Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 

78-05 номеринде каттоодон өткөн 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 19-майындагы 

№ 16/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү 

ЖОБО 

(КР Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2006-жылдын 6-сентябрындагы N 25/4, 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/5, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6, 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2, 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5, 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Жалпы жоболор 

Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык иштелип чыккан. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банктарга, жана "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине карата таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин белгилөө бул Жобонун максаты болуп саналат. Бул жобо, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамда каралган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. 

Банк тутумунун туруктуулугун колдоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополиялык ишкердикке тыюу салуу, аманатчылардын таламдарын жана банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатынан болуп саналат. 

(1) Ушул жобонун бүтүндөй тексти боюнча ислам банктары үчүн - инвестициялык эсеп ээлери. 

Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган негиздерде жана тартипте колдонулат. Таасир этүү чаралары ырааттуу тартипте сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө, түрүнө жана банктын жана алардын олуттуу катышуучуларынын финансылык абалына жараша иргеп колдонулушу мүмкүн. Банктын кызмат адамдары" дегенден улам, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн терминди түшүнүү зарыл. 

(Алтынчы абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Жетинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Сегизинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Тогузунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Онунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Он биринчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

(Он экинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомуна ылайык алынып салынды) 

Улуттук банк анын иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылган кайсы болсун банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензияны кайтара алып коюга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат. 

Ушул Жобого ылайык колдонулган таасир этүү чараларына жана айыптык төлөмдөргө каршы даттануу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2006-жылдын 6-сентябрындагы N 25/4, 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/5, 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6, 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5, 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I бөлүк 

Таасир этүү чараларын колдонуунун усулдук негиздери 

1. Таасир этүү чаралары жана айыптык төлөмдөр жөнүндө негизги жоболор 

1.1. Жол берилген катачылыктарды четтетүү боюнча банктын өз эрки менен милдеттенме алуу мүмкүнчүлүгүн жана банктын кредиторлорунун банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун тобокелдигин төмөндөтүү максатында Улуттук банктын мажбурлоочу таасир этүү чараларынын колдонулушун банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылган таасир этүү чаралары катары кароого болот. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.1.1. Банктын өз эрки боюнча милдеттенмелерине төмонкүлөр кирет: 

1) көзөмөл органынын банкка карата алдынала көргөн иш-аракетинин чегинде айтылган сын-пикирлерди четтетүү

2) банктын милдеттенме алуу катын Улуттук банкка жөнөтүүсү (5.1.2-пунктчаны караңыз); 

3) кат жүзүндө түзүлгөн келишимге кол коюу (5.1.3 жана 5.1.4-пунктчаларды караңыз). 

1.1.2. Мажбурлоочу таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет. 

1) бир кыйла катуулатылган экономикалык ченемдердин (нормативдердин) киргизилиши (6.5.1-пунктчаны караңыз); 

2) милдеттүү камдык (резервдик) ченемдерди арттыруу (6.5.2-пунктчаны караңыз); 

3) квалификациялуу консультантты дайындоо жана планда каралбаган тышкы аудитти жүргүзүү (6.7.-пункту караңыз); 

4) тике банктык көзөмөлдү киргизүү (6.8-пункту караңыз); 

5) банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жана алардын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу жөнүндө талап (6.9-пунктту карагыла); 

6) Улуттук банктын талаптарына ылайык финансылык жактан чың- доо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу (6.6-пункту караңыз); 

7) Улуттук банктын талаптарына ылайык рекапитализациялоону же болбосо банкты кайра өзгөртүп түзүү ишин жүзөгө ашыруу (6.6-пункту караңыз); 

8) банктык операциялардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялардын айрым түрлөрүн токтотуу, чек коюу (6.10-пункту караңыз); 

9) банкка убактылуу жетекчиликти дайындоо (6.11.-пункту караңыз); 

10) консервациялоо жол-жобосун колдонуу (6.12-пункту караңыз); 

11) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу (6.13-пункту караңыз); 

12) лицензияны кайтарып алуу (6.13-пункту караңыз); 

13) банктын олуттуу катышуучусунун ага тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугун Улуттук банк тарабынан аныкталган мөөнөткө токтотуу талабы (6.9-пунктту карагыла); 

14) банктын олуттуу катышуучусуна банктын же анын аффилирленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу (6.9-пунктту карагыла). 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2, 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Банкка карата тигил же бул таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндөгү чечим төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынат: 

1) банк ишине баа берүүнүн Улуттук банкта колдонулган САМЕLS ((1) Эскертүүнү караңыз) рейтинг системасына ылайык банкка ыйгарылган рейтингди (1-таблица, 2-бөлүк); 

2) банктардын 3-бөлүктүн 2-таблицасында келтирилген капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациясы; 

3) ошондой эле, төмөнкү факторлорду: 

а) бузууларга жол берүүнүн мүнөзү жана анын банк ишине тийгизген таасирин; 

б) мыйзам бузууларга дайыма жана узак убакыттан бери жол берип келүү фактысы; 

в) банктын финансылык абалына келтирилип жаткан коркунуч; 

г) жол берилген кемчиликтердин кесепетинен банк дуушар болгон чыгымдардын өлчөмү

д) банктын кызмат адамдарынын жол берилген кемчиликтер жөнүндө канчалык деңгээлде билгендиги; 

е) банктын кызмат адамдарынын келип чыккан көйгөйлүү пробле маларды чечүүгө жөндөмдүүлүгү

ж) атайлап кемчиликтерге жол берүү фактысы, ошондой эле банк менен байланыштуу жактардын (инсайдерлердин жана аф филирленген жактардын) жол берилген кемчиликтерге жеке кызыкдар (моралдык жана материалдык) болгондугунун орун алышы/орун албашы; 

з) операциялык иште жана ички контролдук системасында орун алган олуттуу проблемалар; 

и) кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагында ички контрол дуктун ишинин негизги багыттары жана анын натыйжалуулу гу боюнча ички саясаттын иштелип чыгышы; 

к) банктын Директорлор кеңеши жана/же Башкармасы тарабы нан бекитилген ички жол-жоболордун жана саясаттардын та лаптарынын сакталышы; 

л) буга чейин банкка карата кемчиликтерге жол бергендиги үчүн таасир этүү чаралары колдонулганбы; 

м) банктын аткаруучу кызмат адамдарынын олуттуу проблемалардын бардыгын таанышы; 

н) банктын кызмат адамдары же олуттуу катышуучулары Улуттук банктын буга чейинки 

сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткарышканбы; 

о) банктан көзкаранды же ага көзкаранды болбогон, кемчиликтердин жол берилишине алып келген башка жагдайлар; 

п) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылган иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Банк ишинде мыйзам бузууларга жана кемчиликтерге жол берилгендиги аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган аракеттерди жана таасир этүү чараларын кемчиликтердин түрүнө жана мүнөзүнө, банкта түптөлгөн жагдайга жана орун алган проблемага жараша, анын классификациясына көзкарандысыз колдонууга укуктуу. 

1.4. Кат жүзүндө эскертүү, Улуттук банктын таасир этүү чарасы болуп саналбайт жана банк белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузуп же болбосо кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер боюнча мыйзамдардын жана/же ченемдик укуктук актылардын жоболору анын туруктуу жана ишенимдүү иштеп кетүүсүнө коркунуч туудурган ишти жүргүзүп жаткандыгын жана эгерде буга учурунда көңүл бурбаса банкка карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонула тургандыгы тууралуу ага билдирип коюу зарылчылыгы келип чыккан учурда гана жөнөтүлөт. Кат жүзүндө эскертүүлөр Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү же банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн кол тамгасын койдуруу менен жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/5, 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.5. Жазма буйрук бул, Улуттук банктын банкка, банктын кызмат адамдарына жана анын олуттуу катышуучуларына карата белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талабы.   

Жазма буйрукта ал даярдалган күн жана чыгарылган жери, жазма буйрукту чыгарган органдын аталышы/буйрук чыгарган адамдын аты-жөнү жана Улуттук банк жазма буйрукту чыгарууда ага таянуу менен иш алып барган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ошондой эле, эл аралык келишимдердин жоболорунун банк/анын кызмат адамдары/анын олуттуу катышуучулары тарабынан бузууга жол берилишинин Улуттук банк тарабынан аныкталган фактылары камтылууга тийиш. Ошондой эле, жазма буйрукта мыйзам бузуулардын, кемчиликтердин аныкталгандыгы тууралуу Улуттук банктын тыянагы, банк/анын кызмат адамдары/олуттуу катышуучулары тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү да көрсөтүлүшү зарыл.  

Жазма буйрукта банктын кемчиликтерге жол берген кызмат адамынын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, олуттуу катышуучулардын аты-жөнү/аталышы, ээлеген кызмат орундары/аткарган иши, кемчиликтерге жол берүүдөн улам келип чыккан кесепеттер (чыгымдар, анын ичинде банк дуушарланган же келечекте дуушар болушу ыктымал болгон аброй тобокелдиги) көрсөтүлүшү мүмкүн.   

Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү ошол жазма буйруктун белгиленген мөөнөттө аткарылышына контролдукту камсыз кылып, ал аткарылбай калган шартта, дароо тиешелүү чара көрүшү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.6. Айыптык төлөмдөр. Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды, ошондой эле Улуттук банктын эскертүүлөрүн белгиленген мөөнөт ичинде аткарбай койгон шартта, Улуттук банк ар бир жол берилген кемчилик үчүн банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө акчалай айыптык төлөмдөрдү өндүрүп алууга укуктуу (7-бөлүктү караңыз). 

2. Банктарды САМЕLS системасы боюнча классификациялоо 

2.1. Банктарды классификациялоону Улуттук банктын Инспектирлөө башкармалыгы банктарга рейтинг ыйгаруу үчүн САМЕLS рейтингдик системасын пайдалануу менен жүзөгө ашырат (1-таблица). Мында, көзөмөлдүк цикл аралыгында капиталдын шайкештиги ченемине (нормативине) айрыкча көңүл бурулат. 

САМЕLS системасы банктын финансылык абалын чагылдырган алты компоненттерден турат: 

Сарpital adequасу - капиталдын шайкештиги; 

Аssеt quality - активдердин сапаты; 

Маnаgеmеnt quality and performance - жетекчиликгин ишинин натыйжалуулугу; 

Еаrning реrformance - кирешелүүлүк; 

Liquidity - ликвиддүүлүк; 

Sensitivity to market risk - рынок тобокелдигин ийкемдүү кабылдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. САМЕLS рейтинги боюнча банктарды классифкаицялоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат: 

2.2.1. Банк, "финансылык жактан туруктуу" башкача айтканда, "алгылыктуу деңгээлде капитализацияланган" же болбосо "шайкеш капитализацияланган" деп эсептелиниши мүмкүн, ошондой болсо да, көзөмөл органдарын анчалык тынчсыздандыра бербеген айрым бир кемчиликтер орун алышы ыктымал. Мындай банктарга 1 же 2-рейтинг ыйгарылат. 

2.2.2. "Потенциалдуу проблемалуу " банк - бул, эгерде капитал боюнча ченемдик талаптар бузулбаган шартта, 3-рейтингге ээ банк. Мындай банктарда көзөмөл органдарын айрым бир тынчсыздандырган проблемалар орун алышы мүмкүн. Мында капитал милдетүү минималдуу талаптардан ашат, бирок банк ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн жетишсиз абалда. Жагдайдын андан ары курчуп кетишине жана тобокелдиктердин артышына жол бербөө үчүн бул банк көзөмөл органы тарабынан контролдукка алынат. 

2.2.3. "Проблемалуу банк" - бул, 3 же 4-рейтингге ээ болгон "жетишсиз капитализацияланган" банк. Тигил же бул рейтингди ыйгаруунун өзгөчөлүгү белгиленген талаптардан четтеп кетүү деңгээли боюнча аныкталат (1-таблицаны караңыз). 

2.2.4. "Кыйла деңгээлде капитализацияланбаган" банк - бул, 4 же 5-рейтингдеги банк. Рейтингдин ыйгарылышы банктын төлөөгө жөндөмсүздүк абалынын келип чыгуу ыктымалдуулугунун дең- гээли менен аныкталат& 

2.2.5. "Деги эле капитализацияланбаган же төлөөгө жөндөмсүз" банк - бул, 5-рейтингдеги банк. 

1-таблица 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

Банктарды классификациялоо 

Жалпы абалы 

CAMELS жалпы рейтинги 

Капиталдын шайкештик тобу 

Тобокелдиктерди тескөө 

Мүмкүн болуучу башка факторлор 

Финансылык жактан туруктуу банк  

1 же 2 

Алгылыктуу деңгээлде капиталдаштырылган же шайкеш капиталдаштырылган 

Банкта тобокелдиктерди тескөө иши кыйла натыйжалуу жүзөгө ашырылат, бирок айрым аспектилерде ал жетишсиз жүргүзүлүп жатышы мүмкүн 

Олуттуу проблема же көзөмөл органынын кыйла тынчсыздануусун жараткан маселелер да жок. Айрым кемчиликтерди иш процессинде четтетүүгө болот 

Проблемага дуушар болушу ыктымал банк  

3, бирок капиталы талаптагыдай деңгээлде  

Шайкеш капиталдаштырылган 

Тобокелдиктерди тескөө тажрыйбасы айрым маанилүү иш багыттарында жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыктан көзөмөл органы аларга кылдат көңүл буруп турат  

Көзөмөл органынын айрым бир тынчсыздануусуна түрткү берген маселелер бар; капитал боюнча коэффициенттер минималдуу деңгээлден ашып кеткен, бирок алардын төмөндөөгө ык койгон тенденциясы байкалууда. Финансылык абалынын начарлап кетишине жол бербөө үчүн банкка карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн 

Проблемалуу банк 

3, Капиталында тартыштык орун алууда же 4  

Жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылбаган  

Тобокелдиктерди тескөө тажрыйбасы айрым маанилүү иш багыттарында жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыктан көзөмөл органы аларга кылдат көңүл буруп турат 

Банктын отчету финансылык абалдын начар экендигин же начарлап жаткандыгын тастыктоодо 

Банктын финансылык абалы кооптонууну жаратат, төлөөгө жөндөмсүз абалда калышы ыктымал 

4 же 5 

Талап кылынган деңгээлде капиталдаштырылган эмес 

Банкта тобокелдиктерди тескөө иши натыйжасыз жана жетишсиз жүргүзүлгөн 

Банк дегеле пайда көрбөйт (чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүгө чейин эле чыгымга учураган) 

Төлөөгө жөндөмсүз банк  

Дегеле капиталдаштырылган эмес 

Банк тобокелдиктерди аныктабайт, көпчүлүк олуттуу иш багыттарында тобокелдикке дуушарланууга мониторингди жана ага контролдукту жүргүзбөйт 

Кайсыл категорияда болбосун капитал Улуттук банк тарабынан капиталга карата белгиленген талаптардын 25% аз. Банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан аз 

  

 

 

3. Банктарды капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациялоо 

3.1. Тигил же бул таасир этүү чараларын колдонууга тиешелүү чечимди кабыл алууда Улуттук банк үчүн банктын капиталынын шайкештиги чечүүчү фактор болуп саналат. Таасир этүү чаралары капиталдын деңгээлине, анын өзгөрүү тенденцияларына (статистикалык, кыскарып же өсүп бара жаткандыгына) сыяктуу эле, банктын тобокелдиктер параметрлерине ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле таасир этүү чараларын шашылыш түрдө көрүү зарылчылыгына жараша кабыл алынат. 

Банктын капиталдын шайкештиги боюнча тигил же бул топко кире тургандыгын аныктоо үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелинген төмөнкү көрсөткүчтөр пайдаланылат: 

- капиталдын шайкештик ченеми (биринчи деңгээлдеги капитал, суммардык капитал, левераждын - накта суммардык капиталдын банктын суммардык активдерине карата катышы) 

- капиталдын (өздүк каражаттын) минималдуу өлчөмү

3.2. Банктарды классификациялоодо колдонулган капиталдын шайкештиги классифкациясы 2-таблицада көрсөтүлгөн капиталдын шайкештик коэффициенттердеги чектерди (диапазондорду) камтыйт. 

2-таблица. Банктарды капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациялоо 

Капиталдын шайкештиги классификациясы 

Капиталдын шайкештиги көрсөткүчү 

Башка факторлор 

Чыгым тартуулар ордун жабууга камдар 

Жана башка өзгөчөлүктөр 

Талаптагыдай капиталдаштырылган 

Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышы: Левераж (>=) 10,0%; 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 10,0%; Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 15%; 

Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан артып турат 

Шайкеш жана толук топтолгон 

Банктын активдеринин тез жана активдүү өсүшү байкалбайт жана банк кеминде үч жыл иштеп турат. 

