> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

5000 сом номиналындагы банкнота 

  

Номиналы 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

Өлчөмү 

Түсү 

Сериясы 

5000 

10.05.2024 

156х73  

Жашыл 

Бешинчи 

5000  

20.12.2018  

156х73  

Жашыл 

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

5000  

02.03.2009  

156х73  

Жашыл 

Төртүнчү 

 

2023-жылы чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнота 156х73 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү - жашыл. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "5000" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн.  

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ МИҢ СОМ", "5000", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана банкноттун четтериндеги азиздер жана көрүүсү начар адамдар үчүн атайын элементтер, банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.  

 

2023-жылдагы үлгүдөгү 5000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

 

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актёру Сүймөнкул Чокморовдун элеси жана "СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ 1939-1992" деген жазуу чагылдырылган. Портреттин астында "БЕШ МИҢ СОМ" деген жазуу жайгашкан. Портреттин сол жагында түсүн өзгөртүүчү боек менен жасалган орнамент бар; банкнотту жантайыңкы алып кароодо, көлөмдүү шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот. Банкноттун номиналы "5000" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.  

 

Банкноттун арткы бетинде тарыхый жана архитектуралык маданий мурас катары эсептелген, борбордун эң алгачкы кинотеатрларынын бири "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты чагылдырылган. Банкноттун жогорку сол бурчунда "5000" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "5000" номиналын камтыган жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар жалтырак түстөгү тилке. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "5000" жана "БЕШ МИҢ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан. 

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 5000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери   

 

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актёру Сүймөнкул Чокморовдун элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун оң бөлүгүндө улуттук оюу-чийменин рельефтик сүрөттөлүшүнөн жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу чагылып көрүнөт.   

 

Банкноттун арткы бетинин  оң бөлүгүндө седеп түстүү тилкеден "5000" деген сандын кайталанышын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазууну көрүүгө болот. Банкноттун төмөн жагында анын чыгарылган жылы ("2016") берилген.   

 

 2009-жылдагы үлгүдөгү 5000 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

 

2009-жылы чыгарылган 5000 сом наркындагы банкнот 156х73 мм. өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалат. Банкнотто жашыл түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында жарыкка салып кароодо өзгөрүп туруучу түзсүз була камтылган. Кагаз банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Кагазга "5000 сом" деген майда текст менен күмүш түстөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкнотту өйдө - ылдый кыймылдатып көрүүдө коргоо тилкеси кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт. Банкноттун четтеринде ак купондук тилке орун алган. Банкоттун алдыңкы бетинде жайгаштырылган портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ МИҢ СОМ" “5000”, “ТӨРАГА” деген жазуулар рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.   


Банкнот тарыхый инсандардын элеси түшүрүлгөн өзгөчө дизайнга жана  өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.

  

Банкноттун алдынкы бетинин  жогорку оң бурчунда "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Портреттин сол жагындагы SPARK коргоо элементи "5000" көлөмдүү саны банкнотту жантайыңкы абалда оң-солго кыймылдатып көрүүдө кочкул жашыл түстөн ачык жашыл түскө, ал эми банкнотту өйдө-ылдый кыймылдатып көргөндө, номиналдын цифрасы жашыл түстөн көк түскө өзгөрөт. Бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун сол тарабында кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актеру Сүймөнкул Чокморовдун элеси жана "СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ 1939-1992" деген жазуулар түшүрүлгөн. Портретти чоңойтуп кароодо "Сүймөнкул Чокморов" деген жазуу кайталанган жыштыгынан турган майда шрифттер менен түшүрүлгөн. Портреттин оң тарабында жайгашкан тилкеде чоңойтуп көрүүдө "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин көрүүгө болот. Портреттин төмөн жагында "БЕШ МИҢ СОМ" деген жазуу жайгаштырылган. Коргоо тилкесинин оң жагында кыргыздын улуттук оюусунун рельефтик сүрөттөлүшү сары түстүн алкагында өзүнчө бөлүнүп көрүнөт. Жогорку сол жана ички оң бурчтарында номиналдын "5000" деген саны берилген. Банкноттун ички оң бөлүгүндө улуттук оюунун рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган, жашыл түстөгү төрт бурчтук көрүнөт. Эгерде аны жантайыңкы алып кароодо, номиналдын "5000" деген санынын көмүскө берилишин көрүүгө болот. Банкноттун ички оң бурчунда кара боёк менен аткарылган сериялык номери орун алган. 

  

Банкноттун арткы бетиндеги жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана номиналдын саны "5000" деген жазуулар берилген. Банкноттун ортосунда тарыхый жана архитектуралык маданий мурас катары эсептелген, борбордун эң алгачкы кинотеатрларынын бири "Ала-Тоо" кинотеатрынын имаратынын сүрөтү чагылдырылган. Банкноттун ортосунда "5000" деген кайталанган номиналдын саны жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуусу бар иридисценттик тилке берилген. Банкноттун төмөн жагында "5000" деген номиналдын саны, жазуу жүзүндө "БЕШ МИҢ СОМ" жана банкноттун "2009" деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн.