Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 4-июлундагы 

N 28/10 токтому менен 

бекитилген 

Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу 

ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул документте, коммерциялык банктардын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында (мындан ары текст боюнча Банк) видеобайкоо системасын (ВБС) түзүүнүн, модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Банк ушул Тартиптин талаптарын бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтер келип чыгат. 

2. Видеобайкоо системасынын максаттары жана милдеттери 

3. ВБСны түзүүнүн негизги максаттарынан жана милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) Банктын персоналына, имаратына, курулмаларына жана материалдык активдерине карата укукка жатпаган аракеттер тууралуу, Банктын коопсуздук бөлүмдөрүнө маалымдоо; 

б) Банктын объекттеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда транспорт каражаттарынын кыймылына оперативдүү мониторинг жүргүзүү

в) адаттагыдан башкача кандайдыр бир жагдайлардын орун алышы учурунда, видеоархивди кайрадан карап чыгуу аркылуу Банктын объекттеринин аймагында жана анын жайларында болуп өткөн окуяны реалдуу чагылдырып берүү

3. ВБСга карата жалпы техникалык талаптар 

4. Видеокамералардан маалыматтарды оперативдүү негизде чыгарып алуу (анын ичинде Банктын коопсуздук бөлүмдөрүнө да) видеомаалыматтарды чагылдырып көрсөтүү жабдууларынын жардамы менен ишке ашырылууга тийиш. 

5. Видеомаалыматтарды чагылдырып көрсөтүүчү жабдуулар, алар менен иштөө ыңгайлуу болгондой, ошол эле учурда Банктын коопсуздук бөлүмүнө жана анын жетекчилигине тиешеси жок адамдардын андан маалымат ала албагандай жайгаштырылууга тийиш. 

6. Маалыматтарды сактоо жабдууларында видеомаалыматтардын видеоархивдерге системалуу негизде жазылуу мүмкүндүгү

4. ВБСда ишке ашырылуучу процесстер 

7. ВБСда төмөнкү процесстер ишке ашырылышы мүмкүн: 

а) видеокамералардагы маалыматтарды чагылдырып сүрөттөөчү жабдууларга жаздыруу; 

б) видеокамераларды аралыктан туруп кол менен же автоматташтырылган түрдө тескөө (видеокамералардын тартуу багыттарын, тартылып алынгандардын параметрлерин өзгөртүү ж.б.); 

в) видеоархивдерди маалыматтарды сактоо жабдууларына системалуу түрдө жазып калтыруу; 

г) болгон окуяларды видеорхивдерде сактоо; 

д) видеоархивдерден тиешелүү учурларды чыгарып алуу, карап чыгуу жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

е) видеоархивдерден кандайдыр бир учурларды андан ары пайдалануу үчүн мобилдүү жазып алуучуларга сактоо; 

ж) контролдукка алынган аймакта башка объекттердин (субъекттердин) аныкталышы учурунда коргоо системасы менен өз ара иш алып баруу; 

з) Банк кызматкерлеринин жана ага келүүчүлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн контролдук системасы менен өз ара иш алып баруу; 

и) күйүп кетүү ыктымалдыгын алдын алуу үчүн өрттөн коргонуу системасы менен өз ара иш алып баруу. 

5. ВБСны түзүүнүн негизги принциптери 

8. Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна бөлүнгөн өзүнчө жайды эске албаганда, Банктын бардык объекттеринде видеобайкоо системасынын орнотулушу зарыл. 

9. Жаңыдан түзүлүп жаткан жана модернизацияланып жаткан ВБСны долбоорлоодо аларга карата коюлуучу төмөнкү талаптар эске алынууга тийиш: 

а) ВБС тарабынан контролдонуучу мейкиндик чеги; 

б) жайлардын (объекттердин) ВБС компоненттери менен жабдылышы; 

в) орнотулган видеокамералардын параметрлери (ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык); 

г) ВБС компоненттеринин тышкы таасирлерден корголушу (пайдаланууда аба басымы, компоненттердин инженердик коргоого алынышы деңгээли ж.б.); 

д) ВБСдан маалыматтарды чагылдырып көрсөтүүчү жабдуулардагы сүрөттөлүштөрдүн параметрлери жана сапаты; 

е) видеомаалыматтарды жазып алуу параметрлери (бир жолку, мезгил-мезгили менен, үзгүлтүксүз ж.б.); 

ж) ыйгарым укуктуу жактардын видеомаалыматтардан пайдаланууга жана видеокамералар менен иштөөгө Банк жетекчилиги тарабынан бекитилген укугу; 

з) видеоархивдеги жазууларды сактоонун Банк жетекчилиги тарабынан бекитилген мөөнөттөрү

10. Биометрикалык идентификациялоону, автотранспорттун номерин дароо аныктоону, унутулуп калган буюмдарга контролдукту ишке ашырууга өбөлгө түзгөн жарылуучу заттарды орнотуп коюу тобокелдигин минимизациялоо максатында, атайы программалык каражаттарды колдонуу сунуш кылынат. 

11. ВБС аркылуу алынган маалыматтарды башка уюмдарга берүү, ошол уюмдун кат жүзүндөгү өтүнүчүнүн негизинде жана Банк жетекчилигинин уруксатына (кат жүзүндөгү буйруусуна, резолюциясына) ылайык ишке ашат. 

6. ВБС компоненттерине карата жалпы техникалык талаптар 

12. Видеокамеранын чагылдырып көрсөтүү чеги, адамдын стандарттык тулку боюн толук камтып чагылдыра алгандай аныкталууга тийиш. 

13. Видеокамеранын оптикалык системасы объектти сапаттуу сүрөттөй алгандай жетиштүү параметрлер менен камсыз кылынууга тийиш. 

14. Видеокамерадан алынган жана жабдууда чагылдырылып көрсөтүлгөн сүрөттөлүш адамды жана кандайдыр бир буюмду так аныктап идентификациялоого мүмкүндүк бериши зарыл. 

15. Сыртта орнотулган видеокамералар пайдаланууга ыңгайлуулукту түзгөн аба басымы шартында атайы термобокстордо монтаждалууга тийиш. 

16. Видеокамераларды атайылап таасир этүүдөн коргоону талап кылган жерлерде видеокамералардын жана ага ылайыкташкан коммуникациялардын талаптагыдай корголушу камсыз кылынышы зарыл. 

17. ВБСнын негизги компоненттери күнүүнү иштөөгөүнүнө 24 саат бою, жумасына 7 күн) ылайыкталган болууга тийиш. 

18. ВБСны энергия менен каныктыруу системасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

а) энергия менен каныктыруу блокторунун бардык параметрлери, электр түйүндөрүнүн чыңалуусунун бардык диапазонунда стабилдүү болууга тийиш; 

б) көз карандысыз резервдик каныктыруу булактарынын (аккумуляторлордун) болушу зарыл; 

в) резервдик каныктыруу булактарынын (аккумуляторлордун) сыйымдуулугу кеминде 4 саат ичинде иш үзгүлтүксүздүгүн өз алдынча камсыз кыла алгандай болушу зарыл. 

19. Резервдик каныктыруу булагы жана анын блоктору атайы жабдылган жайларда (сервердик бөлмөлөрдө), же болбосо кулпу менен жабылган бекем бокстордо сактоо сунуш кылынат. 

20. Видеокамералардан күнүүнү сапаттуу сүрөттөлүштөрдү алуу үчүн жарык жеткиликсиз болгон жана аларды кандайдыр бир ылайыктуулугуна жараша чоңойтууга мүмкүн болбогон жерлерде, видеокамеранын инфракызыл жарык берүүчүсү менен дал келген, байкоо секторунун инфракызыл жарык берүүчүсүн колдонуу сунуш кылынат. 

21. Коргоо максаттарында жарык берүүчүлөрдү колдонууда алардын жарыгы видеокамераларга чагылышуусуна, ошондой эле көлөкө түшүрүүсүнө, өтө жарык болгон же интерференциялык аймактардын пайда болушуна жол берилбөөгө тийиш, анткени мындай учурлардан кыянатчылар пайдаланып кетиши мүмкүн. 

22. Видеобайкоо системасынын жазып алуу жабдууларын (видеобайкоонун адистештирилген серверлери, видеокаттоочулар) аларга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген атайы жабдылган жайларда (сервердик же аппараттык бөлмөлөрдө), же болбосо кулп салынып, кирүүгө мүмкүн болбогон жерлерде орнотулган бокстордо жайгаштыруу зарыл. 

23. ВБСнын компоненттерине карата кыйла ырааттуу техникалык талаптар ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык чагылдырылган. 