Шайкеш капиталдаштырылган 

Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышы: Левераж (>=) 8,0%; 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 6,0%; 

Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 12% Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан артып турат 

Негизинен адекваттуу жана толук топтолгон 

Банктын активдеринин тез жана активдүү өсүшү байкалбайт 

Жетишсиз капиталдаштырылган 

Кайсыл болбосун бул категорияларда капитал. Улуттук банктын талаптарына караганда аз, бирок бир да маани "кыйла деңгээлде капиталдаштырылбаган" банк аныктамасына туура келбейт 

Шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон 

Эң аз дегенде капитал боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген талап сакталбай жатат финансы абалынын начарлоосу байкалууда 

Кыйла деңгээлде капитализацияланган эмес 

Левераж < 5,0% бирок > 2%; 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэфициенти < 4% бирок > 1,5% cуммардык капиталдын шайкештик коэффициенти шайкештик коэффициенти < 8% бирок > 3%; 

Өздүк капиталдын көлөмү улуттук банктын талабынан 50%дан кемин түзөт 

Шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон 

Капитал боюнча талап жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир башка талаптары сакталбай жатат 

Дегеле капитализацияланган эмес 

Левераж < 2,0%; 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти < 1,5%; 

суммардык капиталдын адекваттуулугу коэффициенти < 3%; 

Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан 25%дан кемди түзөт 

Дээрлик шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон 

Капитал боюнча талап жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир башка талаптары сакталбай жатат 

4. Башкаруунун сапаты 

4.1. Банкка карата тигил же бул таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда Улуттук банк банктагы башкаруунун сапатына төмөнкү критерийлер боюнча баа берет: 

1) банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынган тобокелдиктерди тескөө стратегиясынын, саясаттардын жана жол-жоболордун шайкештиги; 

2) мыйзамдардын, Улуттук банктын ченемдик жана укуктук документтеринин тиешелүү талаптарынын сакталышынын деңгээли; 

3) банктын инсайдерлери, аффилирленген жактары жана кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын жоктугу; 

4) банк жетекчилигинин проблемалар келип чыккан шартта алар тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлүшүнө жетишүү максатында акционерлер менен өзара иш алып баруу жөндөмдүүлүгү

5) банк ишинин көрсөткүчтөрүнүн сапаты; 

6) келип чыккан проблемаларды дароо чечүүгө жөндөмдүүлүк. 

4-1. Банк ишин, анын иш-аракетин (аркеттенбей коюусун) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу. 

4-1.1. Банктын аманатчылары, анын башка кредиторлору, акционерлери же бүтүндөй банк тутуму үчүн айкын коркунучту, олуттуу жоготуулар же чыгым тартуулар ыктымалдыгын жараткан банк иши, иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.2. Улуттук банк төмөнкүлөргө баа берүүгө таянуу менен ар бир учурда алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны өз-өзүнчө аныктайт:  

- аны коштоп жүргөн факторлорго жана жагдайларга;  

- аманатчылардын каражаттары, банк жана/же бүтүндөй банк тутуму үчүн орун алган потенциалдуу коркунучтарга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.3. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерүүгө боло турган банк ишинин, иш-аракетинин (аракеттебей коюусунун) бир же бир нече белгилеринин орун алышы да (алар ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген жана булар менен гана чектелип калбайт) 4-1.1 жана 4-1.2-пункттарды эске алуу менен алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны аныктоодо Улуттук банк үчүн негиз боло алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.4. Банктар алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга тийиш эмес.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.5. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылган кайсы болбосун банкка карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.6. Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы банктарга тышкы көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруунун, инспектирлөөнү жана лицензиялоону жүргүзүүнүн алкагында банк ишинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилиши ыктымал болгон белгилерди аныктаган шартта, 4-1.2. жана 4-1.3-пункттарын эске алуу менен тиешелүү материалдарды даярдап, банк ишин алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага тартылган катары таануу тууралуу маселени Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кароосуна талкулоо үчүн сунуштайт .  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.7. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде банктын ишин, иш-аракеттерин (аракеттенбей коюуларын) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары тааныйт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.8. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 4.1.6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган компетенциясынын чегинде иши, иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген банкка жана/же анын кызмат адамына карата тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү чечимин кабыл алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1.9. Эгерде иши, иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген банкка жана/же анын кызмат адамына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу Улуттук банк Башкармасынын компетенциясына кире турган болсо, анда Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Инспектирлөө башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Көзөмөл боюнча комитетте кароого алынган маселенин жыйынтыгын эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын кароосуна тиешелүү материалдарды даярдайт. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган компетенциясынын чегинде Улуттук банк Башкармасы иши, иш-аракеттери (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилген банкка карата тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү чечим кабыл алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

II бөлүк 

Таасир этүү чаралары 

5. Милдеттенмелерди эрки боюнча өзүнө алуу 

5.1. Банк жетекчилигинин аныкталган кемчиликтердин натыйжалуу четтетилишин камсыз кылуу максатында көзөмөлдүк органдары менен кызматташууга даярдыгы эрки боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуунун айырмалоочу белгиси болуп саналат. Эрки боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуунун төмөнкү түрлөрү колдонулат: 

1) көзөмөл органынын банкка карата алдынала көргон иш-аракеттеринин чегинде айтылган сын-пикирлерди четтетүү

2) милдеттенме катка кол коюу; 

3) кат жүзүндө толтурулган келишимге кол коюу. 

5.1.1. Көзөмөл органын алдынала көргөн аракеттери консенсуска жетишүү аркылуу жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: 

1) көзөмөлдүккө алуу максатында көрүлгөн иш-аракеттердин (жеринде барып инспекторлук текшерүүлөр, тышкы көзөмөлдүк) натыйжасы боюнча банктын жетекчилиги жана Директорлор кеңеши менен жолугушуу; 

2) көзөмөлдүк органынын банк менен кат алышуусу (текшерүү боюнча отчетко карата коштомо кат жана ушундай эле кат алышуулар); 

3) кийинки талкуулоолор; 

4) көзөмөл органынын сунуш көрсөтмөлөрүнүн жана банктын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү

5.1.2. Милдеттенме кат, ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсызданусуна алып келбеген майда кемчиликтер жана катачылыктар орун алган банкка жөнөтүлөт. Милдеттенме катта орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча айкын чаралар камтылат жана алар банктын Директор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдү жана максаттуу көрсөткүчтөрдө аткарылууга тийиш. Милдеттенме кат Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалат жана ага банктын Директорлор кеңеши тарабынан кол коюлат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.1.3. Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн кат жүзүндөгү келишимге банк ишинде кемчиликтерге жол берилген учурда гана кол коюлат, бирок төмөнкү шарттар аткарылган болуп эсептелинет: 

1) банк шайкеш капитализацияланган; 

2) банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы орун алган проблемаларды жакшы түшүнөт жана аларды четтетүү боюнча айкын чараларды көрүүгө даяр; 

3) орун алган кемчиликтер жана катачылыктар банктын финансылык абалына коркунуч туудурган кесепеттерди алып келиши мүмкүн. 

5.1.4. Кат жүзүндө толтурулган келишимде банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги көрүүгө тийиш болгон аракеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү чагылдырылат. Кат жүзүндөгү келишим Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалат жана ага бир тарабынан банктын Директорлор кеңеши, экинчи жактан Улуттук банктан Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз жетекчиликке алган орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коет. Келишимде банктын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү жана анын финансылык абалын жакшыртуу жагындагы банктын ниети камтылууга тийиш. Келишимге кол коюу менен банк анын шарттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.1.5. Банк тарабынан кат жүзүндө толтурулган келишимдин шарттарынын аткарылбай калышы жана/же келишимде камтылган чаралар күткөн натыйжага алып келбесе, Улуттук банк бир кыйла катуу чараларды көрүүгө тийиш. Проблемалуу банктар менен кат жүзүндө келишим түзүлбөйт. 

6. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу мажбурлоочу таасир этүү чаралары 

6.1. Улуттук банктын банктарга карата мажбурлоочу таасир этүү чаралары кемчиликтердин түрүнө жана мүнөзүнө жараша колдонулат. Улуттук банк Башкармасынын токтому, Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн колтамгасы койдурулган эскертүүсү менен тариздетилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.2. Таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу боюнча чечимди кабыл алуу Улуттук банк Башкармасынын гана компетенциясына чегерилет: 

1) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

2) убактылуу жетекчини дайындоо; 

3) консерваторду дайындоо; 

4) банктын лицензиясын кайтара алуу. 

