Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 9-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери № 14-07 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-майындагы 

N 23\4 токтому менен 

бекитилген 

 

Банкроттук процессинде турган банктарды 

реабилитациялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор: Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/21 токтому менен бекитилген) 

 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо) 

III. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны 

калыбына келтирүү 

IV. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы 

V. Банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык 

эмес деп таануу жана акциялардын жаңы чыгарылышын 

каттоодон өткөрүү жол-жобосу 

VI. Банк-карызгерди реабилитациялоо планын аткаруу 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоону ишке ашыруу тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында аймагында иштеп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланууга тийиш болгон, депозиттер менен операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемелерин кошо алганда, кайсы болбосун коммерциялык банкка карата колдонулат. 

1.2. Ушул Жобонун максаттарында банкроттук процессинде турган банкты (мындан ары - "банк-карызгер") реабилитациялоо дегенден улам, ошол банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулган жол-жобону түшүнүү зарыл. 

Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгү банк-карызгердин бүтүндөй кредитордук карызын толук төлөө боюнча финансылык милдеттенмени өзүнө алган инвесторду сырттан тартуу жолу менен калыбына келтирилиши мүмкүн. 

Ушул Жободогу инвестор дегенден улам, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" мыйзамынын жана Улуттук банктын иштеп жаткан коммерциялык банктардын акционерлерине карата коюлган талаптарына жооп берген кайсы болбосун юридикалык жакты же жеке адамды (адамдардын тобун) түшүнүү зарыл. 

1.3. Банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларынын анык эмес деп таанылышы жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам жоболоруна ылайык, соттук эмес тартипте жүзөгө ашырылуучу реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүү ушул жободо каралган жөнгө салуу багытында жүргүзүлүүчү иштин предмети болуп саналат. 

1.4. Бул жобо төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан: 

- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамы; 

 

 

II. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо) 

 

2.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлор тобу тарабынан (кредиторлордун жалпы санынын кеминде үчтөн экиси) кредиторлор жыйынында ушул маселени чечүү аркылуу башталышы мүмкүн. 

2.2. Банк-карызгердин балансы канааттандырарлык эмес болуп же төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта, өз карызын төлөөгө анын жөндөмсүз абалда калышы ага карата реабилитациялоо жол-жобосун баштоо үчүн негиз болуп саналат жана мында карыздын минималдуу суммасы талап кылынбайт (карыздын өлчөмүнө карата талап белгиленбейт). 

2.3. Банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосу, аны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары "Улуттук банк") алдын-ала жактырган шартта гана колдонулат. Бул үчүн банк-карызгердин атайын администратору (кредиторлор тобу) кредиторлор жыйынын чакыруу менен бирге эле, төмөнкү документтерди сунуштоо менен Улуттук банкка кайрылууга тийиш: 

- банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу зарылчылыгы жөнүндө өтүнүч кат; 

- карыздын суммасын көрсөтүү менен банк-карызгердин кредиторлорунун тизмеси; 

- банк-карызгердин акыркы отчеттук күнгө карата балансы; 

- инвестор үчүн минималдуу талаптарды камтыган, банк-карызгерди реабилитациялоо планы; 

- банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо маселесин кароо үчүн кредиторлор жыйынын чакыруу жөнүндө билдирме. 

2.4. Кредиторлор жыйынында реабилитациялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу маселесин көтөргөн демилгечи, банк-карызгер жөнүндө толук финансылык маалыматты, банкка карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу макулдашылгандыгы жөнүндө Улуттук банктын чечимин жана банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, аны андан ары өнүктүрүү боюнча инвестор үчүн минималдуу талаптарды камтыган реабилитациялоо планын кароого коюуга милдеттүү

2.5. Банк-карызгердин кредиторлору, атайын администратору, Улуттук банктын өкүлү жана колдонуудагы мыйзамдарда аныкталган башка жактар кредиторлор жыйынына катышууга укуктуу. 

2.6. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо маселеси коюлган кредиторлор жыйынында төмөнкү маселелер каралууга тийиш: 

- банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо); 

- банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча инвестор үчүн минималдуу талаптарды аныктоо менен реабилитациялоо планын бекитүү. Эгерде банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларын (эмиссиясын) анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобо кредиторлор жыйынына чейин жүзөгө ашырылбаган болсо анда кредиторлор жыйынында төмөнкү маселелер да каралууга тийиш; 

- тиешелүү ыйгарым укуктарды атайын администраторго чегерүү менен банк-карызгердин бардык мурда чыгарылган акцияларын анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобону баштоо демилгесин көтөрүү

2.7. Банк-карызгердин кредиторлору жыйында төмөнкү маселелерди чече алышат: 

- реабилитациялоо планын кабыл алуу; 

- планга езгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизип, аны банк-карызгердин атайын администраторуна сунуш кылуу, ал эми атайын администратор 14 календардык күн ичинде өзгөртүлгөн планды кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Өзгөртүлгөн план четке кагылган учурда реабилитациялоо жол-жобосу "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, атайын администрлөө жол-жобосуна карата колдонулушу мүмкүн; 

- зарылчылыкка жараша өз чечимин 14 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтыруу. Бул мөөнөт өткөндөн кийин экинчи жыйын чакырылат; 

- реабилитациялоо планын четке кагуу; 

- реабилитациялоо планын четке кагуу жана атайын администрлөө жол-жобосун козгоо (кайрадан баштоо). 

2.8. Реабилитациялоо жол-жобосун соттук эмес тартипте жүзөгө ашыруу маселеси боюнча чечим, эгерде ал үчүн жыйынга катышып жаткан бардык кредиторлор жана банк-карызгердин атайын администратору бирдей добуш берген болсо, кабыл алынган катары эсептелинет. 

Кредиторлордун биринчи же кайсы болбосун кийинки жыйынында каралган башка маселелер боюнча чечим, эгерде мыйзамдарда башкасы каралбаса, банк-карызгердин карызынын суммасынын 60 жана андан кеп пайызын өз мойнуна алышкан (аларга тиешелүү болгон) кредиторлор алар үчүн добуш берген шартта гана кабыл алынган болуп эсептелет. Ал эми жыйынга катышпагандарга тиешелүү болгон карыздын суммасы мааниге ээ болбойт. 

2.9. Атайын администратор же кайсы болбосун башка кредитор 7 календардык күн ичинде кредиторлор жыйынын чечимине даттанып сотко кайрылууга укуктуу. Бул учурда, ал реабилитациялоо планынын тексттин жана кредиторлор жыйынынан толтурулган протоколду арызына кошо тиркеп берүүгө тийиш. 

2.10. Кредиторлордун кийинки жыйындары атайын администратор же карыздын жалпы суммасынан 20 же андан пайыздарына талапка ээ болгон кредиторлор тарабынан чакырылышы мүмкүн. Кредиторлордун кийинки жыйындары реабилитациялоо планын өзгөртүү, атайын администрлөөгө карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакыртылышы мүмкүн. 

 

III. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны 

калыбына келтирүү 

 

3.1. Банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу жөнүндө атайын администратордун өтүнүчү, ушул убактылуу жободо аныкталган документтер менен бирге Улуттук банкка келип түшкөн шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 30 күн мөөнөтү ичинде берилген документтерди кароого алууга жана сунушталган реабилитациялоо планы Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам талаптарын канааттандырган шартта, аны жактырууга жана лицензияны кайтарып алуу учурунда жүзөгө ашырылып жаткан банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирип берүүгө тийиш. Лицензияны калыбына келтирүү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен таризделинет. 

3.2. Эгерде берилген документтер Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам талаптарын канааттандырбаса, анда Улуттук банк документ берилген учурдан кийинки 30 күн аралыгында мындай чечимдин себептерин түшүндүрүү менен жүйөөлүү негиздеги баш тартуу катын даярдайт. 

Эгерде документ берилгенден кийинки 30 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүйөөлүү себептерин көрсөткөн баш тартуу кагазын бербесе, анда атайын администратор реабилитациялоо планын бекиттирүү жана банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны соттук тартипте калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

Эгерде атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүйөөлүү негиздеги баш тартуусуна макул эмес болсо, анда ал реабилитациялоо планын бекиттирүү жана банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны соттук тартипте калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

3.3. Улуттук банк банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирүү менен бир эле учурда, реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк-карызгер тарабынан аткарылганга чейин ал лицензиянын аракетин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

 

IV. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы 

 

4.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамынын 104-статьясынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

4.2. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы банктын жоюлуп кетишине бөгөт коюу максатында, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоо менен банк-карызгердин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган кандай болбосун кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды камтышы мүмкүн: 