24. 26-пунктта көрсөтүлбөгөн жерлерде видеоархивге жазып алуу функциясысыз кошумча видеокамераларды орнотууга жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Банктын объекттеринде видеокамераларды жайгаштыруунун негизги принциптери 

25. Видеокамераларды орнотуунун төмөнкүдөй жалпы принциптери колдонулат: 

а) видеокамералар жерден же жерге төшөлүүчү тактайдан кеминде 2,2 м бийиктикте орнотулууга тийиш; 

б) видеокамералардын байкоого алуу секторлору мүмкүнчүлүгүнө жараша, орнотулган видеокамеранын бири экинчиси орнотулган жерге жакындагандарды контролдоп тургандай тандалат; 

в) атайы багыттагы видеокамералар кыйла жогорку бийиктикте орнотулат, алар түптөлгөн шартка ылайык аныкталат. 

26. Видеокамералар Банктын объекттеринин эң аз дегенде төмөнкү аймактарын контролдоп турууга мүмкүндүк бериши зарыл: 

а) кирүү дарбазасын; 

б) тышкы эшиктер (тор эшиктер) жана кире бериштер (вестибюлдар) аркылуу өтүүчү жолдорду; 

в) акча каражаттарын (баалуулуктарды) ташып өтүү маршруттарды; 

г) сактоо жайынын тышкы каалгаларын; 

д) акча каражаттарын (баалуулуктарды) кайра эсептеп чыгуучу (алмаштыруучу, таңычактоочу) жерлерди; 

е) банк кардарларынын жеке банктык сейфтери жайгаштырылган жерлерди; 

ж) эсепчилердин иш ордун жана кардарлардан нак акчаларды кабыл алуу-берүү жерлерин (лотокторун); 

з) банк ичинде кардарларды тейлөө аймактарын (оператордук залдарды). 

1-тиркеме: ВБС компоненттеринин техникалык параметрлерине карата талаптар. 

  

  

  

Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибине карата 

1-тиркеме 

ВБС компоненттеринин техникалык параметрлерине карата 

ТАЛАПТАР 

Бул талаптарда Банктын объектилеринде колдонулуучу ВБС компоненттеринин минималдуу техникалык мүнөздөмөлөрү белгиленген. 

1. Видеокамералар 

1. Видеокамеранын түрүүстүү, түссүз же "күнүүнү" иштеген) анын багытына жана байкоо секторундагы жарык берүү шарттарына жараша аныкталат. 

2. Трансфокатор (вариообъектив) видеокамерага анын багытына жана байкоо секторунда талап кылынуучу камтуу чөйрөсүнө жараша орнотулат. 

3. Видеокамераларды бекитүү жабдуулардын багытталган абалда ишенимдүү кармалып турушун камсыз кылууга тийиш. 

4. Видеокамералардын айланып туруу механизмдери анын багытына жараша жана байкоого алуу секторунда талап кылынуучу камтуу чөйрөсүнүн кенендигине/бийиктигине жараша орнотулат. 

5. Минималдуу сезгичтиги люкс (лк) менен өлчөнөт жана видеокамералардан сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн: түстүү видеокамералар үчүн 0,5 лкдан төмөн болбоого, түссүздөр үчүн 0,1 лкдан төмөн болбоого тийиш. 

6. Видеокамеранын интерфейси (аналогдук же IP) видеобайкоо системасына карата жана видеокамеранын конкреттүү бир байкоого алуу секторуна карата жалпы талаптардан улам аныкталат. 

7. Аналогдук видеокамеранын уруксат берүү жөндөмдүүлүгү телевизиондук линиялар менен (твл) өлчөнөт жана 450 твлдан кем болбоого тийиш. 

8. IP-видеокамералардын уруксат берүү жөндөмдүүлүгү видеоматрицанын чекиттери - мегапикселдер менен (Mpix) өлчөнөт жана видеокамеранын багытына жараша тандалат. 

9. Секундасына кадрлардын саны (fps) IP-видеокамералар үчүн анын багытына жараша 5-25 fps кем болбоого тийиш. 

10. Видеокамеранын динамикалык диапазону децибеллдер менен (Дб) өлчөнөт жана анын багытына жараша 60-70 Дб кем болбогон чоңдукту түзүүгө тийиш. 

11. Видеокамеранын ишинин температуралык диапазону анын багытына жана видеокамера орнотулган жайга жараша аныкталат жана имараттын ичинде орнотуу үчүн 0 град. Цельсиядан +40 град. Цельсияга чейинкиден кем болбоого, ал эми имараттын сыртына орнотуу үчүн, -10 град. Цельсиядан +50 град. Цельсияга чейинкиден кем болбоого тийиш. 

2. Видеокоммутаторлор 

12. Видеокоммутатордун каналдарынын саны ВБСда колдонулган камералардын жана маалыматтарды чагылдыруучу жабдуулардын санына жараша аныкталат. 

13. Кирүү түрү мүмкүнчүлүгү ВБСда колдонулган видеокамералардын түрүнө (аналогдук, санариптик, IP) жараша аныкталат. 

14. Чыгуу түрү (VGA, DVI, HDMI ж.б.) колдонулуучу чагылдырып сүрөттөө түзүлүштөрдүн жана видеокоммутаторлордун түрүнө жараша аныкталат. 

15. Башкаруу интерфейси ВБСда колдонулуучу видеокамералардын санына жана техникалык параметрлерине, ошондой эле видеокоммутатордун жайгашуусуна жараша аныкталат. 

3. Видеокаттоочулар 

16. Видеокаттоочунун жазып алуу каналдарынын саны ВБСда колдонулуучу видеокамералардын санына жараша аныкталат. 

17. Кирүү түрү мүмкүнчүлүгү ВБСда колдонулган видеокамералардын түрүнө (аналогдук, санариптик, IP) жараша аныкталат. 

18. Чыгуу түрү (VGA, DVI, HDMI ж.б.) колдонулуучу чагылдырып сүрөттөө түзүлүштөрдүн жана видеокоммутаторлордун түрүнө жараша аныкталат. 

19. Кысуу алгоритми (компрессия) (M-JPEG, MPEG, Н.264 ж.б) колдонулган видеокамералардын түрүнө, видеоархивдерди топтоочулардын көлөмүнө жана видеоархивде жазып алуулардын талап кылынган сактоо мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. 

20. Секундасына кадрлардын саны видеокаттоочулар үчүн (fps) менен өлчөнүп, ар бир жазып алуу каналы үчүн алынган сүрөттөлүштүн сапатына, колдонулган видеокамералардын түрүнө, видеоархив топтолгон сыйымдуулукка, видеоархивде жазып алуулардын талап кылынган сактоо мөөнөттөрүнө жана видеокамеранын багытына жараша аныкталат жана ал 5-25 fps кем болбоого тийиш. 

21. Видеокаттоочунун аппараттык жана программалык камсыздоо мүмкүнчүлүгү, кирген видеобелгилердин иштелип чыгышын, маалыматтын видеоархивге берилген параметрлер менен жазылышын, видеоархивден маалыматтын берилген параметрлер боюнча изделишин камсыз кылууга тийиш. 

22. Башкаруу интерфейси ВБСда колдонулуучу видеокамералардын санына жана техникалык параметрлерине, ошондой эле видеокоммутатордун жайгашуусуна жараша аныкталат. 

4. Маалымат берүү түйүнү 

23. Видеомаалыматты берүүнүн аналогдук түйүнү аналогдук видеокамералардан видеокаттоочуларга аналогдук видеобелгилердин минималдуу жоготуулар жана бузуулар менен берилишин камсыз кылууга тийиш. 

24. Видеомаалыматты берүүнүн IP түйүнү IP-видеокамералардан IP-видеокаттоочуларга цифровкаланган видеобелгилердин, анын ичинде IP-видеокамералардын белги берүүчү кабелдик (РоЕ технологиясы) каныктыруу колдонулуп жаткан учурда берилишин камсыз кылуусу зарыл. 

ВБСнын маалымат берүү түйүндөрү өткөрмө жөндөмдүүлүктөрү боюнча 20% кем эмес запаска ээ болууга тийиш. 

5. Каныктыруу системасы 

25. Каныктыруу системасынын блоктору ВБС компоненттерин туруктуу кондициялык каныктырып турууга тийиш. 

26. Каныктыруу тилкелери ВБС компоненттерин кондициялык каныктыруу менен туруктуу камсыз кылып туруусу зарыл. 

6. Кошумча жабдуулар 

27. Байкоо секторунун инфракызыл жарык берүүчүсү видеокамеранын багытына жана байкоо секторунун жарык кылынышына жараша орнотулат. 

28. Температуралык турукташтыруу жабдуулары (термокожуха, термобокстор ж.б.) аларда орнотулган ВБС компонеттеринин айлана-чөйрөдөгү температуранын бардык диапазонунда штаттык ишин камсыз кылууга тийиш. 

29. Сактоо жабдууларынын (видеоархивдин) сыйымдуулугу окуяларды жазып алуу үчүн колдонулган видеокамералардын санына, видеоагымдын орточо өлчөмүнө (Mb/сек) жана видеомаалыматтарды сактоо мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Сактоо жабдууларынын (видеоархивдин) сыйымдуулугу 20% төмөн болбогон көлөмдөгү запаска ээ болууга тийиш.