6.3. Көзөмөл боюнча комитеттин эскертүүнү жөнөтүү жөнүндөгү чечиминде ушул Жобонун 6.2.-пунктчасында көрсөтүлгөн таасир этүү чараларын эске албаганда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамдарда каралган бир жана/же бир нече талаптар жана таасир этүү чаралары камтылышы мүмкүн. 

6.4. Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү эгерде Улуттук банк, ушул Жобонун 1.1.2-пунктунда каралбаган чечимди кабыл алса же болбосо Улуттук банктын тез арада кийлигишүүсү талап кылынса, Көзөмөл боюнча комитеттин отурумун чакыруусуз эле, банкка жонөтүлүүчү эскертүүгө кол коюуга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.5. Кыйла катуулатылган экономикалык ченемдердин (нормативдердин) белгилениши 

6.5.1. Улуттук банк (көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен), банк ишинде абалдын начарлап кетүүсү байкалып, бирок банк тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери (нормативдери) жана талаптары сакталып турган болсо деле, жаңы жана/же кыйла катуулатылган экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн. Көзөмөл боюнча комитет төмөндөгүлөргө укуктуу: 

а) эгерде банкта кредиттерди берүүнүн ички саясаты иштелип чыккан болбосо же иштелип чыкса да анын шарттары сакталбаса, натыйжада кредиттердин кайтарылбай калышы учурларынын артышы катталган шартта, бир карыз алуучуга карата кредиттин жол берилген максималдуу өлчөмү ченеминин чегин(2)(өлчөмүн) төмөндөтүүгө

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

б) орун алган тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн тобокелди активдердин үлүшүн азайтуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, капиталдын шайкештик коэффиценттеринин өлчөмүн жогорулатуу; 

в) четөлкө валютасында операцияларды жүргүзүүдө орун алга тобокелдиктерди басаңдатуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, ачык валюта позицияларынын лимитинин өлчөмүн азайтуу; 

г) жеке адамдардын алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми жана мааниси белгиленсин (К 5). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6 5.2. Улуттук банктын талаптарын аткарышпаган банктар үчүн (ушул Жобонун 6.5.1.-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) милдеттүү камдардын (резервдердин) ченемдерин (нормаларын) жогорулатуу чечими Көзөмөл боюнча комитеттин сунушу боюнча Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

6.6. Капитал боюнча талап 

6.6.1. Капитал боюнча талапта төмөнкүлөр камтылат: 

1) капиталды аныкталган деңгээлде колдоп туруу жөнүндө та лап; 

2) финансылык жактан чыңдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча талап; 

3) рекапитализациялоо же кайра өзгөртүп түзүүнү жүргүзүү боюнча талап. 

Эгерде банк, Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу ченемдерди сактоо жөнүндөгү талабын аткарбаса жана/же "жетишсиз капитализацияланган" болсо, бул талаптар милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Бул учурда банктын жетекчилиги 30 күн аралыгында капиталды талап кылынган деңгээлге чейин толуктоо боюнча кылдат иштелип чыккан планды даярдоо менен Улуттук банкка макулдашууга сунуш кылуусу зарыл. Планда айкын аткаруу мөө- нөттөрүн көрсөтүү менен капиталды талап кылынган деңгээлге чейин толуктоо иши камтылууга тийиш. 

6.6.2. Улуттук банктын атынан Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү төмөнкү учурларда капиталды толуктоо планына макул болот: 

а) планда ушул Жобонун 6.6.1-пунктчасында талап кылынган маалыматтар камтылса; 

б) планда чагылдырылган иш-чаралар реалдуу көрсөткүчтөргө негизденсе; 

в) банк ишинде камтылган тобокелдиктер андан ары тереңдебесе (кредиттик тобокелдикти, ликвиддүүлүк тобокелдигин, валюта тобокелдигин жана башка тобокелдиктерди кошо алганда). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомунун редакцияларына ылайык) 

6.6.3. Капиталды талап кылынган деңгээлге жеткирүү үчүн зарыл болгон аткаруу мөөнөтү, капиталды толуктоо планы ишке киргизилген учурдан тартып бир жылдан ашпоого тийиш. 

6.6.4. Улуттук банктын атынан Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү капиталды толуктоо планы берилген учурдан кийинки 30 күндөн кечикпеген мөөнөттө ага макулдугун берет. Планда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу күнү аны ишке киргизүү күнү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомунун редакцияларына ылайык) 

токтомунун редакциясына ылайык) 

6.6.5. Капиталды толуктоо планы боюнча иш алып барган банк анын жүзөгө ашырылып жатышынын жүрүшү жөнүндө Улуттук банкка ай сайын билдирип турууга тийиш. Ал эми Улуттук банк өз кезегинде планды аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп турат. 

6.6.6. Пландын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү канааттандыраарлыксыз болсо, ошондой эле аны аткаруу мөөнөттөрү сакталбаса же мөөнөттөрдөн четтөөлөр орун алса жана банктын финансылык абалынын начарлоосу байкалса Улуттук банк кошумча талаптарды белгилеп жана/же планды кайрадан карап чыгуу талабына коюп, же болбосо ушул Жободо каралган башка таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн. 

6.6.7. Эгерде Улуттук банктын пикири боюнча "потенциалдуу проблемалуу" банктын капиталы банкта түптөлгөн жагдайларды эске алганда жетишсиз болсо (формалдуу түрдө капиталдын шайкештиги боюнча минималдуу талаптарга ылайык келип турса да), дивиденддерди ошондой эле, банк жетекчилигине сыйакыларды жана башка төлөөлөрдү төлөөгө тыюу салынат. Капиталдын жетишсиздигинин олуттуулугуна жараша, аны Улуттук банк талап кылган деңгээлге чейин белгиленген мөөнөттө көбөйтүү боюнча кошумча талаптар коюлат. 

6.6.8. "Жетишсиз капитализацияланган" банктын капиталынын жетишсиздигинин өлчөмүнө жараша анын иш чөйрөсүнүн айрым бир түрлөрүнө же операцияларына чек коюлушу же токтотулушу жана ошол чектөөлөр капиталды толуктоо боюнча план аткарылбай калган шартта, андан ары узартылышы мүмкүн. 

6.9. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата таасир этүү чаралары.  

6.9.1. Улуттук банк, көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан банктын кызмат адамдарына карата төмөнкү фактыларды аныктаган шартта аларды алмаштыруу талабын коёт:  

1) банк мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берип, бул жагдай олуттуу финансылык жоготууларга жана/же аброй тобокелдигине алып келгендиги;  

2) банк жоготуу тобокелдигине дуушар болуп, анын финансылык абалы жана аманатчыларынын таламдары коркунуч алдында калган жагдай түптөлүшү же ага түрткү берген иш-аракеттердин демилгелениши;  

3) банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн иштерге (иш-аракеттерге/аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бардыгы;  

4) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген ишти жүргүзүү же ага тартылуу;  

5) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу;  

6) кызмат ордун ээлеп туруу үчүн зарыл болгон ишенимди жаратпаган ишкердик абройдун талаптагыдай эместигин же кесиптик жактан компетентсиздигин тастыктаган фактылар.  

6.9.2. Көзөмөл боюнча комитет Тышкы көзөмөл башкармалыгынын жана/же Инспектирлөө башкармалыгынын жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын сунушу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон төмөнкү талаптарды камтыган чечимдерди кароого алат жана кабыл алат:  

- банктын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон шартта, ошол адамды банкта ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу;  

- кызмат адамы кылмыш ишин жасагандыгына күнөөлүү деп табылган шартта, аны банкта ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралуу;  

- банктын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жана алардын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу тууралуу;  

- банкты анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген ишке тарткан, ошондой эле банк мыйзамдарынын же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын банк тарабынан сакталбашына түрткү берип, ал олуттуу финансылык жоготууларга жана/же аброй тобокелдигине алып келиши мүмкүндүгүн шарттаган фактылар аныкталган учурда банктын кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу;  

- эгерде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин талаптарынын ал тарабынан бузууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо же тастыкталса, акциялардын контролдук топтомун сатып алууга мурда берилген макулдукту жокко чыгаруу тууралуу. Акцияларды кандай болбосун тескөөгө алуу, анын ичинде аларды сатып өткөрүү Көзөмөл боюнча комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш.  

6.9.3. Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан олуттуу катышуучуга карата 6.9.1-пунктта көрсөтүлгөн фактылар аныкталган шартта, Улуттук банк ага тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугун токтотуу же анын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу талабын коёт.  

6.9.4. Банктын олуттуу катышуучуга тиешелүү болгон акциялары боюнча добуш берүү укугун токтотуу же анын банк ишине андан ары катышуусуна тыюу салуу чечимин Көзөмөл боюнча комитет кабыл алат.  

Ушул жобонун 6.9.1-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган шартта Көзөмөл боюнча комитет олуттуу катышуучунун банк жетекчилигине же саясатына тике же кыйыр түрдө таасир этүүсүн токтотуп туруу/токтотуу (добуш берүү укугун тике жана кыйыр түрдө жүзөгө ашырууну кошо алганда) жана анын уставдык капиталга катышуусун белгиленген мөөнөт ичинде олуттуу катышуу болжолдонуп жаткандагыдан төмөн деңгээлге чейин кыскартуу талабы камтыган токтомду/жазма буйрукту кабыл алат. Банктын олуттуу катышуучусу бул учурда банк жетекчилигине же анын саясатына (добуш берүү укугун тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырууну кошо алганда) тике же кыйыр таасир этүүнү токтотуп турууга/токтотууга милдеттүү жана акционерлер жыйынында аларга тиешелүү акциялар боюнча добуш берүү укугунан ажыратылат. Банктын олуттуу катышуучусун акционерлер жыйында добуш берүү укугунан ажыратууга тиешелүү токтомдо/жазма буйрукта, кворумга жетишилбеген шартта, добуш берүү укугу сакталышы мүмкүн болгон айрым маселелер (мисалы, капиталды көбөйтүү маселеси) белгилениши мүмкүн.  

Банктын олуттуу катышуучусу Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил аралыгында өз үлүшүн сатууга милдеттүү. Бул ишке ашырылбаса, Улуттук банк ошол адамдын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.  

6.9.5. Эгерде 6.9.2. жана 6.9.4-пункттарында көрсөтүлгөн чечим, Улуттук банк тарабынан ошол адамга карата кабыл алынган болсо, эч ким кызмат ордунда кала албайт же банк ишинде катыша албайт.  

6.9.6. Улуттук банктын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын аткарылышын токтото албайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.6.10. "Жетишсиз капитализацияланган" банктын төмөндөгүлөргө укугу жок. 

а) кандай болбосун дивиденттерди төлөөгө же акционерлерге (катышуучуларга) капиталды кандайча болбосун бөлүштүрүүгө

б) эгерде: 

1) Улуттук банк, суммардык активдерди кандай болбосун сунушталган көбөйтүү бекитилген планга шайкеш келет деп аныктаган; 

2) банктын капиталынын шайкештик коэффициенти Улуттук банк белгилеген мөөнөт ичинде банк "шайкеш капитализацияланган" болуусу үчүн жетиштүү деңгээлге чейин көбөйгөн учурларды эске албаганда, өткөн кварталдагыга салыштырганда кайсыл бир календардык квартал ичинде орточо суммардык активдердин деңгээлин арттырууга. 

в) жаңы филиалдарды ачууга же кандайдыр бир башка филиалдарды сатып алууга; 

г) жаңы инвестицияларды тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырууга же Улуттук банк караштырып жаткан иш-аракет бекитилген планга ылайык келүү менен коюлган максаттарга жетишүүгө өбөлгө түзөт деп аныктаган учурларды эске албаганда, ишкердиктин кандайдыр бир жаңы түрү менен алектенүүгө

6.6.11. "Кыйла капитализацияланбаган" банктын иши ушул Жобонун 6.6.10-пунктчасындагы тыюу салуулар менен чектелет жана кошумча Улуттук банктын алдынала кат жүзүндөгү макулдугусуз (жактыруусусуз) банк төмөндө келтирилгендерди жүзөгө ашыра албайт: 

а) банктын кызмат адамдарынын кимисине болбосун кандайдыр бир сыйакыларды төлөп берүүгө

б) кимдир бирөөгө кандай болбосун формадагы сыйакыларды көбөйтүүгө

в) инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен кандай болбосун операцияларды жүзөгө ашырууга же болбосо кайсыл бир активдерди инсайдерлердин жана аффилирленген жактардын кимисине болбосун өткөрүп берүүгө

г) депозиттер үчүн рыноктук пайыздык чендерден жогорку болгон пайыздык чендерди белгилөөгө(3); 

д) мурдагы депозиттердин мөөнөтүн узартууну жана пролонгациялоону кошо алганда, башкы банкты эске албаганда банк-корреспонденттерден кандайдыр бир жаңы депозиттерди кабыл алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.6.12. 6.6.10-пунктчадагы чектөөлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде капиталды толуктоо планын берүүгө жетише албаган же болбосо Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү бекиткен планды жүзө ашыра албаган, "жетишсиз капитализацияланган" банктарга карата да колдонулат. Зарылчылыкка жараша Улуттук банк 6.6.11-пунктчада белгиленген чектөөлөрдү "жетишсиз капитализацияланган" банкка карата да колдонушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5 токтомунун редакцияларына ылайык) 

6.6.13. Улуттук банк, банктын лицензиясын дароо эле, бирок Улуттук банк банкты "дегеле капитализацияланбаган" банк катары аныктаган күндөн кийинки 30 күндөн кечиктирбестен кайтарып алышы мүмкүн. Лицензия кайтарылып алынганга чейин "дегеле капитализацияланбаган" банктын иши "жетишсиз капитализацияланган" жана "кыйла капитализацияланбаган" банкка карата колдонулуучу тыюу салуулар менен чектелүүгө тийиш. Мындан тышкары банк: 

а) кандайдыр бир жаңы депозиттерди кабыл ала албайт; 

б) учурдагы же пролонгацияланган депозиттер боюнча банктын каражаттарынын орточо салмактанып алынган наркын көбөйткөн жана банктык рынокто депозиттер боюнча басымдуу пайыздык ченден (ставкадан) олуттуу артып турган чен боюнча пайыздарды төлөп бере албайт; 

в) өзүнүн субординацияланган карызы боюнча негизги суммаларды же пайыздарды төлөп бере албайт; 

г) Улуттук банкка макулдашуусуз кандайдыр бир инвестицияларды жүзөгө ашырууну, кредиттөөнү(4), иш чөйрөсүн кеңейтүүнү, активдерди сатып алууну, сатууну же болбосо кандайдыр бир башка аракеттерди көрүүнү кошо алганда, банк ишине мүнөздүү болбогон олуттуу башка операцияларды жүргүзө албайт; 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

д) бухгалтердик эсепке алуу саясатына жана усулдук ыкмаларына кандайдыр бир олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе албайт. 

6.7. Квалификациялуу консультанттын дайындалышы жана планда каралбаган тышкы аудиттин жүргүзүлүшү жөнүндөгү талап 

6.7.1. Көзөмөл боюнча комитет Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрүнүн берген маалыматтары боюнча банкта түптөлгөн жагдайды оңдоого байланыштуу чараларды көрүү боюнча банкка консультацияларды берүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон квалификациялуу консультантты дайындоого жана/же банк ишине планда каралбаган тышкы аудиттин жүргүзүлүшүн талап кылуу ыйгарым укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.7.2. Көзөмөл боюнча комитет планда каралбаган тышкы аудиттин жүргүзүлүшүн талап кылат жана/же ушул Жободо белгиленген кошумча талаптарды камтыган эскертүүлөрдү жөнөтүү аркылуу квалификациялуу консультантты дайындайт. Жөнөтүлгөн эскертүүдө ошондой эле банк ишинин айрым багытына квалификациялуу консультант дайындалган мөөнөткө чектөөлөр да камтылышы мүмкүн. 

6.7.3. Консультант комитет тарабынан чегерилген ыйгарым укукка ылайык аныкталган көйгөйлүү маселелерге иликтөөлөрдү жүргүзөт. Иштелип чыккан баяндаманын жана анализдөөлөрдүн негизинде консультант аныкталган кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды оңоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт. 

6.7.4. Консультанттын көрсөткөн кызматтарына жана планда каралган тышкы аудиттин жүргүзүлүшүнө байланыштуу кеткен бардык чыгымдар банк тарабынан төлөнөт. 

6.7.5. Эгерде аныкталган кемчиликтер жана башка мыйзам бузуулар Улуттук банк тарабынан белгиленген убакыт аралыгында четтетилбесе, анда мыйзамдарда жана ушул Жободо каралган башка кыйла катуулатылган чаралар көрүлөт. 

6.8. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү 

6.8.1. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү жөнүндөгү чечим Көзөмөл боюнча комитет тарабынан банк Улуттук банктын пикири боюнча тобокелдикке баруу менен иш алып барып жана анын натыйжасы банктын абалына кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, бирок убактылуу жетекчиликти дайындоо же банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны кайтарып алуу үчүн жетиштүү негиздер жок учурларда киргизилет. 

6 8.2. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) эскертилген мөөнөт ичинде банк тарабынан чечилбеген финансылык проблемалар орун алса; 

2) банктын кызмат адамдарынын тобокелдикке баруу менен иш алып баруусу жана ал банктын ыргактуу ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болсо; 

3) аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына кыйла коркунуч туулса; 

4) мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол бергендиктин фактылары аныкталса; 

5) банктын акционерлеринин курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасы да анын катарына кирген Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата ошол мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салынган жана/же чектөөлөрдү караган чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдар Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эл аралык санкцияларга тиешелүү маалыматтарды сунуштап турат;  

6) банктын акционерлеринин курамында терроризмди каржылоого жана “арам” акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча уюмдун - ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги N 19/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.8.3. Тике банктык көзөмөлдүк ошондой эле, банктын финансылык абалын, анын эсепке алуу жана отчеттуулугун бир кыйла кылдат иликтеп чыгуу максаттарында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда киргизилет. 

6.8 4. Тике банктык көзөмөлдүк, жеринде барып үзгүлтүксүз негизде операциялардын жүргүзүлүшүнө контролдукту жүргүзүү жана Улуттук банкка отчеттуулукту дайыма берип туруу үчүн киргизилет. 

6.8.5. Көзөмөл боюнча комитет тике банктык көзөмөл жүргүзүү максатында Тышкы көзөмөл башкармалыгынан ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин дайындай алат (мындан ары - текшерүүчүнү/текшерүүчүлөр тобун). Эгерде банкка текшерүүчүлөр тобу жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси дайындалат (мындан ары - текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.8.6. Тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү учурунда банктын кызмат адамдары анын финансылык абалы үчүн жоопкерчиликти өзүндө калтырышат, бирок алар ишти Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин байкоосу астында жүргүзүшөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.8.7 Банктын акционерлери жана кызмат адамдары Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисине банк ишине тиешелүү бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.9. Банктын кызмат адамдарын алмаштыруу 

6.9 1. Банктык мыйзамдардын талабына ылайык, Улуттук банк банктын ишенимдүүлүгүнө жана туруктуу ишине коркунуч алып келген иш жүргүзүлгөн, ошондой эле банк тарабынан мыйзамдардын же Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын сактабагандык фактысы аныкталган учурда, банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушун талап кылууга укуктуу. 

6.9.2. Банктын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндөгү чечим Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү сунушу боюнча каралып, кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.9.3. Көзөмөл боюнча комитет, көзөмөл органы тарабынан банктын кызмат адамы төмөндөгүлөргө жол берген учурларда анын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат. 

1) кемчиликтерге жол берилип же болбосо банк иши алгылыксыз банктык тажрыйбага жол берүү катары мүнөздөлгөн жагдайга тартылса же болбосо Улуттук банкка такталбаган маалыматтар берилсе; 

2) аманатчылардын каражаттарынан айрылып калуусуна жана банктын финансылык туруктуулугуна доо кетирген тобокелдикке алып келген аракеттердин демилгечиси болсо; 

3) алдамчылыкка, чегерилген ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга барып же ушундай эле алгылыксыз аракеттерге жол берген учурларда; 

4) адилеттүүлүк принцибин бузууга жол берсе. 

6.9 4. Көзөмөл боюнча комитет, кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана/же эгерде Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрүнүн берген маалыматы комитеттин мүчөлөрүн ушул Жобонун 6.9.1 жана 6.9.3-пунктчаларында аныкталгандарды бузууга жол берилгендигине ынандыра алса, ошол кызмат адамынын банктын ишине андан ары катышуусуна тыюу салууну камтыган эскертүү катын даярдайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.9.5. Банктын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндөгү эскертүү көп учурда "проблемалуу" банктарга карата колдонулат. Ошондой эле, кызмат адамынын аракеттери же аракеттенбей коюусу банк ишинин туруксуздугуна алып келген банктарга карата да колдонулушу мүмкүн. 

6.10. Банктык операциялардын айрым түрлөрүн токтотуу, чек коюу 

6.10.1. Көзөмөл боюнча комитет банк ишинде төмөндө келтирилгендерден улам, кемчиликтерге жол берилген учурларда лицензияда көрсөтүлгөн иш жүргүзүүнүн жана операциялардын айрым түрлөрүнө чектөөлөрү киргизип же аларды токтотушу мүмкүн: 

1) банк алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылса; 

2) Улуттук банктын экономикалык ченемдерин (нормативдерин), банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо боюнча же ченемдик актылардын талаптарын же анын эскертүүлөрүн, ошондой эле Улуттук банк менен кат жүзүндө келишилген келишимдердин талаптарын сактабаган учурларды кошо алганда, банктык мыйзамдарды анын ичинде монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо боюнча, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө мыйзам жана ченемдик укуктук актылары бузууга жол берсе. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/5, 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык 

6.11. Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик 

6.11.1. Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик (мындан ары убактылуу жетекчилик) банктын активдеринин сакталып турушун камсыз кылуу жана төмөнкү учурларда банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн мүмкүн болушунча калыбына келтирүү максатында алты айга чейинки мөөнөткө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен киргизилет: 

1) банктын администрациясынын банк ишин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылууга жөндөмсүздүгүнө байланыштуу кемчиликтердин фактылары аныкталса; 

2) банктын алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышы учурунда; 

3) банктын финансылык абалы канааттандыраарлыксыз болсо; 

4) банктын башкаруу органдарынын ортосунда банк ишине кедергисин тийгизген пикир келишпестик жагдайы келип чыкса; 

5) жетекчиликтин алмаштырылышына байланыштуу банкта жетекчилик жок болсо; 

6) банктын кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе; 

7) банктын жетекчилигине жана кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголсо же тергөө иши башталса; 

8) банкты банкрот деп таануу тобокелдиги орун алса; 

9) эгерде, кетирилген кемчиликтерди оңоо боюнча коюлган та лаптар белгиленген мөөнөт ичинде аткарылбаса. 

6.11.2. Убактылуу жетекчилик дайындалган учурдан тартып ага банктагы бардык милдеттер жүктөлөт. Убактылуу жетекчи банк ишинин бардык багытына, Директорлор кеңешинин, Башкарманын, анктын кызмат адамдарына ишине контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш жана ал бардык тиешелүү маалыматтарды толугу менен чектөөсүз алууга укуктуу. 

6.11.3. Убактылуу жетекчиликтин укуктары, милдеттеринин чөйрөсү жана ыйгарым укуктары ченемдик укуктук актыларда жана Улуттук банк Башкармасынын чечиминде аныкталат. 

6.11.4. Убактылуу жетекчилик дайындалгандан кийин дароо эле Тышкы көзөмөл башкармалыгы менен бирдикте тиешелүү банктын финансылык абалына иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш жана ал иликтөөлөрдө төмөндөгүлөр камтылат: 

1) банк ишинде орун алган кемчиликтерге түркү берген себептерди анализдөөлөр; 

2) банктык актмвдердин рыноктук наркына баа берүүлөр; 

3) банкты реабилитациялоо, аны башка банк менен кошуу мүмкүндүктөрү, анын активдеринин сатылып алынышы жана банктын милдеттенмелеринин башка банк тарабынан кабыл алынышы же болбосо банктын көйгөйүн чечүүнүн башка жолдорун анализдөөлөр; 

4) банк сатылган учурда, анын айкын баасын аныктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.11.5. Убактылуу жетекчилик дайындалгандан кийинки күн ичинде ал Улуттук банкка отчет берүүсү зарыл. Анда банктын баланстык отчету, отчет берүү күнүнө карата чогуу кирешелер жөнүндөгү отчет, убактылуу жетекчиликтин иш жагдайы боюнча анализдөөлөрү, корутундусу жана сунуш-көрсөтмөлөрү камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы N 9/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.11.6. Жобонун 6.11.5-пунктчасында көрсөтүлгөн отчетту алгандан кийинки эки жума ичинде Улуттук банк банктын жетекчилигин алмаштырууну, банк ишинин айрым түрлөрүнө чек коюуну же башка чараларды кошо алганда, банктын финансылык абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. Улуттук банк, банктын финансылык жагдайын оңдоого мүмкүн эмес болгон шартта банктык лицензияларды кайтарып алуу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу. 

6.12. Консервация 

6.12.1. Консервация чарасы Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндөгү" Мыйзамында каралган негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат. Консервация жол-жобосун жүзөгө ашыруунун тартиби, консерватордун укуктары жана милдеттери Улуттук банктын ченемдик документтеринде аныкталат. 

6.12.2. Улуттук банк төмөнкү учурларда консервация режимин киргизип, банкка консерваторду дайындоого укуктуу, эгерде: 

1) банктын капиталы өткөн алты ай ичинде 50 пайыздан көбүрөөктү, бирок капиталдын белгиленген деңгээлинин 100 пайызынан азды түзсө

2) банк, Улуттук банктын буюрууларын, көрсөтмөлөрүн, талаптарын жана/же эскертүүлөрүн аткарбаса; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык банктын лицензиясын кайтара алып коюу үчүн негиздер орун алса. 

6.12.3. Улуттук банк, төмөндө келтирилген негиздердин кайсынысы болбосун орун алган шартта консервация чарасын киргизип, банкка консерваторду дайындоого милдеттүү

1) эгерде банктын капиталы Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайыкталап кылынган капиталдын 50 пайызынан азды түзсө

2) эгерде банк ошол төлөмдөр боюнча соттук талаш-тартыштар орун албаса да, төлөмдөрдүн мөөнөтү келип жеткенден кийин өз милдеттенмелерин төлөөнү токтотсо; 

3) банкка карата банкроттук процессин козгоо же жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө аларга өтүнүч кат келип түшкөндүгү тууралуу соттон маалымат алынса; 

4) Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын талабына ылайык, консерватор тарабынан банкты өз эрки боюнча жоюуну аягына чыгаруунун зарылчылыгы орун алса; 

5) эгерде банктын кызмат адамдарына карата алардын аткарган кызматтык милдеттерине байланыштуу кылмыш иши козголсо (экономикалык жана кызматтык кылмыштуулукка баргандыгы боюнча айыптоолордун негизинде). 

6.13. Банктын лицензияларынын аракетин убактылуу токтотуу жана кайтарып алуу 

6.13.1. Улуттук банк, банктын лицензиясынын аракетин убактылуу жетекчиликти дайындоо жана лицензияда каралган бардык же айрым операцияларга чектөөлөрдү коюу мүмкүнчүлүгү менен алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотууга укуктуу. 

6.13.2. Банктын лицензияларын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндөгү" Мыйзамдарында ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамдардын бузууга жол берилген учурда белгиленген негиздер боюнча жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/5, 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.13.3. Ушул жобонун 6.6.13-пунктчасында көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Улуттук банк Башкармасынын токтому менен банк ишине контролдукту жүргүзүү жана/же активдердин, бухгалтердик китептердин жана жазуулардын сакталып турушун камсыз кылуу максатында консервация чарасы киргизилиши мүмкүн. 

6.13.4. Улуттук банк Башкармасынын банктын лицензияларын аракетин токтотуу же кайтарып алуу жөнүндөгү токтому таасир этүүнүн башка чараларын колдонбостон эле кабыл алынышы мүмкүн. 

6.13.5. Банктын лицензиясынын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндөгү" Мыйзамында каралган негиздер боюнча жана анда камтылган тартиптин негизинде банктын жоюлушуна алып келет. 

7. Улуттук банк тарабынан салынган айыптык төлөмдөр 

7.1. Айыптык төлөм - бул, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн банкка, анын кызмат адамдарына жана аффилирленген жактарына карата Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулган, алардан өндүрүлүп алынуучу акчалай төлөмдөр. 

7.2. Банк ишинде кемчиликтер орун алган шартта, Көзөмөл боюнча комитети банкка жана анын аффилирленген жактарына, кемчилик качан аныкталгандыгына көз карандысыз, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, айыптык төлөмдү төлөттүрүү чарасын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.3. Банктын кызмат адамдарына жактарына айыптык төлөмдөр административдик жоопкерчиликке тиешелүү мыйзамдарга ылайык белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.4. Айып, банк тарабынан, ага айып салынгандыгы тууралуу токтом берилген күндөн кийинки бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтомго даттануу учурунда, даттануу калтырылгандыгы же канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирилген күндөн кийинки он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.5. Банкка айыптык төлөмдөр анын төлөнгөн уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген ар бир учур үчүн белгиленет. 

7.6. Банктын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө айыптык төлөм салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.7. Валюта позициясынын лимиттерин бузууга жол бергендик үчүн айыптык төлөм Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган N 36/13 (Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2005-жылдын 1-февралындагы 16-05 номериндеги каттоодон өткөн(5)) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоосунун тартиби жөнүндөгү" Нускоого ылайык салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.8. Камдык талаптарды сактабагандык үчүн айыптык төлөмдөр, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 27-августунда кабыл алынган, Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-октябрында 108-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 22/4 токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.9. Банктарга жана анын кызмат адамдарына карата колдонулуучу айыптык төлөмдөрдү салуу жана аларды төлөттүрүү, Улуттук банк тарабынан мыйзам талаптарын бузууларга жол бергендик фактылары үчүн башка таасир этүү чаралары колдонулбайт дегендикти билдирбейт. 

7.10. Камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банктан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм өндүрүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.11. Эгерде банктын кызмат адамы айыптык төлөмдү төлөбөй койсо, анда ага карата Улуттук банк мыйзамдарда каралган айыптык төлөмдөрдү мажбурлап төлөттүрүү чараларын колдонууга укуктуу. 

7.12. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, анда эрежедегидей эле, банкка карата акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар колдонулбайт. 

Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7  токтомунун редакциясына ылайык) 

7.13. Банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.14. Эгерде банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү убактылуу жетекчилик/консервация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

III бөлүк 

Таасир этүү чараларын колдонуу 

8. Таасир этүү чараларын колдонуунун тартиби 

Банк ишинде мыйзам бузуулар аныкталган жана/же кемчиликтер орун алган шартта Улуттук банк, банка ыйгарылган рейтингге жана анын классификациясына карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган таасир этүү чараларынын кайсынысын болбосун колдонууга укуктуу. Бул учурда таасир этүү чараларын кезеги менен же ырааттуу колдонуу каралбайт. Чаралар, түптөлгөн жагдайга, кемчиликтердин деңгээлине жана андан келип чыгуучу кесепеттерге жараша колдонулат. 

8.1. Финансылык жактан туруктуу банкка карата колдонулуучу чаралар 

8.1.1. Финансылык жактан туруктуу банк ишинде кемчиликтер орун алган шартта, ушул Жободо камтылган таасир этүү чараларынын кайсынысы болбосун же бир нечеси, келип чыккан жагдайга жараша колдонулат. Мына ушундай банктарда орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат: 

а) орун алган кемчиликтерди четтетүү өтүнүчү камтылган кат банктын кызмат адамдарына жөнөтүлөт (ушул Жобонун 5.1.1-пунктчасы); 

б) банкка анын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги менен орун алган проблеманы талкуулоо үчүн жолугушууну белгилөө камтылган катты жөнөтүү (ушул Жобонун 5.1.1-пунктчасы); 

в) милдеттенме каттын берилишин талап кылуу (ушул Жобонун 5.1.2-пунктчасы). 

8.2. Потенциалдуу проблемалуу банкка карата колдонулуучу чаралар 

8.2 1. Потенциалдуу проблемалуу банктын ишинде кемчиликтер орун алган шартта, ушул Жободо камтылган таасир этүү чараларынын кайсынысы болбосун же бир нечеси, келип чыккан жагдайга жараша колдонулат. Ушундай банктарда орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында эң аз дегенде төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат. 

а) банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу; 

б) кат жүзүндөгү макулдашуу (ушул Жобонун 5.1.3-пунктчасы); 

в) кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү

г) капиталды белгиленген деңгээлде колдоп туруу жөнүндө эскертүү

Эскертүүнүн ордуна кат жүзүндө келишим түзүүнүн зарылчылыгы жөнүндөгү чечим Көзөмөл боюнча комитет тарабынан кабыл алынат жана ал кол коюлуп жаткан келишимдин долбоорун жактырат. 

8.3. Проблемалуу банкка карата колдонулуучу чаралар 

8.3.1. Проблемалуу банктын ишинде кемчиликтер орун алган шартта, ушул Жободо камтылган таасир этүү чараларынын кайсынысы болбосун же бир нечеси, келип чыккан жагдайга жараша колдонулат. Ушундай банктарда орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында эң аз дегенде төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат. 

а) капиталды колдоо жөнүндө эскертүү (ушул Жобонун 6.6-пункту); 

б) квалификациялуу консультантты дайындоо жана/же планда каралбаган тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө эскертүү Жобонун 6.7-пункту); 

в) банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө эскертүү (ушул Жобонун 6.9-пункту); 

г) банктык операциялардын айрым түрлөрүн токтотуу, чектөө жөнүндө эскертүү (ушул Жобонун 6.8-пункту). 

8.4. Финансылык абалы өтө эле оор банкка карата колдонулуучу чаралар 

8.4.1. Финансылык абалы өтө эле оор деп таанылган банкка карата ушул Жободо камтылган таасир этүү чараларынын кайсынысы болбосун же бир нечеси, келип чыккан жагдайга жараша колдонулат. Ушундай банктарда орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында эң аз дегенде төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат: 

а) банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө эскертүү (ушул Жобонун 6.9-пункту); 

б) банктык операциялардын айрым түрлөрүн токтотуу, чектөө жөнүндө эскертүү (ушул Жобонун 6.8-пункту). 

8.5. Төлөөгө жөндөмсүз банкка карата колдонулуучу чаралар 

8.5.1. Эгерде банк төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса, анда төмөндөгүдөй чечим кабыл алынат: 

а) консервация чарасын киргизүү (ушул Жобонун 6.12-пункту); 

б) лицензияна кайтарып алуу (ушул Жобонун 6.13-пункту). 

9. Таасир этүү чараларынын колдонуу аралыгы 

9.1. Таасир этүү чараларына өзгөртүүлөрдү киргизүү же аны алып салуу маселеси Улуттук банк тарабынан банктын жалпы абалынын оңолушуна көзөмөлдүк баа берилип жана орун алган кемчиликтерди четтетүүгө тийешелүү бардык чаралар аткарылгандан кийин гана каралышы мүмкүн. 

  

Эскертүүлөр: 

 1. Ушул жобонун бүтүндөй тексти боюнча ислам банктары үчүн - инвестициялык эсеп ээлери. 

 2. Ислам банктары үчүн - бүтүмдөрдүн шарттары боюнча ислам банкы сунуштай турган акча каражаттары. 

 3. Ислам банкына тиешелүү учурда бул жобо, мудараба, кард хасан и вадиа йад даман келишимдеринин негизинде кардарлардын ислам банкында жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелүүлүктүн реалдуу нормасынан ашкан сыйакыларды төлөөгө тыюу салынаарын түшүндүрөт. 

 4. Ислам банктары үчүн - бүтүмдөрдүн шарттары боюнча ислам банкы сунуштай турган акча каражаттары. 

 5. Ислам банктары үчүн - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоо. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/7, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилиши мүмкүн болгон банк иш, анын иш-аракеттери (аракеттенбей коюу) белгилери:  

1. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага жана мыйзам бузууларга жол берүүгө бөгөт коюу максатында шайкеш контролдукту жана жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна, банктын финансылык абалынын кыйла начарлашына алып келген кызмат адамдарынын, анын ичинде банк ишине байкоо жүргүзгөн адамдардын иш-аракети (аракеттенбей коюулары).  

3. Улуттук банк тарабынан аларга карата тиешелүү талаптар белгиленген кызмат адамдарын алмаштыруу, убактылуу четтетүү, четтетүү жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча акционерлердин жалпы жыйыны жана/же Директорлор кеңеши жана/же Башкармасы тарабынан аракеттердин көрүлбөгөндүгү.  

4. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш келбеген камдардын (резерв) түзүлүшү.  

5. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алууну жүргүзүүгө жөндөмсүздүк.  

6. Банктык мыйзам ченемдеринин сакталбашы, анын кесепетинен банктын туруктуу ишине таасир эткен же таасир этиши мүмкүн тобокелдиктердин (анын ичинде аброй тобокелдигинин) келип чыгышы.  

7. Шектүү операциялар жана/же ачык-айкын экономикалык мааниге ээ болбогон (алардын санынан көз карандысыз) жана/же кылмыш жолу менен алынган кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу критерийлерин камтыган операцияларды ишке ашыруу.  

8. Ички аудит кызматынын жана тобокелдик боюнча менеджердин ишин кошо алганда, ички контролдук системасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбеши.  

9. Банк инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операциялардын ишке ашырылышы же банктын ыйгарым укуктуу органдары/кызмат адамдары тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде адилеттүүлүк принцибин бузуу менен аталган операцияларды жүргүзүү боюнча чечимдердин кабыл алынышы;  

10. Банкта аларды жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлер жок болгон иштин жүргүзүлүшү.  

11. Тиешелүү саясат жана жол-жоболор иштелип чыкпаган шартта банк ишинин жүзөгө ашырылышы же алардын Улуттук банктын талаптарына дал келбеши же банк ишинин иштелип чыккан саясаттарга жана жол-жоболорго дал келбеши же саясаттар жана жол-жоболор банктын иш чөйрөсүнө жана тобокелдиктер деңгээлине дал келбеши учурунда банк ишин жүзөгө ашыруу.  

12. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келбеши (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банк үчүн).  

13. Кардарларга кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле банктын ички саясаттарын/жол-жоболорун бузууга жол берүү менен берилген болсо жана/же жаңы кредит алуу учурунда кардардын ушул банктын же кайсы бир башка банктын алдында убагында аткарылбаган милдеттенмеси болсо же карыз алуучуга кредиттер финансылык абалы туруксуз болуп турган шартта бир нече ирет пролонгациялоо менен берилсе.  

14. Кредит портфелинин жалпы көлөмүндө мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер көлөмүнүн жана/же алардын үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, банктын активдеринин сапатынын олуттуу начарлашы.  

15. Кредиттерди берүү жана аларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун кошо алганда, кредитти администрлөө тажрыйбасында олуттуу кемчиликтер орун алса.  

16. Кредиттик документтер талаптагыдай түзүлбөй, анын ичинде кредиттик таржымалда маанилүү юридикалык, финансылык жана күрөөлүк документтер жок болсо.  

17. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде 2 жана андан көп жолу) бузууга жол берилсе.  

18. Орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча жазма буйруктардын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбашы.  

19. Банк тарабынан капиталдын шайкештиги боюнча экономикалык ченемдердин так сакталбашы, капитал шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлбөшү.  

20. Банк капиталы анын ишине мүнөздүү болгон тобокелдикке байланыштуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо. Уюштуруучулар алдын ала эскертилгендигине карабастан, капиталды толукташпаса жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аны толуктоо боюнча чараларды көрүшпөсө.  

21. Банктын кайсы болбосун категориядагы капиталы ченемдик талаптардын кеминде 25 пайызын түзөт же Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал боюнча минималдуу талаптарды аткарылбай калышы коркунучу орун алса.  

22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга баруу менен жана/же дивиденддерди төлөө токтотулгандыгына/ага чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, дивиденддер төлөнсө.  

23. Банк милдеттенмелерин өз убагында аткарылышы үчүн жетиштүү деңгээлде ликвиддүүлүккө ээ болбосо.  

24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле башка расмий талап кылынган документтердин жана маалыматтардын өз учурунда берилбеши, толук эмес жана такталбаган отчеттордун берилиши.  

25. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга тыюу салынган же лицензияда каралбаган бирок, Улуттук банк тарабынан лицензияланууга тийиш болгон операциялар ишке ашырылса. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия алышкан 

банктарга жана айрым башка 

финансы-кредиттик мекемелерге 

карата колдонулуучу таасир этүү 

чаралары жөнүндөгү жобого карата 

2-тиркеме 

Акчалай айып чарасын колдонуунун 

МАТРИЦАСЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомуна ылайык алынып салынды)