Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2024-жылдын 22-февралындагы токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – «РПС» ЖЧК) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 28-августуна чейин лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен узартылды:
- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия);
- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг.
Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп «РПС» ЖЧК саналат.