финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири жана мөөнөттүү төлөмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы. 

2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чекене төлөмдөр рыногун, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү жолу менен накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн тең салмактуу катышына жетүүгө жана Кыргыз Республикасында банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн киришин жогорулатууга багытталган. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ВАК) ишинин алкагында министрликтер, ведомстволор, коммерциялык банктар тарабынан 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программанын Иш-чаралар планын аткарууну координациялоо жана контролдоо жүзөгө ашырылды. ВАКтын жыйналыштарында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча сунуштар каралып, келип чыгуучу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору, анын ичинде региондордо банк жабдууларын орнотууга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулду накталай эмес тартипте төлөөгө, накталай эмес төлөмдөр боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө байланышкан маселелер жана башка маселелер талкууланган. 

Улуттук банктын, министрликтердин, ведомстволордун жана коммерциялык банктардын биргелешкен аракеттери, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17/4-(ПС) токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепцияны ишке ашыруунун алкагындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүүгө, улуттук төлөм системасын, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калк үчүн төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүнө оң таасирин тийгизди. Алсак, 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун алкагында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди: 

- чет өлкөдө жеке маалыматтарды берүүнү жана иштеп чыгууну болтурбоо максатында эмгек акы долбоорлорунун алкагында эл аралык карталар боюнча эмгек акыны алган бардык бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук төлөм системасына өткөрүлгөн; 

- 360,7 миң адам социалдык төлөмдөрдү банктык төлөм карталары аркылуу алган (алуучулардын жалпы санынын 97,4 пайызы); 

- 548,5 миң адам коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу пенсия алган, бул пенсионерлердин жалпы санынын 74,0 пайызын түзөт; 

- бюджеттик уюмдарда «бюджеттик каражаттарды алуучунун» 1145 картасы пайдаланылган, алар боюнча жалпы 3282,3 млн. сом суммасы 9935 транзакция жүргүзүлгөн; 

- банктык мекемелер жок аймактарда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 387-1 почта байланышы бөлүмүндө карта ээлерине пенсия, жөлөкпул жана эмгек акы төлөө, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, салык жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн POS-терминалдар орнотулган; 

- Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары «БПБ» ЖАКка кошулган, анын натыйжасында «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары калк үчүн чыгарылып, бардык коммерциялык банктардын аралыкта орнотулган түзүлүштөрү аркылуу тейлөөгө алынган. 

2018-жылдан тартып калкка коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча соода-сервистик ишканалардын кассаларынан POS-терминалдар аркылуу төлөм картасынан накталай акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул сервис бир тарабынан, банктык төлөм картасынын кандай болбосун ээси үчүн акчаны пайдаланууга ыңгайлуу жана тез жетүүгө, экинчи тарабынан, кардарлардын санын жана соода-сервистик ишканалар үчүн алардын сатып алууларын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы убакта төрт коммерциялык банк тарабынан региондордо жайгашкан 89-2 соода-сервистик ишкананын кассаларында банктык төлөм картасынан акча каражаттарын накталай алуу боюнча долбоор ишке ашырылууда. 

Банктар тарабынан туруктуу негизде карта ээлерин накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө демилгелөө (дисконттук программалар, маркетингдик акциялар, жарнама, тарифтик пландарды жаңылоо, ошондой эле интернет-банкинг жана мобилдик банкинг аркылуу төлөөгө боло турган кызматтардын тизмесин кеңейтүү), калк банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды жана аралыктан төлөө ыкмаларын колдонуусу үчүн лоялдуулук программаларын жана башка ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бюджеттик уюмдарды жана чарбакер субъекттерди эмгек акы төлөө долбоорлоруна тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, жаңы продукттарды түзүү жана тарифтик пландарды кайра карап чыгуу иштери жүргүзүлгөн. 

Банктар жаңы кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар жөнүндө өзүнүн ар кандай маалымат булактарында жарнама жайгаштыруу жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу негизде өз ара иш алып баруу, пресс-конференцияларды уюштуруу, маалымат ресурстарында жарнамалык модулдарды жана макалаларды жайгаштыруу аркылуу маалымат берип турган. 

2018-жылдан тартып 2022-жылга чейин Улуттук банк төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга тогуз лицензия жана төлөм уюмуна он лицензия берген. Алсак, 2022-жылдын аягына карата 24 юридикалык жак Улуттук банктын лицензиясына ээ: төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна 24 лицензия жана төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна 23 лицензия. Алардын ичинен 20 төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары - Бишкек шаарында, бирөө - Чүй облусунда, үчөө Ош шаарында жана Ош облусунда жайгашкан. 

Төлөм инфраструктурасын кеңейтүү максатында 2018-жылдын 2-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда Кыргыз Республикасынын аймагына банк жабдууларын импорттоодо КНСтен бошотуу каралган. Ушул Мыйзамды аткаруу максатында Улуттук банк менен коммерциялык банктардын ортосунда банк жабдууларын республикага ташып кирүү жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде өлкөгө 971 банкомат, 12538 POS-терминал, 1622 төлөм терминалы алып келинген. 

2022-жылдын апрелинде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган, анда мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, акционердик коомдор тарабынан жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды жөнгө салуу каралган эмес, анда уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна таандык. Бул Мыйзам мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарга колдонулбайт, бул алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банк жабдууларын сатып алуу жана орнотуу жол-жобосун жеңилдетет. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомундагы соода-сервистик ишканаларда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды милдеттүү түрдө орнотуу боюнча иштер улантылган. Мында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, накталай эмес формада төлөө ыкмаларын кеңейтүү, жеке жана юридикалык жактар төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмесин актуалдаштыруу жана кеңейтүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Бул токтомго ылайык керектөөчүлөр банктык төлөм карталарын, электрондук акча жана QR-коддор аркылуу соода-сервистик ишканаларда төлөмдөрдү жүргүзө алышат. 

