Экономика башкармалыгы
Экономика башкармалыгынын негизги милдеттери:
- Акчакредит саясатын иштеп чыгуу жана анын банк тутумунун абалына жана экономиканын башка секторлоруна тийгизген таасирине баа берүү;
- Акчакредит саясатынын инструменттерин иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү:
- Инфляцияга мониторинг жүргүзүү, инфляция факторлоруна баа берүү жана ар кайсы мезгил аралыктары үчүн инфляциянын деңгээлин болжолдоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу салык-бюджеттик жана банк секторлорундагы болуп жаткан процесстерди анализдөө, изилдөө жана болжолдоо.
- Республиканын финансы рыногунда болуп жаткан процесстерди анализдөө, ошондой эле мүмкүн болгон өнүгүү тенденцияларына баа берүү;
- "Улуттук банктын Жылдык отчетун" даярдоо.
Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Экономикалык башкармалыктын түзүмүнө төмөнкү бөлүмдөр киргизилди:
- Акчакредит саясаты бөлүмү;
- Макроэкономикалык анализ жана финансы рыногун анализдөө бөлүмү;
- Экономикалык изилдөөлөр борбору;
- Макроэкономикалык моделдөө тобу.