Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Бул токтом долбоору атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 10-ноябрынан кечиктирбестен asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.