2022-жылдын аягына карата абал боюнча соода-сервистик ишканаларда орнотулган POS-терминалдардын саны 13744 даанага жетти, ал эми 2018-жылдын башында POS-терминалдардын саны 6646 даана болчу. 

Ишкерлерге ушул токтомду аткаруунун тартиби жана карта ээлеринин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес түрдө төлөө укугу жөнүндө маалымдоо максатында республикалык жана региондук телеканалдарда чарбакер субъекттер үчүн социалдык видеороликтер даярдалган жана ишке киргизилген, ошондой эле маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

Калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана инновациялык технологияларды колдонуу жөнүндө маалымдоо максатында Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте «Санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөр» темасында беш видеоролик даярдап, алар «Финсабат» сайтына жайгаштырылган, ошондой эле республикалык жана региондук телеканалдарда көрсөтүлгөн. 

COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалды көңүлгө алып, Улуттук банк 2020-жылы төлөм секторунун катышуучуларына аралыктан төлөм кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чараларды көргөн. Атап айтканда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарларды аралыктан (дистанциялык) режимде идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү каралган ченемдик укуктук актылар кабыл алынган, банктын бөлүмүнө же төлөм уюмуна барбастан, төлөм уюмдарынын агенттеринин электрондук капчыктары жана мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жана төлөм операцияларын жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрүн толук пайдалануу үчүн шарттар түзүлгөн. 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган иш-чаралар комплексин аткаруунун жыйынтыгы боюнча төлөм системасы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилген (1-таблица): 

1-таблица. Төлөм системасы боюнча көрсөткүчтөр

№ 

  

Болжол 2018 

Факт 2018 

Болжол 2019 

Факт 2019 

Болжол 2020 

Факт 2020 

Болжол 2021 

Факт 2021 

Болжол 2022 

Факт 2022 

Карталарды пайдалануу менен эсептешүү системалары 

Жылдын аягына карата чыгарылган төлөм карталарынын саны (миң даана) 

2020,0 

2432,6 

2121,0 

2980,6 

2227,1 

3388,3 

2338,4 

3757,1 

2455,4 

5236,0 

1 адамга эсептегенде банктык төлөм карталарынын жайылтылышынын деңгээли (даана) 

0,50 

0,58 

0,51 

0,70 

0,53 

0,78 

0,55 

0,85 

0,57 

1,17 

Төлөм карталарын пайдалануу менен жасалган операциялардын саны (миң даана) 

27350,8 

38000,0 

28718,4 

47703,4 

30154,3 

58542,4 

31662,0 

84210,7 

33245,1 

128314,1 

1 адамга эсептегенде операциялардын орточо саны (даана) 

6,7 

9,0 

6,9 

11,2 

7,2 

13,5 

7,4 

19,1 

7,7 

28,6 

Төлөм карталары боюнча жасалган операциялардын көлөмү (млн. сом) 

151212,1 

196241,7 

158772,7 

237860,7 

166711,3 

269792,8 

175046,9 

375103,0 

183799,2 

524663,1 

1 адамга эсептегенде карталар менен жасалган операциялардын орточо көлөмү (сом) 

35966,0 

46713,1 

37764,0 

55722,0 

39652,1 

62198,6 

41634,7 

85074,7 

43716,0 

117006,4 

1 банкоматка туура келген адамдын саны 

2598 

2654 

2396 

2493 

2209 

2337 

2056 

2308 

1930 

2197 

1 POS-терминалга туура келген адамдын саны 

427 

418 

378 

384 

343 

359 

314 

337 

290 

276 

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системалары 

Электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны (миң адам) 

696,8 

1209,0 

940,7 

1960,3 

1270,0 

3505,1 

1714,5 

4727,2 

2314,6 

5416,1 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган операциялардын жалпы (миң даана) 

1582,6 

31032,3 

17470,9 

30038,7 

19218,0 

33899,2 

21139,8 

31741,1 

23253,8 

35686,8 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын жалпы көлөмү (млн. сом) 

9660,8 

29525,2 

10626,9 

44952,2 

11689,6 

61443,9 

12858,6 

85967,6 

14144,4 

98010,1 

  

  

1Кыргыз Республикасынын аймагында бойго жеткен калктын саны (миң адам) 

4071,8 

4201,0 

4132,9 

4268,7 

4194,8 

4337,6 

4257,8 

4409,1 

4321,6 

4484,1 

  

1Эмгекке жарамдуу курактагы жана эмгекке жарамдуу курактан улуу калк эсепке алынды. 

2022-жылдын аягына карата бойго жеткен калктын саны боюнча болжолдуу көрсөткүч. 

2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо 

Өлкөнү санариптик өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкү стратегиялык документтерде каралган төлөм системасында санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды өткөргөн: 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 24 «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы; 

- Прогрессивдүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен санариптик төлөм технологиялары тармагы чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун мындан ары жогорулатуу милдеттерин ишке ашыруу, коммуникациялардын электрондук каналдары аркылуу финансылык уюмдардын, алардын кардарларынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана коммерциялык уюмдардын 2022-жылга карата өз ара шайкеш аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясы. 

Ачык банктык интерфейстердин технологияларын өнүктүрүү үчүн (мындан ары - API(3)) Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде (мындан ары - ЕАЭБ) финансы уюмдарынын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн API аппробациялоо боюнча трансчек аралык пилоттук долбоор (мындан ары - пилоттук долбоор) ишке ашырылган. Пилоттук долбоорго Кыргыз Республикасынан үч коммерциялык банк катышкан. Пилоттук долбоордун максаты ЕАЭБ мейкиндигинде финансы уюмдарынын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү стандарт боюнча маалыматтык API технологиясын колдонууну тестирлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы рыногу үчүн, анын ичинде ЕАЭБ алкагында API технологияларын өнүктүрүү потенциалын баалоо саналат. «Элкарт» улуттук төлөм системасын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук төлөм системалары менен интеграциялоо аяктады. 

«Элкарт NFC» («Байланышсыз Элкарт») байланышсыз банктык төлөм карталарын чыгаруу боюнча долбоор ишке ашырылган, алар картаны бөтөн адамга бербестен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси, ошондой эле соода-сервистик ишканалар үчүн «Элкарт Трейд» мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтардын спектри кеңейтилди, бул товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес ыкмада, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен кабыл алууга мүмкүндүк берет. 

Ар башка төлөм системаларынын системалар аралык интеграциялоону камсыз кылуу жана төлөөчүлөргө QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-4 жана 2022-жылдын 24-августундагы № 2022-П-14/53-4 токтомдору менен QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр төлөм системасынын катышуучулары өз QR-коддорун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 18-СТ буйругу менен бекитилген «Финансылык төлөмдөр үчүн эки өлчөмдүү штрихкод символдору (Техникалык шарттар)» Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартына ылайык келтирүү, аларды өз ара аракеттенүү операторуна туташтырууга жана QR-кодду колдонуу менен төлөөдө төлөмдөрдүн интероперабелдүүлүгүн камсыздоого милдеттүү талаптарды белгилейт. 2022-жылдын декабрында Улуттук банк банктар, «БПБ» ЖАК жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары менен биргеликте төлөм системаларын (банк карталары, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер) системалар аралык интеграциялоо боюнча иш-чараларды аяктаган жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзгөн. QR-коддор аркылуу мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү жана которууларды төлөө ыкмаларын өнүктүрүү боюнча жол картасы ишке ашырылууда, анын алкагында мамлекеттик кызматтарга: паспорт берүү, автотранспортту каттоо/кайра каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу ишке ашырылат. 

Кыргыз Республикасында бирдиктүү санариптик финансылык онлайн платформаны ишке ашыруу үчүн 2021-жылдын 8-декабрында Улуттук банк «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте финансылык маркетплейс түзүү боюнча жол картасына кол койду. Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-3-(НПА) токтому менен «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобо кабыл алынган. Жободо маркетплейс финансылык платформасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторлору болушу мүмкүн болгон операторлор жана аталган платформадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги аныкталат. 

Кошумча API ачык программалык интерфейстери аркылуу маалымат алмаша ала турган финансылык кызматтарды көрсөтүүчүлөргө жана финансылык платформа кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторуна карата талаптар белгиленген. Жогоруда аталган Жобого ылайык Улуттук банк финансылык платформа (маркетплейс) кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторлорунун реестрин жүргүзүүдө

Тез төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү боюнча долбоордун алкагында иштер башталып, системага карата техникалык талаптар иштелип чыккан, бул Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жакшыртуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана жаңы продуктуларды колдонууга киргизүү убактысын жана чыгымдарын кыскартуу максатында «жөнгө салуу аянтчасы» ишке киргизилген. 2020-жылдан 2022-жылга чейин көзөмөлгө алынган үч уюм атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында банк операцияларын, атап айтканда кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чектелүү чыгарылган «Элкарт» функциялык кредиттик карталарынын эмиссиясын, банктык карталар эквайрингин, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну жана тейлөөнү, ошондой эле өздүк электрондук акча чыгарууну (эмиссия), төлөөнү жана электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн төлөм карталарын чыгарууну (эмиссия) жүзөгө ашырган. 2022-жылы Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 чечими менен көзөмөлгө алынган бир уюмду тестирлөө иши ийгиликтүү деп таанылган. 

2021-2022-жылдары калкка санариптик төлөм кызматтарын жана инновациялык технологияларды колдонуунун артыкчылыктары жана ыңгайлуулугу жөнүндө маалымдоо максатында Улуттук банк төмөнкүлөр жөнүндө видеоматериалдарды иштеп чыгып, Улуттук банктын интернет-ресурстарына жайгаштырды: 

- «Элкарт NFC» төлөм карталары менен байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү

- QR-кодду колдонуу менен төлөө

- электрондук капчыктар; 

- мобилдик жана интернет-банкинг, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин колдонуу. 

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен Санарип сом концепциясы бекитилди, ага ылайык санарип сом улуттук валютанын кошумча формасы болот жана Улуттук банк тарабынан санарип формада чыгарылат. Санарип сом накталай сом сыяктуу эле Улуттук банктын милдеттенмеси болот. Санарип сом акчанын бардык функцияларын - жүгүртүүөлөм) каражаты, нарктын өлчөмү жана топтоо каражаты катары функцияларды аткаруу менен аны накталай жана накталай эмес сом катары колдонулат деп болжолдонууда. 

3-глава. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө тоскоол болгон проблемаларды талдоо 

2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында накталай эмес акча жүгүртүүнүн андан ары туруктуу өнүгүшү үчүн негизги шарттар түзүлгөн. 

