Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы  

№ 51/6 токтомуна тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобо  

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2013-жылдын 23-октябрында №39/8, 2015-жылдын 14-октябрында №62/3, 2015-жылдын 2-ноябрындагы №65/1, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдору менен кабыл алынган) 

1. Жалпы жоболор  

1. Жобонун талаптары «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банк) таркатылат.  

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясында). 

2. Жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу максатында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдерди) классификациялоо, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга тиешелүү камдарды түзүү (мындан ары текст боюнча РППУ) боюнча минималдуу талаптарды белгилүү - ушул Жобонун максаты болуп саналат

3. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун убагында жабуу үчүн ошондой эле, реалдуу финансылык абалды жана иштин натыйжалуулугун аныктоо максатында, банк өз активдеринин сапатына баа берүүнү (классификациялоону) туруктуу жүргүзүп турууга жана активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде РППУ түзүүгө милдеттүү.  

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары-Улуттук банк) карата талаптарды эске албаганда, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга, анын ичинде банктарга карата талаптар болуп саналган активдер классификацияланууга тийиш.   

5. РППУ активдердин нарксызданышы, башкача айтканда банктын кардары/ өнөктөшү/берүүчү (мындан ары кардар) активдер боюнча өз милдеттенмелерин келишим шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам же анын натыйжасында реалдуу коркунуч орун алган шартта (талаптагыдай аткарбагандыгынан), шартта түзүлөт.  

Активдин наркынын төмөндөө өлчөмү активдин сапатына баа берүү учуруна карата анын баланстык наркы (актив боюнча карыздын калдыгы) менен ушул Жобонун нормаларына ылайык жүргүзүлгөн баа берүү учуруна карата анын реалдуу (учурдагы) наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.  

6. Банк тарабынан ушул Жобого ылайык иштелип чыккан, активдерди классификациялоо системасы РППУнун өлчөмүнө шайкеш баа берүү үчүн негиз болуп саналат. Мында, РППУга чегерүүлөрдүн зарыл болгон өлчөмү банк тарабынан салынган өздүк сыяктуу эле, тартылган (банк менен кардардын ортосундагы келишим шарттарына ылайык, кардарга кайтарылып берилүүгө тийиш болгон) каражаттардын суммасынан эсептелинет.  

РППУнун шайкеш деңгээлин камсыз кылбаган банк иши Улуттук банк тарабынан ишенимсиз жана алгылыксыз банктык тажрыйба катары каралат.  

7. Активдердин классификациясы ар түрдүү факторлорго жараша өзгөрүп туруучу жоготуу тобокелдигинин ар түрдүү даражасынын берилиши болуп саналат.  

8. Банк, активдерин классификациялоону мезгил-мезгили менен өткөрүп турууга тийиш, аларга төмөнкүлөр кирет:  

- кардар тарабынан келишим шарттарынын аткарылбашынын же талаптагыдай аткарылбашынын натыйжасында, жоготуу тобокелдигин алып жүрүүчү активдер;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (акция формасындагы, инвестициялануучу компаниянын капиталында финансылык катышуусу);  

- банктар аралык жайгаштыруулар;  

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер (аккредитивдер, гарантиялар жана башкалар);  

- активдерди төлөөгө жана/же банктын жоготууларын компенсациялоо катары кабыл алынган, банктын башка менчиги;  

- жогоруда аталбаган, бирок өзүндө кайтарып бербей коюу тобокелдигин алып жүргөн, кайсыл болбосун башка активдер.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган кээ бир активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен бул Жобо банктар аралык жайгаштырууларды, реструктуризацияланган активдерди, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарды жана/же компаниянын капиталына инвестицияларды, банктын башка менчигин, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо боюнча атайын талаптарды аныктайт.   

9. Активдерди классификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн банк, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматтарга көз салуу менен аларды анализдөөгө жана келишим шарттарын аткаруу үчүн кардардын акча каражатынын жетиштүү көлөмүн алуу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кардар тарабынан финансылык жана башка отчеттор мезгил-мезгили менен сунушталуусу Келишимде каралууга тийиш, алар банкка келишим шарттарынын кардар тарабынан аткарылышын баалоого мүмкүнчүлүк берет.   

Мында, финансылык так маалыматтардын (мисалы, тышкы аудитор тарабынан тастыкталган баланстык отчеттун жана кардардын кирешелери жөнүндө отчеттун) жана ага тиешелүү анализдөөлөрдүн жоктугу, олуттуу кемчилик болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, кардар банкка сунушталчу отчеттордун жана маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына жооп берет. Банк, келишим түзүү менен байланышкан тобокелдиктерди өзүнө алуу менен бул отчеттордун аныктыгын активдерди сунуштоо учуруна чейин сыяктуу эле, андан-ары банктын каражаттарын толук кайтарып бергенге чейин текшерүүгө тийиш.   

2. Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр 

10 Кредиттик тобокелдик бул, кардар өз милдеттенмелерин келишим шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам активдердин наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында келип чыгуучу жоготуу тобокелдиги.  

11. Активдер Мөөнөтү өтүп кеткен активдер болуп төмөнкү учурларда саналат:  

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;  

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтү 30 күнгө жана андан мөөнөткө бузулганда;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графиги 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда;   

- үчүнчү тарап тарабынан келишим шарттарын аткаруу мөөнөтү 30 күнгө жана андан ашык мөөнөткө бузулганда.   

12. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

13. Банктын баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялары бул, банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча чыгарылган баалуу кагаздарга инвестициялары жана/же иш максаты Шариат стандарттарына ылайык келген компаниялардын акцияларын сатып алуусу же капиталына финансылык инвестициялары.   

Банктын башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына каражат салуусу жана биргелешкен долбоорлорго катышуусу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер болуп саналат.   

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы талаптар  

14. Активдерди классификациялоо банктын кардарынын финансылык абалына (мындан ары текст боюнча-кардар) күрөөнүн сапатына, менчик формасы боюнча кардардын түрүнө, тармактык тиешелүүлүккө, активдер боюнча гарантиялардын болушуна жана алардын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын өзүлөрүнүн ишенимдүүлүгүнө, банктардын активдери боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүнү, кардардын бизнесинин андан-ары өнүгүү келечектерине жана башка факторлорду анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.   

15. Активдерди классификациялоону ишке ашырууда аларды классификациялоонун тигил же бул категориясына чегерүү үчүн терең ой жүгүртүп, кылдат баа берүүлөргө таянуу зарыл, бирок, ушул Жободо келтирилген белгилер менен гана чектелүүгө болбойт.   

16. Классификациялоо категорияларынын аныктамаларын ар кандайча чечмелөө мүмкүнчүлүгүнүн келип чыгышына жол бербөө үчүн активдердин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү сунушталган. Чогуу алгандагы белгилердин жыйындысы классификациялоо категориясын, эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе аныктайт.  

17. Эгерде классификациялануучу актив эки категориянын ортосунда арсар абалда калса, анда ошол активди кыйла төмөнүрөөк категорияга чегерүү зарыл.  

171. Банктык топтун бир эле кардарга же байланыштуу кардарлар тобуна сунушталган активдерин классификациялоодо, ошол активдерге банктык топтун ар бир катышуучусу жүргүзгөн классификацияны эске алуу менен банктык топтун ар бир катышуучусу ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча ал активдерди классификациялоо зарыл.  

172. Банк активдерди классификациялоодо, эгерде кардардын башка финансы-кредит уюму алдында орду жабылбаган карызы болсо, кардар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде башка ыкмада алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит уюмдарынан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, активге мониторинг жүргүзүү процессинде кардардан алынган башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарын сактагандыгына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде келишим колдонулган мезгил ичинде кардар тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде 1 жолу берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит уюмдары кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүүсү үчүн кардардын талабы келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сунуштоого милдеттүү

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясында). 

18. Тиешелүү келишимдерде чагылдырылган банк менен анын кардарынын ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын негизинде жүзөгө ашырылууга жана Шариат талаптарынын бузулушуна алып келбөөгө тийиш.  

19. Ушул Жобонун талаптарында активдерди классификациялоо үчүн зарыл болгон критерийлердин минималдуу тизмеги гана келтирилген. Улуттук банк жана банктын өзү ушул Жобонун талаптарынын негизинде активдердин сапатына баа берүүнүн кошумча критерийлерин кабыл алууга укуктуу.   

4. Активдерди классификациялоо   

20. Активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү максатында, төмөнкүдөй категориялар белгиленет:  

Классификацияланбаган активдер: 

1) нормалдуу  

2) канааттандырарлык,  

3) байкоого алынган активдер  

Классификацияланган активдер:  

4) субстандарттык активдер,  

5) шектүү активдер,  

6) жоготуу катары классификацияланган активдер  

1-§. Классификацияланбаган активдер  

21. Нормалдуу активдер бул, акча каражаттарды сактоо максатында, ошол банкта ачылган жеке адамдардын же юридикалык жактардын өзүнчө эсебиндеги каражаттарынан турган күрөө менен (заклад түрүндө), активдердин суммасынын эң эле аз дегенде 120% камсыз кылган активдер. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.   

Мында, төмөнкү шарттардын аткарылышы зарыл:  

1) активдерди сунуштоо жөнүндө келишимде жана күрөө келишиминде ошол акча каражаттары банк тарабынан берилген каражаттардын камсыздоосу болуп санала тургандыгы жана банк, кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда андан акцепсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлүшү зарыл;   

2) күрөө келишиминде ошол акча каражаттардын андан-ары кайра күрөөгө коюлушуна жол берилбестиги каралууга тийиш;  

3) банкта күрөөнү тариздетүүгө байланыштуу бардык жол-жоболордун аткарылышын жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттарынын келишимде каралган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин сакталып турушун камсыз кылган ички контролдукту жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү жол-жоболордун болушу зарыл;  

4) өзүнчө эсепте жайгаштырылган жана активдин камсыздоосу болуп саналган каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпы колдонулган котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертирленүүчү валютада болууга тийиш. Эгерде, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары актив кайсыл валютада болсо, ошол валютада номиналдаштырылган болсо, анда алар активдин ордун кеминде 100% негизде жабууга тийиш, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттары активдин валютасынан башка валютада болсо, сомдук эквиваленте кеминде 120% жабууга тийиш;   

5) эгерде, активдин камсыздоосу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары сунушталган болсо, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттарын жумалык негизде кайра баалоону милдеттүү түрдө жүргүзүп туруу зарыл;   

6) эгерде, кайра баалоонун жыйынтыгы боюнча күрөөнүн наркы азайган болсо, анда банк, ушул Жобонун талаптарына ылайык анын наркын көбөйтүүнү талап койуп жана бул талаптын 10 иш күнү ичинде токтоосуз аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү;   

7) ушул бөлүктүн 1-6-пунктарында көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай калса, мындай актив толук камсыз кылынбаган катары эсептелүү менен классификациялоонун башка категориясына которулууга тийиш.   

Банктар эгерде алар ушул жобонун 22-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келсе, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган улуттук валютадагы активдерди “нормалдуу активдер” катары классификациялай алат. 

 22. Канааттандырарлык активдер бул, кардар тарабынан банк менен түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелер аткарылып жаткан активдер.  

Актив канааттандыраарлык деп таанууга түрткү берген мүнөздүү белгилеринен болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардардын финансылык абалы канааттандырарлык;   

- кардардын ишканасы стабилдүү иштеген, жетишээрлик капиталдаштырылган;  

- банк менен түзүлгөн келишим шарттары өз учурунда аткарылууда;  

- келишим суммасына ылайык келген ликвиддүү күрөөнүн болушу;   

- кардар алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ (банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз милдеттенмелерин аткарбай кечеңдетүүгө жол берген эмес); 

- эгерде бул актив буга чейин “классификацияланган активдер” категориясына кирбесе, чет өлкө валютасындагы ошол активди улуттук валютага которуу аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүү

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

221. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) активди эң аз дегенде «канааттандыраарлык» катары классификациялоого тийиш. 

