Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2017-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жаңы мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында төмөнкү токтомдорду бекитүү чечимин кабыл алды: 

1) Активдерди классификациялоо жана финансылык отчетту түзүү маселелери боюнча «Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомду; 

2) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» №2017-П-12/25-2-(НПА) токтомду; 

3) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» №2017-П-12/25-3-(НПА) токтомду; 

4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» №2017-П-12/25-4-(НПА) токтомду; 

5) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомду;  

6) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» №2017-П-12/25-6-(НПА) токтомду; 

7) Тобокелдиктерди тескөө маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №2017-П-12/25-7-(НПА) токтомду; 

8) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» №2017-П-12/25-8-(НПА) токтомду; 

9) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» №2017-П-12/25-9-(НПА) токтомду; 

10) «Адистештирилген финансы-кредит уюму- «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» №2017-П-12/25-10-(НПА) токтомду; 

11) Техникалык мүнөздөгү «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомду; 

12) Техникалык мүнөздөгү «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» №2017-П-12/25-12-(НПА) токтомду; 

 

Кабыл алынган токтомдор 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

Токтомдор Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги боюнча расмий сайтынын Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын www.nbkr.kg/ дареги боюнча расмий сайтынын: Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.