Бүгүнкү күндө калк үчүн электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, төлөмдөрдү мобилдик телефондордун жардамы менен, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, QR-коддор (эки өлчөмдүү штрихкод) ж.б. аркылуу төлөө сыяктуу инновациялык төлөм инструменттерин колдонуу жеткиликтүү

Учурда төлөм кызматтарынын рыногу керектөөчүлөргө төлөм сервистеринин кеңири түрлөрүн сунуштай алат, бирок накталай эмес акчанын жалпы акча массасынын жүгүртүлүшүндөгү үлүшүнүн көрсөткүчү 80-90 пайызга жеткен өнүккөн өлкөлөргө караганда бир топ төмөн. 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн тең салмактуу катышы түптөлгөн. Алсак, экономикадагы накталай эмес акчанын үлүшү 2012-жылдан бери 21,1 пайыздык пунктка көбөйүү менен 50,7 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр экономикадагы акча массасынын жарымынан көбү банк секторунда топтолгондугун көрсөтүп турат. 

Бүгүнкү күндө калк үчүн кыйла суроо-талапка ээ төлөм кызматтары банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана которуулар, анын ичинде аралыктан банктык тейлөө системалары аркылуу, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөр саналат. 

2022-жылы банктык төлөм карталарын пайдалануу менен 524,7 миллиард сом суммасына 128,3 миллиондон ашык операция жүргүзүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу операциялардын саны 52,4 пайызга, ал эми операциялардын көлөмү 39,9 пайызга өскөн. Банктык төлөм карталарын колдонуу 2012-2022-жылдар аралыгында 10 эседен ашык өскөн төлөм кызматтарынын эң тез өнүгүп жаткан сегменти болуп саналат. 

Бирок, мурдагыдай эле банктык төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны боюнча да, көлөмү боюнча да операциялардын негизги үлүшүн накталай акча алуу операциялары ээлейт, ал 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 83,5 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр банктык карта ээлеринин көпчүлүгү күнүмдүк эсептешүүлөрдү накталай акчаны колдонууну каалай тургандыгына күбө болот. 

Кыргыз Республикасынын ар бир бойго жеткен жаранына жылына карта менен болгону 28 төлөм туура келет, ал эми «накталай акчасыз» өлкөлөрдө жылына киши башына 250дөн ашык төлөм туура келет. Салыштыруу үчүн, Россия Федерациясында 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене соодада накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү 70,3 пайызды түзүп, ар бир жашоочуга жылына 300дөн ашык карталык төлөм туура келген. 

Ошондой болсо да Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда, ал орточо эсеп менен үч жылда эки эсеге өсүүдө

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен соода-сервистик ишканаларда товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операциялардын саны 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2022-жылы 82,2 пайызга, операциялардын көлөмү 2,3 эсеге өскөн. 

Ушул 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын алкагында негизги күч-аракеттер чекене соодада накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшү үчүн ар кандай төлөм инструменттерин колдонууну бардык жерлерде колдонууга багытталышы керек. Биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн накталай акчадан баш тартууга жана накталай эмес төлөмдөргө өтүүдө үлгү болууга тийиш. 

Калктын накталай эмес төлөмдөрдү пайдалануу деңгээлинин төмөндүгүнүн себеби болуп негизинен төмөнкү көйгөйлөр саналат: 

1. Калктын накталай эмес төлөмдөрдү жана инновациялык төлөм сервистерин колдонууга кызыгуусунун төмөндүгү

Бүгүнкү күндө калктын басымдуу бөлүгү күнүмдүк сатып алууларда накталай эмес төлөмдөрдү альтернативдүү төлөм ыкмасы катары гана колдонуп, банкоматтардан накталай акча алууну артык көрүшөт. Көпчүлүк учурларда керектөөчүлөрдүн акчаны накталай пайдаланууну тандоосу адатка айланган, ал эми айрым учурларда башка факторлор, анын ичинде чекене соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүн эместиги же заманбап төлөм каражаттарына ишенбөөчүлүк менен шартталган. 

2. Ишкердик субъекттеринин накталай эмес төлөмдөргө өтүүнү каалабагандыгы. 

Ишкерлер үчүн накталай эмес төлөмдөргө өтүү салык органдарынан кирешелерди жашыруу мүмкүн эместиги менен байланыштуу, ошондуктан ишкерлер төлөмдү накталай түрдө кабыл алууну туура көрүшөт. 

3. Өлкөнүн региондорунда накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн төлөм инфраструктурасы жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. 

Накталай эмес түрдө төлөй турган соода-сервистик ишканалар негизинен өлкөнүн ири шаарларында жайгашкан. Өлкөнүн региондорунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонууга кирүүсүнүн жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүнүн төмөн деңгээли сакталууда. Ошол эле учурда өлкө калкынын 65 пайызы айыл жеринде жашай турганын белгилей кетүү керек. 

4. Ар башка төлөм системаларынын функциялык шайкеш эместиги. 

Төлөм системаларынын функциялык шайкештиги төлөм кызматтарын оңой, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, ар башка системалардын колдонуучуларынын ортосунда төлөм жана акча которуулардын кыйла ыңгайлуу жана тез ыкмаларын камсыз кылат. Бирок техникалык жана экономикалык себептерден улам төлөм системаларынын катышуучулары башка системалар менен функциялык шайкештикти камсыз кылууга кызыгуусун билдиришпейт. Бул өз кезегинде акыркы колдонуучулар үчүн акча каражаттарын которууда, товарларга/кызматтарга төлөөдө ыңгайсыздыктарды жаратат жана накталай акчаны колдонууга өтүүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. 

5. Соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын болушуна талаптагыдай мамлекеттик контролдун жоктугу. 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 318-беренесинде сатуучулардын накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жабдууларынын жоктугу үчүн жоопкерчилик белгиленген. Укук бузуулар жөнүндө иштер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат. Бирок мамлекеттик органдардын чектелген ресурстары жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду талаптагыдай ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. 

6. Коммерциялык банктар тарабынан сунушталган банктык жана төлөм кызматтары боюнча тарифтик саясат. 

