Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 13-октябрындагы 

N 79/4 токтому менен 

бекитилген 

Компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк-агентке карата талаптар 

1. Жалпы жоболор 

1. Компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк-агентке карата талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. 

2. Аманатчыларга компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан (мындан ары - Агенттик), Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бир же бир нече банктарды-агенттерди тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат. 

3. Бул Талаптар аркылуу гарантиялык учур келип жеткен шартта, аманатчыларга компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк-агентти тандоо боюнча кошумча критерийлерди белгиленет жана ал депозиттерди коргоо системасынын бардык катышуучу банктарына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

4. Бул Талаптарда Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамында камтылган аныктамалар колдонулат. 

2. Банк-агентке карата талаптар 

5. Аманатчыларга компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк-агент Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамынын 7-статьясынын 6-пунктунда белгиленген негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

6. Компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга талапкер банк, банк-агент үчүн белгиленген негизги талаптардан тышкары, төмөнкү кошумча талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) банктын алгылыксыз ишкердик абройго ээ экендигин тастыктаган маалыматтардын жоктугу шартында, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы; 

2) Улуттук банк тарабынан банкка CAMELS системасы боюнча ыйгарылган жыйынтыктоочу рейтинг "2"ден төмөн болбоого тийиш; 

3) билдирме берген учурга карата чыгашасыз иштөөсү, өткөн 2 жылдагы иши тууралуу маалыматтарды жана банкты келечекте өнүктүрүүнүн реалдуу планы (кеминде бир жылга стратегиялык планы); 

4) өткөн эки отчеттук мезгил үчүн тышкы аудитордун алгылыктуу корутундусуна ээ болуу; 

5) банк, компенсациялык төлөөлөрдү натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн программалык камсыздоого, операциялык системаларга, тиешелүү квалификацияга ээ сандагы кызматкерлерге, ошондой эле күтүлүп жаткан компенсациялык төлөөлөрдүн көлөмүнө жана масштабына шайкеш келген тиешелүү шарттарга ээ болууга тийиш; 

6) Аманаттар боюнча акча каражаттарын которуу учурунда банк Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди бузбайт. 

7. Банк жетекчилиги, компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга банктын катышуусу, анын негизги ишине терс таасирин тийгизбей тургандыгына ынануусу зарыл. Мында банк, биринчи кезекте ага карата гарантиялык учур келип жеткен банктын кардарларын тейлөөгө даярдыгын тастыктоого тийиш. 

8. Банк төмөнкү учурларда банк-агент катары иш алып бара албайт: 

1) ушул талаптардын 5, 6, 7-пункттарда көрсөтүлгөн талаптардын кайсы бирине болбосун банктын ылайык келбөөсү

2) Депозиттерди коргоо фондусуна салымдар боюнча жана салык органдарына ошондой эле Социалдык фондго башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы болгон болсо. 

9. Банк-агентти тандоодо өткөндө банк-агенттин функциясын ийгиликтүү жүзөгө ашырган банкка, ошондой эле банктын капиталында бардык башка бирдей шарттарда мамлекет катышкан банкка артыкчылык берилиши мүмкүн. 

10. Эгерде, аманаттар боюнча компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашырган банк-агенттин CAMELS системасы боюнча рейтинги начарлаган, же ишинин башка көрсөткүчтөрүндө алгылыксыз тенденциялар орун алган шартта, Улуттук банктын сунушу боюнча Банк-агентти тандоо боюнча Сынак комиссиясы тарабынан компенсацияларды төлөө милдетин башка банкка өткөрүп берүү маселеси каралышы мүмкүн. 

3. Корутунду жоболор 

11. Банк-агент, Депозиттерди коргоо фонду тарабынан банк-агенттин тескөөсүнө компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүлүп берилген акча каражаттардын максаттуу пайдаланышы, ошондой эле банктын аларга карата гарантиялык учур келип жеткен аманатчыларын сапаттуу тейлөөгө алынышы үчүн жооп берет. Милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаган учурда, банк-агент Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

12. Ушул Талаптарда каралбаган жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жөнгө салынат. 

13. Эгерде, банктардын бири дагы банк-агентке карата коюлган талаптарга жооп бербесе, Аманаттарды коргоо агенттиги компенсацияларды Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык мүмкүн болгон башка ыкмалар боюнча төлөөсү мүмкүн. 

14. Банк тутумунда түптөлгөн жагдайга жараша, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашуу менен банк-агенттерге карата башка кошумча талаптарды белгилеши мүмкүн.