> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт: 

Сериясы 

Темасы 

Металлы 

Өлчөмү 

Формасы 

Кыргызстандын Кызыл китеби 

Кашкар бөрү карагаты 

Күмүш 925 

38,61 

Эркин 

Спорт 

Азия оюндары 

Күмүш 925 

38,61 

Эркин 

Тарыхый окуялар 

Тиричилик буюмдары: 

тай туяк 

(акча тарыхы, сомдун 30 жылдыгына арналган) 

Күмүш 925 

90,00 

Тегерек 

Сомго 30 жыл 

Күмүш 925 

38,61 

Тегерек 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

- берилген темага шайкеш келүү

- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү

- жеке чыгармачылык. 

 

Сынактын шарттары: 

 

1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

 

«Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2022», «Кыргызстандын Кызыл китеби» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«Азия оюндары» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Азия оюндары 2022 / 2022 Asian Games» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31.10 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

 

 

 

«Тай туяк» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (500 сом) жана «Тай туяк» деген жазуулар; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, монетанын чыккан жылы «2023» жана «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (500 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«Сомго 30 жыл» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Сомго 30 жыл / Сому 30 лет» деген жазуулар; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2023» жана «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

2. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилүүгө тийиш: 

- А4 форматындагы кагазда рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын нукура өлчөмүндө жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм). 90 мм өлчөмү менен монета үчүн рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын нукура өлчөмүндө жетиштүү

- JPG форматында электрондук түрдө, sabakirova@nbkr.kg дарегине жөнөтүү

 

3. Катышуучу ар бир монета үчүн 4 (төрт) эскиздик долбоорду иштеп чыгуусу зарыл, анын ичинде:  

- монетанын алдыңкы бетинин эки эскиздик долбоору; 

- монетанын арткы бетинин эки эскиздик долбоору. 

 

4. Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайны боюнча мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

 

5. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 1-февралына чейин. 

6. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздин долбоорлоруна гана төлөнөт. 

7. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын № 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат. 

Кошумча маалыматты (312) 66-92-24 телефон аркылуу алсаңыздар болот».