Төлөмдү накталай эмес формада кабыл алуу ишкер үчүн белгилүү бир эсептешүүдө сатуучу банкка төлөм системасына жараша түшкөн пайдадан 0,5 пайыздан 2,5 пайызга чейинки өлчөмдө комиссия төлөп бериши керек, бул чакан бизнес үчүн олуттуу финансылык оордук болушу мүмкүн. 

7. Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү 

Кыргыз Республикасынын калкы негизги финансылык түшүнүктөр, финансылык институттар жана алар сунуш кылган продукттар тууралуу толук маалыматка ээ эмес. Финансылык билими жана көндүмдөр болбосо өздүк каражаттарды башкаруу, ар кандай финансылык продукттарды жана кызматтарды сапаттуу башкаруу жана пайдалануу кыйын, бул кризистик кырдаалдарда өтө зарыл. 

Жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларды эске алуу менен Министрлер Кабинети жана Улуттук банк санариптик технологияларды, банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоо менен Мамлекеттик программаны андан ары ишке ашырууну, тейлөө чөйрөлөрүндө төлөм инструменттерин киргизүүнү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү, ошондой эле 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын алкагында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды контролдоону жана аларга мониторинг жүргүзүүнү улантуусу зарыл. 

4-глава. Максаты жана милдеттери 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасында чекене төлөм рыногунда санариптик төлөм кызматтарын, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү жана банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу деңгээлин жогорулатуу аркылуу накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү болуп саналат. 

Ушул 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын алкагында инновациялык төлөм ыкмасы коммерциялык банктардын, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелерин, анын ичинде QR-коддорун, электрондук акчаларды, байланышсыз карталарды, NFC-технологияларын, мобилдик банкинг, интернет-банкинг жана башкаларды колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү деп түшүнүү зарыл. 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагындагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) жаңы санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү

- калк үчүн санариптик төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана түрлөрүн көбөйтүү

- санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндө дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны колдонуу; 

- республиканын бардык региондорунда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү

- Кыргыз Республикасында ар башка банктардын кардарлары ортосунда реалдуу убакыт режиминде учурдагы банктык/эсептешүү эсептеринен төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү камсыз кылуу; 

2) калкты аралыктан банктык тейлөөнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү

- банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүү технологияларын өнүктүрүү, анын ичинде агенттик тармакты ишке тартуу жана алардын 24/7 режиминде ишин камсыз кылуу; 

- коммерциялык банктардын бөлүмдөрүнө барбастан, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү инновациялык төлөм технологияларын колдонууну калк арасында жайылтуу; 

3) калкты социалдык жактан тейлөө деңгээлин жана ишкердик иштин өсүшүн жогорулатуу: 

- интернет-банкинг, уюлдук телефон, банкомат, POS-терминал, төлөм терминалы сыяктуу бардык жеткиликтүү төлөм ыкмаларын колдонуу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигинин алкагында система аралык интеграцияны өнүктүрүү

- ишкер субъекттердин жана калктын накталай эмес төлөмдөргө өтүүсү үчүн шарттарды жана өбөлгө түзүүчү механизмдерди, анын ичинде салыктык механизмдерди түзүү

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды берүү процессин башкаруу аркылуу калкты социалдык жактан тейлөө деңгээлин жогорулатуу; 

- бюджеттик, чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүүдө накталай эмес төлөмдөрдүн инфраструктурасын кеңейтүү жана төлөм карталарын, электрондук капчыктарды QR-коддорду жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу реалдуу сектордо жеке ишкердиктин өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү

- төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алууда жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын минималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул кызматтарды көрсөтүүдө алардын операциялык чыгымдарын азайтуу; 

4) накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугунун зарыл деңгээлин камсыз кылуу жана колдоо: 

- төлөм секторунда санариптик технологиялардын иштеши үчүн коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу; 

- төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо системасын өркүндөтүү

- республиканын бүткүл аймагында тез төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары менен камсыз кылуу; 

- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча ишкердик субъекттерин мамлекеттик контролдоону күчөтүү

5) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана накталай эмес төлөм формаларын жайылтуу: 

- заманбап электрондук төлөм инструменттеринин, төлөм каражаттарынын жана банктык аралыктан тейлөө технологияларынын жеткиликтүүлүгү, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоо; 

- калк арасында накталай эмес төлөм формаларын жайылтуу боюнча чараларды ишке ашыруу (социалдык акциялар, жарнама акциялары, бонустук программалар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өнөктүктөр ж.б.); 

өлөм системаларынын катышуучулары жана соода-тейлөө ишканалары тарабынан накталай эмес формада сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча калктын эсептешүүлөрү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү

- соода-тейлөө ишканаларын жана алардын кызматкерлерин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү негизинен накталай эмес түрдө кабыл алууга кызыктырууга түрткү берүү

- бизнес түзүмдөрдү төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө активдүү тартуу; 

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтик саясатын оптималдаштыруу; 

6) төлөм системасы боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү

- санариптик, инновациялык төлөм кызматтарын жөнгө салуу жана коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; 

- накталай эмес төлөмдөргө өбөлгө түзүү максатында, салыктык төлөмдөр бөлүгүндө мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- акча каражаттарын тоскоолдуксуз которуу үчүн шарттарды түзүү максатында, анын ичинде миграциялык долбоорлордун алкагында башка өлкөлөр менен интеграциялык бирикмелердин алкагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү төлөм мейкиндигинде бирдей катышуусун камсыз кылуу. 

