2017-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаева эл аралык электрондук капчыктарды толуктоо боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын жана төлөм системасынын операторлордун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жолугушуу болуп өттү

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери, ошону менен бирге кардарлар Кыргыз Республикасынын рыногунда кандай системалары легалдуу түрдө иш жүргүзүп жаткандыгын билүүсү үчүн эл аралык электрондук акча системаларын каттоо зарылчылыгы талкууланды. Ошондой эле, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктар менен келишимдердин шарттарын талкулоо жана интеграциялоо жол-жоболору узак убакыт талап кылгандыгын эске алуу менен, эл аралык электрондук акча системасынын операторлорунун кайрылуусуна байланыштуу каттоодон өтүү мөөнөттөрү узартылгандыгы белгиленди. 

Ушундай кайрылуулардын негизинде “Кыргыз Республикасынын электрондук акча жөнүндө” жобого Улуттук банк өзгөртүү киргизди, эл аралык электрондук акча системаларынын каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.  

Документ коомдук талкуудан өттү, эми 2017-жылдын 30-мартында  кызыктар тараптар менен бул боюнча тегерек стол өткөрүү пландаштырылууда.