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: http://www.eaeunion.org/ . 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2 токтомунун редакциясында). 

 

22-2. Банк, эгерде каржылоо берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, кардардын кирешесинин түзүмүнө карабастан чет өлкө валютасында берилген каржылоо боюнча 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн. 

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен тууралуу маалымат Улуттук банктын: www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

23. Белгилуу бир терс тенденциялар байкалган активдер байкоого алынган активдер болуп саналат. Эгерде, мына ушундай активдер боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөсө, анда алардын сапатынын начарлоосу журушу ыктымал.  

Активди байкоого алынган актив катары таанууга түрткү берген мүнөздүү белгилеринен болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын түптөлүшү;  

- кардардын банк менен түзүлгөн келишим шарттарын аткаруусуна кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктук шарттардын өзгөрүүсү;  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- документтердин жетишсиздигинен же болбосо аларга баа берүү боюнча эксперттердин жоктугунан улам күрөөгө мониторинг жүргүзүү үчүн банктын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;  

- күрөө ликвиддүүлүгүнүн басаңдашынын белгилениши (баанын төмөндөшү, валюта курсунун түшүүсү);  

- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив; 

 

- эгерде актив буга чейин «классификацияланган активдер» категориясына кирбесе жана ошол эле учурда эгерде бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашынан улам келип чыкпаса, ошол актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу актив боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

 

- жобонун 34-4-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо; 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

 

23-1. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

23-2. Эгерде ошол активди алган кардардын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин (түшкөн акчанын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин валютасынан башка) активди эң аз дегенде «байкоого алынган актив» катары классификациялоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

23-3. Эгерде жаңыдан берилген сыяктуу эле, өздөштүрүлүп жаткан активдин төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын эмес жана бирдей болбогон өлчөмдө төлөө каралса жана мында өздөштүрүлүп жаткан активди төлөө мөөнөтү эки жылдан жогоруну түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып), активдер сапаты начарлабаган шартта, мындай активдер боюнча РППУну эки жыл сайын 2 % өлчөмүндө көбөйтүү зарыл. Мында төмөнкү активдер эске алынбайт:  

- активди жеңилдетилген шарттарда төлөө мезгили каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген;  

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 1 % төмөн суммасында; 

- бир карыз алуучуга мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча берилген чогуу алгандагы активдердин таза суммардык капиталынын 10 % төмөн суммасында; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген активдер; 

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендер. 

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштарды кошо алганда, «классификацияланбаган» категориясына кирген бардык жаңыдан берилген активдер жана өздөштүрүлүп жаткан бардык активдер боюнча жогоруда белгиленген талапка ылайык РППУ түзүү зарыл. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

2-§. Классификацияланган активдер   

24. Субстандарттык активдерден болуп, алар боюнча банк РППУну кошумча түзүүгө жана/же активдин сапатын жакшыртууга багытталган тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш экендигин ачык көрсөткөн белгилүү бир терс тенденциялар катталган активдер эсептелет.   

Активди субстандарттык катары эсептөөгө түрткү берген мүнөздүү белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигининин 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 30 күндөн 90 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- кардардын финансылык абалы жөнүндө тастыкталган терс маалыматтын болушу;   

- актив толук өлчөмдө күрөө менен камсыз кылынбаган же күрөө сапатынын начарлоосу байкалып же болбосо күрөөнүн наркынын түшүүсү жүрсө;  

- кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик максаттуу программаларынын алкагында каржылоого алынган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит уюмунан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо;  

- кардар-жеке адамдын жубайы, ата-энеси жана балдары, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программаларынын алкагында каржыланган активдерди эске албаганда, жогоруда көрсөтүлгөн бардык активдердин бир гана төлөө булагынан орду жабылса, ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюму алдында, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишим шарттарын 60 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин бир гана төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: Ушул пункттун онунчу жана он биринчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер, эмгек акы долбоорунун алкагында берилген овердрафтка таркатылбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

 

24-1. Күчүн жоготту деп эсептелинет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясына ылайык). 

 

24-2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күнгө узарып кеткен шартта, актив “субстандарттык” катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт. 

 

24-3. Эгерде «байкоого алынган актив катары» классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча төлөө мөөнөтү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилсе же ошол актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда мындай актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш.  

Мында, ошол «субстандарттык» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

25. Шектүү активдерге кардар тарабынан келишим шарттарынын аткарылбай калышы тобокелдигин камтыган белгилүү бир айкын кемчиликтер же өксүктөр мүнөздүү, ушундан улам карыздын ордунун жабылыш мумкунчулугу өтө эле шектенүүнү жаратып, арсар экендигине алып келет. Эгерде кемчиликтер четтетилбесе, банк олуттуу чыгым тартуу ыктымалдыгы орун алат.  

Активди шектүү деп эсептөөгө түрткү берген мүнөздүү белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруунун мөөнөтүнүн 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- кардардын финансылык абалы жөнүндө тастыкталган терс маалыматтын болушу;   

- банк менен макулдашылган бизнес-планда каралбаган, кардардын чыгашалуу иши;  

- долбоордун жүзөгө ашырылышынын жана бизнес-пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, банк менен кардар ортосунда макулдашылган келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык маалыматтардын жоктугу;  

- долбоордун жүзөгө ашырылышына талаптагыдай мониторингди, анын ичинде каржылоо обүектиси орун алган жерге баруу менен мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу.   

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлыгынын белгилери (же болбосо кардардын банкроттук чегинде калгандыгы);  

- күрөөлүк жана /же гарантиялык камсыздоонун олуттуу начарлосу (же айкын жок болуп калышы) жана кардар тарабынан кошумча күрөөнү же гарантиялык камсыздоону сунушталбашы же сунуштоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- карызды төлөө негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү сатууда өтүмдүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасындагы болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүшү болжолдонууда:  

 

а) кыймылсыз мүлк 365 күндөн кечиктирбестен;  

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен.   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

26. Жоготуу катары классификацияланган активдер кайтарылып алынгыс катары эсептелинип, алар боюнча 100% өлчөмдө РППУ түзүлөт. Мындай активдерди кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, алар кеминде беш жыл системадан тышкаркы эсептерде эсепке алынат.   

Активдерди жоготуу катары таанууга түрткү берген белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан контрактыларды аткаруунун мөөнөтүнүн 180 күндөн 360 күнгө чейин мөөнөткө бузулушу;   

- банк катышып жаткан долбоордун келишимге ылайык жүзөгө ашарылбай калышы;  

- карыздын төлөнүшү мүмкүнчүлүгү негизинен, күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнөн көз каранды;   

- күрөөлүк камсыздоонун жоктугу же рыноктун жоктугунан улам, күрөөнү сатып өткөрүүнүн мүмкүн эместиги;  

- кардардын банк менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы;   

- кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардардын жоктугу;  

- кардардын бизнеси токтосо же ал банкрот деп жарыяланса; 

- Улуттук банктын талаптарына жооп бербеген оффшордук аймактын субъекттери менен түзүлгөн келишим боюнча, банк тарабынан жайгаштырылган активдер.  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймак субъекттерин жана тизмегин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна ылайык 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

26-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

26-2. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- кардар акыркы үч төлөмдү графикке ылайык өз убагында толук төлөсө

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Классификациялоонун айрым учурлары 

27. Айрым учурларда активдер классификациялоонун эки категориясы боюнча классификацияланышы, башкача айтканда классификациялоону бөлүштүрүү ыкмасы колдонулушу мүмкүн.   

