Түзүлгөн күнү: 2017-04-14
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тɵрагасы Т.С. Абдыгулов 2017-жылдын 14-апрелинде Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Оруджев Гидаят Худуш Оглы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар финансы-банк иши чөйрөсүндө өз ара алгылыктуу эки тараптуу кызматташууну андан ары тереңдетүү маселесин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жогоруда белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкта андан ары өнүктүрүү чечими кабыл алынды.