Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2016-жылдын 20-январындагы №4/4 токтому
Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7, 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча Комитети жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобонун:
- 1.3-пунктунун:
- экинчи абзацындагы “Юридика башкармалыгынын начальниги” деген сөздөр “Юридика башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги” сөздөрүнө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
Комитеттин курамына кеңеш берүүчүнүн добушу менен Төраганын Комитеттин отурумдарында туруктуу катышкан кеңешчиси”.
2. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д. Орозбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш