Улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата аллея түптөлдү
2018-жылдын 31-мартында Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ийне жалбырактуулар тобуна кирген, табияттын көркүнө көрк кошуп, керемет кооздукту тартуулаган 46 туя дарагын отургузуу аркылуу эстелик аллеясынын пайдубалы түптөлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы иш-чаранын демилгечисинен болгон.
Маанилүү иш-чарага Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов, Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын вице мэри А.Рыскулова жана банк кызматкерлери катышты.