Кайта келүү N 1 бет    >>  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 28-декабрындагы 

N 51/4 токтомуна тиркеме 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө” НУСКОО 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/6, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомдору менен бекитилген) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. 

2. Ислам банкынын капиталынын шайкештик стандарттарын, ошондой эле "ислам терезесине" ээ банктын капиталынын шайкештик коэффициенттерин эсептөө өзгөчөлүктөрүн белгилөө, бул Нускоонун максаты болуп саналат. 

3. Банктын капиталы пайдалуу жана туруктуу өсүштү камсыз кылат, кардардын банкка карата ишениминин гаранты болуп саналат жана ал банк ишине тиешелүү потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн пайдаланылат. 

4. Капитал, өтө эле тобокелдиктүү жагдайлардын жана банктын финансылык жактан кудуретсиздик (төлөөгө жөндөмсүздүк) кесепетинен коргогон каражат болуп саналат. Банк, төлөөгө жөндөмсүздүк абалына жетүү коркунучуна жеткирбестен, мүмкүн болгон чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга жөндөмдүү шайкеш капиталга ээ болууга тийиш. Капитал өлчөмү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылып жаткан, жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен коштолгон банк операцияларынын көлөмүнүн көбөйүүсүнө шайкеш болууга тийиш. 

2. Ислам банктарынын капиталынын шайкештик стандарттары 

5. Капиталдын минималдуу өлчөмү

а) Кыргыз Республикасында жаңы ачылган ислам банктары үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

б) капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү. Өздүк каражаттардын өлчөмү, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдан капиталга кайчылаш инвестициялоону эсептен алып салуунун натыйжасы катары аныкталат. Биринчи деңгээлдеги таза капитал ушул Нускоонун 18-пунктунун а) пунктчасына ылайык аныкталат. Капиталга кайчылаш инвестициялоо - бул, банктардын жана банктык эмес уюмдардын бири-биринин капиталында (акция түрүндө же капиталга үлүштүк катышуу) өз ара катышуусу. 

6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдердин (мындан ары текст боюнча - активдердин) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары текст боюнча - баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнүшүнө негизделген ислам банкынын капиталынын шайкештик коэффициенттери: 

а) суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.1) 12% кем болбоого тийиш. Ал таза Суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды жана Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулбаган (б.а. тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынан 1,25% ашкан) жалпы камдарды минуска чыгаруу менен, ошондой эле чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммаларына карата катышы катары аныкталат. Таза Суммардык капитал ушул Нускоонун 18-пунктунун б) пунктчасына ылайык аныкталат. Экинчи деңгээлдеги капитал ушул Нускоонун 16-пунктуна ылайык аныкталат; 

б) Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.2) 6% кем болбоого тийиш. Ал Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды жана Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулбаган (б.а. тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынан 1,25% ашкан) жалпы камдарды минуска чыгаруу менен, ошондой эле чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммаларына карата катышы катары аныкталат. 

7. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын шайкештик коэффициенти "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча" нускоого ылайык (мындан ары - Коммерциялык банктар үчүн нускоо), капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөгө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган жана тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди милдеттүү түрдө кошуу менен эсептелинет. 

8. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөөдө, анын айрым бөлүктөрү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен эсептөөгө кошулат. Мисалы, Экинчи деңгээлдеги капиталды эсептөөдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуучу жалпы камдар кошулууга тийиш. 

9. Левераж (ислам банкыныкы К2.3) 8% кем болбоого тийиш. Левераж таза Суммардык капиталдын суммардык активдерге карата (материалдык эмес активдерди минуска чыгаруу менен мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун баланстык отчету боюнча активдердин жыйынтык маанисине карата) катышы катары аныкталат. 

9-1. Банктын финансылык туруктуулугун жана анын иш ыргагын сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн “банк капиталынын кошумча запасын” (“капитал буфери” көрсөткүчүн) колдоого алуу жөнүндө талап белгиленет. “Капитал буфери” көрсөткүчү суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептегендей эле аныкталат. “Капитал буфери” мааниси 18% өлчөмүндө белгиленет. Кардарларынын депозиттеринин жана кредиттеринин үлүшү бүтүндөй банк тутумунун депозиттеринин жана кредиттеринин жалпы суммасынын, тиешелүүлүгүнө жараша 8% жана көбүрөөгүн түзгөн банктар үчүн “капитал буферин” кеминде 20% деңгээлинде колдоп туруу зарылчылыгы жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. 

Ушул пункттун максатында “депозиттер” дегенден улам, юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептерин түшүнүүгө болот.  

9-2 Банктын “капитал буфери” көрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткенге чейин дивиденддерди төлөөгө, банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда, укугу жок.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

9-3. Банк бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен өз уставдык капиталын көбөйткөн учурду эске албаганда, ал «капитал буфери» көрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткен шартта да Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз дивиденддерди төлөөгө укугу жок. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6 токтомунун редакциясында). 

 

3. Капитал түзүмү 

10. Капиталдын негизин банктын толук төлөнгөн уставдык капиталы түзөт. 

11. Капиталдын курамына банктын акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жок болгон уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Бул каражаттар акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алынышы мүмкүн. 

12. Банк, өздүк акцияларды сатып алууга жана күрөөгө кабыл алууга укугу жок. 

13. Банктык көзөмөл максатында, капиталдын шайкештигине баа берүүдө капиталдын курамына айрым "капиталдык эмес" бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам" же "Субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер"). 

14. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө максатында, банк капиталы Биринчи деңгээлдеги капиталга жана Экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт. 

15. Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкүчө аныкталат: 

а) "жөнөкөй акциялар" - мыйзамдарда белгиленген шарттарды канааттандыруучу, банктын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялары; 

б) "номиналдан үстөк салынган капитал" - бул, алгачкы жайгаштыруу учурундагы жөнөкөй акциялардын сатуу баасы менен алардын номиналдык наркынын ортосундагы айырма; 

в) "банктын болочоктогу керектөөлөрү үчүн камдар" - салык алуудан кийинки пайдадан түзүлгөн, келечектеги жана/же күтүүсүз жагдайлар үчүн каралган камдар; 

г) "өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)" - жарыяланган дивиденддерди эсептеп алып салуудан жана башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүүдөн кийин, салык алуудан кийинки өткөн жылдардагы таза пайданын (чыгымдын) калдыгы; 

д) (минус) "өтүп жаткан жылдын чыгымы" - банктын өтүп жаткан жылдагы чыгым тартуулары. 

16. Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкүчө аныкталат: 

а) "өтүп жаткан жылдын пайдасы" - салык алуудан кийин, өтүп жаткан жылы алынган пайда; 

б) "жалпы камдар": 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуучу "жалпы" камдар; 

2) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар" - сатууга жарактуу болгон, баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасында реализацияланбаган пайда (чыгым); 

3) "консалидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептөө боюнча камдар" - банктын чет өлкөлүк туунду финансы мекемелеринин отчетторун консолидациялоо учурунда валюта курсунун өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан реализацияланбаган пайда (чыгым); 

в) "алынган пайданы теңдештирүүгө камдар" - бул, ислам банкынын Директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктү белгилүү бир деңгээлде колдоп туруу максатында, мударибдин үлүшүн бөлүштүрүүгө чейинки дүң пайдадан бөлүнүүчү суммалардын эсебинен түзүлгөн кам. Бул камды эсептөө боюнча шарттар алдын ала аныкталууга жана инвестициялык эсеп ээси кол койгон келишим шарттарына ылайык колдонулууга тийиш. 

г) "инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам" (болгон болсо) - инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдигин басаңдатуу максатында, мударибдин пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби ислам банкынын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

д) "капиталдын башка инструменттери" - капитал катары сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ инструменттер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

1) артыкчылыктуу акциялар, алар бул статьяда артыкчылыктуу акциялардын сатуу баасы менен номиналдык наркынын ортосундагы айырманы эске алуу менен көрсөтүлөт; 

2) мөөнөтсүз субординацияланган карыз - төмөнкү талаптар аткарылган шартта, мөөнөтсүз субординацияланган карыз инструменттери: 

- бул инструменттер толугу менен төлөнгөн, субординацияланган жана күрөө менен камсыздалбаган (кандай гана түрү болбосун) болууга тийиш; "субординацияланган" карыз деген түшүнүк, банк жоюлган шартта бул милдеттенмелер боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык кине коюлары канааттандырылгандан кийин акыркы кезекте, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин төлөнүп берилишин билдирет; 

- банк бул инструменттерди утурумдук чыгашаларынын ордун жабуу үчүн, б.а. банкты жоюу процесси башталганга чейин колдонушу мүмкүн; 

- бул инструменттер алардын ээлеринин демилгеси боюнча жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) алдын-ала макулдугусуз төлөнүүгө тийиш эмес; 

3) мөөнөттүү субординацияланган карыз - төмөнкү талаптар аткарылган шартта, мөөнөттүү субординацияланган карыз инструменттери: 

- субординацияланган карыз камсыздалбаган болууга тийиш; 

- карызды төлөөнүн минималдуу мөөнөтү - 5 жыл, мында жыл сайын капиталды эсептөөдө субординацияланган карыздын баштапкы суммасынан 20% алынып салынат. Эгерде субординацияланган карызды төлөө мөөнөтү 5 жылдан ашып кетсе, жыл сайын капиталдан субординацияланган карыздын баштапкы суммасынан 20% өлчөмүндө алынып салынат жана алар төлөө мөөнөтүнөн кийинки акыркы 5 жыл ичинде ишке ашырылып турат; 

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери утурумдук чыгым тартуулардын ордун жаппайт; 

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш эмес. 

Мында, банк мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттерин Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын уруксатысыз белгиленген мөөнөттөн мурда төлөй албайт. 

Банк, мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттерин төлөө мөөнөтү келип жеткендиги жөнүндө Улуттук банкка алдын ала билдирүүгө милдеттүү

Мында, ошондой эле ушул пункттун д) пунктчасында камтылбаган башка инструменттер да эске алынышы зарыл. Ушул пункттун д) пунктчасында чагылдырылган инструменттерди капиталдын курамына киргизүү, ар бир тиешелүү жагдайларда Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 

17. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө анын айрым курамдык бөлүктөрү төмөнкүлөрдү эске алуу менен капиталды эсептөөдө камтылат: 

а) Экинчи деңгээлдеги капитал - Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө

б) жалпы камдар - баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин тобокелдик боюнча өлчөнгөн суммасынан 1,25% барабар мааниден ашпаган өлчөмдө

в) мөөнөттүү субординацияланган карыз - Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнүн 50% ашпаган өлчөмдө

18. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөгө чейин капиталдын курамдык бөлүктөрүнөн төмөнкү алып салуулар жүзөгө ашырылууга тийиш: 

а) Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдер алынып салынат. Алынган маани Биринчи деңгээлдеги таза капитал болуп саналат; 

б) Суммардык капиталдан, б.а. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан шарика/мушарака өнөктөштүк келишими боюнча ишке ашырылган инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эске албаганда, башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит мекемелерге, ошондой эле банктык эмес мекемелерге инвестициялар (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) алынып салынат. Алынган маани таза Суммардык капитал болуп саналат. 

19. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза Суммардык капиталдын мааниси капиталдын шайкештик стандарттарын жана Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды эсептөө үчүн колдонулат. 

4. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдерди тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

20. Ушул Нускоонун чегинде капиталдын шайкештигине баа берүү кредиттик тобокелдикке карата жүргүзүлөт. Кредиттик тобокелдик, активдердин ар кандай түрлөрүнө карата келип чыгат жана кардардын активдерди толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүнү камсыз кылуу мүмкүн эместигинде камтылат. 

21. Активдер, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн тигил же бул келишимдерге, анын ичинде операциялардын ар кандай баскычында келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктин ар кандай деңгээлине ээ. Алсак, ислам банкынын кассасындагы нак акча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо операциялары боюнча жайгаштырылган активдерге салыштырганда, активдердин тобокелдиксиз түрүнөн болуп саналат. 

22. Тигил же бул категорияга чегерилген баланстык активдерге ылайык кредиттик тобокелдиктин негизги критерийлеринен болуп төмөнкүлөр саналат: контрагенттин түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан өнөктөштүн өлкөлүк тиешелүүлүгү, активди камсыздоо, гарантиялар жана активдин колдонуу мөөнөтүнүн узактыгы. 

23. Контрагенттин түрүнө жараша активдер боюнча тобокелдиктердин салмагы төмөнкүчө белгиленет. Мисалы, Standard & Poor's агенттиги тарабынан ыйгарылган "АА-" төмөн болбогон суверендүү рейтингге же эл аралык деңгээлде таанылган башка агенттиктер ыйгарган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптарына 0% тобокелдик салмагы чегерилет. Эгерде, өлкө суверендүү рейтингге ээ болбосо, 100% тобокелдик салмагы ыйгарылат. 

Рейтинг/Тобокелдиктин сандык көрсөткүчү  

АААдан АА- чейин 

А+дан А- чейин 

ВВВ+дан ВВВ- чейин 

ВВ+дан В- чейин 

В- төмөн 

Бааланбагандар 

Контрагент 

Тобокелдиктер салмагы  

Өкмөт жана Борбордук банктар  

0% 

20% 

50% 

100% 

150% 

100% 

Ислам банктары, банктар жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырган уюмдар 

  

  

  

  

  

  

1-вариант* 

20% 

50% 

100% 

100% 

150% 

100% 

2-вариант** 

20% 

50% 

50% 

100% 

150% 

100% 

(*) Рейтингдик агенттиктердин суверендүү субъекттерге кредиттик баа берүүлөрү боюнча. 

(**) Рейтингдик агенттиктердин ислам финансы мекемелерине, банктарга жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырган уюмдарга кредиттик баа берүүлөрү боюнча. 

24. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөрдүн/контрагенттин түрүнө жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт: 

1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%): 

а) Кыргыз Республикасынын жана Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин банкноттору жана монеталары; 

б) Улуттук банкка карата талаптар; 

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

г) Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозит эсебинде турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү); 

д) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө болуп саналган мамлекеттердин валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозит эсебинде турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү). 

2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%): 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү); 

б) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү). 

3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%); 

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит мекемелери менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер; 

б) алтын жана Шариат тарабынан тыюу салынбаган, сертификатталган стандарттык куймалардагы башка баалуу металлдар; 

в) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит мекемелери менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер; 

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар жана ушул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер; 

д) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин отчет берүүчү банкка карата аффилирленген мекеме болуп саналбаган банктарына жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар жана ошол институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер; 

е) Төмөнкү көп тараптуу финансы уюмдарына карата талаптар: Дүйнөлүк банктын институттары (Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн эл аралык банкы, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана Эл аралык финансы корпорациясы), Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн Европа банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы жана ушул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер; 

ж) төмөнкү көп тараптуу финансы уюмдары тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча баалуу кагаздар менен камсыз болгон активдер же алардын бөлүгү: Дүйнөлүк банктын институттары (Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн эл аралык банкы, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана Эл аралык финансы корпорациясы), Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн Европа банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы. 

4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%): 

а) жеке адамдарга сунушталган, бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн, ошол турак жай боюнча баштапкы күрөө менен гарантияланган каржылоо. Бул категорияга ошол үйдө же батирде жашоого ниеттенген, башкача айтканда бул турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттар үчүн пайдаланбаган (сатуу, ижарага берүү ж.б.) адамдарга берилген активдер гана кирет. 

Ал эми бул активдерди төлөөлөр 30 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе же алар реструктуризацияланган же чегерилбеген статуска өткөн болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт. 

б) алтын жана Шариат тарабынан тыюу салынбаган, сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы башка баалуу металлдар. 

5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%): 

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар; 

б) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин отчет берүүчү банкка карата аффилирленген мекеме болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар; 

в) жеке секторго карата талаптар (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер):  

- мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. Мында, ушул келишимдер боюнча камсыздоо катары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүүгө тийиш болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр күрөө катары колдонулат. Сатып өткөрүү учурунда күрөө наркы каржылоонун негизги суммаларын жана күрөөнү сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды банкка төлөө үчүн жетиштүү болуусу зарыл. Күрөө наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Күрөөлүк мүлккө жыл сайын көз карандысыз баа берүү, ушул категорияга активдерди чегерүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Камсыздоонун наркы төмөндөп, сапаты начарлаган жагдайлар күрөөнү сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон учурда мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 400% тобокелдик деңгээли менен 6-категорияда көрсөтүлөт. Банктын мудараба, мушарака келишимдери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тажрыйбаларына жараша Улуттук банк, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда, анын ичинде күрөөлүк камсыздоого карата кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

- 3, 4 жана 6-категорияларда көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган башка активдер. 

г) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги; 

д) каралган алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу (18-пункттун б) пунктчасын карагыла); 

е) мурдагы категорияларга кирбеген жана башка активдер. 

6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 400%): 1-5-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. 

25. Баалуу кагаздарга салымдар сый акыны (дисконтту) жана реализацияланбаган пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен өлчөнөт. 

26. Активдер боюнча кирешелер, активдердин өздөрү өлчөнгөндөй эле тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнөт. 

5. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

27. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер да белгилүү бир шарттар орун алышы учурунда (20-пунктту карагыла) кредиттик тобокелдикке дуушар болушу ыктымал. Мисалы, банктын кардардын атынан гарантияларды берүүсү белгилүү бир жагдайлардын келип чыгышы шартында активдерди кадимкидей эле жайгаштырууга трансформацияланышы мүмкүн. 

28. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча тобокелдик өлчөмү, баланстан тышкаркы милдеттенмелердин номиналдык наркын кредиттик конверсия факторунун тиешелүү пайыздык өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу аныкталат. Алынган маани баланстан тышкаркы милдеттенмелердин баланстык эквиваленти болуп саналат жана андан ары ушул Нускоонун 4-бөлүгүнө ылайык, кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жараша өлчөнөт. 

29. Бул Нускоодо баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсиянын факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталган: 

Кредиттик конверсия фактору - 0%: 

а) банктын, алдын ала билдирүүсүз эле кайсы болбосун убакта дароо жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү болгон же карыз алуучунун финансылык абалы начарлоо учурунда алар боюнча автоматтык түрдө жокко чыгаруу укугу каралган кандай болбосун милдеттенмелер. 

Кредиттик конверсия фактору - 20%: 

Мурабаха келишиминин негизинде, камсыздандырылган товарлар/жүктөр түрүндөгү күрөөнү камсыздоо катары колдонулган импорт жана экспортту каржылоо учурунда банк тарабынан берилген же тастыкталган аккредитив. 

Кредиттик конверсия фактору - 50%: 

а) айкын келишим менен байланышкан баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, подрядчик курулуш долбоорлорунда өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, буйрутма берген адамга чыгым тартууларынын ордун толтуруп берүүгө жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелерди гарантиялаган аккредитив); 

б) соода операцияларына байланыштуу болгон кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюла турган милдеттенмелер (мисалы, товарлардын жүктөлүп жөнөтүлүшү менен камсыз кылынган документардык аккредитив). 

Кредиттик конверсия фактору - 100%: 

а) активди сунуштоо боюнча милдеттенмелер; 

б) кредитти алмаштыруучулар (мисалы, жалпы гарантиялар, камдык аккредитивдер, акцептөө боюнча гарантиялар), б.а. эгерде, банктын анын атына гарантия же аккредитив берилген кардары келишим же ушундай негиз боюнча үчүнчү тарапка аванс катары берилген каражаттарды төлөй албаса, үчүнчү тарапка каражаттарды төлөө боюнча банктын юридикалык милдеттенмелерин түшүндүргөн документтер (аталышына көз карандысыз); 

в) кийинчерээк сатып алуу менен сатуу жөнүндө келишим жана контрагенттин активдерди белгилүү бир учурларда кайтарып алууга укугу менен активдерди сатуу; 

г) мурдагы категорияларга кирбеген жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

30. Банк, валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелерге баа берүүсү зарыл, анткени мындай милдеттенмелердин толук номиналдык наркына эмес, болгону өнөктөштөр келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, акча каражаттар агымынын ордуна колдонулуучу (алгылыктуу нарктагы келишим боюнча) потенциалдуу наркына гана кредиттик тобокелдик келип чыгат. Баланстык эквиваленттердин өлчөмү тигил же бул финансылык инструменттердин негизи болуп саналган келишим мөөнөтүнө жана валюта курстарына жараша болот. 

Валюта курстарына байланыштуу бардык келишимдер үчүн банктар, алардын учурдагы рыноктук наркы кандай болоруна карабастан, потенциалдуу тобокелдик келишимдердин ар бир түрү боюнча эсептелине турган ыкманы колдоно алышат. Баланстык эквиваленттин өлчөмүн эсептөө үчүн ар бир инструменттин базалык (номиналдык) наркын мүнөзүнө жана анын аракеттенүү мөөнөтүнө жараша белгиленген конверсиондук коэффициенттердин бирине (кредиттик конверсия фактору) көбөйтүү зарыл. 

31. Бул Нускоодо валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкүдөй пайыздык өлчөмдөрү аныкталат: 

Келишимдердин аракеттенүү мөөнөтү 

Кредиттик конверсия фактору 

1 жылга жетпеген 

2% 

1 жылдан 2 жылга чейин 

5% 

Ар бир кийинки жылга 

+3% 

6. "Ислам терезесине" ээ банктардын активдерин тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

32. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөөдө, ушул Нускоодо аныкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган банктын баланстык активдерине жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү ыкмасы колдонулат. 

33. "Ислам терезесине" ээ банк тарабынан банк ишинин жана каржылоонун калыптанып салтка айланган принциптери боюнча жайгаштырылган/кабыл алынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер Коммерциялык банктар үчүн нускоого ылайык, тобокелдик деңгээлине жараша өлчөнөт. 

7. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталдын шайкештик стандарттарын аткаруусу жөнүндө отчетту толтуруу жана сунуштоо тартиби 

34. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчеттор Коммерциялык банктар үчүн нускоо талаптарына ылайык ушул Нускоодо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт. 

35. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту түзүүдө төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- "ислам терезесине" ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.А-15.В бөлүктөрүндө чагылдырылууга тийиш; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.Г бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. 

36. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жана аларды эсептөөлөр, "ислам терезесине" ээ банк тарабынан Коммерциялык банктар үчүн нускоонун талаптарына ылайык жана Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында сунушталат. 

8. Дивиденддер 

37. Дивиденддер - бул, банк тарабынан алынган жана акционерлер ортосунда мыйзамдарга ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгү

38. Банк Башкармасы (аткаруу органы) аудитордук корутундунун негизинде, банктын Директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна жана тиешелүү баа берүүсү үчүн эң аз дегенде төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

а) капиталдын шайкештиги жана анын өзгөрүү тенденциялары; 

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы; 

в) банктын кирешелеринин номиналдык жана реалдуу деңгээли (инфляциянын деңгээлин эске алуу менен) жана алардын өзгөрүү тенденциялары; 

г) банктын өнүгүү келечеги; 

д) экономикалык шарттардын жана инфляциянын деңгээлинин таасирлери. 

39. Акциялар боюнча дивиденддер финансы жылынын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнөт. 

40. Банк ишинин туруктуулугуна коркунуч туулган учурда, Улуттук банк дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же чектөөсү мүмкүн, эгерде: 

а) дивиденддерди төлөө Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди бузууга алып келсе; 

б) банктын капиталынын шайкештик коэффициентинин мааниси Улуттук банк тарабынан ошол банк үчүн белгиленген эң төмөнкү чектен төмөн болсо; 

в) бөлүштүрүлбөгөн пайданын өлчөмү банктын чыгашалуу ишинен улам нөлгө барабар же андан аз болсо; 

г) банк отчеттук жыл ичинде жана/же отчеттук жылга чейинки жыл ичинде чыгым тартса; 

д) банктын абалынын начарлашынын натыйжасында Улуттук банктын өзгөчө байкоосуна алынган жана/же колдонуудагы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык "проблемалуу" банктардын катарына чегерилген болсо. 

9. Капиталдын шайкештик стандарттарын аткаруу жөнүндө отчетторду толтуруу тартиби 

41. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылышы жөнүндө отчет, Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына ылайык банктын бухгалтердик балансынын негизинде түзүлөт. 

42. Отчеттун статьялары ириленген жана деталдаштырылган статьяларга бөлүнөт (мисалы, ириленген 20-статья деталдаштырылган эки 20.1 жана 20.2 бөлүккө бөлүнөт). Деталдаштырылган статьяларда алардын кредиттик тобокелдиктердин тигил же бул категориясына тиешелүүлүгүнө жараша баланстык активдердин (баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) маанилери көрсөтүлөт. Ириленген статьяларда көрсөтүлгөн маанилер, деталдаштырылган статьялардын маанилеринин суммасы болуп саналат. 

43. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептер тобунун аталыштарына төп келет. Ошондой болсо да, айрым статьяларды толтуруу өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Алсак, ар бир статьянын "Баалуу кагаздар портфели" (130-230-статьялар) бөлүгүндө классификацияланышына көз карандысыз, баалуу кагаздардын тиешелүү түрүнүн суммардык баланстык наркы чагылдырылат. Мисалы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар" деп аталган 130-статьяда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банкы тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар, соодалык баалуу кагаздар жана сатууга жарактуу баалуу кагаздар сыяктуу классификацияланган баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт. 

Нускоонун "Каржылоо" деп аталган бөлүгүнүн ар бир статьясында (240-370-статьялар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоонун тиешелүү түрү боюнча карыздардын суммасы дисконтту эсептен алып салуу менен көрсөтүлөт.