Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы утурлап келе жаткан 2018-жылы улуттук валюта-сомдун 25 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында, борбордук банктардын жана эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык конференцияны өткөрүүнү кошо алганда, бир катар иш-чараларды, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2016-жылдар аралыгында чыгарылган, эң эле жогорку суроо-талапка ээ коллекциялык монеталарды сатуу аукциондорун өткөрүүнү пландаштырууда.  

Мындан тышкары, банктын нумизматикалык продукцияларын инвестициялоо, жыйым топтоо каражаты катары кеңири жайылтуу максатында мааракенин алкагында нумизматикалык акча белгилерин жана юбилейлик почта маркаларын, нумизматикалык атластарды жана башка басылмаларды чыгаруу иши каралган.