- банк-карызгердин активдеринин бардыгын же бөлүгүн сактап калуу; 

- банк-карызгердин активдеринин кандай болбосун бир бөлүгүн сатуу (бөлүү) же бөлүштүрүү

- банк-карызгерди мыйзамдарга ылайык кайра өзгөртүп түзүү

- пайыздык чендерди өзгөртүүнү кошо алганда, банк-карызгер тарабынан мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайрадан карап чыгуу; 

- тескөө ишин (менеджментти) өзгөртүү

- банк-карызгердин милдеттенмелерин карызды кечүү, өтмө укук акысын төлөө, милдеттенмелерди жаңыртуу, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрүн узартуу же кийинге калтыруу, карыздардан жеңилдиктерди берүү же болбосо жарандык мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу токтотуу; 

- банк-карызгердин милдеттенмелеринин үчүнчү жактар тарабынан аткарылышы, анын ичинде ушул максаттарда банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн сырттан инвесторду тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иштеп жаткан банктарга карата күчүндө турган ченемдеринин (нормативдеринин) 12 ай ичинде банк-карызгер тарабынан аткарылышы боюнча милдеттенме; 

- мыйзамдарга каршы келбеген башка чаралар. 

4.3. Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн банк-карызгерди сатуу жолу менен сырттан инвесторду тартуу жөнүндөгү жоболорду реабилитациялоо планына кошуу учурунда, бул планда ошол инвестор үчүн минималдуу талаптар жана инвестициялык сунуштарды тандоо критерийлери да (төлөөгө жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү планы) белгиленүүгө тийиш. 

4.4. Эгерде банк-карызгерди реабилитациялоо планында сырттан инвесторду тартуу зарылчылыгы карала турган болсо, Банктарды кайра өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча Агентство (ДЕБРА) тарабынан түзүлгөн тендердик комиссия, түзүлгөн учурдан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында тендер өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалыматты жарыялайт. Тендер, банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык эмес деп таануу жөнүндө соттун чечиминен кийин гана өткөрүлөт. Андан кийин, жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө, реабилитациялоо планынын аткаруу жана банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны өнүктүрүү максатында банк-карызгерге ээлик кылган жана анын ишин тескөөгө алган инвесторду тандоо боюнча тендер өткөрүлөт. 

Тендердик документтерди даярдоо жана тендерди өткөрүү тендердик комиссиянын милдеттерине кирет. Өз ишинде тендердик комиссия Банктарды кайра өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча Агентство (ДЕБРА) тарабынан бекитилген тиешелүү жоболорго таянуу менен иш алып барат. 

Тендердин жыйынтыгы боюнча комиссия, банк-карызгердин кредитордук карыздарынын төлөнүшүн, реабилитациялоо планында каралган, мыйзамдарда жана Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарды эске алуу менен банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүүнү өз мойнуна алууга жөндөмдүү талапкерлердин сунуштарына баа берүүлөрдүн жана салыштырып көрүүнүн негизинде жеңүүчүнү аныктайт. 

4.5. Реабилитациялоо планында каралган иш-чараларды мөөнөтүнөн мурда аткарууга жол берилет. 

4.6. Банк-карызгерди реабилитациялоо планында тиркеме түрүндө таризделүүгө тийиш болгон минималдуу түрдө төмөнкүдөй бөлүктөр камтылууга тийиш; 

- банк түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык сунушталуучу документтер топтомун даярдоо планы жана аларды Улуттук банкка макулдашуу үчүн сунуштоо;  

- төлөө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен кредиторлор алдындагы карыздардын ордун жабуу жана Улуттук банкка ар айлык отчетторду берүү мөөнөттөрү (ар бир айдын 15не чейин) боюнча планы. Мында, бардык милдеттенмелердин төлөө мөөнөтү 12 календардык айдан ашпоого тийиш; 

- иштеп жаткан банктарга карата мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык макулдашуу үчүн документтерди даярдоо жана Улуттук банкка берүү планы. 

4.7. Реабилитациялоо планын аткаруу учурунда атайын администратор банк-карызгердин бирден бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. 

4.8. Реабилитациялоо планында каралган иш-чараларды мөөнөтүнөн мурда аткарууга жол берилет. 

 

V. Банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык 

эмес деп таануу жана акциялардын жаңы чыгарылышын 

каттоодон өткөрүү жол-жобосу 

 

5.1. Сырттан инвесторлорду тартуу аркылуу банк-карызгерди реабилитациялоону жүргүзүү инвестордун банктын акцияларына менчикке укукту алуусуз мүмкүн эместигинен улам, ошондой эле банкты банкрот деп тааныганга чейин чыгарылган анын бардык акциялары банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн, анын кандайдыр бир акциялары менен камсыз болбогондугун эске алуу менен банктын реабилитациялоо жол-жобосун баштоого чейин чыгарылган бардык акциялары соттук тартипте анык эмес деп таанылууга тийиш. 

5.2. Акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анык эмес деп таанылат.  

5.3. Банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларын анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобону ишке ашыруу маселеси кредиторлордун жыйынына чейин көтөрүлбөгөн болсо, анда банк-карызгердин акцияларын чыгарууну анык эмес деп таануу жол-жобосун баштоо үчүн атайын администратор кредиторлорунун жыйынын негизинде иш алып баруу аркылуу тиешелүү доо менен сотко кайрылат жана ал колдонуудагы процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте каралууга тийиш. 

5.4. Банк-карызгердин акцияларынын чыгарылышын анык эмес деп таануу жөнүндөгү соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кириши жана реабилитациялоо планында каралган башка иш-чаралардын, анын ичинде инвесторду сынак аркылуу тандоонун жүзөгө ашырылышы боюнча атайы администратор Улуттук банктын жаңы түзүлгөн коммерциялык банктар үчүн капиталдын минималдуу өлчөмү жагындагы талаптарына ылайык келген, банктын уставдык капиталынын өлчөмү ал аркылуу бекемделген анын уставынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу банк-карызгердин мамлекеттик кайра каттоодон өтүшүн демилгелейт, ошондой эле банк-карызгердин акцияларынын чыгарылышын кайрадан катталышын ишке ашырат.. 

5.5. Акцияларды чыгарууну каттоодон өткөртүү реабилитациялоо планын аткаруу максатында жүргүзүлгөндүгүнөн улам, атайын администратор акцияларды тендердин жеңүүчүсү деп таанылган инвесторго өткөрүп берет, ал эми инвестор көрсөтүлгөн акциялар үчүн колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык төлөөнү жүзөгө ашырууга тийиш. 

5.6. Банк-карызгердин жаңыдан чыгарылган акцияларына төлөнгөндөн кийин сырттан тартылган инвестор мыйзам талаптарын сактоо менен ошол баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгын каттоодон өткөртүп, эч кандай чектөөлөрсүз жана үчүнчү жак-тардын аракеттерине көз карандысыз, алардын менчик ээси болуп калат. 

 

VI. Банк-карызгерди реабилитациялоо планын аткаруу 

 

6.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо планынын шарттарын аткаруу Улуттук банктын контролдугу астында жүрөт. Реабилитациялоо планын аткаруу мезгил ичинде анын аткарылышына контролдукту Улуттук банк жүзөгө ашырат. 

6.2. Банк-карызгер тарабынан реабилитациялоо планынын шарттарынын аткарылышы атайын администратордун берген отчету менен тастыкталат. Атайын администратор ай сайын ушундай отчетторду Улуттук банкка берип турууга тийиш. Бул отчеттордо реабилитациялоо планында каралган иш-чаралардын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү жөнүндөгү маалыматтар тиешелүү тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен берилет. 

6.3. Реабилитациялоо планынын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча атайын администратор инвестор менен бирдикте банк-карызгердин лицензиясын калыбына келтирүү өтүнүчү менен бирге реабилитациялоо планынын аткарылгандыгы жөнүндөгү жыйынтыктоочу отчетту Улуттук банкка жөнөтөт. 

6.4. Банк-карызгердин бардык таанылган кредитордук карызы толук төлөнгөн, ошондой эле анын төлөөгө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилип. ишин улантуу үчүн шарттар түзүлүп, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдардын жана Улуттук банктын өздүк капитал, банк ишин жүргүзүү үчүн жайдын болушуна карата талаптары, ички актылары, акционерлердин курамы, башкаруу жана контролдоо органдарына карата бардык талаптары аткарылган шартта гана, реабилитациялоо планы аткарылган катары эсептелинет. 

6.5. Улуттук банк жыйынтык отчетту жана лицензияны калыбына келтирүү өтүнүчүн кароого алып, он календардык күн ичинде банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирип, банкка берет.