Төлөм системалары башкармалыгы
Төлөм системалары башкармалыгынын негизги милдеттери:
· Инфраструктуралар системасын кеңейтүү, инновациялык технологияларды пайдалануу жана тиешелүү тариф саясатын колдонуу жолдору аркылуу чекене төлөмдөр рыногун жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүү;
· Ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасын өркүндөтүү жана финансы рынокторунда баалуу кагаздар жана башка соода системалары боюнча эсептешүүлөр системасы менен натыйжалуу өз ара аркеттенүүнү уюштуруу;
· Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ченемдик укуктук жана методологиялык базасын камсыз кылуу жана өркүндөтүү;
· Төлөм системаларын мониторингдөө жана тиешелүү контролду камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл уюштуруу жана жүргүзүү.
Белгиленген милдеттерге ылайык Төлөм системалары башкармалыгынын уюштуруу түзүмү төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
- Операторлор жана төлөм уюмдары боюнча топту кошо алганда, Төлөм системасынын методологиясы жана саясаты бөлүмү;
- Төлөм системасына көзөмөл жана контролдук бөлүмү;
- Төлөм системасын анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмү.