Кыргызстанда Эл аралык валюта фондусунун миссиясы өз ишин баштады 

 

Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясы 2017-жылдын 26-октябрында өз ишин баштады. 

Кеңейтилген кредиттик механизм (ECF) боюнча макулдашуулардын алкагында төртүнчү жана бешинчи баяндамаларды даярдоо - миссиянын негизги максатынын болуп саналат. 

Иштин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. Миссиянын иши 2017-жылдын 8-ноябрына чейин улантылат. 

 

Маалымат катары: 

ЭВФтин Аткаруу кеңеши тарабынан 2015-жылдын апрель айында кеңейтилген кредиттик механизмдин (Extended Credit Facility, EСF) алкагында Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын колдоо максатында 66,6 млн атайы карыз алышуу укугуна (болжол менен 92,4 млн АКШ доллары) барабар суммада жаңы үч жылдык келишимди бекитикен. Орто мөөнөттүк мезгил аралыгында өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аталган программа көздөгөн максат катары аныкталган.