КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2021-жылдын 3-декабры № 147 

Аудитордук иш жөнүндө 

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аудитордук ишти, аудитке көзөмөлдү жана аудиттин сапатына тышкы контролду жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишинин укуктук негиздерин белгилейт жана мамлекеттик жана ички аудитке жайылтылбайт. 

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер жана талаптар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери жана талаптары колдонулат. 

3. Банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудити Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудитине карата колдонулат.  

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

1 .Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

1) аудит - аудиттелүүчү субъекттин финансылык отчеттуулугун жана/же башка финансылык маалыматтарын алардын аныктыгы жөнүндө көз карандысыз пикирди билдирүү максатында көз карандысыз текшерүү

2) аудитор - аудитордун квалификациялык сертификаты бар, ушул Мыйзамга ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган жеке жак; 

3) аудитордук иш - аудит жүргүзүү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу башка текшерүүлөрдү аткаруу боюнча, ошондой эле коштоочу кызматтарды көрсөтүү боюнча иш; 

4) аудитордук уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштурулган жана ушул Мыйзамга ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган юридикалык жак; 

5) аудиттелүүчү субъект - финансылык отчеттуулугуна жана (же) берилүүчү башка маалыматтарына карата аудит жүргүзүлүүчү же коштоочу кызматтар көрсөтүлүүчү субъект; 

6) аудитордук корутунду - аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ; 

7) отчет - коштоочу кызматтарды көрсөтүүдө аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ; 

8) аккредитациялоо - жогорку окуу жайларынын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларынын аудиторду кесиптик квалификациялоо жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жана критерийлерге ылайыктуулугун баалоо жолу менен таануунун жол-жобосу; 

9) сапатты тышкы контролдоо - аудиттин стандарттарынын, сапатты контролдоо стандарттарынын жана Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексинин, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча аудиттин сапатын жана жол-жоболордун сапатын ички контролдоонун натыйжалуулугун текшерүү

10) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестр) - ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин электрондук системалаштырылган тизмеги, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт; 

11) чет өлкөлүк аудитордук уюм - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган, мамлекетте аудитордук ишти жүргүзүү укугун алган жана статусу ошол мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан ырасталган уюм; 

12) аудитордун квалификациялык сертификаты - талапкердин кесиптик квалификациясын күбөлөндүргөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген документ; 

13) Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси (мындан ары - Этика кодекси) - кесипкөй бухгалтерлерге коюлуучу, Бухгалтерлер үчүн эл аралык этика стандарттары боюнча кеңеш тарабынан белгиленген этикалык талаптар; 

14) талапкер - Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыруу ниетин билдирген жана аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкер болгон жеке жак; 

15) практика жүргүзбөгөн адам - Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде же сапатка тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн консультант катары иштеген мезгилинде жана Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешине мүчө же сапатка тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн консультант болуп дайындалганга чейинки 3 жылда аудит жүргүзбөгөн, аудитордук уюмдун кеңешинин, аткаруу же көзөмөлдөө органынын катышуучусу/уюштуруучусу, мүчөсү болуп саналбаган, аудитордук уюмда иш жүргүзбөгөн жана аудитордук уюм жүргүзгөн аудиттерге катышуучу кызматкер болуп саналбаган жеке адам; 

16) аудиттин стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудит жүргүзүүдө колдонулуучу аудиттин эл аралык стандарттары; 

17) сапатты контролдоо стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудиттин сапатын контролдоодо колдонулуучу сапатты контролдоонун эл аралык стандарттары; 

18) коштоочу стандарттар - аудиттин практикасы жөнүндө эл аралык отчеттор, серептик текшерүүлөрдүн эл аралык стандарттары, ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары, Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык стандарттары; 

19) Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш - аудиттин эл аралык жогорку сапаттуу стандарттарын, ишенимдүүлүктү, сапатты контролдоону жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу тапшырмаларды басып чыгаруу, ошондой эле эл аралык жана улуттук стандарттарды жакындаштырууга көмөктөшүү аркылуу коомдук кызыкчылыктарга кызмат кылган көз карандысыз орган; 

20) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш - билим берүү стандарттарын, жайылтууда пайдаланылуучу материалдарды жана Бухгалтерлердин эл аралык федерациясына мүчө уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын, атап айтканда, университеттер жана башка окуу жайлар, жөнгө салуучулар, компетенттүү мамлекеттик органдар, бухгалтерлер жана келечектеги бухгалтерлер тарабынан кесиптик бухгалтердик билим берүүнү уюштуруу максатында пайдаланыла турган усулдук колдонмолорду иштеп чыгуучу көз карандысыз стандартташтыруу органы; 

21) Бухгалтерлер үчүн эл аралык этика стандарттары боюнча кеңеш - бухгалтерлер үчүн этика стандарттарын белгилөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссия; 

22) коштоочу кызмат көрсөтүүлөр - аудиттелүүчү субъекттин финансылык отчеттуулугун жана анын текшерүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучудан айырмаланган башка берилген маалыматтарын текшерүү, ошондой эле макулдашылган жол-жоболор жана финансылык маалыматтын компиляциялары жана коштоочу стандарттарга ылайык коштоочулар ден таанылган башка кызмат көрсөтүүлөр; 

23) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийликтин аткаруу органы. 

2. Ушул Мыйзамда ошондой эле аудиттин стандарттарында, Этика кодексинде, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр колдонулат.  

2-глава. Аудит 

3-берене. Аудит жүргүзүү 

1. Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн. Аудит ушул Мыйзамга жана аудиттин стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

2. Аудиттин стандарттары, сапатты контролдоо стандарттары, коштоочу стандарттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты контролдоо стандарттарына, коштоочу стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөрдү алар жарыяланганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонуп баштаган дата жөнүндө кийин кабарлоо менен колдонууга укуктуу. 

3. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери болуп саналгандар ар жылдык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш. 

4. Демилгелүү аудит аудиттелүүчү субъекттин же аудиттин башка буйрутмачысынын демилгеси боюнча так милдеттенмелерди, аудиттин мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. 

5. Аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүлөрдү текшерет жана эске алат: 

1) аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон компетенттүү персоналдын, убакыттын жана ресурстардын болушун; 

2) көз карандысыздык жана объективдүүлүк принциптерине шайкештигин; 

3) көз карандысыздык үчүн коркунучтун жана бул коркунучту болтурбоо же азайтуу үчүн колдонулуучу коргоо чараларынын бар же жок экендигин. 

6. Аудитордук уюмдун аудиттелүүчү субъект же аудиттин буйрутмачысы менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүү келишими менен жөнгө салынат. Аудит жүргүзүү келишими жазуу жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган талаптарга карата кошумча түзүлөт, аудиттин максатын жана колдонуу чөйрөсүн камтууга тийиш. Аудит жүргүзүү келишими аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана аудит жүргүзүү келишиминде каралган милдеттенмелер бузулган учурда бузулушу мүмкүн. Бухгалтердик эсептин же аудитордук жол-жоболордун принциптерин колдонуу жагынан пикир келишпестиктер келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналбайт. 

7. Аудиттелүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү

1) аудитти өз мезгилинде жана толук жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, бардык суралган маалыматтарды, зарыл оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө

2) аудитордун жана аудитордук уюмдун иш-аракеттерине кийлигишпөөгө

3) аудитордун жана аудитордук уюмдун талабы боюнча зарыл маалыматтарды берүү жөнүндө үчүнчү жактарга карата жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар менен кайрылууга жана аудит жүргүзүү келишиминин шарттарын сактоого; 

4) маалыматтарды алууга жана аудиттин стандарттары талап кылган көлөмдө мурдагы аудиттин жумушчу документтеринин сереби жеткиликтүү болуусуна көмөк көрсөтүүгө

4-берене. Аудитордук корутунду 

1. Аудитордук уюм жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча аудиттин стандарттарын сактоо менен аудитордук корутунду түзөт. Аудитордук корутунду аудиттелген финансылык отчеттуулуктун бардык олуттуу өңүттөрүндө финансылык отчетту тапшыруунун колдонулган негиздери менен шайкеш келүү даражасы жөнүндө аудитордун пикирин камтууга тийиш. 

Аудитордук уюм коштоочу кызматтарды көрсөтүүнүн жыйынтыктары боюнча отчетту пикир билдирбестен түзөт.  

2. Аудитордук корутундуга аудитордук уюмдун жетекчиси, ошондой эле аудит жүргүзүүгө жооптуу аудитор кол коёт жана аудитордук уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 

3. Аудитордук уюм аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган олуттуу бурмалоолор жана сунушталган аракеттер жөнүндө аудиттелүүчү субъекттин катышуучуларына/уюштуруучуларына, аудиттин буйрутмачысына жана/же аудиттелүүчү субъекттин жетекчисине жана/же аудиттелүүчү субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөлөрүнө кабарлоого милдеттүү

4. Аудиттин стандарттарын бузуу менен, ошондой эле ишенимдүү эмес же жетишсиз финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын негизинде аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн аудитордук корутунду жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

5. Аудит жүргүзгөн аудитор жана/же аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчиси аудит жүргүзбөстөн, билип туруп жалган аудитордук корутунду түзгөндүгү, же болбосо аудит жүргүзүүдө аудитор же аудитордук уюм караган документтердин мазмунуна карама-каршы келген корутунду түзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. 

6. Мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен аудит жүргүзгөн аудиторго жана/же түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчисине карата сот чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аудиторду жана/же аудитордук уюмдун жетекчисин Аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып салууга негиз болуп саналат. 

7. Аудитордук корутундунун мазмуну жана сапаты боюнча талаштарды сот органдарында кароодо эксперттик корутундуларды ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык таанылган аудитордун квалификациялык сертификаты бар көз карандысыз эксперттер берүүгө укуктуу. 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Аудит боюнча комитет жөнүндө жобого ылайык аудитордук уюм жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет түзөт жана ал отчетту ачык кызыкчылыктын субъектисинин жана/же ири ишкердиктин субъектисинин аудит боюнча комитетине тапшырат. 

5-берене. Аудитор 

1. Аудитор өз ишин эмгек келишиминин негизинде бир аудитордук уюмдагы негизги жумуш орду боюнча (штаттагы) аудитор катары жүргүзөт. Аудитор бир аудитордук уюмдун катышуучусу болууга тийиш. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү

2. Аудитор оз аудитордук ишин жүргүзгөн мезгилде, ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турууга жана ишкердик иш менен алектенүүгө укуксуз. 

3. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитин жүргүзүү үчүн жооптуу аудитор бир эле ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугуна катары менен 7 жылдан ашык милдеттүү аудит жүргүзө албайт. Ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин аудитин жүргүзүү үчүн жооптуу аудитор 7 жыл аралыгында милдеттүү аудит жүргүзгөндөн кийин бир эле ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугуна милдеттүү аудитти 3 жыл өткөндөн кийин жүргүзө алат. 

4. Аудиторго аудит жүргүзгөндөн кийин 1 жыл ичинде, ал эми ачык кызыкчылыктын субъектине, ири ишкердиктин субъектине карата аудит жүргүзүлгөндөн кийин 3 жыл ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

1) аудит жүргүзүлгөн субъекттин башкаруу органынын мүчөсү болууга; 

2) банк иштери жана бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык же аудит жүргүзүлгөн субъекттин демилгеси боюнча түзүлгөн аудит жүргүзүлгөн субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөсү болууга; 

3) "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүлгөн субъекттин текшерүү комиссиясынын мүчөсү болууга. 

5. Баланы же аракетке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөсүн багуу боюнча өргүү, окуу, узакка созулган оору жана/же узакка реабилитация болуу мезгилинде өз ишин токтотуу жөнүндө арыз ырастоочу документтер менен берилгенде аудитордун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулуп турат. Ишти токтотуп туруу 3 жылдан ашпаган мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Аудитордун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен токтотулат. 

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишти токтотуп туруу мезгилин кошпогондо, аудитор квалификациялык сертификат алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календардык жылда Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү

6-берене. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы 

1. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы Аудиторлордун окуудан өтүү тартибине ылайык жыл сайын кесиптик аудитордук бирикме тарабынан иштелип чыгат. 

2. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун минималдуу узактыгы катары менен келген 2 календардык жыл үчүн 80 сааттан кем болушу мүмкүн эмес, мында биринчи жылы окутуунун узактыгы 20 сааттан кем болбоого тийиш. 

Үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуу маалымат-коммуникациялык интернет тармагы аркылуу, ал эми ушундай окутуу мүмкүн болбогон учурда - башка үнөмдүү ыкма менен өткөрүлүшү мүмкүн.  

3. Аудиторлордун окуудан өтүү тартиби, кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

7-берене. Аудитордук уюм 

1. Аудитордук уюмду ачык акционердик коом же мамлекеттик (муниципалдык) ишкана түрүндө түзүү мүмкүн эмес. 

2. Аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100000 сомду түзөт, улуттук валютада, накталай эмес түрдө түзүлөт жана катышуучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен толук төлөнөт; 

2) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын 51 пайыздан кем эмеси аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмдарга жана (же) чет өлкөлүк аудитордук уюмдарга таандык болууга тийиш; 

3) аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш; 

4) аудитордук уюм кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү

5) аудитордук уюмда негизги жумуш орду боюнча (штатта) 2ден кем эмес аудитор болууга тийиш; 

6) аудитордук уюмдун жеке же коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси аудитор болууга тийиш, мында аудитордук уюмдун коллегиалдуу аткаруу органындагы аудиторлордун саны мындай органдын курамынын 50 пайыздан кем эмесин түзүүгө тийиш; 

7) сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана аудитордук уюм тарабынан бекитилген аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелери болууга тийиш; 

3. Ачык кызыкчылыктагы субъекттерге, ири ишкердиктин субъекттерине аудитке уруксат берүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча (штатта) 3төн кем эмес аудитор болууга тийиш; 

2) аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча 3 аудитор Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүүнүн 3 жылдан кем эмес тажрыйбасына ээ болууга тийиш. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарды кошпогондо, чет өлкөлүк аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү аудитордук уюмду - Кыргыз Республикасынын резиденттерин түзүүдө Кыргыз Республикасында аудит жүргүзүүгө укуктуу. 

5. Аудитордук уюм кандайдыр бир башка ишкердик иштер менен алектенүүгө укуксуз, буга төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр кирбейт: 

1) бухгалтердик эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, финансылык отчеттуулукту түзүү, бухгалтердик консультация берүү

2) башкаруу консультациясын берүү, стратегиялык пландаштыруу, финансылык-чарбалык иш менен байланышкан консультация берүү, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттердин, жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзүү

3) маалыматтык технологиялар жаатында, бухгалтердик эсепти жана аудитти автоматташтыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү

4) салыктык консультацияларды берүү/контролдоо, салыктык эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, салыктык эсептерди жана декларацияларды түзүү

5) мыйзамдардын талаптарына ылайык ички аудит; 

6) эл аралык стандарттарга ылайык финансылык-чарбалык иш менен байланышкан маалымат тутумдарынын аудити; 

7) баалоо иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык баалоо иштери; 

8) аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп менен байланышкан тармактарда илимий-изилдөө жана эксперименттик иштерди жүргүзүү

9) аудитордук иш (бухгалтердик эсеп, экономика, финансы, салык салуу, укук (финансылык-чарбалык жана ишкердик иштер менен байланыштуу), автоматташтырылган бухгалтердик жана аудитордук тутумдар, бухгалтердик, экономикалык жана аудитордук иштерде жана башкаларда компьютердик программаларды пайдалануу) менен байланышкан тармактарда окутуу. 

6. Ачык кызыкчылыктагы субъектиге, ири ишкердиктин субъектине аудит жүргүзүүдө текшерилүүчү мезгил башталгандан тартып аудитордук корутунду берилгенге чейинки мезгилде аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-7-пункттарында каралган кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат. Аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берилет, эгерде: 

1) алар аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка өзүнчө же жыйындысында түздөн-түз таасир тийгизбесе; 

2) аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка таасирди баалоо толук документтештирилсе жана аудитордук комитет үчүн кошумча отчетто түшүндүрүлсө

3) аудитордук уюм тарабынан Этика кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген көз карандысыздык принциптери сакталса. 

7. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун катышуучулары/уюштуруучулары, ошондой эле аткаруу органынын кеңешинин мүчөлөрү аудитти жүргүзүүгө таасир этпеген жана аудитордук уюмдун атынан аудит жүргүзүп жаткан аудитордун көз карандысыздыгына жана объективдүүлүгүнө коркунуч келтирбеген шарттарды караштырган саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга милдеттүү

8. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты контролдоо стандарттарына жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аудит жүргүзүүгө милдеттүү жана төмөнкүлөрдү колдонууга тийиш: 

1) корпоративдик башкаруунун жол-жоболорун жана бухгалтердик эсептин жол-жоболорун; 

2) сапатты контролдоонун ички жол-жоболорун; 

3) тобокелдиктерди баалоо жол-жоболорун; 

4) маалыматтарды иштеп чыгуу тутумун коргоо жана контролдоо чараларын; 

5) аудиторлорго сый акы берүү жана дем берүү саясатын. 

9. Аудитордук уюм аудит жүргүзүү, аудитордук корутундуну даярдоо жана жумушчу документтерди жол-жоболоштуруу үчүн жооптуу аудиторду дайындайт жана анын карамагына аудит жүргүзүү үчүн зарыл ресурстарды жана компетенттүү персоналды берет. Тапшырма үчүн жооптуу аудитор аудит жүргүзүүгө жеке өзү катышууга милдеттүү

10. Аудитордук уюм аудиттин сапатын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамга, аудиттин стандарттарына, сапатты контролдоо стандарттарына жана Этика кодексине ылайык аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга, бекитүүгө жана жүргүзүүгө милдеттүү

11. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жооптуу аудиторду дайындайт. Аталган аудитти жүргүзүүгө катышпаган аудитор же келишимдик негизде башка аудитордук уюмдун аудитору купуялуулукту сактоо менен аудиттин сапатына контролдук жүргүзөт. 

12. Аудитордук уюм жыл сайын аудиттин сапатын контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуулугуна баа берет, баалоолордун жана аудиттин сапатын ички контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуучу сунушталган чаралардын эсебин жүргүзөт. 

13. Аудитордук уюм аларга аудит жүргүзүлгөн аудиттелүүчү субъекттердин, анын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебин алууга тийиш: 

1) аудиттелүүчү субъекттин аталышын жана жайгашкан жерин; 

2) аудит жүргүзгөн аудитордун фамилиясын, аты-жөнүн; 

3) аудит жүргүзүү үчүн аудиттелүүчү субъекттен алынган сый акынын суммасын; 

4) жүргүзүлгөн аудитке карата аудитордук уюмга коюлган жазуу жүзүндөгү ар кандай дооматтарды. 

14. Аудитордук уюм төмөнкүлөргө милдеттүү

1) аудитордук корутунду түзүлгөн датадан тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен аудит жүргүзүүгө болгон ар бир келишим боюнча жумушчу документтерди кагаз түрүндө жана/же электрондук түрүндө жол-жоболоштурууну аяктоого; 

2) документтерди аудитордук корутундуга кол коюлган датадан тартып 6 жылдан кем эмес кагаз жана/же электрондук маалымат түрүндө сактоого. 

15. Аудитордук уюм өзүнүн иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ал аудиттин сапатын контролдоо жол-жоболорунун сакталышы жөнүндө маалыматты камтыйт. Ачык кызыкчылыктагы субъекттерге, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзгөн аудитордук уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту берет. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту, ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту түзүү жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

8-берене. Кесиптик этика, көз карандысыздык жана көз карандысыздыктын кепилдиги  

1. Кесиптик этиканын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) чынчылдык; 

2) объективдүүлүк; 

3) кесиптик компетенттүүлүк жана талаптагыдай көңүл буруу; 

4) купуялуулук; 

5) кесиптик жүрүм-турум. 

2. Кесиптик этиканын принциптери Этика кодексине ылайык колдонулат. Аудитор жана аудитордук уюм аудитордук ишти жүргүзүүдө Этика кодексин сактоого милдеттүү

3. Этика кодекси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Аудитор жана аудитордук уюм Этика кодексинин колдонуудагы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү алар жарыяланганга чейин, кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонуп баштаган дата жөнүндө кабарлоо менен колдонууга укуктуу. 

4. Аудитор жана аудитордук уюм кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү же мындай кагылышуунун келип чыгуу коркунучун түзүүчү аракеттерди жүргүзүүгө укуксуз. 

5. Аудит жүргүзүүдө аудитордук уюм көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө тийиш. Аудитордук уюм жана аудитор аудитордук уюмдун жана аудитордун көз карандысыздыгына коркунуч туудурган тобокелдиктер болгондо, аудиттелүүчү субъектиге ушундай тобокелдиктер жана аларды кыскартуу максатында көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

6. Аудит төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлбөйт: 

1) жетекчилери, аудиторлору жана башка кызмат адамдары аудиттелүүчү субъекттин уюштуруучулары (катышуучулары), анын жетекчиси, башкы бухгалтери же бухгалтердик эсепти жүргүзүү, анын ичинде финансылык отчетторду түзүү иштери жүктөлгөн башка кызмат адамдары болуп саналган аудитордук уюм тарабынан; 

2) жетекчилери, аудиторлору жана башка кызмат адамдары, ошондой эле аудиттелүүчү субъекттин уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), анын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин же бухгалтердик эсепти жүргүзүү, анын ичинде финансылык отчеттуулукту түзүү иштери жүктөлгөн башка кызмат адамдарынын жакын туугандары, жубайлары, жубайларынын жакын туугандары болуп саналган аудитордук уюм тарабынан; 

3) уюштуруучусу (катышуучусу) же ушул аудитордук уюм менен байланышкан жак (тике же кыйыр түрдө контролдук жүргүзгөн адам) болуп саналган аудиттелүүчү субъектиге карата аудитордук уюм тарабынан; 

4) уюштуруучусу (катышуучусу) ушул аудитордук уюм болуп саналган аудиттелүүчү субъектиге карата, аталган аудиттелүүчү субъекттин туунду коомдоруна, филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата аудитордук уюм тарабынан; 

5) аудитордук уюм тарабынан аудиттелүүчү субъектиге карата, эгерде бул аудитордук уюм же бир эл аралык тармакта турган уюм түздөн-түз аудит жүргүзүүдөн мурдагы 3 жылдын ичинде бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү кызматтарын, Этика кодексиндеги аныктамага ылайык көз карандысыздыкты бузган кызматтарды жана бухгалтердик эсептин методикасын көрсөтсө

6) аудитордук уюм тарабынан камсыздандыруучу уюм болуп саналган, аны менен ушул аудитордук уюмдун жоопкерчиликтерин камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн аудиттелүүчү субъектиге карата; 

7) аудитордук уюм тарабынан төмөнкүдөй насыялык уюм болуп саналган аудиттелүүчү субъектиге карата: 

а) насыялык келишимдер же кепилдик келишимдер түзүлгөн уюм менен; 

б) банктык кепилдик берилген уюм менен; 

в) ушул аудитордук уюмдун жетекчилери жана кызмат адамдары менен ушундай келишимдер түзүлгөн уюм менен; 

г) ушул аудитордук уюмдун жетекчилеринин жакын туугандары, ошондой эле жубайлары, жубайларынын жакын туугандары болгон адамдар менен же болбосо аталган адамдар мындай келишимдер боюнча пайда табуучу болуп саналышса, буга окшош бүтүмдөрдү жасоо шарттарынан олуттуу айырмаланган шарттарда келишим түзүлгөн уюм менен. 

7. Аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмга сый акы аудитордук кызматтарды көрсөтүү келишимдеринде аныкталат жана ал аудиттелүүчү субъекттин, же болбосо аудит жүргүзүү жөнүндө келишимди түзгөн жактын кандай болбосун талаптарын аткарууга, аудиттин натыйжасында чыгарылуучу жыйынтыктардын мазмунуна көз каранды болушу мүмкүн эмес. 

9-берене. Маалыматтын купуялыгы 

1. Аудит жүргүзүүдө аудитор/аудитордук уюм тарабынан алынган маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат. Маалыматтардын купуялуулугун сактоо милдеттенмеси аудит жүргүзүү келишими токтотулгандан кийин да күчүндө калат. Аудитордук ишти жүргүзүүдө жана аудитордук иш менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүүдө аудитор, аудитордук уюм жана алардын кызматкерлери тарабынан алынган жана/же түзүлгөн ар кандай маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат, буга төмөнкүлөр кирбейт: 

1) аудитордук кызматтар көрсөтүлүп келген жак жарыялаган же анын макулдугу менен жарыяланган маалыматтар; 

2) аудитордук кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүү жөнүндө маалыматтар; 

3) аудитордук сый акылардын көлөмү жөнүндө маалыматтар. 

2. Аудитордук уюм, аудитор аудиттин стандарттарында жана Этика кодексинде белгиленген маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого милдеттүү

3. Аудитордук уюм жана аудитор аудит жүргүзүүдө алынган жана/же түзүлгөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана буйрутмачыны, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, бул документтерди жана/же алардын көчүрмөлөрүн үчүнчү жактарга берүүгө, же болбосо аларда камтылган маалыматтарды, ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларында же негиздүү суроо-талаптарда каралган учурларды кошпогондо, аудит жүргүзүлгөн жактын, ошондой эле аудиттелүүчү субъект болуп саналбаган буйрутмачынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана кесиптик аудитордук бирикменин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачыкка чыгарууга укугу жок. 

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кесиптик аудитордук бирикмелер, алардын мүчөлөрү жана кызматкерлери, ошондой эле купуя маалыматты түзгөн маалыматтарды жана/же документтерди алуу мүмкүнчүлүгүн алышкан башка жактар мындай маалыматтардын жана/же документтердин купуялуулугун камсыз кылууга карата талаптарды сактоого милдеттүү.  

10-берене. Аудитордун, аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана аудиттелүүчү субъекттин жоопкерчилиги  

Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме, аудиттелүүчү субъект аудит, аудиттин стандарттары, сапатты контролдоо стандарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Этика кодексин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.  

11-берене. Аудитордук уюмдун жоопкерчилигин камсыздандыруу 

Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда камсыздандырылууга тийиш.  

3-глава. Кесиптик аудитордук бирикме 

12-берене. Кесиптик аудитордук бирикмени түзүү жана ага карата талаптар  

1. Кесиптик аудитордук бирикме ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген кесиптик аудитордук бирикме - өз алдынча уюштуруучулук-укуктук түрү бар, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган коммерциялык эмес жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган юридикалык жак болуп саналат. 

2. Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар жана/же аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу болууга тийиш. Аудитордук уюмдар, аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга тийиш. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү болууга тийиш. 

3. Төмөнкүлөр кесиптик аудитордук бирикменин негизги функциялары болуп саналат: 

1) мүчөлөр тарабынан кесиптик жана этикалык жүрүм-турум стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу жолу менен коомдук кызыкчылыкты коргоо; 

2) кесиптик аудитордук бирикменин толук укуктуу мүчөсү болуу үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү жана баалуулуктарды алууга аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугун бардык талапкерлер тарабынан камсыз кылуу, ошондой эле мүчөлөрдүн алардын кесиптик карьерасында алган билимдерин, көндүмдөрүн жана баалуулуктарын колдоосун жана өнүктүрүүсүн камсыз кылуу; 

3) талапкерлердин, мүчөлөрдүн, жөнгө салуучу органдардын, өнөктөш уюмдардын жана кеңири коомчулуктун арасында кесиптик аудитордук бирикменин жакшы аброюн камсыз кылуу; 

4) өз мүчөлөрүнүн кесиптик муктаждыктарына көңүл буруу; 

5) кесиптик аудитордук бирикменин, аудитордук кесиптин максаттарын жана туруктуулугун алдыга жылдыруу жана коргоо; 

6) өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын колдоо; 

7) илимий изилдөөлөр, жарыялоолор жана илимий форумдарды өткөрүү жолу менен аудиттин жана бухгалтердик эсептин теориясын жана практикасын алардын бардык өңүттөрүндө алдыга жылдыруу; 

8) кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүк үчүн алгылыктуулук критерийлерин аныктоо; 

9) мүчөлүккө атаандашкан талапкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоону уюштуруу; 

10) мамлекеттик органдар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка улуттук, аймактык жана эл аралык кесиптик бирикмелер менен натыйжалуу иштиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана колдоо; 

11) мүчөлөрдүн атайын билими жана тажрыйбасы бар жаатта коомдоштуктун муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл техникалык жана этикалык сунуштарды алуусун камсыз кылуу; 

12) мамлекеттик органдарда мыйзамдарга, стандарттарга, кодекстерге жана аудиттин, бухгалтердик эсептин башка маселелерине карата коомдук кызыкчылыкты алып жүрүү

4. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлүк милдеттенмелерге карата талаптарды белгилөөгө жана алардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш. 

5. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө төмөнкүлөр боюнча талаптар коюлууга тийиш: 

1) билими; 

2) үзгүлтүксүз кесиптик билими; 

3) Этика кодексин сактоо; 

4) аудиттин сапатын камсыз кылуу. 

6. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарды бузууларын табат жана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин сапатына контролдук жүргүзөт. 

Кесиптик аудитордук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши менен кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүүчү аудиттин сапатына тышкы контролдук жүргүзүү программасын жана планын макулдашат.  

Кесиптик аудитордук бирикме Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузуулары табылган учурда, табылган бузуулар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.  

7. Кесиптик аудитордук бирикме өз ишин ушул Мыйзамга жана кесиптик аудитордук бирикменин уставына ылайык жүргүзөт. 

8. Кесиптик аудитордук бирикме киреше алуу максатын көздөбөйт, коммерциялык уюмдарды уюштурууга жана алардын катышуучусу болууга укугу жок. 

9. Кесиптик аудитордук бирикме веб-сайтка ээ болууга милдеттүү, анда өзүнүн мүчөлөрүнүн реестри, өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчету жана өзүнүн финансылык отчеттуулугу жарыяланат. 

10. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү кесиптик аудитордук бирикменин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү өзүнүн кесиптик ишинде өз алдынчалыкты сактайт.  

13-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин мүлкү 

1. Кесиптик аудитордук бирикме уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлккө ээлик кылат. 

2. Мүчөлүк төгүмдөр, өз ишинен алынган кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүнүн булагы болуп саналат. 

14-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы 

1. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы ушул Мыйзамга ылайык бекитилет. 

2. Кесиптик аудитордук бирикменин уставында төмөнкүлөр каралат: 

1) кесиптик аудитордук бирикменин максаттары, милдеттери жана функциялары; 

2) кесиптик аудитордук бирикменин башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары; 

3) кесиптик аудитордук бирикмеге кирүүнүн тартиби жана шарттары; 

4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; 

5) өзүнүн мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби; 

6) кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби; 

7) кесиптик аудитордук бирикменин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби; 

8) мүчөлүк акыларды төлөө тартиби; 

9) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту берүү тартиби; 

10) кесиптик аудитордук бирикменин филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү, иштетүү тартиби; 

11) Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген өз мүчөлөрүнүн аудитинин сапатына контролдук жүргүзүүнүн тартиби; 

12) тергөө жүргүзүү жана тартип чараларын колдонуу тартиби; 

13) жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби. 

3. Уставда кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү, аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн. 

15-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы жыйналышы 

1. Мүчөлөрдүн жалпы жыйналышы кесиптик аудитордук бирикменин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана, эгерде анын ишине кесиптик аудитордук бирикменин жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат. 

2. Жалпы жыйналыштын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

1) кесиптик аудитордук бирикменин ишинин негизги багыттарын аныктоо; 

2) кесиптик аудитордук бирикменин уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди же жаңы редакциядагы уставды кабыл алуу; 

3) Аудиторлор кеңеши жөнүндө жоболорду, кесиптик аудитордук бирикменин комитеттерин бекитүү

4) Аудиторлордун кеңешин түзүү, ошондой эле Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

5) мүчөлүк акыларды төлөө тартибин жана өлчөмүн аныктоо жана бекитүү

6) Аудиторлордун кеңешинин мүчөлөрүнүн сый акыларынын өлчөмүн аныктоо; 

7) ушул Мыйзамга каршы келбеген башка ыйгарым укуктар. 

16-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин аудиторлор кеңеши 

1. Кесиптик аудитордук бирикме аудиттин сапатын камсыз кылуу, Этика кодексин сактоо, аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу, тергөө иштерин жүргүзүү, тартип чараларын колдонуу үчүн Аудиторлор кеңешин жана комитеттерди түзөт. 

2. Аудиторлор кеңеши кесиптик аудитордук бирикменин коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана жалпы жыйналышта жашыруун добуш берүү менен 5 аудитордон кем эмес санда, 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Аудиторлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайлоодо жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, тутунган дини, курагы, майыптуулугу, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол берилбейт. 

3. Аудиторлор кеңеши өз курамынан Кеңештин төрагасын жана анын сунушу боюнча орун басарды шайлайт. 

4. Аудиторлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аудиторлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат. 

5. Аудиторлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

1) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда кесиптик аудитордук бирикменин атынан чыгуу; 

2) кесиптик сертификаттоону уюштуруу; 

3) Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгуу, ушул Программа боюнча кесиптик окууларды уюштуруу; 

4) аудиттин сапатын контролдоону жүзөгө ашыруу методологиясын жана аудиттин сапатын контролдоо боюнча адистерди тандап алуу үчүн критерийлерди иштеп чыгуу; 

5) комитеттерди түзүү, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

6) кесиптик аудитордук бирикменин ишин уюштуруу үчүн аткаруучу директорду дайындоо; 

7) кесиптик аудитордук бирикменин бюджетин жана жылдык отчетун бекитүү

8) кесиптик аудитордук бирикменин административдик персоналынын штаттык санын жана штаттык ырааттамасын бекитүү

9) мүчөлөрдүн социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо; 

10) кесиптик аудитордук бирикменин уставына ылайык башка ыйгарым укуктар. 

17-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин комитеттери 

1. Кесиптик аудитордук бирикме төмөнкүлөрдү түзөт: 

1) башкаруу жана мүчөлүк боюнча комитетти; 

2) аудиторлорду окутуу, сертификаттоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча комитетти; 

3) аудиттин сапатын камсыз кылуу боюнча комитетти; 

4) тергөө боюнча комитетти; 

5) тартип чараларын колдонуу боюнча комитетти; 

6) аудит боюнча комитетти; 

7) уставга ылайык милдеттерди аткаруу үчүн башка комитеттерди. 

Комитеттер 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Мында аудитордун - комитеттин мүчөсүнүн аудитордук иштеги 5 жылдан кем эмес стажы болууга тийиш. Комитеттин мүчөлөрү бир эле мезгилде Аудиторлор кеңешинин мүчөсү болуп саналат.  

2. Комитеттердин жыйналыштары комитеттердин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет. 

3. Аудиторлор - комитеттердин мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусу болбогон шартта комитеттердеги ишти аудитордук иш менен айкаштыра алат. 

4. Комитеттердин жыйналыштары зарылдыгына жараша алардын төрагалары тарабынан чакырылат. Комитеттердин кароосуна тиешелүү маселелер боюнча чечимдер киргизилет. Комитеттердин чечимдери добуш берүү жолу менен комитеттердин жыйналыштарына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комитеттин жыйналыштарынын протоколдоруна алардын төрагалары жана катчылары кол коёт. 

18-берене. Отчеттуулук 

1. Кесиптик аудитордук бирикме финансылык отчеттуулукту Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын негизиңде түзөт, ага милдеттүү түрдө аудит жүргүзүлүүгө тийиш. 

2. Кесиптик аудитордук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн иши жөнүндө отчетту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрү жагынан аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчет берет. 

4-глава. Аудитордук ишти жөнгө салуу жана аудитти коомдук көзөмөлдөө 

19-берене. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо  

1. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо төмөнкүлөрдү билдирет: 

1) аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоо; 

2) аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштуруу; 

3) аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо; 

4) аудитордук иш, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; 

5) аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгарууну жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнө мониторингди уюштуруу; 

6) аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо; 

7) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикменин ушул Мыйзамдын, аудиттин стандарттарынын жана сапатты контролдоо стандарттарынын жана Этика кодексинин талаптарын сактоосун контролдоо; 

8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берүү

9) аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин отчеттуулугун кароо; 

10) аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүү жана анын натыйжаларын кароо; 

11) Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөрдүн органдары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле башка чет мамлекеттердин аудитордук иштерди жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу; 

12) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу. 

2. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана аудиттин сапатын тышкы контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 

3. Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аудитордун жана/же аудитордук уюмдун бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген анын укуктарынын негизиндеги жана чектериндеги өзгөчө компетенциясы болуп саналат. 

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз функцияларын жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдардан, аудиторлордон, кесиптик аудитордук бирикмелерден аудитордук ишке жана/же кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү болгон зарыл документтерди жана/же маалыматты суратууга укуктуу. 

20-берене. Аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу 

1. Аудитордун кесиптик квалификациясын алуу максатында талапкер Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү тартибине ылайык бекитилген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тапшырат.  

2. Экзаменге кирүү жөнүндө арыз берилген учурга карата төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген талапкерлер Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзаменге киргизилет: 

1) жогорку билими бар; 

2) жогорку окуу жайы жана/же кесиптик аудитордук уюм берген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырастоочу документи бар; 

3) оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн жоюла элек соттуулугу жок; 

4) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир жумушта иштөө укугунан ажыратылбаган. 

3. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү менен аудитордун кесиптик квалификациясы төмөнкүдөй талапкерге ыйгарылат: 

1) Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча бардык экзамендерди тапшырган; 

2) аудитордук иш жана/же бухгалтердик эсеп жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, мында аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу учуруна карата акыркы 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызматтарда 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы болгон. Аудитордун квалификациялык сертификатынын колдонуу мөөнөтү чектелбейт. 

4. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

21-берене. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу)  

1. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу) төмөнкүдөй негиздер болгондо жүргүзүлөт: 

1) экзаменге кирүү үчүн зарыл болгон жалган документтерди пайдалануу менен аудитордун квалификациялык сертификатты алуу фактысынын белгилениши; 

2) оор, өзгөчө оор кылмыштар, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн, ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгы үчүн соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши; 

3) 3 жылдын ичинде Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтпөй калуусу. 

2. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу) жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу) жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу) жөнүндө чечимди ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күңдүн ичинде ээсине билдирет.  

3. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылган адам же тиешелүү жүйөлүү чечим менен аудитордун квалификациялык сертификаты кайра чакыртып алынган аудитор административдик иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга административдик даттанууну берүү жолу менен ушул чечимге даттанууга укуктуу. Административдик даттануу канааттандырылбаган учурда аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылган адам же квалификациялык сертификаты кайра чакыртып алынган аудитор бул чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратууну (кайра чакыртып алууну) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттун көрсөтүлгөн чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоого милдеттүү

4. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылган (аудитордун квалификациялык сертификаты кайра чакыртып алынган) жак ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келгенде, аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылган (кайра чакыртып алынган) датадан тартып 1 жыл өткөндөн кийин Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди кайра тапшырууга укуктуу. 

22-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестр 

1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө чечими кабыл алган датадан тартып иш жүргүзүү укугун алышат. 

2. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат: 

1) аудиторлордун реестринен; 

2) аудитордук уюмдардын реестринен; 

3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринен; 

4) ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын реестринен. 

Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени идентификациялоо жекече каттоо номери менен камсыз кылынат.  

3. Бирдиктүү мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодо, кайра каттоодо аудитордон, аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку жыйым алынат, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым алынат. 

4. Бирдиктүү мамлекеттик реестр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.  

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин; 

2) аудитордук уюм жөнүндө маалыматты (аудитордук уюмдун жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскача аталышын, уюштуруучулук-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, юридикалык дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды, аудиторлору жана кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайттын маалыматтарын); 

3) аудитор жөнүндө (аудитордун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтарын, аудитордун квалификациялык сертификатынын маалыматтарын, байланыш маалыматтарын), Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүшү жөнүндө, кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматты, аудитор иштеген аудитордук уюм жөнүндө маалыматты, байланыш маалыматтарын; 

4) кесиптик аудитордук бирикме тууралуу маалыматты (кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскача аталышы, жайгашкан жери жана юридикалык дареги, башкаруу органы жөнүндө, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) (эгерде бар болсо) жөнүндө маалыматтар, мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, байланыш маалыматтары жана веб-сайттын маалыматтары); 

5) аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзгөн жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата таасир этүү чараларын колдонгон органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим аларга даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин жарыяланат; 

6) катталган/кайра катталган датасын жана каттоо номерин; 

7) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден алып салуунун негиздерин жана датасын; 

8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган башка маалыматтарды. 

23-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо 

1. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн арыз ээси Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибине ылайык зарыл документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. 

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды зарыл документтерди тиркөө менен алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирбестен, Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү менен Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен жол-жоболоштурулат. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жөнүндө чечимди кабыл алган күнү катталат. 

3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоого арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтагы, ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү. Өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен бирге (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) жазуу жүзүндө билдирүү берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдирүү келип түшкөн датадан тартып 3 жумуш күндүн ичинде Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 

24-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо 

1. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:  

1) аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмду кайра түзүү;  

2) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун аталышын өзгөртүү.  

2. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар арыз менен кайрылууга милдеттүү. Жаңы маалыматтарды кайра каттоо үчүн негиздерди көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо жөнүндө арыз кайра каттоо үчүн негиз пайда болгон күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.  

25-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартуу 

1. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат: 

1) аудиторлор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги; 

2) арыз ээсинин Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган ишенимсиз же толук эмес маалыматтарды бериши; 

3) арыз ээсинин аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди бериши; 

4) Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жана/же кайра каттоо үчүн жыйымдардын төлөнбөгөндүгү

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында арызды кароонун мөөнөтү кайра кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартуусуна административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.  

3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз убагында билдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликти тартат. 

26-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарып салуу 

1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарып салынат:  

1) 3 жылдын ичинде аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу бузганда;  

2) өзүнүн ишин токтотуу жөнүндө арызды бергенде; 

3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымды төлөбөгөндө

2. Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолку бузуу аныкталган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат. 

3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат: 

1) 2 календардык жылдын ичинде аудит жүргүзбөсө

2) аудитордук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе. 

4. Аудиторлор төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат: 

1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иши убактылуу токтотулган мезгилди кошпогондо, Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча жыл сайын окуудан өтпөсө

2) ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылса (кайра чакыртып алынса); 

3) аудитор каза болсо; 

4) аудиторду каза болгондугун же дайынсыз жоголгондугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе; 

5) ыйгарым укуктарын кыянат пайдалангандыгы үчүн аудиторго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе. 

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим аудиторлорду, аудитордук уюмдарды, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерин, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдарды Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен жол-жоболоштурулат. 

6. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө акты кабыл алынган күнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат. 

7. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын ишти жүзөгө ашырууга укуктары ушул Мыйзамга ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып токтотулат. 

8. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар: 

1) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу бузгандыгы үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып 1 жыл өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди кайталап берүүгө укуктуу; 

2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымдарды төлөбөгөндүгү үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйым төлөнгөндөн 1 ай өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүгө укуктуу; 

3) Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтпөгөндүгү үчүн Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө ырастоочу документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенден кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүгө укуктуу. 

27-берене. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши 

1. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн, мамлекеттик коомдук контролду жүзөгө ашырган, аудит жана сапатты тышкы контролдоо менен байланышкан маселелерди караган жана коомдук кызыкчылыктын максатында чечимдерди кабыл алган коллегиялуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. 

2. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 

1) аудитти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;  

2) Кеңештин ишинин жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү программасын, Кеңештин иши жөнүндө жылдык отчетту кароо жана бекитүү

3) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча корутунду берүү

4) аудиторлорго, аудитордук уюмдарга жана кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу боюнча корутунду берүү

5) аудиттин сапатын контролдоо жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ортосундагы алардын ишине тиешелүү болгон талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча даттанууларды кароо. 

3. Кеңеш 7 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан, Кеңештин мүчөлөрүнөн жана Кеңештин жооптуу катчысынан турат. Кеңештин персоналдык курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 жылды түзөт. 

4. Практика жүргүзбөгөн төмөнкүдөй адам Кеңештин мүчөсү боло алат: 

1) экономика жана юридика жаатында жогорку билими бар; 

2) экономика, юридика чөйрөлөрүндө же аудит чөйрөсүндөгү билим жаатында 10 жылдан кем эмес эмгек стажы бар; 

3) бухгалтердик эсепке алуу жана аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же финансылык отчеттуулукка аудит жүргүзүү боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар; 

4) жакын туугандары, жубайы аудитор, аудитордук уюмдун катышуучусу/уюштуруучусу, аткаруу органынын мүчөлөрү болуп саналбаган; 

5) жоюлбаган соттуулугу жок. 

5. Кеңештин мүчөсү Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде өз ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуксуз. 

6. Кеңештин ишине эксперттик-консультациялык жардам көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн Кеңеш каралып жаткан маселелер боюнча кызыкчылыктын кагылышы болбогон көз карандысыз эксперттерди, илимий жана башка консультанттарды тартууга укуктуу. 

7. Кеңеш өзүнүн ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына төмөнкүлөрдү жайгаштырат: 

1) Кеңештин ишинин жылдык планын; 

2) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын; 

3) Кеңештин чечимдерин; 

4) иш жөнүндө жылдык отчетту жана Кеңештин ишин чагылдырган маалыматтарды; 

5) коомдук көзөмөлдөө функцияларын аткаруу менен байланышкан ченемдик укуктук актыларды. 

8. Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

28-берене. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо 

1. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо аудиттин сапатын камсыз кылуу тутумун башкаруу максатында, ошондой эле аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн аудиттин деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун колдонууну баалоо үчүн жүзөгө ашырылат. 

2. Аудиттин сапатын пландуу тышкы контролдоо тобокелдикке багытталган мамилелердин негизинде 3 жылда бир жолу - ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарга жана 6 жылда бир жолу - башка аудитордук уюмдарга карата жүргүзүлөт. 

3. Аудиттин сапатын пландуу эмес тышкы контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн арыздар боюнча жүргүзүлөт. 

4. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде консультанттарды ишке тартууга укуктуу. 

5. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн консультанттарды тандоонун критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) аудитордун квалификациялык сертификатынын жана финансылык отчеттордун аудити жаатында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу; 

2) Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык отчеттуулукту даярдоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу; 

3) талдоо жүргүзүү жана аны аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү процессинде колдонуу тажрыйбасы. 

6. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн тартылган консультант практика жүргүзбөгөн жак болууга тийиш, ал сапатка тышкы контролдоо жүргүзүү боюнча консультант катары ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуктуу эмес. 

7. Аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин бузган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын көрөт; 

1) эскертүү

2) айып салуу; 

3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу. 

8. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү тартибин, аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ишке тартылган консультанттардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз карандысыздыгына талаптарды жана текшерилип жаткан аудитордук уюмга карата кызыкчылыктын жоктугун кошуп алганда аудиттин сапатын тышкы контролдоо тартиби, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

5-глава. Корутунду жоболор 

29-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү 

1. Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө тиешелүү мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 11-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

1) аудитордук уюмдар ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык 12 айлык мөөнөттө Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттала тургандыгы; 

2) аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик аудитордук бирикмелерге милдеттүү түрдө мүчөлүгү жөнүндө талаптары жагында ушул Мыйзамдын 5 жана 7-беренелеринин жоболору 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире тургандыгы. 

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.); 

2) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 14-июнундагы № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 441-ст); 

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-декабрындагы № 192 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 179-ст.); 

4) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы № 233 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 925-ст.); 

5) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 196 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 570-ст.); 

6) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1184-ст.);  

7) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 35 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 95 -ст.); 

8) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-мартындагы № 35 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 142-ст.); 

9) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы. № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 146-ст.). 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

С.Жапаров 

  

  

  

2021-жылдын 20-октябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган