Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору учурда коомдук талкууга сунушталган. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор электрондук акчаны колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибин аныктоо, электрондук акчаны чыгаруу, эсебин жүргүзүү жана сактоо ишинде катышуучулар үчүн бирдей шарттарды камсыздоо, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланучулар укугун коргоо максатында иштелип чыккан. Сунушталып жаткан нормалар электрондук акчаны колдонууда анын финансылык камсыздоосунун жетишсиздиги тобокелдигинин артышына алып келүүчү ар канадй сценарийлерди, контролдукка алынбаган жүгүртүүлөрдү алдын алуу,  пайдалануучулар эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алууга бөгөт коюу, ошондой эле  рынок катышуучулары үчүн бирдей эмес шарттардын түзүлүшүнө, алардын укуктарына доо кетириши ыктымал болгон ар кандай жагдайларга жол бербөө максатында иштелип чыккан. 

Өзгөртүүлөр долбору 2017-жылдын 1-августунда коомдук талкууга сунушталган. Демек, тиешелүү тараптар өз сунуш-пикирлерин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуунун стандарттык жол-жобосуна ылайык жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Коомдук талкулоо мөөнөтү кеминде бир календардык айды түзөт. Келип түшкөн сунуш-пикирлер кылдат кароого алынат жана анын натыйжасында сунушталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун акыркы редакциясы иштелип чыгат.