Мисалы, активдин камсыздоосу катары ошол эле банкта (депозит эсебинде) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган жана активдин бир гана бөлүгүн жаба алган акча каражаттары колдонулса, жана активдин ордун жабуунун башка булактары жок болгон учурларда. Бул учурда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары менен камсыз болгон активдин бөлүгү «нормалдуу актив» катары, ал эми активдин камсыз кылынбаган бөлүгү «жоготуу» катары классификацияланат. 

271. Кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерден болгондор банкта кредиттик тобокелдикти камтыган бир нече активдерге ээ болсо, анда анын бардык активдерине карата эң эл алгылыксыз болуп саналган, анын эң чоң карыздуу активи боюнча ыйгарылган классификация колдонулат. 

6. Банктар аралык жайгаштырууларды классификациялоо  

28. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашпаган, камсыз кылынбаган банктар аралык жайгаштыруулар төмөнкүлөрдү эске алуу менен классификацияланат:  

- төлөө мөөнөтү 2 күндөн 10 күнгө чейин өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, субстандарттык катары классификацияланат;  

- төлөө мөөнөтү 10 күндөн 30 күнгө чейин өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, шектүү катары классификацияланат;  

- төлөө мөөнөтү 30 күндөн ары өтүп кеткен банктар аралык жайгаштыруулар, жоготуулар катары классификацияланат.  

29. Ушул Жобонун 28-пунктунун максаттары үчүн корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын бардык суммасы классификацияланууга тийиш, ал эми корреспонденттик эсептер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдү эсептөөнү баштоо күнү болуп, акча каражаттарын которуу талабы коюлган күн саналат.  

30. Күрөө менен камсыз кылынган жана/же төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашкан банктар аралык жайгаштыруулар ушул Жобонун 4-жана 5-пунктарына ылайык классификацияланат.   

7. Банктын башка менчигин классификациялоо  

31. Баланста баштапкы таануудан кийин активдин ордун жабуу жана/же банктын жоготууларынын ордун толуктап берүү үчүн кабыл алынган банктын башка менчиги дароо эле субстандарттык катары классификацияланат.  

32. Активдин ордун жабуу жана/же банктын жоготууларынын ордун толуктап берүү катары кабыл аланган банктын башка менчиги, эгерде ал төмөнкү мөөнөттөрдүн өтүшү менен сатылбаган болсо, жоготуу катары классификацияланат:  

а) кыймылдуу мүлк үчүн бир жыл,   

б) алар боюнча мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыкан учурдан тартып үч жыл.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

8. Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

33. Реструктуризацияланган активдер - бул, банк келишим шарттарына буга чейин жөнгө салынгандардан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же каржылоо келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган каржылоо. Мында, негизги карыз суммасын жана/же үстөк бааны төлөгөнгө чейин үстөк бааны жана/же каржылоо мөөнөтүн өзгөртүү келечекте күтүлүп жаткан акчалай агымдын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага каржылоону төлөө боюнча мурдагы тажрыйбадан айырмаланган, алда-канча ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу, колдонуудагы келишим шарттарын өзгөртүү

- негизги каржылоо суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, активди реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу).  

34. Эгерде классификацияланбаган актив боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылып жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөрдү төлөө толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилген болсо, анда бул жагдай реструктуризацияланган актив боюнча кардар финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүч болуп эсептелинет.  

34-1. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.  

34-2. Классификацияланган реструктуризацияланган актив Жобонун 34-4-пунктунун шарттарын аткарганга чейин классификацияланбаган активдерге чегерилүүгө тийиш эмес. 

34-3. Кардар финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда ошол каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, каржылоону реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

34-4. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда классификацияланган “субстандарттык” активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- кардар алдында реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-5. Реструктуризацияланган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам бүтүндөй баланстык наркка жараша түзүлөт.  

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Баалуу кагаздарга жана/же компаниялардын капиталына инвестицияларды классификациялоо  

35. Баалуу кагаздарга жана/же компаниялардын капиталына баланста чагылдырылуучу инвестициялар, ушул Жобонун талабына ылайык жана берилген документтердин негизинде, алардын сапатына баа берүү көз карашынан бааланууга тийиш.  

36. Банк финансы отчеттуулугуна (чейректик аяктап жаткан акыркы отчеттук чейрек үчүн жана жылдык көз карандысыз аудитор тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн, аяктап жаткан акыркы үч финансы жылдары үчүн) жана инвестицияланып жаткан компания жана/же баалуу кагаздар эмитенти тууралуу башка маалыматка ээ болуусу зарыл. Жогоруда белгиленген отчеттордун колдо болуусу, банк тарабынан баалуу кагаздардын эмитенти изилденди дегенди далилдебейт. Банк, сунуш кылынган отчеттордун негизинде тиешелүү анализ жүргүзүүгө тийиш.  

37. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар, финансы отчеттуулугун, келечектеги акча агымынын анализин, рыноктогу абалды, компаниянын бизнес-планын жана бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат жок болсо, эң аз дегенде шектүү катары классификацияланат.  

38. Инвестициялануучу компаниянын жана/же баалуу кагаздар эмитентинин финансылык абалынын начарлоосу учурунда (же инвестицияланчу компания жана/же баалуу кагаздар эмитенти банкроттуулуктун алдында болсо), мындай инвестициялар шектүү катары классификацияланат.   

39. Эмитент/инвестициялануучу компания дефолт деп жарыяланса, мындай инвестициялар автоматтык түрдө жоготуулар катары классификацияланат.  

40. Чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана Өкмөттөрүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздары, эгерде банк ошол мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалымат сунушталса, классификацияланбайт. Мисалы, Moodyґs Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Ratings Service (DBRS)» агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг. 

(КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Активди классификациянын тигил же бул категориясына чегерүү маселесинде банк менен банктык көзөмөлдүн текшерип жаткан инспекторлорунун ортосундагы пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, банк тиешелүү анализдерди жана өзүнүн классификациясынын тууралыгынын далилдерин көрсөтүүгө милдеттүү.  

10. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо  

42. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык, банктын активдерин классификациялоодогудай эле ишке ашырылат.   

43. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер төмөнкүлөргө жараша классификацияланууга дуушар болот:  

- банк, ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча өз милдеттенмелерин аткарышы ыктымалдыгынын келип чыгышына;  

- кардардын ушул милдеттенмелерди колдонуу ыктымалдыгына;  

- күрөөнүн болушуна;   

- башка факторлорго.   

101. Чегара аркылуу өтүүчү активдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган активдерди классификациялоо. 

431. Чегара аркылуу өтүүчү активдер жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган күрөө менен камсыздалган активдер, аларды берүү учурунда байкоого алынган активдер катары классификацияланат эң аз дегенде. 

432. Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо, күрөөлүк камсыздоонун жалпы наркынын 50 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, анда мындай актив эң аз дегенде “байкоого алынган актив” катары классификацияланат. 

11. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү  

44. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам банктын чыгашаларынын эсебинен түзүлөт жана активдердин тиешелүү категориясынын контр-эсеби болуп саналат. «Ислам терезесине» ээ банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобого ылайык түзүлгөн РППУга кошумча, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча РППУну түзүүгө тийиш.   

Банк төмөндөгү камдарды түзүүгө милдеттүү:  

- кредиттик тобокелдикти алып жүргөн активдер боюнча РППУ;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар боюнча РППУ;  

- банктын активдин ордун жабуу үчүн кабыл алынган башка менчиги боюнча РППУ.  

45. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча кам, банктын милдеттенмеси болуп саналат.  

46. РППУ эки бөлүккө бөлүнөт - жалпы жана атайы камдар. Жалпы камдар банктын классификацияланбаган активдери, ал эми атайы камдар классификацияланган активдер боюнча түзүлөт.  

47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайы камдар  

Нормалдуу 

0 % 

Субстандарттык 

15%/25 %; 

Канааттандырарлык  

1/2/2,5 %  

Шектүү  

50 %; 

Байкоо алдындагы активдер  

5/10 % 

Жоготуулар 

100 %. 

 

Банк, Жобонун 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш.  

Банк, ушул Жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомунун редакциясына ылайык). 

48. Талап кылынган бардык чегерүүлөрдү эсептөөдөн соң, алар камдардын ар бир түрү боюнча суммаланат жана РППУга чегерүүлөрдүн жалпы талап кылынган өлчөмдөрү аныкталат. Бул суммалар баланс боюнча РППУнун утурумдук көлөмүнүн суммасы менен салыштырылат. Баланс боюнча РППУнун утурумдук көлөмү жетпей калган учурда, банктар отчеттук айдын акырына чейин РППУнун көлөмүн талап кылынып эсептелинген көлөмүнө ылайык келтирүүгө тийиш. Банк, РППУга кошумча чегерүүлөрдү, бул чараны колдонуу зарыл экендигин далилдеп бере алган шартта гана түзүшү мүмкүн.  

49. РППУнун өлчөмүнө баа берүүдө банк төмөндөгүлөрдү кароого милдеттүү:  

- өткөндүн жоготуулары;  

- милдеттенмелер жана активдер боюнча төлөбөй коюу тенденциясы. Банк, төлөнбөгөн милдеттенмелер жана активдер боюнча жоготуулар боюнча байкалган тенденцияны реалдуу чагылдырган эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурууга тийиш;  

- классификацияланган активдердеги тенденциялар. Аларды банктын активдеринин жана капиталынын өлчөмүнө карата кароо зарыл;  

- экономикалык шарттар. Экономикалык шарттардын начарлоосу адатта, банк кардарларынын активдерди төлөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүү менен потенциалдуу жоготуулардын артышына алып келген кыйынчылыктарды башынан кечире тургандыгын билдирет;  

- активдердин өнөр жайдын белгилүү бир секторунда, экономиканын тармагында же географиялык жерде топтоштурулушу;  

- банктын көз карашы боюнча активдердин сапатына таасирин тийгизген башка факторлор.  

50. РППУнун шайкештиги банктын активдерин системалуу түрдө баалоого жараша болот. Ар бир банк өз активдеринин шайкештигине баа берүү системасын иштеп чыгуусу зарыл. Мындай текшерүүлөр активдердин сапатына гана эмес, бүтүндөй алганда, банктын инвестициялык саясатына да тиешелүү болууга тийиш. Текшерүүлөр банктын ички ресурсунун эсебинен сыяктуу эле, сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. Бул, текшерүүчү адамга кайсыл болбосун активди текшерүү учурунда толук эркиндик берилүүгө жана отчетто текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтер көрсөтүлүүгө тийиш дегенди түшүндүрөт. Текшерүү боюнча отчет банктын Директорлор Кеңешине, банк Башкармасынын Төрагасына берилүүгө тийиш.  

51. Активдерди классификациялоо жана РППУну эсептөө банк тарабынан ай сайын айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. РППУ алынган кирешелердин өлчөмүнөн көз карандысыз, банктын активдеринин сапатына утурумдук баа берүүгө төп келген деңгээлде камды колдоп туруу үчүн жетиштүү болгон суммада түзүлөт. РППУнун активдердин сапатына шайкеш келбөөсү банктын финансылык абалынын туура эмес чагылдырылышына алып келүү менен отчетту бурмалагандык катары каралат.  

52. Банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана аларды классификациялоого, РППУну түзүү жана ага чегерүүлөр боюнча усулдук ыкмаларга жана баштапкы жоболорго, ушул Жобонун талабына ылайык РППУнун шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибине карата банктын саясатын камтыган документтердин топтомун иштеп чыгууга тийиш.