Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-10-(НПА) токтому менен баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында айрым документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Токтомдо баалуу металлдар менен операцияларга ички контролдуктун уюштурулушуна карата талаптар жана алар менен операцияларды жүргүзгөн банктар үчүн баалуу металлдар боюнча ачык позиция лимиттерин белгилөө, ошондой эле банктардын баалуу металлдарды нак түрүндө сыяктуу эле, акчалай түрдө ээси көрсөтүлбөгөн эсептерге кайтарылышы мүмкүндүгү караштырылган. Жогоруда белгиленген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган: 

1) 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

2) 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сакт тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

Токтом, Улуттук банктын www.nbkr.kg  дареги боючна расмий сайтынын /Банк тууралуу/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.