Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2017-жылдын 16-августунда № 2017-П-12/34-1-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынып, ага ылайык:
- «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого;
- «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого;
- «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого;
- «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Кабыл алынган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, коммерциялык банктар тарабынан отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде тапшырылууга тиийш болгон мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту (1-бөлүгүнөн 18-бөлүккө чейин) сунуштоо мөөнөтүнө кыскартылды.
Токтом 2018-жылдын 1- январынан тартып күчүнө кирет.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк ишин жөнгө салуу жана www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык эмес финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу дареги боюнча жайгаштырылган.