Кайта келүү

Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы


Башкармалыктын негизги милдеттери:

· Ченемдик талаптарды, коммерциялык банктардын жана БФКМдердин ишинин жүзөгө ашырылышын жөнгө салуу жана көзөмөл методологиясын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;

· Банктардын жана БФКМдердин жаңы финансылык продуктуларын өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун перспективдүү багыттары боюнча методологияларды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

· Банктардын жана БФКМдердин лицензия берүү боюнча жана башка документтерин кароо, реорганизациялоо жана реструктуризациялоо учурунда алардын иши, жетекчилигинин жана ээлик кылуучулардын (акционерлердин жана уюштуруучулардын) иши боюнча документтерди кароо жана аларды баалоо.


Белгиленген милдеттерге ылайык, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын уюштуруу түзүмүндө төмөнкү бөлүмдөр түзүлгөн:

· Көзөмөл методологиясы бөлүмү;

· Финансы продуктуларынын методологиясы бөлүмү;

· БФКМдерди лицензиялоо тобун кошо алганда, лицензиялоо бөлүмү.