Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин
30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында жаштар арасында
эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынак жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган 16-20 жаш курактагы жаштар арасында эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 2023-жылдын 1-ноябрына чейин https://forms.gle/BRjSHa8dVo1KL9vp9 дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.
Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:
· сынак материалдарынын берилген темага шайкештиги;
· чыгармачылыгы;
· идеянын оригиналдуулугу;
· сюжеттин бүтүндүгү;
· мазмундуулугу;
· оператордук эмгек;
· үн коштоо;
· монтаж жана керектүү маалыматты камтуу.
Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 2023-жылдын 25-ноябрында жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында республикалык чыгармачылык сынак өткөрүү тартиби шилтемеде.