КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2013-жылдын 24-июлу N 163 

Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө 

(КР 2024-жылдын 23-майындагы N 88, 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана чектөө белгилөөнүн укуктук негиздерин аныктайт. 

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү 

Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Керектөөчү кредити жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилген кредит берүүнү жана каржылоолорду кошпогондо, насыячыларга - сүткорлук иштин аныктамасына туш келген пайыздарда, үстөк баа менен каржылоону жүзөгө ашыруучу, карызга зайымдарды жана насыяларды берүүчү (менчигинин түрүнө карабастан) жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат. 

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-берене. Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана анын колдонулуу чөйрөсү 

1. Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституцияга, Граждандык кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет. 

2. Пайыздык коюмдарды/үстөк бааларды сот тартибинде чектөө маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөсү тийиш. 

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты 

Зайымдардын жана насыялардын пайыздык коюмдарынын, каржылоо боюнча үстөк баанын өлчөмүн адилеттүү аныктоону камсыз кылуу аркылуу керектөөчүлөрдүн - зайымчылардын укуктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат. 

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

1) жогорку пайыз/үстөк баа - чектүү жол берилүүчү пайызга/үстөк баага барабар же андан жогору пайыздык коюмдун/үстөк баанын мааниси (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде); 

2) зайым - бир тарап (насыячы) башка тараптын (зайымчынын) менчигине акчалай жана/же материалдык каражаттарды өткөрүп берген, ал эми зайымчы насыячыга пайыздарды төлөө менен жана ансыз акчалай жана/же материалдык каражаттарды ошол эле өлчөмдө кайтарып берүүгө милдеттенген милдеттүү мамилелердин түрү

3) зайымчы - кайтарып берүү жана акы төлөө шарттарында насыя, зайым, каржылоо аркылуу акчалай жана/же материалдык каражаттарды насыячыдан алуучу жеке же юридикалык жак; 

4) насыя - насыячы тарабынан зайымчыга келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берилүүчү акча каражаттары, зайымчы кайтарып берүүгө жана аларга пайыздарды төлөөгө милдеттенет; 

5) насыячы - кайтарып берүү жана акы төлөө шарттарында насыя, зайым, каржылоо аркылуу акчалай жана/же материалдык каражаттарды зайымчыга берүүчү жеке же юридикалык жак; 

6) чектүү жол берилүүчү пайыз/үстөк баа - ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан берилүүчү, алардын жогорулоосу мамлекет тарабынан таанылбаган, ушул Мыйзамда каралган тартипте белгиленген кредиттин жана насыянын пайыздык ставкасынын, каржылоо боюнча үстөк баанын (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде) өлчөмү

7) сүткорлук иш - келишимде көрсөтүлгөн акчалай жана/же материалдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн жогорку пайыздарды/үстөк бааны караган мөөнөттүүлүк, кайтарып берүү жана акы төлөө негизинде акчалай жана/же материалдык каражаттарды келишим менен берүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын иши; 

8) сүткорлуктун пайыздык коюмдары - насыя келишими же зайым келишими боюнча пайыздык коюмдар, ошондой эле пайыздарды/үстөк баадан ашкан өлчөмдө каржылоо боюнча чектүү жол берилүүчү үстөк баа (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде); 

9) сүткорлук - акчалай жана/же материалдык каражаттарды жогорку пайыздар/үстөк баа менен насыяга, зайымга, каржылоого берүү

10) каржылоо - бир тараптын (насыячы) экинчи тарапка (зайымчыга) исламдык каржылоо принциптерине ылайык келген келишимдик мамилелердин негизинде акча каражаттарын, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-берене. Зайымчынын насыячы менен өз ара мамилелери 

1. Зайымчынын насыячы менен мамилелери насыя келишиминин же зайым келишиминин, каржылоо келишиминин негизинде (кагаз же электрондук түрдө), жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Келишимде келишим түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары: башкача айтканда келишимдин предмети; тараптардын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги; насыя, зайым боюнча пайыздарды төлөөнүн шарттары жана тартиби; каржылоо боюнча үстөк баалар; жылдык эсептөөдөгү гана пайыздык коюмдун/үстөк баанын өлчөмү; операцияларды жүргүзүү үчүн коюмдар жана/же тарифтер; келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби; мөөнөттөр; келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкциялар; тараптардын келишүүсү боюнча башка шарттары каралат. 

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-берене. Пайыздык коюмдарды чектөө 

1. Чектүү жол берилген пайыздын/үстөк баанын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюмга жараша эсептелет, ага 12 пайыз кошулат. 

Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык коюмунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмга жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-насыялык уюмдардын колдонуудагы кредиттери/каржылоо боюнча орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюм Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат. 

Орточо салмактап алынган коюмдун пайызын эсептөөнүн усулу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат. 

3. Сүткорлук иште зайымчы насыячынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган учурда зайымчынын күрөө мүлкүн алып коюу сот тартибинде гана жүргүзүлөт. 

4. Зайымчынын насыячы алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же зайымдын/каржылоонун бүткүл иштөө мезгили үчүн эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар үчүн банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, берилген кредиттин же зайымдын/каржылоонун суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

5. Сот тартибинде кредит келишими же зайым келишими боюнча пайыздар боюнча, каржылоо келишими боюнча үстөк баа боюнча зайымчынын карызынын суммасын аныктоодо, эгерде кредиттик келишим же зайым келишими/каржылоо келишими боюнча, кредит боюнча же зайым боюнча бир кыйла төмөн пайыздык коюм/каржылоо келишими боюнча үстөк баа белгиленбесе, сот ушул Мыйзамга ылайык келишим түзүлгөн датага карата аныкталган чектүү жол берилген пайызды/үстөк бааны колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, эгерде насыя келишиминде/каржылоо келишиминде жол берилүүчү чектен ашкан пайыздын коюмдун/үстөк баанын (жылдык номиналдык пайыздык мааниде) өлчөмү аныкталса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактарга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР 2024-жылдын 23-майындагы N 88, 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам колдонууга киргизгенге чейин тындырылбаган насыялар жана зайымдар боюнча насыячылар менен зайымчылардын ортосунда пайда болгон мамилелерге жайылтылат. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

  

  

  

2013-жылдын 20-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган