Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын ФКУ тарабынан кароо тартибине карата 

ТАЛАПТАР 

 

Финансы-кредит уюму (мындан ары – ФКУ) кайрылууларды кароо жол-жобосун иштеп чыгууга жана керектөөчүнүн талабы боюнча кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.  

ФКУ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана кайрылуу кароого алынгандан кийин белгиленген тартипте ал боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. 

Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алуусуна катталуу), кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн. Керектөөчүлөр менен үзгүлтүксүз жана ыкчам иш алып баруу максатында, ФКУ кайсы болбосун кеңсесине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 

Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен иш алып баруу үчүн жооптуу кызматкерлер ФКУнун башкы кеңсесинде жана филиалдарында дайындалат.  

ФКУнун жооптуу кызматкери же башка кызматкери керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берет, зарыл учурда аны ФКУнун компетенттүүлүгү боюнча башка кызматкерлери менен телефон аркылуу байланыштырып, кат жүзүндө кайрылуу түзүүгө жардам берип, кайрылууларды кароо жол-жобосунда каралган башка милдеттерди аткарат. 

ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКУнун расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. Жеке кабыл алуу учурунда протокол толтурулуп, ага керектөөчү кол коет же болбосо керектөөчүгө милдеттүү түрдө маалымдалгандан кийин жолугушуунун жүрүшүндө аудио же видео жаздыруу жүргүзүлөт. 

Оозеки кайрылуу учурунда керектөөчүнүн маселеси кошумча иликтөөнү же текшерүүнү талап кылбаса, ага жооп дароо эле же телефон аркылуу же жеке кабыл алуу учурунда берилиши мүмкүн. 

Эгерде оозеки кайрылууда камтылган маселени ыкчам кароого алуу мүмкүн эмес болсо жана ал кошумча иликтөөнү талап кылса, керектөөчүгө кат жүзүндө кайрылуу сунуш кылынат. 

Анын иш-аракеттери же аракеттенбей коюусу боюнча даттануу келип түшкөн ФКУнун кызматкерине кайрылууну кароо тапшырмасын берүүгө жол берилбейт. 

Керектөөчүлөрдүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуулары 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш. Кардарлардын даттанууларын жана арыздарын (талаш маселелер) кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде 3 (үч) жыл сакталууга тийиш. 

Кат жүзүндө кайрылууга жоопко ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу мүчөсү же анын филиалынын жетекчиси кол коюп, анда кайрылууну канааттандыруу (толук же жарым-жартылай), канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме же керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө камтылууга, ошондой эле жооптуу аткаруучу жөнүндө маалымат жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурларда, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү жоопко кошо тиркелип берилет.  

Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө берилүүчү жооп кайрылуу кайсы тилде жазылган болсо, ошол тилде – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде жөнөтүлөт.