Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 25-ноябрындагы  

N 47/3 токтому менен  

бекитилген  

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө

ЖОБО 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Жободо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын (мындан ары текст боюнча - ислам банкы) жана "'ислам терезесине" ээ банктардын финансылык отчетторунун курамы, мазмуну жана аларды түзүүнүн негизги эрежелери аныкталган. 

1.3. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамындагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

1.4. Ушул Жобонун максаттарында инвестициялык эсеп - бул ислам банкы тарабынан мудараба келишиминин негизинде тартылган каражаттар чагылдырылган кардарлардын эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп "чектелбеген" же "чектелген" болушу мүмкүн. 

1.5. Ислам банкынын финансылык отчету отчеттук мезгил ичиндеги финансылык абалды жана иш жыйынтыгын структуралык чагылдырууну түшүндүрөт. 

1.6. Ислам банкынын финансылык отчету анын финансылык абалын туура чагылдырууга тийиш жана Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) стандарттарына ылайык келиши зарыл, ал эми белгилүү бир стандарттар жок болсо банк, алар Шариаттын AAOIFI тарабынан бекитилген стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭСтин стандарттарын колдонушу мүмкүн. 

1.7. Ислам банкынын финансылык отчетунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат: 

- ислам банкынын финансылык абалы, ишинин финансылык натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө мезгил-мезгили менен отчетторду берип туруу аркылуу, пайдалануучулар экономикалык чечимдерди кабыл алуусунда керектүү болгон так маалыматтарды чагылдыруу; 

- активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептердеги каражаттар, капитал, кирешелер жана чыгашалар (пайдаларды жана чыгымдарды кошо алганда), жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматтарды берүү

- Ислам банкы тарабынан Шариат принциптеринин сакталып жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле, эгерде ага жол берилген болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялар боюнча алынган пайдаларды жана чыгымдарды тескөөгө алынышына тиешелүү маалыматтарды кошо алганда, ислам банкы тарабынан Шариат принциптерин сактоо үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

1.8. Ислам банкынын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамы Ислам банкынын финансылык отчетторду түзүү тартибин камтууга тийиш. 

1.9. Бул Жобо жоюлуу жана банкроттук процессин башынан кечирип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык консерватор дайындалган ислам банктарына таркатылбайт. 

2. Финансылык отчетко карата жалпы талаптар жана анын курамы 

2.1. Финансылык отчет пайдалануучулар үчүн бардык зарыл болгон шайкеш, жана так маалыматтарды камтууга тийиш. 

2.2. Ислам банкынын финансылык отчету төмөнкүлөрдү камтыйт: 

а) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет; 

б) кирешелер жөнүндө отчет; 

в) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

г) капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

д) эсепке алуу саясаты, Шариат кеңешинин корутундусу, түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр) жана башка кошумча отчеттор жана чечмелөөлөр. 

Финансы отчетуна карата түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр) кыска жана так болууга тийиш, эгерде бул зарыл болсо, финансылык отчеттун тиешелүү статьясына шилтеме келтирүү менен чагылдырылууга тийиш. 

Финансылык отчетко кошо тиркелген түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

2.3. Финансылык отчеттун максаттарында, ислам банкы үчүн отчеттук мезгили болуп, календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил саналат. 

2.4. Жаңы түзүлгөн ислам банкы үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгил, алгачкы отчеттук жыл болуп эсептелет. 

2.5. Ал эми 1-октябрдан кийин түзүлгөн ислам банкы үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил алгачкы отчеттук жыл болуп эсептелет. 

2.6. Ислам банкынын отчеттук мезгил аралыгы өзгөрүүгө дуушар болгон өзгөчө жагдайларда, финансылык отчет бир жылдан узагыраак же ага жетпеген мезгил үчүн бериле турган болсо, ислам банкы финансылык отчетко карата кошумча чечмелөөлөрдү берүүгө тийиш: 

- белгиленгенден айырмаланган мезгил аралыгын пайдалануунун себебин; 

- кирешелер, капиталдагы өзгөрүүлөр, акча каражаттарынын жылышы жөнүндөгү отчеттор үчүн салыштырма суммалар жана тиешелүү түшүндүрмөлөр бири-бирине дал келбей тургандыгынын фактысы. 

2.7. Ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өзүнчө чагылдырылышы зарыл. Анчалык олуттуу болбогон суммалар ошондой эле мүнөздөгү же багыттагы суммаларга топтоштурулууга тийиш. Финансылык отчетту түзүү максаттарында, олуттуу статьялар ислам банкы тарабынан финансылык отчетту түзүү тартибинде өзүнчө аныкталып, ошол отчетко карата түшүндүрмө тил катында берилүүгө тийиш. 

2.8. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине ырааттуу (ырааттуулук принциби) колдонулат. 

2.9. Финансылык отчеттордогу статьяларды классификациялоо жана ачып көрсөтүү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден экинчисине сакталууга тийиш: 

- ислам банкынын операцияларынын мүнөзү олуттуу өзгөргөн же финансылык отчетто алардын чагылдырылышына анализдөөлөрдү жүргүзүү учурунда өзгөртүүлөр орун алган жагдайлардын же операциялардын кыйла так берилишине алып келе тургандыгын далилдесе; 

- өзгөртүүлөрдү чагылдырууну AAOIFI стандарттары талап кылса. 

2.10. Бухгалтердик отчеттун ар бир сандык көрсөткүчү, эгерде AAOIFI стандарттарында башкасына уруксат берилбесе же талап кылынбаса, өткөн отчеттук жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырылып чагылдырууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалыматтар өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетун түшүнүү үчүн ыңгайлуу болгон болсо, баяндоо жана түшүндүрмө бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

2.11. Финансылык отчетто статьялардын классификациясы өзгөргөн болсо, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнүн камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш. Мындан тышкары, кандай болбосун кайра классификациялоонун мүнөзү, сумма жана себептери ачып көрсөтүүнү талап кылат. Эгерде, салыштырма суммаларын кайра классификациялоо иш жүзүндө максатка ылайыксыз болсо, ислам банкы суммаларды кайра классификациялоо учурунда келип чыккан өзгөрүүлөрдүн себептерин жана мүнөзүн ачып көрсөтүүсү зарыл. 

2.12. Финансылык отчетто ислам банкынын Башкармасынын Төрагасынын жана башкы бухгалтеринин колу коюлууга, ошондой эле, ислам банкынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2.13. Финансылык отчеттун формаларында жана аны түзүү күнүнө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда "нөл" деген сандык маани көрсөтүлөт. 

2.14. Ислам банкынын финансылык отчету, эгерде белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш. 

2.15. Финансылык отчеттогу каталарды оңдоо ислам банкынын Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары жана оңдоолор киргизилген күндү көрсөтүү менен тастыкталууга тийиш. 

2.16. Ислам банкынын жетекчилиги финансылык отчеттордун даярдалышы жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү

3. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет 

3.1. Финансылык абал жөнүндө отчетто бухгалтердик баланс боюнча активдер жана милдеттенмелер алардын салыштырмалуу ликвиддүүлүгү чагылдырылган тартипте, алардын мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн басаңдоо деңгээлине же төлөө мөөнөттөрүнө жараша). 

3.2. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет ислам банкынын активдерин, анын милдеттенмелерин, инвестициялык эсептердеги каражаттарын жана капиталын камтууга тийиш. 

3.3. Активдер статьясы, эгерде AAOIFI стандарттары аны талап кылган же уруксат берген учурларды эске албаганда, Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен жана тескерисинче өз ара чегерилишүүгө жатпайт. 

3.4. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк башка банктар менен акча рыногу боюнча башка өнөктөштөр жана кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара мамилелер, алардын өз ара байланыштуулугун туура чагылдыруу максатында, өзүнчө чагылдырылышы зарыл. 

3.5. "Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет" формасынын аталышы "200_-жылдын "__" ___________ (аны кошо алганда) карата Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчету" деп баяндалышы зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акырына карата дата көрсөтүлөт. 

3.6. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтыктар чагылдырылышы зарыл. 

3.7. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча натыйжалар Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчетто ислам банкынын милдеттенмелери менен капитал ортосундагы өзүнчө статья катары берилиши зарыл. 

4. Кирешелер жөнүндө отчет 

4.1. Кирешелер жөнүндө отчетто ислам банк ишинин иш натыйжасынан алынган кирешелер жана келип чыккан чыгашалар, мүнөзүнө жараша топтоштурулуу менен кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

4.2. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегеришүүгө жатпайт: 

а) AAOIFIнин стандарттары буга уруксат берсе; же 

б) ушундай эле же ошого окшош жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар жана аны коштогон чыгашалар олуттуу болбосо. Мындай суммалар чогуу алынуу менен Кирешелер жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

4.3. Ислам банкы Кирешелер отчетунда же финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тил катында (чечмелөөлөрдө) ислам банкынын кирешелеринин жана чыгашаларынын мүнөздөрүнө негизденген классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга анализдөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

4.4. Ислам банкы Кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тил катында (чечмелөөлөрдө) финансылык отчетто камтылган мезгил үчүн жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддердин суммасын чагылдырууга тийиш. 

4.5. "Кирешелер жөнүндө отчеттун" аталышы "200_-жылдын "__" ___________ (аны кошо алганда) карата Кирешелер жөнүндө отчету" деп баяндалышы зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акырына карата дата көрсөтүлөт. 

4.6. Кирешелер жөнүндө отчетто капиталдан кирешелер, сарптоолор, ислам банкы жана инвестициялык эсеп ээлери тарабынан алынган пайдалар жана чыгымдар, өзүнчө чечмеленип берилген маалыматтар чагылдырылууга тийиш. 

а) сатып өткөрүүдөн жана инвестициялардан (каржылоодон) кирешелер; 

б) сарптоолор жана инвестициялардан (каржылоодон) жоготуулар; 

в) инвестициялардан (каржылоодон) таза пайда (жоготуулар); 

г) инвестициялык эсеп ээлеринин ислам банкынын мудариб катары алган пайдасындагы инвестициялардан (каржылоодон) пайдасындагы (чыгымдарындагы) үлүшү

д) ислам банкынын инвестициялардан (каржылоодон) пайдадагы (жоготуулардагы) үлүшү

е) ислам банкынын мудариб катары чектелбеген инвестициялардан кирешелердеги үлүшү

ж) ислам банкынын мудариб катары чектелген инвестициялардан пайдадагы үлүшү

з) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары ислам банкы үчүн төлөөлөрдүн белгиленген өлчөмү

и) эгерде алар болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардын натыйжасында алынган кирешелер (чыгашалар); 

к) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайдалар жана чыгымдар; 

л) жалпы жана административдик сарптоолор; 

м) салыктарды төлөгөнгө чейинки таза пайда (жоготуу); 

н) салыктар (өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш); 

о) таза пайда (жоготуу). 

5. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

5.1. Ислам банкынын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет отчеттук мезгил ичиндеги акча каражаттарынын жана анын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматтарды аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен чагылдырууга тийиш. 

5.2. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто нак акчанын жана бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акча наркына теңештирилген каражаттардын таза көбөйүүсү (кыскаруусу) чагылдырылууга тийиш. 

5.3. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөлөрдү талап кылбаган же акча каражаттарынын же болбосо нак акчага теңештирилген каражаттардын (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддер же ислам банкынын акцияларындагы үлүштүн ордуна активдерди сатып алуулар) түшүүсүнө алып келбеген суммалардын башка которулушу чагылдырылууга тийиш. 

5.4. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетко карата ислам банкынын каражаттарынын компоненттерине жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга карата саясаты кошо тиркелүүгө тийиш, ал Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту даярдоо үчүн негиз катары колдонулат. 

6. Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

6.1. Ислам банкы Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчетту берүүгө тийиш жана анда төмөнкүлөр чагылдырылуусу зарыл: 

а) төлөнгөн капитал, ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана ислам банкынын ыктыяры боюнча өзүнчө түзүлгөн камдар жана отчеттук мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданы, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайданын суммасын, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чагылдыруу менен; 

б) отчеттук мезгил ичиндеги капиталдык мүнөздөгү операциялар жана ислам банкы тарабынан ишке ашырылган бөлүштүрүүлөр; 

в) отчеттук мезгил ичиндеги таза пайда (чыгым); 

г) ислам банкы тарабынан мыйзам актыларынын талабына ылайык, отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн камдардын жана анын ыктыяры боюнча түзүлгөн башка камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу). 

6.2. Ислам банкынын бөлүштүрүлбөгөн пайда отчетунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) бир мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чечмелеп берүү менен; 

б) отчеттук мезгил ичиндеги алынган таза пайда (чыгым); 

в) банк тарабынан мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн камдарга жана анын ыктыяры боюнча түзүлгөн башка камдарга чегерүүлөр; 

г) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге тиешелүү болгон суммалар; 

д) отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чечмелеп берүү менен. 

7. Банктын финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил катка (чечмелөөлөргө) карата талаптар 

7.1 Ислам банкынын финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил катында (чечмелөөлөрдө) жарыяланган финансылык отчеттордо келтирилбеген төмөнкү маалыматтар ачык көрсөтүлүүгө тийиш: 

а) ислам банкынын аталышын; 

б) ислам банкы каттоодон өткөн өлкө

в) ислам банкынын уюштурулган датасы жана анын уюштуруучу укуктук формасы; 

г) ислам банкынын башкы офиси жана анын ар бир өлкөдө иштеп турган туунду компанияларынын жайгашкан жер; 

д) ислам банкынын иш мүнөзү жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

е) финансылык отчеттору алар каттоодон өткөн өлкөдөгү ислам банкынын отчеттору менен ылайык келбеген, ислам банкынын туунду компанияларынын аталышы, ислам банкынын ар бир туунду уюмунун ишине катышуу үлүшү, алардын иш мүнөзү жана финансылык отчетторун ислам банкынын жыйынтыкталган финансылык отчетторунан алып салуу себептери; 

ж) ислам банкынын башкаруучу компанияларынын, ошондой эле эгерде болгон болсо, алардын филиалдарынын аталыштары; 

з) Шариат кеңешинин ислам банкынын ишиндеги ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

и) каттоодон өткөн өлкөдөгү жана ислам банкынын филиалдары болгон башка өлкөлөрдөгү салык салуу эрежелери. Эгерде ислам банкы каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө салык жеңилдиктеринен пайдаланган болсо, салык жеңилдиктери каралган мезгил аралыгын жана салык жеңилдиги колдонулуучу мезгилдин калган бөлүгүн көрсөтүү зарыл. 

7.2. Банктын финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил каты (чечмелөөсү) системага салынган түрдө чагылдырууга тийиш. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчеттун, Кирешелер жөнүндө отчеттун жана Акча-каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттун ар бир статьясы боюнча, аларга тиешелүү кандай болбосун маалыматтарга шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

7.3. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тил катындагы (чечмелөөлөрдөгү) эсепке алуу саясатынын бөлүгүндө төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

а) ислам банкы тарабынан финансылык отчетторду даярдоо жана кабыл алуу принциптери, негиздемелер, эрежелер жана ыкмаларды камтыган эсепке алуу саясатынын аныктамасы; 

б) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган, так жана кыскача баяндалган эсепке алуу саясаты; 

в) финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин чагылдыруу ыкмалары; 

г) белгилүү бир транзакциялар менен окуялардын өткөндөгү жөнөкөй транзакциялар менен окуяларды салыштырып көрүүдө айкын айырмачылыктын келип чыгышынан улам, жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

д) алгач ирет келип чыккан же өткөндө болуп өтүп, бирок олуттуу мааниге ээ болбогон транзакциялардан же окуялардан улам, жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

е) өткөн мезгилдеги финансылык отчетунун статьяларын классификациялоого салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарын классификациялоодогу өзгөрүүлөр; 

ж) инвестициялык эсеп ээлери менен мудариб же өз акча каражаттары менен инвестицияларга катышкан же катышпаган инвестициялык менеджер катары ислам банкынын ортосунда инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) бөлүштүрүү үчүн ислам банкы тарабынан колдонулган ыкмалардын чагылдырылышы. 

7.4. Эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөр, анын ичинде өтүп жаткан же мурдагы мезгилдер үчүн финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген бирок, келечекте таасир этиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

7.5. Эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, жаңы саясат ретроспективдүү, башкача айтканда ислам банкы алардын канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылышына жараша акыркы мезгил үчүн финансылык отчетторду түзүү аркылуу, өткөн мезгилдер үчүн салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

7.6. Эгерде ага жол берилген болсо, өткөн мезгил үчүн финансылык отчеттордон табылган каталар, ката табылган бардык мезгил үчүн финансылык отчетторду жаңыдан түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Алгачкы мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, чагылдырылбаган бирок алардан каталар табылган мезгилдеги каталардын оңдолушунун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

7.7. Кошумча маалыматтарды ачып көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөндөгү жана отчеттук мезгилдеги маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. 

7.8. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмөлөрдө төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

а) ислам банкынын Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында аныкталган кызмат адамдары жөнүндө

б) ислам банкынын кызмат адамдарынын тууган-туушкандары жөнүндө

в) ислам банкына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же анын ишин тескөөнү жүзөгө ашырган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жактар жөнүндө

г) ислам банкынын туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары жөнүндө маалыматтар; 

д) отчеттук мезгил ичинде зекет фондусунун жана карт фондусунун, албетте болгон болсо, каражаттарынын AAOIFI стандарттарына ылайык түптөлүү булактары жана алардын пайдаланылышы тууралуу маалыматтар. 

8. "Ислам терезесине" ээ банктын отчеттору 

8.1. "Ислам терезесине" ээ болгон банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту банктын консолидацияланган финансылык отчетуна карата тиркеме түрүндө түзүүгө жана сунуштоого тийиш. 

8.2. "Ислам терезесине" ээ банктын анын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатында "ислам терезесине" ээ банктын финансылык отчетун түзүү тартибинин өзүнчө курамы камтылууга тийиш. 

8.3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган жана "ислам терезесине" ээ банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчет төмөнкү финансылык отчеттордон турат: 

1. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет. 

2. Кирешелер жөнүндө отчет. 

3. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет. 

4. Шариат кеңешинин корутундусу. 

5. Эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр). 

9. Финансылык отчетту берүү жана жарыялоо тартиби, мөөнөттөрү 

9.1. Күндөлүк, ар айлык жана чейректик отчетторду берүү тартиби, мөөнөтү, ошондой эле финансылык отчетту жарыялоону банктар, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 33/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жободо аныкталган мөөнөттөрдө жана тартипте жүргүзүлөт.