Коюлган милдеттердин алкагында 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

- иш-чаралардын пландарын, өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу; 

- ушул иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылуу шарттарын жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес төлөмдөр системасынын катышуучуларынын өз ара ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- долбоорлорду уюштурууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү

- колдонуудагы жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга күндөлүк контроль/мониторинг жүргүзүү

5-глава. Негизги артыкчылыктуу багыттар 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программада инновациялык жана санариптик төлөм кызматтарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекси каралган, бул накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттырууга жана накталай эмес төлөмдөрдүн инфраструктурасын кеңейтүүгө алып келет, атап айтканда: 

- эл аралык стандарттарга жооп берген төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн төлөм рыногунун катышуучуларынын ортосунда системалар аралык интеграцияны өнүктүрүү

- жөнөкөй идентификатор (телефон номери, QR-коду ж.б.) аркылуу ар кандай банктардын кардарларынын ортосунда акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берүүчү тез төлөмдөр системасын түзүү

- QR-коду аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды илгерилетүү жана жайылтуу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү

- накталай эмес эсептешүүлөр үчүн байланышсыз технологияларды өнүктүрүү

- маалымат алмашуу технологиясын (API) ишке киргизүү

- электрондук акча рыногун андан ары өнүктүрүү

- төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын маалымат системаларын мамлекеттик маалымат системалары менен интеграциялоо; 

- пенсия, жөлөк пул, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү алуучулардын үлүшүн Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептеринен коммерциялык банктардагы жеке эсептерине которуу менен көбөйтүү

- бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акысын банктык төлөм карталарына которуу; 

- банктык карталарды, электрондук капчыктарды жана/же QR-коддорду, төлөм терминалдарын жана башка инструменттерди колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылуу; 

- аймактардагы калктын инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду, мобилдик банкингди ж.б. пайдалануу) колдонуу менен коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү

- региондорду банктык жабдуулар менен жабдуу; 

- өлкө ичиндеги төлөмдөр боюнча талаптарды ишке ашыруу; 

- эсептешүүлөрдү накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүү үчүн банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду жана башка инновациялык технологияларды тейлөө тармагынын инфраструктурасын кеңейтүү

- накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн республиканын бүткүл аймагын жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары менен камсыз кылуу. 

6-глава. 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруудан күтүлүп жаткан натыйжалар 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программада каралган чараларды ишке ашырууда төмөнкүлөр камсыз кылынат: 

1) мамлекетке: 

- накталай акчанын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартуу жана салык базасын көбөйтүү

- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу; 

- мамлекеттик бюджетти аткаруунун майнаптуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу; 

- накталай акчаны чыгарууга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу; 

- ички инвестициялык ресурстарды мобилизациялоо; 

- калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу; 

2) коммерциялык банктарга: 

- кардарларды аралыктан тейлөө спектрин кеңейтүү

- эмиссиялык-кассалык иштерге (акчаны инкассациялоо, иштетүү, сактоо) байланышкан чыгымдарды кыскартуу; 

- депозиттик базаны көбөйтүү жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн каражаттарды топтоо; 

3) уюмдарга жана ишканаларга: 

- өздүк ички корпоративдик системаны түзүүгө кеткен чыгашаларды азайтуу; 

- накталай акча менен иштөө (кабыл алуу, сактоо жана ташуу) чыгашаларын төмөндөтүү

- эсептөө иштерин, финансылык контролдоону жана пландоону кыйла так жүргүзүү

- түз социалдык чегерүүлөр; 

4) калкка: 

- төлөм кызматтарын оңой, кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, төлөөнүн ыңгайлуу жана тез ыкмалары; 

- төлөм кызматтарын пайдалануу үчүн банктардын жана алардын агенттеринин кеңири тармагы; 

- банктарга жана системаларга жана аймактык тиешелүүлүгүнө карабастан, төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүүнүн салттуу жана инновациялык инструменттеринин жана ыкмаларынын кеңири түрлөрү

7-глава. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

Болжолдуу көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын туруктуу санын эске алуу менен эсептелет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6,14 миллион адамды түзгөн. 

2018-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-январына чейинки мезгилде калктын саны 780,9 миң адамга (б.а. 12,5 пайызга) көбөйүп, 7,04 млн. адамды түздү, анын ичинен экономикалык активдүү/жумушка жарамдуу калк 4409 миң адамды түзгөн. 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу калкынын төлөмдөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүүгө тартуу зарыл. 

Ошондой эле 2-таблицада келтирилген болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү пландаштырылууда: 

2-таблица. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

№ 

  

Божомол 

2023-ж. 

Божомол 

2024-ж. 

Божомол 

2025-ж. 

Божомол 

2026-ж. 

Божомол 

2027-ж. 

Жылдын аягына карата эмитирленген төлөм карталарынын жалпы саны (миң даана) 

5497,80 

5772,70 

6061,30 

6364,40 

6682,60 

1 адамга эсептегенде банктык төлөм карталарын колдонуу деңгээли (даана) 

1,21 

1,24 

1,29 

1,33 

1,37 

Төлөм карталарын пайдалануу менен аткарылган операциялардын саны (миң бирдик) 

134729,8 

141466,3 

148539,6 

155966,6 

163764,9 

1 адамга эсептегенде операциялардын орточо саны (бирдик) 

29,5 

30,5 

31,5 

32,5 

33,6 

Төлөм карталары боюнча аткарылган операциялардын көлөмү (млн. сом) 

550896,3 

578441,1 

607363,1 

637731,3 

669617,8 

1 адамга эсептегенде карталар менен аткарылган операциялардын орточо көлөмү (сом) 

120803 

124723 

128770 

132948 

137262 

1 банкоматка туура келген адамдын саны 

2128 

2061 

1996 

1934 

1873 

1 POS-терминалга туура келген адамдын саны (адам) 

267 

259 

251 

243 

235 

Электрондук капчык пайдалануучуларынын саны (бирдик) 

5579 

5746 

5918 

6096 

6279 

10 

Электрондук акчаны пайдалануу менен аткарылган бардык операциялар (миң бирдик) 

36222 

36765 

37317 

37877 

38445 

11 

Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын жалпы көлөмү (млн. сом) 

99480 

100972 

102487 

104024 

105585 

  

1Кыргыз Республикасынын аймагында эрезеге жеткен адамдардын саны (миң адам) 

4560,30 

4637,80 

4716,70 

4796,80 

4878,40 

1Эмгекке жарамдуу курактагы жана эмгекке жарамдуу курактан улуу калктын саны эсепке алынган. 

8-глава. Финансылык камсыздоо 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашырууда коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоо, ведомстволордун ички иш-чаралар пландарына ылайык мамлекеттик органдар-аткаруучулардын чыгаша сметаларынын чегинде каражаттарды бөлүү каралган. 

Ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдар тарабынан финансылык, техникалык, консультациялык жана башка колдоо көрсөтүүлөр күтүлүүдө

9-глава. 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, баалоо жана контролдоо  

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программа Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) аткаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча ички иш-чаралар планын иштеп чыгууга тийиш. 

Улуттук банк 2023-2027-жылдарга мамлекеттик программанын иш-чаралар планына ылайык тартылган катышуучулардын берген маалыматын чогултуу жана иштеп чыгуу аркылуу Мамлекеттик программанын аткарылышына мониторинг жүргүзөт. 

Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча маселелер ВАКтын жыйналыштарында квартал сайын каралып турат. 

2023-2027-жылдарга мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды эске алуу менен такталышы мүмкүн. 

_____________________________ 

(1) 2022-жылдын аягына карата маалымат. 

(2) 2022-жылдын август айынын аягына карата маалыматтар. 

(3) API (Application programming interface) - программалык тиркемелерди түзүү үчүн жол-жоболордун, протоколдордун жана инструменттердин жыйындысы. API программалык компоненттер кантип өз ара аракеттенүүгө тийиш экендигин аныктайт. 

Ачык API (Open API) - унификацияланган стандарттарды колдонуу менен жеткирүүчү компаниялардын жана провайдер компаниялардын маалымат системаларынын ортосунда коопсуз маалымат алмашуу үчүн үчүнчү жактарга маалыматтарды пайдалануу мүмкүндүгүн берүүнүн натыйжасында рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүүгө, инновацияларды өнүктүрүүгө, жаңы сервистердин жана продукттардын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү технология. 

 

 

 

  

  

2-тиркеме 

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

  

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу формасы 

Күтүлгөн натыйжалар 

Каржылоо булактары 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучулар 

1. Накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын уюштуруучулук-укуктук өнүктүрүүнү камсыз кылуу/өркүндөтүү 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү 

Санарип, инновациялык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу жана коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу 

Санарип инновациялык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар бекитилди 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

УБ 

Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүүгө болгон талаптарды бекитүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу 

Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүүгө талаптарды белгилөө боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу 

Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча талаптар бекитилди 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2024-жылдар 

УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ 

Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү пайдаланууга салыктык жактан дем берүү боюнча чараларды көрүү 

«Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөдө сатуудан алынган салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын колдонууну узартуу бөлүгүндө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү

Соода-сервистик ишканаларда товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөмдөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы белгиленди 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-жылдын I кварталы 

ЭКМ, УБ 

Салыктык жеңилдиктерди киргизүү аркылуу калктын товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) накталай эмес формада төлөөсүн камсыз кылуу үчүн соода (сервистик) уюмдарга мотивацияны күчөтүү үчүн чараларды көрүү 

2024-жылдын I кварталы 

ЭКМ, МСК, макулдашуу боюнча: КБ 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкерлик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүү 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү

- сатуучуга да, сатып алуучуга да карата кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү улуттук валютадан айырмаланган валютага саткандыгы/сатып алгандыгы үчүн чара колдонуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айып пул салуу) бөлүгүндө

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкерлик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-жылдын I кварталы 

ЭКМ, УБ 

  

- сатуучуга карата товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-коддун жоктугу үчүн чара колдонуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айып пул салуу) бөлүгүндө;  

2024-жыл  

ЭКМ  

  

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 317-беренесинде каралган иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө

2024-жыл 

ЭКМ 

  

Соода-сервистик ишканаларда банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга багытталган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушуна жана иштешине/колдонулушуна үзгүлтүксүз мониторингдерди (текшерүүнү) жеринде жүргүзүү 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

МКЖК, МСК, УБ 

Калктын накталай эмес эсептешүүлөргө ишенимин жогорулатуу 

Бүтүмдөрдү жасоодо эскроу эсебин колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу.  

Жеке жактардын эскроу-эсебиндеги каражаттарын депозиттерди коргоо системасына кошуу 

Тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-2026-жылдар 

УБ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: ДКА, КБ 

Накталай акча жүгүртүүнү кыскартуунун эсебинен накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү 

Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонууну кеңейтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү 

Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар бекитилди 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде  

2024-жылдын III кварталы 

ЭКМ, УБ 

Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерин накталай эмес эсептешүүлөргө өткөрүү 

Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу жана калкка кызмат көрсөтүүчү ишкердик субъекттерине сатып алуучудан/керектөөчүдөн товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдуулардын болушу жөнүндө талаптарды бекитүү, буга накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдууларды интернетке туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүгү жок лицензиаттар кирбейт 

Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери өздөрүнүн кызматтары үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алышат 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-жылдын I-II кварталдары 

Лицензиар органдар, каттоочу органдар 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун институционалдык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү 

Мамлекеттик ишканалар тарабынан маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды алуу мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу 

Мамлекеттик ишканаларга маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга укук берилди 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-жылдын I кварталы 

СӨМ, УБ, БП 

2. Калк арасына накталай эмес формадагы эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү кеңири жайылтуу 

Товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн жарандарды электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөөнү колдонууга дем берүүчү иш-чараларды жүргүзүү 

Накталай эмес төлөмдөрдү колдонууну жайылтууга багытталган акцияларды, бонустук программаларды жана лоялдуулук программаларын өткөрүү.  

СТИ накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү жана саны көбөйтүлдү 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде)  

УБ  

Мобилдик түзүлүштөрдү, анын ичинде QR-коддорду жана башка байланышсыз технологияларды (NFC жана башкалар) пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу сервистерди колдонууну кеңири жайылтуу жана артыкчылыктуу колдонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ 

10 

Калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн формаларын жайылтуу 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системаларын колдонуунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымдоо (видео роликтер, аудио роликтер жана басылмалар).  

Төлөм системасы маселелери боюнча маалыматтык материалдар (басылмалар, макалалар, төлөм системасы боюнча окуу материалдары) даярдалды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде)  

УБ макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ  

Мамлекеттик билим берүү программаларында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуу боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу жана киргизүү 

2024-жыл 

БИМ, УБ 

3 . Банктык жана төлөм кызматтарын жакшыртуу 

11 

Төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алууда жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын минималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул кызматтарды көрсөтүүдө алардын операциялык чыгымдарын азайтуу 

Улуттук төлөм системасынын операторунун, төлөм системасынын катышуучуларынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Эмгек акысы төмөн калктын категорияларын, ошондой эле социалдык төлөмдөрдү, пенсия жана жөлөкпул алган адамдарды эске алуу менен чекене банктык продукттар боюнча тарифтерди белгилөө 

Калк үчүн төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жогорулатылды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

УБ, макулдашуу боюнча: «БПБ» ЖАК, КБ, ТСО/ТУ 

12 

Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасын түзүү жана өнүктүрүү (24/7) 

Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасын киргизүү.  

Тез төлөм системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү 

Аткаруу убактысына жана жерине карабастан дароо төлөө, банк эсептеринен акча каражаттарын которуу (юридикалык жактардын ортосундагы төлөмдөр, чекене төлөмдөр, жеке жактардын ортосундагы которуулар) мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-2027-жылдар 

УБ, макулдашуу боюнча: «БПБ» ЖАК, КБ 

13 

Маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү үчүн ачык программалык интерфейс (API) технологиясын өнүктүрүү 

Банктар жана төлөм системасынын операторлору тарабынан API технологиясын милдеттүү түрдө колдонуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу 

Эсептер, төлөмдөрдү түзүү жана көзөмөлдөө боюнча маалымат жана башка маалыматтарды алуу үчүн банктык жана төлөм системаларына түздөн-түз кирүүчү башка тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-2027-жылдар 

УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ 

4. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү 

14 

Калк тарабынан накталай эмес түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башкалар) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну камсыз кылуу (транспорт, ири чекене/дүң базарлар, коомдук тамактануу пункттары ж.б.) 

СТИ байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башкалар) колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотууда көмөк көрсөтүү 

СТИ байланышсыз төлөм ыкмалары кеңири жайылтылды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар 

УБ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ 

15 

Калк тарабынан билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр, каттоо кызмат көрсөтүүлөрү, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү, изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү, маалымат берүү, басма, көчүрүү жана басып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн накталай эмес түрдө акы төлөөнүн формасын киргизүү 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөм кабыл алуу үчүн жабдууларды программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу боюнча келишимдик мамилелерди түзүү.  

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада, ошондой эле төлөм терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү колдонуу менен кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кассаларында жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2024-жылдын II кварталы 

ЭКМ, ИИМ, БИМ, ТКМ, ӨКМ, ССМ, ЭСКММ, СӨМ, ЮМ, ФМ, АЧМ, УАК, СФ, Улутстатком, макулдашуу боюнча: КБ, ТСО/ТУ 

16 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында адаптивдик технологияларды киргизүү 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн аралыктан төлөм жүргүзүү ыкмаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жакшыртылды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар 

УБ, макулдашуу боюнча: КБ, ТУ 

5 . Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн тиешелүү коопсуздук деңгээлин түзүү жана колдоо 

17 

Мамлекеттик жана башка органдарда инновациялык санарип кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

Маалыматтык коопсуздук инциденттерине чара көрүү, төлөм системасы чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин аныктоо жана азайтуу маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү 

Төлөм системасынын чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздук тобокелдиктери төмөндөтүлдү 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

УБ, УКМК, ИИМ, СӨМ макулдашуу боюнча: БП 

18 

Төлөм секторунда санариптик технологиялардын иштеши үчүн коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылуу 

Финансы-кредит жана банктык эмес уюмдардын киберчабуулдар, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууда алдамчылык фактылары жөнүндө маалымат берүү жана ага ыкчам чара көрүү 

Төлөм кызматтарын көрсөтүүдө коопсуздук деңгээли жогорулатылды 

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде 

2023-2027-жылдар (туруктуу негизде) 

УБ, УКМК, ФЧМК, ИИМ, макулдашуу боюнча: КБ 

  

Кыскартуулардын тизмеси 

  

ДКА 

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттик 

МКЖӨБМА 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

БП 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

ССМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

АЧМ 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 

ЭСКММ 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 

ФМ 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

ӨКМ 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 

ЭКМ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 

ЮМ 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 

УАК 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия 

Улутстатком 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 

УБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

ТСО/ТУ 

төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

МКЖК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы