Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата спорттук иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын бардык областтарынын борборлорунда Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Максаты – финансы-банк системасынын кызматкерлери арасында сергек жашоо образын жайылтуу, чуркоого кызыккандардын санын арттыруу жана алардын деңгээлин жогорулатуу.
Спорттук жарыштар төмөнкү шаарларда өткөрүлөт:
- Бишкек (2023-жылдын 14-майы);
- Баткен (2023-жылдын 14-майы);
- Каракол (2023-жылдын майы);
- Талас (2023-жылдын 13-майы);
- Жалал-Абад (2023-жылдын апрели)
Волейбол боюнча мелдештерди 2023-жылдын апрель жана май айларында Нарын жана Каракол шаарларында өткөрүү пландаштырылууда.
Мини-футбол боюнча турнир 2023-жылдын май айында Каракол, Баткен, Талас, Ош шаарларында өткөрүлөт.
Шахмат боюнча мелдешти 2023-жылдын май айында Баткен шаарында өткөрүү пландаштырылууда.