Банктын маалымат системалары жана маалымат коопсуздугу боюнча операциялык тобокелдикти азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 12-апрелинде № 2024-П-12/17-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына маалымат коопсуздугунун аудити маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.