Түзүлгөн күнү: 2023-10-27
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 24-25-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2023 иш-чарасынын алкагында, Талас шаарында билим берүү тармагында Заманбап маалымат технологиялары институтунун жана Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.